Тема 8. Кепилдик жана банк кепилдиги
КР ЖКнын 343-бер. ылайык кепилдик (гарантия) келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткарылышынын милдетин алат.
Кепилдик келишими келечекте пайда болуучу милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн да түзүлүшү мүмкүн.
Кепилдик кредитор \ч\н милдеттенменин аткарылышынын ыктымалдуулугунун артырат, анткени карызкор тарабынан ал бузулган учурда кредитор ъз талаптарын кепилдик берген жактын алдына коюшу м\мк\н.
Кепилдик жарандардын ортосунда, алар менен уюмдардын ортосунда, кээде уюмдардын да ортосунда колдонулат.
Кепилдин токтотулушун негиздери
1. Кепилдик өзү камсыздаган милдеттенменин токтотулушу, ошондой эле кепилдин макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатуу же кепил үчүн ыңгайсыз натыйжага алып келүү менен кепилдик өзгөртүлгөн учурда токтотулат.
2. Эгерде кепил жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилдик менен камсыздалган милдеттенме боюнча карыздын башка жакка өтүшү менен кепилдик токтотулат.
3. Эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген учурда кредитор карызкор же кепил тарабынан сунуш кылынган милдеттенменин тийиштүү түрдө аткарылышынан баш тартса кепилдик токтотулат.
4. Кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кепилдик токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кредитор кепилдик менен камсыздалган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жыл ичинде кепилге карата доо койбосо, кепилдик токтотулат. Эгерде кредитор кепилдик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жыл ичинде кепилге доо койбосо, негизги милдеттенменин аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн жана аны аныктоо мүмкүн болбогондо же талап кылуу учурунда аныкталганда, кепилдик токтотулат.
Банктык кепилдик. КР ЖКнын 349-бер. ылайык Банк гарантиясы боюнча банк, башка кредиттик мекеме же камсыздандыруу уюму (гарант) башка жактын өтүнүчү боюнча гарант тарабынан берилип жаткан милдеттенменин шарттарына ылайык ал жактын кредиторуна кредит берүүчүдөн төлөп берүү жөнүндөгү кат жүзүндөгү талабы боюнча акча суммасын төлөп берүү тууралу жазуу жүзүндө милдеттенмени берет.
Банктык гарантиянын ъзгъчъл\ктър\
1. Банк кепилдигине байланыштуу мамилелердин катышуучуларынын ъзгъчъ субьекттик курамы;
2. Тийишт\\ сумманы бенефициарга тълъп бер\\ жън\ндъг\ кепилдин милдеттенмеси менен банк кепилдиги аркылуу камсыз кылынган негизи милдеттенменин ортосунда кандайдыр бир байланыштын жоктугу.
3. Бенефициардын жазуу ж\з\ндъг\ талабы боюнча кепилге берилген сумманы кепилдин тълъп бер\\с\н\н шексиз милдеттенмеси.
4. Банк кепилдигин токтотуунун чектелген тизмеси.
Банк гарантиянын токтотулушунун негиздери
Гарантия боюнча гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат:
1) кредиторго гарантия берилген сумманы төлөп бергенде;
2) гарантияда аныкталган жана ал берилген мөөнөт аяктаганда;
3) кредитордун гарантия боюнча єз укуктарынан баш тартышында жана анын гарантка кайтарылып берилишинде;
4) гарантты анын милдеттеринен бошотуу тууралу кат жүзүндө арыз берүү аркылуу кредитор гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартканда.