Меню
Разработки
Разработки  /  Родной язык и литература  /  Практикумы  /  Прочее  /  Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм

Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм

Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм
19.06.2022

Содержимое разработки

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА

ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ



оШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ




Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети


Кыргыз тили илими кафедрасы





САБАКТЫН ПЛАН-ИШТЕЛМЕСИ


Тема: Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм, анын түрлөрү


Дисциплина: Азыркы кыргыз тили (Синтаксис)

Багыты: 550300 Филологиялык билим берүү

Профили: кыргыз тили жана адабияты

Окутуунун формасы: Күндүзгү

Окуу жылы: 2020-2021







Иштеп чыккан окутуучу: Тажибаева Ж.Ж.


Сабактын темасы: Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм, анын түрлөрү

Сабактын максаты:

  • Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн өз ара маанилик катыштарын, тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдорун, тыныш белгилерин үйрөнүшөт;

  • Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүүдө формалык окшоштукта курулуп, чаташтырууларды пайда кылуучу тилдик бирдиктерди ажырата алышат;

  • Коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрө алышат.

Көрсөткүчтөр:

  • Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн курамында өз ара катышта келген жөнөкөй сөйлөмдөрдү аныктай алышса;

  • Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн курамындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара маанилик жана грамматикалык катыштарын (байламтасыз же байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм экендигин ж. б.) көрсөтүү менен жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ар бирин сүйлөм мүчөлөрүнө ажырата алышса;

  • Тексттерден байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү ажырата алышса жана тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдөн тексттерди түзө алышса.

Теманын окутуу натыйжалары:

-Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн өз ара маанилик катыштарын, тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдорун, тыныш белгилерин үйрөнүшөт, байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү колдонуп тексттерди түзө алышат.

- Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн курамындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара маанилик жана грамматикалык катыштарын (байламтасыз же байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм экендигин ж. б.) көрсөтүү менен жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ар бирин сүйлөм мүчөлөрүнө ажырата алуу көндүмүнө ээ болушат.

Билим берүү технологиялары: “Зигзаг”. Бири-бирин окутуу. Бул ыкма аркылуу студенттер өз алдынча жана группада иштөөгө, текстти кунт коюп окууга, окуганын кайра башкаларга айтып берүү көндүмдөрүнө ээ болушат.

Сабактын тиби: аралаш сабак

Сабактын түрү: практикалык сабак

Сабактын жабдылышы: доска, бор, ватман, маркер, тексттер.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

Сабактын этаптары

Убакты сы

(мин)

Компетенциялар

Көнүгүү

лөр, тапшыр

малар

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

Окутуунун натыйжаларына дал келиши

Текшерүүнүн формасы

1. Окуу ишмердиги не кызыкты-руу


3 мүнөт

ПК-11 - үйрөнүп жаткан тилде оозеки жана жазма кепти кабыл алуу, түшүнүү, ошондой эле көп аспектиден талдоо көндүмдөрүнө ээ болот.


Сабакка студент

терди даярдоо

1.Саламдашуу .

2.Студенттердин катышуусун, даярдыгын текшерет.

3.Жагымдуу атмосфера түзөт.

1. Саламдашуу.

2. Сабакка катышкандар тууралуу старостанын отчету

3. Ар бир студент өз аттарын жана ошол тамга менен башталган өзүндөгү жакшы сапаттардан айтышат.

Тема боюнча билимдердин маанисин түшүнүшөт.

Оозеки сурамжылоо

2. Билимдерди актуалдаш

тыруу

5 мүнөт

Топко бөлүү




Суроо-жооп





Тема жана максатты аныктоо

Чачылган сүйлөмдөрдү таратат ("Мотивациялык ойлор")


- Кандай иш аракеттерди аткардыңар?

-Сүйлөмдөрдү эмнесине карап жайгаштырдыңар?

-Кандай сүйлөмдөрдөн түзүлгөнүн байкадыңар?

-Демек, бүгүнкү темабыз "Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр, алардын түрлөрү"

Сабактын темасы жазылат, максаттары студенттер менен чогуу аныкталат.

Сүйлөмдөрдү толуктоо аркылуу экиден-экиден болуп топторго бөлүнүшөт


-Сүйлөмдөрдү толуктадык.



-Маанисине карап түздүк


-Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдөн түзүлгөн



Сабактын темасын жана планын дептерге жазышат.




Сабактын темасын жана максатын аныктай алышат

Жупта иштөө



Дептерге жазуу

3.Жаңы материалды үйрөнүү

25

мүнөт

1. Ар бир топко тексттерди таратуу.


2.Убакыт бүткөндө, кайрадан окшош номерлүү студенттер "эксперттик" топторго бөлүнүп

олтурушат.

1. Тексттерди таратат, текстти окууга көрсөтмө берет. ("Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түрлөрү")



2.Чакан группаларга бөлүү.

Кайрадан көрсөтмө берилет

1.Берилген тексттерди окуп чыгышат жана талкуулашат.




2.Кайрадан жаңы топторго бөлүнүшөт.

Жаңы түзүлгөн группага даярданган тексттерин 1-номерден баштап, ирети менен бири-бирине түшүндүрүшөт.

Таркатылган илимий тексттерден байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түрлөрүн түшүнөт жана бири-биринен ажырата алышат.

Окуган тексттерин чакан топторго түшүндүрүп айтып бере алышат, коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө ээ болушат.

Топто иштөө, Студенттердин чакан группада иштеп жаткандарына байкоо жүргүзүү






Сурамжылоо

4. Өтүлгөн материалды бышыктоо

10 мүнөт


Материал

ды түшүнүү

сүн текшерүү үчүн тексттер менен иштөө.




Слайдда көрсөтүл

гөн тапшырма

ларды аткарышат

"Сабырдын түбү сары алтын" деген текст таратылат. Көрсөтмө берилет.(Тексттеги татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй

сүйлөмдөрдүн ортосуна тиешелүү тыныш белгилерди коюп окугула)

Слайддагы тапшырмаларды түшүндүрөт.

(Тапшырмалар тиркемеде тиркелет)

Текстти окушат, тыныш белгилерди коюшат.

(Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таап, алардын мезгилдеш, шартташ, каршылаш, салыштырма, себептеш, чечмеленчү сүйлөмдөр экендигин аныктагыла)




Тапшырмаларды аткарышат.

  • Тексттен байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таап, синтаксистик талдоо жүргүзө алуу көндүмдөрүнө ээ болушат.



5. Үй тапшыр

масы

2

мүнөт

СӨАИ үчүн тапшырма

лар таркатылат

"Сабырдуулук жана чыдамдуулуктун зарылдыгы" деген аталышта эссе жазуу

Тапшырманы дептерге жазып алышат

Эссе жазуу көндүмдөрүнө жетишишет

Эссе жазышат

6. Баалоо

2 мүнөт

Өзүн-өзү баалоо

Баалоонун критерийлери жазылган барак ар бир студентке берилет

Ар бир студент өзүн-өзү баалайт



7. Сабактын жыйынтыгы Рефлексия

3 мүнөт

Суроо-жооп

Жазуу

Даярданган маалыматтарды группага айтып берүүдө кандай кыйынчылыктар болду?

Бири-бириңерди окутуудан эмнелерди үйрөндүңөр?

Сабак кызыктуу болдубу?

Эмнелер жакты, эмнелер жаккан жок?

Өтүлгөн сабак тууралуу пикирлерин жазышат


Жазуу


Тиркемелер:

1-тиркеме: МОТИВАЦИЯЛЫК ОЙЛОР

1. Эгерде сиз позитивдүү маанайда жүрсөңүз, бул дүйнөдө мүмкүн эмес эч нерсе жок.

Лу Холтс

2. Ар бир күндө 1440 мүнөт бар, демек, күн сайын бизде оң натыйжа берүү үчүн 1440 мүмкүнчүлүк бар.

Лес Браун

3. Эгерде биз оюбузду өзгөртө алсак, дүйнөнү өзгөртө алабыз.

Х.М. Томлинсон

4. Терс ойлорду позитивдүү ойлор менен алмаштырсаңыз, оң натыйжаларга ээ болосуз.

Вилли Нельсон

5. Өрөөндө жүргөндө да алдыга койгон максатты эсиңден чыгарба, ошондо дагы бийиктикке чыгуу үчүн жаңы күч-кубатка ээ болосуң.

Денис Уэйтли

6. Элдин сизди сыйлабашына жол бербеңиз, өзүңүздү позитивдүү адамдар менен курчаңыз.

Куба Гудинг

7. Сиздин жылмайганыңыз сизге позитивдүү жүздү тартуулайт, сиздин айланаңыздагы адамдар өзүн жакшы сезет.

Лес Браун

8. Көбүрөөк жылмай, анын сага тийгизер зыяны жок, ал эми пайдасы чачтан көп.

Жексон Броун


2-тиркеме:"Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түрлөрү"

1-топко: Мезгилдеш тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Кээ бир татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы экиден көп жөнөкөй сүйлөмдөр бири - бирине көз карандысыз абалда байланышып келип, бирок алардын ар биринде камтылган ой кайсыл бир кубулуштун, кыймыл-аракеттин, окуянын бир учурда болгондугун билдирет. Башкача айтканда, бир мезгилде, же биринен кийин бири болуп жаткан, же ар башка мезгилдерде болгон, же боло турган кубулуштарды, көрүнүштөрдү билдирүүчү жөнөкөй сүйлөмдөрдөн турган татаал сүйлөмдөр мезгилдеш тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр деп аталат. Алар мезгил, чак жагынан билдирүүчү өзгөчөлүктөрүнө жараша бир мезгилдеш, ыраактуу мезгилдеш жана ар мезгилдеш сүйлөмдөр болуп, өз ара үч топто ажырайт:

а) Бир учурда болуп жаткан, же болуп өткөн көрүнүштөрдү, кубулуштарды билдирген жөнөкөй сүйлөмдөрдөн турган тең байланышындагы татаал сүйлөмдөр бир мезгилдеш татаал сүйлөмдөрдүн тобуна кирет. Андагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн баяндоочтору учур чактык, өткөн чактык формаларда курула берет. М: Шералы очок жасап кирди, жолдошу дале дүрбүдөн көзүн ала элек. ж.б.

Мындай багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бирөөсүнүн, же бир нечесинин баяндоочтору -ып формасында аякташы мүмкүн. М: Өрүк гүлдөп, тал-терек бүрдөдү. ж.б. Айрым учурда мындай типтеги татаал сүйлөмдөр баяндоочторуна -са мүчөсү жалганып келген жөнөкөй сүйлөмдөрдүн курамынан да түзүлөт. М: Айша кыш алып берип жатса, Атабек дубал уруп жатат. ж.б.

б) Биринин артынан бири удаалаш аткарылган иш - аракетти, ирети менен ишке ашкан кубулуштарды билдирүүчү жөнөкөй сүйлөмдөрдүн айкалышынан турган тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр ырааттуу мезгилдеш татаал сүйлөмдөр болот. М: Атабектин айылы көрүндү, адамдардын кобур - собуру угула баштады. ж.б. Ырааттуу мезгилдеш татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн акыркыларында «удаа», «удаалаш», «артынан» деген өңдүү сөздөр жана «соң», «кийин» деген жандоочтор катышып келет. М: /йгө Сапар кирип келди, удаалаш Керим кирди. Адегенде мейманканадан орун алалы, андан соң сенин иниңе жолугабыз. ж.б. Ошондой эле ырааттуу мезгилдеш татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бирөөсүнүн, же ар биринин арасында «да» бөлүкчөсү катышып келген учурлар болот. М: Кеч да кирди, тоо башынан ай да чыкты. ж.б.

