- Сабактын темасы:
Кыргызстан»Өнүккөн социализм мезгилинде»1964-1985-ж.ж.
Сабактын максаты
Күтүлүүчү натыйжа
- 1.Окуучулар кыгызстандын өнүккөн социализм боюнча кеңири биле алышса жана ишмер инсандарды да биле алышса.
- 2.Балдар билген суроолорго так жооп бере алшса.
- 3.Окуучулар бири –бирин сыйлоого тарбияланышса.
- 1.Окуучулар кыгызстандын өнүккөн социализм боюнча кеңири биле алышат жана ишмер инсандарды да биле алышат.
- 2.Балдар билген суроолорго так жооп бере алшат.
- 3.Окуучулар бири –бирин сыйлоого тарбияланышат.
- ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1964—1985-жж.) 50-жж. Н. С. Хрущев баштаган реформалар 60-жж. башында өзүнүн күчүн жоготуп солгундай баштаган. Өлкөнүн экономикасы төмөндөгөн. Советтик, партиялык төбөлдөрдүн СССРде «коммунизмди кеңири куруу» жөнүндөгү урааны негизсиз экендиги айкын болгон. Н. С. Хрущев 1964-ж. КПСС БКнын биринчи секретарлыгынан жана СССР Министрлер Советинин председателдигинен бошотулган. КПСС БКнын биринчи секретарлыгына Л. И. Брежнев шайланган. Ошентип, өлкөдөгү административдик-буйрукчул системага жаңы жетекчилик келеген.
- . СССРде, анын ичинде Кыргызстанда, мамлекеттик бийликтин органы катары Советтердин ролун көтөрүү аракети башталган. Кыргыз ССР Жогорку Совети республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Советтердин ролун көтөрүү, жергиликтүү Советтердин ишин жакшыртуу үчүн бир катар аракеттерди жасаган. Бул иште ошол мезгилде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштеген Т. Кулатов көп эмгек сиңирген
Кулатов Төрөбай Кулатович (1908, азыркы Ноокат району, Кызыл- Булак кыштагы. — 1984, Фрунзе шаары.) — совет мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1932-жылдан КПСС мүчөсү. 9 жашынан 16 жашына чейий кулактарга жалданып иштеген. 40 жылдын ичинде Кулатов Төрөбай өмүр жолунда көптөгөн мамлекеттик кызматтарда иштеген. Алсак, эл комиссарлар советинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын жогорку советинин президиумунун председатели болгон 9 жолу СССР дин жогорку советине депутат жана 9 жолу Кыргызстан жогорку советинин депутаты болгон. 1926-33-жылдары темир жолдо жумушчу, Кызыл- Кыядагы « Жал » шахтасында . 1932—33-жылдары « Жал » шахтасында» шахта председатели. 1934 309 көмүр казуучулар союзунун шахта комитинин председатели. 1938-жылы Кызыл- Кыя шаар советинин аткомунун председателинин орун басары, « Кыргыз көмүр » башчысынын орун басары. 1938—45-жлдары Кыргыз ССР Эл Комиссар лар Советинин, 1945—78-жыдары Кыргыз ССР Жогорку Совети нин Президиумунун председатели, 1946—78-жылдары СССР Жогорку Совети нин Президиумунун председателинин орун басары. 1938- жылдан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетине мүчө жана бюро мүчөсү. 1937—79-жылдары СССР Жогорку Советинин , 1938—80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Совети нин депутаты.
- Өнөр жайдын өнүгүшү
- Өнүккөн социализмдин шарттарында Кыргызстандын өнөр жайы өлкөнун бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык бөлүгү катары өнүккөн. 1965-1985ж.Кыргызстандын улуттук кирешеси 2.7 эсе,өнөр продукциясы 4.4.эсеге өскөн.Мунун ичинен машина куруу жана металл иштетүү 8 эсеге өскөн.Ал эми электр энергиясын өндүрүү 5 эсеге жогорулаган. Бул мезгилде республиканын коомдук дүң продукциясынын 60%, улуттук кирешелеринин жарымынан көбу өнөр жайга туура келген .Кыргызстанда 150 жаны өнөр жай ишканалары курулган.
Кыргыз ССРинин эл чарба комплексинин жалпы багыты.
Өнөр жай,түстүү металлургия,машина куруу,электр-техникалык ,прибор куруу,курулуш индустриясы тармактары өнүкөн.Жеңилөнөр жайы,тамак-аш,эт-сүт ишканалары реконструкцияланган же курулган.
- Султан Ибраимов быйыл 90 жашка чыкмак.
- Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Ал 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган.
- Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Кызматтык зоболосу өйдөлөп, республиканын cуу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген.
- Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу орден жана медалдар менен сыйланган. 1980-жылдын декабрь айындагы каргашалуу окуянын айынан 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.


Кыргызстан онугуу жолу (136.41 KB)

