Меню
Разработки
Разработки  /  Родной язык и литература  /  Уроки  /  7 класс  /  Кыргызстандын келечеги-мамлекеттик тилинде

Кыргызстандын келечеги-мамлекеттик тилинде

Ж.Абжапаров атындагы №71 орто мектебинин кыргыз тили, адабияты муг. Алибаева Феруза.Ачык саат.Тема: Кыргызстандын келечеги-мамлекеттик тилинде.
11.05.2020

Содержимое разработки

Сабактын темасы:

Кыргызстандын келечеги- мамлекеттик тилинде.



Сабактын максаты:

  • Окуучулар кыргыз тили мамлекеттик тил экендигин билишет, мамлекеттин келечеги анын тилинде экендигин түшунушөт.

  • кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын, тилдин байлыгын сактоого тарбияланышат;

  • малекеттик тилдин мыйзамдагы ролун аныктай алышат, ата мурасын, тилин сактоо зарылдыгын туюнушат.



Сабактын формасы: сабак-кече.

Сабактын жабдылышы: тилге арналган дубал газета, тил жөнүндө жазылган макал-лакаптар, учкул сөздөр, музыка жазылган диск ж.б.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иштери.

Мугалимдин сөзү: Саламатсынарбы бүгүнкү сабактын катышуучулары, окуучулар. Мына бүгүн мамлекеттик тил майрамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдап отурабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, баарыңыздарды тил майрамы менен кызуу куттуктаймын! Анда эмесе 7-классынын окуучуларынын мамлекттик тил күнуно арналган “Кыргызстандын келечеги мамлекеттик тилинде” аттуу сабак- кечесине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

  1. Алып баруучулар:

Азема: Саламатсыздарбы кымбаттуу агай эжелер!

Ислам: Амансыздарбы ардактуу коноктор!

Азема:

Тилден келет бабалардын тилеги,

Тилден келет жакшылыктын илеби.

Кан айланткан толтосунан журоктун,

Тилибизди жаныбыз деп билели.

Ооба, жакшылыктын жарчысы, ата-бабаларыбыздын тилеги, элдин жаны болгон эне тилибиздин майрамы!

Ислам:

Келбесе соз суйлоого кызыл тилим,

Кайдан болсун азыркы толгон билим

Соз суйлоп создон созго жетпеген сон

Дуйнонун биз билмекпиз кайсы бирин

дегендей бизге ааламды таанытып жаткан эне тилибиздин майрамы менен сиздерди чын журоктон куттуктайбыз!

Тил коомдук корунуш коом озгоргон сайын тил да онугууго, озгорууго дуушар болот.Кыргыз тили кыргыз элинин улуттук тили. Ал лексикалык жактан байыган болуп грамматикалык курулушу оркундогон осуп- онуккон тилдердин катарына кирет.

Эне тил барда канат бар,

Эне тил барда Манас бар.

Азема:

Анда кезек “Манас” эпосунда.

“Манастын бала чагы”. Аткаруучу Бакбуржанов Жыргал.

Азема:

Абалтадан салт-санаасын сактаган,

Акыл-оюн алыс жолдо даңктаган.

Кылымдардан кылымдарды карыткан,

Кыргызымдын тили менен мактанам.

Ислам:

Улут жүзү Мекенимдин күзгүсү,

Турат сенде элдин журттун бүт күчү.

Эне тилим сага таазим этебиз,

Эртеңкиде көп улуттун үмүтү.

Анда эмесе азыркы кезекти жалпы хорго беребиз. Айтылуу Чубак Сатаев агабыздын “Эне тил” аттуу ыры.

Хор: Эне тил

Ислам:

Кыргыз тили кылымдарды карыткан,

Эч ким аны очуро албайт тарыхтан

Ушул ыр саптарында айтылгандай кылым карыткан элибиз канчалаган кыйынчылыкка дуушар болсо да маданиятын, салтын, улуттук тилин жоготпой бугунку кунго жетти.

Азема:

Анда эмесе биздин окуучулар улуу акындар жараткан мекенчилдикке, эл жерди суйууго туртку болгон ыр саптарынан корком айтып беришмекчи. Бердибек Жамгырчиев “Хан тукуму”, “Биз-султанбыз”.

Аксаамай:

Кубанычынан коп болуп муң-зарыбыз,

Ичимдиктен ачышып курсагыбыз.

Аруулукту жоготуу туура эмес,

Анткени биз кыргыздын урпагыбыз.

Тоодо осуп бийиктен жай алганбыз

Чындык учун олумго даяр жанбыз

Бириндештин кыргызга кажети жок

Биз тушунсон намыстан жаралганбыз



Азема:

Каалабаймын кыргыздын томондошун,

Кайтаралы бабалар көрөңгөсүн.

Келечеги курсактын кемтик болуп,

Кыргыз уулу никесиз төрөлбөсүн

Жамандыктын жышаанын курап чынга

Нарксыз элдин каадасын мурас кылба

Жетеленбе ар кимге жетим болуп

Кыргыз деген улутун турат мында

Бегайым:

Жаманатка эр кыргыз конгон эмес

Таш кучактап талаада тонгон эмес

Ашказандын айынан арын сатып

Хан тукуму кайырчы болгон эмес

Чоголобо баш бага баркынды бил

Оз жериңдин кадырын салтынды бил.

Огой болуп озокко доо кетирбей

Манас ата баштаган антыңды бил

Нуркыз:

Душман болуп жерине тукурбогун

Калпагына кара так тушурбогун

Эстуу элим баланчага башын катпай

Эзелкидей эрдиктен түңүлбөгүн



Амантур:

Баштагыдай баатыр болбой жорголоп

Муң- санаасы күндөгүдөн өйдөлөп

Уюткулуу нарктуу элдин урпагы

Баркы кетип бараткандай өңдөнөт

Уулкан:

Биз улуубуз нечендеген кырды ашкан

Биз бийикпиз тоолор менен сырдашкан

Эсептебейм урпагы деп Манастын

Өз жериңди бөтөндөргө булгатсаң.

Биз кыргызбыз алыс чуркаар тулпарбыз,

Карга эмес кулач жайган шумкарбыз.

Тачка туртуп таштандыны аңдыган,

Байкуш эмес даңкы күчтүү султанбыз!

Элибизде тарбиялык мааниси терен, ырлар менен катар учкул создуу макал-лакаптар да бар Элдик оозеки чыгарманын улгусу болгон макал-лакапка кезек берсек.

(Кезек менен макал-лакап айтышат)

Ааламдын көркүн көз ачат,

Адамдын көзүн сөз ачат.

Ириген ооздон чириген сөз чыгат.

Тилден бал да тамат, уу да тамат.

Тил-арстан босогондо комдонгон,байкабасаң өзүңдү да жеп койгон.

Тил билсең-дил билесиң.

Ислам:

Калдайгандын баары эле канат эмес,

Кабыландын баары эле Манас эмес

Билебиз деп тошторун каккан менен

Билбегендер оз тилин кыргыздын баласы эмес

Ш.Дуйшееев агайыбыздын ушул ыр саптарынын озу эле ар бир окурманды кайдыгер калтырбастан намысын ойготот

Азема:

Акыйнек ырын ырдашуу эзелтен калган салт экен дегендей азыркы кезекти коомдогу терс корунушторду ашкерелеген акыйнек айтышууга беребиз

Нуркыз:

Акыйнек ырын ырдашуу,

Абалтан калган салт экен.

Байыртан бери кыргыз эл,

Сөз баалаган калк экен.

Таңчолпон:

Кен байлыктуу жерденбиз,

Өзүбүз чечен элденбиз.

Өтүмдүү курч соз менен ,

Душмандарды жеңгенбиз.



Сайкал :

Биз жашаган коомдо,

Көп ийгилик жаралат.

Тазалыгын сактабай,

Тилди алдык жаралап

Уулкан:

Чет тилдин сөзүн тантышат,

Өз тилин жакшы биле албай.

Кыштакта эле жашашат,

Орусча сүйлөйт тил албай.

Халида:

Ар бир тилдин өзгөчө,

Жакшы жагы бар болот.

Тили таза, дил таза,

Окуучулар оңолот.



Аксаамай:

Өз тилиңди өстүрүп,

Рухуңду байыткын

Каймагын калпып сөздөрдүн

Жарык маанай жайылткын.

Ислам

Кыргызмын дейсин мага

Кыйшактап бийлеп туруп

Кыргызмын дейсин мага

Тамекиңдин түтүнүн үйлөп туруп

Кыргызмын дейсиң мага

Кыргызча арааң сүйлөп туруп

Ооба азыркы учурда биздин арабызда кээ бир киргиздер да бар эмеспи. Эмесе биздин окуучулар кээ бир жаштардын оздорун туура алып журуу, суйлоо маданиятын корсотуп беришмекчи

Мугалим (Азема): Саламатсынарбы балдар!

Ислам(окуучу): Здравствуйте

Мугалим:

Балдар, бугунку биздин ото турган темабыз азыркы кундогу жаштардын суйлоо жана жүрүм турум маданиятын отобуз.

Балдар силер бул темада эмне айтып бере аласынар?

Ислам: Эжеке, тажадык өтпөй эле коёлучу.

Мугалим: Ислам, бул темада бир нерсе айтып бербейсинерби?

Ислам: Эже, айтып бербей көрсөтүп береличи?

Мугалим: Макул, көрсөткүлөчү.

1-окуучу: Ээ достор кандайсынар ээ? Движение- пвижения не болуп атат ээ, не жаңылыктар?

2-окуучу: Ошол досум, движения кылуу керек болуп атат да.

1-окуучу: Ээ, жүр тиги Данчиктин .уй.ун.о барып келебиз.

2-окуучу: Макул жүрү.

4-окуучу: Токтогула, балдар. Уят эмеспи.

1-окуучу: Эмне болду сага, эмне?

4-окуучу: Балдар, өзүңөр кыргыз болуп туруп, өзгө тилде сүйлөгөнүңөр эмне?

1-окуучу: Э койчу калп эле ботаник боло бербечи э.

