Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты курсу боюнча экзамендик тест 2 (9 база)

Кыргыз тили жана адабияты курсу боюнча экзамендик тест 2 (9 база)

Avatar
27.05.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз тили жана адабияты курсу боюнча экзамендик тест 2 (9 база)

Список вопросов теста

Вопрос 1

Түштүк диалектиде колдонулган сөздөрдүн катарын көрсөт

Варианты ответов
  • чылапчын, дагара, чабалекей, күзгү
  • чарпая, далис, жакандос, челек
  • оромол, албөлү, шабдалы, ширеңке;
  • чака, чыны, жолборс, жоолук
Вопрос 2

Өтмө маанилуу сөздөр бар вариантты белгиле

Варианты ответов
  • Бала чөнтөгундөгу акчаларды санап чыгат;
  • Мага какао кошулган балмуздак бериңизчи;
  • Анын сырткы келбети менен мунөзу төп келишкен
  • Досумдун көздөру - карагат, тили – бал
Вопрос 3

Тике соз катышпаган суйломду белгиле.

Варианты ответов
  • Мобуреки тезекти кордунорбу? – дейт Артык сурдана.
  • Темирдин каршылык корсотконун токтотуусун суранды;
  • Ал кошорду: -Чолдун кара чаар жыланынын артынан кууп жетебиз;
  • –Ой, бул эми эле тушконн издер экен, - деп бир туугандардын кенжеси чоп арасын карайт.
Вопрос 4

................................деген макал-лакапта антоним сөздөр катышкан эмес

Варианты ответов
  • “Ач кадырын ток билбейт”;
  • “Ала байтал, акылың болсо сууга тарт”
  • “Өзгөнү өзүңдөй сыйла”;
  • “Мээримдүүлүк – жүрөктөн, мээримсиздик – билектен”;
Вопрос 5

Жалаң сүйлөм:

 

Варианты ответов
  • Кой-эчкилер жайылып чыгышты.
  • Күч акылга жардамчы болот
  • Таамай айтылган сөз - бутага тийген ок.
  • Биз тоого чыгабыз.
Вопрос 6

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизм эмес?

Варианты ответов
  • Калптын казаны кайнабайт
  • Кара кылды как жарган
  • Беш өрдөгүн учуруу
  • Жабуулуу кара инген
Вопрос 7

Лексикологиянын изилдөө объектилери кайсылар?

Варианты ответов
  • Сүйлөм, сүйлөм мүчөлөрү
  • Сөз, сөз айкаштары, сүйлөм
  • Эркин сөз айкашы, морфема
  • Сөз, сөздүк курам, сөздүн мааниси
Вопрос 8

Бактын ары жагында созулуп жаткан пахта талаасы.
   Сүйлөмдүн мүнөздөмөсү:

Варианты ответов
  • эки составдуу сүйлөм
  • жайылма сүйлөм
  • жаксыз сүйлөм
  • атама сүйлөм
Вопрос 9

_______________ аткарылышына жетекчилик кылган окутуучу (илимий жетекчи) студентке план түзүүдө кеңеш берет,  ишти аткаруунун мөөнөттөрүн белгилейт, консультация өткөрөт

Варианты ответов
  • Пикирдин…
  • Аннотациянын…
  • Рефераттын…
  • Отчеттун…
Вопрос 10

___________________автордун эркине жараша окуяны баяндоодо ырааттуулук бузулушу мүмкүн
а) Көркөм адабияттын стилинде;

Варианты ответов
  • Иш кагаздар стилинде;
  • Көркөм адабияттын стилинде;
  • Илимий жана көркөм стилде.
  • Илимий стилде;
Вопрос 11

Рефераттын киришүү бөлүмүндо...

Варианты ответов
  • … теманын, изилдөөгө алынган проблемалардын актуалдуулугу, ал жөнүндөгү иликтөөлөр жөнүндө айтылат.
  • … изилдөөнүн жалпы жыйынтыктары берилет.
  • … изилдөөчү тарабынан тема боюнча жыйынтыктар, аргументтер, фактылар, далилдөөлөр, ой-бүтүмдөр негизделип берилет.
  • … эч кандай маалыматтар берилбейт
Вопрос 12

Дипломдук иш, монография, лекция кайсы стилдин подстилдери

Варианты ответов
  • илимий стиль;
  • публицистикалык стиль
  • көркөм стиль
  • сүйлөшүү стили
Вопрос 13

Диссертацияларда, монографияларда .................... кенири колдонулат

Варианты ответов
  • академиялык шилтеме беруу;
  • тексттин аягында шилтеме беруу
  • беттин аягында шилтеме беруу
  • тексттин ичинде шилтеме беруу
Вопрос 14

Лекция ...

Варианты ответов
  • диссертациянын кичирейтилген көлөмдөгү өзгөчө түрү болуп саналат. Диссертациянын структуралык-композициялык түрлөрү кыска формада кайталанат;
  • кандайдыр бир идеяны, лекциянын, докладдын, чыгарманын негизги бир маанисин кыскача туюнткан жобо. Ал көлөмү боюнча 2-3 беттен ашпаган жабык түрдөгү киришүү, негизги жана жыйынтык бөлүктөрүнөн турган илимий текст болуп саналат.
  • илимдин кайсы бир тармагы боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин, кесиптик окуу жайлардын окуучуларына, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине арналып жазылат;
  • билим берүүдө, агитациялык жана пропагандалык иш чараларда көп практикаланат. Ал түзүлгөн пландын негизинде же эркин даярдалат;
Вопрос 15

Корреспонденция...

Варианты ответов
  • журналистиканын бекем салттуу подстили
  • маалыматтан көлөмү боюнча гана эмес, андагы сөз болгон окуялар, кубулуштар жана фактыларга талдоо жүргүзот
  • көлөмү чакан, түрдүү окуялар же кубулуштар жөнүндө фактыларга негизделип берилген кабар
  • кандайдыр бир проблемага арналган саясий темадагы подстиль
Вопрос 16

Илимий стилге эмне мүнөздүү эмес?

Варианты ответов
  • логикалуулук;
  • тактык
  • образдуулук
  • түшүнүктүүлүк
Вопрос 17

.............................................. эркке түздөн-түз таасир этет: окурмандын, угармандын көз карашын, оюн, жүрүм-турумун өзгөртүүгө  алып келиши мүмкүн.

 

Варианты ответов
  • Илимий стиль
  • Публицистикалык стиль
  • Көркөм стиль
  • Сүйлөшүү стили
Вопрос 18

................ көркөм адабияттын стилине, публицистикалык стилге, сүйлөшүү стилине жарактуу

Варианты ответов
  • Образдуулук
  • стандарттуулук
  • Логикалык ырааттуулук
  • тактык
Вопрос 19

Тенге гулдун жалбырактары кезектешип жайгашкан, терс караган томонкулору саптуу, жогоркулары сабаксыз болот. Татаал суйломдун кайсы туру? 

Варианты ответов
  • байламталуу тен байланыштагы татаал суйлом
  • шарттуу багынынкы суйлом
  • багынынкы байланыштагы татаал суйлом
  • байламтасыз тен байланыштагы татаал суйлом
Вопрос 20

Кара сейдананын уруктары дарылык максатта кылымдардан бери колдонулуп келет. Бул суйлом......

Варианты ответов
  • татаал суйлом
  • шарттуу багынынкы суйлом
  • жайылма суйлом
  • жалан суйлом
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт