Меню
Разработки
Разработки  /  Родной язык и литература  /  Уроки  /  11 класс  /  Тема: Сингармонизм (Үндүүлөрдүн үндөшүүсү)

Тема: Сингармонизм (Үндүүлөрдүн үндөшүүсү)

15.05.2020

Содержимое разработки

Кыргыз тили

Классы: 10 – класс Өтүү мөөнөтү: Аяк оона айы

Убактысы: 45 мүнөт

Колдонулган усул: Проблемалык – изилдөө усулу, интерактивдүү- эки бөлуктүү күндөлүк ыкмаксы

Сабак аралык байланыш: Кыргыз адабияты , география

Программанын бөлүмү: Фонетика

Сабактын темасы: Сингармонизм ( Үндүүлөрдүн үндөшүүсү)

Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк максат: Сингармонизм мыйзамы башкача айтканда кыргыз тилинде үндүүлөрдүн үндөшүү себептери тууралуу кенири маалымат алышат.

б) Өнүктүрүүчүлүк максат: Өткөн тема менен жаны теманы айкалыштыруунун негизинде билимдери тереңделет, сөз байлыгы , ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт, алган билимдерин кебинде пайдалана билүү көндүмүнө ээ болушат.

в) Тарбия берүүчүлүк максат: Берилген тапшырмалардын негизинде бири- бирин сыйлоого, намыскөйлүккө,тапкычтыкка, сөз кадырын баалай билүүгө тарбияланат.

Сабактын формасы: Сабак- саякат

Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү

Сабактын жабдылышы: Флипчат, маркер, түстүү сүрөт, слайд, окуу китептери, магнит доскасы.

Уюштуруу иштери: Саламатсынарбы, балдар, бүгүнкү маанайынар кандай?

Эртең менен танды кандай атырсаң, кечти ошондой батырасың, демекчи, кыргыздар ар бир ишти жакшы ниет , жакшы тилек, ой менен баштасаң ишиң ийгиликтүү уланат дешкен, аны сыңарындай, мен бүгүнкү сабагыбызды да өзгөчө жагымдуу маанай менен баштагым келип турат. Албетте, ар бир күндү татыктуу жашап өтүү да өзүбүздөн эмеспи. Бугун аяк оона айынын жыйырма жетиси, эске салып көрсөк, бул айды биз кош майрамдар менен тосуп алыппыз, ал жалпы журтчулугубузга маалым «Билим күнү» жана «Курман айт» майрамы, андан соң жакын эле арада элибиз жапырт болбосо да өздөрүнүн чакан чөйрөсүндө, эң жогорку деңгээлде белгилеп келе жаткан, «мен кыргызмын» дегендердин жүрөгүнөн түнөк тапкан күндөрдүн бири аяк оона айынын жыйырма үчү.





Тил мыйзамыбыздын кабыл алынганына деле мына 30 жылга жакын чамалап калды. Уучубуз кур эмес экен, тил таануу маданиятыбыз жылдан- жылга өсүп- өнүгүүнүн үстүндө. Тилдик корубуз мезгилдин талабына ылайык жаңы сөздөр менен толукталып жаткандыгын кубана, биз айтпасак ким айтат, бугун айтпасак, качан айтабыз?

Эмесе «Жакшы сөз, жан эргитет» демекчи, сабагыбызды жанга жагымдуу, кулак-ка угумдуу сөздөрдүн катарын толуктаган « Түстүү сөздөр» менен баштап алсак. Мугалим: Адаттагыдай эле алгач « Көңүлдүү сөздөр», андан соң «Кызыл сөздөр» анан «Ак сөздөрдү» табабыз. (Окуучулар : сүйүнчү. той, ыр, бий, күтүлбөгөн белек, беш, жеңиш, алтын медаль, эң жакшы, бриллиант, миллионер, азамат, ийгилик, кызыл гүл, кызыл жүздүү, кызыл тил, кызыл аттестат, ак ниет, ак эмгек, ак шумкар, ак бата жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү айтып улантып кетишет). Мугалим: Эң сонун, жогоруда өзүнөр айткандай ак эмгек, ак бата менен кызыл тилди сайратып, кызыл аттестат алган соң, кызыл дипломдун ээси болуп, ишиңерди ийгиликтер коштоп, жашооңордо күтүлбөгөн белектер арбын болсун! Алгач сабакты баштардан мурда мен силерге төмөндөгүдөй суроо менен кайрылгым келип турат. Силер билесиңерби, Кыргызстандагы эң бийик чоку кайсы чоку? Анын бийиктиги канча? (Жеңиш чокусу, бийиктиги 7439 метр слайддан көрсөтүлөт) Чоку десе, жердешибиз Байдылда Сарногоевдин жигиттерибизди, тоолордун бийик чокуларына салыштырган ыр саптары эске түшөт: Чоку болот, тоолордун бийик жери, Чокудай бол, кыргызымдын жигиттери. Чок кармаган кол менен баатыр бол деп, Чон атабыз үйрөткөн сени, мени. Толкун болот, деңиздин бийик жери , Толкундай бол, кыргызымдын жигиттери. Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп, Тоолук эне төрөгөн сени, мени. Кандай ойлойсуңар, эмне үчүн мен силерге бийик чокулар жөнүндө кеп козгоп, суроо узаттым? Анткени, бүгүн биз жогоруда силер эңсеген бийиктиктин бири «Жеңиш» чокусуна саякатка чыгабыз. Ал, албетте, силердин каалооуңар менен ишке ашат. Адамдар айтышат го, самаганыңа кол жеткирүү үчүн 99 % каалоо, 1 % аракет болуш керек деп, ал эми аракеттин натыйжасында ийгиликтер жаралары айтпасак да белгилүү. Бийиктикти кимдер гана самабайт, кимдер гана армандабайт. Арийне, аны багындыруу оңой эмес. Ошентсе да бүгүн мен силерге ага жетүүгө жол көрсөткөн багытыңар болоюн. Келгиле, бир келген учурдан пайдаланып, өз күчүбүздү сынап көрөлү. ( Ватманга тартылган «Жеңиш» чокусунун сүрөтү илинет)





Андыктан, эки топко бөлүнүп, ага ат коюп алалы. Каршы болбосоңор, ойлонууга убактыңарды коротпой топтун атын жогоруда өзүңөр айткан «Түстүү» сөздөрдүн атынан атап алсаңар болот. Мисалы: «Ийгилик», «Ак таңдай», «Ак илбирс» жана башка ушул сыяктуу. Эмесе, даяр болсоңор алгачкы тапшырма «Тез суроого, тез жооп».

Үй тапшырмасы: Мында силерге өтүлгөн материалдардан, тактап айтканда, үндүү тыбыштар тууралуу суроо берилет. Ар бир туура жооп үчүн магнит доскасындагы топтордун кызыл, ак түстөгү магниттери алдыга жыла берет. Суроолор: 1. Тилдин тыбыштык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим . 2. Фонетика кайсы тилден алынган, бизче которгондо эмнени түшүндүрөт? 3. Кайсы тыбыштар өпкөдөн эч кандай тоскоолдуктарга учурабай эркин чыгат? 4. Тыбыштар эмне менен белгиленет? 5. Кыргыз тилинде канча тамга, канча тыбыш бар? 6. Үн чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон тамгалар кайсылар? 7. Үндүү тыбыштардын кошулмасынан жаралган тамгалар кайсылар? 8. Кыргыз тилинде эки тыбышты билдирген тамгалар. 9. Эмне үчүн кыргыз тилинде тамгалардын саны 36 да, тыбыштар 39? 10. Үндүү тыбыштар жалпы жонунан канчага бөлүнөт, кандай болуп? 11. Созулма үндүүлөр канча, алар кайсылар? 12. Кыска үндүүлөр канча, атап бергиле. 13. Үндүү тыбыштар тилге карай кандай болуп бөлүнөт? 14. Жоон жана ичке үндүүлөр кайсылар? 15. Кең жана кууш үндүүлөрду атагыла. 16. Эмне үчүн эринчил жана эринсиз үндүүлөр деп аталып калган, алар кайсылар?

Мына «Тез суроого тез жооп» деп «Сингармонизм» өрөөнунө тез эле жетип келдик окшойт. Абдан жакшы журуш болду. Эми ушул жерден биз өзүбүзгө күч топтоп, жакшылап тамактанып, тыныгып алуубуз зарыл. Анткени, андан ары да биз бир нече өрөөндөрдү басып өтүүбүзгө туура келет. Силерге кызык болсо керек, бул эмне болгон өрөөн, эмне үчүн « Сингармонизм» деп аталып калган? Эмесе, жакшылап тыңдагыла, бул өрөөндун тарыхын жакшылап билип алсанар, анын чокусуна жетүү бир кыйла женил болот.

Жаны тема:

Биз бүгүн фонетика бөлүмүндөгү өзгөчө темалардын бири болгон жана ошондой эле кыргыз тилинин артыкчылыгын көрсөтүп бере ала турган темалардын бири «Үндүүлөрдүн үндөшүүсу». Тил илиминде «Сингармонизм» деп аталат.





Албетте, үндүүлөрдун үндөшүүсү деген сөз айкашы силерге түшүнүктүү, ал эми сингармонизм деген эмнени түшүндүрөт? Силер билгендей жер-суу аттарынын келип чыгуу тарыхы бар. Аны сынарындай, «Сингармонизм» грек тилинен келип чыккан, sin - бирге, harmoniaүндөшүү, окшошуу дегенди билдирет. (Слайддан көрсөтүү)

Алгач мен үндүүлөрдун үндөшүүсү эмне экенин айтуудан мурда бир нече мисалдар менен түшүндүрүүгө аракет кылайын. ( Мисалдардын баары флипчаттан көрсөтүлөт)

Мисалы: “бил” деген этиш сөзгө сөз, жасоочу -ым, ага сын атоочту уюштуруучу –луу жана барыш жөндөмөсүнүн -га мүчөсүнүн уласак,

бил-ым- луу- га - билимдүүгө тоо-лык-нын - тоолуктун кем-чы-лык-лар

жыйынтыгында “кемчиликтер” деген сөз пайда болду. Эмне үчүн “билымлууга” эмес билимдүүгө, “тоолыкнын” эмес тоолуктун, “кемчылыклар” эмес “кемчиликтер” деген сөздөр пайда болду. Биз келтирилген мисалдардан байкадык. Эгерде жогоруда айтылган сингармонизм мыйзамы болбогондо, биринчи мисалдардагыдай “билымлууга, тоолыкнын, кемчылыклар” деген бойдон калып кетмек, бирок бизде үндүүлөрдун үндөшүү мыйзамы болгондуктан бул сөздөр антип калган жок, “билимдүүгө”,” тоолуктун” “ кемчиликтер” болуп өзгөрду. Демек, бул жерде кулакка угумдуулук, жагымдуулук артып тургандыгын байкоого болот. Мына сингармонизм мыйзамы дал ушул өзүнө чейинки үндүүгө карап, кийинки үндүү тыбыштардын үндөшүүсү, ага окшошуусу, аны ээрчүүсу, ага баш ийүүсү. Мына ушул сингармонизм мыйзамы кыргыз элиндеги төкмөчүлүк өнөрдүн өнүгүшүнө, анын жогорку деңгээлге жетишине салым кошкон. Ошондой эле “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” дагы толгон-токой кенже эпостордун жаралышына, пайда болушуна зор салым кошкон мыйзам экендигин унутпашыбыз зарыл. Биз үндүүлөрдүн үндөшүүсүн өздөштүрүүдөн мурда үндүү тыбыштардын бөлүнүшүнө (классификациясына) кайрылып, аны эске салып кетүүбүз абзел. Анткени үндүүлөрдүн үндөшүү мыйзамы ушул үндүү тыбыштардын бөлүнүшүнө тикеден-тике байланыштуу жана аларга көз каранды.













Жаактын Айтылыш ачылышына максатына карай карай

кең кууш Үндүүлөрүн кыска созулма бөлүнүшү



Эриндин Тилге карай катышына карай жоон ичке

эринчил эринсиз

Биздин бүгүнкү темага керектүү болгону

Эриндин катышына Тилге карай карай

эринсиз эринчил жоон ичке а, э, и, ы о, ө, у,ү а, ы, о,у э, и,ө, ү



Эмне үчүн, анткени, үндүүлөрдүн үндөшүүсү дагы дал ушул эриндин катышына карай жана тилге карай үндөшөт. Алар кандайча экендигин түшүндүрүүгө аракет кылайын.

Үндүүлөрдүн эрине карай уңдөшүүсү

Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар эринге карай кантип үндөшөт? Эгерде сөздөгү биринчи үндүү тыбыш эринчил болсо, андан кийинки үндүү тыбыштар дагы эринчил болот. Мисалы: (о-у, ө-ү) Эгер биринчи үндүү тыбыш эринсиз болсо, андан кийинки тыбыштар дагы эринсиз болот. Мисалы: (а-ы, э-и) Мына ушунусу тыбыштардын эринге карай үндөшүүсү болот. Аны бир нече мисалдар менен түшүндүрүп берейин:

алыстагылар ынтымак ток+ чылык= токчулук.



Алдынарда “алыстагылар” деген сөз турат. Үндүү тыбыштарды карап көрсөңөр, бардыгы эринсиз ( а , ы). Анткени бул сөздүн баштапкы “а” тыбышы эринсиз болгондуктан калган үндүү тыбыштардын баары эринсиз болуп “а” тыбышына карай үндөштү. Болбосо кийинки мисал “ ынтымак” мында дагы бардык тыбыштар эринсиз, анткени, “ы” тыбышы эринсиз болгондуктан калган үндүү тыбыштар да ага карай ээрчип үндөштү. Болбосо соңку мисал: ток+ чылык= токчулук. Эмне үчүн токчулук болуп өзгөрдү, анткени “токчулук” деген сөздөгү биринчи “о” тыбышы эринчил, “чылык” мүчөсүндөгү “ ы” тыбышы эринсиз. “ы” тыбышы эриндүү “у” тыбышына өзгөрүп кетип. Жыйынтыгында. “ токчулук “ деген сөзпайда болду. Мында бардыгы эриндүү тыбыштардын катарын толуктады.

Үндүүлөрдүн тилге карай үндөшүүсү

Мында дагы сөздөгү биринчи ундүу тыбыш ичке болсо, андан кийинкилер дагы ичке болот, эгерде биринчи үндуу тыбыш жоон болсо, калгандары да жоон болот. Аны кийинки мисалдар менен түшүндүрүүгө аракет кылайын:

калыстардын тоскоолдук өзүмчүлдүк

Мисалы: “калыс-тар-дын “деген сөздө бардык үндүү тыбыштар жоон, себеби биринчи “ а” тыбышы жоон болгондуктан, калган тыбыштар дагы жоон болууга мажбур болду. Кийинки мисал: “тоскоол-дук” деген сөздө дагы бардыгы жоон үндүүлөр , анткени, биринчи “ о” тыбышы жоон үндүү болчу. Кийинки мисал : “өзүм-чүл-дүк” деген сөзгө жалганган -чыл, -лык мүчөлөрүндөгү “ы” тыбышы өзүнөн мурдагы “ө”, “ү” тыбышта- рына баш ийип , алар ичке болгондуктан “ы” тыбышы да ичке үндүүгө айланды. Жыйнтыгында, “ өзүмчыллык” эмес, “өзүмчүлдүк” деген угумдуу сөз пайда болду. Кыргыз тилиндеги үндөшүү бардык сөздө эле бирдей боло бербейт. Айрым сөздөрдөгү үндөшүү тилге карай үндөшкөнү менен эринге карай үндөшпөй калган учурлар арбын кездешет. Мына ушунусуна карай кыргыз тилиндеги үндүүлөрдүн үндөшүүсү экиге бөлүнөт:

1. Толук сингармонизм 2. Толук эмес сингармонизм

Толук сингармонизм

Кыргыз тилиндеги үндүу тыбыштар толугу менен тилге карай дагы үндөшөт да ошонун натыйжасында сингармонизмдердин толук формасын уюштурат. Мисалы: алкыш - а – ы эринге карай эринсиз, тилге карай жоон. Болбосо, көрүүчүлөрдүн - ө – ү эринге карай эриндуу, тилге карай ичке болуп мында да толук сингармонизм ишке ашты. Эбегейсиз -э – и мында дагы бардык тыбыштар эринге карай эринсиз, тилге карай ичке. Демек толук сингармонизмде үндүүлөр тилге карай дагы, эринге карай дагы толугу менен үндөшөт.



Толук эмес сингармонизм

Толук эмес сингармонизмде сөздөрдөгу үндүү тыбыштар тилге карай үндөшөт дагы, эринге карай үндөшпөй калат. Мисалы: ызалануу -ы - а - уу тилге карай баары жоон, эринге карай - ы - а эринсиз, -уу эринчил. Кусалык -у -а - ы тилге карай жоон, эринге карай -а - ы эринсиз, -у эринчил, ойчулдар - о -у а тилге карай -о -у- а жоон, эринге карай -о -у эринчил. –а эринсиз. Демек, бул жерде да толук эмес сингармонизм ишке ашты . Дагы бир жолу толук эмес сингармонизмде үндүү тыбыштар тилге карай үндөшөт, эринге карай үндөшпөй калат.

Кыргыз тилинин сөздөрүндөгү үндүү тыбыштар бардык учурда эле үндөшө берет, бирине экинчиси баш ийип, ээрчише берет дегенден алыспыз. Анткени, үндүү тыбыштар үндөшпөй калган учурлар дагы арбын кездешет. Бирок алар кайсыл учурда, кандай жолдо үндөшпөй калат? Мына ушуну түшүнүүгө аракет кылалы.

Кыргыз тилинин төл мүчөлөрү: мейли сөз жасоочу, мейли сөз өзгөртүүчү мейли форма жасоочу бардык мүчөлөру түрдүу- түркүн формага өзгөруп кетүүчу касиетке ээ. Анын ичинде үнсуз тыбыштар же ундүу тыбыштар өзгөрүп кетет. Зат атоочтун көптүк мүчөсун уюштуруучу -лар мучөсүн алалы. Бул өз алдынча 12 түргө өзгөрөт: - лар, -лер, -лор, лөр,- дар -дер, -дор, -дөр, -тар, -тер, -тор, -төр. Албетте, бул бир гана мисал, ал эми мындай мүчөлөр арбын. Биз бүгун ундүүлөрдүн үндөшүүсү жөнундө сөз кылып жатканыбыз үчүн мүчөлөрдөгу үндүү тыбыштардын өзгөрүп кетүусүнө көңүл бурабыз. Мисалы: барыш жөндөмөсүнүн -га, -ге, -го –гө деп 4түргө өзгөрдү. Дээрлик мүчөлөрдүн баары ушундай көрүнүшкө ээ. Өзунөн кийинки үндүү тыбыштарга баш ийип, түрдүү- түркүн өзгөрүүгө дуушар болот. Бирок, кыргыз тилиндеги айрым мүчөлөр такыр өзгөрбөйт, баштапкы формасын сактап калат, өзүнөн кийинки үндүү тыбыштарга баш ийбейт, аларды ээрчибейт. Мына ошого карай кыргыз тилиндеги айрым мүчөлөрдү ээрчибес мүчөлөр деп айтабыз. Булар өзүнөн кийинки мүчөлөргө баш ийбейт, ээрчибейт, баштапкы формасын толук өзгөртпөстөн сактап калат.

Анда эмесе мен муну бир нече мисалдар менен түшүндүрүүгө аракет кылайын. Маселен, -зар мүчөсү, өрүкзар, гүлзар. “Өрукзар “ деген сөздөгү - ө-ү тыбыштары эринге карай эринчил, тилге карай ичке болгондугуна карабастан, -зар мүчөсү эч кандай өзгөрүлгөн жок, өзүнун баштапкы формасын сактап калды. Демек бул жерде үндүүлөр толук үндөшкөн жок. Кийинки “гүлзар” деген сөздө дагы өзүнө чейинки “ү” тыбышы тилге карай ичке, эринге карай эринчил болгондугуна карабастан, -зар мүчөсүндөгу “а” тыбышы эч кандай үндөшкөн жок,аны ээрчиген да жок толук үндүүлөрдүн үндөшүүсү болгон жок.





Болбосо -кана деген мүчөнү алалы “өнөркана”. Мында дагы өзүнө чейинки “ө” тыбышы эринчил, ичке болгондугуна карабастан -кана деген мүчөдөгү “а” тыбыштары эч кандай өзгөрүлгөн жок, үндүүлөрү үндөшпөй калды.

Болбосо, -көй мүчөсүн алалы амалкөй, тамашакөй сөздөрүндөгү “а” тыбышы жоон жана эринсиз болгондугуна карабастан, -көй мүчөсүндөгү “ө” тыбышы өзгөрүүсүз бойдон калды, ичке жана эринчил.

Болбосо, –стан мүчөсүн алалы Өзбекстан, Түркмөнстан Мында дагы -стан мүчөлөр өзүнө чейинки тыбыштарга баш ийбестен өзүнун баштапкы формасын сактап калды. Албетте, мындай мүчөлөр арбын кездешет. Мындай мүчөлөр иран, фарсы, араб тилдеринен келген болсо, айрымдары кыргыз тилинин абдан сейрек кездешүүчү мүчөлөрү. Сөздөрдөгү үндүү тыбыштардын үндөшпөй калган учурлары жогорудагы мисалдардагыдай ээрчибес мүчөлөрдүн аркасында гана эмес, сырттан кабыл алынган сөздөрдө дагы кеңири кездешет.

Албетте, алар кыргыз тилинин төл сөзү эмес , бирок кыргыз лексикасында кеңири пайдаланылып жаткан эл аралык жана башка элдерден кабыл алынган сөздөр.

Мисалы: бетон е – ичке, эринсиз болбосо, мугалим у – жоон, эринчил о – жоон, эринчил а – жоон, эринсиз и – ичке, эринсиз

демек, бул жерде үндөшүү болгон жок. Мына ошол үндөшүүнүн бузулушун тил илиминде дисгармонизм деп айтабыз. Мындай сөздөр абдан арбын кездешет. Сырттан кабыл алынган сөздөрдөгү үндүу тыбыштар канчалык үндөшпөй калса дагы бирок кыргыз тилинин төл мүчөлөрү ошол сөздөргө жалганган учурда сингармонизм мыйзамына толук баш ийишет, тактап айтканда ошол сөздөрдөгү акыркы үндүу тыбышка карай үндөшүп, толук түрдө үндүүлөрдүн үндөшүу мыйзамын сактап калат

.Маселен “бюлетень” деген сөздү алалы. Бул жерде үндүүлөр үндөшпөй калган. о – тыбышы жоон, эринчил е – тыбышы ичке, эринсиз бирок ага зат атоочтун көптүк мүчөсүн уюштуруучу - лар мүчөсүн жалгасак “бюллетендар” эмес “бюллетендер” демек акыркы “е” тыбышына “ а” тыбышы баш ийди дагы ага үндөшүп, “ бюллетендер”, ага илик жөндөмөсүнүн -нын мүчөсүн жалгасак “бюллетендердын” эмес “бюллетендердин” демек дагы кайталайм, кыргыз тилинин төл мүчөлөрү өздөрүнүн сингармонизм мыйзамына баш ийүүсүн толук сактап кала алат.

Эмесе,”Сингармонизм “ өрөөнүнүн тарыхын абдан жакшы билип алган болсок, сапарыбызды андан ары уланталы. Мындан кийинки өрөөндөрдө силерге “Жеңиш” чокусуна тез жетүү үчүн эң жакшы багыттар бар.







Бышыктоо :

1.“Санат сөз” өрөөнү.

Мында жалпы калайык-калк колдонгон, мааниге бай, шөкөттөп айтылган ыргактуу жана укканды ырахат алдырган, улам-улам уккусун келтирген канаттуу кептер бар. Ошол канаттуу кептердин кимге таандык экендигин таап, андагы эринге карай үндөшкөн сөздөрдүн алдын сызгыла.

а) “Атың кашаң болгон соң, аштан тойдон калган соң,күлүктүгү не пайда? Алганың сулуу болгон соңаркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда?” (Калыгул)

б) “Ханды кудай урарда, калкына жаман кас болот, Байды кудай урарда, дөөлөтүно мас болот, Эрди кудай урарда, элүүндө жаш болот”. ( Токтогул)

2.”Сын сөз” өрөөнүндө



Мында көрөгөч адамдардан калган сынчылыкка таандык таберик кептер катылган. Андан көп чекиттин ордуна ылайык келген сөзду таап, ошол сөздүн толук же толук эмес сингармонизм экендигин аныктагыла.

а) Эртели кеч сырдашуу - таттуулуктун белгиси, ичпей-жебей мал күтүү - ........... белгиси. Айтылган сырды жашыруу – бекемдиктин белгиси, топту жарып сөз айтыш- ......... белгиси. Ай чырайлуу кундуз чач, азем сөздүү алма баш, бели ичке ийилген, кашы тасма чийилген - ........... белгиси?

б) Киши акысын жегендик –арамдыктын белгиси, мээнет менен жан багыш – ............ белгиси. Бирин-бири тукуруп эл ичине чаң салган - ......... белгиси.

Артын салып чыкпаган, карыны көрсө ийменип чыгдан жакка ыктаган - ............ белгиси.

3. “Насаат сөз” өрөөнү.

Насаат – жашоо эрежеси, турмуш багыты. Ким насаатты кабыл албаса, боюна сиңирбесе, сокур пенде караңгыда кан жолго чыккандай болот. Төмөндө берилген насаат сөздөрдөгу кара тамга менен белгиленген сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажыраткыла.





а) Улууларга озунуп салам айт.

Бирөөнүн алдындагы даамга кол сунба.



б) Бутту учкаштырып отурба.

Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.





5. “Нуска сөз” өрөөну.

Мында элибиздеги өзү кыска, айта салсаң нуска, турмуштан калпып алынган сөздөрдүн гүлү – макалдар жайгашкан. Макалдардын маанисин толуктагыла.

а) Жети күнкү жаандан, желип өткөн ............ жакшы. Сөз билбеген ................... менен коркутат. Бастырганды билбеген - жолду бузат, баштаганды билбеген - .............. бузат.



б) Атадан алтоо болсоң да, ................. жат болот. Оозунда кеби бардын, сөзүндө ............. бар. Бүткөн ишке ............... көп.

5. “Сабаттуулук” ашуусу.

Сабаттуулук – бул да олттуу билим көрөңгөсү . Ал сенин сабаттуу жаза билүү маданиятың. Мында окуу китебинердин 48- бетиндеги 36- көнугүудө 4 куплеттен турган “ Окуп кой” деген ыр берилген. Андан кара тамга менен басылган сөздөрду дептеринерге көчүрүп жазып, ал сөздөрдө үндөшүү мыйзамына байланыштуу окшошуу болдубу, эгер окшошуу болбосо анда алар кандай айтылмак.

. Окуп кой

Турмушту көрүп жаздым, үңүп жаздым, Тоолорго,жерге тизе бүгүп жаздым. Алкынган тулпар минбей, дуулап күлбөй, Аксаңдап, кош таякчан жүрүп жаздым.

Олтуруп досторумдун канатына, Ой издеп жүрдүм тоонун арасында. Ылымта издеп барсам аскаларга, Ыр берди, ыйманыма жамап шыбаа.

Журтумдун түнөп жүрдүм жүрөгүндө , Жол айтты үлбүр болуп түнөгүмө, Суу бурдум уюткулуу ак мөңгүдөн, Сезимде аздыр-көптүр үрөнүмө.

Калкыман каран түндү жашырбадым, Кайгынын эрким менен ташын жардым. Биринчи ыр жазганда олтурганмын Түбүндө бүчүр жарган жаш ыргайдын. ( Ө. К.)



Эки бөлүктүү күндөлүк

Цитата

Баяндама

Сингармонизм





Дисгармонизм

( Окуучулар өздөрү ушул терминдер боюнча билгендерин жазышат)





(Биринчилерден болуп чыккан топ кызыл желекти чокуга тагат.)



Жыйынтыктоо : (Топторго гармониянын эмблемасын тапшыруу)

Гармония - бул биз башта айткандай “окшошуу”, “ үндөшүү” деген түшүнүктү берет экен. Байкасак, жашоонун өзү - гармония. Себеп дегенде, жашообуздагы ак – кара, жакшылык- жамандык, күн-түн, ый- күлкү бири- бири менен айкалыша – үндөшүп жашап келет. Аны сыңарындай турмушта жеңүү да, жеңилүү да бар. Эгерде оору болбосо, ден соолуктун кадырын,кара болбосо, актын, жамандык болбосо, жакшылыктын баркын билмек эмеспиз. Бул мыйзам ченемдүү көрүнуш. Ошондуктан да элибизде кеп калган “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деген. Демек, бүгүнкү саякатыбыз текке кеткен жок деп ойлойм, себеби, билимиңердин натыйжасында Кыргызстандагы 7439 метр бийиктиктеги “ Жеңиш” чокусун багындыра алдыңар. “Бийиктикке чыккан адамдын үнү даана угулат”. Келечекте 8848 метр бийиктиктеги дүйнөлүк чокулардын бири “Эверест” чокусун багындырууңарга ишенем. Бийиктеш үчүн, тереңдеш керек !

Макалдардын маанисин толуктагыла. 1.Жети күнкү жаандан, желип өткөн ............ жакшы. 2.Сөз билбеген ................... менен коркутат. 3.Бастырганды билбеген - жолду бузат, баштаганды билбеген - .............. бузат.

Макалдардын маанисин толуктагыла. 1.Атадан алтоо болсоң да, ................. жат болот. 2.Оозунда кеби бардын, сөзүндө ............. бар. 3.Бүткөн ишке ............... көп.



Төмөндөгү насаат сөздөрдө кара тамга менен белгиленген сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажыраткыла.

Улууларга озунуп салам айт. Бирөөнүн алдындагы даамга кол сунба.



Төмөндөгү насаат сөздөрдө кара тамга менен белгиленген сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажыраткыла.

Бутту учкаштырып отурба.

Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.

















Эки бөлүктүү күндөлүк

Цитата

Баяндама

Сингармонизм





Дисгармонизм






Эки бөлүктүү күндөлүк

Цитата

Баяндама

Сингармонизм





Дисгармонизм


















Көп чекиттин ордуна ылайык келген сөзду таап, ошол сөздүн толук же толук эмес сингармонизм экендигин айтып бергиле. 1.Эртели кеч сырдашуу - таттуулуктун белгиси, ичпей-жебей мал күтүү - ........... белгиси. 2.Айтылган сырды жашыруу – бекемдиктин белгиси, топту жарып сөз айтыш- ......... белгиси. 3.Ай чырайлуу кундуз чач, азем сөздүү алма баш, бели ичке ийилген, кашы тасма чийилген - ........... белгиси?

Көп чекиттин ордуна ылайык келген сөзду таап, ошол сөздүн толук же толук эмес сингармонизм экендигин аныктагыла.

1. Киши акысын жегендик –арамдыктын белгиси, мээнет менен жан багыш – ............ белгиси. 2. Бирин-бири тукуруп эл ичине чаң салган - ......... белгиси.

3. Артын салып чыкпаган, карыны көрсө ийменип чыгдан жакка ыктаган - ............ белгиси.



Канаттуу” кептердин кимге таандык экендигин таап, андагы эринге карай үндөшкөн сөздөрдүн алдын сызгыла.



“Атың кашаң болгон соң, аштан тойдон калган соң, күлүктүгү не пайда? Алганың сулуу болгон соңаркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда?”



Канаттуу” кептердин кимге таандык экендигин таап, андагы эринге карай үндөшкөн сөздөрдүн алдын сызгыла.

“Ханды кудай урарда, калкына жаман кас болот, Байды кудай урарда, дөөлөтүно мас болот, Эрди кудай урарда, элүүндө жаш болот”.

Андан кара тамга менен басылган сөздөрду дептеринерге көчүрүп жазып, ал сөздөрдө үндөшүү мыйзамына байланыштуу окшошуу болдубу, эгер окшошуу болбосо анда алар кандай айтылмак.

Окуп кой

Турмушту көрүп жаздым, үңүп жаздым, Тоолорго,жерге тизе бүгүп жаздым. Алкынган тулпар минбей, дуулап күлбөй, Аксаңдап, кош таякчан жүрүп жаздым.

Олтуруп досторумдун канатына, Ой издеп жүрдүм тоонун арасында. Ылымта издеп барсам аскаларга, Ыр берди, ыйманыма жамап шыбаа.

Журтумдун түнөп жүрдүм жүрөгүндө , Жол айтты үлбүр болуп түнөгүмө, Суу бурдум уюткулуу ак мөңгүдөн, Сезимде аздыр-көптүр үрөнүмө.

Калкыман каран түндү жашырбадым, Кайгынын эрким менен ташын жардым. Биринчи ыр жазганда олтурганмын, Түбүндө бүчүр жарган жаш ыргайдын. ( Ө. К.)

Окуп кой

Турмушту көрүп жаздым, үңүп жаздым, Тоолорго,жерге тизе бүгүп жаздым. Алкынган тулпар минбей, дуулап күлбөй, Аксаңдап, кош таякчан жүрүп жаздым.

Олтуруп досторумдун канатына, Ой издеп жүрдүм тоонун арасында. Ылымта издеп барсам аскаларга, Ыр берди, ыйманыма жамап шыбаа.

Журтумдун түнөп жүрдүм жүрөгүндө , Жол айтты үлбүр болуп түнөгүмө, Суу бурдум уюткулуу ак мөңгүдөн, Сезимде аздыр-көптүр үрөнүмө.

Калкыман каран түндү жашырбадым, Кайгынын эрким менен ташын жардым. Биринчи ыр жазганда олтурганмын Түбүндө бүчүр жарган жаш ыргайдын. ( Ө. К.)

-75%
Курсы повышения квалификации

Занимательное искусствознание: как научить школьников понимать искусство

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Тема: Сингармонизм (Үндүүлөрдүн үндөшүүсү) (39.68 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт