Жалал Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу №16 А. Навои атындагы жалпы орто билим
берүүчү мектебинин математика мугалими С.Сидикова
Сабактын темасы:
Тескери пропорциялык байланыш. Проценттер
Сабактын жабдылышы:
ноутбук
телефон
дептер
ручка
сызгыч
калем
өчүргүч
Сабактын максаты:
- Окуучулар түз пропорциялык байланыш; пропорция, теңдеме жөнүндө билишет, тескери пропорциялык байланыш жана проценттер жөнүндө маалымат алышат;
- Өз алдынча мисал маселелерди чыгара алышат, логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
- Тапкычтыкка тарбияланышат;
Өтүлгөн теманы кайталоо
- Пропорция деген эмне-?
Def: Эки катыштын барабардыгы пропорция деп аталат.
a:b=c:d же
2) Пропорциянын негизги касиети кандай -?
a:b=c:d же болсо, анда a•d = c• b болот.
3) Түз пропорциялык байланыш дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Эки ч оңдуктун бири өскөндө (кичирейгенде) экинчиси да
өссө (кичирейсе), алар түз пропорциялык байланыш
деп аталат.
Жаңы теманы түшүндүрүү
Эки чоңдуктун бири өскөндө экинчиси кичирейсе, алар тескери пропорциялык байланыш деп аталат.
Мисалы:
3 ишчи бир ишти 8 саатта бүтүрө алат.
6 ишчи ошол ишти 4 саатта бүтүрө алат.
Маселе: а) Марина 64 км/саат ылдамдык менен 10 саат жүрүп, Бишкектен Ошко келди. Бишкекке кайтып баратканда ал жолдо 12,8 саат болгон. Бул учурда орточо ылдамдык канча болгон?
Чыгаруу:
Марина кайтканда көбүрөөк убакыт кетирген. Орточо ылдамдыкты табуу үчүн биринчиден Марина басып өткөн жолдун узундугун табалы:
v 1 =64 км/саат → t 1 =10 саат S=?
S=v 1 ·t 1 =64 км/саат·10 саат=640 км
Эми Марина кайтып келаткандагы орточо ылдамдыкты табабыз:
S= 640 км t 2 =12,8 саат
v 2 =S:t 2 =640 км:12,8 саат=50 км/саат. Ж: 50 км/саат.
б) Ольга менен Галина математика боюнча жаңы окуу китептеги маселелерди текшерип жатышат. 400 маселе чыгарганга Ольга 16 саат сарптаган. Галина болсо Ольгадан саатына 5 маселеге аз чыгарган. Алардын кимиси көбүрөөк убакыт сарптаган? 400 маселеге Галина канча убакыт сарптаган?
Чыгаруу:
Галина ар бир саатта азыраак маселе текшергендиктен, ал көбүрөөк убакыт сарптаган. Ольга ар бир саатта
400:16=25 маселе чыгарган.
Галина ар бир саатта 25-5=20 маселе чыгарган. Мындан Галина
400 маселени 400:20=20 саатта чыгарганы келип чыгат.
Ж: 20 саат
в) тик бурчтуу АВС жана KLM үч бурчтуктардын аянттары бирдей. АВ катети KL катетинен узунраак экендигин билип, BC жана LM катеттерин салыштыргыла.
Чыгаруу:
Тик бурчтуу үч бурчтуктун аянты катеттеринин көбөйтүндүсүнүн жарымына барабар.
S=0,5·AB·BC=0,5·KL·LM
Ошондуктан ВС катети LM катетинен кыскараак.
Көп учурларда пропорция проценттер менен иштөөдө колдонулушу мүмкүн.
г) Бегайымга 20% убакыт азыраак иштөөгө уруксат берилди. Эгерде анын мурдагы иш убактысы 8 саат 12 мүнөт болсо, ал азыр канча убакыт иштеши керек?
Чыгаруу: маселени 2 жол менен чыгаралы:
1-жол 20%=0,20 12 мүнөт=0,2 саат
1) 0,20·8,2=1,64 саат 2) 8,2-1,64=6,56 саат
2-жол
100% ---- 8 саат 12 мүнөт=8,2 саат
(100-20)%=80% --- х
х=(80·8,2):100=656:100=6,56 саат
Жообу: 6,56 саат
д) Сабинанын эмгек акысы 15% ке көбөйдү. Анын мурдагы эмгек акысы 15200 сом болсо, анда ал азыр канча?
Чыгаруу:
15200 сом --- 100%
х сом --- (100+15)%
х=115·15200:100=115·152=17480 сом
Жообу: 17480 сом
№ 117
Талааны 24 киши 5 күндө отошкон. Ошондой эле кубатуулук менен иштеген 30 киши ал талааны канча күндө отой алмак?
Чыгаруу:
24 киши 5 күндө 30 киши х күндө
х=24·5:30=120:30=4 күндө
Жообу: 4 күндө
№ 118
Бассейнге секундасына 2 литр суу куйган насос, аны 45 мүнөттүн ичинде толтура алат. Бассейнди толтурганга жарым саат көбүрөөк сарптаган насос ар бир мүнөттө канча литр суу куят?
Чыгаруу:
1 мүнөттө=60·2 л=120 л
45 мүнөттө=120 л·45=5400 л
5400 л:(45+30)=5400:75=72 л
Жообу: 1 мүнөттө 72 литр
№ 123
1) алманын баасы 12% азайды. Эгерде мурдагы баа 45 сом болсо, анда алманын 1 килограммы азыр канча болду?
45 сом --- 100%
х сом --- (100-12)% → х=45·88:100=39,6 сом
Жообу: 39 сом 60 тыйын
2) 1 саат 15 мүнөт=1,25 саат ---100% х --- 130%
х=130·1,25:100=162,5:100=1,625 саат
Жообу: 1 саат 37 мүнөт 5 секунд
3) Бизге бантиги бар кыздар жагат дешип, алтынчы класстын 8 баласы айтты. Эгерде алар класстагы эркек окуучулардын 16 %ин түзүшсө, анда класста канча бала болгон?
Чыгаруу:
8 бала --- 16%
х бала ---100% → х=8·100:16=50
Жообу: 50 бала
4) 36 үй --- 24%
х үй --- 30% → х=30·36:24=45
Жообу: 45 үйдө топоздор багылат
Үйгө тапшырма берүү:
№ 119 №124
Саламатта болгула!