Меню
Разработки
Разработки  /  Биология  /  Презентации  /  6 класс  /  Биология 6-класс

Биология 6-класс

Жарыктын астында жалбыракта органикалык заттардын пайда болушу
23.02.2021

Содержимое разработки

Биология 6-класс Тема: Жарыктын таасири астында жалбыракта органикалык заттардын пайда болушу Биология 6-класс Жарыктын таасири а

Биология 6-класс

Тема: Жарыктын таасири астында жалбыракта органикалык заттардын пайда болушу

Биология 6-класс

Жарыктын таасири а

Сабактын максаты: Жалбыракта жарыктын таасири астында жүрүүчү фотосинтез процессинин механизми жөнүндө маалымат алышат . Фотосинтезге зарыл заттарды жана жарыктын ролун, процесстин продуктыларын жана алардын ролун өздөштүрүшөт. Фотосинтез процессинин жаратылыштагы ролу тууралуу физиологиялык жана экологиялык маанисин түшүнуп, жашылдандырууга, жашоонун маданий чөйрөсүн түзүүгө багыт алышат

Сабактын максаты:

  • Жалбыракта жарыктын таасири астында жүрүүчү фотосинтез процессинин механизми жөнүндө маалымат алышат .
  • Фотосинтезге зарыл заттарды жана жарыктын ролун, процесстин продуктыларын жана алардын ролун өздөштүрүшөт.
  • Фотосинтез процессинин жаратылыштагы ролу тууралуу физиологиялык жана экологиялык маанисин түшүнуп, жашылдандырууга, жашоонун маданий чөйрөсүн түзүүгө багыт алышат
Фотосинтез процесси Фотосинтез – бул өсүмдүктүн жашыл органдарында органикалык эмес заттардан (көмүр кычкыл газы жана суу) хлорофиллдин катышуусу менен күн нурунун энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды түзүү процесси. Жалбыракка жашыл түстү хлорофилл данекчелери берип турат. Анткени анда магнийдин кошулмалары бар. Натыйжада хлорофилл күн энергиясын өзүнө сиңирип алууга жөндөмдүү болот. Бул жерде бүтүндөй жер бетинде тиричиликти камсыз кылуучу өтө маанилүү процесс жүрөт Анткени өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар жана адам үчүн дагы зарыл болгон органикалык азык зат ушул жерде түзүлөт. Муну фотосинтез процесси дейбиз. Грек тилинен алынган бул сөз: «фото» – «жарык», ал эми «синтез» – «түзүлүү» дегенди билдирет. Демек, бардык тирүү организмге керектүү азык зат жарыктын таасири менен түзүлөт

Фотосинтез процесси

  • Фотосинтезбул өсүмдүктүн жашыл органдарында органикалык эмес заттардан (көмүр кычкыл газы жана суу) хлорофиллдин катышуусу менен күн нурунун энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды түзүү процесси.
  • Жалбыракка жашыл түстү хлорофилл данекчелери берип турат. Анткени анда магнийдин кошулмалары бар. Натыйжада хлорофилл күн энергиясын өзүнө сиңирип алууга жөндөмдүү болот. Бул жерде бүтүндөй жер бетинде тиричиликти камсыз кылуучу өтө маанилүү процесс жүрөт Анткени өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар жана адам үчүн дагы зарыл болгон органикалык азык зат ушул жерде түзүлөт. Муну фотосинтез процесси дейбиз. Грек тилинен алынган бул сөз: «фото» – «жарык», ал эми «синтез» – «түзүлүү» дегенди билдирет. Демек, бардык тирүү организмге керектүү азык зат жарыктын таасири менен түзүлөт
Ал эмнеден түзүлөт жана кандай зат пайда болот? Баштапкы учурда азык заттар суудан жана көмүр кычкыл газынан гана түзүлөт. Алардын биригиши үчүн энергия керек. Энергияны хлорофилл аркылуу күн нурунан алат, абадан көмүр кычкыл газы жана тамыр аркылуу суу сорулуп келет да, хлоропластта организмге эң зарыл болгон азык зат – крахмал пайда болот. Күндөн келген энергия ошол пайда болгон органикалык заттын биригүүсүнө жумшалат жана анда сакталат

Ал эмнеден түзүлөт жана кандай зат пайда болот?

  • Баштапкы учурда азык заттар суудан жана көмүр кычкыл газынан гана түзүлөт. Алардын биригиши үчүн энергия керек. Энергияны хлорофилл аркылуу күн нурунан алат, абадан көмүр кычкыл газы жана тамыр аркылуу суу сорулуп келет да, хлоропластта организмге эң зарыл болгон азык зат – крахмал пайда болот. Күндөн келген энергия ошол пайда болгон органикалык заттын биригүүсүнө жумшалат жана анда сакталат
Жалбырактагы фотосинтез процесси

Жалбырактагы фотосинтез процесси

Крахмалдын жарыкта пайда болушун аныктоо Караңгы жайда эки-үч күн сакталган өсүмдүк жалбырагын жана жарыкта өсүп турган өсүмдүктүн үстү бир барак кара кагаз менен жабылган жалбыракты алгыла. Аларды спиртке салып, түссүздөндүргүлө. Түссүздөндүрүлгөн жалбырактарды суу менен жууп, идиштерге салып, үстүнө йод эритмесинен тамызгыла Кандай түскө киришин байкагыла.

Крахмалдын жарыкта пайда болушун аныктоо

Караңгы жайда эки-үч күн сакталган өсүмдүк

жалбырагын жана жарыкта өсүп турган өсүмдүктүн

үстү бир барак кара кагаз менен жабылган жалбыракты

алгыла. Аларды спиртке салып, түссүздөндүргүлө. Түссүздөндүрүлгөн

жалбырактарды суу менен жууп, идиштерге салып, үстүнө йод

эритмесинен тамызгыла Кандай түскө киришин байкагыла.

Өсүмдүктүн организминдеги крахмалдан башка органикалык заттар кантип пайда болот? Жалбыракта адегенде жөнөкөй кант же глюкоза пайда болот, анан ал крахмалга айланат. Бирок ал жерде кайра тез эле кантка айланып, сууда эрийт да, өсүмдүктүн башка органдарына жана дагы мөмөгө, урукка агып барат. Фотосинтез учурунда пайда болгон канттын көпчүлүгү өсүмдүктүн тамыры аркылуу келген минералдык туздар менен кошулуп, андан белок, май жана башка заттарды пайда кылат. Алардын көпчүлүгү жаңы клетканын түзүлүшүнө катышат. Калгандары белен зат катары топтолот. Мисалы, картошканын белендөөчү тканында – крахмал; дарбызда, жүзүм, шабдалынын мөмөсүндө, кызылчанын тамырында – кант; күнкарамада, пахтанын чигитинде, зыгырда – май топтолот. Ал эми төө буурчакта, машта, нокотто – белок жыйналат.

Өсүмдүктүн организминдеги крахмалдан башка органикалык заттар кантип пайда болот?

  • Жалбыракта адегенде жөнөкөй кант же глюкоза пайда болот, анан ал крахмалга айланат. Бирок ал жерде кайра тез эле кантка айланып, сууда эрийт да, өсүмдүктүн башка органдарына жана дагы мөмөгө, урукка агып барат. Фотосинтез учурунда пайда болгон канттын көпчүлүгү өсүмдүктүн тамыры аркылуу келген минералдык туздар менен кошулуп, андан белок, май жана башка заттарды пайда кылат. Алардын көпчүлүгү жаңы клетканын түзүлүшүнө катышат. Калгандары белен зат катары топтолот. Мисалы, картошканын белендөөчү тканында – крахмал; дарбызда, жүзүм, шабдалынын мөмөсүндө, кызылчанын тамырында – кант; күнкарамада, пахтанын чигитинде, зыгырда – май топтолот. Ал эми төө буурчакта, машта, нокотто – белок жыйналат.
 Кайсы бир өсүмдүктөрдүн, мисалы, традесканциянын жалбырагында ак тилкелери болот. Эгерде жогоркудай тажрыйбаны ушундай жалбырак менен жасасак, анда крахмал ак тилкеде пайда болбойт. Жашыл гана жеринде пайда боло турганын көрөбүз. Демек, азык зат хлорофилл данекчеси бар жерде жана жарыкта гана пайда болот. Бул процесс фотосинтез деп аталары жогоруда айтылган. Жашыл өсүмдүктө түзүлгөн азык заттын тутумундагы энергия – бул күн энергиясы. Ал энергия белен затта (данда, мөмөдө ж.б.) сакталып тура берет. Качан гана адам же жаныбарлар тамактанганда организмдеги кычкылтектин катышуусу менен татаал органикалык заттардын ажыроосу жүрүп, энергия кайрадан бөлүнүп чыгат. Анын эсебинен дененин жылуулугу сакталат, кыймыл-аракет жасалат. Ошентип, жер бетинде тиричилик камсыз болот

  • Кайсы бир өсүмдүктөрдүн, мисалы, традесканциянын жалбырагында ак тилкелери болот. Эгерде жогоркудай тажрыйбаны ушундай жалбырак менен жасасак, анда крахмал ак тилкеде пайда болбойт. Жашыл гана жеринде пайда боло турганын көрөбүз. Демек, азык зат хлорофилл данекчеси бар жерде жана жарыкта гана пайда болот. Бул процесс фотосинтез деп аталары жогоруда айтылган. Жашыл өсүмдүктө түзүлгөн азык заттын тутумундагы энергия – бул күн энергиясы. Ал энергия белен затта (данда, мөмөдө ж.б.) сакталып тура берет. Качан гана адам же жаныбарлар тамактанганда организмдеги кычкылтектин катышуусу менен татаал органикалык заттардын ажыроосу жүрүп, энергия кайрадан бөлүнүп чыгат. Анын эсебинен дененин жылуулугу сакталат, кыймыл-аракет жасалат. Ошентип, жер бетинде тиричилик камсыз болот
Жалбырактардын жарыкта к ө мүр кычкыл газын сиңириши жана  кычкылтекти б ө лүп чыгарышы Крахмал жашыл өсүмдүктүн жалбырактарында жарыктын таасири менен гана пайда болорун билдик. Кандай заттардан кант, андан крахмал кандайча пайда болот?

Жалбырактардын жарыкта к ө мүр кычкыл газын сиңириши жана кычкылтекти б ө лүп чыгарышы

  • Крахмал жашыл өсүмдүктүн жалбырактарында жарыктын таасири менен гана пайда болорун билдик.
  • Кандай заттардан кант, андан крахмал кандайча пайда болот?
1.Өсүмдүктүн дем алышын көрсөтүүчү тажрыйба Өсүмдүктү курчап турган абада көмүр кычкыл газ болгондо гана жалбырактарда крахмал пайда болот. Органикалык зат өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүктөрүндө, биринчи иретте,жалбырактар-да жарыкта гана түзү-лөт. Бул процесс өсүмдүктөрдү курчап турган абада көмүр кычкыл газы болгондо гана хлоропласттарда, башкача айтканда, хлорофиллдүү жалбырак пластинкасында жүрөт. щелочь примула

1.Өсүмдүктүн дем алышын көрсөтүүчү тажрыйба

Өсүмдүктү курчап турган абада көмүр кычкыл газ болгондо гана жалбырактарда крахмал пайда болот. Органикалык зат өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүктөрүндө, биринчи иретте,жалбырактар-да жарыкта гана түзү-лөт. Бул процесс өсүмдүктөрдү курчап турган абада көмүр кычкыл газы болгондо гана хлоропласттарда, башкача айтканда, хлорофиллдүү жалбырак пластинкасында жүрөт.

щелочь

примула

2-тажрыйба. Жарык тийгенде өсүмдүктүн жалбырактары кычкылтек бөлүп чыгарат Көмүр кычкыл газы күйүүгө жардам бербейт. Күйүүгө кычкылтек гана жардам берет

2-тажрыйба. Жарык тийгенде өсүмдүктүн жалбырактары кычкылтек бөлүп чыгарат

Көмүр кычкыл газы күйүүгө жардам бербейт. Күйүүгө кычкылтек гана жардам берет

3- тажрыйба  Демек, өсүмдүктүн жашыл жалбырактары көмүр кычкыл газын сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгарды. Эгер жашыл өсүмдүгү бар, анан көмүр кычкыл газына толтурулган банканы жарыкка эмес, караңгы шкафка койсок, анда ага салган күйүп жаткан чычала мурдагыдай эле өчүп калат. Бул жашыл жалбырактар жарыкта гана көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарарын далилдейт. Кант караңгыда пайда болбойт. Анткени, көмүр кычкыл газын өсүмдүктөр караңгыда сиңирбейт. Мына ушинтип жашыл өсүмдүк күн нурунун энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды (биринчи иретте кантты) органикалык эмес заттардан (көмүр кычкыл газы менен суудан) түзөт жана кычкылтекти бөлүп чыгарат. Сууда эрий турган абалга келиш үчүн өзгөчө заттардын, башкача айтканда ферменттердин таасири менен крахмал кайрадан кантка айланат да, жалбырактардан башка органдарга агып келет. Ал жерде кант кайрадан крахмалга айланат.

3- тажрыйба

Демек, өсүмдүктүн жашыл жалбырактары көмүр кычкыл газын сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгарды. Эгер жашыл өсүмдүгү бар, анан көмүр кычкыл газына толтурулган банканы жарыкка эмес, караңгы шкафка койсок, анда ага салган күйүп жаткан чычала мурдагыдай эле өчүп калат. Бул жашыл жалбырактар жарыкта гана көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарарын далилдейт. Кант караңгыда пайда болбойт. Анткени, көмүр кычкыл газын өсүмдүктөр караңгыда сиңирбейт. Мына ушинтип жашыл өсүмдүк күн нурунун энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды (биринчи иретте кантты) органикалык эмес заттардан (көмүр кычкыл газы менен суудан) түзөт жана кычкылтекти бөлүп чыгарат. Сууда эрий турган абалга келиш үчүн өзгөчө заттардын, башкача айтканда ферменттердин таасири менен крахмал кайрадан кантка айланат да, жалбырактардан башка органдарга агып келет. Ал жерде кант кайрадан крахмалга айланат.

Ферменттер «Фермент» латындын «fermentum» – ачытуу деген сөзүнөн келип чыккан. Ал бардык тирүү клеткаларда болот жана ал жерде азык заттардын жөнөкөй заттарга ажырашын же кайрадан пайда болушун жүзөгө ашырат жана ушул айлануу процесстерин, башкача айтканда зат алмашууну жөнгө салып турат. Ар бир заттын, айталык, белоктун, крахмалдын, майдын жана башкалардын өзүнө гана тиешелүү ферменти болот

Ферменттер

  • «Фермент» латындын «fermentum» – ачытуу деген сөзүнөн келип чыккан. Ал бардык тирүү клеткаларда болот жана ал жерде азык заттардын жөнөкөй заттарга ажырашын же кайрадан пайда болушун жүзөгө ашырат жана ушул айлануу процесстерин, башкача айтканда зат алмашууну жөнгө салып турат. Ар бир заттын, айталык, белоктун, крахмалдын, майдын жана башкалардын өзүнө гана тиешелүү ферменти болот
Бышыктоо 1.Фотосинтез деген эмне жана ал кандай мааниге ээ? 2. Крахмал өсүмдүктүн кайсы жеринде пайда болот? 3. Өсүмдүк күндөн энергияны кантип алат жана ал энергия кайда сакталат? 4. Фотосинтез жүрүп жатканда жалбыракта кайсы газ сиңирилип алынат жана кайсы газ бөлүнүп чыгат? 5. Эмне себептен организмдеги кант крахмалга, анан ал кайра кантка айланып турат ?

Бышыктоо

  • 1.Фотосинтез деген эмне жана ал кандай мааниге ээ?
  • 2. Крахмал өсүмдүктүн кайсы жеринде пайда болот?
  • 3. Өсүмдүк күндөн энергияны кантип алат жана ал энергия кайда сакталат?
  • 4. Фотосинтез жүрүп жатканда жалбыракта кайсы газ сиңирилип алынат жана кайсы газ бөлүнүп чыгат?
  • 5. Эмне себептен организмдеги кант крахмалга, анан ал кайра кантка айланып турат ?
Үй тапшырмасы  Фотосинтез процесси жаратылышта кандай мааниге ээ?  Жумушчу дептер боюнча иштөө  Окуу китебинин 28, 81-85-беттери

Үй тапшырмасы

  • Фотосинтез процесси жаратылышта кандай мааниге ээ?
  • Жумушчу дептер боюнча иштөө
  • Окуу китебинин 28, 81-85-беттери
-75%
Курсы повышения квалификации

Применение ИКТ на уроках химии и биологии в условиях реализации ФГОС

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Биология 6-класс (2.17 MB)