Мугалим: Ислам, сен туура эмес айтып жатасың. Отургула балдар.

Бардык нерсе саламдашуудан башталат дегендей, биз өзүбүздүн адетүүлүгүбүздү, тартиптүүлүгүбүздү ошол саламдашуудан көрсөтөбүз балдар.

1-окуучу: Э бирдеме кылсаң эле жакпайт сизге ээ.

Мугалим: Ошондуктан биз туура саламдашуубуз зарыл. Адамдарга кайрылганда дайыма “саламатсызбы”, “Арыбаңыздар” же болбосо “кечиресиздер” деп сылык сүйлөш керек.

1-кыз: (күлүп) Арыбаңыз!

Мугалим: А Арыбаңыздар деген болсо ден соолукта аман-эсен жүрүңүз дегенди түшүндүрөт.

1-окуучу: (телефонун алып) Селфии.

Мугалим: Ислам жөн отур, уят болот.

Азыр көбүнчө кыздар орусча сүйлөөнү мода кылып алышпадыбы, кыргызча сүйлөөдөн уялышат. Кыздар ушул туурасында бир нерсе көрсөтүп бербейсиңерби?

1-кыз: Пошли.

2-кыз : Привеет. Оля.Как дела?

1-кыз: Да нормально

2-кыз : Давай селфи

1-кыз: Давай

Эрбол: Токтоткула кыздар. Ушу кантип болсун эми. Кыргыз болгондон кийин кыргызча сүйлөгүлө да.

1-кыз : Ай, ары турчу сен

Мугалим: Отургула Кыздар, балдар . мунуңар туура эмес.

Мугалим: Биз жакын арада эле....

Эрбол : Эже, мен классташтарыма төрт сап ыр айтып берейинби?

Мугалим: Айта кой!

Эрбол: Ташты сыгып тарыхты төккүм келет,

Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.

Эне тилин эсирип чангандарды,

Эне тилде ашатып сөккүм келет!

Балдар: Эй, эмне деп атат эй, ал ал кепкаңды!

Мугалим : Ооба , Эрбол, туура айтасың. Биз жакында эле көчмөндөр оюнун өткөрдүк эмеспи. Ал жерде кыргыздардын маданияты, каада-салты көрсөтүлдү

Ислам: Ёё эжеке ачылышын көрдүнүзбү, жабылышынчы

Мугалим: Элибиздин эртени эне тилинде деген мына ошол.

(Окуучулар муг.ден кечирим сурайт)

Баары чогуу:

Эне тилин билбеген

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн

Элин сүйүп жарытпайт.

Азема:

Эне тилим күйүп турган ак шамым,

Эне тилим жарык чачаар ак таңым.

Бабалардын ыйык тилин ак дилин,

Бүт дүйнөгө Манас менен даңктагын.

Ислам: Азыркы кезекти обондуу ырга берсек, айтылуу ырчы жердешибиз Гүлзада Рыскулова эжекебиздин “Мен-кыргызмын” аттуу ырын Барктабасова Таңчолпон аткарып бермекчи

(Жеке номер Барктабасова Т. “Мен –кыргызмын”)

Ислам:

Жашоосунда жаман жагы билинбей,

Жайнап турган керме тоонун гүлүндөй.

Акыл ташып алп Манасты жараткан,

Тил жок чыны кыргызымдын тилиндей.

Азема : Ооба кыргыз эли нечен кылымдардан бери тилин, каада-салтын, нарк-насилин жоготпой келген улуу эл болуп эсептелет. Анда эмесе азыркы кезекти элибиздин улуттук бийине беребиз.

“Умай” бий тобу улуттук бийи, элдик бий.

(кыздар бийлешет).

Азема:

Элибизде макал-лакаптар менен катар эле кепте даяр материал катары колдонулган туруктуу соз айкаштары, фразеологизмдер да колдонулат.

Ислам: Ооба анда азыр ошол куйкум сөздүү фразеологизмдер боюнча тартылган сүрөттөрдү сиздерге сунуштайбыз. Ошол сүрөттөргө карап, кайсы фразеодлогизмдер экендигин аныктайсыздар.

(Окуучулар жана мугалимдер сүрөттөр боюнча фразеологизмдерди табышат, белектерге ээ болушат).

Азема:

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,

Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.

Опоңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,

Жана да өнөрү бар айтып болгус.

Ислам: Кезекти комуз күүсүнө беребиз. 5-класстын окуучусу Аксубаева И. “Чайкама” күүсү.



Азема, Ислам: Анда эмесе мамлекеттик тил кунуно арналган кечебиз аяктады Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

Жыйынтыктоо: Ар бир адам эне тилинин эртеңи үчүн күрошуп, анын оркундоосу учун өз салымын кошуусу абзел экендигин түшунүшөт.

Үйгө тапшырма: “Кыргыз тилим-байлыгым” деген темада эссе жазып келишет.



-75%
Курсы повышения квалификации

Занимательное искусствознание: как научить школьников понимать искусство

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Кыргызстандын келечеги-мамлекеттик тилинде (21.47 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт