Сабактын темасы: Кыргыз этноними.
Сабактын максаты:
1. Окуучуларды Кыргыз элинин Кырыгыз деп аталышын элдик жана илимий чечмелеништери менен тааныштыруу.
2.Окуучуларды улуттук ар-намыстуулука жана атуулдука, ариеттүүлүккө тарбиялоо.
3.Окуучуларды өз алдынча издене билүүгө жана өз ойлорун тартынбай эркин айтып берүүгө көнүктүрүү.
Сабактын жабдылышы:
1.Дүйнөнүн саясий картасы.
2.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик атрибуттары.
Сабактын тиби: Жаӊы материалды өздөштүрүү сабагы.
Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.
Сабакты өздөштүрүүнүн планы:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдоо.
2. Кыргыз эли жана Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат берүү.
3. Кыргыз этнониминин элдик чечмелениши.
4. Кыргыз этнониминин илимий чечмелениши.
5. Окуучулардын ой пикирлерин угуу.
Сабакты жыйынтыктоо.
Сабак музыканын коштоосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимн ырдоо менен башталат. Окуучулар гимнди сыймыктануу менен ырдашат. Алардын жүздөрүнөн балалык бакыттын нуру жанып, үндөрүнөн балалыктын шаӊы бийик көтөрүлүп көӊүлдү эргитип сезимди алып учат.
Гимн ырдалып бүткөндөн кийин мугалим жаӊы гана орундуктарына жай алып отурушкан окуучулардын көӊүлүн өзүнө бөлүп бир жерге топтош үчүн жай, салмактуу, коӊур үн менен төмөнкү ыр саптарын окуй баштайт.
Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күлөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
Мугалим: Кана кимиӊер айтасыӊар? Бул саптар кайсы акындын калемине таандык?
Бекказы: Бул ыр кыргыз элинин сүйүктүү акыны, биздин жердешибиз Байдылда Сарнагоевдин калемине таандык.
Мугалим: Ооба. Биз силер менен бүгүн Кыргыз элинин Кыргыз деп аталышынын мааниси жөнүндө түшүнүк алабыз. Биздин сабагыбыз кыргыз этноними деп аталат. Этнос деген сөз грек тилинен алынган. Ал кыргызча эл деген түшүнүктү билдирет. Ал эми этноним деген сөз элдин атынын аталышын иликтейт.
Кыргыз эли борбордук Азияда жашаган эӊ байыркы элдердин бири. Тарыхта кыргыздар Кытай жыл наамаларында б.з.ч. 201-жылдан бери белгилүү. Эл оозунда «Жылдыз көппү же Кыргыз көппү» деп бекер айтылбаса керек. Бүгүнкү күндө кыргыздар тагыраак айтканда Кыргыз диаспорасы Республикабыздан тышкары аймактарда, атап айтканда Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Россияда, Авганистанда, Турцияда, Иорданияда жашап жатат. Кайда болбосун алар өздөрүнүн Ата Журтун Теӊир-Тоо деп эсептешишет.
Мугалим аталган жерлерди картадан көрсөтүп, Кыргызстанга, Кыргыз Республикасына өзгөчө басым жасайт.
Теӊир-Тоо тээ байыртадан эле кыргыздардын түпкү Ата Журту болгон. Кыргыздардын негизги бөлүгү бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашайт. Кыргыздар өз алдынча эгемендүү мамлекетке ээ. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө эгемендүү демократиялык мамлекет катары дүйнө элдерине белгилүү. Бул жол кыргыз эли үчүн узакка созулуп оӊойго турган жок. Кыргыз Республикасынын мамлекттик туусундагы түндүк-бул эгемендүүлүктүн, биримдүүлүктүн, достуктун символу.
(Сабакты өтөөрдөн бир нече күн мурда мугалим класстагы окуучуларды эки топко бөлүп биринчи топко Кыргыз этнониминин элдик чечмелениши тууралуу көз караштарды топтоону, ал эми экинчи топко Кыргыз этнониминин илимий чечмелениши жөнүндөгү көз караштарды топтоону сунуш кылат. Окуучулар окуу китептерин жана кошумча адабияттарды пайдаланып, мугалимдин тапшырмасын биргелешип аткара башташат. Убакыттын кененирээк болгону дурус. Себеби сабакка чейин окуучулар тапшырманы толук аткарууга жетишкендей болуш керек. Окуучулар канчалык сабакка даяр болсо, сабак ошончолук жандуу өтөт.)
Мугалим: Кана эмесе биз Кыргыз элинин Кыргыз деген атынын элдик чечмеленишин карап көрөлү.
Гүлистан: Ферганалык Сайф Ад-Дин Аксыкенди «Мажму ат-таварих» аттуу фарсы тилинде жазылган эмгегинде Өзгөндүн тоолорунда жашаган огуз урууларына айтылуу Санжар султан кол салып, мына ошол кол салууда аман калган кырк огуз Коженттин жанындагы тоолорго барып баш калкалашат. Ошол кырк огуздан кийинчирээк кыргыздар келип чыккан деп эсептейт.
Тилек: XVII кылымдагы түрүкмөн тарыхчысы Абул-Газы Бахадур-хан өзүнүн «Түрк санжырасы» деген эмгинде кыргыздарды огуз хандын Кыргыз аттуу небересинин урпактары катары баяндайт. Демек Кыргыз деген сөз анын пикири боюнча адамдын атын билдирет.
Чолпон: Кытайлык Кыргыз санжырачысы Үзөйүн ажы байыркы түрүктөрдүн Калач аттуу хан болуптур. Баласы чоӊойгондо чечек чыгып бети чаар болуп калганда Калач хан буга арданып кырк кенизекти кошуп туруп адам көрбөгөн тоонун арасына-«Кыр кезип оокат кыл»-деп таштап салыптыр. Тоо мекендеген бул адамдардан кийинчирээк Кыргыз эли пайда болгон деп белгилейт. Демек Үзөйүн ажынын оюу боюнча Кыргыз деген сөз кыркез же кыр кезген эл деген түшүнүктү берет.
Азиз: Элдик уламыштарда илгери-илгери бир хандын ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу кызы болуптур. Хан кызын эч кимге көрсөтпөй багып чоӊойтот. Хандын кызын дайыма кырк кыз жандап жүрүшчү экен. Күндөрдүн биринде кыздар көл жээгине сейилдеп барып, суудагы көбүктү көрүшөт. Ага кызыгышып суу чачып ойношот. Кийинчирээк ошол көбүк менен ойногон кыздар кош бойлуу болуп калышат. Каарданган хан аларды ээн тоого жеткирип таштайт. Ошол кырк кыздан туулган балдардын урпактары кийин кыргыз элин түзөт.
Айгүл: Кыргыздар жаргак шым, торко тон, кийиз калпак кийип кырларда кийиз үйлөрдө жашаган. Демек Кыргыз деген сөз кыр кийз деген түшүнүктү берет.
Майрамбек: Кыргыздар тээ байыртан эле жоокер эл болушкан. Алар өздөрүнө коӊушу урууларды, элдерди каратып алышкан. Кыргыздарга көз каранды элдер кыштымдар деп аталган. Демек Кыргыз деген сөз кыргыч дегенди билдирет.
Сейил: Кыргыз деген сөз кырылгыс же кырса түгөнгүз деген маанини билдирет. Анткени Кыргыз эли эӊ байыркы элдердин бири. Кыргыз эли бир кездерде Теӊир-Тоодон Эне-Сайга чейинки аймакты мекендеп турган. Элинин көптүгүнөн жана жоокерлигинен тышкы душмандарына моюн сунган эмес.
Мугалим: Биринчи топтун окуучулары тапшырмага жакшы даярданып келишкен. Ырахмат. Эмесе Кыргыз элинин Кыргыз деген атынын илимий чечмеленишин карап көрөлү. Кана эмесе экинчи топтон кимиӊер баштайсыӊар?
Перизат: XIX к Буряд илимпозу Доржи Бинзаров «Кыргыз» этноними «кырк» санынан жана көпчүлүк санды түшүндүрүүчү «ыз» куранды мүчөсүнөн турат деп жоромолдойт.
Руслан: Академик Василий Васильевич Радлов өз эмгегинде «Кыргыз» этноними «кырк» санынан жана «йүс»(жүз) санынан жалгашкан деген пикирин билдирет. Өзбектердин көчмөн урууларынын бири болгон Кыркмен-йүз уруусу эки бутактан-кырк уруусу менен йүз уруусунан турганын, Алтайдагы түрк урууларынын ичинде да йүз уруусу бар экендигин, Казактардын үч ордосу өз алдынча улуу, орто кичүү жүздөгө бөлүнөөрүн эскертет.
Нурила: Каракалпак этнографы Давлен Айтмуратов «кыра-гыз» «кара эл» «кара чачтуу эл» деген байыркы түшүнүктөн келип чыккан болсо керек деп түкшүмөлдөйт. Анын оюу боюнча «гыз» деген сөз фарстын «гиз» чач деген түшүнүгүн берет.
Эрлан: Тарыхчы Константин Иванович Петров «Кыргыз» этнонимин байыркы түрүктөрдүн кырыг-кызыл деген сөзүнө көпчүлүк санды билдирүүчү -аз мүчөсүнүн биригишинен келип чыккан деп түкшүмөлдөйт. Анын оюу боюнча «кыргыз» деген сөз кызыл топурактуу жерде жашаган эл деген түшүнүктү берет.
Миргүл: Түрколог Николай Алексеевич Баскаков «кыргыз» этнонимин «кырк»-«огуз» кызыл огуздар же түштүк огуздар деп түшүндүрүүгө аракет кылат. Анын оюу боюнча кызыл деген сөз мейкиндикти же тагыраак айтканда түштүк же батыш деген түшүнүктү берет.
Санжар: Академик Андрей Николаевич Кононов «кырг» (кызыл) деген сөздү элдин антропологиялык өзгөчөлүгү менен байланыштырат. Анын оюу боюнча «Кыргыз» деген этноним кызыл жүздүү эл деген маанини түшүндүрөт.
Мугалим: Ырахмат. Биз баардыгыбыз Кыргыз элинин «Кыргыз» деп аталышынын элдик жана илимий чечмелеништерин уктук. Силер ушул айтылгандардын кимисинин оюн туура деп эсептейсиӊер? Кана жакшылап ойлонуп көргүлөчү?
Эльвира: Мен Тилек айткан кыргыздар Өгүз хандын небереси Кыргыздын урпактары деген элдик пикирге кошулам. Анткени өзбек элинин аты деле Өзбек деген адамдын атынан келип чыккан. Адамдар адамдан тарайт эмеспи. Анысы кандай кыргыздар Кыргызхандан тараган.
Эрмек: Мен Майрамбектин кыргыз деген кыргыч дегенди билдирет деген пикирине кошулам. Анткени байыркы Кытай тарыхчылары Сыма Циянь менен Бань Гу кыргыздар хуннулар менен бирдикте Кытайга жана башка элдерге жортуул жасап турушкандыгын айтат. Ошондой эле кыргыздар Чыӊгызхандын мезгилинде да монгол аскерлеринин алдынкы чалгындоо бөлүгүндө кызмат кылышкан. Алар жеӊил куралданышып ат үстүндө мыкты салгылаша билишкен. Андыктан монгол акерлеринен бир нече чакырым алдыда жүрүшкөн. Кезегинде аларды «монголистандын арстандары» деп да аташкан. Демек кыргыздар жоодон кайрат тртпаган жоокер эл болушкан. Мунун өзү «Манас» эпосундагы Манас баатырдын образынан көрүнүп турат.
Кайыргүл: Мен Нуриланын айткан каракалпак этнографы Давлен Айтмуратовдун кыргыз деген сөз кара чачтуу эл деген түшүнүктү билдирет деген пикирине кошулам. Анткени көпчүлүк кыргыздардын чачтары, көздөрү кара.
Акылбек: Мен Санжар айткан академик Кононовдун Кыргыз этноними кызыл жүздүү эл деген түшүнүктү берет деген пикирин туура деп ойлойм. Анткени байыркы Кытай жыл наамаларында кыргыздар сары чачтуу, абий көздүү, кызыл жүздүү эл катары сыпатталат.
Элиза: Мен Айгүлдүн кыргыз кырда кийиз үйлөрдө жашаган эл деген түшүнүктү берет деген оюуна кошулам. Бирок, гус деген сөз кийз деген түшүнүктү берет дегенине макул эмесмин. Менимче гус деген сөз эл деген түшүнүктү билдирет. Тун-гус түндүктө жашаган эл, О-гус түздүктө жашаган эл дегенди түшүндүрөт. Демек кыргыз деген этноним кырларда жашаган гуздар же кырларда жашаган элдер деген маанини билдирет. Анткени кыргыздар тээ байыртадан эле Теӊир-Тоонун аймагында жашашкан. Алар көбүнчө мал багышып, үйүр-үйүр жылкы айдап. Жайыт которушуп, кыр-кырларда, жон-жондрдо көчүп жүрүшкөн.
Мугалим: Биз силер менен кыргыз элинин кыргыз деп аталышынын элдик жана илимий чечмелеништеринин маанисин талкуулап талдап көрдүк. Мындан Кыргыз деген этнонимдин мааниси али тактала элек экендиги байкалып турат. Аны тактоо келечектин иши.
Азыр мектепти жакшы окуп, өз билимиӊерди дагы улантып, кийин мыкты тарыхчы, тилчи же филосов окумуштуу болсоӊор, силер да ушул илимий талаш-тартыштарга өз салымыӊарды кошуп калышыӊар мүмкүн.
Сабакты жыйынтыктоодо мугалим тигил же бул окумуштуунун, же окуучунун пикирин туура деп айтпашы керек. Анткени мугалимдин сөзү окуучуга закон болуп калышы мүмкүн. Бул сабактын сырдуу, табышмактуу бүткөнү дурус. Мында окуучунун кызыгуусу артып чындыкты өзү издеп табууга аракеттене баштайт. Бул маселеге абдан кызыгып калган окуучуга мугалим реферат жазууну сунуш кылса да болот.
Үйгө тапшырма: «Кыргыздар Теӊир-Тоодо байыртадан эле жашап келе жатат» деген темадагы дебатка даярданып келүү.