КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ
МИНИСТРЛИГИ
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ (Башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)
Ош-2020
МАЗМУНУ
КИРИШҮҮ……………………………………………………………………………3
I ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИНИН ТЕОРИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ……………………………………………………....8 §1.1. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу проблемасынын тарыхы жана теориясынын изилдениши…………………………………………………………………….……..8 §1.2. Башталгыч класстагы адабият - окуучулардын жаратылышка карата эмоционалдык-баалуулук мамилесин калыптандыруунун каражаты…………...22 §1.3. Адабий окуу сабагын окутуу процессинде экологиялык маданиятты калыптандыруунун өзгөчөлүктөрү…………………………………………...........34 БИРИНЧИ ГЛАВА БОЮНЧА КОРУТУНДУ…………………………………….46 II ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯСЫН АДАБИЙ ОКУУ, МЕКЕН ТААНУУ АРКЫЛУУ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ………………….48 §2.1. Башталгыч класстын окуучуларын экологиялык тарбиялоонун калыптандыруунун мазмуну жана технологиялары……………………………...48 §2.2. Башталгыч мектептердин окуу процессин экологиялык билим жана тажрыйбалардын негизинде өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү…………………61 §2.3. Класстан сырткаркы иштерде окуучуларды экологиялык жактан тарбиялоо................................................................................................................82 ЭКИНЧИ ГЛАВА боюнча корутунду....................................................102 КОРУТУНДУ......................................................................................................105 КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР.....................................................................109 ТИРКЕМЕЛЕР.....................................................................................................116
КИРИШҮҮ
Изилдөөнүн актуалдуулугу. Учурдагы татаал жана карама-каршы тенденцияларга толгон дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабга өткөндүгү баарыбызга маалым. Адамзат менен табияттын ортосундагы улам татаалдашып бара жаткан маселелер цивилизациянын негизине коркунуч алып келүү менен көп учурда адамзат жашоосунун мүмкүнчүлүктүрүн алдын ала айтууну татаалдаштырат. Ошондуктан экологиялык коопсуздукка атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомчулук абдан чоӊ көӊүл буруп жатышат.
Адам баласынын Жер планетасында жашап жана сакталып калуусу, алардын күнүмдүк тиричилиги акыры келип жаратылыш менен тыгыз байланышта журөт. Жаратылыш ресурстарынын арбын болушу адам коомунун андан ары жашап калуусуна негиз болот. Бирок, бүгүнкү күндө адамзаттын жаратылышка кийлигилүүсүнөн табияттын жапа чегүүсү күч алдууда. Ошондуктан, адамдар курчап турган айлана-чөйрө менен байланыш түзгөндө анын белгилүү чегин билиши керек. Ал үчүн коомдун ар бир жараны өзүн ошол системанын бир бөлүгү катары сезип, системанын көп түрдүүлүгүнө, анын өнүгүшүнө реалдуу баа берүүгө тийиш.
2003-жылы кабыл алынган «КРнын үзгүлтүксүз экологиялык билим берүү» жөнүндөгү концепциясында экологиялык билим берүү элдин кеӊири массасына жеткирилиши керектиги, мектепте экологиялык билим-тарбия берүү үчүн бирдиктүү жана комплекстүү программанын түзүлүүсү зарыл экендиги белгиленет. Анткени, жаштардын экологиялык маданияты мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн, экологиялык статусун гана аныктабастан, өсүп келе жаткан муундарды социалдаштырууда күчтүү каражат болуп саналат.
Педагогика илиминде экологиялык билим-тарбия берүүнүн мазмуну, формалары жана методдору үзгүлтүксүз изилденүүдө. А.Н. Захлебный, И.Д. Зверев, И.Т. Суравегинанын изилдөөлөрү окуучуларга жалпы экологиялык билим берүүнүн теориялык жана методикалык аспектилерине арналган.
Окуучуларда жаратылыш менен нормативдик өз ара аракеттешүүгө даярдоого багытталган концептуалдуу экологиялык маданиятынын негиздери С.Н. Глазычев, Н.М. Мамедов, В.С. Шиловалар тарабынан иштелип чыккан. Ал эми окуучулардын экологиялык билимин интеграциялоону Н.М. Михайлова, жаратылышты коргоо иш-аракетинин ар түрдүү түрлөрүн жана алардын өз ара байланышын А.Н. Захлебный, Э.А. Турдукулов, өлкө таануу материалынын окуучулардын экологиялык ынанымына болгон таасирин Т.А. Бабакова, А.А. Плешаков ж.б. аныкташкан.
Экологиялык тарбиялоо проблемалары кыргыз педагогика илиминде 20-кылымдын 90-жылдарынан баштап изилдене баштаган. Болочок мугалимдердин экологиялык-укуктук маданиятын калыптандыруунун теориялык-методикалык негиздери М.Ж. Чоров; табигый-илимий предметтердин негизинде экологиялык билим жана тарбияны ишке ашыруу А.О. Абдыкапарова, К.К. Аттокурова, М.Д. Бабаев, Темирбек уулу Ильичбек; кесиптик лицейлердин окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууну өркүндөтүү Г.С. Усенгазиева; кыргыз элдик педагогикасынын салттары жана тажрыйбалары аркылуу азыркы окуучуларды экологиялык тарбиялоонун теориялык жана практикалык маселелери башталгыч класстардын мисалдарында Ж.К. Аблабекова, Г.Ж. Байышова; кыргыз эл педагогикасынын прогрессивдүү идеялары жана тажрыйбалары аркылуу башталгыч класс окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо И. Даминова; мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде экологиялык тарбия берүүнү ишке ашыруу Г.У. Рыскулова ж.б. окумуштуулардын диссертациялык изилдөөлөрүндө чагылдырылган.
Мектеп окуучуларына экологиялык билим-тарбия берүүдө кыргыз адабиятынын ролу чоӊ. Адабият жаратылыш менен жөн гана тааныштырбастан, инсандын экологиялык аӊ-сезимин, жаратылыш дүйнөсүнө карата эмоционалдык мамилесин, адамдын жаратылыш менен болгон биримдигин, анын бүтүндүгү үчүн өзүнүн жоопкерчиликтүү экендигин туюуу жана сезүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Окумуштуулар А.А. Алимбеков, И. Даминова, А.Т. Калдыбаева, А.Ж. Муратов, С.К. Рысбаев ж.б. илимий изилдөөлөрүндө адабият аркылуу, өзгөчө элдик оозеки чыгармалар аркылуу экологиялык тарбия берүүнүн теориялык жана методикалык маселелерине кайрылышкан.
Учурда адабият сабагын окутуу процессинде экологиялык маданиятты калыптандыруу маселеси актуалдуу жана кошумча изилдөөлөргө муктаж. Анткени, буга чейин кыргыз адабият сабагынын экологиялык тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрү атайын педагогикалык изилдөөнүн объектиси катары жогорку класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу максатында системалуу түрдө илимий иликтөөгө алынган эмес.
Каралып жаткан маселеге байланыштуу философиялык, психологиялык-педагогикалык адабияттарды талдоо, диссертациялык, монографиялык материалдарды жана жалпы билим берүүчү мектептин тажрыйбасын изилдөө, башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда адабий окуу, мекен таануу сабактарынын тарбиялык мүмкүнчүлүгүнө көп көӊүл бурулбагандыгы төмөнкүдөй карама- каршылыктарды пайда кылды:
Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятынын калыптануусуна карата коомдо системалуу муктаждык болгондугу менен адабий окуу жана мекен таануу сабактарынын экологиялык тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн эсепке алыбагандыгынын ортосунда;
Адабий окуу сабагынын мугалимдеринин окуучулардын экологиялык маданиятты калыптандырууга карата позитивдүү ички багыты менен алардын экологиялык билим жана тарбия берүү маселелерин адабият аркылуу ишке ашыруу даярдыгынын жетишсиз экендиги.
Белгиленген карама-каршылыктар башталгыч класстын окуучуларын адабий окуу сабагы аркылуу экологиялык жактан тарбиялоодо али да болсо чечилбей келе жаткан илимий-педагогикалык проблеманын бар экендигинен кабар берет. Аталган проблеманы чечүү аракетибиз изилдөөнүн темасын «Башталгыч мектептин окуучуларын экологиялык тарбиялоонун илимий-педагогикалык негиздери (башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)» деп аныктоого түрткү болду.
Магистрдик диссертациянын темасынын илимий мекемелердин жүргүзгөн илимий-изилдөө иштери менен болгон байланышы. Магистрдик диссертациялык иш Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын үзгүлтүксүз экологиялык билим берүүсүнүн концепциясында» (2003-ж.) белгиленген милдеттерди чечүү максатында ОШМУнун педагогика кафедрасынын илим изилдөө ишинин планы менен байланышта аткарылды.
Изилдөөнүн максаты: башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын иштеп чыгуу жана анын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.
Изилдөөнүн объекти: башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык
маданиятын калыптандыруу процесси.
Изилдөөнүн предмети: башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу.
Изилдөөнүн методдору: адабий булактарды логико-методологиялык жактан иликтөө, мугалимдердин тажрыйбасын изилдөө жана жалпылоо, көркөм чыгармалардын тексттери жана адабий окуу боюнча окуу программаларын талдоо, байкоо, анкета жүргүзүү.
Изилдөөнүн милдеттери:
Окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруу
проблемасынын педагогикалык теориядагы жана практикадагы абалын, анын методологиялык негиздерин аныктоо.
1-4-класстардагы адабий окуу, мекен таануу сабагында окуучулардын
экологиялык маданиятын калыптандыруунун технологияларын, формаларын, методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу.
Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде экологиялык
билим берүү жана тарбиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын алдыӊкы мугалимдеринин тажрыйбаларын үйрөнүү жана жалпылоо.
4. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын аныктоо жана алардын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.
Изилдөөнүн эксперименталдык базасы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл булак айылынын №4 Коксал Топтан, №17 Абдусамат Масалиев, №5 Бабажан Айтматов атындагы орто мектептери жана №37 Молдо Нияз мектеп гимназия болду. Изилдөөгө 140 башталгыч класстын окуучусун жана орто мектептин Башталгыч класстардын 4 мугалимдери тартылды.
Магистрдик диссертациянын көлөмү жана түзүлүшү. Магистрдик диссертациялык иш изилдөөнүн илимий негизин камтыган киришүүдөн, эки главадан жана алардан пайда болгон корутундулардан, жалпы корутундудан, колдонулган адабияттардын тизмесинен (104 адабият), 2 тиркемеден турат. Жалпы көлөмү 119 бет.
I ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИНИН ТЕОРИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ
§1.1. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу проблемасынын тарыхы жана теориясынын изилдениши
Жыйырманчы кылым адамзат үчүн көптөгөн жетишкендиктерди жана аны менен бирге кыйынчылыктарды да алып келди. Жаратылыш ресурстарынын барган сайын азайып баратышы, илимий-техникалык прогресстин дүркүрөп өсүшү экологиялык проблеманы жаратты. Экологиялык кризис жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн азайып же кырылып жок болушуна гана алып келбестен, эӊ биринчи кезекте адамзаттын саламаттыгына, генофондуна да олуттуу зыянын тийгизип, жашоо-турмуш өз ара чырмалышта турган адам жана жаратылышты бирдей запкы тарттырууда.
Бул тууралуу окумуштуу-адабиятчы К. Ибраимов: «Интеллектуалдык- индустриялык прогресстин натыйжасында улам барган сайын биосфера булганып, табияттын адам баласынын жашоосу үчүн зарыл ресурстары (кычкылтек, таза суу, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү) кедерине кетип, киши менен жаратылыштын өз ара мамилелери курчууда. Арийне мындан адамзат өзү жаратылыштан кем эмес жабыр тартууда»-дейт [50,42-43-бб.].
Бүгүнкү күнү адамзаттын жашоосуна коркунуч жараткан факторлор катары төмөнкүлөр саналат:
Термо-ядролук ааламат коркунучу.
Адам жашап жаткан айлана-чөйрөнүн булганышы жана анын айынан биосферада пайда болуп жаткан зыяндуу заттар.
Экономикалык катастрофалар жана энергетикалык кризистер.
Калктын санынын кескин түрдө көбөйүп баратышы, б.а., демографиялык ташкын.
Табигый ресурстардын түгөнүп жатышы [50, 128-б.].
Жерге, өз үйүнө карата кантип адамзатты аяр мамиле кылууга үйрөтөбүз, кантип аларды жаратылыш менен бирдиктүү кылабыз? Окумуштуу-педагог, М.Ж. Чоровдун сөзү менен айтканда: «адамдын акыл- эси табиятка пландуу, рационалдуу жана камкор мамиле жасоого жете алар бекен?» [98, 106-б].
Эгерде, биз өсүп келе жаткан жаш муундарды жаӊыча ой-жүгүртүүгө үйрөтсөк катастрофадан кутулууга болот. Окумуштуу Н.Н. Моисеевдин пикири боюнча: «адам жаратылыштын мыйзам-ченемдүүлүктөрүнө ылайык жүрүм-турумунун көптөгөн альтернативдерин байкап, өз келечегин камсыз кылган тандоону кабыл алыш керек» [63, 351-б.].
Азыркы мезгилде адамзатты сактоо үчүн цивилизациялык өнүгүүнүн жаңы стратегиялары талап кылынат. В.С. Степин цивилизациялык өнүгүүнүн жаңы стратегияларын иштеп чыгууда эки ыкманы бөлүп көрсөткөн. Биринчиси, адамзатты сактоого жана анын жаратылыш чөйрөсү менен болгон мамилесинин тең салмактуулугун табууга багытталган. Ал жаңы этиканын идеялары менен байланыштуу. Анын негизги жоболору болуп жаратылышка карата жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, өсүмдүктөр жана жаныбарлар алдындагы артыкчылыктан баш тартуу эсептелинет. Себеби, адам - жаратылыштын бир бөлүгү. Экинчи ыкма - айлана-чөйрөнү ар дайым жаңыртууга багыт алган дүйнөнү өзгөртүүдөгү эски стратегия. Бул ыкма дүйнөгө кеңири таралган. Ошондуктан, негизги көйгөй чечилбей келет. Ал илимий-техникалык прогресстин тенденциялары менен экологиялык этиканы жана жаратылышка карата жаңы мамилени бириктирүү маселесин чечүүдө турат. Аталган көйгөйдүн бир тарабы - адамдын жаратылышка кийлигишүүсүнүн деңгээли. Бул адамдын жер бетинде жашоосунун бүтпөс суроолорунун бири.
Өткөн кылымдын 90-жылдарында экологиялык кризиске, анын технократтык түшүнүгү менен алыс болгон мезгилде эле Н.Ф. Федоров өзүнүн «Жалпы иштин философиясы» деген эмгегинде «Цивилизация калыбына келтирүүчү эмес, эксплуатациялоочу, тездетилген өлүмдөн бөлөк жыйынтыкка алып келбейт», - деп жазган [96, 34-б.].
Адамзат жаратылышка болгон зыянды азайтып, өз экспансиянын көлөмүн кичирейтиш үчүн жашоого болгон көз карашын өзгөртүүгө тийиш. Анда жашоонун жаңы баалуулуктарын, идеалдарды калыптандыруу керек. Адамдын дүйнөдөгү ээлеген орду, коомго, жаратылышка үстөмдүк кылган көз карашты кайра карап чыгуу зарылдыгы чыгат, б.а. биздин көз караш системабызга өзгөрүүлөр керек.
С.А. Степанов: «экология бул технология жана саясаттын көйгөйү гана эмес, ой-жүгүртүүнүн да көйгөйү. Адам - жаратылыш - коом мамилешүүсүндөгү экологиялык парадигма же ноосфералык, же коэволюциялык ыкма адам жашоосунун жаңы образын, жүрүм-турум этикасын (маданиятын), заманбап көз-карашынын негизин түзүү керек» экендигин белгилейт [88, 3-б.].
Экологиялык маданиятты калыптандыруу, заманбап цивилизацияны башкарууда экологиялык принциптерди иштеп чыгуу жана аны жашоого киргизүү коом алдындагы негизги милдет болуп саналат. 1970-жылдары узак мөөнөттүү өкмөттөр аралык «Адам жана биосфера» программасы активдүү иш-аракетин баштаган. Бул программа ЮНЕСКОнун иш планы боюнча жүргүзүлгөн жана өзүнө дүйнөлүк коомчулуктун деңгээлинде чечүүгө тийиш болгон экологиялык көйгөйлөрдү камтыган. Берилген программа XX кылымдын экинчи жарымындагы жаратылышты коргоо аймагындагы негизги тенденцияларды жакшы чагылдырат жана илимий билимдердин олуттуу, түздөн-түз чечүүнү талап кылган башкы көйгөйлөрүн көрсөтөт.
Л.П. Буева бул көйгөйлөрдү чечүүдөгү маанилүү каражаттар билим берүү, илим, искусство, маданият жана философия экендигин белгилейт. Бирок, бул үчүн алар өздөрү аксиологиялык багыт менен илимий-билим берүү иш-аракетинин предметтик мазмунун жакындатып, өз иш-аракетинин жыйынтыктарын баалоодо антропогуманисттик критерийлерди киргизип жана анын баалуулук негизине таңулабоо принцибин коюп, өзүнүн аң-сезиминде «өзгөрүүнүн сыноосунан» өтүү зарыл [97, 13-б.]. Баарынан мурда бул процесс коомдун аң-сезиминин өзгөрүүсүн жана «адам экологиясына» коомдун дене жана руханий ден-соолугуна карата маданияттын жана билим берүүнүн коргоо функцияларынын активдүүлүгүн божомолдойт. Себеби, окумуштуу-психолог К. Миңбаевдин айтуусу боюнча: «Аң-сезимдин мазмунунда адамдын чөйрөгө болгон сезими, эмоциясы орун алгандыктан, белгилүү бир иш-аракетке, адамга, кубулушка карата мамиле пайда болот. Ошол мамилеге карата анда активдүүлүк өкүм сүрүп, алдында турган максатты, ага тиешелүү болгон иш- аракетти түрдүүчө аткарат» [61,22-25-бб.].
Ф. Реймерс болуп жаткан процесстерди толугу менен түшүндүргөн мыйзамдардын системасын түзгөн. Тагыраак айтканда:
Социалдык-экологиялык тең салмактуулук эреже качан гана анын чөйрөгө болгон тең салмактуулугу жана ал чөйрө табигый же жасалма жол менен калыбына келүү мүмкүнчүлүгү сакталса, ошончолук коом өнүгөрүн белгилейт.
Өнүгүүнүн маданий башкаруу принциби экономикалык өнүгүүнү экологиялык чектөөлөр менен ооздуктоону билдирет жана коом, жаратылыш жана адам ортосундагы болуп жаткан өз ара аракеттешүүсүнүн терең процесстерин эске алуу менен өнүгүүнү башкаруу керектигин көрсөтөт.
Социалдык-экологиялык алмаштыруу эрежеси мүнөздүү болгон жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөчелүктөрү менен шартталган жана таасир эткен ар түрдүү ыкмалар менен адамдын социалдык-экологиялык муктаждыктарын өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ойду камтыйт.
Тарыхый социалдык-экологиялык калыбына келбестик мыйзамы коомдун өнүгүү процессинин тарыхый калыбына келбестиги жөнүндө ойду камтыйт.
Бешинчи мыйзам катарында, Вернадскийдин, биосфера сөзсүз түрдө «адам-жаратылыш» системасынын өнүгүүсүндөндө адам акылы басымдуу ролду ойногон ноосферага өтүүгө ылайык болгон мыйзамды келтирилет [94, 11-б].
Экологиялык кризистин алдын алуу биздин коомдун эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири. Азыркы кезде экологиялык маселелерге арналган КРнын төмөндөгүдөй мыйзамдары кабыл алынган: «Кыргыз Республикасынын элинин ден-соолугун коргоо жөнүндө» (1992) [73]; «Айлана чөйрөнү коргоо боюнча» (1999) [75]; «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» (1999) [71]; «Кыргыз Республикасынын калктын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» (1999) [15]; «Кыргыз Республикасынын биосфералык территориясы жөнүндө» (1999) [70]; «өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» (2001) [74]; «Ак илбирстин тукумун сактоо» ж.б. Ал эми 2007-жылы Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясы жөнүндө президенттин указы чыккан [72]. Бирок ошого карабастан ар кандай экологиялык маселелер күч алууда.
Бул маселенин курчушунун бир канча себептерин айтууга болот. Анын бири - цивилизациянын өнүгүүсүнүн стихиялуулугу жана адам иш-аракетинин масштабынын кеңейиши. Адамдын стихиялык жана көзөмөлдөнбөгөн иш-аракети мааниси жагынан маданиятка каршы болуп эсептелинет. Ал гумандуу эмес, механикалык мүнөзгө ээ, себеби анын өнүгүшү материалдык жана техникалык факторлор менен аныкталат. Экологиялык көйгөйлөрдүн ар кандай аспектилерин изилдешкен А.М. Мамытов, А.Т. Токтосунов, К.К. Касиев, А.М. Мурсалиев, Б.М. Дженбаев, Э.Дж. Шүкүров, Б.А. Токторалиев, М.Ж. Чоров, А. Байбосунов, Б. Алышбаев, С. Кадыркулова, Б.К. Кулназаров ж.б. окумуштуулардын көпчүлүгү бардык экологиялык маселелдердин маңызы өздүк таасирди жаратылыштын мүмкүнчүлүктөрү менен салыштырууга жеткирүүдө турат дешет.
Н.Н. Моисеевдин ою боюнча алардын ортосундагы келишпестиктерди жеңүү эки жол менен жүрүү керек:
Коомду максаттуу багытта тарбиялоо жана анын адептик-этикалык фундаментин кайра куруу.
Өндүрүүчү күчтүн мүнөзүн чектөө [63, 308-б.].
Азыркы мезгилде коом өз жүрүм-турумун, иш-аракетин жана жөндөмдөрүн активдүү түрдө өнүктүргөн, өзүн башкара алган адамдарга муктаждыгын сезип жатат. Мындай сапаттарды калыптандыруу адамдардын экологиялык маданият приоритет болгон жашоо образына багытталуусу менен гана мүмкүн.
Инсандын жаратылышты улуу баалуулук катары, бүткүл адамзаттын жана анын ар бир өкүлүнүн жашоосунун жалпы шарты катары түшүнүүсү экологиялык маданиятты билдирет. Экологиялык маданиятты калыптандыруу төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылынат:
экологиялык билимдерди өздөштүрүү;
атайын шарттарды түзүү менен аксиологиялык мамилени, көз караштарды жана жаратылышка карата жүрүм-турумду калыптандыруу аркылуу окуучуларынын аң-сезимин кайра куруу;
окуучулардын жаратылышты изилдөө, коргоо жана жакшыртууга жасаган аракеттери менен байланышкан максаттуу ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча иш алып баруу;
окуучулардын жаратылыш менен байланышынын педагогикалык жактан максаттуу, системалуу уюштурулушу.
Чындыгында, экологиялык маданияттын тарыхый башаты дүйнөнү экологиялык катастрофанын чегине алып келген маданиятка карама-каршы чыгуусунда турат. Адамзат цивилизациясынын пайда болушу менен жандуу жаратылыштын тагдырына таасир эткен жаңы факторлор пайда болду. Ал XX кылымда, айрыкча акыркы убакытта зор күчкө жетти.
Улуу жазуучу Ч. Айтматов: «жаңы нерсе албетте кубандырат... Жалпысынан бул жакшы, бирок жоготуулар да болуп жатат, адамдарда мээримдүүлүк, боорукерлик, жапакечтик сыяктуу касиеттер азайып баратат»-деп жазат [4, 323-б.] Заманбап цивилизация өткөндүн терс тенденцияларын гана жойбостон, ага кошуп адамдын жашоосу үчүн анын баалуулугун төмөндөткөн коркунучтун өтө курч формаларын жаратты. А. Нейфах адамдын интеллектуалдык жана адептик маданиятынын өнүгүшүндөгү чоң карама- каршылыкты белгилейт [69].
Учурда коом жана жаратылыштын мамилесин өзгөртүүгө болгон аракет колдон келгис кыйынчылыктарга туш болду. Адамзат табият кенин жана энергияны колдонуп жашоо керектөөсүнөн баш тарта албайт. Өзүнүн максаттуу багыттагы иш-аракети менен адам жаратылыштын жүзүн бир кыйла өзгөрттү. Мындай терс көрүнүштөрдү алыска барбай эле өзүбүздүн өлкөбүздөн карасак эле жетиштүү болот. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алганга чейин уран жана башка байлыктарды иштетүүдөн улам республикабыздагы миңдеген гектардан ашык жерлер радиоактивүү заттар менен булганган. Алар көбүнчө көчкү жүрүү, сел алуу коркунучтары бар аймактарда турат. Мисалы, Кажы-Сай, Кара-Балта, Майлуу-Суу, Сумсар, Хайдаркан ж.б. ушу сыяктуу бир катар элдүү пункттар. Аталган радиоактивдүү ж.б. зыяндуу калдык заттарды сактап турган жайлардын бүгүнкү абалдары талапка жооп бербейт. Окумуштуулардын маалыматы боюнча реакторлор иштеп чыгарган калдыктардын айрымдары жарым кылымдан кийин да өз радиоактивдүүлүгүн жоготпойт. «Тилекке каршы мындай радиоактивдүү калдыктарды залалсыздандырып жок кылуунун же коркунучсуз сактоонун ишенимдүү технологиясы алиге чейин табыла элек», - дейт П. Дуйшебаев [42, 56-б.].
Кен өндүрүү максатында Кумтөрдөгү жардыруудан ага жакын жайгашкан Петров, Давыдов мөңгүлөрүндө жарака кетип, анын кесепетинен калдыктарды сактоочу жайдын үстүндөгү Петров көлү ташып кетүү коркунучун жаратып жатканын басма сөз беттеринде жазып жатышат.
Эгерде көл ташкындаса Кумтөрдүн калдык сактоочу жайынын бир бөлүгүн
алып кетиши мүмкүн. Бул чоң экологиялык кырсыкка алып келиши ыктымал. Бул сыяктуу маселелерди санап отурсак четинен табылат.
Капитализм жаратылышка жүргүзгөн жеңиштери менен мас болгон мезгилде Ф. Энгельстин төмөнкү олуялык сөздөрү жаңырган: «Жаратылыш үстүндөгү биздин жеңиштерибизге көп азгырылбайлы. Ар бир ушундай жеңишибиз үчүн ал бизден өч алып жатат. Ар бир ушундай жеңиш биринчи кезекте биз күткөн натыйжаларга ээ, бирок экинчи жана үчүнчү кезекте көп мезгилде биринчинин маңызын талкалаган такыр башка, күтүлбөгөн натыйжаларды алып келет» [60, 495-б.].
Экологиялык маданияттын калыптануу процессинин жалпы мазмунун аныктоо «маданият» түшүнүгүнүн өзүн кароону талап кылат.
Б. Аманалиев түзгөн философиялык терминдердин кыскача сөздүгүндө: «маданият - коомдук-тарыхый практиканын процессинде адамзат түзгөн материалдык, рухий байлыктардын жыйындысы» - деп берилген [7, 54-б.]. Ал эми В.С. Степиндин аныктоосу боюнча: «Маданият бул социалдык жашоонун бардык жактан калыбына келүүсүн жана өзгөрүүсүн камсыз кылган адамзат тиричилигинин (иш-аракетинин, жүрүм- турумунун, баарлашуусунун) тарыхый өнүгүп жаткан биология үстүндөгү программалардын системасы» [90, 61-б.]. Демек, түпкү мааниси латын тилинен келген «cult» - «культура» түшүнүгү коомдук эрежелерди, адептик нормаларды өзүнө кабыл алган, сактаган, тарбиялуу, билими терең адамды билдирет.
Адегенде «маданият» термини адамдын жерди иштетүүсүн түшүндүргөн. Ал эми жалпы маанисинде байыркы Рим оратору жана философ Цицерон тарабынан колдонулган. Ал окутуу жана тарбия берүү процессинде адамзат акылын өнүктүрүүнү түшүнгөн. Андан кийин «маданият» түшүнүгү адам тарабынан бардык жараткан нерселерине тараган. Жалпы философиялык ыкмада маданият материалдык жана руханий эмгектин натыйжасында, социалдык нормалар жана түзүлүштөр системасында, ошондой эле адамдардын жаратылышка жана өзүнө карата өз ара мамилешүүсүнүн жыйындысында көрсөтүлгөн адам жашоо-тиричилигинин өнүгүүсү жана уюштуруунун өзгөчө ыкмасы катары түшүндүрүлөт. Маданият дүйнөсү - анын адамга болгон мамилесинен алынган материалдык жана руханий баалуулуктар дүйнөсү. Ал адамдын өнүгүү деңгээлин коомдук жандык катары чагылдырат. Биз В.Д. Лихачевдун: «жандуу маданият тизме, каталог, жазуулар менен эле бутүшү мүмкүн эмес. Ал айлана-чөйрө үчүн чындап зыяндуу болгон көндүмдөр жана салттардан тышкары өз жыйындысында белгилүү баалуулукту жана бүтүндүктү камтыйт», - деген ою менен толук түрдө макулбуз [58, 635-б.].
кылымдан тартып «маданият» термини илимий чөйрөдө кеңири колдонула баштаган. Ал адамды жаныбарлардан айырмалаган адамзат коомунун жашоосунун маанилүү аспектиси катары карала баштаган. Маданият маселесин иштеп чыгууда бир нече багыттар пайда болгон. Алардын бири (француз агартуучулары) маданиятты адамдын алгачкы варварчылыгына каршы турган жашоонун акыл-эстүү формасы жана адам акыл-эсинин өнүгүү процесси катары караган. Башка багыты (немец классикалык идеализми) Гегель, Кант, Фихте, Шеллинг; немец Агартуусу (Гердер, Лессинг) маданият деп - адамзат прогрессин камсыз кылган моралдык, эстетикалык, диний, философиялык, илимий, саясий, укуктук аң- сезимдин эволюциясын - адамзат рухунун тарыхый өнүгүүсүн түшүндүрөт.
кылымдын аягынан - XX кылымдын башына чейинки чекте маданият маселесин изилдөөдө антропологиянын, этнологиянын, семиотика, система теориясынын, маалымат теориясынын (Барт, Леви-Стросс, Фуконун структуралык антропологиясы жана структурадизми; Боас, Кребер, Рэдфилд, Тейлор - маданий антропология; Малиновский, Мертон, Парсонс, Радклифф- Браун - социалдык антропология жана структуралык функционализм ж.б.) жетишкендиктери активдүү колдонула баштаган.
Маданиятты изилдөөдө ата-мекендик окумуштуу-педагогдорубуз А. Акматалиев, Б. Апышев, Н.А. Асипова, Т. Ормонов, М.Ж. Чоров ж.б. эмгектери да зор.
Жогорудагыдай маданият түшүнүгүнө берилген аныктаманы экология менен байланыштырууда, экологиялык маданият бул адамдын айланасындагы дүйнөгө болгон мамилесинин жогорку деңгээли, анын экологиялык аң-сезиминин жогорку өнүгүшү деп аныктоого болот.
«Экологиялык маданият», «экологиялык билим берүү», «экологиялык тарбия» түшүнүктрүнүн мазмунун аныктоо жөнүндө суроо, азыркы мезгилде да талаш-тартыш маселесин жаратууда. Азыркы педагогикалык адабияттарда экологиялык маданияттын бирдиктүү аныктамасы түзүлгөн эмес.
Л.И. Грехова инсандын экологиялык маданияты экологиялык жана жалпы тарбия берүү процессинде калыптанаарын бекемдейт жана ал процесстин эффективдүүлүгү түздөн-түз анын үзгүлтүксүздүгүнө көз каранды экендигин айтат. «Ошондо гана экологиялык маданияттын иштиктүү өнүгүүсүн, экологиялык билимдин бийиктешин, жаратылыш менен баарлашууда компетенттүүлүктуүн жогорулашын, жаратылышта, айрыкча өзү жашаган аймакта жогорку адептүүлүк жүрүм-турумдун жана жоопкерчиликтүү жарандык мамиленин өнүгүшүн күтсө болот»-дейт [33, 16-б.]. Б.Г.Иоганзен экологиялык маданиятты тарбиялоону экологиялык ой жүгүртүүнүн жана аң-сезимдин белгилүү бир системасынын негизги звенолорунун бири катары карайт [53]. И.Т.Суравегинанын ою боюнча экологиялык маданият экологиялык билимдердин, адамдын курчап турган табиятка карата оң мамилесинин жана анын чыныгы ишмердүүлүгүн динамикалык биримдиги [49]. Ушуну менен бирге коомдун экологиялык маданиятынын өнүгүүсү окумуштуулар Э. Мамбетакунов, М.Ж. Чоров, К.К. Аттокурова, М.Д. Бабаев, Г.У. Рыскулова, И. Даминова, Ж. Аблабекова ж.б. көз карашы боюнча экологиялык билим берүү, тарбия жана маалыматташтыруу системасы аркылуу ишке ашууга тийиш. Биз экологиялык маданиятты бул экологиялык билимдердин жана тарбия берүүнүн негизинде ишке ашкан адам жана жаратылыш мамилелерин мүнөздөгөн улуттук, жалпы адамзаттык баалуулуктар системасы жана жаратылыш ресурстарын иштетүүдө коомдун адам алдында, адамдын коом алдында жоопкерчилигинин деңгээли деп айта алабыз.
Экологиялык тарбия - бул экологиялык маданияттын бөлүмү, адамдардын сезимине, аң-сезимине, көз карашына жана түшүнүктөрүнө таасир этүү аркылуу айлана-чөйрөгө карата аң-сезимдүү жана адептик мамиле деңгээлин үзгүлтүксүз, системалуу жана максаттуу багытта жогорулатуу процесси. Ал инсандын экологиялык маданияттын калыптануусунун фундаменти болуп эсептелинет.
Экологиялык билим берүү - жарандарда «адам - коом - жаратылыш» системасында өз ара аракеттешүүнү, экологиялык маданиятты калыптандыруу максатында окутуунун жана тарбия берүүнүн максаттуу багыттагы үзгүлтүксүз жана комплекстүү процесси. Бул термин 1970-жылы жаратылышты коргоо боюнча эл аралык бирикме уюштурган конференцияда киргизилген.
Анын мазмунун иштеп чыгууга биринчилерден болуп Я.И. Габаев, Б.Г. Иоганзен, И.Н. Пономорева ж.б. көңүл бурушкан. Ал эми экологиялык маданияттын калыптануу концепциясы Б.Т. Лихачев, Н.С. Дежникова, И.В. Цветкова ж.б. окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан. Алар экологиялык маданият астында атайын билимдер системасын жана жаратылышка багытталган иш-аракеттердин ыкмаларын өздөштүрүүнү түшүнүшкөн. Мындай маданият айлана-чөйрөнүн абалы үчүн жоопкерчиликтүү сезимде жана эмоционалдык боорукердикте, жаратылыш менен үндөштүктө, укуктук мыйзамдарды бекем тутуп жашоого умтулууда түзүлөт. Бүгүн экологиялык билимдин аныкталган көлөмгө ээ болуусу жетиштүү эмес, этико-экологиялык позиция жана ага ылайык адамдын иш-аракети керек.
Экологиялык этика - бул ички талашсыз адептик принциптерге негизделген
адамга, анын чарбачылык иш-аракеттерине жана жаратылышка карата окуу. Ф.Т. Михайлов: «билим берүү мейкиндиги - бул чыныгы идеалдуу маданият мейкиндиги жана максаты: мейкиндиктеги жана мезгилдеги коргоо, трансляция жана маданиятты жакшыртууну» - деп белгилейт. Анын ою боюнча билим берүү процессинин бардык субъекттеринин аракетинин предмети болуп: «билим, ык жана көндүм - триадасы эмес, мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин, башкаруучулардын жана билим берүү мейкиндигине кандай болсо да тиешеси барлардын чыгармачылык шыктары жана маданий муктаждыктары» кызмат кылат [97]. Билим берүү индивидди агартууга эмес, маданиятты өнүктүрүү, анда адам жана дүйнө образын калыптандыруу, аң-сезимди жогорулатуу механизмин ишке ашырууга тийиш.
Коомдун жаратылыш менен болгон өз ара аракеттешүүсү маданияттын заманбап тарыхынын маанилүү бөлүмүн камтыйт. Бүгүнкү күндө аң- сезимдин жаңы тиби - экологиялык аң-сезимдин деңгээлин жогорулатуу зарыл.
Ж.К. Аблабекованын айтуусу боюнча: «экологиялык аң-сезимсиз коом жашап кете албайт. Ушул аң-сезим илимдин, техниканын жана өндүрүштүн бардык тармактарында орун алып, аны адамзаттын жок болуп кетүүсүнө эмес, тетирисинче, жашап кетишине шарт түзө турган мааниде өзгөртүү керек» [1, 36-б.]. Экологиялык аң-сезим - коомдук жана жекече аң-сезимдин бөлүгү, адамдын жаратылыш менен болгон өз ара аракеттешүүсүндө билимдердин, ынанымдардын жана көндүмдөрдүн жыйындысы. Бул ойдун ыкмасын колдонуу баалуулук жана методологиялык багыттардын өзгөчө жыйындысын иштеп чыгууга, адам жана жаратылыш мамилешүүсүндө тиешелүү көйгөйлөргө башкача кароого, адамдын жаратылыштагы ордун аныктоого, теориялык анализдин бирдиктерин жана жаңы түшүнүк каражаттарын жаратууга мүмкүндүк берет.
Экологиялык аң-сезим төмөнкүнү түшүндүрөт:
«экологиялык мыйзамдар жана эрежелердин маңызын түшүнүү;
«коом - жаратылыш» системасындагы карама-каршылыктардын себебин социалдык мыйзам ченемдүүлүктөрдүн табигый мыйзамдарына ылайык келбегендей түшүнүү;
глобалдуу экокатастрофа жана локалдык экокризис коркунучун түшүнүү; экологиялык императивге туура келген максаттуу багыттагы иш-аракеттин ыкмасын моралдык жактан тандоо;
өзүнө жана айлана-чөйрөгө карата мамилени өзүнүн бир бөлүгүндөй түшүнүү жана өзүн таанып-билүү;
«Мен-Эго» эмес, «Мен-Эко»нун орношу. Жаратылышты өзүндөй коргоо: адам эмес, бардык нерсенин өлчөмү жаратылыш» [33, 57-б.].
Алгач экологиялык маданияттын калыптануусу стихиялуу түрдө жүргөн. Бирок, тарыхка көңүл буруу менен талдоо жүргүзсөк аң-сезимдүү башталыштын акырындап өнүгүп жатканын байкоого болот. А.Е. Чучин- Русовдун ою боюнча: «1970-жылдары маданий тарыхтын кылымдар ортосундагы өтмө – жаңы маданий ландшафты калыптанып баштады. Маданий-цивилизациялык кризистин туу чокусунда түзүлүп жаткан экология тууралуу системалык түшүнүктөр XX кылымдын ортосунда менталитеттин ойго келбеген кыймылына алып келди» [99, - 24-б.].
Жаңы цивилизациялык ойдун негизги мазмуну өзүнүн маданий- тарыхый варианттарында маданий тарыхтын миңдеген жылдары үстөмдүк кылып келген. «Жаңы нерсе жакшылап унутулган эски нерсе», - деп айтылгандай, жаңыча көз-карашта ой жүгүрткөн адамга теориялык жана практикалык база боло турган илимий, маданий агымдар антропоцентристтик көз-караштарга катарлаш илгертен бери эле жашап келет.
Окумуштуу Г.Ж. Байышова: «Адам менен жаратылыш маселеси тээ атам замандан бери эле прогрессивдүү ой-жүгүрткөн акылмандардын, акындардын тынчын алып, сарсанаага салып келген. Алар жаратылыштын, жер эненин улуулугун даңазалап, жаратылыш байлыктарына чарбачылык менен мамиле жасоонун зарылчылыгы, адамдын өзүн курчап турган дүйнөнүн алдындагы милдети жөнүндө ойлорун, көз-караштарын чыгармалары аркылуу билдиришкен» - дейт [16, 76-б.].
Биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу, аларга гумандуу мамиле
кылуу жөнүндө байыркы ой «Алтын кылым» жана Бейиштин багы сыяктуу мифтерде, Библиядагы «Исаинин китебинде», Ямбулдун саякаты (б.з.ч. II к.) жөнүндөгү фантастикалык романда ж.б. мифтерде, уламыш, легендаларда сакталып калган. Коомдун өнүгүүсүнүн алгачкы баскычтарында ар кайсы уруулар өзүнүн келип чыгышын жаныбарлар жана канаттуулар менен байланыштырышкан да, аларды тотем катары эсептеп, коргошкон. Өздөрүн алардан эч качан бөлүп караган эмес, миңдеген жылдар бою жашоо тиричиликти камсыз кылуучу, салыштырмалуу туруктуу тең-салмактуу карым-катнаш түзүлгөн. Ага мисал катары «Кожожаш» эпосун эле алсак жетиштүү. Мындай түшүнүктүн издери биздин убакка чейин сакталып келет.
Ушуга байланыштуу Ч. Айтматов: « ... айланадагы дүйнөнүн ажайып байлыгы менен сулуулугун сактоого далбас уруп ушул түбөлүктүү проблема тууралуу баш катырып ойлонот тура! Маселенин канчалык маанилүү болгонун ушундан бил, ошо алмустакта эле адамдар аны драма жана трагедия формасына салыштырып, ал аркылуу өз уят-сыйытын, жаратылышка жасаган мамилелерин жекече алып айыптоону туура табышыптыр», - деп белгилейт [3, 196-б].
Байыркы Грециянын философу Гераклит: «Акылмандык жаратылышты угуп, ага жараша мамиле кылууда жана чындыкты айтууда» - деп жаратылыш менен гармонияда жашоого, ага карата туура мамиле кылууга, алардын укуктарын сыйлоого чакырган. Ошондой эле буга Овидийдин «Метаморфозаларын» жана Плутархтын «Салыштырмалуу жашоо жазууларын» эстесек жетиштүү болот [99, 25-б.]. Өз кезегинде Плутарх «Силер арстандарды, жолборсторду жана жыландарды жырткыч дегениңер менен өзүнөр варварлык жактан алардан кем калбайсыңар. Алар үчүн өлтүрүү жашоо үчүн жалгыз азык, ал эми силер үчүн чектен чыккан жасоокерлик жана кылмыш» - деп жаныбарларга зыян келтиргенге абдан каршы чыккан [78, 262-б.].
Аристотель берилген жана кызыккан натуралист болуп, жаратылышты сүйүү менен, адамдын ага болгон мамилесин түшүнүү менен, аларды философиялык корутундулардын деңгээлине чыгаруу менен билим берүүнүн жаратылышка ылайыктуу негиздерин салган [56, 40-б.]. Ал 500дөн ашык жаныбарлардын түрлөрүн кагаз бетине түшүрүп, алардын пайда болуусун, таралышын, тиричилик аракеттерин, касиеттерин баяндаган [68, - 7-б.].
Ошентип, экологиялык аң-сезим жана жалпы маданияттык системалык ой-жүгүртүү коомдук өнүгүүнүн бардык этабына таандык болгон. Мына ошол адамзат тарыхынын бүтүндөй алкагында жаратылышты коргоо үчүн биринчиден адам өзүн-өзү тарбиялоо керектигин билдирген. Бул боюнча жазуучу Ч. Айтматов «Граждандык авиация» журналынын коресспондентине берген интервьюсунда мындай деген оюн билдирген: «адам адамзат тарыхынын аралыгында жаратылышты өзүнөн коргоого аракет кылып келет» [41, 40-41 б.].
Азыркы адамзат жалпы планетанын жашоо тиричилигине таасир кыла баштады, бирок адам дагы деле өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү өз ордун жана өзүнүн жаңы ролун түшүнө элек. Учурдун негизги көйгөйү адамдын өзүндө андан тышкары эмес, - деп эсептейт А. Печчеи. Заманбап адам илим менен техника учурдагы замандын бардык карама-каршылыктарын чече алат деп дагы деле аларга сокур ишенимде жүрүшөт. Бирок, илимий-техникалык прогресс эң биринчи мегилде башка себептер менен келген адамзат кризисин жоюуга алып келбейт. Себеби, азыркы адам баласы анын жаңы ролунан келип чыккан жоопкерчиликти өзүнө кабыл ала албайт. Адамдын керектүү сапаттарын тарбиялоо - мына ушул жаңы милдет [77].
Билим берүүнү адамга ага тарбия берүүгө жана өнүктүрүүгө багыттоо жашоо өзү белгилеген маанилүү милдет болуп эсептелинет. Педагогикадагы аксиологиялык ыкманы колдонуунун натыйжасы болгон гумандаштыруу идеясы философиялык, антропологиялык, социалдык жана саясий мааниге ээ. Себеби, ага адамдын цивилизациясынын өнүгүүсүн токтотууга же түрткү берүүгө мүмкүн болгон коомдук кыймыл-аракет стратегиясы көз каранды.
Учурдагы абалда олуттуу маселеге айланган тарбия берүү системасынын кризиси коомдук түзүлгөн бардык системаларын кайра карап чыгууну жана «жыйырма биринчи кылымдын адамына кандай тарбия берүү керек?», - деген суроого жоопту талап кылат.
Окуучуларда демократиялык коомдун негизги баалуулуктары: жакшылык, коомдук жоопкерчилик, эркиндик, теңдик, адилеттүүлүк жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандыруу билим берүүнүн маанилүү милдети болуп эсептелинет. Жакшылык, чындык, сулуулук сыяктуу жашоо жалпы адамзат баалуулугу катары ушундай тарбиялык-билим берүү системасын түзүү үчүн негиз катарында чыгышы мүмкүн. Жашоонун маңызы, тиричиликтин баалуулугу экологиялык маданияттын негизинде жатат. Ал эми аны калыптандыруу тарбия берүүнүн эң башкы максатынын бири.
А.Г. Горшковдун ою боюнча: «педагогикалык иш-аракеттин талылуу жери ден-соолукка, өзүн-өзү жетилтүүгө, жашоонун экологиялык таза формасына карата мотивациялык-баалуулук мамилени калыптандыруу. Кыязы, заманбап адамдын ден-соолук үчүн күрөшүү - бул экологиялык абалды өзгөртүү аракети гана эмес го. Ал эми сергек жашоо адамдардын жүрүм-турумун, адатын жана багытын терең өзгөртүүсүз мүмкүн эмес», - деп эсептейт. Биздин көз карашыбыз адамдын аң-сезимин экологиялык императивге, анын катуу мыйзамдарына багындыруу зарыл деген пикирине толук түрдө дал келет [32, 12-б.].
Ал эми окумуштуу П. Дуйшебаевдин пикири боюнча коомдук аң-сезимде мындай парадигманы калыптандырууда адабияттын ролу чоң. Ал: «... адабият коомдук аң-сезимдин динамикалуу формасы катарында өткөндөгүлөрдү, учурдагыларды гана адекваттуу трансформациялоо менен чектелбестен, өзүнүн мыкты үлгүлөрү аркылуу көп учурларда келечектин, эртеңкинин моралын, этикасын экстраполяциялап турат» - дейт [42, 89-б.].
Дал ошол көркөм адабият инсандын эмоционалдык чөйрөсүнө таасир кылуу менен анын жаратылышка болгон мамилесин адеп-ахлактык баалуулук катары түзүүгө мүмкүндүк берери, инсандын экологиялык маданиятынын негизи болорун божомол кылсак болот.
§1.2. Башталгыч класстагы адабият - окуучулардын жаратылышка карата эмоционалдык-баалуулук мамилесин калыптандыруунун каражаты
Биздин оюбузча, жаратылышты коргоо иш-аракетинин маанилүүлүгүн өздүк муктаждык катары сезүү процессинин ишке ашуусу заманбап дидактикалык шарттарда абдан татаал түрдө өтүүдө. Анткени, окумуштуу С. Рысбаевдин айтуусу боюнча: «табиятты сүйүү - атайын даярдануучу кесип же адистик эмес, ал адамдын жан дүйнөсүнүн гумандуу табиятынын калыптанышы» [83, 285-б.].
Гумандуулук - бул адамдын ар дайым айлана-чөйрөгө карата кайрымдуулук мамилесинин натыйжасы, ал инсандын багытталышынын эң негизги белгилери болгон психологиялык түшүнүк катары каралат.
Окуучулар үчүн мындай иш-аракетти адабият сабагы маанилүүлүккө жана муктаждыкка айландырууга жардам бере алат. Себеби, «адабият адам кеңүлүн жибитип, дайым жамандыкка каршы күрөшкөн, жакшылыкты укмуштуу куу кайрыктарына салып даңазалаган өзүнчө бир кең дөйнө» [66, 68-б.].
«Адам жана жаратылыш» тууралуу көркөм адабият жаратылыш менен жөн гана тааныштырбастан ошондой эле аны сезүү, жаратылыш дүйнөсүнө эмоционалдык жактан берилүү, жаратылыш менен болгон бүтүндүгүн, анын аман-эсендиги үчүн өзүнүн жоопкерчилигин сезүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Бул жөнүндө белгилүү окумуштуу-адабиятчы И. Исамидиновдун мындай айтканы бар:«Адабият өзүнүн образдык-эмоционалдык жаратылышынын аркасында коомдун адеп-ахлак идеяларын, бийик гуманисттик жана рухий асыл нарктарын окуучулардын сезим-туюму, эмоциясы, психологиясы, жүрөгү аркылуу алып өтүп, анын аң-сезимине, рухуна бекем сиңире билүүгө жөндөмдүүлүгү менен тарбия курамында башка каражаттарга, предметтерге Караганда кыйла артыкчылыктарга ээ [54, 90-б.].
Чындыгында көркөм адабиятта адам жана жаратылыш маселеси кеңири
берилген. Бул жагынан алганда адам жана жаратылыш темасы боюнча дүйнөлүк адабиятта М. Горький, С. Залыгин, А. Куприн, Дж. Лондон, К. Паустовский, Л.Н. Толстой ж.б. көптөгөн жазуучулардын чыгармалары жаралган. Кыргыз классикалык адабияттын керунуктуу өкүлдөрү М. Абакиров, Ш. Абдраманов, Ч. Айтматов, К. Жусупов, И. Масуров, Т. Сыдыкбеков, С. Эралиев ж.блар да адам жана жаратылыш проблемасы, пейзаждык сүрөттөөлөргө кайрылып, аларды кеңири баяндоого алган.
Окумуштуу П. Дуйшебаев «Ч. Айтматовдун экологиялык этикасы» китебинде: «Адабияттын тарыхына кайрылсак дээрлик бардык элдердин фольклордук оозеки чыгармаларында, легендаларында жана мифтеринде, байыркы Грециянын акындарынын, жазуучу философторунун чыгармаларында, Кытайдын, Индиянын, Египеттин маданий эстеликтеринде адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелер кеңири чагылдырылып келгендигин көрөбүз. К. Маркстын сөзүн кыскартып айтканда, коомдун тарыхы - бул жаратылыштын тарыхы. Ал эми жаратылыштын тарыхы - бул коомдун тарыхы. Бул эки түшүнүктү биринен экинчисин бөлүп кароого болбойт. Коомдо саясий, социалдык-экономикалык кескин өзгөрүүлөр жасалганда экологиялык мамилелердин да интенсивдүүлүгү артып, ал адабияттын, искусствонун өнүгүшүнө түрткү болот. ... маанилүү этаптарда ошол мезгилдин экологиялык мамилелери жөнүндө өзүнчө адабий агымдар пайда болуп, жүздөгөн, миңдеген көркөм чыгармалар жаралган» - дейт [42, 67-б.].
Мындан аталган проблеманы чагылдырууда жазуучулар турмуш чындыгын эстетикалык таанып-билүүчүлүк жол жоболоруна ылайык адам менен жаратылыштын жана коомдук турмуштун ар түрдүү маселелеринин ортосундагы байланыштарды изилдеп таап, чыгамачылыгындагы баяндалган иш-аракеттер, окуялар аркылуу ачып берет деп айта алабыз. Демек, адабияттагы мындай рухий экологиялык кенч казыналар учурда башталгыч класстагы окуучулардын жаратылышка карата заманбап көз карашын, маданиятын калыптандыруунун зор булагы боло алат жана алардын рухий энчисине айлануусу шарт. XX кылымдын башында жаратылыш жана адам мамилесин түшүнүүгө арналган иштер орус көркөм адабиятында пайда боло баштаган. 1910-жылы Варшав университетинин профессору, орус жана белорус адабиятынын тарыхчысы И.И. Замотин (1873 - 1942) биринчи жолу көркөм адабиятта жаратылыш сезимин түшүнүүгө көңүл бурган. Изилдөөчү көркөм чыгармаларды талдоодо жаратылыш сезимин каармандардын мүнөзүнүн куралы катары карайт [46].
1991-жылы адабият тарыхчысы жана мектеп китептеринин автору В.Ф. Саводниктин (1874-1940) «Пушкиндин, Лермонтовдун жана Тютчевдин поэзиясындагы жаратылыш сезими» монографиясы жарыкка чыгат. Бул иште биринчи жолу улуттук колорит жана тарыхый езгергучтук гана эмес, ошондой эле жаратылыш сезиминин өз алдынчалыгы анын адамдын эстетикалык эмоциялары менен болгон байланышы белгиленген. Анда: «... жаратылыш сезиминин көрүнүш формалары өтө эле ар түрдуүүгү менен адамдын темпераментине, мүнөзүнө жана көз караштын жалпы түзүлүшүнө, басымдуулук кылган кызыкчылыктарына, жашоо шартына, тарбиясына ж.б. жараша түрүн өзгөртүү менен айырмаланат»-деп айтылат [48, 47-б.]. Дал ушул касиеттер жаратылышка карата көз карашынын чагылуусу аркылуу жазуучунун өзүнчө чыгармачылык жекечелигинин өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Теманы изилдөөдө көрүнүктүү бурулуш XX кылымдын 80-жылдарында болгон. Г.А. Белый: «Адам жана жаратылыш» антиномиясы заманбап адабият көйгөйүндө негизги орунду ээледи» - деп туура байкаган [46, 123-б].
Окумуштуу-адабиятчы А. Муратов ошол жылдарда, б.а. XX кылымдын 70-80-жылдарында советтик жазуучулар экологиялык көйгөйлөрдү камтыган бир нече чыгармаларын жазып чыгышкандыгын белгилейт. Мисалы: «В. Распутиндин Байкал көлү жана Сибирь дарыяларынын экологиясы жөнүндө ойлору, Д. Граниндин Чернобыль трагедиясы жөнүндө күйүп-бышып жазгандары, В. Беловдун дыйкандарга мүмкүнчүлүк берип, жерди сактоо жөнүндө басма беттерине айткан пикирлери, В. Астафьев, Ю. Черниченко, Ф. Абрамовдун орус жеринин кара топурактуу зонасынын проблемалары, кароосуз калган айыл-кыштактардын келечексиз деп ташталып коюлушунан келип чыкчу кейиштүү көрүнүштөр жөнүндө кайра-кайра кайталап жазышы, С. Залыгиндин токой, суу, топурак, канал куруудагы кетирилип жаткан ката долбоорлор жөнүндө компетенттүү жазгандары, Д. Лихачев менен Ю. Бондаревдин, В. Чивилихиндин орус акыл- эси, анын бүгүнкү рухий кризиси тууралуу ойлору, Ч. Айтматовдун Арал кесепети жана Ысык-Көлдү сактап калуу тууралуу пикирлери. Аталган жазуучулардын бул пикирлери ар бир кишини кайдыгер калтырган эмес, алар коомду кайра куруунун зарылдыгын прогноздошкон [67, 24-25-б.].
Бул мезгилде А.И. Смирнованын: «Адам өз «жеңиштеринин»
курмандыгы болуп жатат жана маанилүү сөзү абстракттуу эмес, өзү үчүн толук, конкреттүү түрдө аны жараткан Энеси менен эң жакын жана бузулбас байланышын ачып жатат» - деген сөзү боюнча коом өзүнүн жаратылышты багындыруусунда опурталдуу чекитке жетти [87, 37-б.].
Ч. Айтматов, В. Астафьев, В. Белов, С. Залыгин, Е. Носов, В. Распутин, Г.Т. Троепольский жана башкалардын чыгармачылыгы «жаратылыштан сырткары эмес, анын ичинде» экенин жана алар үчүн негизги болуп, жаратылыш менен «жалпы тагдыр, сезимдик бириккендикке» жетишкендик болорун - Ю.А. Андреев айтат [10, 113-б.].
Ушул жылдары «Совет прозасындагы адам жана жаратылыш» (Сыктывкар, Пермь; 1981), «Пейзаж - автордук концепцияны ишке ашыруунун өнүгүп жаткан формасы катары» (М.; 1984), Адам - жаратылыш - искусство» (Л., 1986) «Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы «адам-табият» концепциясы» (- Ф.: Илим, 1991.) Жаратылыш жана адам: табигый кубулуштар жөнүндө элдик түшүнүктөр ( - Ф.: Кыргызстан, 1986) ж.б. адам жана жаратылыш мамилеси темасына жана пейзажга арналган илимий макалалар жана китептер жарыкка чыгат. Изилдөөчүлөр илимий- техникалык прогресске байланыштуу жаралган адептик көйгөйгө көңүл бурушат. «Жаратылышка, өзүбүз жашаган жерге болгон мамиле - бул Мекенге болгон мамиле, бул адам учурда эмне кылуусу керектиги тууралуу маселе» - деген пикирлер айтылат [10, 113-б.].
Адабиятчы-философ К. Ибраимов «Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы «адам-табият» концепциясы» аттуу эмгегинде миф жана азыркы адабияттагы ыймандык экологиялык изденүүлөрдү ачып берген.
Изилдөөчү: «...улам барган сайын бүлүнгөндмн бүлүнүп бараткан өткөндүн үлгүлүү жашоо формаларын жана уюткулуу рухий санаа-салттарын унутпай сактап калуу мүдөөсү учурдун ашкан зарыл проблемасына айланып отурган бүгүнкү цивилизациянын өктмм шартында аталган калктардын (Ортоазия жана Казакстан элдери) адабият, искусство өкүлдөрүнүн ири алды, ошо өз элдеринин эзелтен бери түпкүлүктүү өмүр таржымалынын түбмлүктүү табийгый символдоруна айланып калышкан «ат», «төө», «бугу- марал», «кайберен-кийик», «ит-куш» сыяктуу жаныбарлардын касиеттүү образдарына кайра-кайра жан тартып кайрылып атышы, сыягы, жөн жерден болбосо керек. Мындай анималисттик образдар азыркы адабият, искусстводо коом турмушунун абалкы этнографиялык, культурологиялык катмарларын учурдун экологиялык, этикалык катаал контексти менен байланыштырган концепциялуу медиатордун (ортомчунун) ролун аткарып аткандай», - дейт [50, 44-б]. Ал эми окумуштуу А. Калдыбаева эл акындарынын чыгармаларындагы таалим-тарбиялык идеяларды талдоого алып, ал чыгармалар адамдарды түздөн-түз агитациялоого, жаратылышка адам катары мамиле кылууга чакырат - деген жыйынтык чыгарат [55, 186-б.].
Кыргыз адабиятындагы айрым чыгармалардагы жаратылыш жана адам маселелерин окумуштуулар А. Акматалиев, А.Алимбеков, К. Асаналиев, К. Артыкбаев, К. Бобулов, М. Борбугулов, А. Дюшембиева, А. Зулпуев, Р. Умарова ж.б.лардын эмгектеринен да жолуктурабыз. Учурда изилдөөчүлөр А. Асанова, Н. Акматова, П. Дуйшебаев, А. Муратов, Б. Сыдыков, Б. Оморкулов ж.б.лардын Ч. Айтматовдун чыгармаларын иликтөөгө алган илимий макалаларында да экологиялык маселелер айтылат.
Адамдын адептүүлүгү, маданий деңгээли анын жаратылышка карата мамилеси аркылуу аныкталат. Адабияттагы экологиялык адептүүлүк сабагы башталгыч класстын окуучуларын жаратылышты сүйүүгө мажбурлабайт, бирок аны жакшы көрүүгө жардам бере алат, адамдын материалдык жашоосу үчүн гана эмес, ошондой эле анын рухий өнүгүүсү үчүн анын өздүк баалуулугун ачып көрсөтөт.
Баалуулук системасын жалпы окуу тарбиялык процесстин негизи катары педагогика илимдеринин доктору, элдик мугалим В. А. Караковский караган [96, 23-28-бб.]. Yй-бүлө, эмгек, тынчтык, билим, Ата-Мекен аттуу жалпы адамзаттык баалуулуктар менен ал бул системага «жалпы адамзат үйү» Жер планетасын кошот.
Окуучуларга адабият аркылуу адептик тарбия берүү жөнүндө ой жүгүртүүдө орус методисти В.Д. Балтон: «Окуучуларга адептик тарбия берүү, мораль жана изгилик жөнүндө аңгемелешүү жолу менен ийгиликке жетпейт», - дейт [17, 16-б.].
Окуучу көркөм адабиятты окуудан алган адептик сабак четтетилген акыл-насаат эмес, жеке өзүнүн башынан өткөргөндөй өздөштүрүүдө гана окурмандын экологиялык сабатын байытат. Окумуштуу С. Момуналиев адабий билим берүүнүн максатын түшүндүрүп келип мындай деген ойду айтат: «Мейли ал окуучу адабий маалыматтарды, фактыларды, тигил же бул чыгармачыл инсандын өмүр тагдырын канчалык мыкты билбесин, эгер ал көркөм чыгарманын өзүн окуй билбесе, окууну сүйбөсө, андан рахат ала албаса, көркөм чыгарманын маани-маңызына ой жүгүртүп, жеке, менчик көз карашын, өз тыянагын чыгара албаса, анда алар адабий билими тайкы, көркөм табити менен эстетикалык табити өнүкпөгөн, руханий жактан жарды пенделердин катарларын гана көбөйтүшөт» [64, 23-б.]. Адабиятты окуудагы адептик тарбиянын милдети окуучулардын каармандын адептик сезимин, кыймыл-аракетин жана маанайын болушунча жандуу жана толук түрдө сезишинен турат. Эгер адептик-эмоционалдык абалды, бала элестетүү менен кабыл алса анда адабиятты окуп бүткөндөн кийин моралдык темада талкулоо болбосо да, тарбиялык максат ишке ашты десе болот.
Бүгүнкү күндө кыргыз адабиятын окутууда билим тарбия берүүнүн ар кандай проблемаларын изилдөөгө алган методикалык колдонмолор, илимий диссертациялар жарыяланып жатат. Алсак: Б. Алымов, С. Байгазиев, Б. Байсабаев, С. Батаканова, И. Исамидинов, А. Калдыбаева, С. Момуналиев, А. Муратов, С. Рысбаев, Д. Саалиева ж.б. илимий эмгектерин кошсок болот.
Биздин изилдеп жаткан экологиялык маданиятты калыптандырууга байланыштуу эмгектерден А. Калдыбаеванын, А. Муратовдун, С. Рысбаевдин эмгектерин атап кетсек болот. Окумуштуу А. Калдыбаева эл акындарынын чыгармаларындагы этнопедагогикалык идеяларды талдоого алып, Жеңижоктун «Бакайырда жалгыз тал», Калыктын «Дарак менен сүйлөшүү» чыгармаларын башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда каражат катары пайдалануу керектигин айтат.
С. Рысбаев өз эмгегинде кыргыз элинин экологиялык маданиятынын үлгүлөрү элдик жомокто арбын берилгендигин белгилеген жана ал: «Жомок жалган эмес, ал эртенкинин сабагы. Ал сабактардын бири - Табият Энеге гумандуу кылуу таалими», - деген пикирин айткан [83, 264-б.]. Окумуштуу экологиялык маселелерди камтыган жомокторду талдап, андагы негизги идеяларды бөлүп көрсөткөн.
Педагог-методист А. Муратов дүйнөлүк жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларын этнопедагогикалык өңүттөн талдоого алган жана жазуучунун чыгармаларында этноэкологиялык билимдер кенен чагылдырылгандыгын көрсөтөт. Ошентсе да, бүгүнкү күнгө чейин адабиятты окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу боюнча атайын илимий изилдөөлөр жазыла элек.
Белгилүү болгондой, адабияттын башталгыч класстын окуучусунун өнүгүүсүнө болгон таасири кабыл алуу аркылуу жүрөт. Психологиялык адабияттарда «кабыл алуу» термини «заттардын, кубулуштардын, процесстердин анализаторлор системасына түздөн-түз таасир этишинин натыйжасында баш мээде анын бирдиктүү, жалпы чагылышы катары берилет. Сезүү процесси менен бирге кабыл алуу айлана-чөйрөдө түздөн-түз сезимдүү багыттуулукту камсыз кылат» [80, 66-б.]
Адабияттын түшүнүгүн кароодо Т.Д. Полозова, адамды универсалдуу шык деп атоо менен эстетикалык кабыл алуу тууралуу белгилейт. «Ал инсандын искусство жана жашоонун фактыларына конкреттүү реакциясын мүнөздөгөн өзгөчө сапаттарды гана эмес, жалпы өнүгүүнүн потенциалдуу чыгармачылык перспективасын көрсөтөт» [76, 67-б.].
«Тарбиялоо процесси окуучуга искусство аркылуу өзүнө жана чындыкка карата эстетикалык мамилеге таасир этүү үчүн, өзүн-өзү таанып- билүүгө таянуу зарыл: өзүн образдарга окшоштуруу жөндөмү аркылуу өзүн – өзү таанып билүү жана образдардын түзүүчүсү менен диалогдошуу керек» [53, 73-б.].
З.И. Романовская иш-аракеттин өзгөчө түрү болгон көркөм чыгарманы кабыл алууну: «окурмандын рухий жактан өсүүсү, өнүгүүсү чагылдарылган узак, ар дайым кеңейген жана тереңдетилген процесс катары кароо керек», - деп белгилейт [81, 13-б.]. Анын башталгыч класстын окуучуларынын адабиятты түшүнүү жана кабыл алуу өзгөчөлүктөрүнө арналган изилдөөсүндө, берилген процесстердин толук жүрүшүнүн критерийи болуп, көркөм чыгармадагы бүтүндүктү берген образдуу конкреттүүлүктү жана образдуу жалпылоону түшүнүү жана кабыл алуу деңгээли берилет.
Инсандын жаратылышка болгон мамилелешүүсүндөгү адептик принциптерди бекемдөө кыргыз адабиятын окутуудагы экологиялык билимдин негизги милдети. Көркөм адабиятта адамдын рухий жашоосунун классикалык үлгүлөрү жаратылыш менен бирге берилет. С. Момуналиев: «көркөм адабият өзүндө элдин көркөм, эстетикалык эс-тутумун, адеп- ахлактык жүрүм-турумун жана көп кылымдык улуттук маданиятын да алып жүрөт» - дейт [64, 24-б.]. Ушуну менен бирге адам жана жаратылыш маселеси философиялык жана социалдык концепцияга ылайыктуу позициялары аркылуу түшүндүрүлөт. Буга байланыштуу каармандын жаратылыш дүйнөсү менен байланышын түшүнүүсү, жаратылыш дүйнөсүндө адамдын жаралуу (келип чыгуу) идеяларынан баштап, анын тагдыры үчүн атуулдук чоочулоо жана экологиялык катастрофадан сактап калуу зарылдыгын түшнүүгө чейин өнүгөт. Адабият жаратылыштын баалуулугу анын ресурстарынын байлыгы менен эле бүтүп калбай турганы жөнүдөндө түшүнүк берет. Көркөм адабиятта чагылдырылган жана көркөм образдарда ишке ашкан табият таануу мүнөзүндөгү билим заманбап тарбия үчүн мүнөздүү болгон чындыкты таанып-билүүдөгү көркөм-образдык жана илимий-логикалык формалар ортосундагы бөлүнүүнү жеңүү мүмкүнчүлүктөрүн берет. Андыктан, көркөм чыгармаларда бир гана илимий фактылар жана корутундулар эмес, каармандарда жана окурмандарда буга байланыштуу пайда болгон ойлор жана сезимдер маанилүү, мындай адабият башталгыч класстын окуучуларынын жаратылышка карата моралдык- эстетикалык мамилесин тарбиялоого түрткү берет.
Адабияттын негизги өзгөчөлүгү - анын адамга болгон багыттуулугу. Чыгарманын авторун толкунданткан сезимдердин бардыгы, анын дүйнөнү сезүүсүнүн бардык тарабы өзгөчө түрдө көркөм образдарда окурманга өтүү менен эсте калат. «Көркөм адабият тууралуу берилген билим башталгыч класстын окуучуларынын сезимдери менен ойлоосунда өтө терең психологиялык натыйжаларды жаратуусу абзел. Кеп тигил же бул акындын же жазуучунун көркөм туундуларынын мазмунун билүүдө, алар сүйлөп берүүдө же чыгармачыл инсандын ашкере таланттуулугунун себебин тактоодо гана эмес, албетте, мындан булардын эч бир кереги жок тура деген түшүнүк келип чыкпашы керек, булар деле адабий билим берүүдө зарыл, керек, бирок эң башкысы мында эмес, эң башкысы окуучулардын өздөрүнүн чыгармачылык потенциалын ачууда, турмушту терең, ар тараптуу жана көркөм кабыл ала билүүгө мүмкүндүк жаратууда, жоопкерчилик, милдеттүүлүк, абийир- ыймандуулук касиеттерин ойготууда, болочок багытын, басчу жолун, карманып-тутунчу жашоо принцибин калыптандырууда» - дейт С. Момуналиев [64, 25-б.]
Адамдын куурчап турган дүйнө таанып билүүчү негизги беш түр сезүүсү булар - дене аркылуу сезүү, көрүү, угуу, жыт билүү сезүүсү, даам сезүү. Бул сезүүлөрдүн өнүгүүсү - адамдын сенсордук маданияты бир гана дүйнөнү кабыл алуу кооздугун гана эмес, эмгектин жана чыгармачылыктын кооздугун тереңдетет жана байытат. Көркөм адабият адамдын рухий сезиминин активдүүлүгүн ойготот. Ошондой эле инсанга бир тараптан адамды адамдык сезимге келтирүүгө, экинчи тараптан табигый жана адамдык маңыздын байлыгына ылайык келген адамдык сезимди түзүүгө түрткү берүү менен инсанды тарбиялоодо күчтүү фактор катары чыгат. Педагогиканын өзгөчө милдети көркөм адабияттын жардамы менен ар бир адамда жаратылыш сүрөтчүсүн, анын кооздугун, баалуулугун жана байлыгын коргоочуну жана жаратуучуну ойготуу жана тарбиялоо болуп эсептелинет. Көркөм образ биздин аң-сезимибизде кубулушту сезимдүү жана логикалуу чагылуунун катмарын түзөт.
Адабият жаратылыш жөнүндө анын «адам кейиптештирилген» чагылуусу аркылуу айтып берет. Көркөм адабият социалдык маанилүү формалардын жана эстетикалык аң-сезимдин деңгээлинин ошондой эле жаратылышка карата интеграциялык эстетикалык мамиленин калыптануусунун фактору болуп эсептелинет. Анын өзгөчөлүгү адам алдында жаратылыш сулуулугунун эстетикалык касиетин ачууда кайталангыс жана алмаштыргыс. Ал адамдын жаратылышка жана коомго карата мамилесинин рухий маңызын, формасын, мазмунун ачат, моделдештирет.
Адабият - чындыктын изилденип жаткан тарабынын эстетикалык элементтеринин таасирин күчөтөт, ал объекттин эстетикалык касиетинин баасынын гаммасын тереңдетет жана байытат, бүтүн мамилени талап кылат, инсандын багыттуу баалуу процесстерин ойготот. Ошентип, мектептеги адабиятты окутуу аркылуу адабий билим менен таалим-тарбия берүүнүн максаты - үйрөнүлгөн көркөм чыгармалардагы мүнөздөр, алардын сөздөрүндөгү белгилүү бир таасирлүү жүйөлөргө таянуу менен башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык аң-сезимин, эмоциясын, жүрүм-турумун, жалпы эле экологиялык маданиятын калыптандыруу болуп саналат.
Окуучулардын көркөм чыгармаларды толук кабыл алуусу индивидуалдык жана кабыл алуу процессиндеги инсандын эрктүү, интеллектуалдык жана эмоционалдык чөйрөсүнүн өнүгүү өзгөчөлүктөрү менен шартталган.
Өз тажрыйбабызга таянуу менен, биз, толук калыптанган эстетикалык аң-сезимге, адабий терең билимге ээ болгон башталгыч класстын окуучулары өткөн муундун экологиялык тажрыйбасын баалоого жана өздүк үлгүнү - айлана-чөйрөгө жана жалпы жаратылышка карата мазмундуу эстетикалык мамилени түзүүгө жөндөмдүү деген божомолду койдук.
Жаратылышка карата баалуулук мамиленин калыптануусунун баштапкы этабы, биздин оюбузча, окуучулардын жаратылыш жөнүндө көркөм чыгармаларга болгон жетиштүү деңгээлдеги жогорку таанып-билүү кызыкчылыгына негизделүүгө тийиш.
Экологиялык тарбияны калыптандыруу боюнча окуу-тарбиялык процесске максаттуу багытта байкоо жүргүзүү, бизге, көркөм чыгармалардын үстүндү мугалим жана окуучунун бирдиктүү иш алып баруусу жаратылышка карата кызыкчылыгын тереңдетүүгө, аны бардык татаалдыгы жана кооздугу менен таанып-билүүгө умтулуусуна, коргоо жана сүйүү каалоосун калыптандырууга жардам берерин, бул жаңылыктарды туруктуу жана активдүү кыларын белгилеп кетүүгө алып келди.
Бул жыйынтык окуучуларды жаратылыштын адам үчүн маанилүүлүгүн кабыл алууга жана аны коргоо керектигин сезүүгө алып келет. Бул сезимден өткөн эмоционалдык жыйынтык ынаным болот, б.а. экологиялык аң- сезимдин калыптануусу үчүн негиз болот (Зверев И.Д., Сахно Т.А., Суравегина И.Т.).
Изилдүүнүн жүрүшүндө, биз окуучуларга жаратылыш жөнүндө чыгармалардын адептик көйгөйүн көрсөтүү ырас деген жыйынтыкка келдик. Окуучулар өздөрү адамдар дүйнөсуү менен жаратылыш дүйнөсүнүн мамилесин белгилешет, чыгармалардын күчтүү эмоционалдык таасири тууралуу айтышат. Каармандарды талдоо менен окуучулар аларды бир гана адамдарга карата эмес, ошондой эле жаратылышка карата мамилесинин негизинде баалашат. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Кыямат» романында Базарбай, «Ак кеме» повестинде Орозкул ж.б. терс образдарды. Аларга адеп- ахлактык тандоо кырдаалына туш болгон каармандардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүү, алардын кылган ишине жоопкерчилик деңгээлин аныктоо кызыктуу. Ушинтип, дүйнөдө өз жүрүм-туруму үчүн адептик жоопкерчилик сезими туулат. Башталгыч класстын окуучулары алардын жаратылышка карата мамилесине адабий окуу жана кыргыз адабияты сабагы канчалык деңгээлде күчтүү таасир этерин аңдашат. Өздөрүнүн жазуу иштеринде, интервьюда алар адабий окуу, кыргыз адабиятынын алардын иш-аракетинин адептик-эстетикалык мотивине жетиштүү таасирин белгилешет.
Алардын айткандарын талдоо менен, биз, жаратылыш жөнүндө адабий чыгармалардын үстүндө иштөө процессинде окуучулардын курчаган дүйнөгө карата мамилеси жаратылыш жөнүндө адептик баалуулук катары төшүнүктөр менен байыганын белгилейбиз.
Башталгыч класстын окуучулары жекече аңгемелешүү убагындагы өз жоопторунда адабият жана жаратылыш, адам жана жаратылыштын өз ара таасирин белгилешет. Адабий окуу, кыргыз адабияты аларга жаратылыш менен болгон баарлашуусунун бакытысын тартуулайт о.э. жаратылыш да жакыныңды таануу, китептеги окуган сезимден өткөн бакытка жетүүгө жардам берет.
Башталгыч класстын окуучуларынын көбү жаратылыш жана адабияттын адамга болгон таасирин салыштырышат, ошону менен бирге бул түшүнүктөрдүн окшоштугун ачышат: адабият жаратылыштай эле сезимге таасир этет, аны ойготот, ыракат тартуулайт дешет.
Окуучулардын элестетүүсүн ойготуу жаратылышка карата адабиятты эмоционалдык кабыл алуу үчүн негиз түзгөндүгү менен маанилүү. Окуучулардын адабиятка болгон эмоционалдык-интеллектуалдык мамилеси алардын өзгөрүп жаткан курчаган дүйнөнү кабыл алуу үчүн негиз болот. Адабият маалымат үчүн жөн гана булак болбостон ошондой эле таанып- билүүнүн жана өзүн-өзү таанып-билүүнүн бирден бир каражаты боло баштайт.
§1.3. Адабий окуу сабагын окутуу процессинде экологиялык маданиятты калыптандыруунун өзгөчөлүктөрү
Экологиялык тарбияны калыптандырууну окуучулардын жаратылыш жана коомдун (адамдын) өз ара аракеттешүүсүнүн илимий негиздерге ээ болуусу менен байланышкан жалпы билим берүүнүн элементи, бөлүгү катары түшүндүрүүгө болот.
Экологиялык тарбия берүүнү ишке ашырууда төмөнкү жоболор негизинен маанилүү:
жаратылышка карата жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу процессинде глобалдык, улуттук жана жергиликтүү ыкмалардын өз ара байланышын;
чөйрөнү интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан кабыл алуу жана аны жакшыртуу боюнча практикалык иш аракеттин бүтүндүгүн эске алуу.
Негизгилерден болуп, экологиялык тарбия берүүнүн предмет аралык, үзгүлтүксүздүк жана ситемалуулук принциптери эсептелинет.
И.Д. Зверев экологиялык билим берүү жана тарбия үчүн бир катар принциптерди карап, өзгөчө төмөнкүлөрдү бөлөт:
Таанып-билүү, сезүү аракеттеринин бүтүндүгү. Бул принцип инсандын айлана-чөйрөгө карата жоопкерчиликтүү мамилесинин түзүлүү жана өнүгүү процессиндеги интеллекттин, сезимдин, иш-аракеттин терең байланышын чагылдырат. Педагогикалык процесстин шартындагы максаттуу багыттагы экологиялык тарбия берүү анын натыйжасын сезимдүү кабыл алуу менен адамдын, коомдун жана жаратылыш чөйрөсүнүн өз ара аркеттешүүсүнүн жана илимий билимди өздөштүрүүнүн органикалык бүтүндгүн божомолдойт.
Прогностикалык принцип. Биринчи кезекте, ар бир адамдын дайыма бир гана биздин жашообуз үчүн гана эмес, ошондой эле келечектеги муундар үчүн чөйрөнү сактоо жөнүндө - адамдардын коомдук иш-аракетиндеги өсүп жаткан муундун аң-сезиминде жаңы тенденциянын калыптануусун божомолдойт.
Экологиялык көйгөйдүн глобалдык, улуттук жана жергиликтүү (локалдык) деңгээлдеринин ез ара байланышы. Бул принциптин ишке ашуусу мектептин жашоо менен болгон байланышын күчөтөт. Окуучулардын адамдын жашоо чөйрөсү жана эмгек иш-аракети менен болгон өз ара аракеттешүү көйгөйлөрүнө кенен, комплексттүү көз карашынын өнүгүүсүнө таасир берет. Бул көйгөйлөрдү билүү өздүк жүрүм-турумда кандайдыр бир деңгээлде экологиялык пайдалуу чектөөлөрдү сактоого мотив боло алат.
Предмет аралык ыкма. Экологиялык тарбия берүүдө бирден бир башкаруучу принциптерден. Тарбия чөйрөсүндөгү мектептик жана мектептен тышкаркы окутуу предметтеринин бири-биринен өзүнчө чектелген тартибинде өтүлсө натыйжада айлана-чөйрө маселелерин мүнөздөгөн өз ара аракеттешүү жана өз ара таасир этүүчү татаал система жөнүндө бузулган жана чектелген түшүнүк түзлөт.
Илимий билимдин интеграциясы предмет аралык ыкманын объективдүү өбөлгөсү болуп саналат. Экологиянын интегралдуу мүнөзү окуу предметтеринин бардык циклдерине (табигый-илимий, коомдук-тарыхый, жана гуманитардык-эстетикалык) таасир этет. Ушунун негизинде бардык деңгээлдерде жаратылыш менен коомдун оптималдуу өз ара аракеттешүүсүнүн ыкмаларынын жана принциптеринин закондорун ачуунун методдорунун жана мазмунунун айкалышуусу маанилүү болуп саналат. И.Д. Зверев өз иштеринде белгилегендей «Экологиялык билим берүүдөгү билимдин ар түрдүү тармактарынын өз ара аракеттешүүсү преметтер аралык мүнөздөгү уюштуруу формаларынын системасы тараптан камсыздалышы мүмкүн. Экологиялык көйгөй боюнча лекциялар, семинарлар, ролдук оюндар, комплекстик экскурсиялар, предметтер аралык сабактар жаратылыш жана коомдун өз ара аракеттешүүсүнүн философиялык, социалдык- экономикалык, укуктук, техникалык, гигиеналык, адептик-эстетикалык аспектерди алардын бирдиктүүлүгүндө кароого өбөлгө түзөт» [48, 19-б.].
Н.И. Михайлова экологиялык билимдин интеграциясынын өзгөчөлүктөрүнөн эки өзүнчө багытты байкайт:
1. Объективдик - бир тараптан дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшүндө коом тануу жана табигый илимдердин синтезинин жалпы тенденцияларын чагылдыруучу;
Субьективдик - окуучунун инсандык таң калууларын жана окуу процессинде ээ болгон дүйнө жөнүндө жаңы билимдерди синтездөөчү [62].
Окуучулардын айлана-чөйрө менен баарлашуусунун максаттуу багыттуулугу. Жаратылышка карата чыныгы кожоюндук мамиле инсандын сезимдик-эмоционалдык чөйрөсүнүн өнүгүүсү менен байланыштуу жана практикалык иш аркеттерде көнүгүүнү талап кылат. Бул иш-аракеттер окуучулардын жаратылыш чөйрөсү менен да, о.э. жаратылышты колдонуунун ар түрдүү түрлөрүн ишке ашырган адамдар менен да өз ара аракеттешүүсүнүн педагогикалык жактан уюштурулган жагдайларында гана туура ишке ашат [62, 20-бб.]
А.Н. Захлебныйдын [47], Т.А. Бабакованын [13] ж.б. иштеринде да экологиялык билим берүү жана тарбиялоо принциптерине чоң көңүл бурулган. Биз, жогоруда айтылып кеткен экологиялык билим беруу жана тарбиялоонун принциптерин толуктап жана маанилүү принциптеринин бири катарында экологиялык тарбия берүүнүн гумандаштыруу принцибин бөлүп кетүүнү мүмкүн деп чечтик. Бул принцип экологиялык тарбия берүү процессинде «мугалим - окуучу» мамилесин гумандаштырууну гана эмес, ошондой эле окуучунун курчаган дүйнөгө, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө болгон мамилесин гумандаштырууну, бул мамилени жандандырууну божомолдойт. П.И. Пидкасистый жазгандай: «Анда бала учун бүткүл дүйнө маанилүүлүккө ээ болот, ал эми анын дүйнө менен болгон мамилелешүүсү заманбап рухий маданияттын деңгээлине чейин көтөрүлөт» [76, 78-б.].
Инсан өздөштүргөн экологиялык маданият анын ынанымынан, мотивинен, көз караштарынан өткөн жекече мүнөздү алып жүргөнүнө байланыштуу анын субъективдик принцибин бөлүп кароо мүмкүн.
Экологиялык тарбия берүү боюнча педагогикалык иш баланын дүйнө менен анын ар түрдүүлүгүндө жана башка адамдар менен байланышта өзүнүн «Мен» дегенин түшүнүү, өз кыймыл-аракетин түшнүү, анын башка адамдар үчүн да, өзүнүн тагдыры үчүн да натыйжасын көрө билүү, билимди, мамилени жана о.э. саат сайын болгон өз тандоосун алып жүрүүчү катары өзүн баалоо жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө таасир кылат.
Окуучулардын илимий билиминдеги курчаган дүйнө тууралуу (азыркы күндө көптөгөн адистер айтып жаткан) объективдүүлүктүн жана субьективдүүлүктүн «Дүйнөнүн образына» болгон трансляциясы дүйнө менен сезимдүү эмоционалдык-баалуулукта баарлашуусуз мүмкүн эмес. Мейкиндикти жана өзүн ошондой эмоционалдык кабыл алуу аркылуу окуучу экологиялык мыйзамдарды, мыйзам-ченемдүүлүктөрдү жана принциптерди түшүнөт жана аларды өздүк субьективдүү жашоо иш-аракетинде пайдаланат.
Окуучунун экологиялык иш-аракетинин субьективдешүүсү анын экологиялык маданиятынын калыптануусунун бирден бир шарты болуу менен бул иш-аракеттеги окуучунун инсандык позициясында көрүнөт.
Философиялык жана педагогикалык адабияттарда позиция түшүнүгү инсандын аракетке болгон даярдыгы, багыт катары (К.А. Бурденко), инсандын коомдогу иштөө мүнөзү, структуралык-инсандык түзүлүш катары (С.С. Батенен, М.П. Крогнатова), инсандын милдети жана укуктарынын жыйындысы, ролу, орду катары (Е.А. Ануфриев, Е.С. Кузьмин) түшүндүрүлөт. Инсандын активдүү позициясын аныктоодо ар түрдүү ыкмаларды жалпылоо менен, биз ага туруктуу ынанымдын негизинде ишке ашкан ойдун жана аракеттин бүтүндүгүн, инсандын практикалык иш- аракетиндеги чыныгы көз караштарды, ачык көрүнгөн эмоционалдыгы менен айырмаланган жекече аң-сезимдүү жүрүм-турумунун элементтерин коштук (Б.Г. Ананьев, А.А Бодалаев, Л.И. Божович, А.С. Выготский, И.С. Кон, А.Н. Леонтьев, К. Муздыбаев, А.В. Петровский, С.Л. Рубинштейн).
С.Л. Рубинштейн «позиция - жалпы калыптанып жаткан инсан жана аң сезимдин ортосунда байланыштыруучу звено болуп саналат, аң-сезимдин аркасынан инсан жашоого карата мамиле боюнча белгилүү позицияны ээлөөгө жөндөмдүү болот», - деп эсептейт [82, 72-б.].
Б.Г. Ананьев активдүү позицияга жетишерлик деңгээлде толук түшүнүк берет. Ал «ар түрдүү социалдык иш-аракеттин жана коомдук жүрүм-турумдун субьектиси катары инсандын позициясы өз иш аракетинде, максатында жана баалуулуктарында колдонгон, ошол иш аракети багытталган инсандын коомго, эмгекке, адамдарга, өзүнө карата болгон мамиленин, багыттын жана себептердин татаал системасын берет» [9, 274-б.].
Жаратылышка карата мамиле боюнча инсандын активдүү позициясы бир эле мезгилде окуучунун экологиялык маданиятынын калыптануусунун натыйжасы жана маанилүү шарты. Бул позициянын активдешүүсү экологиялык иш-аракетте жана ошондой эле жаратылыш жөнүндө көркөм адабияттын эмоционалдык жана адептик таасири алдында өтөт.
И.Д. Зверев өз ишинде белгилеп кеткендей - адабиятты окуу балдардын сезиминдеги жана аң сезиминдеги экологиялык идеалды чыңдоого мүмкүндүк берет. Адабият каармандарында чыгылдырылган адептик идеал алар үчүн белгилүү деңгээлде моралдык аң-сезиминин калыптануусунун булагы экени белгилүү. Эгер баалуулук багыттын, жүрүм- турум нормаларынын калыптануусу үчүн ылайыктуу болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жана балдарга «тууроо үчүн идеал», «үлгү жөнүндө элес» берилбесе анда тарбия өнүгүү процессинен артта калат [49, 61-62-бб.].
Башталгыч класстын окуучуларына экологиялык тарбия берүүнүн негизги принциптерин талдап, биз башталгыч класс окуучуларына адабий окуу сабагын окутуу процессинде экологиялык маданиятын калыптандырууга көңүл буруубузду чектөө менен бул процесстин башка педагогикалык өзгөчөлүктөрүн кароого кайрылдык.
Акыркы жылдары орто мектептин окуучуларынын бүтүн «дүйнө образын» калыптандыруу зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүлө баштады. Буга байланыштуу предметтерди окутууда бирдиктүү ыкманы түзүү, предметтер аралык байланышка, окуу предметтерин интеграциялоо көйгөйлөрүнө көңүл бурула баштады. Бул багытта кыргыз окумуштуулары К. Иманалиевдин адабиятты тарых предмети менен байланышта окутуу боюнча жазылган «Кыргыз адабиятын окутуудагы предмет аралык байланыштын айрым маселелери» аттуу эмгеги, Y. Култаеванын «Кыргыз адабияты сабагында жогорку класстардын окуучуларынын билимин тереңдетуу максатында предмет аралык байланышты колдонуунун методикасы» деген диссертациясы, М. Тешебаевдин «Кыргыз адабиятын интеграциялап окутуунун илимий-методикалык негиздери» аттуу диссертациясы корголгон. М. Тешебаев кыргыз адабиятында интеграциялап окутуу үчүн чыгармаларды тандоодо төмөнкүдөй критерийлер талап кылынарын көрсөтөт:
башка дисциплиналар менен объектинин окшоштугу, же жакындыгы:
бул же тигил теманы, проблеманы түшүндүрүүдө башка предметтердин жардамына муктаждык;
окуучулардын кабыл алынуучу объектини ар тараптуу түшүнүүгө жарамдуулугу;
мугалимдин башка илим-билим тармактарынан кабардар болушу;
эки же андан ашык мугалимдер интеграциялык сабак өткөн кезде аларга шарттардын бирдей түзүлүшү, темалардын, материалдардын алдын ала пландаштырылышы ж.б. [89, 15-б.].
Окумуштуулар Н.М. Мамедов, С. Залыгин, И.Д. Зверев сунуштаган коомдук, гуманитардык жана табигый илимдерди бириктирген экологиялык ыкма биздин кызыгуубузду жаратты. Мындай ыкма адам, коом жана жалпы курчаган дүйнө үчүн пайдалуу көз карашта анын ички байланыштарын гармониялаштыруу максатында бардык билимди, мамилени, кыймыл- аракетти баалоого мүмкүндүк берет.
Мектеп предметтерин окууда экологиялык ыкма - окуучулар өздөштүргөн материалдык жана рухий маданиятта камтылган жана коом тарабынан топтолгон оң социалдык-экономикалык тажрыйба катары экологиялык маданияттын калыптануусу үчүн негиз боло баштады. Экологиялык ыкма ар кандай объектти айлана-чөйрө менен үзгүлтүксүз байланышта кароого багытталган. Ал анын байланыштарын, айлана чөйрө менен мыйзам ченемдүү өз ара аракеттешүүсүн, ошол жашоо жана өнүгүүнү камсыз кылган керектүү өбөлгөлөр менен шарттарды табууга багытталган. Мына ушул субъекттин өнүгүүсүнүн ички жана тышкы детерминациялык факторлорун аныктоого жана чектөөгө мүмкүндүк берген жалпы таанып- билүү принцибин тактоо болуп эсептелинет.
Азыркы мектеп мекен таануу, математика, адеп сыяктуу окуу предметтеринин чегинде экология маселелерин окутуу боюнча бай тажрыйбага ээ. Бул предметтер республиканын көптөгөн мектептеринде эффективдүү иштеп жаткан интеграцияланган «табият таануу» курсунун ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Изилдөө ишибизде биз, окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандырууда адабий окуунун таасири көз карашында анын башталгыч класста окутулушунун теориялык негизине талдоо жүргүздүк.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү орто мектептердин башталгыч класстары үчүн адабий окуу боюнча программаны 2006-жылы бекиткен.
Адабий окуу курсунун негизги мазмунун түзүүчүлөрү белгилегендей, байыркы доордогу жана орто кылымдардагы адабий мурастардын үлгүлөрү, улуттук фольклор, акындар поэзиясы, жазма адабиятыбыздын жана профессионал көркөм сөз өнөрүбүздүн чыгармалары түзөт. Ошондой эле батыш классикасына жана түрк элдеринин, чыгыш классикасынын үлгүлөрүнө да орун берилген.
Программа үчүн көркөм чыгармаларды тандап алууда төмөнкүдөй чен- өлчөмдөр жетекчиликке алынган:
адеп-ахлактык чен-өлчөм: чыгарманын бийик моралдык-этикалык асыл нарктарга, гуманисттик идеяларга тарбиялоочу мүмкүнчүлүгү, тарбиялык-таанытуучулук потенциалы;
эстетикалык-көркөмдүк чен-өлчөм: чыгарманын көркөм формасынын кооздугу жана анын окурмандар арасындагы рейтингинин жогорулугу;
лингвистикалык чен-өлчөм: адабий тилдин нормасынын жалпы калк үчүн мүнөздүүлүгү;
психологиялык-педагогикалык чен-өлчөм: чыгарманын
окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, кабылдоо мүмкүнчүлүгүнө, таанып- билүүчүлүк кызыкчылыгына, муктаждыгына ылайык келиши;
жанрдык-тематикалык чен-өлчөм: чыгармалардын жанрдык жана тематикалык ар түрдүүлүгү.
Программада адабиятты окутуунун кайсы гана этабы болбосун чыгарманын көркөм образын, эстетикалык сулуулугун анын идеялык адеп- ахлактык мазмуну менен бирдикте окутуп үйрөтүүгө көңүл буруу зарылдыгы айтылган. Адабиятты окуп жатып, окуучу сөз даамын татсын, көркөм образдан рахат алсын, жазуучунун тилине тамшансын, сөз байлыгы өссүн, каармандар менен кошо толгонсун, күлсүн, ыйласын жана алар менен бирге азапка кабылсын, турмуштук татаал суроолорго жооп издесин, адабий табити тарбиялансын, эң негизгиси, руху арууланып, инсан катары өссүн, ошол өсүүдө окуган адабий чыгармасы көмөк көрсөтсүн делет.
Бизди экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу болгон окуу материалдары кызыктырды.
Адамдардын жаратылыш менен болгон өз ара аракеттешүүсүнө арналган чыгармалар башталгыч класстын окуу программасында 3-класстар үчүн Тоголок Молдонун «Бодононун тулкуну алдаганы», Т.Абыкеевдин «Кумурска менен жалкоо», Д.Сулаймановдун «Балапан», Кырчын журналынан «Дарак ыйлаба», Т.Сыдыкбековдун «Мээримдуу канаттуулар» ангемелери, Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повести, ал эми 4-класста К.Жусуповдун «Тулпар кадырын сынчы билет», К.Сабыровдун «Токойдун керемети», К.Жантошевдин «Ысык-Кол жонунду соз» , Д.Сулаймановдун «Булбул менен жылан» ангемелери, М.Алыбаевдин «Сот болгон коен» тамсили, «Кожожаш», «Эртоштук» эпостору берилген.
Жогорудагы чыгармаларды окуп үйрөнүү аркылуу окуучулар жаратылышка болгон мамиле жана коомдогу социалдык акыйкаттык сыяктуу маселелердин үстүндө ой толгоолорду жүргүзүп, аларды талдоого алуулары зарыл. Программада да бул чыгармаларды окутууда ушуну эске алуу керектиги белгиленген. Себеби, окуучулардын бул курагы, адептик идеалды издөө, айлана-чөйрөдө өз ордун аныктоо, аларга болгон мамилелешүүнүн стилинин жана ыкмасынын калыптануучу мезгили катары аныкталат.
Белгилүү психолог И. Кон «Башталгыч класс окуучусунун психологиясы» деген эмгегинде мындай деп жазат: «Башталгыч класс окуучусунун ой-жүгүртүүсү инсандык, эмоционалдык мүнөзгө ээ боло баштайт. Интеллектуалдык иш-аракети окуучунун өзүнүн тагдырын өзү чечүү менен жана анын өзүнүн көз карашын оңдоого аракеттенгени менен байланышкан өзгөчө эффективдүүлүккө ээ боло баштайт». Буга байланыштуу ар түрдүү позициялардын, ойлордун, көз караштардын салыштыруусун камтыган материалды маңыздуу интерпретациялоону уюштуруу бардык тематикада колдонууга мүмкүн.
Окуу процессинин окуучунун инсандыгына болгон таасири окуу предметтеринин тарбиялык мүмкүнчүлүгүнүн мүнөзүнөн жана көлөмүнө көз каранды. Окуу предметинин тарбиялык мүмкүнчүлүгү - бул окуучулардын коомго, жаратылышка, адамдарга жана өзүнө болгон мамилесинин ар түрдүү аспектилерин өзү түшүнүүсүнө жана сезүүсүнө багытталган дүйнөгө болгон көз караштык маалыматтын өзүнчө элементи.
Биз адабиятты окуу программасына талдоо жүргүзүү менен катар эле башталгыч класстар үчүн жазылган адабий окуу китебин анализден өткөрдүк.
Окуу китеби - окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштуруунун негизги куралы болуп эсептелинет. Окуу китеби бүткүл окуу системасынын микроүлгүсү болуп, практикада окутуунун максаттарын ишке ашыруунун негизги каражаты катары каралат. Мугалим менен окуучунун ортосундагы ишмердүүлүктү аныктоочу, багыттоочу жана уюштуруучу негизги жана борбордук звено катары саналат. Бирок, окуу китеби мугалимдин окуу ишмердүүлүгүн толугу менен алмаштыра албайт. Мугалим сабак убагында окуучулардын билимин өркүндөтүп, акыл-эстик, адеп-ахлактык ж.б. тарбия берүүдө ар түрдүү окутуунун түрлөрүн, бир нече методдорду, каражаттарды да колдонууга тийиш. Ошентсе да окуу китеби окуучулардын толук кандуу өсүп-жетилиши, туура тарбия алышы үчүн алмаштырылгыс каражат.
Биз изилдөөгө алган башталгыч класстын окуучулары үчүн жазылган адабий окуу китеби Б.Абдухамидова, С.Рыспаев, К.Ибраимовалар тарабынан жазылган. Бул китеп Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары тарабынан түзүлүп, 1993-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көргөн кыргыз адабиятынын программасынын (түзүүчүлөр: С. Байгазиев, А. Муратов) негизинде жазылган. Окуу китебинин материалдары авторлор тарабынан төмөнкүдөй бөлүштүрүлүп иштелген:
Материалдардын мазмуну адабият илиминин соңку жетишкендиктерине негизделген, окуучулардын жаш курактык өзгөчөлүктөрүнө туура келет, көркөм-эстетикалык булактары, түшүнүктөрү, эрежелери, бүтүмдөрү удаалаш, тиешелүү багытка ээ, системалуу жана оптималдуу. Аталган китеп көркөм-эстетикалык билим берүүнүн көп түрдүү жана олуттуу мазмунун интеграциялоо аркылуу кол жазма адабиятынан баштап согуштан кийинки мезгилге чейинки улуттук поэтиканын илимий сүрөттөлүшүн сапаттуу тартып берүүгө жетишкен. Окуучулардын алган билимдерин, түшүнүктөрүн баалоо үчүн берилген суроо жана тапшырмалар алардын акыл-эстик, адептик, эстетикалык билим-тарбия берүүнүн куралы катары туура коюлган.
IV класстын «Адабий окуу» окуу китеби авторлор С.Рыспаев, К.Ибраимова, Б.Абдухамидовалар тарабынан жарык көргөн. Китеп өркүндөтүлгөн окуу программасына ылайык жазылган. Окуу китеби 3- класстагы адабият курсунун түздөн-түз уландысы болот, башкача айтканда кыргыз адабиятынын 1960-1990-жылдардагы тарыхына обзор берилет. Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, У. Абдукаимов, Т. Касымбеков, С. Эралиев, Б. Сарногоев, Т. Абдумомунов, М. Байжиев сыяктуу жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгы ачылып берилет, ошондой эле кыргыз публицистикасына да орун берилген (1920-1990). Бул китепте «Манас» таануу курсу көркөм-эстетикалык жана тарыхый логикалуу алкакта негиздүү таржымалданган. Китеп факт-материалдардын тактыгы, талдоолордун негиздүүлүгү, ойлорунун логикалуулугу менен айырмаланат. Окуучулардын адабий билим алышына, мезгилди таанып билишине өбөлгө түзөт.
Ошентсе да коюлган максатка ылайык, биз, башталгыч класстар үчүн жазылган окуу китебин талдоонун негизинде төмөнкүдөй жыйынтыкка келдик:
акын, жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгында алардын жаратылышка карата мамлелери, коомдук салымдары кеңири берилсе;
окуу китебиндеги жаратылыш маселелерин камтыган чыгармалар экологиялык өңүттөн кенен талдоого алынса;
окуучулардын жаратылышка жана ал жөнүндө адабиятка болгон баалуулук багаттарын ачып бере турчу суроо-тапшырмалар түзүлсө.
Биздин оюбузча, сабактардын уюштуруу формаларын езгертуу, окутуунун методдорунун жана ыкмаларынын системаларын кеңейтүү, жаратылыштын жана адабияттын интеграциясынын таасири окуучунун инсандык-эмоционалдык чөйрөсүнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт.
Экологиялык билим берүү процессинде курчаган дүйнө жөнүндө билим окуучулар үчүн актуалдуу болуп саналат жана адабият таануу билими менен интеграцияланат. Андыктан чыгармада жазылган конкреттүү учурга жана аймакка байланыштуу предметтүү, түшүнүктүү кабыл алынат.
В.А. Сластениндин ою боюнча: «аң-сезим кайсы гана деңгээлде болбосун ар дайым жыйынтыгы менен чындыктын белгилүү баасына ээ болот» [86, 174-б.]. Башталгыч класстын окуучуларынын адабий чыгармалардан жана чыныгы турмуштан алынган экологиялык маалыматтарды баалоо жана салыштыруу жөндөмү экологиялык ынанымдын калыптануусуна жардам берет.
Көркөм чыгармаларга көйгөйлүү анализ, докладдарды даярдоо, окуучулардын чыгармачылык иштерине оппонент болуу, окуу дискуссия сыяктуу окутуунун белгилүү формалары окуучулардын экологиялык билимине субьективдүү инсандык маңыз тартуулайт.
В.А. Сластенин эсептегендей: «регулятивдик функцияны аткаруу менен ынанымдар инсандын бардык рухий түзүлүшүн, баалуулук багыттарды, кызыкчылыктарды, каалоолорду, сезимдерди, мамилени аныктайт» [86]. Экологиялык ынанымдар өз кезегинде инсандын экологиялык пайдалуу жүрүм-турумун, анын иш-аракеттик активдүүлүгүн, т.а. экологиялык маданиятын мажбурлайт. Окуучулар позитивдүү экологиялык бааларын, ой-пикирлерин билдирүү менен мугалим тараптан активдүү эмоционалдык кубаттоого (жактыруу, мактоо, окуу талашта аналитик катары катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө) ээ болору белгилүү. Өз алдынча иштөө да алардын органикалык бүтүндүгүндө экологиялык жана адабий билимди өздөштүрүүгө багытталган. Окуучулар мүмкүн болушунча экологиялык иш-аракеттин көптөгөн формаларына (изилдөөчүлүк, эмгектик, таанып-билүүчүлүк) катышышат.
Эксперименталдык иштин жүрүшүндө биз, жаратылыш жөнүндө адабиятка карата жогорку таанып-билүүчүлүк кызыкчылыкка ээ болгон окуучулар «эң жакшы» калыптанган экологиялык ынанымга ээ болоруна көңүл бурдук. Алардын жаратылышка карата мамилесин - жаратылыш жана искусствонун өз ара байланышы жөнүндө жалпыланган түшүнүктөрдүн калыптануусу үчүн негиз болуучу адептик-эстетикалык негиз катары аныктоого болот.
Негизинен, окуучулар башталгыч класска келгенде экологиялык билим, билгичтик жана көндүм, экологиялык иш-аракет боюнча жетиштүү маалыматка ээ болуп калат. Ошентсе да изилдөөгө алынган мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларына максаттуу-багыттуу байкоо жүргүзүү процессинде биз байкагандай маалыматтарын күнүмдүк өз жүрүм- турумдарында ар дайым эле колдоно беришпейт. Ошол себептен, биз окуучуларга бир нече экологиялык сабактарды жүргүздүк. Сабакта жаратылышка карата адабий каармандарынын мамилесинин мүнөзүн түзүү менен алар экологиялык көйгөйдү чечүүдө өздөрү үчүн адептик-этикалык багыттарды белгилешти. Адабий каармандарынын жаратылышка болгон мамилеси жөнүндө эксперименталдык класстын окуучуларынын айткан сөздөрүнөн мисал келтирип кетсек.
Бермет: (Ч. Айтматовдун «Ак-кеме повестинен) Орозкул – зөөкүр, мансапкор адам. Ал мас болгон сайын аялын көк ала кылып сабайт, кайын атасына кол көтөрөт. Анын адилетсиздиги адамдарга гана эмес, жаратылышка да ошондой. Ошондуктан коруктагы карагайларды кыйып алып аракка алмаштырып сатат. Элде жашаган бардык этикага кас, «баарыбыз Бугу эненин тукумдарыбыз» деген байыркы түшүнүккө ишенбейт. Буга себеп катары баланын жомогунун эң сонун каарманы - Бугу эненин тукумун өлтүрөт. Бекеринен даанышман Фихте: «Адам кандай болсо, анын философиясы да так ошондой» деген эместир.
Тынчтык: (Кожожашэпосунан) Кожожаш бир урууну мергенчилиги менен багууда табиятка ашкере көрсөткөн айыбынан жаза тартат. өзүнүн кылган Сурэчкинин жалдырап суранганына карабай балдарын кырганына өкүнөт.
Адабий каармандарынын жаратылышка карата мамилесин мүнөздөөдө башталгыч класстын окуучулары ага карата өз мамилесин да билдиришет. Окуучулардын башка адамдардын жана адабий каармандарынын жаратылышка карата мамилесин жана кылган ишин баалоосу, алардын өзүн өзү баалоосуна түрткү берет. Бул эксперименталдык иштин аягында окуучулар жана эксперт-мугалимдер тобу белгилешкендей, натыйжада өзүнүн жүрүм-турумун жакшыртуу каалоосун активдештирет.
Демек, экологиялык тарбия беруу боюнча окуу- тарбиялык процесстин өзгөчөлүгү болуп андагы окуучулардын жаратылыш жөнүндө адабиятка жана экологияга болгон таанып-билүү кызыкчылыгына активдүү түрдө түрткү берүү эсептелинет. Бул экологиялык иш-аракеттин ар кыл түрлөрүндө алардын жаратылышка карата эмоционалдык-баалуулук мамилесине, экологиялык аң-сезимине, активдүү позициясына оң таасир берет. Экологиялык билим берүүнүн глобалдык, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеринин органикалык бүтүндүгүнүн ишке ашуусу, анын предмет аралыгы жана комплекси берилген процесске жогорку эффективдүүлүктү камсыз кылат.
БИРИНЧИ ГЛАВА БОЮНЧА КОРУТУНДУ
Экологиялык тарбия инсанды коом тараптан аныкталган идеалга ылайык келген сапаттарын калыптандыруунун негизинде өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо негизги орундардын бирин ээлееге тийиш. Биз аны калыптандырууда бардык жоопкерчиликти табигый илимдер сабагынын мугалимдерине гана жүктөөгө тийиш эмеспиз, бул бардык мугалимдердин иши, себеби тарбия берүү бүтүн процесс болуп саналат жана анын бөлүнүшү болгону шарттуу мүнөзгө ээ деп эсептейбиз.
Айрым окумуштуулар өздөрүнүн эмгегинде адам менен жаратылыштын байланышы адабият-жаратылыш, коом-жаратылыш мамилесин чагылдыруусундагы байланыш экендигин көрсөтүшөт. Бул жыйынтык окуучулардын жаратылышты кабылдоосу адам үчүн маанилүү жана аны коргоо зарылдыгына алып келет. Жалпы жана өздүк жашоого карата керектөө мамилесинин артыкчылыгы окуучуларда адабият сабагы аркылуу боорукердик, өзүн-өзү чектөө, жаратмандык сыяктуу сапаттарды тарбиялоо менен, алардын адептүүлүгүнүн фундаменталдык негиздерин бекемдөө аркылуу төмөндөтүүгө болот.
Биз экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча иш системасын түзүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана негизги принциптерин карап, аны ишке ашырууда жаратылышка карата жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу процессинде глобалдык, улуттук жана жергиликтүү ыкмалардын өз ара байланышын, чөйрөнү интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан кабыл алуу жана аны жакшыртуу боюнча практикалык иш аракеттин бүтүндүгүн эске алуу сыяктуу жоболор негизинен маанилүү деп эсептедик.
Экологиялык билим берүү жана тарбия үчүн бир катар принциптерди карап, өзгөчө төмөнкүлөрдү бөлдүк: таанып-билүү, сезүү аракеттеринин бүтүндүгү; прогностикалык принцип; экологиялык көйгөйдүн глобалдык, улуттук жана жергиликтүү (локалдык) деңгээлдеринин өз ара байланышы; предмет аралык ыкма; окуучулардын айлана-чөйрө менен баарлашуусунун максаттуу багыттуулугу. Биз, аталган экологиялык билим берүү жана тарбиялоонун принциптерин толуктап жана маанилүү принциптеринин бири катарында экологиялык тарбия берүүнүн гумандаштыруу принцибин жана субъективдик принцибин бөлүп кетүүнү мүмкүн деп чечтик.
Ошондой эле башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда адабий окуунун таасири көз карашында анын башталгыч класста окутулушунун теориялык жана практикалык маселелерине талдоо жүргүздүк. Биздин кызыгуубузду экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу көркөм чыгармалар бурду. Адабият боюнча азыркы программа башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятынын калыптануусуна мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере алат, бирок мектеп практикасында бул маселеге көңүл бурулбай келет. Адабият сабагы адабий теориялык түшүнүктөрдү калыптандырууга басым жасайт.
Өзүбүздүн изилдөөлөрүбүз менен окумуштуулардын берилген жыйынтыктарын аныктоо аркылуу биз адабий чыгармалардын үстүндө мугалим жана окуучунун бирдиктүү иш алып баруусу жаратылышка кызыгуусун тереңдетүүгө, аны бардык татаалдыгы жана кооздугу менен таанып-билүүгө умтулуусуна, аны коргоо жана сүйүү каалоосун калыптандырууга жардам берерин, бул жаңылыктарды турукташтырып жана активдештирерин белгилеп кетебиз.
Демек, адабий окуу сабагын окутуу процессинде калыптануучу экологиялык тарбиянын деңгээли жаратылыш жөнүндө билимдин өздөштүрүлүшү, ишенимдин калыптануусу, этикалык жана эстетикалык сезимдер, практикалык иш-аракет менен мүнөздөлүүгө тийиш.
II ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯСЫН АДАБИЙ ОКУУ, МЕКЕН ТААНУУ АРКЫЛУУ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ
§2.1. Башталгыч класстын окуучуларын экологиялык тарбиялоонун калыптандыруунун мазмуну жана технологиялары
Билим коомдун социалдык-маданий өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушунун негизинде анын негизги социалдык-маданий функцияларын аныктап алууга болот. Алар адамзат тарбынан топтолгон атайын тажрыйба жана жалпы фрагменттерди, ошондой эле коомго карата социалдык жана маданияттык адекваттуулуктун нормаларын жана эрежелерин, социалдык-функционалдык ролду өздөштүрүүдө натыйжалуу иш-аракеттин билим, билгичтик жана көндүмдөрүн трансляция аркылуу окуткан инсандын социалдаштыруу жана инкультурациялоо милдеттерин чечүүгө багытталган.
Инсанды билим жана тарбия берүү процессинде инкультурациялоо аны коом маданиятынын «жемиши» катары калыптандырат, аң-сезимине баалоочу жана жүрүм-турум стереотиптерин жана көндүмдөрүн, маданий үлгүлөрдү киргизет, ошондой эле анда ошол маданий улгулерду коомдук маданияттын нормалары, эрежелери жана салттары нугунда алууга, колдонууга жана интерпретациялоого окутулган маданият «керектөөчүсүн» тарбиялайт [57, 326-б.]. Ал коомдун муктаждыгына адекваттуу инсанды калыптандырат.
Албетте, биздин билим берүү системабызда өсүп келе жаткан муундун илимий, маданий жана руханий жактан өнүгүүсү үчүн потенциал бар жана козголгон көйгөйлөрдү чечүүде, биринчиден, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын аныкталган жетишкендиктерине, оң тажрыйбасына жана терең тарыхый салтына таянуу керек.
Кээ бир педагогдор педагогикалык процессти идеологиядан арылтууну окуучу жаштарды тарбия ишинен бошотуу катары кабыл алган учурлар кездешет. Мунун негизинде мекенге болгон сүйүү, мыйзамды сыйлоо, жаратылышты сүйүү, адептүүлүктү калыптандыруу маселелери методикалык
колдонмолордо жана окуу куралдарында каралбай калды. М.И. Шилова «жакшы тарбияланган окуучулар - эненин кубанычы, мугалимдин сыймыгы», - деп абдан туура белгилеген [100, 3-б.].
Окуучулардын тарбиялуулугу - билим жана тарбия берүү процессинин эффективдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү. Окумуштуу С. Байгазиев: «Адамзаттын мындан аркы прогресси жалаң гана илим менен техниканын өнүгүшүнө байланышпайт. Жер шаарындагы цивилизациянын өсүп-өнүгүшү анын кадыр баркы, баалуулугу, адамдардын адеп-ахлагынын, ички дүйнөсү, ыйман жанынын тазалыгынын, актыгынын, сулуулугунун өркүндөшүнө да терең байланышат» - деп белгилейт [15, 192-б.].
Экологиялык маданият инсанды коом тараптан аныкталган идеалга ылайык келген анын өзүнчө сапаттарын калыптандыруунун негизинде өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо негизги орундардын бирин ээлөөсү керек. Биз аны калыптандырууда бардык жоопкерчиликти табигый илимдер сабагынын мугалимдерине гана жүктөөгө тийиш эмеспиз, бул бардык рангдагы жана деңгээлдеги мугалимдердин иши, себеби тарбия берүү бүтүн процесс болуп саналат жана анын бөлүнүшү шарттуу мүнөзгө ээ деп эсептейбиз.
Эксперимент учурунда жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде мугалимдердин көпчүлүгү экологиялык маданиятты калыптандыруу адабият сабагынын мугалимдерине эч кандай тиешеси жок, бул милдет табигый илимдер сабагынын мугалимдерине гана тиешелүү деген пикирлерин билдиришкен (1-анкета). Бул жаңылыш көз караш.
Өндүрүштүк ж.б. технологиялардын таралышы бир гана жаныбарларга, өсүмдүктөргө карата эмес, ошондой эле адамдар үчүн да негизсиз катаалдык. Жалпы жана өздүк жашоого карата керектөө мамилесине артыкчылык берилгенин окуучуларда адабият сабагы аркылуу боорукердик, өзүн-өзү чектөө, жаратуу сыяктуу сапаттарды тарбиялоо менен, алардын адептүүлүгүнүн фундаменталдык негиздерин бекемдөө аркылуу төмөндөтүүгө болот. Н.С. Дежникова: «өзгөчө көйгөй болуп окуучуларда сезим чөйрөсүн өнүктүрүүгө түрткү болгон ылайыктуу технологияларды иштеп чыгуу саналат. Бул баалуулуктарды өздөштүрүү өспүрүмдөрдүн жаратылыш менен, өзү менен жана башка адамдар менен бирдикте жашоо тууралуу илимге, ошондой эле өспүрүмдөрдү окуткан жана аларды экологиялык багыттагы практикалык иш-аракетке кошкон методдорго жетишине жардам берет, - деп эсептейт» [37, 12-б.].
Окуучулардын жаратылышка карата адептүү мамилесин калыптандыруу көйгөйүн дүйнө жүзүндө кептеген окумуштуулар активдүү талкулоодо. А. Моронинин көз карашы боюнча: «мектептин милдети балага жаратылыш чөйрөсү менен туура мамиле түзгөнгө жардам берүүгө аракет кылуудан турат» [66, 189-б.].
КМШ, Канада, Англия, Швеция ж.б. өлкөлөрдө экологиялык маданиятты калыптандырууга артыкчылыктуу болуп сабактын түздөн-түз жаратылышта өтүүсү, негизин жаратылышты эмоционалдуу кабыл алуу түзгөн экологиялык оюндар, атайын бөлүнгөн күндөр жана долбоорлор өткөн жумалар эсептелинет. Германияда ар бир адамдын жаратылышка карата жөрөм-турумдарына мисалы, таштандыны кайра иштетүү көйгөйүнө чоң маани беришет. Россияда 1990-жылы экологиялык билим берүү системасында демилгелер, каржы, негизги багыттар, максаттар аныкталган «айлана-чөйрө боюнча билим берүү тууралуу» улуттук мыйзам кабыл алынган [43, 77-82-бб..].
Өлкөбүздөгү экологиялык маданиятты калыптандыруунун мазмунун жана технологиясын алсак, биз өзүбүздүн каада-салтыбызга таянышыбыз керек. Ал эми ошол элдик экологиялык маданият жөнүндө салттык идеялар ар качан адабий чыгармаларда чагылдырылып келген. Учурда окуучуларды жаратылышка карата жооперчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоодо ошол элдик баалуулук багытты эске албастан көпчүлүк окумуштуулар өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкендиктерин толугу менен өздөштүрүп алууну максат кылышат. Албетте ал жетишкендиктердин керектүүсүн алуу керек. Бирок, өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасында эффективдүү өздөштүрүлгөн нерсе биздин кыргыз мектептерине дайым эле туура келе бербесин эске алуу керек.
М. Межуев: «Жарандык коомдун орношу жана жалпы улуттук маданияттын калыптануу процесси жүрүп жаткан мезгилде мектеп бул процесстин негизги катализатору болуп саналат», - деп белгилейт [97, 45-б.]. Муну менен өлкөбүздөгү калктын жалпы маданиятынын жана ошону менен катар окуучулардын экологиялык маданиятынын калыптануусундагы кемчиликтерди түшүндүрсө болот.
Дежникова экологиялык тарбиянын маңызын жаратылыш, башка адамдар менен, өзнүн ички дүйнөсүнүн рефлексия жолу менен өз ара мамилешүүсүндө маданияттын субъекти (интеллектуалдык, сезимдик, этикалык) катары инсандын өнүгүүсүнөн көрөт [36, 52-б.]. Бул позицияда экологиянын мазмундук мааниси бир гана биологиялык билим менен гана чектелбестен адамдын айлана-чөйрө менен болгон табигый жана социалдык аракеттешүүсүнүн тажрыйбасынын жана билимдеринин (гуманитардык, техникалык, табигый) синтези катары түшүндүрүлөт.
Н.А. Асташова баалуулук багыттардын калыптануусу – белгилүү мезгилдик аралыкка ээ болгон, күч менен таңуулабаган, тетирисинче, аксиологиялык позицияларды керсетууде жана анын орношундагы кылдаттыкты билдирген жетиштуу деңгээлдеги татаал процесс экендигин белгилейт. Ал анын калыптануусунун төмөнкү этаптарын көрсөтөт:
тарбиялануучуга баалуулуктарды көрсөтүү;
инсандын баалуулук багыттарды түшүнүүсү;
баалуулук багыттардын иш-аракетте жана жүрүм-турумда ишке ашуусу;
баалуулук багыттарды инсандыкка орун алдыруу жана аны инсандык сапат статусуна которуу, б.а. өзгөчө потенциалдуу абал;
мугалимдин инсандык сапаттарында камтылган потенциалдуу баалуулук багыттарын актуалдаштыруу [12, 11-б.].
Азыркы мезгилде педагогикалык аксиология жацы педагогикалык парадигма катары өнүгөп жатканын белгилесе болот. Өнүгүүдө аксиологиялык маданиятты калыптандыруу баалуулук багыттардын калыптануусунун жогорудагы бардык беш этаптарын өтүү зарыл.
Улуу орус педагогу К.Д. Ушинский тарбия бир гана билимдин кецейишине гана эмес, ошондой эле адамдын ишенимине да таасир этүү керектигин дайыма белгилеп келген [11, 597-б.]. Б.Г. Иоганзендин ою боюнча экологиялык тарбия адамдын коом жана жаратылышка кез карандылыгын, айлана-чөйрөдөгү сулуулукту баалоо жана сактоо керектигин, замандаштарынын, ошондой эле келечектеги муундардын алдында жарандык жоопкерчилик сезимине ээ болууну түшүнгөн ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандырууну билдирет [53, 3-б.].
Демек, кыргыз адабиятын окутуу процессинде калыптануучу экологиялык маданияттын деңгээли жаратылыш жөнүндө билимдин өздөштүрүлүшү, ишенимдин калыптануусу, этикалык жана эстетикалык сезимдер, практикалык иш-аракет менен мүнөздөлүүгө тийиш.
С. Дежникова көптөгөн окуучулардын айлана-чөйрө менен болгон мамилешүү маданияты өтө төмөн деңгээлде экенине көңүл бурат. Алардын жаратылышты кабыл алуусу антропогендик таасир этүү объектиси сыяктуу түшүнүктөр менен гана чектелет. Ошондуктан көп мезгилде жаратылышка карата керектөөчүлүк мамилелери менен катар аяр мамиле кылуу, зарылчылык түшүнүгү жана жоопкерчиликтүү баарлашуусу менен коштолбойт. Ал «адам жана жаратылыш» үчүн аталган экологиялык коркунуч синдрому - окуучулардын экологиялык сабаттуулугунун маңызы адамдардын иш-аракетинин терс натыйжалары жөнүндө билимдер менен азыктанганын - белгилейт [36, 51-56-бб.]. Муну биз тараптан жүргүзүлгөн эксперименттик иш да далилдеп отурат. Эксперимент учурунда башталгыч класстын окуучулары да курчап турган дүйнөнүн тагдыры үчүн өздөрү экологиялык прогноз түзүшкөн.
Е.В. Яковлева: «жүрүм-турум (социалдык, маданий, адептик) нормаларын билүү жана андан да жогору табигый илимдер материалынын жетиштүү көлөмү чыныгы жашоодо окуучулардын бул нормаларды сактоосун камсыздабайт», - деп белгилейт [104, 143-б.]. Коюлган милдеттердин эффективдүү ишке ашуусу үчүн кыргыз адабияты аркылуу баштпалгыч класстын окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруунун маңызы жана технологиялары багытындагы суроолорду кылдат түрдө иштеп чыгуу керек. Суроону толук талдоону экологиялык маданиятты калыптандыруу процессинин мазмунун кароодон баштоо жөндүү.
Экологиялык маданияттын негизин төмөнкү компоненттер түзөт: билим, жаратылышка карата жашоонун жана сулуулуктун булагы катары эмоционалдык-баалуулук мамиле жана айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү жана коргоо боюнча практикалык иш-аракет.
Биз экологиялык маданиятты калыптандыруу процессинин мазмунунун маселесин кароодо системалык ыкманы колдонуу оң натыйжаны камсыз кылышы мүмкүн деп эсептейбиз. И.Т. Суравегина экологиялык билим берүүдө системалык ыкманы ачууну төмөнкү маалыматтык аспекттердин жардамы менен карайт:
«Илимий - айлана-чөйрөгө карата таанып-билүү мамилесин камсыз
кылат. Ал табигый, социологиялык жана технологиялык мыйзам-ченемдүүлүктөрдү, жаратылыш, адам, коом жана ишмердүүлүктү алардын өз ара байланышында мүнөздөлгөн теорияларды жана түшүнүктөрдү камтыйт. Илимий билимдер жердин экологиялык бөлүнбөстүгүн, жаратылыш системаларынын бүтүндүгүн, алардын начарлашын түшүнүүдө негиздүү болуп саналат.
Баалуулук - жаратылыш чөйрөсүнө карата адептик жана эстетикалык мамилени калыптандырат, ашыкча рациоалдуулукту жана керектөөчүлүкт жеңет. Бир гана айлана-чөйрөнүн сулуулугун көрүү гана эмес, ошондой эле ага суктануу жендему, муну менен бирге айлана-чейрену кайра калыбына келтируу жана коргоого карата колдон келген жардамын берүүгө даярдыгы калыптанат.
Нормативдик - экологиялык мүнөздөгү тапшырмалар жана тыюулар, нормалар жана эрежелер системасына ээ болууга, жаратылыш чөйрөсүндө коомго каршы жүрм-турумдун ар кандай көрүнүшүнө болгон келишпестикке багытталат;
Иш-аракеттик - экологиялык мүнөздөгү таанып-билүү, практикалык жана чыгармачылык билимдин калыптануусуна, эрк сапатынын өнүгүүсүнө багытталган адамдардын иш-аракетинин түрлөрүн жана ыкмаларын камтыйт. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүүлүктү көрсөтүү зарылдыгы жана жөндөмү эсептелинет» [53, 49-б.].
Биздин көз карашыбыз боюнча экологиялык маданиятты калыптандыруу процессинин мазмуну адам менен жаратылыштын жогорку адептик мамилесинин негизин калыптандыруу үчүн өбөлгөлөрдү түзүү менен бирге жогоруда белгиленип кеткен аспектерди чагылдырууга тийиш.
Уюштуруучу экспериментте биз адабияттын түрлөрү жана жанрларында камтылган экологиялык мамиленин үлгүлөрүн аныктадык. Бул башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун мазмуну катары кызмат кылат.
Биз адабияттагы адам жана жаратылыш мамилесинин үч үлгүсүн бөлүүнү туура көрдүк: биринчи - «түпкү»: «адам-жаратылыш» байланышы тыгыз мүнөзгө ээ элдик ишенимдерден, анимистик, тотемдик түшүнүктөрдө, диний көз караштардан түзүлөт; экинчи - «моралдык-эстетикалык»: адамдын жаратылышка карата мамилеси анын кооздугун, сонундугун сезүүдөн жана рухий баалуулугун түшүнүүдөн түзүлөт. Жаратылыш - ага ынтаа менен кызмат кылгандар үчүн тынчтыктын жана жашоонун булагы. Бул моралдык- эстетикалык принцип жаратылыш тууралуу жазылган кыргыз поэзиясында жана көркөм чыгармалардагы пейзаждык сүрөттөөлөрдө чагылдырылган; үчүнчү - «эмоционалдык-этикалык»: Адам курчаган дүйнөнү жана жаратылышты көбүнчө аны коргоого, чыцдоого жана байытууга түрткү берген адептик баалуулук катары кабыл алат. Экологиялык мамилешүүнүн бул тиби көп убакытта жаратылыш жөнүндө (экологиялык темадагы) адабий чыгармалардагы образдар аркылуу берилет.
Аң-сезимдүү жашоонун манызы төмөнкү түрдө уюшулган: «мен сезимимден өткөн нерсенин баарына кандайдыр бир баалуулукка ээ болгондой кубануу менен жооп берем жана андан менин эрким туура келген умтулууга түрткү болот» [29, 142-б.]. А.А. Леонтьев: «кубаныч менен бекемделген мамиле, оң эмоциялар менен бекемделген билим туруктуу болот», - деп белгилеген.
Биз үчүн курчаган дүйнөгө, жаратылышка карата мамиленин сезими позитивдуүү болуусу абдан маанилүү. Жаратылыш менен баарлашуунун кубанычын сезүү шартында, окуучунун жаратылышка адептик, рухий баалуулук катары жоопкерчилик мамилеси бышыкталат.
Инсандын рухий сезимдеринин жана сапаттарынын бардык спектрлери
курчаган дүйнөгө карата так ушул эмоционалдык-баалуулук мамилеге көз каранды. «Жан дүйнө, ошондой эле адамдын бүтүндөй жашоосу кылымдар бою жаратылыш менен байланышта», - деп С. Залыгин «Адабият жана жаратылыш» макаласында белгилейт [45, 151-б.]. Ошол себептен табият таануу адабиятынын, мектепте окутулган жаратылыш жөнүндө классиктердин чыгармаларынын негизги милдети - «жаратылыш сезимин» тарбиялоо болушу керек. Анда Ата-Мекенге, адамга, жаратылышка карата сүйүү сезими, алардын тагдыры үчүн жоопкерчилик топтолгон.
Учурда окумуштуулар педагогикалык технология түшүнүгүн мындай аныктап жатышат:
«Бул эффективдүү педагогикалык натыйжаларга жетүү үчүн педагогикалык системалардын бардык жактары менен байланышкан билим берүү жаатындагы теория жана практиканын изилдөөлөр системасы» (П. Митчелл); «Окутуу жана тарбия берүүнүн педагогикалык жана психологиялык методдорунун суммасы, процесстин уюштуруучу- методикалык куралы болуп саналат» (Б.Т. Лихачев); «Окутуу процессин ишке ашыруунун көп түрдүү техникасы» (В.П. Беспалько); «Бул ар тараптуу жана иштелип чыккан педагогикалык иш-аракеттин модели, мугалим жана окуучу үчүн бардык шарттарды түзүү менен окутуу процессин уюштуруу жана жүргүзүү, план даярдоо үчүн кызмат кылат» (В.М. Монахов); «Педагогикалык системаны ишке ашырууга багытталган билим берүү жагдайларынын суммасы» (Л. Фридман); «Иш-аракеттин иретке салынган системасы анын орундалышы коюлган максаттарга алып келет» (Н. Талангчук); «Коюлган милдеттерге жетүүгө гарантия берген окутуу процессин уюштуруу» (М. Кларин); «а) педагогикалык жөндөмдүүлүк, б) окуучуну калыптандыруу планы, в) окутуу жана тарбия берүү процессин ишке ашырууда көп орундуу техника» (В. П.Беспалько); «окуу процессинин эффективдүү жүрүшүнүн аныкталган методдорунун, формаларынын, каражаттарынын педагогикалык, психологиялык жыйындысы, башкача айтканда окуу процессин уюштуруунун методикалык жыйындысы болуп саналат» (Мамбетакунов Э., Сияев Т.М.). «Окуучуну окутуу, тарбия берүү жана өнүктүрүүнүн чыныгы аткарыла турган максатка жетүү үчүн конкреттүү, илимий негизделген, атайын уюштурулган иш аракет» (Басова Н.В.); «Окуу-таанып билүү процессин уюштуруунун жолдорунун биримдиги же алдыга койгон максатка жетүүгө багытталган мугалимдин конкреттүү ишмердүүлүгү менен байланышкан белгилүү бир кыймыл-аракеттердин, операциялардын ыраатуулугу» (Байкова Л.А.).
Демек, педагогикалык технологияны алдын-ала долбоорлонуп пландалган педагогикалык процессти иреттүү түрдө ишке ашыруудагы мугалимдердин иш аракеттеринин байланыштуу системасы деп эсептөөгө болот.
Биздин абалда мындай максат окуучунун экологиялык маданияты болуп эсептелинет. Н.С. Дежникованын ою боюнча экологиялык маданиятты калыптандыруу технологиялары бул окуучуга инсандык жактан өнүгүүгө жана жашоо сапатынын жаңы деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк берген психологиялык, педагогикалык ыкмалар жана методдордун айкалышы. Өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп тарбиялык технологиялардын жоюуга багытталган, индивиддин айлана-чөйрө менен мамилешүүсүндөгү экомаданияттык балансы чыгат дейт [36, 51-56-бб.].
Анын пикири боюнча педагогикалык технологиялардын тарбиялык потенциалын ишке ашыруу төмөнкү шарттарды сактоодо гана оңунан чыгат:
Инсандын – өнүгүүсүнө карата бүтүндүк ыкманы колдонуу, б.а. бир эле мезгилде психиканын интеллектуалдык, эмоционалдык жана иш- аракеттик чөйрөсүнө болгон таасир.
Инсандык өнүгүүнүн курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүнө болгон милдеттүү багыты.
Окуучулардын кичүүдөн улууга болгон курактык экологиялык тарбиясындагы жолун жолдоочулукту камсыз кылуу.
Аймактык мүмкүнчүлүктөрдү жана конкреттүү социалдык- экономикалык абалды эсепке алуу.
Мугалимдердин жалпы жана өздүк экологиялык маданиятын жогорулатуу [36, 51-56-бб.].
Бирок, экологиялык тарбия жана билим берүү чөйрөсүндөгү иштердин көптүгүнө карабастан, дагы деле окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандырууда сунушталган технологиялардын эффективдүүлгүнүн жетишсиздиги тууралуу маселе көтөрүлүп келет. Дал ушул жерде бизге, Ш. Амонашвили [8], Ю.К. Бабанский [14], К. Блага [24], Б.З. Вульфов [28], С. Марев [], М.М. Поташник [79], С.В. Степанов [89], К. Шебек [25], В.Э. Штейнберг [102] ж.б. ушул сыяктуу таланттуу изилдөөчүлөрдүн тажрыйбасы керек болот.
Азыркы учурда төмөндөгүдөй технологиялар практикада активдүү колдонулуп келе жатат.
Проблемалык окутуу. Анын негизинде кандайдыр бир көйгөйдүн чечими жатат. Н.Н. Вересов: «экологиялык маданиятты калыптандыруу нагыз практикалык иш-чаралардын системасы, б.а. билгичтик жана көндүмдөрдүн калыптануусу менен гана чектелбейт. Проблема берилген көндүмдөрдүн окуучу тараптан түшүнүшүнөн турат», - деп далилдейт [27, 181-б.]. Окуучулар үчүн жандуу жаратылыш кубулуштары жана объекттер ортосундагы байланышты адабият сабагында өздөштүрүү процесси татаал болуп эсептелинет. Буга экологиялык багыттагы «кандай?», «эмне себептен?», «эмнеге?» аттуу суроолорго жооп издөө түрткү берет. Бул экологиялык билимдердин элементтери. Адабий окуу сабагын окутууда адам жана жаратылыш мамилешүү маселесине өзгөчө маани бериш керек. Окуучуларга жаратылыш абалына адам жашоосу көз каранды экенин үйрөтүү керек. Окумуштуу - методист К. Иманалиев «Адабияттык проблема чыгарманын идеялык, философиялык, тарыхый, эстетикалык мазмунунун айкалышынан турат. Чыгарманы талдаганда мына ушул айкалышты бирдикте, бир бүтүндүктө талдоо керек», - деп белгилейт [52, 28-29-бб.].
Проблемалык окутуу бир канча элементтерден турат: көйгөйлүү маселе, көйгөйлүү тапшырма, көйгөйлүү абал жана көйгөй. Берилген окутуу технологияларынын түрүн колдонуу окуучуну кыймыл-аракетке туруп, ой- жүгүртүү муктаждыгынын пайда болушуна таасир этет.
Окутуудагы проблемалуулуктун төрт деңгээли бар:
Мугалим өзү проблеманы коюп, окуучулардын активдүү көңүл буруусу жана талкуулашы менен өзү чечет. Мугалим проблеманы коет, окуучулар же мугалимдин жардамы менен же өз алдынча чечишет.
Окуучу проблеманы өзү коет, мугалим аны чечүүгө жардам берет.
Окуучу проблеманы өзү коет жана аны өз чечет [18, 90-б.].
Педагогдун негизги милдети окуучулар бул проблемалык абалды
Чечүүдө өздөрүндө болгон билимдин жана билгичтиктин дал келбегенин табып жана жаңы аракетти өздөштүрүү муктаждыгын түшүнгүдөй кылып коюусунда турат.
Өнүктүрүп-өстүрүүчү окутуу. Окутуунун стандарттуу түшүндүрмөлүү-иллюстративдик ыкмасынан өнүктүрүүчү технологияларга өтүү билим берүүдөгү жалпы дүйнөлүк тенденция болуп саналат. Өнүктүрүүчү окутуунун идеяларынын түп тамыры И.Г. Песталоцци жана К.Д. Ушинскийдин иштерине барып такалат. Андан аркы өнүгүүнү Л.С. Выготский, В.В. Давыдов, Л.В. Занков, А.Н. Леонтьев ж.б. изилдөөчүлөрдүн иштеринде көрсөк болот. Негизги ой окутуу баланын психикалык өнүгүүсүнүн, анын инсандык сапаттарынын жыйындысынын түзүлүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү катары тааныларынан турат. Алар төмөнкү жоболордо толук чагылдырылган:
Окуучу окутууда объект эмес, субъект болуп эсептелинет.
Окутуу өнүгүүгө түрткү берип, тездетүү менен (баланын өнүгүүсүнүн жакынкы зонасы) алдыда жүрөт.
Ой-жүгүртүүнүн, теориялык билимдин негизги ролу, акыл-эс иш- аракетинин ыкмаларын калыптандыруу приоритети жарыяланат.
Таанып-билүү кызыкчылыктарын, таанып-билүү муктаждыгын активдештирүүгө басым жасалат.
Окуучунун окуу иш-аракети бардык психологиялык этаптарды камтыган максаттуу багыт катары уюштурулат. Ал: максатка ылайык пландоо, максатты ишке ашыруу жана жыйынтыктарды рефлексивдүү талдоо [23, 10-б.].
Оюнга негизделген окутуу. «Оюнсуз эч кимди эч нерсеге үйрөтө албайсың,
анткени оюн окутууга инсандык мүнөз берет. Ошондуктан окутуу процессинде оюнга артыкчылыктүү маани берүү керек, ансыз окутуу сезимталдуу эмес, супсак болот», - дейт И. Бекбоев [39, 339-б.]. Ишкер оюндар бир нече максаттарды көздөйт, негизгилерден болуп окуучулардын ой-жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, өз алдынчалыгын активдештирүү, практикалык профессионалдык иш-аракетке даярдоо саналат. Ишкер оюндарын өткерүүгө окуучуларды даярдоо имитациялык көнүгүүлөрдү аткарууну божомолдойт. Ишкер оюндун мазмуну белгилүү көндүмдөрдү жана ыктарды калыптандырууда турат. Аны аткаруу процессинде билим гана активдешпестен ошондой эле баарлашуунун коллективдик формалары да өнүгөт. Бири-бири менен баарлашууда окуучулар илим, адабият, искусство чөйрөсүндөгү билимдер менен, жашоо жана турмуш жөнүндө маалыматтар менен алмашышат. Мындан билимдер, эмоциялар менен өз ара байытууга алып келген ушул сыяктуу маалыматтын алмашуусун башкаруу сыяктуу педагогдун маанилүү милдети келип чыгат. Жаратылышты таанып билүүгө карата кызыкчылыгынын пайда болуусунун жана ага аяр мамилени тарбиялоонун эц жакшы шарты бул педагог менен баарлашуу болуусу мүмкүн, эгер ал биологияга кызыгып, өз жеринин флора жана фаунасын билсе, өз үлгүсү менен окуучуларда өз жаратылышынын байлыгын коргоп жана көбөйтүүгө умтулуусун жарата алса.
Н.С. Дежникова жана И.В. Цветкова экологиялык маданиятты калыптандыруу: «технология бир эле мезгилде окуучулардын экологиялык сабаттуулугун жогорулаткан - таанып-билүү, алардын сезим тажрыйбасын байыткан эмоционалдык, алардын экологиялык демилгесине түрткңү берген иш-аракеттик сыяктуу инсандык өнүгүүнүн чөйрөлөрүнө багытталганда гана ийгиликтүү ишке ашат» - деп белгилешет [38, 46-б.].
Экологиялык билимдүү инсандын калыптанышы жаратылышты эмоционалдуу кабыл алуу менен таанып-билүү иш-аракетин айкалыштырууну божомолдойт. К.Г. Паустовский алтынчы сезимди адам акылдуу, назик болгондо, жаратылыш сезими аң-сезимдин белгилүү тепкичине жеткенде келет», -деп белгилеген [40, 13-б.].
Экологиялык тарбиянын эффективдүү шарты болуп, тажрыйбаларды уюштуруу жана байкоо аркылуу айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү эсептелинет. Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү көйгөйүнө өз изилдөөлөрүндө В.Б. Беляков [22], П.Н. Белов [21], В.Б. Георгиевский [31], Н.А. Гусева [48], Н.И. Дереклеева [39], В.С. Сидоров [103], А.П. Сурвила [31] жана башкалар көңүл бурушкан.
Адабий окуу сабагын окутуу процессинде жүргүзүлгөн ар бир байкоо максатка жана мазмунга ээ. Ал окуучуларда айлана-чөйрө тууралуу ар тараптуу жана системалуу билимди калыптандырат, тааныш объекттердин жаөы тараптарын жана өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Байкоо ар бир конкреттүү жаратылыш объектилерин эмоционалдык жактан кабыл алуу үчүн негиз түзөт. Бул методдун өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр: - билимдин визуалдык булагынын сөздөн басымдуулугу,
бардык окуучулардын тегиз камтылышы, - иштөөнүн практикалык формасынын активдүү колдонушу.
Экологиялык тарбия берүүдө өзгөчө роль экскурсияларга таандык. Алар окуучуларга айлана-чөйрөнүн абалы менен табигый шартта таанышууга мүмкүндүк берет. Ал тургай көпкө созулбаган экскурсиялар дагы адамды рухий жактан байытат, ага жаратылыш менен баарлашууда ырахат тартуулайт. Биздин абалда экскурсиялар үчүн объект болуп табигый жерлер гана эмес, ошондой эле адам тараптан өзгөртүлгөн жаратылыш да кызмат кылат, бул адамдын айлана-чөйрөгө терс таасиринин масштабы экендигине ишенүүгө негиз болот. Экскурсияларды өткөрүү бир нече этапта өтүүсү зарыл:
Даярдоо этабы - негизги милдети болуп маршрутту аныктоо, көңүл буруучу объекттер туралуу маалыматтарды тандоо эсептелинет, окуучуларда ылайыктуу маанайды жаратуу, жүрүм-турум эрежелерин эскертүү, тапшырмаларды бөлүштүрүү маанилүү.
Экскурсияны жүргүзүү- анын жүрүшүндө окуучулардын сөздөрдү эмес, алар эмнени кармап же көңүл буруп караганын эстеп калуусун унутпоо керек, бул тапшырмаларды аткаруу үчүн убакыт бөлүү керек.
Экскурсиянын жыйынтыгын чыгаруу – көргөндү талдоону, аткарылган иштин натыйжаларын жалпылоону, талкуу менен отчетторду түзүүнү божомолдойт.
Экскурсиялардын сөзсүз түрдө жакшы жагы, окуучулар жаратылыш чөйрөсүндө маданияттуу жүрүм-турум көндүмдөрүнө ээ болушат, айлананын экологиялык абалы менен таанышышат. Э. Мамбетакунов жана Т. Сияев: «ар бир экскурсия изилдөө объектиси менен таанышуу, аны түздөн-түз көрүү, байкоо жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу жана жалпы жыйынтыкты өзүнө камтыйт», - деп жазышат [58, 230-б.]. Биз булардын оюна кошулабыз, андан да, ар бир экскурсияны конкреттүү объекттерден баштап, окуучуларга дүйнөнүн бүтүн сүрөтү жөнүндө түшүнүктү берген жалпы маселелерди кароо менен аяктоо керек деп эсептейбиз.
Демек, экологиялык тарбияны калыптандыруу процессинде колдонулган педагогикалык технологиялар көп пландуу мүнөзгө ээ. Бирок алар окуучуларда жаратылыш менен адамдын бүтүндүк сезимин өнүктүрүү, анын байлыгын сактоо жана андан ары көбөйтүү муктаждыгын калыптандыруу сыяктуу жалпы максат менен байланышкан.
§2.2. Башталгыч мектептердин окуу процессин экологиялык билим жана тажрыйбалардын негизинде өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү
Окуучуларды экологиялык жактан тарбиялоодо көп кырдуу таасир көрсөтүүчү, кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ жолдорунун бири – бул окуу процесси. Бир тамчы шүүдүрүмдөн бүт ааламдын элеси көрүнгөндөй 45-минуталык сабак да мектептин окуу-методикалык, тарбиялык, уюштуруучулук иштеринин мүнөзүн түгөл чагылдырып көрсөтөт. Класстык сабактын артыкчылыгы - таанып билүү, өнүктүрүү ошондой эле тарбиялоо сыяктуу милдеттер аркылуу ырааттуу түрдө жүзөгө ашат. Аталган маселелерди ойдогудай чечүү, анын ичинде балдардын табиятка карата жапакеч мамилесин калыптандыруу башталгыч класс мугалиминин кесиптик–инсандык касиеттеринен көбүрөөк байланыштуу. Ал дээрлик бардык сабактарды жеке өзү окуткан экологиялык таалим-тарбия ишин программага ылайык предметтердин өзгөчөлүгүн, балдардын тарбиялангандыгынын реалдуу деңгээлин эске алуу аркылуу жүргүзөт. Асыресе, өтүлө турган материалдарды максаттуу жайгаштыруу сабактардын мазмунун кыргыздардын табият-таануу боюнча эзелки турмуштук тажрыйбаларындагы, прогрессивдүү каада-салттарындагы, үрп-адаттарындагы, оозеки адабиятындагы этнопедагогиканын элементтери менен байытуу, алардын таасирдүүлүгүн арттыруу мугалимдин ыкластуу чыгармачылык иш-аракети аркылуу камсыз кылынат.
Тандалып алынган теманын максатына жана милдетине ылайык, биз башталгыч билим берүүнүн мазмунун жана методдорун этноэкологиялык өңүттө өркүндөтүү боюнча бир канча этаптан турган тажрыйбалык эксперименттик жумушту баштадык. Анын программасын ишке ашыруудан мурда бир катар алдын-ала даярдык жумуштары жүргүзүлдү. Мында эксперименттик жана контролдук класстарда окуган окуучуларга педагогикалык байкоо жүргүзүлүп, элдик педагогиканын каражаттарын пайдалануу менен экологиялык тарбия берүү ыкмаларын чагылдырган мугалимдердин практикалык тажрыйбалары үйрөнүлүп, жалпыланды. Биз изилдөө ишибиз үчүн кызыгууну туудурган окуу процессинде жана класстан сырткаркы ишмердикте кыргыз элинин этнопедагогикалык мурастарын чыгармачылык менен пайдаланган тогуз башталгыч класс мугалимдерин тандап алдык. Эксперимент жүргүзгөн мугалимдер изилдөөчүлүк максатты ишке ашыруу боюнча биздин эксперименттик сунуштар менен таанышып чыгышты. Алар менен бирге иштелип чыккан тажрыйбалык система конкреттүү кырдаалдагы окуу-тарбия иштеринин табигый логикасына жакындаштырылып, аны менен аралашып ага шайкеш болушуна умтулдук. Биздин изилдөөбүздүн максатына жана милдетине шайкеш белгилүү бир системада иштелип чыккан сабактар эксперименттик иштин бул баскычында колдонулган усулдардын бири катары тандалып алынды.
Сабактар үчүн темаларды тандоодо биз бул программалык материалдар айлана-чөйрөнүн ынандырарлык анык фактыларын жана мисалдарын өз ичине камтууга тийиштигин, аны турмуштук көрүнүштөрдүн мисалында бекемдөө керектигин, тандалган фактылардын кыргыз элинин табият таануучулук салттары, руханий маданияты, тарыхы, педагогикасынын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү, чөлкөм таануучулук материалдар менен шайкеш келишин эске алдык. Мунун өзү сабактын мазмунун байытып, эмоциялык жагын күчөтүүнү, сабакта коюлган максат жана милдеттерди эффективдүү түрдө ишке ашырууну шарттайт.
Эксперименттик материалдарды даярдоонун жүрүшүндө мазмуну боюнча башталгыч класстардын курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жакын фольклордук мурастарга өзгөчө көңүл бөлүндү. Иштин жүрүшүндө биз эне тилиндеги окуу китептерине киргизилбеген дидактикалык маанидеги элдик оюндарды, табият таануучулук мүнөздөгү материалдарды, экологиялык мазмунга ээ атайын окуу методикалык тапшырмаларды, атайын даярдалбаган экологиялык кырдаалдарды ж.б. элдик педагогиканын ар түрдүү каражаттарын кылдат иргеп талдап пайдаланууну көзөмөлдөдүк.
Мугалимдер эксперименттик класстарда өтүлүүчү сабактарда окулуп-үйрөнүлүп жаткан материалдарга окуучулардын кызыгуусун арттыра турган жана алардын ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрө, активдүүлүгүн, өз алдынчалуулугун камсыз кыла турган ар түрдүү усулдарды, ыкмаларды жана мисалдарды колдонушту. Өзгөчө таанымдык - материалдарды проблемалуу ыңгайда (талкууга ылайыктап) баяндоого, ар кандай таанып билүүчүлүк жана чыгармачыл мүнөздөгү практикалык иштерди пайдаланууга аракет жасалды. Педагогдор сабакта иш жүргүзүүнүн коллективдүү формаларына индивидуалдуу ыкмаларды билгичтик менен айкалыштырып, балдардын өз алдынча иштөөсүн ийгиликтүү жолго коюп, экологиялык билими жана тарбиясы бири-биринен айырмаланган түрдүү деңгээлдеги окуучулар үчүн атайын тапшырмаларды кылдаттык менен түзүп чыгышты. Мисалы, алар окуучуларга өздөрүнө жаккан табият кубулуштарын сүрөткө тартып, аларга туура келген макал-лакаптарды, үрп-адаттарды табуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндөгү кызыктуу билдирүүлөрдү даярдашты. Алар тууралуу табышмактарды эске түшүрүү, ырларды жаттоо жана жаратылышты коргоого байланыштуу фольклордук материалдарды жыйноо өңдүү тапшырмаларды окуучулардын табиятка болгон эмоционалдык-эстетикалык мамилелерин өркүндөтүү максатында беришти.
Натыйжада, сабак өтүүнүн кадимки усулдары белгилүү бир деңгээлде өркүндөтүлдү. Мугалимдер менен бирге эксперименталдык класстарда өтүлүүчү материалдардын мазмунуна толуктоолор киргизилди. Мында сабакта эффективдүү түрдө колдонулган ар кандай вариантта берилүүчү тапшырмалардын маанисине көңүл бөлүндү. Ар бир өтүлгөн сабактан кийин ага анализ жүргүзүлүп, анын жыйынтык-натыйжалары кайра иштелип чыгып, жалпыланды.
Изилдөөнүн жүрүшүндө контролдук класстарда өткөрүлүүчү сабактар да анализге алынып, окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө байкоо жүргүзүлүп, алардын билимин текшерүү максатында атайын текшерүү иштери берилди. Жөнөкөй класстарды окутууда кыргыз элинин табиятка этият мамиле жасоого, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга байланыштуу салттарына анчалык басым жасалган эмес. Мугалимдер элдик педагогиканын каражаттарын пайдаланышканы менен, алардын экологиялык мазмунун ачып берүүгө айтаарлык көңүл бөлүшкөн эмес. Алар экологиялык темадагы сабактарды өтүүдө зарыл деп эсептелген айрым кошумча фольклордук жана этнографиялык материалдарды жетишээрлик пайдаланбагандыктан, сабактардын тарбиялык мазмуну жана таасири бир топ төмөн болгон. Бул болсо мугалимдер үчүн биз сунуш кылган тажрыйбалык программанын алардын окуу-тарбия иштеринде колдонгон усул-ыкмаларга, уюштуруу иштеринин натыйжалуулугун арттырууга алда канча жардам берерин айкындоого мүмкүндүк берди.
Салыштыруу аркылуу айкындалган тыянактарыбызды мындан да тереңиреек текшерүү үчүн башталгыч класс окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоонун эксперименттик системасын башка мугалимдердин иш-тажрыйбаларында дагы бир канча жолу колдонуп сыноодон өткөрдүк. Мына ушунун өзү биздин бул системаны оңдоп-түзөтүүбүзгө, кыргыз элинин элдик педагогикасынын тажрыйбаларына жана идеяларына таянуу менен экологиялык жактан тарбиялоону жакшыртуу боюнча бир катар методикалык сунуш-пикирлерди иштеп чыгышыбызга негиз болду.
Тарбиялык милдеттердин ийгиликтүү аткарылышы көпчүлүк учурда этноэкологиялык материалдардын илимий мазмунуна, дүйнө таануучулук маңызына алардын окуучулар тарабынан жеткиликтүү аңдалышына байланыштуу болот. Бул маселе тууралуу М.А.Данилов жана Б.П.Есипов башталгыч класстарда "...окуучулардын аң-сезимине кичинекей гана илимий идеяны киргизүү керек, бирок муну табияттын жана коомдун өнүгүү мыйзамдарын материалисттик жактан түшүнүүгө пайдубал түзө тургандай деңгээлде өтө жөнөкөй жана кылдаттык менен ишке ашыруу керек", - деп жазышкан [35, 167].
Ушул ыңгайдан алганда «Мекен таануу» сабактарынын мааниси зор. Бул предметти башталгыч класстарда окутууда дүйнөгө болгон көз-караштын алгачкы пайдубалы түптөлөт, б.а. алар бул сабакты окуп-үйрөнүү менен табияттын биримдиги жана өнүгүшү, табият кубулуштарынын өз ара байланышы тууралуу элементардык билимдерге умтулат. Муну менен катар туулган жердин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактап коргоого карата жоопкерчилик сезимдерин арттырат.
Башталгыч класстын окуучуларында дүйнөгө болгон туура илимий көз- караштын элементтеринин калыптанышы көпчүлүк учурда табияттын ар түрдүү кубулуштарынын өз ара байланыштуулугун, бири-бирине көз карандылыгын, жандуу жана жансыз жаратылыштын мыйзам ченемдүү байланыштарын окуу- тарбия процессинде туура түшүндүрүүгө байланыштуу болот. Бул маселе тууралуу В.А.Сухомлинский: "Табиятты адам баласы толук таанып билгенде, анын себеп-натыйжалык байланышына сүңгүп киргенде гана ал тарбиялоонун эбегейсиз зор булагына айланат... Акылынын жетишинче чымыркана ойлонуп, бала табияттагы кубулуштар менен предметтердин өз ара байланышын аныктоого аракеттенип, белгилүү бир жумушту аткарат", - деп жазган. [91,41].
Мекен таануу предметин окуп-үйрөнүү процессинде окуучуларда табият тууралуу билимдердин негизи эле түптөлбөстөн, айлана-чөйрөгө карата камкор мамиле жасоого үйрөнүү үчүн да өбөлгөлөр түзүлөт. Окуу процессинде табият кубулуштары менен чыгарманын көркөм образын, элдик макал-лакаптарды, табышмактарды айкалыштыра колдонуу балдардын бул кубулуштарды терең өздөштүрүп, табиятты сүйүүсүнө жардам берет.
Педагогикалык тажрыйбанын жүрүшүндө сабактарга элдик педагогиканын элементтерин киргизүүдө алардын өтүлүп жаткан тема менен болгон байланышы эске алынып, материалды берүүнүн логикасы жана ырааттуулугу сакталды. Биз мында кыргыз элинин табиятка байланышкан фольклордук чыгармаларын тандоодо башталгыч класс окуучуларынын курактык жана таанымдык тажрыйбаларына жакын көркөм образдарга кайрылдык. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн түзүлгөн «Мекен таануу» окуу куралынын бардык бөлүктөрү боюнча жооп берүүдө окуучуларды этноэкологиялык билимдерди жана тажрыйбаларды чын ыклас менен үйрөнүүгө багыттай турган атайын тапшырмаларды иштеп чыктык. Буга мисал катары экинчи класстын окуучуларына "Аба ырайы" деген тема боюнча берилген 19-беттеги, «Ат- адамдын канаты»" деген тема боюнча берилген 45-беттеги айбандардын сүрөттөрүн кунт коюп карагыла" жана 47, 65- беттердеги "сүрөттөрдөгү айбанаттардын баскан-турганы, өзгөчөлүктөрүнө байланышкан табышмактарды эстегиле, аңгеме түзгүлө" ж.б.д.у.с. сунуштарды келтирүүгө болот.
Эксперимент жүргүзгөн мугалимдер окуучуларга жыл мезгилдеринин жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнө тийгизген таасири жана алардагы өзгөрүүлөргө байланышкан макал-лакаптарды, табышмактарды, элдик оозеки адабияттын үлгүлөрүн жыйноого багыт беришти. Окуучулар тарабынан жыйналган материалдар табият таануу бурчтарын, "Табият тууралуу элдик жомок" "Эл таанып-билген табият" аттуу темадагы класстык альбомду жасалгалоодо, ошондой эле сабактан жана класстан сырткаркы иштерде көрсөтмө куралдар катары да пайдаланылды. Мындай иш алардын экологиялык билим жана тажрыйбаларын активдүү өздөштүрүүсүнө түрткү берди. «Мекен таануу» сабагын окуп-үйрөнүүдө кыргыз элинин этноэкологиялык мурастары алгачкы жолу пайдаланылып жаткандыктан, биз эксперимент жүргүзгөн мугалимдердин иштөө системасында типтүү көрүнүш болгон сабактын жүрүшүн толук анализдөөгө аракет кылабыз. Аларды тандоодо биз сабактын ар кандай типтериндеги элдик педагогиканын тажрыйбалары жана идеяларына негизделген экологиялык материалдардын мазмунун толук ачып берүүгө жана аны турмуш менен байланыштыруу жолдорун аныктоого өзгөчө көңүл бөлдүк.
Ушуга байланыштуу эксперименттик класстардагы конкреттүү мисалдарга кайрылып, аларды мазмуну жагынан элдик педагогиканын ар кандай каражаттарын пайдаланууга мүмкүндүк берген «мекен таануу» предмети боюнча айрым бир сабактардын фрагменттери менен иллюстрациялоого аракет кылабыз.
Табият менен адам ишмердүүлүгүнүн ортосундагы байланышты түшүндүрүү үчүн экинчи класста өтүлүүчү "Жаз – жаратылыштын жаңылануу мезгили" аттуу сабакта зор мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул сабакта адам эмгегин барктоо жер иштетүүнүн эң жөнөкөй эрежелерин өздөштүрүү, жыл мезгилдеринин алмашуусунун адамдын жашоо турмушундагы маанисин ачып берүү, элдин жер иштетүү, дыйканчылык боюнча тажрыйбаларына болгон кызыгууну өстүрүү өңдүү бир катар негизги тарбиялык милдеттер жүзөгө ашат.
Мына ушул теманы өтүүдө Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын №4 Коксал Топтан орто мектебинин мугалими Б.И.Аманбаева өз сабагын жаздын келиши менен табияттагы жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү окуучуларга түшүндүрүү, жаз алды менен башталган айыл чарба жумуштарына окуучулардын көңүлүн бөлүү менен баштады. Андан соң ал өз сабагында байыркы кыргыздардын жерге этият мамилесин далилдеген фольклордук материалдардан мисал келтирди, өзгөчө белгилей кетчү нерсе, педагог сабакта үрөөндү себүүгө жер кыртышынын даяр экендигин аныктоодогу элдик ыкманы колдонушу өтүлө турган материалга карата окуучулардын кызыгуусун кыйла күчөттү. Андан соң мугалим жер жана жаз жөнүндөгү кыргыз элинин: "Эрте сепсең бир күнү, эрте оросуң бир жума", "Жаз келсе гүл күлөт, күз келсе адам күлөт", "Жаз - жарыш, күз-күрөш" деген өңдүү табият кубулуштарынын өзгөрүүсүнө жана адамдын эмгектенүү процессине байланыштуу бир топ макалдарын окуучуларга чечмелеп айтып берди. Анан "Жазда көрсөң камылга, келерки кышта табылга", деген макалды окуучулар кандайча түшүнөрүн сурады. Айрыкча, бизге жакканы - педагог айыл чарба жумуштарына арналган теманы өтүүдө аны кандай макал-лакаптар менен сыпаттоо керектиги тууралуу окуучулардын ойлорун сурап, ошондон улам алардын окуу китептерин кандай сүрөттөр менен жасалгалоо керектиги жөнүндө ойлорун бөлүшкөнү болду. Сабактын натыйжасын окуучулардын төмөнкүдөй ой жүгүртүүлөрүнөн да көрсө болот. "Дыйкандар жазында жердин нымы кургап кете электе эгин сээп бүтөлү деп, күндүр-түндүр тынбай иштешет. Антпесе, түшүм начар болот". "Кээде талаада машактардын көп чачылганын көрөбүз. Таза иштебесе түшүм да берекелүү болбойт".
Сабактын аягында окуучуларга өтүлгөн материалдарды бышыктоо максатында атайын айыл чарба жумуштарына байланышкан үй тапшырмалары берилди. Алар өз байкоолорун үрөөндү качан себүү керектигин аныктаган элдик календарь менен салыштырып көрүшөт. "Жерди эмгек көгөртөт" аттуу класстык альбомду жасалгалоо үчүн макал-лакаптарды жыйнашат. Мындан сырткары, өз үйлөрүндөгү огороддон атайын окуу-тажрыйба иштерин жүргүзө турган аянтта жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр айтылды.
Сабактын жүрүшүн мына ушундай түзүү окуучуларды табияттын баа жеткис тартуусуна өздөрүнүн мамилеси жөнүндө ой жүгүртүүгө түртөт, өсүмдүктөрдү жана ар кандай мөмө-жемиш берүүчү дарактарды өстүрүү менен байланышкан фольклордук материалдарды жыйноо зарылдыгын түшүнүүгө көмөкчү болот. Бабалардын жерди сарамжалдуу пайдалануу, малды асыроо жөнүндөгү баалуу маалыматтарды камтыган этнопедагогикалык мурастарын "Ата мекен, ата журт", "Жапайы жана үй жаныбарлары", "Күздөгү жансыз жаратылыш", "өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү" деген өңдүү темаларды өтүүдө пайдаланса болот. Жалпылоочу сабактардын мазмунуна зор тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүктөр камтылган. Мында балдардын акыл-эс жактан жетилиши, туулган жердин табиятына эмоционалдык-эстетикалык жактан туура мамиленин өбөлгөсү болгон ыймандык сапаттардын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Мугалим окулуп-үйрөнүлүп жаткан материалды окуучулар канчалык терең, аң-сезимдүү түрдө өздөштүргөндүгүн аныктоого мүмкүндүк алат. Мындай сабактарда окуучулардын таанып билүүчүлүк жактан активдүүлүгүн көтөрүү максатында элдик педагогиканын тажрыйбалары кеңири пайдаланылып, бул алардын табият жөнүндөгү билимдеринин байышын шарттайт.
Сабактын кийинки этабында мугалим балдардан төмөнкү табышмак кайсы жаныбар жөнүндө экендигин сурайт:
"Төө ооздуу
Бото көздүү,
Эшек кулактуу,
Эчки чычандуу,
Ат аяктуу,
Кой жүндүү,
Бул эмне?".
Мунун жандырмагын тапкандан кийин, мугалим жакшылык алып келе турган коён жөнүндөгү уламышты айтып берип, жапайы жаныбарлардын адам жашоосундагы маанисин түшүндүрөт.
Айтылгандарды бекемдөө үчүн А.Масалиев атындагы орто мектебинин мугалими Р.Т.Жолдошбаеванын "Канаттуулар жазында" деген темадагы жалпылоочу сабагынын фрагменттерин анализдеп көрөлү. Бул сабакта балдардын туулган жердин табиятына карата болгон сүйүүсүн, жаратылышты коргоо боюнча элдик салттарды жана көркөм-фольклордук мурастарды баалап-барктоо сезимин ойготуу максаттары коюлган.
Өтүлүп жаткан сабактардагы материалдарды коллективдүү түрдө талкуулоодо педагог окуучуларды эмне үчүн республиканын түштүгүндө жазды "амал" деп атаары жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырды. Окуучулар бул сөз эмненин түшүндүрөрү, кыргыздарда жаз айлары кандайча аталары жана эмне үчүн ошондой аталып калгандыгы жөнүндө ой жүгүртүшүп, мугалим менен бирдикте талкуулашты. Түштүктөгү айрым райондордо сакталган жөрөлгө - бөбөктүү же келиндүү болгон үйгө жаш балдар байчечекей тартуулап барган салт жөнүндөгү аңгеме да өтө кызыгуу менен угулду. Мына ушулардан кийин гана Жолдошбаева табият ойгонуп, бак-даракка жан кирген жаз мезгили менен кошо келчү "Нооруз" майрамы тууралуу айтып, бул майрамдын табиятты коргоодогу маанисине токтолду. Мугалим андан кийин дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун повестиндеги Бугу-Эне жөнүндөгү уламышты окуучуларга айтып берип, окуучулардан эмне үчүн бугу ыйык саналары тууралуу сурады.
Мугалим жаз мезгилиндеги канаттуулардын, жан-жаныбарлардын кыймыл-аракетине карап табият кубулуштарына байкоо жүргүзүү менен катар аба-ырайын алдын-ала аныктоо боюнча: "Жөргөмүштүн ыкчамдап шамдагай иштеши күн ачык, жылуу болорун билдирет", "Чымын чиркейлер адамды, малды тажатканча тынчын алса, жаан жаашын билдирет", "Кызарып чыккан күн - катуу шамалдын белгиси" деген өңдүү табиятты байкоонун негизинде пайда болгон элдик ырым-жырымдарды талдайт. Окуучулардын кызыгуусу артып, алар жаз, жамгыр, күн тууралуу элдик ырларды эстешет жана хор менен ырдашат. Сабакта фольклордук жана адабий мисалдарды максатка ылайык туура тандоо келе жаткан жаз тууралуу окуучулардын эмоциялык толгонууларын, ой жүгүртүүлөрдүн жана билимдеринин биримдигин шарттап, табияттын мурда өздөрү үчүн али белгисиз сырларын үйрөнүүгө шыктандырат, алардын адептик жана эстетикалык жактан калыптанышына өбөлгө түзөт.
Мекен таануу сабагы боюнча 2-класстарда "Аба ырайы", "Өсүмдүктүн бөлүктөрү", "үй канаттуулары" өңдүү темаларды өтүүдө байыркы кыргыздардын жалпы эле өсүмдүктөр дүйнөсүнө карата мамилесин чагылдырган фактыларды пайдаланууга мүмкүндүк түзүлөт. Мында өсүмдүктөрдүн элдик аталыштары, алардын дарылык касиеттери тууралуу окуучуларга маалымат берүү жакшы натыйжаларга жеткирет.
Үчүнчү класстын окуучулары үчүн түзүлгөн "Мекен таануу" китебинин "Кыргызстандын жаратылышы", "Жаратылышты сактайбыз", "Адам жана ден соолук" деген өңдүү бөлүктөрүндө окуучуларды табият таануу ишмердүүлүгүнө активдүү катышууга, туулган жердин табиятына сарамжалдуу мамиле жасап, анын байлыктарын барктоо, терең таанып билүүгө тарбиялоонун зор потенциалы камтылган. Бул бөлүмдөрдү окутууда эксперимент жүргүзгөн мугалимдер экинчи, үчүнчү жана төртүнчү класстарда чөлкөм таануу сабагында алган билимдерин жалпылашат.
Эксперименттик класстарда өтүлгөн «Мекен таануу» сабактарында жандуу жана жансыз жаратылыштагы айрым бир кубулуштарды түшүндүрүүдө элдик чыгармачылыктын образдуу, эмоционалдуу өзгөчөлүгү зор көмөк берет.
Кыргыздардын көчмөн турмуш образынын жаратылышка жакындыгы, алардын байыртан бери эзелки түшүнүк катары сакталган экологиялык мазмундагы ырым-жырымдары, салттары, жөрөлгөлөрү жөнүндөгү билимдер менен тааныштырууда өзгөчө "Мекен таануу" курсунда 1-класстан 4-класска чейин ырааттуу орун алган оозеки чыгармалар, айрым макалалар чоң мааниге ээ болорун тажрыйба көрсөттү. Булар төмөнкүлөр: "Көчөт тигүү", "Дарактын досу жана душманы ким?" (1-кл.), "Күздөгү жансызжаратылыш". "Абаырайы", "Жер жана күн", "Адептүү бол", "Жандуу жаратылыш жазында", "Ит жана мышык", "Сууда", "үй канаттуулары", "Биз жашаган айыл же шаар", (2-кл.); "Жандуу суу", "Сыйкырчы кыш", "Кыргызстан тоолордун өлкөсү", "Эмне үчүн тоолор урайт", "Топурактын түзүлүшү жана курамы", "Арстанбап", "Кыргызстандын топурагы. Топурактын мааниси", "Суу жана анын касиеттери. Жаратылышта суунун айланышы", "Кыргызстандын көлмөлөрү", "Ысык-Көл", «Кыргызстандын токойлору", "Адам жана өсүмдүк", "Жаныбарлар адамга эмне берет?", Жаратылышты сактайбыз деген бөлүмүндө «Жаратылышты сактоо», «Кыргызстандын коруктары», «Экология деген эмне?», «Дүйнө экологдун көзү менен», (3-кл.), Аалам жана биз бөлүмүндөгү "Жылдыздуу асман", "Күн - бул жылдыз", «Адам космосто», Кыргызстандын кошуна мамлекеттери бүлөмүндөгү "Жердин экологиялык маселелери", "Экологиялык маселелерди чечүү үчүн адамдар эмне жасашат" (4-кл.) Окуу процессинде алардын этнопедагогикалык таанымдык жана тарбиялык маңызын мугалим туура ачып көрсөткөндө гана программанын башкы максаттарынын бирин башталгыч класс окуучуларынын экологиялык маданиятты, табигий-илимий маданиятты, эстетикалык маданиятты, адеп, жүрүм-турум маданиятын калыптандырат. Аларды каада-салт, адеп нормалары, турмуштук билимдер менен тааныштыруу аркылуу ыймандуулукка, боорукерликке, чынчылдыкка, элин-жерин сүйүүгө, коргоого, салт-санааны барктоого тарбиялоо мүмкүн экендигине өз тажрыйбабыз аркылуу ынандык.
Ушунун натыйжасында окуучулардын туулган жер тууралуу жаңы маалыматтарга карата болгон кызыгуусу артып, алар мугалимге көптөгөн суроолорду беришет, өз ойлорун бөлүшөт.
Мындан этнопедагогикалык мамиле (подход) "Мекен таануу" курсун окутуунун башкы принциби катары жетекчиликке алынышы зарыл деген тыянак чыгат. Айталы, программада орун алган "Кожожаш" сыяктуу элдик оозеки чыгармаларды этнопедагогикалык, этноэкологиялык ыңгайдан ар тараптуу талдоого алганда гана, алар балдар үчүн жетишерлик таалим-тарбия үлгүлөрү катары кызмат кыла алары эксперименттик ишибизде айкындалды.
Окуучуларга экологиялык жактан тарбия берүүдө I-IV класстарда окулуучу табият менен коомдун өз ара байланышын алгач ирет тааныта баштаган бөлөк предметтердин да зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар көрсөткөндөй, табиятка этият мамиле жасоого башталгыч класстардагы окуу-тарбия иштерин бүт бойдон экологиялаштыруунун натыйжасында гана жетишүүгө болот. Окутуу ишинде экологиялык мамилени (подход) жетекчиликке алуу табият жана коом тууралуу билимдердин суммасын тыгыз байланыштырууга мүмкүндүк түзүп алардын мазмунун бирдиктүү бүтүн системага келтирүү, окуучулардын дүйнөгө туура көз-карашын калыптандыруу сыяктуу негизги милдеттерин жемиштүү чечүү үчүн өзгөчө роль ойнойт.
Алсак, ''Адабий окуу" жана «кыргыз тили» сабактарында жогорудагы айтылгандай, окуучулардын табият жөнүндөгү бардык эле билимдерин тереңдетип, бир системага келтирүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар жана бул сабактарда табият жана коомдун өз ара байланышы, андагы кубулуштардын ич ара бири-бирине көз карандылыгы тууралуу окуучулардын түшүнүктөрү кеңейтилет. Чынында ар бир эле сабакта элдик педагогиканын нускаларын, таалим берер эзелки тажрыйбаларды ыгы менен колдонсо болот. Эксперименттик тажрыйбалар адабий окуу сабагында окуучулардын көңүлүн табиятка карата кандай мамиле жасоо керектиги тууралуу материалдарга үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө көңүл буруу, элдик жомоктордогу, уламыштардагы, ырлардагы ж.б. чыгармалардагы табиятка дилгир мамиледе болуу жөнүндөгү идеялар менен окуучуларды тааныштыруу аларга экологиялык жактан тарбия берүү максатына ылайык келерин көрсөттү. Мындан сырткары, окуучуларга тапшырма берүүдө да фольклордук материалдарды эффективдүү пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.
Анда биздин эксперименттик класстарда жүргүзгөн тажрыйбалык практикалык сынактан өткөрүлгөн тапшырмаларды келтирели: төмөнкү аңгеменин мазмундук тилкесин экиге бөлүп, ар бир бөлүктүн темасын анын мазмуна ылайык келген макалдар менен атагыла; макал-лакаптарды колдонгон сүрөттүн сюжетине карап табышмактарды, ырым-жырымдарды тандагыла; эмне үчүн ошолорду тандаганыңарды түшүндүргүлө (туура тандаганыңарды далилдегиле). Жыл мезгилдери, жана ага байланышкан табияттын сулуулугуна арналган көркөм тексттерди окуучулардын жакшы түшүнүшү үчүн жандуу жаратылыш жана табият кубулуштары тууралуу табышмактарды эстегиле деп тапшырма берүү да жакшы натыйжаларга алып келет. Мына ушундай мүнөздөгү тапшырмалар эксперименттик класстарда адабий окуу сабагында сунуш кылынган.
Математика боюнча эксперименттик тапшырмаларды түзүүдө биз математикалык мыйзам ченемдүүлүктөр табиятта жана коомдо жашап жаткан мыйзам ченемдүүлүктөр менен бирге өздөштүрүлөт деген принципти жетекчиликке алдык. Ошол себептүү биз сунуш кылган тапшырмаларда кыргыздардын табият менен байланышкан салттуу билимдери чагылдырылган.
Мисалы, "Жети өлчөп бир кес", "Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат", "Чымындын кылган кылыгы, беш таш жерге угулуп, безилдеген дабышы", "Ат чабым", "Кунан чабым", "Тай чабым" деген өңдүү окуучулардын чечмелөөсү үчүн берилген тапшырмаларда алар элдик календарь менен гана эмес, элдик математикалык билимдер менен да таанышат.
Кыргыз элинин математикалык билимдерин чагылдырган төмөнкү табышмакты тапшырма катары берүү окуучулардын кызыгуусун туудурарына шек жок:
Карасаң мына кызык,
Төрт бурчта бирден мышык.
Чокчоюп олтурушат,
Таранып, сыланышып.
Маңдайында ар биринин,
Олтурушат үчтөн мышык.
Кана эмесе тез эсепте,
Бардыгы канча мышык? (Жообу: төрт)
Жогоркудай математикалык билимдерге байланыштуу табышмактарды окуучуларга үй тапшырмасы үчүн же класстык иш катары берилет. Алардын адам менен жаратылыштын ортосундагы байланышы жөнүндө кеп козголот.
Фонетиканы окуп-үйрөнүүдө элдик оозеки чыгармачылыктын ар кандай түрлөрүн пайдалануу жакшы натыйжаларды берет. Мисалы, таза жазуу мүнөттөрүндө табият таануучулук мааниге ээ айтымдарды, учкул сөздөрдү, макал-лакаптарды пайдалануу сабактын тарбия берүүчүлүк маанисин жогорулатат. Мисалы, "С" жана "Ж" тамгаларын окуучуларга үйрөтүүдө "Жер -казына, суу-алтын", "Жер куураса, эл куурайт" - деген өңдүү макалдарды пайдалануу окуучулардын табият жөнүндөгү билимдерин көбүрөөк тактоого жардам берет.
Ал эми төмөнкүдөй мазмундагы жаңылмачтар "а" жана "у" тамгаларын окуучулардын эсинде көпкө дейре сакталып калуусун эле шарттабастан, мындан окуучулар адам менен табияттын ортосундагы өз ара байланыш тууралуу маалымат алып, кыз мезгилинин касиеттери, андагы табият өзүнүн сүйкүмдүү кооздугу жана тунук, таза элеси тартылат:
Асмандан кар түштү,
Кар ак түштү.
Кар бат түштү.
Кар шамалга учту,
Кар карганы үшүттү,
Балдар карды күттү.
Эксперименттик класстарда өтүлүүчү сабактарда мугалимдер тарабынан табият кубулуштарынын жана бөлүктөрүнүн аталыштарын туура жазуу максатында окуучуларга ар кандай жомоктордон, уламыштардан үзүндүлөр колдонулду. Эне тили сабагындагы берилген тапшырмаларды аткарууда элдик педагогиканын каражаттары өтө кеңири пайдаланылды. Мисалы, биринчи класста "Б" жана "Ш" тамгаларын өтүүдө "Бак - шагы менен бак, Шак - багы менен шат, Шаттуу бактын шагы көп, Шактуу бактын баары көп” деген жанылмачты пайдаланылып, мындай фольклордук материалдардын жардамы менен "Ш" үнсүзүнүн өзгөчөлүгү жакшы кабылданып эске бекем тутулат.
Тилдин туура жазуу эрежелерин, сөздүк составын, синтаксисин окуп-үйрөнүүдө фольклорду пайдалануу балдардын адептик жана эстетикалык жактан тарбияланышына таасир тийгизет. Окулуп-үйрөнүлүп жаткан материалга карата болгон окуучулардын кызыгуусу мугалимдер тарабынан билим берүүнүн эмоциялык жана рационалдык ыкмасын айкалыштыра колдонулганда гана ишке ашат.
Эксперимент жүргүзгөн мугалимдердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, элдик педагогиканын тажрыйбаларын эне тили боюнча өтүлүүчү сабактарда пайдалануу окуучулардын таанып билүүчүлүк ишмердигин активдештирет, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун күчөтүп, табият жана анын кубулуштары жөнүндөгү билимдеринин байышына алып келет. Эксперименттик класстардагы окуучулардын кыргыз тили боюнча билимин текшерүү максатында берилүүчү тапшырмалар да элдик педагогиканын негизинде түзүлүшү зарыл. Мында грамматикалык тапшырмалардын лексикалык мазмунун негизинен макал-лакаптар, табышмактар, учкул сөздөр түзүүгө тийиш.
Айтылган ойду бышыктоо үчүн мисалдар келтирели. Мисалы, "үнсүз К тамгасы жана тыбышы" деген теманы өтүүдө "Колу жок, буту жок, шуулдаган үн келип, дарбаза ачат","Күнү-түнү тынбаган, бөлө чапсан сынбаган" деген табышмактарды жазгыла жана үнсүз тамганын алдын сызгыла", ал эми "Нерселердин атын туюнткан сөздөр" деген теманы өтүүдө: "Кыш менен байланышкан "Кышта көрсөң камылга, келерки күздө табылга" деген макалды көчүрүп жазгыла жана "Каргалар кышкысын топ-топ болуп учса, күн суук болот" деген сүйлөмдү көчүрүп жазып, анын табият таануучулук маанисин чечмелегиле" деген өңдүү тапшырмаларды берүү максатка ылайык.
Сабактын максатына жана грамматикалык көнүгүүлөрдүн мазмунуна жараша жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө камкор мамиле жасоону калыптандыра турган, алардын экологиялык билимдерин тереңдетүүгө мүмкүндүк түзө алган тапшырмаларды окуучуларга берүү алдында же ошол тапшырманы аткаргандан кийин мугалим окуучулар менен аңгеме-дүкөн курат.
Башталгыч класстын окуучуларына эне тил сабагында экологиялык жактан тарбия берүүдө, кыргыз тилинде башка тилдердегидей эле, курчап турган чындык тууралуу эчен кылымдык тажрыйбалардын негизинде калыптанган өтө так фразеологизмдерди колдонуу окуучуларга адам менен табияттын өз ара байланышын толук түшүнүүгө мүмкүндүк түзөт.
Биз дидактикалык принциптин талаптарына ылайык 3-класстын окуучуларына фразеологизмдерди өздөштүрүү боюнча көнүгүүлөр системасын жеткиликтүү түрдө иштеп чыктык.
Башталгыч класстарда сабактан сырткаркы окуу окуучуларды балдар адабияты менен тааныштыруу, китепке болгон балдарын кызыгуусун арттыруу, аларды өз алдынча окууга үйрөтүүдөгү негизги каражат болуп саналат. Бул табиятка болгон сүйүү сезимин өнүгүшү жана аны таанып билүүгө болгон кызыгууну арттыруу үчүн өзгөчө мааниге ээ. А.Осмонов, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, Ш.Бейшеналиев өңдүү кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларында табият алдындагы окуучулардын жоопкерчилигин арттырып, ыймандык-эстетикалык сезимдерин өнүгүшүн шарттай турган мыкты эпизоддор бар.
Изилдөөнүн жүрүшүндө программалык материал менен катар, Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестинен үзүндүнү, Ш.Бейшеналиевдин "Мүйүзүнөн айрылган сүзөөнөк" аттуу аңгемелерин жана Т.Сыдыкбековдун айрым аңгемелерин колдондук. Мындан сырткары, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү, анын ичинде "Манас" эпосу, элдик жомоктор, уламыштар жана балдар ырлары пайдаланылды.
Балдарга экологиялык жактан тарбия берүүдө окуучуларга табият жөнүндөгү фотооткрыткаларды, сүрөттөрдү, пейзаждык сүрөттөрдү чогулттуруп, табышмактарды, жаңылмачтарды, санак оюндарды жыйноого, кол китепчелерди даярдоого аларды катыштыруунун мааниси өтө зор.
Эксперименттик класстарда өтүлүүчү сабактарда мугалимдер ушул өңдүү материалдарды пайдаланып, табият тууралуу сүрөттөр боюнча аңгеме-дүкөн куруп, табышмактардын жандырмагын таап, түшүнүүгө татаал макалдарды окуучулар менен бирдикте талдайт. Фольклордук жана көркөм чыгармаларды талкулоодо алар окуучулардын экскурсия жөнүндө жазган сочинениелерин угуза окуп, табият жөнүндөгү толтурган күндөлүктөрүнө да таянуу менен, алардын байкоолору тууралуу сөз козгоп, өздөрү түзүп, улам толуктап жүргөн экологиялык сөздүкчөгө киргизилген табият таанууга байланыштуу түшүнүктөрдү жана терминдерди чечмелейт.
Башталгыч класстардын окуучулары менен жүргүзүлгөн педагогикалык иш тажрыйба өз ичине "Табияттын мыкты билерманы", "Эң чыгармачыл окуучу" деген өңдүү мелдештерди, конкурстарды уюштуруп, элдик оюндарды, табият таануу боюнча ар кандай кроссворддорду түзүүнү ж.б. да камтыйт.
Мисалы, №5 Бабажан Айтматов атындагы орто мектебинин экинчи классынын окуучуларына "Жаратылышты баалоо жана сактоо" - деген темада класстан сырткаркы сабак өтүүдөн мурда көптөгөн даярдоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Балдарга жаратылыштын сүрөттөрүн жыйноо, алардын ичинен жакканын класстык альбом үчүн сүрөттөрдү ылгап алуу, пластилинден дарактын, гүлдүн келбетин жасоо, же ар кандай чүпүрөктөн бычуу, кыш, жаз, күз жөнүндөгү жомокторду, ырларды эске түшүрүү ж.б. көптөгөн тапшырмалар берилет.
Ал эми "Менин сүйүктүү айылым", "Менин досторум" деген темалардагы көркөм сүрөт боюнча класстан сырткаркы сабактарда окуучулар окуган жомоктордогу жаныбарлардын сүрөттөрүн тартышып, фольклордук материалдар менен жасалгалашат. Мына ушундайча жүргүзүлгөн иш-чаралар класстан сырткары өтүлүүчү сабактын мазмунун окуучулардын терең өздөштүрүүсүн шарттап, алардын экологиялык аң-сезиминин калыптанышына өбөлгө болот.
Мындай сабактарда "Чабалекей жана жылан" деген өңдүү элдик жомокторду пайдалануу окуучулардын кыргыз фольклоруна жана искусствосуна болгон кызыгуусун арттырып, алардагы жаныбарларга карата болгон эмоциялуу баа берүүчүлүк мамилелеринин калыптануусунда зор мааниге ээ. Натыйжада, окуучуларда жандуу жаратылышка камкордук менен мамиле жасоого, жан-жаныбарларды коргоого болгон ниет пайда болот.
Курчап турган чөйрө менен тааныштыруу боюнча сабактарды уюштуруунун негизги бир формасы болуп, окуучуларды жандуу жана жансыз жаратылышты сүйүүгө тарбиялай турган жана балдардагы табият кубулуштарына байкоо жүргүзүү жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруучу экскурсияларды уюштуруу эсептелет. Мисалы, экинчи класстар үчүн "Байчечекей гүл ачты", деген темада уюштурулган жүрүштүн максаты - окуучуларды токойдо жүрүү "эрежелери" жана андагы байчечекей менен тааныштыруу, адам менен табияттын ортосундагы биримдик тууралуу элестөөнү жалпылоо, окуучуларды табиятка жапакеч мамиле жасоого тарбиялоо.
Окуучулардын табият тууралуу элес-түшүнүктөрүнүн өнүгүшүндө табият кубулуштарын жана предметтерин көркөм образдар менен бирдикте кабылдоонун мааниси зор.
Кыргызстандын корук-парктары, көлдөрү, алардагы жаныбарлар дүйнөсү тууралуу айтуу менен мугалим балдарды жалпы эле жаныбарларга карата жапакеч мамиле жасоого үйрөтөт. Экскурсия учурунда бул милдетти чечүүдө "Аба ырайыны алдын ала кантип билүүгө болот?", "Түлкү менен сүлөөсүн" деген өңдүү аңгемени, жомокту айтып берүү максатка ылайык. Бул материалдар окуучулардын кызыгууларын, табиятка карата болгон сүйүүсүн арттырат.
Окуучуларга курт-кумурскалар тууралуу берилген тапшырмалар экскурсиянын жүрүшүндө түшүндүрүлүп, аларга кумурскалардын жашоосу, алардын уюктарынын жайгашуусуна карап эртеңки аба-ырайы, келе жаткан жыл мезгилдеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алууга боло тургандыгы айтылат. Курт-кумурскалар жана алардын түрлөрү тууралуу окуучулардын билимдерин текшерүү максатында мугалим табышмактарды эффективдүү колдонуусу зарыл. Бул үчүн кыргыз элинде көбүрөөк сакталган белги-билимдер да колдонулат.
Окуучулардын дарактар тууралуу билимдерин толуктоо, алардын өзүнө гана таандык белгилерин карап, даана байкоого үйрөтүү үчүн биз дарактарды тамырына, сабагына, бутагына жана жалбырагына карап айырмалоого мүмкүндүк түзө турган элдик оюндарды пайдаландык.
Ошону менен катар байыркы кыргыздардагы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө карата колдонулган табу жана эвфемизмдерди эске салып, дарактар тууралуу табышмактарды көркөм айтып бердик. Мына ушул өңдүү иш-чараларды жүргүзүү окуучуларга табиятта бардык эле нерсе өз ара байланышта болорун, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө жапакеч мамиле жасоо, айлана-чөйрөнүн, табияттын өзүнө гана таандык мыйзамдар менен шайкеш мамиледе болуу керектигин түшүнүүгө мүмкүндүк түзөт.
Эксперименттик класстын мугалимдери биринчи класстагы балдар үчүн эң эле табигый ишмердүүлүк катары эсептелген оюн убагында алардын инсандык сапаттарынын калыптануу процесси жүрө тургандыгына дайыма көңүл бөлүшөт. Мына ушул мезгилде балдардын психологиясында өзгөрүүлөр болот, ошол себептүү педагогдор дидактикалык оюндарды өткөрүүдө оюндук кырдаалдарды түзүүгө аракет кылат. Мугалимдер мында балдардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү тууралуу билимдерин тереңдетүү, бекемдөө жана алардын ар бирине мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү айра таануу максатында, табият таануучулук түшүнүктөрдү, ар кандай элдик оюндарды, алардын ичинен атайын биологиялык каталар аралаштырылгандарын колдонуусу зарыл.
Мындан сырткары, элдик педагогиканын элементтерин ушул өңдүү көнүгүү иштеринде пайдалануу өтүлүп жаткан материалды окуучулар тарабынан алда канча эмоциялуу түрдө кабылдап, туулган жердин табиятынын сулуулугун барктай билишине көмөкчү болот.
Ошентип, башталгыч класстардагы окуучуларга экологиялык жактан тарбия берүү максатында, элдик педагогиканын тажрыйбаларынын жана идеяларынын негизинде мугалимдер белгилүү бир тарбия берүү системасын иштеп чыгат. Эксперименттик класстардагы окуучулардын табиятка карата камкор мамилесин калыптандыруудагы педагогикалык ишмердүүлүктүн жемиштүүлүгү, б.а. окуучулардын экологиялык жактан тарбиялангандыгынын деңгээли жүргүзүлгөн анкеталардын жазуу жүзүндө аткарылган тапшырмалардынын натыйжалары, о.э. байкоо, аңгемелешүү, интервьюлар аркылуу далилденет.
Аткарылган тапшырмалардын сапаттык деңгээлине карата жасалган кесме(срезовых) анализдин натыйжалары көрсөткөндөй, ал тапшырмаларды эксперименттик класстарда окуган окуучулар контролдук класстарда окуган окуучуларга караганда бир топ жакшы аткарган. Алар баяндоо формасында жооп берген кадимки класстардын окуучуларына караганда салыштырмалуу бир топ туура жана мааниси жагынан терең, далилдүү жоопторду беришкен. Чыгармачыл иштерде, Мисалы, дилбаян жазууда эксперименталдык класстардын окуучулары башка жөнөкөй класстагы окуучулардан айырмаланып, табиятка жекече инсандык мамилесин көрсөтө алышкан. Башкача айтканда, алар контролдук (байкоодогу) класстарга салыштырганда табиятты бир топ эмоционалдуу жана образдуу түрдө кабылдоого жөндөмдүү экендиги сезилет. Мында эксперименталдык класстардан алынган натыйжаларды, алгылыктуу ийгиликтерди эң оболу ошол тажрыйба-эксперименттик иштердин негиздүүлүгү менен тикеден–тике байланышта кароо абзел. Айыл мектептеринин шартына ылайык окуу процессинде элдик педагогиканын элементтерин колдонуу бир жагынан алардын тарбия берүүчүлүк маанисин күчөтүп, окулуп-үйрөнүлүп жаткан материалдын мазмунунун эмоциялуулугун күчөтсө; экинчи жагынан улуттук ырасым салттарды сыйлоого жана табиятка карата сарамжалдуу мамиле жасоого үйрөтөт.
Алардын таасирдүүлүгүн артыруу үчүн төмөнкү шарттарды кылдат эске алуу зарыл:
- сабактын окуу-тарбиялык максатын эске алуу;
- башталгыч класстын окуучуларынын курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен фольклордук материалдарды туура тандоо;
- элдик педагогиканын элементтерин окуу процессинин логикасына ылайык орду менен колдонуу.
- элдик педагогиканын элементтерин окуу процессинин логикасына ылайык орду менен колдонуу.
Окуучуларга кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгын башка элдердин фольклордук чыгармалары менен бирдикте салыштырып түшүндүрүүдө элдин педагогикалык тажрыйбаларына жана идеяларына таянуу балдардын экологиялык билимдеринин байышын шарттап, башталгыч класстардагы өтүлүүчү предметтер аралык байланышты бекемдейт.
Биз окуу процессинде элдик педагогиканын элементтерин максаттуу түрдө пайдалануу, аны өтүлө турган материалдар менен бирдикте туура колдоно билүү жана белгилүү бир методикалык ыкмаларды пайдалануу сабактын эффективдүү болушунун негизги өбөлгөсү экендигине ынандык. Буга кошумча катары сабактын эффективдүүлүгү окуучулардын экологиялык жана баа берүүчүлүк билиминин көлөмүнүн кеңейиши, балдардын акыл эмгегинин активдүүлүгүнүн күчөшү, фольклордук материалдарды сабакта максаттуу пайдаланышат. Окуучулардын суроо түзүүгө жана андан корутунду чыгарууга болгон жөндөмүнүн өсүшү, табияттагы себеп-натыйжалык жактан болгон байланыштарды түшүнүүгө жасаган аракети, табият таанууга дилгирлигинин күчөшүнө жана адамдын табият чөйрөсүндөгү адептүү жүрүш-туруш ченемдерин жетик өздөштүрүшүнө жараша болот.
Балдарды экологиялык жактан тарбиялоодо окуу процесси менен ажырагыс байланышта болгон класстан сырткаркы иш-чараларды элдик педагогиканын тажрыйбаларынын жана идеяларынын негизинде жүргүзүү өзгөчө мааниге ээ. Башталгыч класстардын окуучулары менен жүргүзүлө турган класстан сырткаркы этноэкологиялык багыттагы ишмердүүлүктөрдүн мазмуну жана ар түрдүү формалары кийинки параграфта ачылып көрсөтүлөт.
2.3. Класстан сырткаркы иштерде окуучуларды экологиялык
жактан тарбиялоо
Инсандын ар кандай билим, билгичтик, көндүмдөр системасына ээ болушу анын өзүнүн чын ыкластуу ишмердүүлүгүсүз ишке ашпайт. Адамдар өздөрү жасап, башынан өткөргөн нерселерди гана узагыраак убакытка чейин эсте сакташат. Ишмердүүлүк - бул адамдын чөйрөнү өзгөртүүгө карата багытталган иш-аракети эле эмес, анын өзүнүн калыптанышын да камсыз кылган жашоо сферасы болуп эсептелет. Ошол себептүү биздин изилдөөбүздө окуучуларды: экскурсия, аңгеме-дүкөн тажрыйба, жүргүзүү жана табият таануу клубдары, ар кандай майрам, мелдеш, өңдүү класстан сырткаркы ишмердүүлүктүн көптөгөн түрлөрүнө тарттык. Буларды өткөрүүдө биз элдик оозеки чыгармачылыктын түрдүү жанрларына, эң оболу оюндарга, ырларга өзгөчө маани бердик.
Башталгыч класстарда окуучулардын табиятты таасирдүү кабыл алышын камсыз кылган класстан сырткаркы табият таануу боюнча жүргүзүлүүчү иштердин негизги формасы -экскурсиялар. Табият таанууну окутуу методикасынын негиз салуучусу Н.Я.Герд "Экскурсиянын башкы максаты - окуучуларга тарбиялык таасир көрсөтүү" деп билген [51, 66]. Табият менен баарлашуу - башталгыч класстын окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоонун күчтүү каражаты.
В.А.Сухомлинский балдардын сезим дүйнөсүн активдештирүүнү алардагы ыймандык сапаттардын, эмоционалдык толгонуу жөндөмдүүлүктөрүнүн калыптанышы үчүн негизги өбөлгө деп эсептеген. Ал табиятты "ойдун соолубас булагы", "изги сезимдердин башаты" катары караган. "Айкөлдүк жана дагы бир жолу айкөлдүк - бул бүтүндөй эле жандуу жаратылышка жана сулуулукка сүңгүп кирүү, жаш балдардын балалык кубанычтарынын ыймандык сапатка айланышы" [91, 36-45б.].
Табияттын реалдуу кубулуштарын жана объектилерин таанып билүү жана үйрөнүү окутуунун акыл-насаат мүнөзүндөгү усулдары менен эле ишке аша бербейт. Жаратылыш чөйрөсүн таанып билүүнүн эң таасирдүү жолдорунун бири – бул башка предметтерге салыштырмалуу "Мекен таануу" сабагында көбүрөөк орун алган өткөрүлүүчү табиятка түздөн-түз байкоо жүргүзүү иштери.
Балдардын табият менен болгон тыгыз байланышынын өтө маанилүүлүгүн К.Д.Ушинский өзгөчө баса белгилеген. Ал "Балдардын акыл-эсин өстүрүүгө аракет кылган мугалим табият кубулуштарына окуучулардын өз алдынча байкоо жүргүзүүсүн уюштуруп, алардын баамчылдыгын өстүрө турган көнүгүүлөрдү жасатуусу керек жана алардын табияты эч кандай бөлүп-жарбай, бүтүн бойдон кабылдоодон максаттуу түрдө анализдеп кабыл алууга карай жетелеши керек" деп эсептеген [95].
Программанын алкагында же атайын уюштурулган жүрүштөрдө, сейилдерде, экскурсияларда окуучулардын экологиялык билимдерин, ой жүгүртүүлөрүн, көз караштарын талапка ылайык өнүктүрүп калыптоодо таанып билүүнүн таасирлүү методу катары таанылган салыштыруу ыкмасы баа жеткис мааниге ээ. "Салыштыруу, - деп жазат К.Д.Ушинский, - бул ар кандай эле ой жүгүртүүнүн негизи. Биз салыштыруну колдонбостон, дүйнөдөгү эч нерсени башка каражаттардан айырмалап биле албайбыз" [101,332].
Башталгыч класстын окуучуларынын окшош объектилер арасындагы башкы айырмачылыктарды баамдай билүү жөндөмүн калыптандыруу максатында биз экскурсия кезинде сунушталуучу төмөндөгүдөй бир катар тапшырмаларды даярдадык:
- арча, карагайлардын, ийне жалбырактарын карап, алардын айырмачылыгын жана окшоштугун көрсөтүү;
кандайдыр бир дарактын сырткы көрүнүшү тууралуу баяндап айтып берип, ошол кайсы дарак экендигин окуучулардын табуусу;
караган, четин, долоно өңдүү бадалдарга мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү ж.б.у.с.
Түрдүү экскурсиялар учурунда окуучуларга сунушталуучу мындай тапшырмалар алардын табият кубулуштарын жана объекттерин салыштыруу, табият сулуулугун кабылдоо жана баалоо көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Табиятка карата окуучуларды жапакеч болууга, айкөлдүккө тарбиялоо, алардын жандуу жаныбарларга болгон аёо, боор оору сезимин калыптандыруу үчүн эксперимент жүргүзгөн мугалимдер аларды табият кубулуштары, өсүмдүктөр жана жаныбарлар менен тааныштырууда кыргыз элинин элдик оозеки адабиятынын атайын иргелип алынган үлгүлөрүн пайдаланат.
Мисалы, окуучуларды жаңы объект менен тааныштыруу табият кубулуштары, алардын өз ара байланышын таамай так туюнткан макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар аркылуу коштолот. Булардын баары окуучулардын табият тануучулук мазмундагы материалдарды гана жакшы өздөштүрүүсүн эле камсыз кылбастан, табиятты өз ара бири-бири менен байланыштагы, бири экинчисиз жашай албаган, дайыма өнүгүп, өзгөрүп турган бир канча элементтерден туруп, бирдиктүү бир бүтүндүктү түзгөн кубулуш таризинде туура түшүнүүлөрүн шарттайт. Мындан сырткары, кыргыздын элдик педагогикасынын ар түрдүү элементтерин орундуу пайдалануу окуучулардын байкоо жөндөмүн өстүрүүгө, табияттын кубулуштарын ар бирине мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү аңдоого жана алар тууралуу поэтикалык элестерди түзө билүүгө көнүктүрөт.
Балдардын жаратылышка карата болгон сарамжалдуу мамилесин андан ары өнүктүрүүдө ар түрдүү оюн кырдаалдарын түзө билүү жакшы натыйжаларды берет. Бул максатта ар кандай өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүнөн түзүлгөн "фото-табышмактарды" (фауна жана флоранын жергиликтүү чөлкөмдөгү түрлөрү тартылган фотосүрөттөр, аларга карата түзүлгөн суроолор) пайдаланууга болот. Мисалы, табияттагы күз мезгилиндеги өзгөрүүлөрдү окуп-үйрөнүү үчүн 2-класстар менен уюштурулган экскурсияда аларга кара карагат боюнча атайын "фото табышмак" берилип, ага байланыштуу ырым-жырымдарды, табышмактарды эстөө керектиги эскертилет. Мындай ыкма балдардын ой жүгүртүү ишмердүүлүктөрүн активдештирет, көңүлдү топтоп туруктуу кунт коө билүүгө, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосуна чын ыкластан олуттуу байкоо жүргүзүүгө үйрөтөт.
Окуучуларды табияттын өзүндөгү нукура сулуулукту кабылдоого, жаратылыш кубулуштарынын эстетикалык жактан ырахат тартуулоо мүмкүнчүлүктөрүн сезүүгө үйрөтүү үчүн аларга ошол кубулуштардын жана нерселердин «көркөм сөз жүзүндөгү сүрөттөрүн" тартуу боюнча тапшырмаларды сунуштоо жакшы натыйжаларды берет. Алардын чыгармачылык активдүүлүгүн арттыруу үчүн жаныбарларды, өсүмдүктөрдү, жамгырды, күндү, күн желесин, ландшафт өңдүү табият кубулуштарын көркөм сөз аркылуу баяндап түшүндүрүү боюнча конкурстарды өткөрүүгө болот. Эксперименттик класстарда сыналып көрүлгөн ушундай тапшырмалар башталгыч класстын окуучуларындагы табият тууралуу түшүнүктөрдүн туура калыптанышы, алардын эстетикалык сезимдеринин өсүшү жана табият менен таттуу мамиледе болууга карата кызыгууларынын өркүндөшү үчүн зор мааниге ээ экендигин көрсөттү.
Окуучуларга табият кубулуштарын өз алдынча байкоону уюштуруу боюнча мектеп программасын жана алардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен элдик педагогиканын негизинде даярдалган атайын тапшырмалардын тарбиялык таасири өтө зор . Мындай тапшырмаларды түзүүдө жаратылыш кубулуштарын жана объектилерин туура тандоо өзгөчө маанилүү. Бул тапшырмалардын айрымдарын экскурсияга чыгар алдында, кээ бирин экскурсия учурунда берүүгө болот. Мында мугалим окуучулардын көңүлүн кыргыз жергесиндеги жаныбарлар жана өсүмдүктөр тууралуу фольклордук материалдарды жыйноого эле эмес, жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжаларын анализдөөгө, элдик адабияттагы алар тууралуу айтылган ойлордун акыйкаттыгын же бай түшүнүктөргө негизделгендигин аныктоого жана андан өз алдынча тыянак чыгарууга үйрөтүүгө да багыттоого тийиш.
Эксперименттик класстардын окуучулары иш-тажрыйбанын жүрүшүндө ар кандай өз алдынча тапшырмаларды аткаруу үчүн атайын топторго бөлүндү. Мында шарттуу түрдө экологиялык таалими төмөн деп үчүнчү топко бөлүнгөн окуучулар экинчи жана биринчи топторго кошулуп тапшырмаларды чогуу аткарышты. Мындай ыкма даярдыгы кыйла төмөн балдардын таанымдык иш-аракетин активдештирүүгө өбөлгө болду. Мурда ар кандай суроону жоопсуз калтырган окуучулар да бир кыйла жанданып тапшырмалардын түйүнүн чечүүгө дилгирленип калганы байкалды.
Жаздын келиши менен табиятта өзгөрүүлөр болуп, окуучулардын байкоо жүргүзүү иштерин уюштуруу үчүн өзгөчө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Мына ушул жаз мезгилинин сулуулугу жана анын балдардын жашоо турмушундагы мааниси тууралуу В.А.Сухомлинский: "Табияттын жандануу процессинин улуу сырларына сүңгүп кирип, анын сулуулугун баланын өз көзү менен көрүүсүнөн мен өтө зор тарбия берүүчүлүк мазмунду көрүп турам. Табияттын сулуулугуна наристе канчалык сүңгүп кирсе, анын сонундукту кабылдоого карата болгон аракети ошончолук күчөйт", - деп жазат (186, 39).
Экинчи класстын окуучулары үчүн "Жаздын өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоосундагы мааниси" деген темада уюштурулган экскурсияда жандуу жана жансыз жаратылыштагы жаз келгенде жүрө турган өзгөрүүлөр менен окуучуларды тааныштыруу, бул өзгөрүүлөрдүн себептерин аныктоо, табият таанууга болгон окуучулардын кызыгуусун арттыруу, жалпы эле жандуу жаратылышка камкор мамиле жасоого үйрөтүү өңдүү максаттар коюлган.
Бул экскурсияга даярдануу мезгилинде окуучулар жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндөгү ар түрдүү макал-лакаптарды, табышмактарды жана жаңылмачтарды жыйнашат. Андан соң окуучулар жыйнаган өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сүрөттөрү ошол макал-лакаптар менен кошо "Жайдын бир күнү" деген темадагы альбомду жасалгалоодо колдонулду. Табиятты эстетикалык жактан кабылдоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүү максатында табият жөнүндөгү кыргыз акын-жазуучуларынын табият жөнүндөгү ырларын жана аңгемелерин окуу уюштурулуп, класстык табият таануу бурчтары жасалгаланып, өз чыгармаларында туулган жердин сулуулугун даңазалаган композиторлор, сүрөтчү-пейзажисттер тууралуу аңгемелешүүлөр жүргүзүлөт. Экскурсияга чыгуу алдында класс менен көрсөтмө берүүчү аңгеме-дүкөн курулуп, анын өткөрүүнүн планы жана максаты түшүндүрүлүп, токойдо жүрүүнүн эрежелери боюнча атайын эскерткичтер таратылып берилет. Мында табияттын жансыз объектилерине, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга этият мамиле жасоо керектиги эске түшүрүлөт.
Экинчи класстар үчүн уюштурулган бул экскурсияда аба ырайынын өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүү, жандуу жаратылышта кандай өзгөрүүлөр болгонун түшүндүрүү, канаттуулардын жана курт-кумурскалардын жашоосуна байкоо салуу, элдик табият тууралуу билимдеринин реалдуулук менен дал келишин аныктоо өңдүү таанып билүүчүлүк мазмундагы милдеттер коюлат. Бул иш-чара айлана-чөйрөгө мамиле жасоо эрежелерин талкуулоо, мугалимдин жыл мезгилдери жана айлардын эски аттары жөнүндө аңгемелери, жансыз жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү байкоо, жаныбарларды, канаттууларды, курт-кумурскаларды, дарактарды, бадалдарды, гүлдүү чөптөрдү көрүү, аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү өңдүү тартипте өткөрүлүшү керек.
Курт-кумурскалар тууралуу билимдерди бышыктоо максатында көпөлөктөрдүн жашоосуна байкоого негизделген аңгеме-дүкөн курулат. Кумурскалар жөнүндө окуучулардын түшүнүктөрүн кеңейтүүдө окуучулар таба турган оңой болгон кыргыздын элдик табышмактары колдонулат. Мугалим окуучуларды эмне үчүн эл кумурсканы мээнеткеч деп атаары жөнүндө ойлонууга чакырат. Көпчүлүк окуучулар бул суроого "Анткени кумурска эртеден кечке эмгектенет" деп жооп берсе, айрымдары аарынын да мээнеткеч - деп атоого болот, себеби ал да керелден-кечке ар кандай гүлдөрдүн ширесин соруп, натыйжада таттуу балды чогултат деп жооп беришет. Педагог андан ары, кыргыздардын ата-бабалары балчылык менен кесиптенбесе да, аарыларга өтө этият жана жакшы мамиле жасагандыгын түшүндүрөт. Аарылар жана башка курт-кумурскалар гүлдүү өсүмдүктөрдүн ширелерин эле сорбостон, алардын чаңдашуусуна шарт түзүп, өсүмдүктөрдүн жаңы уруктан өсүп чыгуусунда өзгөчө роль ойноорун белгилейт. Мына ушул ойду бекемдөө үчүн мугалим орус элинин "Сколько бы ни было на гречке цвета, без пчел урожая нет" ("Гречка канчалык жыш гүлдөбөсүн, аары жок жерде анын түшүмү болбойт") деген макалын окуучулар менен бирдикте талдайт. "Аарылар өз уюгуна жаан жаар алдында топ-тобу менен учуп келет" деген элдик билимдин чындыгын аныктоо үчүн аарылардын иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшөт. Эгер аарылар топ-тобу менен учуп уюгуна келбесе, окуучулар күн жаабайт экен деген жыйынтыкка келет. Балдар менен бирге "Аары дагы жеке өзү үчүн эле эмгектенбейт" деген орус макалын талдоодо мугалим ар кандай эле эмгектенүүнүн максаты өзүнүн айланасындагыларга да пайда келтирүү экендигин түшүндүрүүсү зарыл.
Бул тапшырманы коллективдүү түрдө талкуулагандан кийин окуучулар табияттагы бардык эле нерселер өз ара байлынышта болот, ошол себептүү жандуу организмдер бири-биринен өзүнчө бөлүнүп жашай албайт деген жыйынтыкка келет. Ал гана эмес, алардын азыктануусунда да байланыш бар, маселен курт-кумурскалар канаттуулар үчүн жем болсо, алардын өздөрү үчүн өсүмдүктөрдүн гүлдөрүндөгү ширелери, чаңы азык болуп саналат.
Бүтүндөй эле экскурсиянын жүрүшүндөгү тапшырмалардын жана берилген суроолордун негизинде мугалим окуучулар менен табият кубулуштары жана предметтери тууралуу байкоолорун талкуулап, жаз мезгилиндеги кубулуштар тууралуу образдуу ой жүгүртүүлөрүнүн калыптанышына жардам берет, жаныбарларды аяганга үйрөтүп, аларды коргоо зарылчылыгын түшүндүрөт. Элдик педагогиканын каражаттарын класстан сырткаркы иштерде пайдалануу анын мазмундук жагын күчөтүүгө мүмкүндүк түзүп, окуучулардын курчап турган чөйрөнүн сулуулугун кабылдоо жөндөмдүүлүгүн калыптандырууда жана табиятка кылдат мамиле жасоого үйрөтүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Окуучулардын табият тууралуу билимдерин бекемдөө үчүн алардын өздөрү жүргүзгөн байкоолордун жыйынтыктарын белгилөөгө жана аны жалпылап күндөлүк турмушта пайдаланууга үйрөтүү зарыл. Ошол себептүү эксперименттик класстарда жүрүштөрдөн, экскурсиядан алынган, топтолгон билим-маалыматтарды балдар адабияты, ырлар, жомоктор менен катар эле окулуп үйрөнүлүүчү материалдардын арасына киргизүү абзел. Бул максатта программага, календардык планга ылайык "Мекенимдин жаратылышы", "Жан-жаныбар, жашай бер" сыяктуу табият бурчтары жаңыртылып турууга тийиш.
Ошону менен катар мугалим табият жөнүндөгү экскурсия мезгилиндеги ой жүгүртүүлөрдү күндөлүккө жазууну же атайын экологиялык дептер ачууну сунуш кылат. Окуучулардын жандуу жаратылыштын өкүлдөрүнүн сүрөттөрүн ушул экологиялык атайын альбомдорго тартып, алар жөнүндөгү ар түрдүү макалдарды, ойлорду күндөлүккө жазуусу талапка ылайык. Мындай күндөлүктөрдү жана альбомдорду толтурууда окуучулар жаныбарлар тууралуу ар түрдүү фольклордук материалдарды, газета-журналдардан кыркып алынган ар кандай эле жаныбарлардын сүрөттөрүн ж.б. пайдаланса болот.
Табият кубулуштарын жана адамдардын эмгек ишмердүүлүгүн байкоо боюнча түзүлгөн күндөлүктөр табиятка карата болгон эмоциялык-эстетикалык мамиленин пайда болушунда өзгөчө роль ойнойт. Окулуп үйрөнүлө турган табият таануучулук материалдарды өздөштүрүүдө негизги өбөлгө болот. Бул күндөлүктө башталгыч класстарда сунуш кылынган жандуу жана жансыз жаратылыштагы нерселердин, кубулуштардын так аныкталган чөйрөсү боюнча системалуу түрдө жүргүзгөн байкоолорунун негизинде алынган маалыматтарды жазып, табиятта болуп жаткан өзгөрүүлөрдү белгилеп жүрүү сунуш кылынат.
Бул күндөлүктөрдү толтурууда окуучулардын экологиялык элестөөлөрүн байытып, элдик оозеки адабияттын үлгүлөрүн өздөштүрүүнү шарттай турган атайын тапшырмаларды сунуштоо керек. Иш-тажрыйбанын жүрүшүндө күндөлүк толтуруудагы жогоркудай кошумчалардын, оңдоолордун да зарыл экендиги байкалды. Мисалы, экинчи класстын окуучуларына курт-кумурскалардын жашоосун мүнөздөй турган эки элдик ырым- жырымды жазып, анын чындыгын табиятка карата жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгына салыштыруу менен текшерип көргүлө деген тапшырма берилет. Башка бир үй тапшырмасында гүлдүү өсүмдүктөрдүн сүрөтүн тартуу эле эмес, ошол гүлдөр жөнүндө табышмактарды эстөө, жыл мезгилдери тууралуу ырым-жырымдарды атагыла деген кошумча милдет коюлат.
Табият таануучулук мүнөздөгү экскурсиялар адам ишмердүүлүгүнүн таанып билүүчүлүк, эстетикалык, ыймандык жана башкаларын өз ичине камтыйт. Ошол себептүү ал предмет аралык байланышты бекемдөөчү маанилүү каражат болуп эсептелет. Башталгыч класстарда өтүлүүчү сабактардын ортосундагы байланыштуулукту түзүүдө окуучулардын - сүрөт, музыка, эне тили, адабий окуу сабактарында ал билимдерин системалаштырууга мүмкүнчүлүк жаралат. Ошол эле учурда окуучулардын экологиялык билимдери кеңейет жана бул окулуп-үйрөнүлүп жаткан предметтеги өтүлө турган табият таануучулук материалдарды терең өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Мисалы, эксперименттик класстарда эмгекке үйрөтүү сабагында окуучулар экскурсия мезгилинде алган билимдерин анализдейт. Балдардын чыгармачыл ишмердигин, ой жүгүртүүлөрүн, фантазиясын өнүктүрүү максатында, өсүмдүктөрдөн ар түрдүү аппликациялар, кооз буюмдар жасалып, гербарийлер жыйналып, булар табият таануу сабактарында, сабактан сырткаркы иштерде колдонулат.
Табияттын сулуулугун табигый өңү кандай болсо, так ошондой түрдө кабылдоо балдардын көкүрөгүн кубанычка толтурат, аң-сезимин ажайып дүйнөгө таңыркоо бийлеп, бул таң калуу жаш адамдын өсүп, толуп келаткан акылын улам көптү, улам жетик, терең билүүгө, билгени тууралуу башкалар менен сүйлөшүүгө, талашып тартышууга түртөт. Педагогикалык иш-тажрыйбанын жүрүшүндө эне тили сабагында "Жаздын бир күнү бир жылга тете" - деген темада дилбаян жазуу иши тапшырылат. Анда 3-класстын окуучусунун ушул темада жазган дилбаянынан үзүндү келтирели:
" Жаздын бир күнү бир жылга тете. Жергебизге жаз келди. Күн жылып, жерге нурун көбүрөөк төгө баштады. Өсүмдүктөрдүн топурактагы тамырларына суу кирип, бактын бүчүрлөрү көгөрө баштады. Элибизде жаз жарыш, күз күрөш деген накыл сөз бекеринен айтылбаган. Жазында элдин баары дыйканчылык иштерин башташат. Жаздын бир күнү бир жылга тете дегени, жазында өз учурунда ар бир күндү баалап туура колдонуу зарыл. Убакытты өткөрбөй өз учурунда тиешелүү эгинди эгип албаса, демек бир жылдык түшүмдөн кур каласын деген түшүнүк ар дайым эсибизде болуусу керек деп эсептейм. Ансыз биз жашай албайбыз. Адамдар, өз жерибиздин жаратылыш байлыктарын коргойлу жана туура пайдаланалы!"
Албетте, бул 3-класстын окуучусунун жазганы. Эксперименттик класстарда окуган окуучулар жөнөкөй класстардагыларга салыштырмалуу табият тууралуу элдик билимдерди көбүрөөк пайдаланат. Мисал катары экинчи класстын окуучусу Д.Шейшенбек уулунун жазган дилбаянынан үзүндү келтирели. "Жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эл гүлдөйт" дегендей, жамгыр жаап турганда жаздын көркө ачыла берет. Ошондуктан кыргыздар "Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт", - деп айтышчу экен". Ал эми экинчи класстын окуучусу Абылаев К.: "Аба-ырайынын бузулушун же оңолушун өсүмдүктөр менен айбанаттардан билүүгө болот. Канаттуулар төмөн болуп учса жамгыр жаайт", - деп жазат.
Башталгыч класстардын окуучулары үчүн экскурсияларды уюштуруу алардын билимге өз алдынча жетүүсү эле эмес, образдуу ой жүгүртүүсүн жана эне тилинин өнүгүшү үчүн да зор мааниге ээ.
Экологиялык маселелерди чечүүнүн натыйжалуулугу курчап турган чөйрөгө карата рухий-ыймандык мамиледе болууга тарбиялоо процессинин багытына жараша болот. В.А.Сухомлинский табиятка карата камкор мамиле бала табиятты коргоого багытталган иш-чараларга активдүү катышканда гана калыптанат деп эсептеген. Ошону менен катар эле табиятка жапакеч мамиле жасоонун мазмуну элдин табият менен болгон өз ара байланышынан улам пайда болгон жөрөлгөлөрдү, салттарды жана туулган жердин тарыхын окуп-үйрөнүү менен тереңдейт. Бул жөнүндө В.А.Сухомлинский "Табият, эмгек ой - булар атайын изилдөө предмети", - деп жазат. [93, 9].
Биз өз изилдөөбүздө курчап турган чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгү өнүгүүнүн негизги мыйзамдары жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып билүү менен айкалышта ишке ашырылышы керек деген И.Д.Зверев, А.Н.Захлебный, И.Т.Суравегина, Л.П.Салеева ж.б.у.с. изилдөөчүлөрдүн жалпы тыянактарын пайдаландык. Бөлүп айтканда, Л.П. Салееванын башталгыч класстардагы окуучулардын табиятка карата практикалык ишмердиги деп, балдардын табият кубулуштарына жана предметтерине карата болгон мамилелерин эң толук жана даана чагылдырган ишмердигин эсептөөбүз керек деген оюна кошулабыз [85].
Коомдук пайдалуу жумушта балдар өздөрүнүн ыймандык сапаттарын өнүктүрө турган тажрыйба топтошуп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн дайыма кам көрүүгө көнүгүшөт. Мына ушунун натыйжасында алар табияттын сулуулугун кабылдоого үйрөнөт, анын адам жашоосундагы маанисин түшүнүп, жаратылыш байлыктарын коргоо боюнча жүргүзгөн өзүнүн ишмердигинин натыйжасын көргөндөгү анын кубанычы бул таалимди дагы да зор таасирдүү, терең мазмундуу кылат. Башталгыч класстын окуучуларынын табият таануучулук ишмердигин экологиялаштыруу жандуу жана жансыз жаратылыштын өз ара байланышынын негизин түзгөн туура дүйнө тануучулук позициянын калыптанышына өбөлгө болот. Эксперименттик класстардын мугалимдери окууларды жаратылыш байлыктарын пайдалануудагы өтө жалпы жана жергиликтүү проблемалар, ошондой эле туулган жердин табиятын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар менен тааныштырууга өзгөчө көңүл бөлүүсү зарыл.
Окуучулардын практикалык иш-аракеттерин уюштурууда мугалимдер өз айылынын табиятын окуп-үйрөнүү, мектепте табият таануу жана эстетикалык бурчтарын уюштурушат. Мектеп турмушун экологиялаштыруу, атайын тажрыйба аянттарында окуу-тарбия иштерин жүргүзүү, атайын өсүмдүктөрдүн түрлөрүн дары чөптөрдү өстүршөт. Канаттуулар үчүн атайын уяларды жасоо, жашылча-жемиштерди, өсүмдүктөрдүн уруктарын, дарактардын мөмөлөрүн жыйноо, табият байлыктарын фауна менен флоранын сейрек өкүлдөрүн коргоо өңдүү иш-чараларды колдошот.
Эксперимент жүргүзгөн мугалимдер окуучуларды жергиликтүү ар түрдүү талаа чарбасынын иштери менен тааныштырууга, өз айылынын мээнеткеч адамдары, эмгек ардагерлери менен жолугуштурууга өзгөчө көңүл бөлөт. Биринчи класстан баштап эле окуучулар мектеп участкасындагы эмгекке, табиятты анын өзүндө, кучагында болуу менен окуп-үйрөнүүгө тартылат. Мында табият тууралуу алардын жеткиликтүү бирдиктүү түгөл түшүнүк алуусу үчүн шарт түзө турган экологиялык билимдерди, көндүмдөрдү, билгичтиктерди андан ары бекемдөөгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Тажрыйба жүргүзүүнүн натыйжалары класстагы эмгек жана табият календарларында да чагылдырылышы керек. Окулуп үйрөнүлүүчү материалдар менен катар эле, мында эмгектенүү процессинде атайын оюн кырдаалдарын түзө турган таркатма жана көрсөтмө куралдар даярдалып, өсүмдүктөр тууралуу элдик ырлар, табышмактар, жаңылмачтар киргизилиши абзел.
Тажрыйба жүргүзүүгө мектептин короосунан атайын бөлүнүп берилген аянттарда практикалык иштин натыйжалуу болушу үчүн эмгек процессине карата эмоционалдык оң мамилени камсыз кылуучу шарттарды түзүүнүн мааниси зор. Мисалы, мында маданий өсүмдүктөрдү, алардын ичинде буудай, таруу, сулуу, жүгөрү өстүрүү боюнча элдик тажрыйбаны пайдалануу, окуучуларды эки топко бөлүп, бирөөнө ушул айыл чарба өсүмдүктөрү тууралуу табышмактарды айтууну, ал эми экинчи топко алардын жандырмагын табууну тапшырма катары берсе болот.
Изилдөөчүлөр И.Д.Зверева жана А.Н.Захлебныйдин пикирине ылайык, "...класстан сырткаркы табият таануучулук иш-чаралардын негизги өзгөчөлүгү - анда балдар теориялык жактан алган билимдерин реалдуу турмушта пайдалана билүү жөндөмдүлүгүнө ээ болушат. Окуучулар үчүн атайын дары өсүмдүктөрдү өстүрүү менен окуу-тажрыйба иштерин жүргүзүү, атайын табият таануучулук бурчтарды уюштуруу ж.б.д.у.с. өзгөчө маанилүү экендиги талашсыз" [44].
Курчап турган чөйрөгө камкор мамиле жасоого окуучуларды көнүктүрүү үчүн мугалимдер окуучулар менен бирдикте жок болуп бара жаткан жергиликтүү жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү, дарылык касиети бар чөптөр менен таанышат, сары гүл, валериана, аптекалык ромашка, ит мурун сыяктуу өсүмдүктөрдөн куралган коллекция бөлүмдөрүн жасалгалашат.
Кыргыз тоолорунда өскөн кожогат, зире, сейдене, сарымсак, тоо пияз өңдүү жок болуп бара жаткан өсүмдүктөрдү коргоо зарылдыгы, аркар от, кийик от, жалбыз, чүкүрү, ак кодол өңдүү өсүмдүктөрдүн дарылык касиетин окуучуларга түшүндүрүшөт.
Эксперименттик класстарда табиятты коргоого багытталган эмгекке активдүү катышпай, четте карап турган балдарга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Андай окуучуларды коомдук пайдалуу жумушка тартуу жана кызыктыруу максатында мугалимдер алардын класстагы экологиялык жактан тарбиясы мыкты окуучулар менен көбүрөөк чогуу жүрүшүнө жетишүүгө аракет кылат. Бул үчүн ошондой эле окуучуларды атайын топторго бөлүп, жогорку класстардын окуучулары менен бирдикте өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүн коргоо боюнча жүрүштөргө катыштыруу, согуштун жана эмгек ардагерлеринин үйлөрүнүн алдына көчөттөрдү тигүү жумуштарына тартуу, нан жөнүндөгү макал-лакаптарды жыйноо иштерине катыштыруу да керек.
Педагогдор табиятты өзгөртүү жана аны коргоо ишмердүүлүгүндө кээде гана активдүүлүктөрүн көрсөткөн, көбүнчө аткаруучу гана болуп жүрүшкөн окуучулардын демилгелерин колдоп, аларды өз алдынча, аң-сезимдүү түрдө мындай иштерге катышууга үйрөтүшөт.
Мугалимдер мындай окуучулардын аткарыла турган иштин маанисин терең аңдап билишине мүмкүндүк түзүп, ар бир коомдук пайдалуу иш-чарага аларды тартышы керек. Мисалы, мугалим окуучуга өзүңдүн иниң үчүн "Токойдогу жана жапайы өсүмдүктөр тууралуу табышмактар" деген альбом даярда деп тапшырма берсе болот. Ал эми 3-класстын окуучулары жаратылыш бурчу үчүн төмөнкүдөй макалдарды топтошкон:
Жер кишинин акысын жебейт.
Жердей март да жок, жердей зыкым да жок.
Гүл - аарыныкы, бал - адамдыкы.
Ат адамдын канаты.
Улак өлбөсүн, ууру өлсүн.
Бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киесиң.
Башталгыч класстардагы окуучуларды эмгекке тарбиялоодо жүргүзүлө турган иш-чаранын максаты жана милдети менен тааныштырып, аларга эмгектин пайдалуулугун аңгемелешүү, оозеки айтып берүү жолдору менен түшүндүрүү керек. Бул иште жаратылыш бурчтары, оозеки журналдар, дубал гезиттер, көргөзмөлөр, түрдүү оюн, мелдештер кеңири пайдаланылат. Ал эми эксперименттик класстарда табиятты коргоо боюнча аңгемелешүүлөрдү өткөрүү салтка айланып калды жана мында дайыма фольклордук материалдар колдонулат.
Ушул өңдүү иш-чаралар флоранын көп түрдүүлүгүнө болгон кызыгууну арттырып, табият тууралуу билимдердин кеңейишине, табиятты коргоо боюнча элдик билимди үйрөнүүгө шарт түзөт.
Балдардын курт-кумурскалардын жашоосуна болгон кызыгуусун арттыруу жана аларга карата камкор мамиле жасоого үйрөтүү үчүн №37 Молдо Нияз мектеп гимназиясынын үчүнчү класстын окуучулары менен "Кумурскалар - токой санитарлары" деген темада класстан тышкаркы иш өткөрүлгөн. Бул иш-чараны уюштурууда мугалим А.Х.Сабирова жай мезгилинде курт-кумурскаларга аң-сезимдүү, активдүү түрдө кам көрүүгө даярдоо, үйрөтүү максатын көздөдү. Бул үчүн керектүү билимдерди алдын-ала топтоо максатында мугалим окуучуларга гезит-журналдардан, китептерден, календарлардан курт-кумурскалар жөнүндөгү ар кандай сүрөттөрдү, фольклордук материалдарды издеп табууга багыт берди.
Мында ошондой эле курт-кумурскалар тууралуу көптөгөн фольклордук материалдар пайдаланылып, "Силер билесиңерби?" - деген темада викторина өткөрүлүп, аягында экологиялык мазмундагы маселелер окуучулар менен бирдикте талкууланды. Мугалим дайыма окуучулардын ар түрдүү курт-кумурскалар жөнүндө өз байкоолорун башкалар менен бөлүшүп, аларды жашоосу жөнүндө ойлорун айтып, элдик ырымдарга болгон кызыгууларын арттыруу үчүн көп аракет жасады. Мисалы, анын "эгер кар кумурсканын уюгунун түндүк тарабынан эрий баштаса, анда жай ысык болот", "Кумурсканын уюгуна карап, кайсыл тарап чыгыш, кайсы тарап батыш экенин аныктоого болот", "Кумурскалар уюгуна топтолуп кире баштаса, күн жаайт" деген өңдүү элдик ырымдарды окуучуларга жеткиликтүү түрдө айтып берүүсү колдоого арзырлык. Курт-кумурскаларга байланышкан элдик ырымдар ушундай темада ачылган класстык альбомду жасалгалоо үчүн пайдаланылган.
А.Х.Сабирова окуучулар менен бирдикте "Кумурска" деген операцияны уюштуруп, окуучуларга айылдын жака белиндеги кумурскалардын уюктарын таап, аларды коргоого алуу боюнча атайын тапшырмаларды берген. Мындан сырткары, мугалимдин ошол айыл тегерегинен табылган кумурскалардын уюктарын коргоп эле тим болбойт, жогоруда айтылган өңдүү элдик ырымдарды текшерүү үчүн колдонгону, б.а., бул уюктарды тажрыйба жүргүзүүчү "лаборатория" катары колдонгону мактоого арзырлык.
Педагог тарабынан пайдаланылган көрсөтмө жана техникалык куралдар окуучулардын аң-сезиминде табият кубулуштары жана предметтери тууралуу реалдуу образдардын түзүлүшүн шарттап, курт-кумурскаларга мүнөздүү сулуулукту эске салып, окуучулардын аларга карата болгон эмоциялык мамилесин, аёо сезимин өркүндөтүү үчүн негизги каражаттын милдетин аткарган.
Көрүнүп тургандай, класстан сыркары өткөрүлүүчү иш-чаралар башталгыч класстын окуучуларынын табият таануучулук эле эмес, фольклордук билимдеринин да байышына өбөлгө болуп, жалпы эле жандуу жаратылышка карата жапакеч мамиле жасоого чакырган элдик жөрөлгө, салт-санаа, үрп-адат, ырым-жырымдарды да дагы сыйлоого үйрөтөт. (2 тиркеме …120-бет)
Мектеп окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо жайкы жана кышкы эс алуу мезгилдериндеги табият таануучулук ишмердүүлүгү аркылуу да ишке ашат. Бул бүтүндөй эле окуу жылында өткөрүлгөн практикалык иш менен тыгыз байланышта болот. Коомдук пайдалуу эмгек табият таануу илимине киришүү боюнча жайкы тапшырмаларды аткаруу менен бирдикте уюштурулат жана өз ичине: жандуу жана жансыз табияттын кубулуштарына жана объектилерине байкоо жүргүзүү (талаада, огороддо, бакта), өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүшөт. Табияттагы ар кандай мөмө-жемиштерди, өсүмдүктөрдүн уруктарын, жалбырактарын жана дарылык касиети бар чөптөрдү жыйноо, көчөттөрдү огородго олтургузуу, көчөлөрдөгү, сейил бактардагы, жакын арадагы табигый чөйрөдөгү бак-дарак, түрдүү өсүмдүктөрдү асыроо, табигый эстеликтерди табуу жана коргоого алуу өңдүү иш-чараларды камтыйт.
Бул иш-чаралар окуучулардын экологиялык билимдерин, жөндөмдөрүн эске алуу менен сабактарда, экскурсия учурунда жана класстан сырткаркы жумуштарды даярдоо иштерин жакшылап жүргүзгөндө гана өзүнүн жакшы натыйжаларын берет. Мында окуучулар кандай шартта жайкы каникулду өткөрө тургандыгын, ар бир эле баланын эмнеге жөндөмдүү экендигин жана эмнеге көбүрөөк кызыгарын эске алуу максатка ылайык. Коомдук пайдалуу эмгекке окуучуларды үйрөтүүдө балдарга ата-энелер эле эмес, айылдын карыялары да катышса иштин натыйжалуулугу кыйла жогорулайт.
Окуу жылынын аягында эксперименттик класстарда мына ушул ишти жакшы уюштуруу максатында окуучуларга жайкы каникулда кандай иштерди аткаруу керектигин жакшы түшүндүрүү керек. Мугалимдер мында табигый жана сүрөт көргөзмө куралдарын колдонуу менен жай мезгилине мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү окуучулардын эсине салып, ага байланышкан табият кубулуштарында жана объектилеринде болуучу өзгөрүүлөргө окуучулардын назарын буруп, жай мезгили тууралуу ар түрдүү аңгемелерди, чыгармаларды окууну сунуш кылат, байкоо жүргүзүүнүн дааналатылган пландарын жана жаратылыш чөйрөсүндө жүрүүнүн эрежелери тууралуу эстеткичтерди таратып берет.
Жайкы каникул мезгилинде окуучулар "Жай мезгилинин өзгөчөлүгү" - деген темадагы класстык альбом үчүн ар кандай пейзаждык сүрөттөрдү, макал-лакаптарды табышмактарды, белги-ырымдарды жыйноону уланышат. Бул альбомго алар чогулткан фольклордук материалдар жана жай мезгилиндеги табият көрүнүштөрү боюнча тарткан сүрөттөрдүн эң жакшылары киргизилет. Мугалим айрым окуучуларга табиятты коргоо боюнча айтылган ойлорду, фольклордук материалдарды жыйноо үчүн кыйла татаал тапшырмаларды берет.
Окуучулардын флоранын ар түрдүү түрлөрүнө карата жүргүзгөн байкоолорун активдештирүү максатында "Элдик акылмандыктын алиппеси" деген темада атайын альбом уюштурулуп, ага окуучулар тарабынан топтолгон өсүмдүктөргө байланышкан элдик ырым белгилер киргизилет. Мисалы, "Каакымдын гүлү жумулса - жаан болорунун белгиси", "Беденин жалбырактары ылдый салаңдаса - жамгырды күтө бер" ж.б.д.у.с.
Жайкы каникул учурунда башталгыч класстын окуучулары окуу-тажрыйба участкасында, бактарда, бакчаларда эле эмес, жайлоодо, токойлордо да өз байкоолорун жүргүзүшү зарыл.
Табият менен түздөн-түз алакада болуу максаттуу мүнөзгө ээ болушу керек. Өсүмдүктөргө, жаныбарларга , табият кубулуштарына байкоо жүргүзүү менен окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп табууга аракет жасайт. Мына ушунун өзү экологиялык билимдердин байышын шарттап, табиятты коргоо боюнча жүргүзүлүүчү иш-чараларды туура уюштурууга мүмкүндүк берет. Табият менен активдүү карым-катышта болуу окуучулардын табият кубулуштарына жана предметтерине болгон сүйүү сезимин өстүрүп, кызыгууларын арттырат. Туулган жерди жакшы көрүү (окумуштуу Сабыр Иптаров таамай аныктагандай, "сүйүүнүн" синоними - көз эле эмес, көкүрөк менен да даана көрүү) мына ушундайча ишке ашат. [51, 152б.]
Алар жаратылыш жөнүндөгү таасын айтылган элдик учкул сөздөрдү, табышмактарды, жаңылмачтарды эстерине түшүрүп, бул окуучулардагы айлана-чөйрөгө болгон эмоциялык-эстетикалык кабылдоо жөндөмүн күчөтөт.
Табиятка карата болгон кызыгуу окуучуларды табиятты коргоо боюнча иш-чараларга аралашуусун шарттап, экологиялык билгичтиктерин жана көндүмдөрүн бекемдейт. Мындан сырткары, окуучуларда өз алдынчалуулук, мээнеткечтик, эмгекти барктоо, б.а. ар кандай жумуштун натыйжалуу болушуна умтулуу, тапшырылган милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруу, табият байлыктарын коргоого аракеттенүү өңдүү адамдык мыкты сапаттар пайда болот.
Башталгыч класстын окуучуларын ар түрдүү коомдук пайдалуу жумушка катыштыргандагы байкалган алардын табиятка карата болгон мамилелериндеги өзгөрүүлөр эксперимент катары жүргүзүлгөн тажрыйбанын мазмунун кеңейтүүгө түрткү берди. Курчап турган дүйнөнүн сырларын билүүгө дилгир куракта адамдын жан дүйнөсүндө табиятка кайдыгерликке орун калтырбай турган эң зор иш - бул мазмундуу, натыйжалуу эмгек экенин малчы, дыйкан калктын эзелки тажрыйбасы да ырастайт. Мектеп окуучуларынын практикалык ишмердигин уюштуруудагы жакшы ийгиликтерге жетишүүнүн негизги шарты болуп:
-чөлкөм таануу багыты боюнча ырааттуу жана максаттуу түрдө жүргүзүлгөн калыптандыруу, асыроо иш-чараларын уюштуруу;
-республикада табиятты коргоо боюнча топтолгон тажрыйбаларды, калыптанган салт-санаалары, экологиялык билим берүү процессинде, табият таануучулук ишмердүүлүгүнө айкалыштыруу жана аны окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша пландуу, системалуу түрдө уюштуруу;
-табият таануучулук мүнөздөгү коомдук пайдалуу жумуштун ар кандай түрлөрүнө биринчи класстан тартып эле индивидуалдуу жана коллективдүү түрдөгү жакшылап ойлонуштурулган тапшырмаларды берүү жолу менен тартуу, ошондой эле мындай иштердин чөйрөсүн улам кеңейте берүү;
-табият таануу процессин уюштурууда райондун, шаардын, бүтүндөй эле республиканын аймагындагы ар түрдүү башка мектептер менен болгон байланышты күчөтүү ж.б. эсептелет.
Башталгыч класстын окуучуларына экологиялык тарбия берүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарууда табият таануу жумалыгы, токойлорду, бактарды коргоо боюнча атайын ишембиликтерди, конкурстарды, кечелерди, көргөзмөлөрдү ж.б.д.у.с. класстан сырткаркы иш-чараларды өткөрүү зарыл.
Табият таануучулук билимдерди тереңдетүү, ыймандык сапаттарга тарбиялоо, жаратылышты коргоо боюнча патриоттук, эстетикалык сезимдерди ойготуу үчүн табиятка арналган майрамдарды өткөрүүнүн мааниси зор. Бул иш-чараларды өткөрүүдө элдик педагогиканын тажрыйбаларын жана прогрессивдүү идеяларын пайдалануу зарыл. Эксперименттик мектептерде "Байчечекей", "Эгин себүү", "Алтын күз", "Сыйкырдуу кыз" (аталыштары ар кандай болушу мүмкүн) майрамдарын өткөрүүнү салтка айландырып, алардын мазмунун жылдан жылга байытып олтуруу керек.
Башталгыч класстарда класстан сырткаркы иш-чараларды уюштурууда элдик педагогиканын табият таануу боюнча кылымдар бою топтолуп, сыналган тажрыйбаларын пайдалануунун балдарга экологиялык жактан тарбия берүү үчүн мааниси зор. Мисалы, майрамдарды өткөрүүдө эксперименттик класстардын мугалимдери элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн, элдик музыканы, бийди, оюндарды пайдаланып, жыл мезгилдеринин алмашуусуна, айыл чарба жумуштарынын ар кандай түрлөрүнө байланышкан салт-санаа, үрп-адаттарды колдонот. Ошону менен катар адам менен табияттын биримдигин, адам менен табият маселесин көркөм иликтеген кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын пайдалануу зарыл. (Мисалы, А.Осмоновдун "Эшимкандын тереги" поэмасы, Ч.Айтматовдун "Ак кеме", М.Байжиевдин "Ак илбирстин тукуму" повесттери жана алардын негизинде тартылган кинофильмдер).
"Табышмактардагы-табият", "Чиркей, чабалекей жана жылан", "Карышкыр менен түлкү", "Токойдогу окуя", "Чымчыктын мотору" деген өңдүү темаларда өткөрүлгөн майрамдык иш-чаралар да окуучулардын өзгөчө кызыгууларын туудурат. Мындай майрамдардын тарбиялык таасиринин маанилүү жагы балдарды элдик чечен сөздөр менен тааныштыруу учурунда эне тилге болгон сүйүү жана эстетикалык сезимдерин өнүктүрүү болуп эсептелет. Бул иш-чараларды өткөрүүгө даярдануу процессинде кыргыздын элдик педагогикасындагы айлана-чөйрөгө карата сарамжалдуу мамилесин чагылдырган фольклордук материалдарды ылгап алуунун мааниси зор.
Бул иш-чаралар кандайдыр бир кесипке багыт берүү максатында да өткөрүлүшү да мүмкүн. Мисалы, элет мектептеринде айыл чарба кесиптерине багыт берүүгө көбүрөөк көңүл бөлүнөт. Эгер окуучулардын дилине эгин талаасынын бараандуу да, көркөм да элеси чөгөрүлсө, анда туулган жер менен тамырлаштык сезими адамдын жан дүйнөсүнө өмүр бою күч-кубат берет, анын жашоосуна ар дайым жаңырып туруучу маани-мазмун тартуулайт.
Окуучулар мындай иш-чараларга класстан сырткаркы мезгилде эле эмес, ырдоо, эмгекке үйрөтүү жана сүрөт сабактарында да даярдануусу керек. Бул тапшырмаларды аткаруу окуучулардын кызыгуусун туудурганда гана аларда эмоционалдуулук пайда болуп, коюлган милдеттер чыгармачылык менен аткарылат. Бул иш-чараларды өткөрүүдө түшүм, чөп чабык тууралуу элдик ырларды, музыкалык-бий композицияларды, улуттук кийим-кечелерди, пайдалануунун мааниси зор.
Дыйканчылык тууралуу окуучулардын түшүнүгүн кеңейтүү максатында атайын кроссворддорду түзүп, көргөзмөлүү-жасалгалуу материалдарды колдонуу менен ар түрдүү викториналарды өткөрүүнүн мааниси зор.
Түшүм майрамынын өткөрүүдөгү негизги максат кыргыз элинин дыйканчылык менен байланышкан байыркы салт-санаалары, жөрөлгөлүү, ырым-жырымдары менен тааныштыруу болуп эсептелет.
Бул майрамды өткөрүүдө аны алып баруучу уруулук коомдо эле кыргыздар нанды өтө ыйык санагандыгын, уруу-башчылары, хандар бийликке келгенде нанды кармап ант беришкендигин, уруулар аралык чатактарды басууда тынчтыктын символу катары нан эсептелгендигин, колуна нан жана туз алып тосуп чыккандыгын терең чечмелеп түшүндүрүү зарыл.
Түшүм майрамын өткөрүүдө дыйканчылыкка байланыштуу элдик ар кандай ырларды, ырым-жырымдарды пайдалануу керек. Мындайда өсүмдүктөрдүн коллекциясы, гербарийлер, гүлдөр, фото жана көркөм сүрөттөр, ж.б. жасалгаларды колдонуу, адабий музыкалык композицияны даярдоо мындай майрамдын көркүн ачып, шаңына чыгарат. Бул окуучулардын эстетикалык табитин эле өстүрбөстөн, ата-бабаларыбыздын табият таануу боюнча тажрыйбаларына жана элдик оозеки чыгармачылыкка болгон кызыгуусун да күчөтөт. (I тиркеме … 114-бет)
Класстан сырткаркы иш-чараларды массалык түрдө өткөрүү окуучулардын билимин өстүрүүнүн негизги каражаты катары эле кызмат өткөрбөстөн, көркөм жана элдик оозеки чыгармачылыктын маани-мазмунун терең түшүнүүгө дагы шарт түзөт.
Изилдөөнүн жүрүшүндө биз окуучуларга экологиялык жактан тарбия берүү максатында пайдаланылган элдик педагогиканын элементтери көпчүлүк учурда тарбиялык максатта өткөрүлүүчү иш-чаралардын таанып билүүчүлүк жана эмоциялык мазмунун тереңдетип, окуучулардын инсан катары жетилишине чоң таасир берерине ынандык. Элдин педагогикалык мурастарга таянуу менен жүргүзүлгөн класстан сырткаркы иш-чаралар окуучуларга экологиялык билим берүү, аны тереңдетүү үчүн маанилүү булак болуп эсептелет жана алардын табият таанууга болгон кызыгуусун арттырып, анын байлыктарын коргоп асыроого үйрөтөт.
Элдик педагогиканын тажрыйбаларынын жана алдыңкы көз караштагы идеяларынын негизинде башталгыч класстын окуучуларына экологиялык жактан тарбия берүүнү активдештирүү проблемаларын ар тараптуу изилдөө менен, түрдүү мектептерде класстан сырткаркы иш-чараларды уюштуруудагы экологиялык жактан тарбия берүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулата турган бир катар педагогикалык шарттарды белгиледик. Бул шарттар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чөлкөм таануу боюнча жүрүштөрдү элдин табият таануу жаатындагы прогрессивдүү салттары балдардын жеке турмушу жана эмгек менен байланыштырып уюштуруу;
- окуучулардын практикалык жана таянып билүүчүлүк ишмердигинин активдештирүү максатында, экологиялык жактан тарбиялуулук деңгээлдерин даана аңдоо;
- экологиялык тарбия берүү усулдарын айрым бир окуучуга, класска жана бүтүндөй эле мектеп окуучуларына карата өз ара айкалышта колдонуу;
- окуучуларга тарбия берүү максатында башталгыч класс окуучуларынын коллективинде моралдык-психологиялык шарттарды түзүү;
- элдик педагогиканын мурастарындагы экологиялык тажрыйбаларды, идеяларды экологиялык жактан тарбия берүү процессинде пайдалануу жана өздөрүнүн илимий-педагогикалык потенциалын жогорулатуу боюнча мугалимдерге карата талаптарды күчөтүү ж.б.
Ал эми үй-бүлөдө экологиялык жактан тарбия берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана ушул багыт боюнча мектептин аткара турган иштерине байланыштуу маселелер кийинки параграфта каралат.
ЭКИНЧИ ГЛАВА боюнча корутунду
Калыптандыруучу эксперимент кыргыздын элдик педагогикасынын прогрессивдүү идеялары менен тажрыйбаларынын негизинде сабактарда, класстан тышкаркы иштерде, мектеп менен үй бүлөнүн биргелешкен иш аракети аркылуу окуучуларды экологиялык жактан тарбиялоонун формаларын методдорун өркүндөтүүгө багытталды. Тажрыйба-практика ишинин жүрүшүндө «Мекен таануу» жана «Адабий окуу» окуу предметтеринин программалык мазмундук өзгөчөлүктөрү окуучуларды этномаданият жана экологиялык жактан тарбиялоонун бир катар иш чараларын жүзөгө ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.
«Кыргыз тили» сабактарында тамгаларды таанытууда туура сүйлөөгө үйрөтүүнү балдар кенедей кезинен угуп жүргөн макалдар менен байланыштыруу, «Математика» сабагында айрым түшүнүктөрдү бекмдөөдө табият кубулуштарын сан менен туюнткан макалдарды колдонуу тассирлүү болоору ырасталды. Ал эми сүрөт сабагында окуучулар өз айылынын флорасы жана фаунасы тууралуу сүрөттөрдү тартуу, альбомдорду даярдоо ар бир сүрөт алдына аларды коргоо боюнча элдик накыл кептерди жазып чыгуу сыяктуу иш чараларга тартылышты. Биз тарабынан жүргүзүлгөн эксперимент–тажрыйба иштери экологиялык таалим–тарбияны башталгыч клаастардын бардык окуу предметтерининин алкагында өркүндөтүүгө болоорун тастыктады. Айылдык мектептердеги тажрыйба-практика ишинин жүрүшүндө сабактан тышкаркы ишмердиктин таалимчил таасирин күчөтүү максатында аны мазмундук жана практикалык жактан өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү. Б.а. экскурсияны уюштурууда балдардын жаратылыш менен жакындашуу чөйрөсү кеңейтилди, анын таасирдүүлүгү улуттук майрамдардын, үрп-адаттардын, оюндардын фольклордун каражаттарын айкалыштыра колдонуу аркылуу жогорулатылды. Изилдөөнүн жүрүшүндө биз табиятты коргоо ишмердигине катышууну балдардын ички ыймандык-руханий муктаждыгы катары калыптандыруу үчүн аларды айыл чарба жумуштарына эрте аралаштыруунун мааниси зор экендигине ынандык. Табиятка карата мамиле коомдук, үй бүлө мамилелери менен тыгыз байланыштуу. Башталгыч класс курагындагы окуучулар үй-бүлөгө көбүрөөк жакын, андыктан элдик чыгармачылык үй-бүлөдө ары таасирдүү, ары жугумдуу болот. Бул багыттагы иштерди ургаалдаштыруу максатында жаратылыш чөйрөсүнө камкор мамиледе болууга үйрөткөн элдик таалим-тарбиянын тажрыйбасын, каада-салт, үрп-адаттарды ата-энелерге тааныштыруу боюнча ар кыл формадагы иш-чаралар иштелип чыгып сунуш кылынды.. Контролдук салыштыруулардын натыйжаларын анализге алганда эксперименттик класстарда сынактан өткөрүлгөн программа балдардын экологиялык билимин байытууга, табият чөйрөсүндөгү жүрүш-туруштун практикалык көндүмдөрү менен жосундарын калыптандырууга, адеп-ахлак жана эстетикалык жактан жетилүүсүнө шарт-ыңгай түзөрү далилденди.
КОРУТУНДУ
Башталгыч класстын окуучулары үчүн жазылган окуу китептер менен окуу куралдарын анализге алганыбызда, алардын авторлору экологиялык тарбиянын программалык талаптарын аткаруу үчүн этнопедагогикалык материалды иргеп пайдаланууда бир кыйла чар жайыттыкка жол беришкендиктери аныкталды. Ошондуктан, биз окуу адабияттарынын тарбиялык потенциалын күчөтүү максатында аларды: табият таануучулук жана фольклордук материалдарды колдонуунун кыйла жетик системасын түзүү; элдик педагогиканын каражаттарын пайдалануудагы уланмалуулукту жүзөгө ашыруу; тексттерди жана усулдук аппаратты байытуу; предмет аралык байланышты чыңдоо ж.б.у.с. жолдор менен өркүндөтүү зарыл деген жыйынтыкка келдик.
Азыркы айыл мектептеринин практикасындагы экологиялык тарбиянын абалын иликтөө айрым мектептерде башталгыч класс окуучуларынын табиятка карата дилгир, аяр мамилесин калыптандыруу үчүн элдик педагогиканын элементтерин колдонуу боюнча аздыр – көптүр алгылыктуу тажрыйбалар бар экендигин көрсөттү. Бирок, ал тажрыйбалар фрагментардык мүнөздө айрым мекетептерге гана таандык болуп жалпы абал айтаарлык талаптардан кыйла алыс.
Аталган кемчиликтердин негизги себептери катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот: айылдык мектептерде экологиялык билим жана тарбия берүү иши методикалык жактан начар иштелген; жаш муундарды тарбиялоо процессинде элдик таалим-тарбиянын прогрессивдүү идеялары менен тажрыйбаларын бүгүнкү педагогика илиминин жетишкендиктери менен айкалыштыра пайдалануу маселесине арналган атайын эмгектер, ошондой эле мугалимдер үчүн тийиштүү методикалык адабияттар жокко эсе; кыргыз элинин этнопедагогикалык мурастарында камтылган зор тарбиялык мүмкүнчүлүктөр педагогдор тарабынан жетиштүү даражада бааланбай келет.
Эксперименттин жүрүшүндө башталгыч класс окуучулардын экологиялык жактан тарбиялангандыгынын шарттуу түрдөгү үч башка деңгээли аныкталды. Табиятка карата этият, дилгир мамиленин калыптануу динамикасын кыйла толук чагылдырган бул деңгээлдер "жогору", "орто" жана "төмөн" деп бөлүндү. Окуучулардын экологиялык жактан тарбиялангандыгынын реалдуу деңгээлин аныктоодо элдик педагогиканын каражаттарынын негизинде түзүлгөн окуу-педагогикалык тапшырмаларды берүү, аңгемелешүү, байкоо жүргүзүү; педагогикалык кырдаалдар ж.б.д.у.с. методдор колдонулду. Окуучулардын экологиялык тарбиялангандык деңгээлдерин мүнөздөө өзүнүн шарттуу экендигине карабастан, аларды болжолдуу түрдө типтештирүүгө жана ошого жараша тажрыйба иш өзөктүү иштеринин негизги багыттарын аныктоого жол ачты.
Тажрыйба-практика ишинин жүрүшүндө мугалимге окулуп-үйрөнүлүп жаткан теманын логикасын бузбай жана педагогикалык тактты толук бойдон сактап, сабактын маани-маңызын этнопедагогикалык материал менен байытуу методдору, ыкмалары сунуш кылынды. «Мекен таануу» жана «Адабий окуу» окуу предметтеринин программалык мазмундук өзгөчөлүктөрү окуучуларды этмаданият жана экологиялык жактан тарбиялоонун бир катар иш чараларын жүзөгө ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.
Башталгыч класс окуучуларынын табиятка карата эмоциялык-эстетикалык мамилесин калыптандыруунун таасирдүү жолдорунун бири болгон экскурсияны уюштурууда балдардын жаратылыш менен жакындашуу чөйрөсү кеңейтилди, анын таасирдүүлүгү улуттук майрамдардын, үрп-адаттардын, оюндардын фольклордун каражаттарын айкалыштыра колдонуу аркылуу жогорулатылды. Башталгыч класс окуучуларын тарбиялоодо элдик педагогиканын каражаттарын бир кыйла эффективдүү колдонуу боюнча биз иштеп чыгып сунуштаган усулдук нускоолорду жетекчиликке алуу балдарды адеп-ахлактык жана эстетикалык жактан тарбиялоого, алардын табиятка карата таанып-билүүчүлүк кызыгуусун күчөтүүгө, өздөштүргөн билимине, көңүлүндөгү ой-мүдөөсүнө күндөлүк жүрүм-турумун да шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Класстан тышкаркы иштердин: майрамдардын, аңгемелешүүлөрдүн, экскурсиялардын ж.б.д.у.с. түрдүү формаларын өркүндөтүү боюнча нускоолор иштелип чыкты. Башталгыч класс окуучуларынын табиятка карата эмоциялык-эстетикалык мамилесин калыптандыруунун таасирдүү жолдорунун бири болгон экскурсияны уюштурууда балдардын жаратылыш менен жакындашуу чөйрөсү кеңейтилди, анын таасирдүүлүгү улуттук майрамдардын, үрп-адаттардын, оюндардын фольклордун каражаттарын айкалыштыра колдонуу аркылуу жогорулатылды.
Изилдөөнүн жүрүшүндө биз табиятты коргоо ишмердигине катышууну балдардын ички ыймандык-руханий муктаждыгы катары калыптандыруу үчүн аларды айыл чарба жумуштарына эрте аралаштыруунун мааниси зор экендигине ынандык. Баба дыйкандын изин бала күнүнөн тартып эле басып чоңойгон адам жөн гана табият байлыктарын керектөөчү эмес, аны асырап коргоочу, арбытуучу инсан болуп жетилет. Диссертацияда көрсөтүлгөндөй, бул иште эгин айдаган, мал баккан, гүл өстүрүп, бак күткөн жергиликтүү калктын табиятка карата чарбачыл, аяр мамиле жасаган салттарын, жаратылыш байлыктарын пайдаланууга байланышкан маселелерди, конкреттүү мектептин айлана-чөйрөсүндөгү шарт, ыңгайды мүмкүн болушунча толук эске алуу зарыл.
Башталгыч класс окуучуларынын жаратылыш байлыктарын байытуу-сактоо багытындагы ыкласын, практикалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн элдик педагогиканын каражаттарына таянуу менен алдын-ала өткөрүлгөн аңгемелешүүлөр, эски салтты жакшы билген нускалуу карыялар менен баарлашуулар чоң өбөлгө түзө тургандыгы аныкталды. Жаратылышты коргоо иштерине балдардын дилгирлик менен катышуусун камсыз кылууда аларды элдик педагогиканын таалимчил потенциалы кеңири пайдаланылган ийримдерге системалуу түрдө тартуу да оң таасирин тийгизет.Табиятка карата мамиле коомдук, үй бүлө мамилелери менен тыгыз байланыштуу. Биз экспериментибизди жүргүзгөндө, үй-бүлө өзүнө гана таандык тарбиялоочулук касиет-таасирге эгедер өтө татаал социалдык феномен экендигин эске алдык.
Башталгыч класс курагындагы окуучулар үй-бүлөгө көбүрөөк жакын, андыктан элдик чыгармачылык үй-бүлөдө ары таасирдүү, ары жугумдуу болот. Изилдөөдө көптөгөн ата-энелер балдарды табиятка карата жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо үчүн эчен кылымдар бою топтолуп, сыналган элдик эң жакшы салттарды али да жетиштүү даражада пайдаланбай келе жатышкандыктары айкын болду.
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ
Аблабекова, Ж.К. Башталгыч класстын окуучуларында алгачкы экологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун педагогикалык негиздери [Текст] / дис с. канд. пед.наук / Ж.К. Аблабекова. - Б. 2010.
Айтманбетов, М. Кыргызстандын жаратылышын коргоо жана туура пайдалануу [Текст] / М. Айтманбетов. - Ф.: Мектеп, 1984. - 80 б.
Айтматов, Ч. В соавторстве с землею и водою. [Текст] / Ч. Айтматов. – Ф., 1978, – 323 б.
Алимбеков, А. Кыргыз этнопедагогикасы [Текст] / А. Алимбеков. – Б., 1996. – 69 б.
Алымов, Б. Биздин адабиятты 7-класста окутуу. Орто мектептин адабият мугалимдери үчүн окуу куралы [Текст] / Б. Алымов. – Ф.: Мектеп, 1983. – 252 б.
Аманалиев, Б. Философиялык терминдердин кыскача сөздүгү долбоор) [Текст] / Б. Аманалиев. – Ф., 1962. – 133 б.
Амонашвили, Ш.А. Размышления о гуманной педагогике [Текст] / Ш.А. Амонашвили. – М., 1996. – 496 с.
Ананьев, Б.Г. О проблемах современного человекознания [Текст] / Б.Г. Ананьев. ‒ М.: Наука, 1977. – 380 с.
Андреев, Ю.А. Экологическая коллизия в зеркале литературы [Текст] / Андреев. – Л., 1986.
Архив К.Д. Ушинского: В 4т.Т.1. [Текст] /. – М.: Изд-во акад. пед. наук РСФСР, 1959. – 592 с.
Атутов, П.Р. Политехническое образование школьников в современных условиях [Текст] / П.Р. Атутова – М.: Знание, 1985. – 80 с.
Бабакова, Т.А. Теория и практика школьного экологического краеведения [Текст] / дис. д-ра пед. наук / Т.А. Бабанова. – М., 1996.
Бабанский, Ю.К. Оптимизация учебно-воспитательного процесса: Метод. основы [Текст] / Ю. Бабанский. – М.: Просвещение, 1982. – 192 с.
Байгазиев, С. Атуул жана Ата Журт [Текст] / С. Байгазиев. – Ф.: Кыргызстан, 1990.
Байышова, Г.Ж. Мектептердин башталгыч класстарынын сабактан тышкаркы иштеринде элдик салттар аркылуу экологиялык тарбиялоонун илимий негиздери [Текст] / пед. илим. канд. дис. / Г.Ж. Байышова. – Б. 2010. – 150 б.
Балтон, Ц.П. Балтон, В.Д. Воспитательное чтение//Беседы по методике начального обучения [Текст] / Ц.П. Балтон, В.Д. Балтон. – М., 1973.
Басова, Н.В. Педагогика и практическая психология [Текст] / Н.В. Басова – Ростов-на-Дону ,1999. – 416 с.
Бекбоев, И. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери [Текст] / 3-басылышы / И. Бекбоев. – Б.: «Бийиктик», 2011. – 384 б.
Белая, Г.А. Художественный мир современной прозы [Текст] / Г.А. Белая – М., 1983. С. – 123
Белов, П.Н. Антропогенной загрязнение природной среды и оценка его уровня методом математического моделирования [Текст] / Вест. Моск. унив-та. Сер.5, География / П.Н. Белов. – 1990.- №5. – С.16-24
Беляков, В.Б., Гусева, Н.А., Гусев, А.А. Международная школа- семинар «Биоиндикация и биомониторинг» [Текст] / Изв. АН СССР. Сер.геогр / В.Б. Беляков, Н.А. Гусева, А.А. Гусев. – 1989. – №2. – С.127.
Беспалько, В.П. Слагаемые педагогической технологии [Текст] / В.П. Беспалько – М.: Педагогика, 1989. – 192 с.
Блага К., Шебек, М. Я – твой ученик, ты – мой учитель: Кн. для учителя [Текст] / К. Блага, М. Шебек. – М.: Просвещение, 1991. – 143 с.
Бабаев, М.Д. Совершенствование школьного экологического образования в процессе изучения естественнонаучных дисциплин / [Текст] автореф.дисс.кан.пед.наук / М.Д. Бабаев. – Ош,2003.
Божов, Л.И. Избранные психологические труды: Пробл. формирования личности [Текст] / под. ред. Д. И. Фельдштейна / Л.И. Божович. ‒ М.:Международ, педагогическая академия, 1995. – 212
Вересов, Н.Н. Психологический анализ условий формирования основ экологического сознания (на материале эксперим. Учебной программы по основам экологии для детей 6 лет). [Текст] / дис. канд. пед. наук / Н.Н. Вересов – М., 1991. – 181 с.
Вульфов, Б.З., Поташник, М.М. Организатор внеклассной и внешкольной воспитательной работы: Содержание и методика деятельности [Текст] / Б.З. Вульфов, М.М. Поташник. – М.: Просвещение, 1983. – 207 с.
Выготский, Л. С. Спиноза и его умение об эмоциях в свете современной психоневрологии. //Вопросы философии [Текст] / Л.С. Выготский. 1970, №6, – 120 с.
Герд А.Я. Экскурсионное дело: Сборник статей по вопросам методики экскурсий. – М.-Л.: Гос. изд-во, 1978. –117 с.
Георгиевский, В.Б., Сурвила, А.П. Экологический «градусник» для задач мониторинга [Текст] / Изв. Рос. АН. Сер.геогр / В.Б. Георгиевский, А.П. Сурвила – 1994. – №3. – С.94-99
Горшков, А. К. Здоровье как проблема экологического образования // Вестник экологического образования в России [Текст] / В.В. Голубков. – 1997. – №3. – С.12.
Грехова, Л.И. Экологическая подготовка детей в дошкольных образовательных учреждениях [Текст] / Л.И. Грехова. – Ставрополь, 1998. – 272 с.
Даминова, И. Кыргыз эл педагогикасынын прогрессивдүү идеялары жана тажрыйбалары аркылуу башталгыч класстын окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо [Текст] / пед. илимд. канд. дис. / И. Даминова. – Б., 2010. – 171 б.
Данилова М.А., Есипов Б.П. Дидактика. – М.: Изд-во АПН. РСФСР, 1957. –518 с.
Дежникова, Н. С. Экологическое воспитание в контексте социокультурной динамики // Педагогика [Текст] / Н.С. Дежникова. – 2002. – №10. – С.51-56.
Дежникова, Н.С. Экологическое воспитание детей о подростков в России на рубеже столетий // Вестник экологического образования в России [Текст] / Н.С. Дежникова. – 2000. – №2. – С.12.
Дежникова, Н.С., Цветкова, И.В. Экология и культура. Методика воспитания младших школьников [Текст] / Н.С. Дежникова, И.В. Цветкова. – М., 1995. – 46 с.
Дереклеева, Н.И. Научно-исследовательская работа в школе [Текст] / Н.И. Дереклеева. – М.: Вербум-М, 2001.
Добрецова, Н.В. Экологическое воспитание в пионерском лагере [Текст] / Н.В. Добрецова. – М.: Агропромиздат, 1988. – 239 с.
Дорога в будущее [Текст]: Интервью Ч. Айтматовым / записала Э. Гусева // Гражданская авиация.– 1987. – №1. – С. 40-41.
Дүйшөнбаев, П., Дүйшөнбаев, М. Чынгыз Айтматовдун экологиялык этикасы [Текст] / П. Дүйшөнбаев, М. Дүйшөнбаев. – Бишкек: Шам, 2005.- 335б.
Ермаков, Ю.Г., Кондратьева Т.И. Новое направление природоохранной политики США [Текст] // Вест. Моск. ун-та. Сер.5, геогр. / Ю.Г. Ермаков, Т.И. Кондратьева. – 1991. – №1. – С.77-82.
Захлебный А.Н., Суравегина И.Т. Экологическое образованиие школьников во внеклассной работе: Пособие для учителя. - М.: Просвещение, 1984. – 160 с), (81 Зверев И.Д. Экология в школьном обучении: Новый аспект образования. – М.: Знание, 1980. – 96 с
Залыгин, С.П. Литература и природа [Текст] / С.П. Залыгин. ‒ Нева, 1980. – 172 с.
Замотин,И.З. Чувство природы и жизны и его понимание в русской художественной литературе XIX столетие. [Текст] / И.З. Замотин. – Варшава,1910.
Захлебный, А.Н. Межпредметность знаний природного характера [Текст] // Проблемы экологического образования в школе / А.Н. Захлебный. – М., 1979.
Зверев, И.Д., Максимова, В.Н. Межпредметные связи в современной школе [Текст] / И.Д. Зверев, В.Н. Максимова. ‒ М.: Педагогика, 1981. – 160 с.
Зверев, И.Д., Суравегина, И.Т. Отношение школьников к природе [Текст] / И.Д. Зверев, И.Т. Суравегина. – М.: Педагогика, 1988. – 127 с.
Ибраимов К. Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы «Адам табият» концепциясы [Текст] / К.Ибраимов - Ф.: Илим 1991
Иптаров С., Кулматов Н. Адеп билими: Усулдук колдонмо. – Б., 2000. – 152б
Иманалиев, К. Орто мектептерде кыргыз адабияты боюнча проблемалык окууну уюштуруу иши [Текст]: Жогорку окуу жайларынын филология факультетинин студенттери жана орто мектептин мугалимдери үчүн окуу куралы / К. Иманалиев. – Ф.: Мектеп, 1981. – 144 б.
Иоганзен, Б.Г. К постановке экологического обучения и воспитания в средней школе. [Текст] /Б.Г. Иоганзен.- М., 1979.
Исамидинов, И.Ч. Кыргыз орто мектептеринде адабият теориясын окутуу [Текст] / пед. илимд. канд. дис. / И.Ч. Исамидинов. – Б., 2005. – 295 б.
Калдыбаева, А.Т. Эл акындарынын этнопедагогикалык идеяларын жаштарды тарбиялоодо колдонуунун илимий-педагогикалык негиздери [Текст] / дис с. докт. пед.наук. / А.Т. Калдыбаева. ‒ Б., 2007. – 274б.
Коханова, Л.А. Истоки принципа природосообразности [Текст] // Вестник высшей школы / Л.А. Коханова. – 1987. – №2. – С.78-81.
Культурология ХХ век [Текст]: Словарь. – СПб, 1997. – 630 с.
Лихачев, Д.С. Раздумья о России. [Текст] /Д.С.Лихачев. –СПб: Логос, 1999. -661с.
Мамбетакунов, Э., Сияев, Т. Педагогиканын негиздери [Текст] / Э. Мамбетакунов, Т. Сияев. – Б.: Айат, 2008. – 304 б. – 210 б.
Маркс, К. Критика политической экономии [Текст] / Т.3. Кн.3. Процесс капиталистического производства, взятый в целом. Ч.2. / Издан под ред. Ф.Энгельса. / К. Маркс. – М.: Политиздат, 1986. – 508 с.
Минбаев К. Адам психологиясы [Текст] / ЖОЖдун студенттери жана мектеп мугалимдери /ч/н о*долуп жана толукталып басылышы / К.Минбаев. – Ош, 1999. 22-25-бб
Михайлова, Н.И. Интеграция экологических знаний школьников [Текст] /. диссертация канд. пед. наук / Н.И. Михайлова. – Оренбург, 1995.
Моисеев, Н.Н. Человек и ноосфера [Текст] / Н.Н.Моисеев. –М.: Мол. гвардия, 1990. – 351 с.
Момуналив, С. Кыргыз орто мектептеринде лирикалык чыгармаларды окутуунун педагогикалык методикалык негиздери [Текст] / пед. илимд. докт. дис. / С. Момуналиев. – Б., 2009. – 276 б.
Морони, А. Междисциплинарный подход к проблемам экологического образования [Текст] // Перспективы. / А. Морини. – 1992. – №1-2. – С.188-200.
Муратов, А. Адабият сабагы. Адабиятты окутуу [Текст] / А. Муратов. – Б.: «Аят», 2012. – 112 б.
Муратов, А. Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов [Текст]: илимий усулдук колдонмо. / А. Муратов. – Б. Айат, 2010. – 188 б .
Мурсалиев, А.М. ж. б. Жалпы экология [Текст]: Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын табият таануу ж-a гуманитардык фак. студ. учун окуу китеби / А.М. Мурсалиев, Т.З. Ниязов, А.Б. Шамшиев. – Б.: «Турар», 2010. – 486
Нейфах,А. Почему мы такие? [Текст]/ Знамя / А. Нейфах.- 1996.-№8.
О биосферных территориях в КР [Текст] / Закон КР от 09.06.1999г. №48 // Нормативные акты КР., 1999.-№14. – С. 3-4.
О животном мире [Текст] / Закон Кыргызской Республики от 17 июня 1999 г. №59.
О Концепции экологической безопасности КР [Текст] / Указ Президента КР от 23 ноября 2007 года №506 // Нормативные акты КР. -2007. -№49. – С. 37.
Об охране здоровья народа Кыргызской Республики» [Текст] / Закон Кыргызской Республики от 2 июля 1992 г. №43-ХII.
Об охране и использовании растительного мира [Текст] / Закон КР от 22 мая 2001 года // Эркин Тоо., 2001. -№32.-4 мая. – С. 10-11.
Об охране окружающей среды. [Текст] / Закон КР. От 16. 06. 1999 №53// Нормативные акты КР.,1999.-№14. – С.31.
Педагогика и психология чтения [Текст]: сборник, статей по материалам межрегиональной научной конференции / научная редакция Т.Д. Полозова. – М., 1994.
Печчеи, А. Человеческие качества [Текст] / Пер. с англ. О.В.Захаровой. / А. Печчеи – М.: Прогресс, 1987. – 312 с.
Педагогика и психология чтения [Текст]: сборник, статей по материалам межрегиональной научной конференции / научная редакция Т.Д. Полозова. – М., 1994.
Покуленко, Т.А. Вегетарианство как нравственная ценность [Текст] /. в книге «Этическая мысль» / Т.А. Покуленко. – М. 1990.
Поташник, М.М., Вульфов, Б.З. Педагогические ситуации [Текст] / М.М. Поташник, Б.З. Вульфов. – М.: Педагогика, 1983. – 144 с.
Психология [Текст]. Словарь / Под общей редакцией А.В. Петровского, М.Г. Ярошевского. – М., 1982.
Романовская, З.И. Чтение и развитие младших школьников [Текст] / З.И. Романовская. – М., 1982
Рубинштейн, С.Л. Основы общей психологии [Текст] / С.Л. Рубинштейн. –М., 1946.
Рысбаев, С.К. Кыргыз окуучулар фольклорунун педагогикасы [Текст] / Педагогикалык жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралы / С.К. Рысбаев. – Б.: Билим Куту, 2006. – 367 б.
Саводник, В.Ф. Чувство природы в поэзии Пушкина, Лермонтова и Тютчева [Текст] / В.Ф. Садовник. – М., 1911.
Салеева Л.П. Формирование бережного отношения младших школьников к природе: Автореф. ... канд. пед. наук: 13.00.01. – М., 1978. – 22 с.
Сластенин, Е. С. Экологическое образование в подготовке учителя [Текст] / Е.С. Сластенин – М.: Педагогика, 1984. – 241 с.
Смирнова, А.И. «Не то, что мните вы, природа...» [Текст]: Русская натурфилософская проза 1960-1980-х годов / А.И. Смирнова. – Волгоград, 1995.
Степанов, С.А. От стратегии размышлений - к стратегии действий [Тектс] // Вестник экологического образования в России. -2000. -№2. С.3.
Степанов, С.В. Организационно-содержательные условия взаимодействия методической и социально-педагогической служб общеобразовательной школы [Текст]: Автореф. дис с. канд. пед. наук. / С.В. Степанов. – Ставрополь, 2003. – 23 с.
Степин, В. С. Культура // Вопросы философии [Текст] / В.С. Степин. – 1999. – №8. – С.61-71.
Сухомлинский В.А. Школа и природа // Советская педагогика, 1970. – №5. – С. 36-45., 176. Тешебаев, М. Кыргыз адабиятын интеграциялап окутуунун илимий-методикалык негиздери (5-7-класстар). [Текст]: Автореф. пед.илим.канд. окум. даража. үчүн жазылган диссер. / М. Тешебаев. – Б., 2010. – 15-б.
Сухомлинский В.А. Мудрая власть коллектива. – М.: Молодая гвардия, 1975. – 239 с.
Сухомлинский В.А. Сердце отдаю детям. 3е изд. – Киев: Радякська школа, 1973. – 242 с.
Урсул, А.Д., Галкин, Ю.Ю., Анохин, А.М. Социальная экология: наука или мировоззрение? [Текст] // Вестник экологического образования в России. / А.Д. Урсул, Ю.Ю. Галкин, А.М. Анохин. – 2000. №3. – С.11-12.
Ушинский К.Д. Руководство к преподаванию по «Родному слову»: Собр. соч. – М., Л., 1949. – Т. 7. – С. 225-337. Шумейко А.А. Становление экологическкого менталитета у школьников Дальнего Востока России: теоретико-методологические и прикладные аспекты: Автореф. ... д-ра пед. наук: 13.00.01. – Брянск, 2000. – 31 с
Фелдоров, Н.Ф. Соч. ибр. «Философия общего дела» [Текст] / Н.Федоров. –М., 1982. 34с.
Философия, культура и образование [Текст] / материалы круглого стола // Вопросы философии. – 1999. – №3. – С.51.
Чоров М.Ж. Философские и мировоззренческие аспекты эколого-правовой культуры личности [Текст] / Матер. межд. научно-практ. конфер./ М.Чоров. –Б., 2000. -106 с.
Чучин-Русов, А.Е. Новый культурный ландшафт: постмодернизм или неоархаика? [Текст] // Вопросы философии / А.Е. Чучин-Русов. – 1999. – №4. – С. 24-25.
Шилова, B.C. Теоретические основы социально-экологического образования школьников [Текст]: Автореф. ди с. . д-ра пед.наук / В.С. Шилова. – Белгород, 1999. – 40 с.
Шумейко А.А. Становление экологическкого менталитета у школьников Дальнего Востока России: теоретико-методологические и прикладные аспекты: Автореф. ... д-ра пед. наук: 13.00.01. – Брянск, 2000. – 31 с.
Штейнберг, В.Э. Дидактические многомерные инструменты: Теория, методика, практика. [Текст] / В.Э. Штейнберг. – М.: Народное образование, 2002. – 304 с.
Юровицкий, Ю.Г., Сидоров, В.С. Эколого-биологический мониторинг и эколого-био-химическое тестирование в районах экологического неблагополучия [Текст] / Изв Рос. АН. Сер.биол. / Ю.Г. Юровицкий, В.С. Сидоров. – 1993.- №1. – С.74-82.
Яковлева, Е.В. Развитие экологической культуры младших школьников [Текст] / дис. канд. пед. наук Е.В. Яковлева. – М., 1996. – 175с.
I ТИРКЕМЕ
Сабактын темасы: «Берекелүү алтын күз»
Сабактын максаты:
а) Күз айынын өзгөчөлүү касиети, берекелүүлүгү,көрктүү,кооз табигаты
жөнүндө окуучуларга түшүнүк берүү:
б) Өсүмдүктөрдү, мөмө - жемиштерди окуучулардын барктоо,аларга назик,
камкор, этият мамиле жасоо сезимдерин өстүрүү;
в) Жаратылыштын кубулуштарынын (аба, жамгыр, шамал ж.у.с) адам
баласынын, жан – жаныбарладын жашоо тричилигине пайдалуу таасирлери жөнүндө окуучулардын түшүнүктөрүн көбөйтүү;
г) Күз берекесинин төгүлүшү, бардар турмуш, адамдын пешене тер, күжүрмөн эмгегинин натыйжасы жөнүндөгү түшүнүктү тарбиялоо.
д) Окуучулардын көркөм окуучулук, аткаруучулук, образга кирүү, сүңгүү сезимдерин, шык жөндөмдөрүн өстүрүү.
Саламдашуу жана хор (күз жөнүндө).
Алып баруучу: Буркурап согуп күзгү жел,
Буудайдын башын жайкаган.
Тамаша, эмгек, береке,
Талаанын бети жайкалган.
Күз келип,кызуу эмгекте,
Кызылдан жолук байлаган.
Кереметтүү алтын күз,
Келипсиң эми кайрадан.
Ар бир жылдын мезгилинин өз өзгөчөлүгү, артыкчылыгы болот эмеспи.
Ооба, күздүн касиети да, анын башка мезгилдерден артыкчылыгы да, анын берекесинде. Айланага көз чаптырсак, талаалардын көркү ачылып, эгин тегиндер бышып, жетилип, айлананы көзгө сүйкүм сары түскө боңп турат.
Быйылкы жыл - «Жер-жемиштердин, дан өсүмдүктөрдүн жылы болду» десек жаңылышпайбыз.
Мына береке, мына кооздук.
Урматтуу эжей, агайлар жана «бекелүү-алтын күз» майрамынын катышуучулары, алтын күз берекелүү нурларын чачты. Эмесе бүгүнкү салтанатты «Ачык» деп жарыялап койсок.
Алып баруучу: Бүгүн биздин класста,
Балдар кыздар мелдешет.
Ким көбүрөөк таба алат,
Талааларда эмне өсөт?
Окуучулар: -Буудай, жүгөрү, картошка, сабиз,таруу, дарбыз, памидор.
Алып баруучу: - Туура. Бирок негедир аралашып кетти. Өсүмдүктөрдү
бөлмөкчү.......
Бир окуучу: - Туттуу өсүмдүктөр, ачуу өсүмдүктөр.
Алып баруучу: Туура айтабы?
Үндөр: - жок, жок.
Окуучулардын бири: - Дан өсүмдүктөр жана жашылча жемиштер болуп бөлүнөт: -Айрып таанып, биле албай.
Кээ бир балдар адашат.
Бизди болсо илгертен,
«Аштык эгин» аташат.
Дан өсүмдүктөрүнө: -Буудай, жүгөрү, арпа, күрүч, ж.б
Алып баруучу: -Силерде кандай тамак жасалат?
Үндөр:- Буудайдан-нан, күрүчтөн-аш, таруудан-көчө, жүгөрүүдөн-загара, нан ж.б. Талаа көркү жайнасын,
Ар бир таңын суктантат.
Шилекейди куюлтуп,
Мөмө, жемиш бышканчак.
Жемиш өсүмдүктөрү киришет:
«Алма»: -Үйүбүздүн жанында,
Төрт түп алма багында.
Бышкан кезде жыты аңкып,
Тарайт биздин айылга.
«Өрүк»: -Өрүк баккан эп экен,
Витамини көп экен. ү
Айтканымдай апамдын,
Бал каймака тең экен.
«Жүзүм»: -Жүрө бербей жүзүм бак
Жүзүмү көп биздин чак
Жазда,күздү ийилип,
Жадырасын жүзүм бак.
«Шабдаалы» -Каары адамдын даарысы
Шабдалынын баарысы.
Пайда болот денеде
Клетканын жаңысы.
Алып баруучу:
Өсүмдүк жөнүндө кандай макал-лакаптарды билесиңер?
1-окуучу: ө
«Чөптү кор кылсаң, көзүңө түшөт»
2-окуучу;
«Ичкен сууңа какырбада, түкүрбө»
3-окуучу:
«Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт»
4-окуучу:
«Туулган жердин топурагы алтын».
Алып баруучу: Ооба, силерди ушинтип, жадыратып, жайнатып, кулпунткан ким?
Жашылчалар дан өсүмдүктөрү: -Баба- дыйкан.
Дыйкан:- Мен табияттын касиеттүү кубаты болбосо, эгин тегинди, мөмө-жемишти өстүрө албайт элем. Алар эмнелер экенин өзүңөр айткылачы, балдар?
Үндөр:-Аба, шамал, жер, жамгыр, күн, жер, суу.
Дыйкан: Туура таптыңар.
«Аба»- Менин атым «Аба»,
Болом дайым таза ң
Мен керекмин баарына
Жеткиле менин баркыма.
«Шамал»-эй, аба, мактанба,
Менсиз болбойсуз таза
Мен шамалмын
Шуулдаймын тынбай,
Чаңды,газды айдаймын,
Тазалыкты сактаймын.
«Аба»:-Ой, шамал!
Ойлогонуң жаман амал,
Менден баары дем алат,
Сенин кимиң керегиң бар?
«Жамгыр»:-Менин атым жамгыр
Менсиз баары болбостур.
Жааса жамгыр дыбырап
Жер жамсанат жаркылдап,
Гүлдөр чыгат бажырап.
«Суу»-Эй жамгыр, мактанбай калгыр.
Менсиз жашабайсың дыбырап.
Шылдыр-шылдыр шаркыраймын,
Чоңкоолорду кандырамын.
Эгиндерди суугарамын,
Менин тиет көп жардамым.
«Жамгыр»-Эй, суу, оңбогон куу,
Мен жеткирбесем жерлерге
Сенин пайдаң не?
«Күн» -Мен алоолоңгон күчтүү от
Менсиз жашоо жерде жок
«Жер»-абаны, шамалды, сууну, жамгырды.
Күн, нуруңду карыңды, көтөрөмүн жалпыңды.
«Күн» -көтөрсөң да баарысын менсиз жашай албайсын,
Жылуулук жок, жарыктык.
Арыз-мунуң кимге айтмаксың?
Баары ырдашат:-эгер булар болбосо,
Өмүр кантип гүл ачмак
Кудурети түгөнгүс
Күнгө, сууга ырахмат!
Ачкан адам ушул экен,
Жашообуздун башатын.
Баарыбызга бак берген,
Баарыыбызды тойгузган
Баба-дыйкан жашасын!
Алып баруучу:
Кана балдар айткылачы баба дыйкан буудай сепкенде кандай тилек айтат экен?
Окуучу:
Илгери ата-бабаларыбыз эгин эккенде ар бири тилек кылган. «Бисимилла рахман-рахим,ниети кайыр, мунусу жетим жерге, мунусу карыптарга, мунусу тилемчиге, сурамчыга, бул саламчыга, курт-кумурскага.Калганы силерге, бизге, мага. Баба дыйкан жолдошум баардык ишке колдосун дешкен.»
Майрам калыстардын, көрүүчүлөрдүн алган таасирлери жөнүндө ойлорун, пикирлерин угуу менен жыйынтыкталат.
II ТИРКЕМЕ
Сабактын темасы: «Канаттуу достор.»
Тарбиялык милдеттер:
а) окуучуларга канаттуулардын пайдалуу жактарын түшүндүрүү аркылуу
алардын экологиялык аң-сезимдерин өстүрүү:
б) канаттуу – куштардын көп түркүндүгүнөн бизге табийгат ого бетер кооз жана көркөм көрүнөрүн түшүндүрүү:
в) окуучуларды жаратылышка этият, аяр мамиле жасоо, кайрымдуу болуу,
аны сүйүү сезимдерине тарбиялоо :
г) окуучулардын образга берилүүчүлүк, аткаруучулук шык жөндөмдөрүн өстүрүү, ички катылуу дараметтерин, талаттарын ойготуу жана көркөм окуу, айта билүү мүмкүнчүлүктөрүн калыптандыруу.
44