Кыргыз билим берүү академиясы
Информатика
5-6 –класстарга
Класстан тышкаркы иштер боюнча(квн) сабак
Нарын 2020
Физика математикалык билим берүү кафедрасы
Информатика
5-6 –класстарга
Класстан тышкаркы иштер боюнча(квн) сабак.-Нарын:2020.-30б.
Бул окуу куралында информатика боюнча класстан тышкаркы иштерде колдонулуучу квн сабакты түзүлүшү,ребустар,анаграммалар,интелектуалдык көнүгүүлөр сунуш кылынган.
Түзгөн: Шаймерденова Жанаркүл Шаймерденовна
Ага окутуучу: Ыдырысова Динара Кудайбергеновна
Фмо-16(информатика),2020
Ш.Ж.Шаймерденовна
Сабактын түрү :Оюн жана маалыматтык технологиялар.
Сабактын максаты :
1)Окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү.
2)Командада иштөө тапкычтык жөндөмүнө ээ болуу.
Жабдылышы:ноутбук,проектор,колонка(буфер),кроссворд,граммоталар,
карточка-баракчалар ж.б.
Колдонулуучу методдор:Интерактивдүү тармактуу чечим жана акылга чабуул методдору.
Предметтер аралык байланыш:Математика,адабият.
Балоо критерийлери:
1)Тапшырманы так туура жооп берүүсү
2)Топтун активдүүлүгү
3)Алтын эрежени сактоосу
Даярдоочу этап:
1)Класстарда 7 адамдан турган топ түзүлөт.
2)Ар бир команда өзүнүн аты-жөнү ,дубал газета эмблемасы менен келет.
Сабактын тартиби:
1)Саламдашуу (эмблема чечмелөө,команданын атын чечмелөө.)
2)Капитандар таймашы(макал айтып жарышуу)
3)Ребус конкурсу
4)Анаграмма конкурсу
5)Логикалык суроолор
6) Табышмактар конкурсу
7)кроссворд конкурсу
8) Рекламалык тыныгуу
9)Жыланча сөздөр
10)Калыстар тобуна сөз берилип,алардын чечими угулат,граммоталар тапшырылат.
Окутуучу:Саламатсыздарбы бүгүнкү биздин “Оюн жана маалыматтык технологиялар”аттуу сабагыбыздын катышуучулары.
Илим дагы техника да жетишүүдө
Тармактардын бардыгында киргизүүдө.
Информатиканы колдонуп
Ар кандай сыр түйүнү чечилүүдө
Бүгүн,балдар биз информатика күнүнө арналган квн конкурсубузду ачык деп жарыялайбыз.
Бүгүн конкурста эки команда катышат.Командалардын конкурста аткаруу ирээтин тактап алалы.Командалардын капитандары 1,2 деген сандар жазылган кагаздарды сууруп чыгышат жана кимге кайсы санкелсе,ошол ирээте конкурстарды аткарышат.
Конкурсту калыстар тобу таразалап турат жана баллдарды командаларга ыйгарып турмакчы.Ошондой эле конкурстун эсептөө коммисиясынын дагы милдетин аткарышат.Анда эмесе калыстар тобу менен тааныштырып өтсөм(Калыстар тобу менен таанышышат):
Окутуучу:Балдар, мына биз “Оюн жана маалыматтык технологиялар” дүйнөсүнө келдик.Эми биз белгилүуобъектерди көрүп чыгышыбыз керек.Ар бир конкурс-объект болуп саналат.Силер даярсынарбы
Объект-1.Саламдашуу эмблемаларды жактоо.Командалар өздөрү тандап алган командаларынын атын жактап беришет.Ар бири өз командаларына тиешелүү эмблемаларды тагынышат
1.Капитандар таймашы.
1-командага
Тапшырма | Жообу |
Бала айфонго жетпей блютууз жок дептир | Мышык майга жетпей сасык дептир |
Вай-файга жанаш,вирустан адаш | Жакшыга жанаш,жамандан адаш |
Компьютер көркү интернет | Адам көркү адеп |
Вирус тазалаш аста-аста,Вирус жугузуш бир паста | Жакшы болуу аста-аста Жаман болуш бир паста Жаман болуш бир паста |
Жесткий ийилет бирок , сынбайт | Ак ийилет,бирок сынбайт |
Компьютер иштебесе ,Бакыттын шору | Башын иштебесе,колу бутуңдун шору |
Принтери жоктун,печаты жок | Баласы жоктун ырысы жок |
2-командага
Вай-фай бар үй базар,вай-фай жок үй мазар | Балалуу үй базар ,баласыз үй мазар |
Клавиатура,монитор өлсө өлсүн,системный блок өлбөсүн | Атам өлсө өлсүн,атамды көргөн өлбөсүн |
Дисктин чийилгени өлгөнү | Баатырдын баш ийгени өлгөнү |
Антивирус бар компьютерде вирус жатпайт | Кыздуу үйдө кыл жатпайт |
Бирөөгө кор компьютер,бирөөгө зар компьютер | Бирөөгө кор бала,бирөөгө зар бала |
Компьютер системный блогу менен компьютер | Адам акылы менен адам |
Дисктин чийилгени өлгөнү | Баатырдын баш ийгени |
Айдай компьютерди мышыктай вирус бузат | Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат |
2.Ребустарды тап:
1-командага
Процессор
Дисплей
Интернет
2-командага
Клавиатура
Монитор
Курсор
3.Чиймелердеги тамгаларды курап,катылган сөздү тапкыла.Табылган сөздүн маанисин чечмелеп бер.
1-командага
2-командага
4.Логикалык суроолор
1-командага
1. Эки күн катарынан жамгыр жаашы мүмкүнбү?
2. Эки адам беш партиядан шашки ойнойт. Ар бири беш жолудан утту. Бул мүмкүнбү?
3. Кандай суроого “ооба”деп жооп берүүгө болбойт?
4. Кандай идиштен тамак иче албайбыз?
5. Адамдар менен унаалар басып өтүүчү жаныбар кандай аталат?
Жооптору
1. Жок. Себеби эки күндүн ортосунда бир түн бар
2. Ооба. Анткени, алар ар түрдүү адамдар менен ойнойт
3. “Сиз уктап жатасызбы?” деген суроого ооба деп жооп берүүгө болбойт.
4. Бош идиштен
5. Зебра
2-командага
1. Аны жерден көтөрүү оңой, ыргытуу кыйын.
2. Мараттын он беш кою бар эле. Он төртүнөн башкасынын баары өлүп калды. Ошондо Мараттын анча койу калды?
3. Мейманканада 7 кабат бар. Биринчи кабатта төрт адам жашайт. Ар бир кийинки кабатта алдыңкысына караганда 2 адамга көп. Лифтти эң көп чакырган кайсы кабаттын жашоочулары?
4. Атамдын жашы 31де болгондо мен болгону 8 жашта элем, ал эми азыр атам менден эки эсеге улуу. Ошондо менин жашым канчада?
5. Адам анын иштегенин каалайт. Бирок, иштеген кезде ачууланып өчүрүүгө шашылат.
Жооптору
1. Лавр жалбырагы
2. 14
3. биринчи
4. Жообу - 23 жаш. Атасы менен уулунун жаш айырмачылыгы 23 жаш
5. Ойготкуч (будильник)
5).Табышмактар конкурс
1-командага
Сөздөрдү да сүрөттөрдү,
тез арада печаттайт
эң керектүү инструмент
мунун атын эмне дейт
(Принтер)
Эч жоопсуз калтырбайт
Чагылдырып көрсөтөт
Этият кыл өзүңдү
Бул негизи эмне?
(монитор)
2-командага
Жонунда бар баскычы
Ар нерсени тапкычы
Эмне деп аталат
Клавиатурага жардамчы
(чычкан)
Манжаларга гимнастика
Бул деген физкультура
Колубузду ойнотчу
Бул деген
(клавиатура)
6.Кроссвордду чечмеле
1-командага
2-командага
7.Жыланча сөздөр
Таблицада сөздөр берилген,сөздөрдүн тамгалары жыланча жазылган,башкача айтканда алар ар кандай багытта жазылышы мүмкүн туурасынан жана узунунан(солдон оңго,ылдыйдан үстүгө ж.б.),бирок диоганалдуу түрдө жазууга болбойт.
1-командага
р | к | у |
о | с | р |
с | а | е |
н | к | р |
2-командага
н | к | а |
о | п | к |
А
|
с |
в |
м | с | и |
Окутуучу:Бардыгынарды алган граммотаңар менен куттуктайм.Бүгүнкү саякат-оюн сабагыбыздын жыйынтыгын чыгаралы.Кана айткылачы,биздин бүгүнкү саякат силерге кандай таасир калтырды?
Окуучулар:Бүгүнкү сабак бизге абдан жакты
Аябай кызыктуу болду.
Бул конкурста логикалык ой-жүгүрттүк.
Окутуучу:Силер дагы убакытты туура пайдаланганды,оюңарды туура жана так билгизгенди ,ыкчам ойлонгонду үйрөндүнөр.Азаматсыңар баарыңар!Ушуну менен бүгүнкү Информатика күнүнө арналган“Оюн жана маалыматтык технологиялар” аттуу конкурс –кечебизди жабык деп жарыялоого уруксаат этиңиздер.Көңүл бурганыныздарга чоң рахмат!Саламатта болуңуздар.