Биология
9-класс
Даярдаган : Мамаева Күмүш
Эреже
- Сабакка активдүү катышабыз.
- Билген, түшүнгөнүбүздү тартынбай айтабыз
Ойлонуп, катылган сөздү тап!
о
Е
1
8
5
2
4
7
Тема: Биосфера. Ноосфера.
Сабактын максаты:
Биосфера жана ноосфера деген эмне экенин жана мааниси менен таанышасыңар
Биосфера бул
- Биосфера - (био... тиричилик жана
сфера- шар, чөйрө )
атмосфера , гидросфера жана литосферанын
активдүү тиричилик өтүүчү бөлүгү б.а. жерде, сууда жана абада таралган тиричиликтин жашаган жалпы чөйрөсү.
- Биосферада тирүү организмдер менен алардын жашоо чөйрөсү органикалык байланышта болуп, бүтүндөй системаны түзөт.
Биосферада 3 негизги геосфералар ажыратылат:
- газдык катмар (атмосфера)
- суу катмары (гидросфера)
- таш катмары (литосфера)
- «Биосфера» терминин австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Биосфера жөнүндөгү толук түшүнүктү орус геохимиги В. И. Вернадский иштеп чыккан. Ал боюнча Жер планетасындагы тирүү организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында пайда болгон жана өзүн-өзү теңсалмактуулукта сактап туруучу мейкиндик системасы, башкача айтканда жандуу жана жансыз заттардын бири-бири менен болгон аракеттеринин натыйжасында пайда болгон биостук система.
Владимир Иванович Вернадский
«Биосфера-
Жердин жука кабыгы, мына ушунун ичиндеги организмдердин тиричилиги жүрөт» - деп аныктама берг ен
Биосферанын чектери
Мисалы: бактериялар, эң жөнөкөйлөр, курт-кумурскалар, кенелер, сөөлжандар, сүт эмүүчүлөр. Тиричилик заттардын таасири менен литосферада көп процесстер болуп турат. Гидросфера балырлуу жана туздуу суулардан турат. Гидросферада жашаган организмдер: Бир клеткалуу балырлар, медузалар, майда рак сымалдар, балыктар, кит сымалдар, көп клеткалуу балырлар, кораллдар, ири рак сымалдар, моллюскалар .
Биосферанын негизги компоненттери бири-бирине байланышкан
Биосферадагы суунун айланышы
Биосферанын түзүлүшү
Заттардын кызматы:
- Ноосфера адам баласынын иш аракеттери: Ноосфера – экологиялык мыйзамдарды так аткаруу менен, уламдан улам өсүп келе жатан адамдын материалдык, маданий жана эстетикалык муктаждыктарын канааттандыра алган, цивилизациялуу адамзат жашаган биосферанын жаңы абалы.
- Ноосфера (грек. noos – акыл-эс, sphaira – шаар) –
биосферанын мыйзамдарын таанууга, билүүгө ылайык адамдардын акыл-эстүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өзгөртүлүп түзүлгөн жер планетасынын сырткы катмары.
Алгачкы жолу Ноосфера тушунугун француз математиги Эдуард Леруа тарабынан сунуш кылынган. Ал Ноосфера деп адамдардын ой жугуртуу ишмердүүлүгүн анын натыйжаларын адам коомунда пайдаланууну, аларды топтоону жана муундан муунга өткөрүп берүүнү түшүнгөн.
Эдуард Леруа
Жыйынтыктап айтканда
- Планетада тиричилик эволюциясына жана анын өсүп өнүгүүсүнө көз салуу зарыл.
- Биосфераны укумдан тукумга өткөрүп берүү.
- Биосфераны сактап калуу адамзаттын өз колунда, жаратылыштын байлыгын үнөмдүү пайдаланып, тиричиликтин көп түрдүүлүгүн сактоо, өзүбүз жашаган планетага ноосфералык же акыл эстүүлүк менен мамиле кылуубуз зарыл
Тапшырма
- Биосферага кластер түзүү