Кыргыз адабияты
6-класс
Сабактын темасы:
Бексултан Жакиев
«Атанын тагдыры» драмасы
Сабактын максаты:
1. Б. Жакиевдин өмүрү, чыгармачылыгы жана «Атанын тагдыры» драмасы
туураалуу билесеңер.
2. Ой жүгүртүп, өз оюңарды айта аласыңар.
3. Ата-энени сыйлоого, кадырына жетүүгө тарбияланып, каармандарга мүнөздөмө бере аласыңар.
Бексултан Жакиев
1936-жылдын 16-январында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн .
Бексултан Жакиев коомчулукка
«Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен таанылган.
«Миң кыял»
«Саадак какты»
Чыгармалары
«Алтын аяк»
«Жаза»
«Эртең жаңы жыл»
«Жүрөлүчүжүрөк оорутпай»
«Өкүм»
«Күттүргөн жаз да келер»
«Жолугушуу»
Б. Жакиевдин айрым чыгармалары
якут
орус
казак
ж.б.
тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.
Ал КыргызССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу,
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын,Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарынын ээси болгон.
Ошондой эле III даражадагы Манас ордендери, Даңк, Казакстан Республикасынын Астана медалдары менен сыйланган.
«Атанын тагдыры» драмасы
Катышуучулар:
Акылбек-65-72 жаштарда
Уулжан-кемпири
Зуура-алардын келини, 25-32 жаштарда
Жеңишбек абышка-кемпирдин небереси
Зууранын уулу, 6-13 жашта
Бурул-Зууранын жеңеси, 35-42 жаштарда
Шаршеке-мугалим
Оңолкан Зууранын кайненеси
Бошкой-анын уулу,Зууранын кийинки күйөөсү
Сапай, Борбук-балдар
Драмада согуштан кайтпай калган Болотбек уулунун караанын күтүп,үмүт менен жашаган Акылбек карыянын тагдырын, толгонууларын, муңун баяндайт.Жесир калган келини, атасын көрбөй калган небереси Жеңишбек чоң атасы үчүн өзүнчө медер, тирек эле ...
Төрт күн
"Атанын тагдырын" Бексултан Жакиев төрт күндө жазып бүтүргөн. Аны автор студент кезинде, күнү-түнү уктабай жараткандыгын айтат .
21 жаш
- Чыгарманы жазганда Бексултан Жакиев 21 жашта болгон. Пьеса биринчи коюлушу менен эле көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынган. Театрларда аншлаг болуп, ал эми бул чыгарманын жаралышы кыргыз драматургиясындагы эң чоң окуя, ири бурулуш учурга айланган.
Прототиптер
- Автор драмага киришкенден тарта, чоң атасы Абийирдин образын тарта баштагандыгын, анын бир катар сөздөрү чыгармага өзүнөн-өзү эле кирип кеткендигин айтат. Ал эми Жеңишбектин прототиби – иниси Имаш. Ал кадимки турмуштагы каарман, учурда жетимиштен ашып калды .
59 жыл илгери. "Атанын тагдыры" драмасы 1957-жылы жазылып, ал эми премьерасы 1960-жылдын 3-сентябрында болгон.
Башкы каармандардын бири-Жеңинбектин ролун театрдын жаш артисттери
Искра Райымкулова менен Райма Абдубачаева ойногон.
Кыргызстандагы эң көп коюлган
спектакль.
2003-жылы март айында 1000-жолу коюлган. Ал эми Казакстадагы театрларда 300дөн ашык ирет көрсөтүлгөн.
- Бир нече тилдерде сүйлөгөн
- "Атанын тагдыры".
- Чыгарма казак, түркмөн, тажик жана корей тилдерине которулган. Ал тургай Казакстандагы Корей театры спектаклди Фрунзе шаарына да алып келип, коюп кеткен. Андан сырткары Казакстандын бардык театрларында коюлган. Ошондой эле, Түркмөнстан, Тажикстандагы театр сүйүүчүлөргө тартууланган. Ал эми орусча котормосу авторго жакпагандыктан, ошол боюнча бул тилде коюлбай калган.
1.Төмөнкү таблицаны толтуруп, Акылбек менен Оңолкандагы адамдык сапаттарды салыштырып мүнөздөгүлө.
Акылбек
Оңолкан
2. Оңолкан жана Зууранын мүнөздөрүн салыштырып, төмөндөгү таблицаны толтургула.
Оңолкан
Зуура
- Кыргызстандагы эң көп коюлган спектакль. 2003-жылы март айында 1000-жолу коюлган. Ал эми Казакстадагы театрларда 300дөн ашык ирет көрсөтүлгөн.
- Залкарларды топтогон. Чыгарма алгач коюлганда, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Сайрагүл Балкыбекова сыяктуу ал кездеги дөө-шаалар, жаңыдан театр босогосун аттаган Искра Райымкулова, Райма Абдубачаева ойногон.
Бексултан Жакиев 1936-жылдын 16-январында Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1960–1962-жж. Москвадагы Сценаристтердин жогорку курсунун угуучусу болгон.
1958–1959-жж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда кыргыз тили мугалими,
1963–1968-жж. «Кыргызфильм» киностудиясында редактор,
1968–1972-жж. Кыргыз ССР маданият министрлигинде,
1972–1975-жж. Кинокомитетинде редактор,
1975–1983-жж. Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин бириккен репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору,
1984–1987-жж. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим,
1991-жылдан доцент, 2005-жылдан профессор,
1988–1992-жж. Кыргыз Театр ишмерлер союзунун башкармалыгынын кат-чысы,
1992–1993-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекет-тик кеңешчиси,
1994–2000-жж. «Манас–1000» Мамлекеттик дирекциясы-нын көркөм жетекчиси, директору,
1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитетинин төрагасы.
Төрт күн
"Атанын тагдырын" Бексултан Жакиев төрт күндө жазып бүтүргөн. Аны автор студент кезинде, күнү-түнү уктабай жараткандыгын айтат.
Актерго ылайыкталып жазылган образ. Жакиев бул чыгарманы жазып жатканда "Мукемдин (Муратбек Рыскулов – ред.) сахнада башка спектаклдерден көрүп жүргөн күркүрөгөн үнү, баскан-турганы менен көз алдымда турду", — деп айтканы бар. Автор актердун Акылбектин ролун ойноосун көшөрүп талап кылып туруп алып, акырында Рыскулов эс алууга кетип бара жаткан жеринен жубайы Сабира Күмүшалиева экөө тең баш тартууга аргасыз болуптур.
Бирок, Акылбектин образын залкар актер бир топ толгонуп, түйшүктөнүп жатып чыгарган экен.
- Эркек баланын образын жараткан кыздар. Ал эми башкы каармандын бири – Жеңишбектин ролун театрга жаңы кабыл алынган жаш артистка Искра Райымкулова менен Райма Абдубачаева ойногон.