8-класс
Информатика
Саламатсыңарбы окуучулар!
Кутмандуу күнүңөр менен!
Бул сабакта силер менен мен– Өзгөн районундагы Абдылда Калмурзаев атындагы №20 орто мектебинин информатика мугалими Масиркулова Данакан бирге болмокчумун.
Сабактын темасы:
Экилик эсептөө системасы жана алар менен болгон амалдар.
Эсептөө системалары менен таанышуу:
Эсептөө системасы – бул сандарды жана алар менен болгон тийиштүү амалдардын эрежелерин чагылдыруу ыкмасы.
Эсептөө системасы эки топко бөлүнөт:
1) Позициялык эсептөө
системасы
2) Позициялык эмес
эсептөө системасы
Позициялык эсептөө системасы:
Эреже: Позициялык эсептөө системасында цифра менен жазылуучу сандын (чоңдуктун) мааниси цифранын ээлеген ордуна көз каранды болот. Пайдаланып жаткан цифралардын саны позициялык эсептөө системасынын негизи деп аталат.
Позициялык эмес эсептөө системасы:
Эреже: Позициялык эмес эсептөө системасында жазылып жаткан сандын (чоңдуктун) мааниси санды жазуудагы белгилердин ээлеген ордуна көз каранды эмес.
Бул системаны байыркы гректер, египеттиктер, римдиктер колдонушкан.
Мисалы: 1-I, 5-V, 10-X, 50-L, 100-C, 500-D, 1000-M. Рим сандарында цифралар солдон оңго кемүү тартибинде жайгашат, мындай жайгашууда алардын маанилери кошулат: 1992 - MCMXCII.
Позициялык эсептөө системасы төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:
Негизи
Система
Алфавит
n=2
Экилик
0 1
n=3
Үчтүк
n=8
0 1 2
Сегиздик
n=16
0 1 2 3 4 5 6 7
Он алтылык
0 1 2 3 4 5 6 7 8 9 A B C D E F
Эсептөө системасындагы сан тийиштүү болгон негизи бул сандын ылдыйкы индекси катары белгиленет.
Мисалы:
101101₂ - экилик эсептөө системасындагы сан
3671₈ - сегиздик эсептөө системасындагы сан 3B8F₁₆ - он алтылык эсептөө системасындагы сан
Экилик эсептөө системасы менен амалдарды аткаруу:
Кошуу
Кемитүү
0 + 0 = 0
Көбөйтүү
0 – 0 = 0
0 + 1 = 1
1 – 0 = 1
0 x 0 = 0
1 + 0 = 1
0 x 1 = 0
1 – 1 = 0
1 + 1 = 10
10 – 1 = 1
1 x 0 = 0
1 x 1 = 1
Мисалы:
1) 1110 + 101
2) 1101 - 101
3) 1100 x 110
1110
1101
+
4) 1100 : 100
101
1100
-
1100 ! 100
0101
x
10011
110
1000
- 100 11
0000
0100
+ 1100
- 100
1100
0000
1000
Үйгө тапшырма төмөндөгү суроолорго жооп таап дептериңерге жазгыла
1 ) Эсептөө системасы деп эмнени айтабыз?
2) Эсептөө системасы канча түргө бөлүнөт жана
кандай деп аталат?
3) Позициялык эсептөө системасы кандай түрлөргө
бөлүнөт? Аларды тизмелеп жазгыла
4) Позициялык жана позициялык эмес эсептөө
системасына мисалдар келтирип жазгыла.
Кийинки сабактан көрүшкөнгө чейин
Саламатта калгыла балдар