в) Ар кайсыл мезгилде аткарылган, же аткарылчу түшүнүктөрдү билдирип келген жөнөкөй сүйлөмдөрдүн курамынан түзүлгөн татаал сүйлөмдөр ар мезгилдеш татаал сүйлөмдөр деп аталат. Мындай сүйлөмдөрдүн ар биринин баяндоочтору ар кыл чактын мүчөлөрүн кабыл алып келет. Тутумундагы ар бир жөнөкөй сүйлөмдөрдө предикативдүүлүк сакталат. М: Ашырбектин чоң кызы былтыр турмушка чыккан, быйыл экинчиси чыгыптыр. ж.б.



2-топко: Шартташ тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн бул түрү боюнча да тилчи окумуштуулардын ортосунда бирдиктүү пикир жок. Маселен, «Көп аракет кыл, акыры тилегиңе жетесиң». «Бардыгын көкүрөгүңө түйө бер, көптү билесиң» деген типтеги сүйлөмдөрдү А.Жапаров «Шартташ тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр» деп өзүнчө бөлүп көрсөтсө, М.Мураталиев, Б.Өмүралиевдер мындай сүйлөмдөрдү тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн бир түрү катары беришпейт. Алар мындай сүйлөмдөрдү «Көп аракет кылсаң, акыры тилегиңе жетесиң» деген багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм катары карашат. Мындай учурда мисалга алынган татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы акыркы жөнөкөй сүйлөмдөрүнүн баяндоочторуна жалганып келген чакчыл (- е) жана жак (- сиң) мүчөлөрү шарттуулук маанини конкреттештирип (күчөтүп), 1- келген жөнөкөй сүйлөмдүн баяндоочуна жалганган -са мүчөсүнүн түшүрүлүп калгандыгын айгинелегендиги байкалат. (Жогорку мисалдарды караңыз). Эгерде мындай сүйлөмдөрдүн баяндоочторуна чакчылдын мүчөсү менен жак мүчөлөрү уланбай келген учурларын алсак, шарттуулук маани абстакцияланып, жөнөкөй сүйлөмдөрдүн тең укуктуулугу пайда болгонун көрөбүз. Бирок жалпы сүйлөмдө берилген мааниден жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара шартташып келгенин байкайбыз. М: Көп аракет кыл, акыры тилегиңе жет. Бардыгын көкүрөгүңө түйө бер, көптү бил. ж.б.

Шартташ тең байланыштагы татаал сүйлөмдөргө төмөнкү мисалдарды келтирүүгө болот: - Менин тилимди ук, кийин өкүнүп калба. Ишиң жакшы болсун, жүзүң жарык болот. Жакшы иштегиле, эмгегиңерди эл баалайт. ж.б.

Ал эми жогорудагыдай сүйлөмдөрдүн баяндоочторуна чакчылдын мүчөсү менен жак мүчөлөрдүн жалганып келген учурларын (Көп аракет кыл, акыры тилегиңе жетесиң) тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр тибинде келген шарттуу багыныңкы сүйлөмдөр катары караганыбыз оң болушу мүмкүн. Мындай учурда ар кандай мүчөлөр грамматикалык маанини, форманы жасоо менен бирге сөздүн, же сүйлөмдүн семантикасына да белгилүү өлчөмдө таасирин тийгизерин эске тутуубуз керек.

Эскертүү: Ар кайсы эле шарттуу багыныңкы сүйлөмдөрдү шартташ тең байланыштагы татаал сүйлөмдөргө айландырып берүү мүмкүн эмес. М: Эгерде басмачылардын шеги билинсе, ок чыгаргыла. ж.б.

3-топко: Каршылаш тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Айрым тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр берген маанилери боюнча бири-бирине каршылаш мааниде болот. Бирок андагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн биринде айтылган ой экинчиси аркылуу жокко чыгарылбайт, тескерисинче, каршы түшүнүгү берилүү менен, айтылган ой бекемделет. Мындай татаал сүйлөмдөрдүн көпчүлүгү эки жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт да, эреже катары логикалык басым жасалган сүйлөм кийин берилет. М: «Оозунан жыгылган турбайт, бутунан жыгылган турат» эмес, «Бутунан жыгылган турат, оозунан жыгылган турбайт». ж.б. Мындай сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн баяндоочтору көпчүлүк учурда антоним сөздөрдөн болот да, белгилүү өлчөмдө салыштырма маанини да камтып, айтылуучу ойду жеткиликтүү берүүгө негиз түзөт. М: Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба. Акмактан адаш, акылдууга жанаш. ж.б. Кээ бир учурда мындай татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн биринчиси -бай мүчөсү уланган баяндоочтук формада курулат. М: Келжиректи аңдыбай, кеменгерди аңды. ж.б.

Салыштырма тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн мындай түрүнүн тутумунда келген жөнөкөй сүйлөмдөр бир көрүнүш, кубулуш, окуя, түшүнүк менен экинчи бир көрүнүштү, окуяны, түшүнүктү салыштырып, окшоштуруп, теңдештирип баяндайт. М: Баатырдын көркү - маңдайда,

Чечендин көркү - таңдайда.

Чечен топко сүйлөйт, бечел жокко сүйлөйт. Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат. ж.б.

Кээде бул типтеги татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөргө «да» бөлүкчөсү катышып келүү менен да салыштыруу мааниси пайда болот. М: Учкан куш да өз тобун таба билет,

Адамсың, өз теңиңди табуу керек. ж.б.

Ал эми айрым учурда мындай татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн биринчисинин баяндоочу -са мүчөсүн кабыл алып келет. М: Билеги күчтүү бирди жыкса, билими күчтүү миңди жыгат. ж.б.

Эскертүү: Салыштырма сын атоочту уюштуруучу -дай мүчөлүү сөздөр баяндооч болуп түшкөн сүйлөмдөрдү салыштырма тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр катары кароо туура эмес. М: Ар муруту сеңирдей,

Айбаты албарс темирдей. ж.б.

Мындагы метафоралык салыштыруулар бир жөнөкөй сүйлөмдүн ичинде берилип жатат. Башкача айтканда, бул мисалда муруту-сеңирге, айбаты-албарс темирге салыштырылды. Ал эми салыштырма тең байланыштагы татаал сүйлөм болуш үчүн жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ар биринде айтылган ой бири-бирине салыштырылыш керек.

4-топко: Себептеш тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Байламталардын жардамысыз байланышкан татаал сүйлөмдөрдүн тутумунда келген жөнөкөй сүйлөмдөр айрым учурда бири-бири менен себептеш мааниде тутумдашат. Алар бири-бирине грамматикалык жактан көз карандысыз абалда байланышкандыктан, аларды себептеш тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр деп атайбыз. М: Жеңиш менен кел, сени элиң күтөт. Мен эртерээк кайтайын, мал жайытта калган. Асманда жылдыздар жайнаптыр, эртең күн ачык болот. ж.б.

Салмакташ тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Татаал сүйлөмдүн бул түрүн А.Жапаровдон башка тилчилер өзүнчө бөлүп көрсөтүшпөйт. Окуу куралдарында да өзүнчө берилейт, башкача айтканда, салыштырма тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр менен бирдикте каралат. Чынында эле, мындай сүйлөмдөр салыштырма тең байланыштагы татаал сүйлөмдөргө өтө жакын. Көпчүлүк учурда аларды бири-биринен ажыратуу бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Анткени «салыштырма», «салмакташ» деген терминдер табиятынан бири-бирине жакын түшүнүктү беришет, же биринде берилген маани экинчисинде да белгилүү өлчөмдө сакталат. Бул эки сүйлөмдүн бири - биринен болгон негизги айырмачылыгы алардын тутумунда келген жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара байланышуу өзгөчөлүгүндө. Салыштырма тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдө берилген ойлор эки түшүнүктү бири -бири менен салыштыруу максатында колдонулса, кийинкисинде тең салмакта, тең даражада турган жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бирин толуктоо, окшош түшүнүктөрдү берүү максатында байланышат.

М: 1. Көп окуган көп билет, аз окуган аз билет.

2. Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде.

3. Ала жылкы жоголбойт, арамза адам оңолбойт.

4. Жоонун башын аяба, байдын ашын аяба. ж.б.

Берилген мисалдардагы 1-2-татаал сүйлөмдөрдүн жөнөкөй сүйлөмдөрүндө айтылган ойлор бири-бирине салыштырылып берилип жатса, 3 - 4- мисалдардын тутумунда келген жөнөкөй сүйлөмдөр салмакташ абалда келип, бири-экинчиси менен салыштырылган жок. Салыштыруу мааниси сакталса да, негизги орунда эмес. Мындай сүйлөмдөр грамматикалык курулуштары, айтылуу интонациялары боюнча да бири-бирине жакын.

5-топко: Чечмеленчү жана чечмелөөчү сүйлөмдөр

Мындай түрдөгү татаал сүйлөмдөр да тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн курулуу өзгөчөлүктөрүнө, бири-бири менен болгон байланышуу ыктарына карай байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тобуна кирет. Бул сүйлөмдөрдүн тутумуна кирген жөнөкөй сүйлөмдөрдүн 1- катарда келгени чечмеленчү, же жалпылап турган сүйлөм катары келет да, кийинкилери анын маанисин чечмелеп, тактап, түшүндүрүп турат. М: Пунктуация деген лингвистикалык терминдин эки мааниси бар: биринчиси-тыныш белгилери жөнүндөгү илим, экинчиси-тыныш белгилерин туура колдонуу деген сөз. Бул мисалдагы «Пунктуация деген лингвистикалык терминдин эки мааниси бар» деген сүйлөм чечмеленчү негизги сүйлөм болуп түшсө, кийинки жөнөкөй сүйлөмдөр чечмелөөчү, түшүндүрүүчү сүйлөмдөр катары келди. Айрым учурда чечмелөөчү сүйлөмдөр негизги сүйлөмдө айтылган ойдун себебин чечмелеп көрсөтөт. М: /йгө жетип барып, селдейип калды: каалгада капкара кулпу турат, терезелер гезит менен бекилген, үйдүн айланасын чөп баскан. ж.б.

Кээде чечмелөөчү сүйлөмдөр багыныңкы сүйлөмдөрдөн болушу да ыктымал. М: Көл бети бир башкача: серүүн желден толкундар жээкке карай умтулуп, ак, көк өркөчтөр күнгө чагылышып, түркүн түскө бөлөнөт. ж.б.

Атама сүйлөмдөр катышып келген айрым татаал сүйлөмдөр чечме сүйлөмдүк маанини камтыйт. Башкача айтканда, алгачкы тутумунда келген атама сүйлөм жалпылоо маанисин камтыган негизги сүйлөм болуп, кийинкилери чечмелөөчү милдетти аткарышат. Мындай учурда ар бир жөнөкөй сүйлөм өз алдынча турган сүйлөмдөр сыяктуу бөлөк - бөлөк жазыла бериши мүмкүн. Негизги сүйлөмдөн кийин кош чекит да коюлбайт, бирок алар маанилик жактан тыгыз байланышта болот. М: Жай мезгили. Эл бир уктап калган кез. Асман ачык, ай тие элек, желбиреген жумшак жел тоо башынан жортуп турат. ж.б. Мында «Жай мезгили» деген атама сүйлөм жалпылоо маанисин камтыган негизги сүйлөм, ал эми калгандары чечмелөөчү, кеңири түшүнүк берүүчү сүйлөмдөр катары келди.

Эскертүү: Татаал сүйлөмдүн бул түрү боюнча да тилчилердин ортосунда бирдиктүү пикир жок. Айталы, А.Жапаров мындай сүйлөмдөрдү байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тобунда караса, М.Мураталиев бир нече багыныңкылуу татаал сүйлөм деп карайт. Маселен, М.Мураталиев өзүнүн «Кыргыз тилиндеги татаал сүйлөмдөр» деген китебинде А.Жапаров мисал келтирген «Мектебибизде окуу - тарбия иштери жолго коюлду: эч бир окуучу сабактан калбайт, сабакка даярдыксыз келүүчү окуучулар жок» деген сүйлөмдү (62 - б.) бир нече багыныңкылуу татаал сүйлөм деп эсептейт. Бирок ал сүйлөмдүн бир нече багыныңкылуу татаал сүйлөм экендигин далилдеп көрсөтпөйт. Бул жерде М.Мураталиевдин 1- жөнөкөй сүйлөмдү себеп багыныңкы сүйлөм деп карагандыгы байкалат. Чындыгында, ал жөнөкөй сүйлөм «Мектебибизде окуу - тарбия иштери жолго коюлгандыктан» деген маанини берип, кийинки жөнөкөй сүйлөмдөрдүн себебин билдирип турат. Бирок бул багытты биринчи орунга коюп караган учурда да, бул сүйлөмдү бир нече багыныңкылуу татаал сүйлөмдөргө кошууга болбойт. Анткени мында эч кандай бир нече багыныңкы сүйлөмдөр жок. Эгерде 1- жөнөкөй сүйлөмдү себеп багыныңкы сүйлөм деп карасак, кийинки жөнөкөй сүйлөмдөрдү бир өңчөй баш сүйлөмдөр катары кароого туура келет. Жыйынтыктап айтканда, бул татаал сүйлөмдө камтылган себеп -натыйжалаштык маани канчалык деңгээлде болсо, андан кем эмес чечмелөө мааниси да бар. Ошондуктан мындай учурда А.Жапаровдун пикирине кошулууга туура келет.

6-топко: Орундук маанидеги тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Мындай маанидеги татаал сүйлөмдөр оозеки жана жазуу кебинде сейрегирээк кезигет. Ошондуктанбы, көпчүлүк тилчи-окумуштуулар мындай сүйлөмдөрдү татаал сүйлөмдүн өзүнчө түрү катары беришпейт. Бул сүйлөмдү М.Мураталиев өзүнчө көрсөтүү менен бирге аларды окуянын бир орунда жана ар түрдүү орунда болгондугун билдиришине карап «Орток орундуу» жана «Ар кыл орундуу багынычсыз татаал сүйлөм» деп бөлүп көрсөтөт. Ар түрдүү окуянын, түшүнүктүн бир орунда болуп өткөндүгүн, же боло тургандыгын билдирген татаал сүйлөмдөр орток орундуу багынычсыз татаал сүйлөм деп аталат. М: Ыйман да айылда, кут да айылда. Өмүрзактын уулу шаарда иштейт, менин уулум да ошол жерде. ж.б. Ал эми бир, же ар кыл түшүнүктүн, же окуянын ар кайсы жерде болгондугун баяндаган татаал сүйлөмдөр ар кыл орундуу багынычсыз татаал сүйлөм деп аталат. М: Ал айылда да той, бул айылда да той. Күч билекте, кайрат жүрөктө. ж.б.

3-тиркеме

Сабырдын түбү – сары алтын

Коркунучтуу мүнөздүү бир бала жашаптыр. Ага атасы бир кап мык берип: “Качан сабырдуулугуң жоголуп, бирөө менен урушкуң келген сайын, бактын тосмосуна барып бирден мыкты кагасың” – деди. Биринчи күнү бала отуз жети мык какты, кийинки жума ичинде ал өзүн кармоого аракеттенди. Кагылган мыктардын саны күн өткөн сайын азая баштады. Көрсө, мык какканга караганда өзүн кармаган жеңилирээк экен…

Акыры бала бактын тосмосуна бир да мык какпаган күн да келди. Ошондо бала атасына барды да, бул жөнүндө айтты. А атасы болсо, «эми сабырдуулугуңду жоготкон күндөрү барып, ошол мыктарды бирден сууруп чыккын» деди. Күн артынан күндөр өтүп, бала атасына «баарын сууруп бүттүм» деген да күн келди. Атасы баласын тосмого алып келип мындай деди:

«Балам, сен өзүңдү жакшы алып жүрдүң, бирок бул тосмолордогу тешикчелерди көрдүңбү? Эми алар эч качан мурдагыдай болбойт. Сен кимдир бирөө менен чырдашсаң, анын көңүлүн ооруткан сөз айтсаң, сен ага ушундай жаракат алып келесиң. Сен адамга бычак сайып, сууруп алсаң, бары бир анда жараат калат…. Сен канча ирет кечирим сураганың менен, жараат баары бир калат. Дене жарасы канча оору алып келсе, көңүл жарасы да ошончо болот. Достук бул – чанда кездешүүчү кымбат нерсе, ал сага жылмаюу менен кубанычты алып келет».

4-тиркеме. ТАПШЫРМАЛАР (Слайддан көрсөтүлөт)


1-тапшырма. Тексттен схемаларга ылайык сүйлөмдөрдү тапкыла.


1 . ▬ ▪ ▬ ▪ ______ ▬ ▬ ‗ , ▬ ▪ ▬ ▪ ____ ▬ ▬ ‗ .


2. ▬ ▪ ▬ ▪ ______ ▬ ▬ ‗ да, ▬ ▬ ‗ .


3. ________ __________.


4 . ________▬ ▪ ▬ ▪ __________.


5 . _____▬ ▬ _____, ▬ ▬_____,


______▬ ▬ ▬ ▬ __________.



2-тапшырма. Өзүңөр байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмгө 2 мисал жазып, аларга синтаксистик талдоо жүргүзгүлө.


5-тиркеме. БАЛОО БАРАКЧАСЫ


Студенттин өзүн-өзү балоосу

Критерийлер

Упайлар (ар бир критерийге 1 ден упай)

1

Чачылган сүйлөмдөрдөн тексттерди түзүүдө, суроолорго жооп берүүдө активдүү катыштым


2

Даярданган маалыматты чакан топко толук айтып бердим


3

Тексттен тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таба алдым


4

Слайддагы тапшырмаларды аткара алдым


5

Сүйлөмдөргө талдоо жүргүзүүнү өздөштүрдүм


__________________

________________________________________________________

Критерийлер

Упайлар (ар бир критерийге 1 ден упай)

1

Чачылган сүйлөмдөрдөн тексттерди түзүүдө, суроолорго жооп берүүдө активдүү катыштым


2

Даярданган маалыматты чакан топко толук айтып бердим


3

Тексттен тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таба алдым


4

Слайддагы тапшырмаларды аткара алдым


5

Сүйлөмдөргө талдоо жүргүзүүнү өздөштүрдүм




Критерийлер

Упайлар (ар бир критерийге 1 ден упай)

1

Чачылган сүйлөмдөрдөн тексттерди түзүүдө, суроолорго жооп берүүдө активдүү катыштым


2

Даярданган маалыматты чакан топко толук айтып бердим


3

Тексттен тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таба алдым


4

Слайддагы тапшырмаларды аткара алдым


5

Сүйлөмдөргө талдоо жүргүзүүнү өздөштүрдүм




Критерийлер

Упайлар (ар бир критерийге 1 ден упай)

1

Чачылган сүйлөмдөрдөн тексттерди түзүүдө, суроолорго жооп берүүдө активдүү катыштым


2

Даярданган маалыматты чакан топко толук айтып бердим


3

Тексттен тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таба алдым


4

Слайддагы тапшырмаларды аткара алдым


5

Сүйлөмдөргө талдоо жүргүзүүнү өздөштүрдүм



-80%
Курсы повышения квалификации

Занимательное искусствознание: как научить школьников понимать искусство

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
800 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм (514 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт