Меню
Разработки
Разработки  /  Право  /  Презентации  /  Прочее  /  Кепилдиктин өзгөчөлүгү

Кепилдиктин өзгөчөлүгү

Кепилдиктин өзгөчөлүгү
15.04.2020

Содержимое разработки

 Тема: Кепилдик жана банктык кепилдик милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу ыкмасы катары. б Жарандык укук

Тема: Кепилдик жана банктык кепилдик милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу ыкмасы катары.

б

Жарандык укук

План: 1 . Кепилдиктин негизги белгилерин милдеттенмени аткаруунун камсыз кылуу ыкмасы катары корсотуп бергиле. 2 . Банктык кепилдиктин он жана терс жактарын муноздоп бергиле.

План:

  • 1 . Кепилдиктин негизги белгилерин милдеттенмени аткаруунун камсыз кылуу ыкмасы катары корсотуп бергиле.
  • 2 . Банктык кепилдиктин он жана терс жактарын муноздоп бергиле.
1.Кепилдиктин негизги белгилерин милдеттенмени аткаруунун камсыз кылуу ыкмасы катары корсотуп бергиле.   Кепилдик келишими (гарантия) 1. Кепилдик (гарантия) келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткарылышынын милдетин алат. Кепилдик келишими келечекте пайда болуучу милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн да түзүлүшү мүмкүн. 2. Кепилдик келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу жүзүндө түзүү формасынын сакталбагандыгы кепилдик келишиминин жараксыздыгына алып келет.

1.Кепилдиктин негизги белгилерин милдеттенмени аткаруунун камсыз кылуу ыкмасы катары корсотуп бергиле.

  •   Кепилдик келишими (гарантия)
  • 1. Кепилдик (гарантия) келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткарылышынын милдетин алат.
  • Кепилдик келишими келечекте пайда болуучу милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн да түзүлүшү мүмкүн.
  • 2. Кепилдик келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу жүзүндө түзүү формасынын сакталбагандыгы кепилдик келишиминин жараксыздыгына алып келет.
  Кепилдин (гаранттын) жоопкерчилиги     1. Карызкордун кепилдик (гарантия) менен камсыздалган милдеттенмеси аткарылбаганда же тийиштүү түрдө аткарылбаганда, эгерде кепилдик келишими (гарантия) менен кепилдин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаса, кепил (гарант) жана карызкор кредитордун алдында чогуу жооп берет. 2. Эгерде кепилдик келишиминде башкача каралбаса, кепил (гарант) кредитордун алдында карызды төлөтүп алуу боюнча сот чыгымдарынын жана кредитордун карызкор тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан келип чыгуучу башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча проценттерди төлөөнү кошкондо карызкордой эле көлөмдө жооп берет. 3. Эгерде кепилдик келишими тарабынан башкача каралбаса, биргелешип кепилдик беришкен жактар кредитордун алдында чогуу жооп беришет.

  Кепилдин (гаранттын) жоопкерчилиги

 

  • 1. Карызкордун кепилдик (гарантия) менен камсыздалган милдеттенмеси аткарылбаганда же тийиштүү түрдө аткарылбаганда, эгерде кепилдик келишими (гарантия) менен кепилдин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаса, кепил (гарант) жана карызкор кредитордун алдында чогуу жооп берет.
  • 2. Эгерде кепилдик келишиминде башкача каралбаса, кепил (гарант) кредитордун алдында карызды төлөтүп алуу боюнча сот чыгымдарынын жана кредитордун карызкор тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан келип чыгуучу башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча проценттерди төлөөнү кошкондо карызкордой эле көлөмдө жооп берет.
  • 3. Эгерде кепилдик келишими тарабынан башкача каралбаса, биргелешип кепилдик беришкен жактар кредитордун алдында чогуу жооп беришет.
. Кепилдин кредитордун талабына каршы чыгуу укугу     1. Эгерде кепилдик келишимден башкача келип чыкпаса, кепил кредитордун талабына карата карызкор тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон каршы чыгууну билдирүүгө укуктуу. Карызкор алардан баш тарткан же өз карызын тааныган учурда да кепил бул каршы чыгууларга укугун жоготпойт. 2. Кепил кредитордун талабын канааттандырганга чейин бул жөнүндө карызкорго билдирүүгө, ал эми кепилге доо коюлса - карызкорду ишке катышууга тартууга милдеттүү. 3. Эгерде кепил бул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаса, карызкор кепилдин регресстик талабына каршы өзүнүн кредиторго каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.  

. Кепилдин кредитордун талабына каршы чыгуу укугу

 

  • 1. Эгерде кепилдик келишимден башкача келип чыкпаса, кепил кредитордун талабына карата карызкор тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон каршы чыгууну билдирүүгө укуктуу. Карызкор алардан баш тарткан же өз карызын тааныган учурда да кепил бул каршы чыгууларга укугун жоготпойт.
  • 2. Кепил кредитордун талабын канааттандырганга чейин бул жөнүндө карызкорго билдирүүгө, ал эми кепилге доо коюлса - карызкорду ишке катышууга тартууга милдеттүү.
  • 3. Эгерде кепил бул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаса, карызкор кепилдин регресстик талабына каршы өзүнүн кредиторго каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.
  •  
Милдеттенмени аткаруучу кепилдин укуктары.   1. Милдеттенмени аткарган кепилге кредитордун бул милдеттенме боюнча бардык укуктары өтөт. Кепил карызкордон кредиторго төлөнүп берилген суммага проценттерди төлөп беришин жана карызкор үчүн жоопкерчиликке байланыштуу тарткан башка чыгымдарынын ордун толтурууну да талап кылууга укуктуу. 2. Кепил тарабынан милдеттенме аткарылгандан кийин кредитор кепилге карызкорго карата талаптарды күбөлөндүрүүчү документтерди тапшырууга жана бул талапты камсыз кылуучу укуктарды өткөрүп берүүгө милдеттүү. 3. Эгерде мыйзамдар же кепил менен карызкордун ортосундагы келишим тарабынан башкача каралбаса жана алардын мамилелеринен башка келип чыкпаса, ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында белгиленген эрежелер колдонулат.

Милдеттенмени аткаруучу кепилдин укуктары.

 

  • 1. Милдеттенмени аткарган кепилге кредитордун бул милдеттенме боюнча бардык укуктары өтөт. Кепил карызкордон кредиторго төлөнүп берилген суммага проценттерди төлөп беришин жана карызкор үчүн жоопкерчиликке байланыштуу тарткан башка чыгымдарынын ордун толтурууну да талап кылууга укуктуу.
  • 2. Кепил тарабынан милдеттенме аткарылгандан кийин кредитор кепилге карызкорго карата талаптарды күбөлөндүрүүчү документтерди тапшырууга жана бул талапты камсыз кылуучу укуктарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.
  • 3. Эгерде мыйзамдар же кепил менен карызкордун ортосундагы келишим тарабынан башкача каралбаса жана алардын мамилелеринен башка келип чыкпаса, ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында белгиленген эрежелер колдонулат.
  •   Милдеттенменин карызкор тарабынан аткарылгандыгы тууралу кепилге билдирүү
  • Кепилдик менен камсыздалган милдеттенмесин аткарган карызкор бул жөнүндө кепилге токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Башкача болгон учурда милдеттенмени аткарган кепил кредитордон негизсиз алгандарын төлөтүп алууга же карызкорго регресстик талапты коюуга укуктуу. Акыркы учурда карызкор кредитордон негизсиз алгандарын гана талап кылууга укуктуу.
  • Кепилдиктин токтотулушу
  • 1. Кепилдик өзү камсыздаган милдеттенменин токтотулушу, ошондой эле кепилдин макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатуу же кепил үчүн ыңгайсыз натыйжага алып келүү менен кепилдик өзгөртүлгөн учурда токтотулат.
  • 2. Эгерде кепил жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилдик менен камсыздалган милдеттенме боюнча карыздын башка жакка өтүшү менен кепилдик токтотулат.
  • 3. Эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген учурда кредитор карызкор же кепил тарабынан сунуш кылынган милдеттенменин тийиштүү түрдө аткарылышынан баш тартса кепилдик токтотулат.
  • 4. Кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кепилдик токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кредитор кепилдик менен камсыздалган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жыл ичинде кепилге карата доо койбосо, кепилдик токтотулат. Эгерде кредитор кепилдик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жыл ичинде кепилге доо койбосо, негизги милдеттенменин аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн жана аны аныктоо мүмкүн болбогондо же талап кылуу учурунда аныкталганда, кепилдик токтотулат.
  •  

2.Банктык кепилдиктин он жана терс жактарын муноздоп бергиле

  •   Банк гарантиясынын түшүнүгү
  • 1. Банк гарантиясы боюнча банк, башка кредиттик мекеме же камсыздандыруу уюму (гарант) башка жактын өтүнүчү боюнча гарант тарабынан берилип жаткан милдеттенменин шарттарына ылайык ал жактын кредиторуна кредит берүүчүдөн төлөп берүү жөнүндөгү кат жүзүндөгү талабы боюнча акча суммасын төлөп берүү тууралу жазуу жүзүндө милдеттенмени берет.
  • 2. Банк гарантиясы берилгендиги үчүн ал гарантия берилген жак гарантка сыйлык акы төлөп берет.
  • 3. Эгерде анда башкача каралбаса, банк гарантиясы гарант тарабынан чакыртылып алынбайт.
  • 4. Эгерде гарантияда башкача каралбаса, гарантка карата банк гарантиясы боюнча кредиторго таандык талап кылуу укугун башка жакка берүүгө болбойт.
  • 5. Эгерде гарантияда башкача каралбаса, банк гарантиясы ал берилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  •   Банк гарантиясынын негизги милдеттенмеге коз каранды эместиги
  • Эгерде ал милдеттенмеге шилтеме гарантияда камтылса да, алардын мамилелери гаранттын кредитор алдындагы банк гарантиясы тарабынан каралган аны аткарууну камсыз кылууга берилген негизги милдеттенмесине көз каранды болбойт.
Банк гарантиясы боюнча талаптын коюлушу. 1. Кредитордун банк гарантиясы боюнча акчалай сумманы төлөп берүү жөнүндөгү талабы гарантияда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен гарантка кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Талапта же анын тиркемесинде камсыз кылынышы үчүн гарантия берилген негизги милдеттенме өзүнүн өтүнүчү боюнча гарантия берилген жак тарабынан кандайча бузулгандыгы жөнүндө кредиторго көрсөтүүгө тийиш. 2. Кредитордун талабы гарантка берилген гарантияда аныкталган мөөнөт аяктаганга чейин берилүүгө тийиш. 3. Кредитордун талабын алгандан кийин гарант кечиктирбестен гарантия берилген жакка бул жөнүндө билдирүүгө жана ага талаптын көчүрмөсүн ага тиешелүү бардык документтери менен кошо жиберүүгө тийиш. 4. Гарант кредитордун талабын ага тиркелген документтери менен кошо ылайыктуу мөөнөттө карап көрүүгө жана бул талаптын жана анын тиркемелеринин гарантия шартына туура келишин аныктоо үчүн жүйөлүү кам көрүүгө тийиш.  

Банк гарантиясы боюнча талаптын коюлушу.

  • 1. Кредитордун банк гарантиясы боюнча акчалай сумманы төлөп берүү жөнүндөгү талабы гарантияда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен гарантка кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Талапта же анын тиркемесинде камсыз кылынышы үчүн гарантия берилген негизги милдеттенме өзүнүн өтүнүчү боюнча гарантия берилген жак тарабынан кандайча бузулгандыгы жөнүндө кредиторго көрсөтүүгө тийиш.
  • 2. Кредитордун талабы гарантка берилген гарантияда аныкталган мөөнөт аяктаганга чейин берилүүгө тийиш.
  • 3. Кредитордун талабын алгандан кийин гарант кечиктирбестен гарантия берилген жакка бул жөнүндө билдирүүгө жана ага талаптын көчүрмөсүн ага тиешелүү бардык документтери менен кошо жиберүүгө тийиш.
  • 4. Гарант кредитордун талабын ага тиркелген документтери менен кошо ылайыктуу мөөнөттө карап көрүүгө жана бул талаптын жана анын тиркемелеринин гарантия шартына туура келишин аныктоо үчүн жүйөлүү кам көрүүгө тийиш.
  •  

Банк гарантиясы боюнча гаранттын милдеттенмелеринин чектери.

  • 1. Гаранттын кредитордун алдындагы банк гарантиясы менен белгиленген милдеттенмеси гарантия берилген сумманы төлөө менен чектелет.
  • 2. Гарантияда башка каралбагандыктан, гарантия боюнча милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн гаранттын жоопкерчилиги гарантия берилген сумма менен чектелбейт.
  • 3. Гарант кредитордун талабын, эгерде ал талап же ага тиркелген документтер гарантиянын шартына туура келбесе же гарантияда белгиленген мөөнөт өтүп кеткенден кийин гарантка берилсе, орундатуудан баш тартат.
  • Гарант кредиторго анын талабын орундатуудан баш тартып жаткандыгы тууралу токтоосуз билдирүүгө тийиш.
  • 4. Эгерде гарантка кредитордун талабын канаттандырууга чейин банк гарантиясы менен камсыздалган негизги милдеттенме толугу менен же анын тийиштүү бөлүгү аткарылып коюлгандыгы же башка негиздер боюнча токтотулгандыгы же анык эместиги билинген болсо, анда ал бул жөнүндө кредиторго жана өтүнүчү боюнча гарантия берилген жакка токтоосуз билдирүүгө тийиш.
  • Мындай билдирүүдөн кийин гаранттын кредитордон экинчи жолу алган талабы гарант тарабынан аткарылууга тийиш.
Банк гарантиясынын токтотулушу 1. Гарантия боюнча гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат: 1) кредиторго гарантия берилген сумманы төлөп бергенде; 2) гарантияда аныкталган жана ал берилген мөөнөт аяктаганда; 3) кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартышында жана анын гарантка кайтарылып берилишинде; 4) гарантты анын милдеттеринен бошотуу тууралу кат жүзүндө арыз берүү аркылуу кредитор гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартканда.

Банк гарантиясынын токтотулушу

  • 1. Гарантия боюнча гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат:
  • 1) кредиторго гарантия берилген сумманы төлөп бергенде;
  • 2) гарантияда аныкталган жана ал берилген мөөнөт аяктаганда;
  • 3) кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартышында жана анын гарантка кайтарылып берилишинде;
  • 4) гарантты анын милдеттеринен бошотуу тууралу кат жүзүндө арыз берүү аркылуу кредитор гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартканда.
Ушул пункттун 1, 2- жана 4-пунктчаларында келтирилген негиздер боюнча гаранттын милдеттеринин токтотулушу гарантия ага кайтарылып берилгендигине же берилбегендигине көз каранды болбойт. 2. Гарантиянын токтотулушу өзүнө белгилүү болуп калган гарант өтүнүчү боюнча бул гарантия берилген жакка токтоосуз бул жөнүндө билдирүүгө тийиш. 3. Өтүнүчү боюнча банк гарантиясы берилген жактан ушул гарантия боюнча кредиторго төлөнүп берилген сумманы регресс тартибинде талап кылуу боюнча гаранттын укугу гарант менен ошол адамдын ортосундагы макулдашууда аныкталат. 4. Өтүнүчү боюнча банк гарантиясы берилген жактан, эгерде гарант менен аталган жактын ортосундагы макулдашууда башка белгиленбесе, кредиторго гарантиянын шартына ылайык эмес же гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмесинин бузулгандыгы үчүн төлөнүп берилген сумманын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга гаранттын укугу жок.
  • Ушул пункттун 1, 2- жана 4-пунктчаларында келтирилген негиздер боюнча гаранттын милдеттеринин токтотулушу гарантия ага кайтарылып берилгендигине же берилбегендигине көз каранды болбойт.
  • 2. Гарантиянын токтотулушу өзүнө белгилүү болуп калган гарант өтүнүчү боюнча бул гарантия берилген жакка токтоосуз бул жөнүндө билдирүүгө тийиш.
  • 3. Өтүнүчү боюнча банк гарантиясы берилген жактан ушул гарантия боюнча кредиторго төлөнүп берилген сумманы регресс тартибинде талап кылуу боюнча гаранттын укугу гарант менен ошол адамдын ортосундагы макулдашууда аныкталат.
  • 4. Өтүнүчү боюнча банк гарантиясы берилген жактан, эгерде гарант менен аталган жактын ортосундагы макулдашууда башка белгиленбесе, кредиторго гарантиянын шартына ылайык эмес же гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмесинин бузулгандыгы үчүн төлөнүп берилген сумманын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга гаранттын укугу жок.
-75%
Курсы профессиональной переподготовке

Учитель, преподаватель экономики и права

Продолжительность 600 или 1000 часов
Документ: Диплом о профессиональной переподготовке
17800 руб.
от 4450 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Кепилдиктин өзгөчөлүгү (99.36 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт