1.Жоон үндүүлөрдүн катарын тап.
1)к, е, и, м; 2)о, о, и, э; 3)а, о, у, ы; 4)о, у, и, э;
2.Ичке үндүүлөр катышкан сөздү тап.
1)китеп, терезе; 2)сөз, кат; 3)университет, депутат; 4)декан, калемсап;
3. Туяк деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?
1)5 тамга, 4 тыбыш; 2)5 тамга, 5 тыбыш; 3)4 тамга, 3 тыбыш; 4)4тамга, 5 тыбыш;
4. Подьезд деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?
1)7 тамга, 6 тыбыш; 2) 6 тамга, 7 тыбыш; 3)4 тамга, 5 тыбыш; 4)4тамга, 4тыбыш;
5. Эже деген сөздүн антонимин тап.
1)карындаш; 2)келин; 3)кыз; 4)сиңди;
6.Ачык муундагы сөздү тап?
1)ата, апа; 2)кат, саат; 3)алма, жаңгак; 4)сабиз, тоо;
7.Туюк муундагы сөздөрдү тап.
1) мугалим, студент; 2)кара, сары; 3)жатакана, үй; 4) алмурут, сызгыч;
8. Ь, ь белгилери канча тамга, канча тыбышты билдирет?
1)1тамга, 1тыбыш; 2)1тамганы билдирет, тыбышты билдирбейт; 3)1тамга, 2тыбыш;
4) тамганы билдирбейт, 1тыбышты билдирет.
9.Көп маанилүү сөздү тап.
1)жаз, кыш; 2)кулак, баш; 3)көз, барак; 4)жакшы, ак;
10.Синоним сөздөрдүн катарын тап.
1)жаман-жакшы; 2) дос-курбу; 3)таттуу – ачуу; 4)түлкү - карышкыр;
11. Историзм сөздөрдүн катарын белгиле.
1) бий, манап; 2)катчы, аким; 3)аталык, студент; 4)бала, перзент.
12. Архаизм сөздөрдүн катарын тап.
1)түлкү, бөрү; 2)көз, баш; 3) от араба, капиталчыл; 4)сыналгы, үналгы.
13.Фразеологизмдерди тап.
1) эжени көрүп, сиңди өсөт, аганы көрүп, ини өсөт; 3 )Алгалай бер, кыргыз эл;
2) кой оозунан чөп албаган, жумурткадан кыр издеген; 4)кыркмуун, ташбака;
14. Омонимдерден көп маанилүү сөздөрдүн айырмасы:
1) айырмасы жок;
2) Омоним сөздөрдө маанилеринин ортосунда жакындык, жалпылык жок, ал эми көп
маанилүү сөздөрдө маанилик жалпылык бар;
3) аталышынан гана айырмаланат;
4) туура жообу жок.
15.Тамга деп.........аталат?
1) кулакка угулган айрым үндөр; 3) сөздүн маанисин өзгөртүүчү белгилер;
2) тыбышты белгилөө үчүн алынган шарттуу белги; 4) оозеки айтылуучу сөздөр;
1. Бала Манастын 1- баатырдыгы кимди жеңүүдөн көрүнөт?
1. Жолойду; 2. Кортукту; 3. Ушаңды; 4. Алоокени; 5. Коңурбайды.
2. Токтогул санат, насыят эр жигитти кандай адам болууга чакырат?
1. Жоокер болууга;
2. Ач көз, соодагер болууга;
3. Адам бетин тик карабаган жалтак болууга;
4.Эмгектен качкан эричээк болууга;
5.Эринбей иштеген эмгекчил болууга;
3. «Бир жашында билинип, кылыгы көзгө илинип,… үчкө жашы чыкканда баланын тили эң кызык» Токтогулдун кайсы ырында?
1. «Тойпоңдогон жаш балдар»;
2. «Балалык»;
3. «Кулак сал, балам кебиме»;
4. «Алымкан»;
5. Буерде жок.
4. «Дениң соодо эринбей, бекерликке берилбей» - саптарынын автору.
1. Т.Сатылганов 2. Б.Алыкулов 3. Тоголок Молдо 4. Жеңижок
5.Кыл болот мизин жалашкан, намысты бирге талашкан Манастын досу ким?
1. Алмамбет; 2. Чубак; 3. Сыргак; 4. Тазбаймат; 5. Ажыбай
6. Кулаалы тапкан куш, курама жыйнап журт кылган «Манастагы» азамат ким?
1. Манас; 2. Бакай; 3. Акбалта; 4 Ажыбай; 5. Чубак.
7. Кайсы жазуучу фантастикалык жанрдын баштоочусу.
1. К. Эсенкожоев; 2. А. Осмонов; 3. К. Жантөшев; 4. Ч. Айтматов; 5. Т. Сыдыкбеков.
8.Ч.Айтматовдун « Атадан калган туяк» повестиндеги баланын ысымы.
1.Акылбек 2.Орган 3.Авалбек 4.Нургазы
9. А.Токомбаевдин алгачкы балдар үчүн чыгармасы.
1. «Жетим менен сыйкырчы»; 2. «Мезгил учат»; 3. «Таң алдында»; 4. «Жараланган жүрөк»
10. Ч.Айтматов 2008-жылы кайсы күнү дүйнөдөн кайткан?
1. 10-июнь; 2. 7-май; 3. 12-декабрь; 4.10-июль.
11. Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесиндеги баланын мүнөзү, жаңы ысымы?
1. Жаны тынбаган, эселек Авалбек;
2. Момун, назик Жанболот;
3. Ашкан шок, Чектен чыккан Сейит;
4. Тартиптүү, мыкты окуган.
12. Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесиндеги Авалбектин атасынын аты ким?
1. Токтосун; 2. Субанкул; 3. Кубаткул; 4. Мамбет.
13. Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Алтынай кийин кандай илимий наамга жетишет?
1. Академик; 2. Илимпоз; 3. Доцент; 4. Зоотехник.
14. Ажымурат деген каарман Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында катышат?
1. «Эрте келген турналар»; 2. «Ак кеме»; 3. «Саманчынын жолу»; 4. «Кыямат».
15. 36 жашында эки көзү кароолонуп калган акын ким?
1. Жеңижок 2.Алымкул 3. Калык 4.Барпы 5.Токтогул