Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - латынча Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. Дүйнөдө бир нече миң гана баш ак илбирс калганы айтылат. Бул сейрек жаныбар туурасында кызыктуу фактылар:
Ак илбирс кызыл китепке кирген жырткыч. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Кыргызстанда 200-300гө жакын бар дешет окумуштуулар.
Ак илбирстер байырлаган аска-зоолор алты миң метрге чейинки бийиктикти түзөт. Бул Эферест чокусуна дээрлик үч миң метр гана жетпейт.
Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.
Бул жырткычтын биологиясы толук изилденип бүтө элек. Анткени алар өтө бийиктикти байырлагандыктан аларды изилдөө кыйын. Окумуштуулар али күнгө талашып келишет, ак илбирстер кичи мышыктар классына киреби же ири мышыктарга киреби?
Ак илбирс жылына эки жолу тукумдайт, көбүнчө экиден, ашып кетсе бешке чейин күчүк тууйт. бала көтөрүү узактыгы 90-100 күнгө барабар.
КУРМАНДЫГЫН МУУНТУП ЖЕ МОЮНУН СЫНДЫРЫП ӨЛТҮРҮШӨТ
Аңчылыкка таң эрте жана кечки күүгүмдө чыгат. Өзүнүн салмагынан 3 эсе оор жаныбарларга кол салуудан жүрөксүнбөйт. Негизинен тоо эчки, аркар-кулжа, бугу-марал, элик, каман сыяктуу тоо жаныбарларын жейт. Улар, кекилик, кыргоол, коён менен да азыктанышат. Жайында менюсуна өсүмдүктөрдү кошуп коюшат.
Курмандыгын буктурмада аңдып жатып, ал жакындаганда чагылгандай ылдамдык менен басып жыгылат. Же жашырынып дабыш чыгарбай жакындап барып, анан 5-7 метр алыстыктан секирип барып кармайт. Чоң жаныбарды тамагынан кармап муунтууга, моюнун сындырууга аракет кылат. Өлгөн соң далдоо жерге сүйрөп барып жейт. Бир жегенде 2-3 килограмм эт жейт. Ач калганда үй жаныбарларына кол салат. Дүйнө боюнча аюуга кол салган 2 учур жазылган. Союз мезгилинде Алматыга жакын капчыгайда 2 ирет адамдарга кол салган факт катталган. Бирок ал илбирстердин кутурма менен ооруганы аныкталган. Негизи адамдарга жарадар болгондо гана атырылары белгилүү.
Жыныстык жактан 3-4 жылдан кийин жетилишип, жупташуу мезгили эрте жазга туш келет. Ургаачылары 2 жылда бир төлдөйт. Балдарын курсагында 90-100 күн көтөрүп, жарыкка 1-3 баласын (чанда гана 4-5) алып келет. Алар 500 граммдын тегерегинде көздөрү жумулуу туулат. Арадан 6-8 күн өткөндө гана көздөрү ачылат. Айрым эне илбирстер балдарынын алдына өздөрүнүн жүндөрүнөн жулуп төшөп коюшат. Алгачкы 6 аптада энесинин сүтүн эмип, анан эт жегенге акырындап аралашышат. Жайды ортолоп энеси менен аң уулоого чыгып калышат. Өз алдынча жашоого өмүрүнүн экинчи жазында өтөт.
Ак илбирстер табиятта 13 жылга чейин жашайт. Бакма шартта ургаачысы 28 жыл жашаган учур катталган.
Ак илбирсти анын добушу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көмөкөйү табиятынан ушундай жаралган, эч кандай шыбыш, үн, добуш ал тургай дем чыгарбай да коё алат.
ЖАЛГЫЗДАП ЖАШАШАТ
Илбирстер – денеси ичке, узун, ийкемдүү келип, дабышсыз, ылдам, шамдагай жүргөн жаныбарлар. Алар деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктикте жайгашкан, жашынууга ыңгайлуу аска-зоолуу, жарлуу жана анча чоң эмес бадалдуу тоолорду байырлайт. Башкача айтканда, "ак карлуу тоонун кожоюндары" десек жарашат.
Токойлуу жерлерге тоого кар калың жааган учурда тамагын оңоюраак таап жеш үчүн же бир өрөөндөн экинчисине көчкөндө түшөт.
Түнөгү (байырлоочу үңкүрү) болуп үңкүрлөр, аскалардын жаракалары, салаңдаган аскалардын алды эсептелет. Бир эле түнөк жайын бир нече жыл пайдаланышат.
Жаш курагы жетилген эркектери жалгыздап жашашат жана жашаган аймагын башкалардан корушат. Бир же эки-үч ургаачысы менен бир аймакта жашаган эркек илбирстер өтө чанда кезигет. Ал эми ургаачылардын жанында, албетте, балдары болот.
САНЫ КЫСКАРУУДА
Илбирстерге жем болуучу жаныбарлардын азайып баратышы, малдын көбөйгөнүнөн улам малчылардын тоого улам өйдөлөп чыгып алардын тынчын алып жаткандыктары, климаттын өзгөрүп баратышы, баалуу териси үчүн өлтүрүү – илбирстердин санынын кыскарышына жеткирүүдө. Жакынкы мезгилдерде Кыргызстанда бир нече спутниктик-радиокаргы (GPS)сатып алып, алардын моюнуна тагып коё берүү пландалууда. Спутниктик-радиокаргы аркылуу илбирстердин ээлеген аймагын, миграциясын изилдөө иштери жүргүзүлүп, ошого жараша аларды сактоо чаралары көрүлөт.
Бишкектеги Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директорунун орун басары КУМАР МАМБЕТАЛИЕВ:
– Статистикага кайрылсак, Кызыл китепке кирген илбирстердин саны өлкөдө 2008-жылы 231ди, ал эми 2015-жылдын 20-апрелиндеги маалымат боюнча, болжолдуу түрдө 311ди түздү.
Облустар боюнча айтсак, Баткенде 10, Ысык-Көлдө 111, Жалал-Абадда 49, Нарында 27, Ошто 21, Таласта 15, Чүйдө 78 илбирс байырлайт. Илбирстерге мыйзамсыз аңчылык кылгандар (браконьер) боюнча фактылар жок. Андайларга салынуучу айыптын өлчөмү – 500 000 сомду түзөт. Ак илбирсти сактоо аракети
Конец формы
Кыргызстандагы айлана чөйрөнү коргоо расмийлери менен экология маселелери боюнча активисттер ак илбирстин тукумун сактап калуу үчүн тоолорго ондогон фотокамераларды орнотууну пландап жатышат. Алар бул ыкманы “фотокапкан” деп аташып, ак илбирсти саноо, коргоо жана саламаттыгына көз салуу максатын көздөп жатышканын айтышууда. Кыргызстан дүйнө боюнча ак илбирстер эң көп байырлаган экинчи өлкө деп эсептелет. Бирок соңку он жыл ичинде сейрек кездешүүчү бул жаныбардын башы эселеп кыскарып кеткен.
Ак илбирс - кар менен кургактыктын ортосунда жашаган, деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги тоо кыркаларында байыр алган дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү жаныбарлардын бири. Негизги чордону он эки азия өлкөлөрү, анын катарында Кыргызстандын бир катар тоо кыркаларында кездешет.
Кыргызстандын Аңчылык департаментинин маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында үч жүзгө жакын ак илбирс бар.
Өкүнүчтүүсү, бул жаныбар күндөн-күнгө азайып баратат. Республиканын аңчылык департаментинин адиси Аскат Жакшылыковдун айтымында, Кыргызстанда акыркы 10-12 жылдын аралыгында ак илбирстин саны 5-10 эсеге азайып кеткен.
“Ак илбирс Кыргызстандын Чандалаш, Талас, Суусамыр, Чаткал, Ат-Башы, Молдо тоо, Нарын жана Какшаал тоо кыркаларында жашайт. Сексенинчи жылдардын башына чейин ак илбирстин жалпы саны 1400 баш болуп келсе, азыркы учурда 600 дөн ашпайт деген пикирлер бар. Демек, улам азайып баратат. Такталбаган маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнү өлкөдө 250-300дүн тегерегинде гана ак илбирс жашайт”, - дейт Жакшылыков.
Маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча беш миңден жети миңге чейин ак илбирс болсо, анын дээрлик алтымыш пайызы Кытай тоолорун байырлайт.
"Фотокапкан - ак илбирсти сактоонун жолу"Кыргызстан Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турат. Андыктан, бир катар экологиялык уюмдар Кыргызстандагы ак илбирстерди коргоого кызыкдар. Анын катарында Германиянын табиятты коргоо союзу Кыргызстанда ак илбирске арналган филиалын ачкан.
Учурда бул уюм ак илбирс жашаган өлкөлөр менен тыгыз иштеп, аны коргоо чараларын көрүп келатканы айтылат. Уюмдун жетекчиси Толкунбек Асыкуловдун айтымында, учурда сейрек кездешүүчү илбирс түрүн сактоону, аны корукка алууну көздөгөн бир нече иш-чаралар жүргүзүлүүдө:
“Ак илбирстин тукумун сактоо мыйзам же жаза аркылуу чечиле турган маселе эмес. Жоголуп бара жаткан жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар тууралуу коомго түшүндүрүү иштерин, пропагандалоо аракеттерин көрүп жатабыз. Жаратылышка карата коомдук аң-сезимди көтөрүү керек.
Учурда Кыргызстандагы ак илбирстердин так санын билүү, алардын байыр алган жерлеринен кабардар болуу максатында ак илбирс жышыраак жайгашкан Чоң-Кемин тоолоруна 48 фотокапкан коюу пландалууда. Ал заманбап технология ары-бери өткөн жаныбарларды сүрөткө же видеого тартып алуу мүмкүнчүлугүнө ээ. Буюрса фотокапкандардын санын мындан да көбөйтөбүз”, - дейт Толкунбек Асыкулов.
1985-жылы СССР жоголуп бараткан жана жоголуу коркунчунда турган жаныбарлар туурасында кызыл китеп кабыл алган. Ага Кыргызстанда жашаган бир катар канаттуулар, жан-жаныбарлар киргизилген эле. Анын ичинде ак илбирс дагы бар.
Былтыртан баштап ак илбирс байырлаган Индия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Ооганстан, Монголия, Непал, Кытай, Бутан, Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр ак илбирс күнүн белгилей баштады. Айрым коомдук активисттер ак илбирсти сактоо маселесине кыргыз коомчулугун көбүрөөк көңүл бурууга үндөшүүдө.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
2013-жылы 23-октябрда Бишкекте «Ак илбирстин тукумун коргоо» боюнча бүткүл дүйнөлүк форум болуп өткөн. Анда "23-октябрь – Эл аралык Ак илбирс күнү" деп белгилөө тууралуу чечим кабыл алынган.
Илбирс тууралуу дүйнөдө көптөгөн фильмдер тартылган. Мисалы, "Жашоо үчүн күрөш. Илбирстин тоолору" (Монголия, 1994), "Илбирс: Мифтер жана чындыктар" (Англия, 2007) жана башка. Бизде Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» деген тасмасы бар.
Өлкөбүздө кинематография жаатында «Ак илбирс» улуттук сыйлыгы уюштурулган.
Илбирстин сөлөкөтү Бишкек шаарынын гербине түшүрүлгөн.
Илбирс
Илбирс | |
| |
Коргоо абалы | |
| |
Илимий классификация | |
дүйнөсү: | Айбанаттар |
тиби: | Хордалуулар |
классы: | Сүт эмүүчүлөр |
түркүмү: | Жырткычтар |
тукуму: | Мышык сымалдуулар |
тукумчасы: | Pantherinae |
уруусу: | Uncia (талаштуу) |
түрү: | U. uncia |
Биноминалдык аталышы | |
Uncia uncia | |
subspecies | |
see text | |
| |
Range map | |
Синонимдери | |
Felis irbis Ehrenberg, 1830 (= Felis uncia Schreber, 1775), by subsequent designation (Palmer, 1904).[3] Panthera uncia Schreber, 1775 |
Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - латынча Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. [4][5][6]
Мазмуну[жашыруу]
1Турпаты
2Жашоо аймагы жана саны
3Илбирстер Кыргызстанда
4Илбирстин кууту
5Илбириске аңчылык
6Шилтемелер
Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см..[7][8] Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. [9]. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см.[10] Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.
Жашоо аймагы жана саны[оңдоо | булагын оңдоо] Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Ооганстанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда таралган. [11] Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес.
Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыштын фондунун маалыматтарына ылайык түрдүн жалпы саны бардык жашоо ареалдарынын алкагында 3500 - 7500 чейин [12]. Дагы 200 чамалуу илбирс дүйнө өлкөлөрүнүн зоопарктарында кармалып капаста тукумдашат[12].
Өлкө | Аймагы, | Эсептелген саны | Эсептелген жылы |
Ооганстан | 50 000 | 100—200 | 2003 |
Бутан | 15 000 | 100—200 | 1994 |
Кытай | 1 100 000 | 2000—5000 | 1998 |
Индия | 75 000 | 200—600 | 1994 |
Казакстан | 50 000 | 180—200 | 2001 |
Кыргызстан | 105 000 | 150—500 | 2001 |
Монголия | 101 000 | 500—1000 | 2000 |
Непал | 30 000 | 300—500[14] | 2009 |
Пакистан | 80 000 | 200—420 | 2003 |
Орусия | 60 000[15] | 150—200[15] | 2003 |
Тажикстан | 100 000 | 180—220 | 2003 |
Өзбекстан | 10 000 | 20—50 | 2003 |
Илбирс
Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары ХХ кылымда Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010-жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.
Кыргызстан илбирстер көп жашаган өлкөлөрдүн катарына кирет. 2013-ж. Кыргызстанда 307 илбирс бар. Ысык-Көл облусунда – 129, Нарын облусунда – 23, Чуй облусунда – 52, Талас облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 52, Ош жана Баткен облустарында – 27.[16]
Кыргызстанда илбирсттер Тескей Ала-Тоодо, Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас Ала-Тоосунда, Чаткал, Какшаал-Тоо, Фергана жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет. [17] Илбирстер Беш-Арал коругунда, Ысык-Көл коругунда, Нарын коругунда, Сары-Челек биосфералык коругунда, Сарычат-Эркештам коругунда жана Ала-Арча улуттук сейил багында кезигет.[18] Ананьево айылындагы NABU кайра кубаттандыруу борборунда 5 илбирс бар (09.2013).
Илбирстин куутуИлбирстин кууту баардык эле мышыктар уруусуна кирүүчүлөр сыяктуу эле бирдин айынан - жалган куран айларында жүрөт. 3-4 жаштарында жетилип куутка катышат, 95-105 күндөй балдарын көтөрөт. Ургаачысы татаал адам оңойлук менен жетпеген, аскалардын жапалак арча, бадал менен капталган үңкүрлөрдө май айында 2-3 баласын тууйт, алардын салм. 350-400 гга чейин болот.
Илбириске аңчылыкИлбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу жүрүүлөрү керек. Мындай адамдарды элде «илбирс кармоочулар» деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармооочулар чоңдорун капкан менен кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышып сатышат.
Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Бул түрдүн мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет.