
Кыргыз тили жана адабиятынын декадасы. 2019-2020-окуу жылы.
Акыл ордо нун суроолору.

1-тур.
- 1. “Альфа” жана “бета” деген белгилерден кайсы термин келип чыккан?
- А)азбука б)алфавит
- В)алиппе

2-суроо:
- Кайсы тамгалардын баш тамгасы жок?
- А) ю, я б) х ,ц
- в) ң,ъ,ь

3-суроо:
- -чу кандай мүчө?
- А)адат өткон чак б)арсар келер чак
- в)учур чак

4-суроо:
- Эл Эрмекти башкармалыкка шайлашты.
- Энчилүү зат атооч сүйлөмдө кайсы жөндөмөдө турат?
- А) атооч б) чыгыш в)табыш

5-суроо:
- Абстракттуу зат атоочту тапкыла.
- А) асман б) жол
- в)кыял

6-суроо:
- Сөздүн уңгуга уланган бөлүгү кайсы?
- А) уңгу б) ташымал
- в) мүчө

7-суроо:
- Сүйлөмдөрдүн ичинен салыштырма сын атооч катышканын тапкыла.
- А)Тамактын тузу ачуу экен
- Б)Тамактын тузу ачуураак экен
- В)Бул абдан жумшак нан экен

8-суроо:
- Сын атооч түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт?
- А) жөнөкөй, татаал
- Б)туунду, тубаса
- В)көптүк, жекелик

9-суроо:
- Бечара Масадыктын күнөөсү эмнеде?
- Белгиленген сөз сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?
- А)ээси б)баяндоочу
- в)аныктоочу

10-суроо:
- Акын, жазуучулар кайсы стилди колдонушат?
- А) илимий б) иштиктүү
- в) көркөм

2-тур:

1-суроо:
- “ Эр Төштүк” эпосунда Төштүктүн жаны эмне менен байланыштырылат?
- А) алма менен б)кылыч менен
- в) өгөө менен

2-суроо:
- Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинде Ак-Сайга кош айдоо үчун эрте жазда жөнөп жатышкан балдардын тобу повестте эмне деген ат менен берилет?
- А) “Ак-Сай командасы ”
- Б) “Ак-Сай тобу”
- В) “Ак-Сай десанты”

3-суроо:
- Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясынын чечими менен кайсы жыл “Манас” эпосунун жылы деп аталган?
- А) 1952-жыл б)1924-жыл
- в) 1995-жыл

4-суроо:
- «Манас» эпосундагы Көзкамандын өз аты ким?
- А) Акчубак б) Асан
- в) Үсөн

5-суроо:
- “ Манас” эпосундагы Манастын кырк чоросунун ичинен эң кичүүсү, сүймөнчүктүүсү, “Атка жеңил, тайга чак, Уйкусу жок, жолго сак” деп сыпатталган ким?
- А) Чубак б) Алмамбет
- в) Сыргак

6-суроо:
- “ Замандан заман өтуп, жер үстундө кыргыз тили жашап тургуча “Манас” биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек” – деген сөздөрдү ким жазган?
- А) Б.Юнусалиев б) Ч.Валиханов
- г)Ч.Айтматов

7-суроо:
- Булардын ичинен кайсынысы дидактикалык чыгарма?
- А) айтыштар б) тамсилдер
- г) жомоктор

8-суроо:
- “ Ажар” повестинде башкы каарман Ажардын апасынын аты ким?
- А)Айша б) Батый
- в) Батма

9-суроо:
- Элдик оозеки чыгармалардын эл аралык маанидеги аталыш термини:
- А) Лирика б) Фольклор
- в) Элегия

10-суроо:
- Алдын ала даярдыксыз ар кандай көрүнүштөр жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү кыргыздарда эмне деп аталат?
- А)төкмөлүк б)манасчы
- в)жамакчы

3-тур:

1-суроо:
- Иш кагаздарына мүнөздүү белгилер кайсы?
- А) көркөмдүүлүк
- Б)эмоционалдуулук
- В) тактык


2-суроо:
- “ Манас” эпосунда өз каалоосу менен адам баласынын арасына келген уруусу кайып, кайберендердин ханынын кызынын аты ким?
- А) Арууке б) Сайкал в) Каныкей

3-суроо:
- Ээге тиешелүү айкындооч мүчө кайсы?
- А)баяндооч
- Б) аныктооч
- В)толуктооч, бышыктооч

4-суроо:
- 1994-жылы кайсы акындын 110 жылдык мааракеси өткөрүлгөн?
- А) Жеңижок б)Барпы
- в) Алымкул

5-суроо:
- Кан атасы Жакып бай калкына кабар салганы.
- Сүйлөмдүн аныктоочун тапкыла.
- А) Кан атасы б) Жакып бай
- в) кан атасы, бай

6-суроо:
- Дидактикалык чыгарма кайсы?
- А) табышмак б) поэма
- в) драма

7-суроо::
- Булардын ичинен кайсынысы кош сөз?
- А) Ысык-Көл
- Б) жаңы мектеп
- В) кышты-кыштай

8-суроо:
- Манастын куралдарын жасаган төкөр уста ким?
- А) Каратаз б)Бокмурун
- в) Бөлөкбай

9-суроо:
- Орусча, адамча деген тактоочтор кайсы сөз түркүмүнөн жасалды?
- а) этиштен
- Б)ат атоочтон
- В) зат атоочтон

10-суроо:
- Т.Сатылгановдун композитор катары чыгарган күүсү.
- А) “Беш каман”
- Б) “Жаш кыял”
- В) “Беш жаман”

4-тур. 1-суроо:
- Ырды нөшөрдөй төккөн, бирок комуз менен коштобогон акын ким?
- А)Жеңижок б)Алымкул
- в) Барпы

2-суроо:
- Жандооч катышкан сүйлөмдү тап?
- А) Бермет менен келдим
- Б) Бермет менен Асель келди
- В)Акыл менен апасы базарга кетти

3-суроо:
- Жандуу жана жансыз заттардын үнүн, табышын туурап көрсөткөн сөздөр кандай тууранды сөз болот?
- А)элес тууранды сөз
- Б) табыш тууранды сөз
- В)кош соз түрүндөгү тууранды сөз

4-суроо:
- Айтылуу тарыхый инсан Курманжан датканын толук кандуу образы Т.Касымбековдун кайсы чыгармасында кездешет?
- А) “Сынган кылыч” б) “Келкел”
- в) “Зайыптар”

5-суроо:
- Кез-кезде жүгүрүп келүүчү Динар бүгүн жок.
- Белгиленген сөз кандай тактооч?
- а) орун тактооч
- б) сын-сыпат тактооч
- В) Мезгил тактооч

Табышмактар:
- 1.Ымымылдак,
- Ымымылдактын үстүндө пышпышылдак.
- Пышпышылдактын үстүндө кайнар булак,
- Кайнар булактын үстүндө чийген камыш,
- Анын үстүндө кенен талаа,
- Кенен талаанын үстүндө кара токой,
- Кара токойдун ичинде кара доңуз

2-табышмак:
- Аркалуудан оонабас,
- Куйруктуудан шыйпаңдабас,
- Жаактуудан кепшебес

3-табышмак:
- Суу качан тик турат?

4-табышмак
- Талаада айбар жатты,
- Жатып-жатып каза тапты,
- Каза тапса да
- өзүнө пайда тапты