Кыргыз тили. 9-класс.Аралаш татаал сүйлөм
Кыргыз тили. 9-класс.Аралаш татаал сүйлөм
Список вопросов теста
Вопрос 1
Аралаш татаал сүйлөм кандай сүйлөмдөрдүн тутумунан турат?
Варианты ответов
тең жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумунан
жөнөкөй сүйлөмдөрдүн
жалаң тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдөң
Вопрос 2
Аралаш татаал сүйлөмдөр кандай ойду билдирет?
Варианты ответов
ар кандай ойду
кеңири маанидеги бирдиктүү бир ойду
аралаш ойду
Вопрос 3
Тең жана багыныңкы байланыштагы сүйлөмдөрдүн тутумунан туруп, грамматикалык жана маанилик жактан өз ара бири-бири менен ажырагыс болуп байланышкан жана кеңири маанидеги бирдиктүү бир ойду билдирген сүйлөмдөр кандай сүйлөмдөр болот?
Варианты ответов
багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөр
тен байланыштагы татаал сүйлөмдөр
аралаш татаал сүйлөмдөр
Вопрос 4
Аралаш татаал сүйлөмдөр грамматикалык жактан кандай түзүлүштө болот?
Варианты ответов
экиден кем эмес жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт
үчтөн кем эмес жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт
бир эле сүйлөмдөн
Вопрос 5
Аралаш татаал сүйлөмдү белгиле:
Варианты ответов
Эгерде алга умтулуу болбосо, турмуш бир жактуу болсо, анда ал токтоп калбайт беле.
Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Дүйнөнү күч башкарбай, акыл башкарат, бирок акыл күчкө таянат.
Вопрос 6
Илим - кайык менен кеме жүргөн океан - бири чабак ташыса, бири алтын ташыйт.Аралаш татаал сүйлөм канча синтаксистик түгөйдөн түзүлдү?
Варианты ответов
2
3
4
Вопрос 7
Синтаксистик үч түгөйдөн турган аралаш татаал сүйлөм:
Варианты ответов
Эгерде уч киши баш кошсок, анда анын экөө мага сабак; жакшысына теңелүүгө, жаманындай болбоого аракет кылам.
Жаркыраган жай мезгили болсо да, айылдагылар үчүн табияттын көрүнүшү сур-аскалар, жашыл чөптөр, жаркыраган гүлдөр сумсайгансып, айлана көрксүз.
Иш кайда болсо, абийир кайда болсо, адамдын адамдыгы таанылат.
Вопрос 8
Синтаксистик төрт түгөйдөн турган аралаш татаал сүйлөм:
Варианты ответов
Ой куш сыяктуу- учарында кармап калбасаң, учуруп жибергенден кийин кармай албайсың.
Кардыңды көзүңдөн жакшы сакта, анткени көзү жок жашоого болот, акыры кардың бузулса, узак жашай албайсың.
Жокту издеген табат, жолдошу шайыр болсо, жолоочунун кумары канат.
Пройти тест
Сохранить у себя:
© 2020, Алыбаева Айжан Темировна 3
Тесты Родной язык и литература