Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  Прочее  /  Молекулалык физика жана термодинамика - МКТ

Молекулалык физика жана термодинамика - МКТ

Avatar
25.03.2021. Тест. Физика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Молекулалык - кинетикалык теориянын негиздери боюнча тесттик суроолор

Список вопросов теста

Вопрос 1

Физикада “нормалдуу шарт” деп кандай шартты түшүнүшөт?

Варианты ответов
  • атмосферанын басымы \(1,013\cdot10^5\) Па, температурасы 273 К болгон шартты

  • атмосферанын басымы 1 атм., температурасы 0℃ болгон абалды

  • атмосферанын басымы 760 мм.сым.мам., температурасы 32℉ болгон учурду

  • атмосферанын басымы 760 мм.сым.мам., температурасы 0℃ болгон учурду

  • адамга жагымдуу болгон шартты

Вопрос 2

Эмне үчүн көпчүлүк химиялык элементтердин атомдук массалары бүтүн сандар аркылуу туюнтулбайт?

Варианты ответов
  • көпчүлүк химиялык элементтер бири-биринен массалары боюнча айырмаланышкан эки же андан көп изотопторго ээ болушат. Алардын табиятта кездешкен үлүштүк катнаштарын эсепке алганда элементтин атомдук массасы бүтүн сан менен туюнтулбай калат.

  • ал атомдордун электрондорунун саны өзгөрүп турат

  • ал атомдор нейтрондору бирдей, протондорунун саны ар башка болгон ядролордон турат

  • туура жообу жок

Вопрос 3

Нормалдуу шарттагы абанын бирдик көлөмүндөгү молекулалардын саны канчага барабар?

Варианты ответов
  • NL=2,68\(\cdot10^{25}м^{-3}\)

  • NL=2,68\(\cdot10^{19}см^{-3}\)

  • NA=6,022\(\cdot10^{23}моль^{-3}\)

  • n=\(\left(10^{22}\div10^{23}\right)моль^{-3}\)

Вопрос 4

Гелийдин, азот газынын, суунун жана темирдин ар биринин бир молунда канчадан бөлүкчө бар?

Варианты ответов
  • ар кандай заттын бир моль өлчөмү бирдей сандагы бөлүкчөлөрдөн турат. Ал сан Авогадро саны (\(N_A=6,022\cdot10^{23}моль^{-3}\)) деп аталат.

  • гелий газынын бир молу NА даана гелийдин атомунан, азот газы NА даана азоттун молекуласынан, суу NА даана суунун молекуласынан, ал эми темир NА даана темирдин атомунан турат.

  • Тыгыздыгын эсепке алсак, бөлүкчөнүн саны темирде эң көп, андан кийин сууда, азот жана гелий газдарында.

  • \(N_A=2,68\cdot10^{19}см^{-3}\)

Вопрос 5

Суу буусунун бир молунда канча атом бар?

Варианты ответов
  • Суу буусунун бир молу 2 моль суутектин жана 1 моль кычкылтектин атомдорун камтыйт.

  • Суу буусунун бир молу 3 моль сандагы атомдордон турат.

  • \(N_A=6,022\cdot10^{23}\) даана атом бар.

  • \(N_L=2,68\cdot10^{25}\) даана атом бар

Вопрос 6

Нормалдуу шартта гелий жана суутек газдарынын, суу буусунун бир молунун ээлеген көлөмдөрүн тапкыла.

Варианты ответов
  • Баары бирдей, ар бири 22,4 л көлөмдү ээлешет.

  • Баары бирдей, ар бири \(22,4\cdot10^{-3}\frac{м^3}{моль}\) көлөмдү ээлешет.

  • Гелий 22,4 л, суутек 44,8 л, ал эми суу буусу 67,2 л көлөмдү ээлейт.

  • Өздөрү жайгашкан идиштин көлөмүн толук ээлешет.

Вопрос 7

Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги  p=nkT   теңдемесине ылайык температуранын жогорулашы менен кошо газдын басымы да өсүшү керек. Анда жайкысын (мисалы, 37℃  кезинде) жана кышында (мисалы, 7℃  кезинде) бөлмөдөгү барометрдин бирдей эле басымды көрсөтүп калышын кандайча түшүндүрөбүз?

Варианты ответов
  • Прибор бузулуп калган болушу мүмкүн

  • Жайында абанын температурасы жогорулаганы менен, абанын тиешелүү бөлүгү жылчыктардан сыртка чыгып кетип, газдын концентрациясы азаят. Натыйжада абанын басымы өзгөрбөй, кышындагыдай эле бойдон калышы мүмкүн.

  • Кышында абанын температурасы төмөндөгөнү менен, абанын тиешелүү бөлүгү жылчыктардан бөлмөгө кирип, газдын концентрациясы көбөйөт. Натыйжада абанын басымы өзгөрбөй, жайындагыдай эле бойдон калышы мүмкүн.

  • Кышында абанын нымдуулугу жогорулайт. Ошондуктан басым да жогору болот.

Вопрос 8

Бири-бирине тийишип турушкан нерселер өз ара термодинамикалык тең салмактуулук абалына жеткен кезде алардын ар биринин бөлүкчөлөрүнүн жылуулук кыймылдарынын орточо кинетикалык энергиялары да өз ара теңелишерине негизделген өлчөөчү курал кандайча аталат?

Варианты ответов
  • Термопара

  • Барометр

  • Манометр

  • Термометр

  • Градусник

Вопрос 9

Газдын молекулаларынын жылуулук кыймылынын баш аламандуулугунун натыйжасында ....

Варианты ответов
  • газ ээлеген идиштин бардык жерлеринде газдын тыгыздыгы бирдей болот

  • заттын газ абалындагы тыгыздыгы ушул эле заттын суюк абалындагы тыгыздыгынан аз болот

  • суюктукка караганда газды кысуу жеңил болот

  • газды бир убакта муздатып жана кысканда ал суюктукка айланат

Вопрос 10

Идеал газды ысытканда анын абсолюттук температурасы 2 эсе жоголулады. Бул учурда газдын молекулаларынын жылуулук кыймылынын орточо кинетикалык энергиясы кандайча өзгөрдү?

Варианты ответов
  • 16 эсе көбөйдү

  • 4 эсе көбөйдү

  • 2 эсе көбөйдү

  • өзгөргөн жок

Вопрос 11

Идеал газды кысканда анын көлөмү 2 эсе кичирейди, ал эми газдын абсолюттук температурасы 2 эсе жогорулады. Бул учурда газдын басымы кандайча өзгөрдү?

Варианты ответов
  • 2 эсе чоңойду
  • 2 эсе азайды
  • 4 эсе чоңойду
  • өзгөргөн жок
Вопрос 12

Массасы турактуу сакталган идеал газдын басымы  2 эсе азайды, газдын абсолюттук температурасы 4 эсе төмөндөдү. Бул учурда газдын көлөмү кандайча өзгөрдү?

Варианты ответов
  • 2 эсе чоңойду
  • 2 эсе кичирейди
  • 8 эсе чоңойду
  • 8 эсе кичирейди
Вопрос 13

Температурасы  T0   , басымы  p0    болгон 1 моль өлчөмдөгү идеал газ V 0    көлөмүн ээлейт. Ошол эле p0    басымдагы жана температурасы  2T0    болгон 2 моль газ кандай көлөмгө ээ болот?

Варианты ответов
  • 4V0

  • 2V0

  • V0

  • 8V0

Вопрос 14

Бир атомдуу идеал газды муздатканда анын басымы 4 эсе азайды, ал эми газдын молекулаларынын концентрациясы өзгөргөн жок. Бул учрда газдын молекулаларынын жылуулук кыймылынын орточо кинетикалык энергиясы ....

Варианты ответов
  • 16 эсе азайды
  • 2 эсе азайды
  • 4 эсе азайды
  • өзгөргөн жок
Вопрос 15

 Көлөмү турактуу сакталган идиште 2 моль өлчөмдөгү идеал газ жайгашкан. Идишке дагы бир моль газды кошкондон кийин газдын идиштин дубалдарына жасаган басымы 3 эсе чоңойсун үчүн газы бар идиштин абсолюттук температурасын кандайча өзгөртүү керек?

Варианты ответов
  • 3 эсе төмөндөтүү
  • 2 эсе төмөндөтүү
  • 3 эсе жогорулатуу
  • 2 эсе жогорулатуу
Вопрос 16

Көлөмү 8,31 л болгон газ 127   температурада жана 100 кПа басым астында баллондо жайгашып турат. Газдагы заттын саны канча?

Варианты ответов
  • 0,5 моль
  • 0,25 моль
  • 1 моль
  • 2 моль
Вопрос 17

Молекулалык-кинетикалык теория боюнча температура -….

Варианты ответов
  • заттын бөлүкчөлөрүнүн жылуулук кыймылынын орточо кинетикалык энергиясынын чени
  • орточо кинетикалык энергиянын азайышы
  • газдын басымынын азайышынын чени
  • потенциалдык энергиясынын чени
  • туура жообу жок
Вопрос 18
  1. Заттын молекулаларынын өз ара аракеттенишүүсү – бул...

 

Варианты ответов
  • алардын бири биринен түртүлүүлөрү
  • алардын бири бирине тартылуулары
  • арасындагы аралыктын чоңдугуна жараша өз ара тартышуулары же түртүшүүлөрү
  • алардын диффузиясы
Вопрос 19

\(\frac{3}{2}pV\) формуласынын жардамында кандай физикалык чоңдук эсептелип чыгарылышы мүмкүн?

Варианты ответов
  • идеал газдын температурасы
  • идеал газдын массасы
  • идеал газдагы жылуулук саны
  • бир атомдуу идеал газдын ички энергиясы
Вопрос 20

Молекулалардын жылуулук кыймылы токтогон температура ... барабар.

Варианты ответов
  • 273 К
  • 0℃
  • 0 К
  • 27℃
Вопрос 21

Вакуумдук насостор басымды  1,5∙ 10-10  Па  га чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк беришет. Бул учурда 17 температурадагы газдын молекулаларынын концентрациясы ...

Варианты ответов
  • ​​​​\(63,9\cdot10^{10}м^{-3}\)

  • \(3,75\cdot10^{10}м^{-3}\)

  • \(1,6\cdot10^{10}м^{-3}\)

  • \(2,7\cdot10^{-13}м^{-3}\)

Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике Прочее
0
473

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт