Меню
Тесты
Тесты  /  Математика  /  Прочее  /  ИПК, 3-курс, ТОНКМ

ИПК, 3-курс, ТОНКМ

Avatar
27.10.2020. Тест. Математика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттерине даярдалды.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Логика – бул, ... жөнүндөгү илим.

Варианты ответов
  • сандар жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар
  • чоңдуктар жана алардын катыштары
  • ойломдун закондору жана формалары
  • көптүктөр жана алардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар
Вопрос 2

Логиканын үйрөнүү предмети:

Варианты ответов
  • сандардын арасындагы байланыштар
  • айтымдар жана предикаттар
  • геометриянын мектеп курсунун түзүлүшү
  • көптүктөр жана алардын арасындагы байланыштар
Вопрос 3

Чын же жалган экендигин аныктоого мүмкүн болгон ар кандай жай сүйлөмдөр...деп аталат.

Варианты ответов
  • аныктамалар
  • теоремалар
  • аксиомалар
  • айтымдар
Вопрос 4

... сүйлөмдөр айтымдар болуп эсептелет. 

Варианты ответов
  • Жай
  • Кемтик
  • Суроолуу
  • Илептүү
Вопрос 5

Айтымдар ... маанилерин кабыл алышы мүмкүн.

Варианты ответов
  • ар дайым жалган
  • чын же жалган
  • ар дайым чын
  • бир учурда чын да, жалган да
Вопрос 6

Бири-бирин танган эки айтымдын ... болот.

Варианты ответов
  • экөөсү тең чын
  • экөөсү тең жалган
  • карама-каршысы
  • бирөөсү гана чын
Вопрос 7

Айтымдын тануусун ... түрдүү жол менен жазууга болот.

Варианты ответов
  • бир гана
  • эки
  • бир нече
  • каалагандай
Вопрос 8

Жөнөкөй сүйлөм түрүндөгү айтымдар ... деп аталат.

Варианты ответов
  • курама айтымдар
  • татаал айтымдар
  • жөнөкөй айтымдар
  • cөз тизмектери
Вопрос 9

«Жана», «же», «эмес», «эгерде ... болсо, анда ... «, «болсо гана» ж.б. байламталарынын жардамында жөнөкөй айтымдардан түзүлгөн айтымдар ... деп аталат.

Варианты ответов
  • курама айтымдар
  • татаал айтымдар
  • жөнөкөй айтымдар
  • cөз тизмектери
Вопрос 10

Байламталардын жардамында жөнөкөй айтымдардан курама айтымдарды түзүү ... деп аталат.

Варианты ответов
  • арифметикалык амалдар
  • логикалык амалдар
  • практикалык амалдар
  • көптүктүн амалдары
Вопрос 11

Бир жөнөкөй сүйлөмдөн ... түзүүгө болот.

Варианты ответов
  • бир курама айтым
  • эки курама айтым
  • бир жөнөкөй айтым
  • эки жөнөкөй айтым
Вопрос 12

Курама айтым ... турат.

Варианты ответов
  • бир жөнөкөй айтымдан
  • бир нече жөнөкөй айтымдардан
  • кемтик сүйлөмдөрдөн
  • суроолуу сүйлөмдөрдөн
Вопрос 13

 p айтымы чын болгондо жалган, ал эми жалган болгондо чын болгон айтым   айтымынын… деп аталат.

Варианты ответов
  • кош тануусу
  • жалган мааниси
  • чын мааниси
  • тануусу
Вопрос 14
  1.   p жана  q айтымдарынын экөө тең чын болгон учурда чын болгон айтым бул айтымдардын ... деп аталат.
Варианты ответов
  • эквиваленциясы
  • импликациясы
  • конъюнкциясы
  • дизъюнкциясы
Вопрос 15

 p жана  q айтымдарынын жок дегенде бири чын болгондо гана чын болгон айтым, айтымдардын ... деп аталат.

Варианты ответов
  • эквиваленциясы
  • импликациясы
  • дизъюнкциясы
  • конъюнкциясы
Вопрос 16

p айтымы чын, ал эми  q айтымы жалган болгон учурда гана жалган болгон айтым, айтымдардын ... деп аталат.

 

Варианты ответов
  • эквиваленциясы
  • импликациясы
  • конъюнкциясы
  • дизъюнкциясы
Вопрос 17

p жана q  айтымдары бир эле учурда чын жана бир эле учурда жалган болгон учурда гана чын болгон айтым айтымдардын ... деп аталат.

 

Варианты ответов
  • эквиваленциясы
  • импликациясы
  • конъюнкциясы
  • дизъюнкциясы
Вопрос 18

Айтымдардын структурасын аныктаган тамгалардын, амалдардын жана кашаалардын удаалаштыгы айтымдардын ... деп аталат.

 

Варианты ответов
  • арифметикалык формулалары
  • логикалык формулалары
  • логикалык амалдары
  • арифметикалык амалдары
Вопрос 19

Сүйлөмдөгү өзгөрүлмөнүн ордуна анын маанисин койгон учурда айтымга айлануучу сүйлөмдөр … деп аталат.

 

 

Варианты ответов
  • предикаттар
  • түшүнүктөр
  • теоремалар
  • аксиомалар
Вопрос 20

Өзүнө бир өзгөрүлмөнү камтыган предикаттар … деп аталат.

 

Варианты ответов
  • бир өзгөрүлмөлүү функциялар
  • бир орундуу предикаттар
  • бир өзгөрүлмөлүү теңдемелер
  • бир өзгөрүлмөлүү теңдемелер системасы
Вопрос 21

Өзүнө эки же андан ашык өзгөрүлмөнү камтыган предикаттар … деп аталат.

 

Варианты ответов
  • бир орундуу
  • эки орундуу
  • турактуу
  • көп орундуу
Вопрос 22

Предикаттагы өзгөрүлмөнүн кабыл алууга мүмкүн болгон маанилеринин көптүгү … деп аталат.

 

Варианты ответов
  • аныкталуу областы
  • өзгөрүү областы
  • маанилеринин көптүгү
  • чындык көптүгү
Вопрос 23

Өзгөрүлмөнүн ордуна анын маанилерин койгон учурда предикатты чын айтымга айландыруучу маанилеринин көптүгү предикаттын … деп аталат.

 

Варианты ответов
  • аныкталуу областы
  • чындык көптүгү
  • өзгөрүү областы
  • маанилеринин көптүгү
Вопрос 24

Предикаттарды «бардык», «ар кандай», «жашайт», «табылат» ж.б.у.с. сөздөрүнүн жардамында айтымдарга айландыруучу сөздөр … деп аталат.

 

Варианты ответов
  • кванторлор
  • тавталогиялар
  • функциялар
  • айтымдар
Вопрос 25

«Бардык», «ар кандай», «ар бир», «каалагандай» сөздөрүнүн жардамында белгиленген кванторлор … деп аталат.

 

Варианты ответов
  • жашоо квантору
  • жалгыздык квантору
  • өздүк квантору
  • жалпылык квантору
Вопрос 26

«Жашайт», «табылат», «жок дегенде бир», «ушундай бир» сөздөрүнүн жардамында белгиленген кванторлор … квантору деп аталат.

 

Варианты ответов
  • өздүк
  • жалгыздык
  • жашоо
  • жалпылык
Вопрос 27

«Бир гана», «жалгыз гана», «бирөө гана» сөздөрүрүнүн жардамында белгиленген кванторлор … квантору деп аталат.

 

Варианты ответов
  • өздүк
  • жалгыздык
  • жашоо
  • жалпылык
Вопрос 28

Предикаттарга ажырабаган предикаттар .. деп аталат.

 

Варианты ответов
  • курама
  • татаал
  • жөнөкөй
  • жалпы
Вопрос 29

Эки же андан көп предикаттан турган предикат .. деп аталат.

 

Варианты ответов
  • жалпы
  • татаал
  • жөнөкөй
  • курама
Вопрос 30

Далилдөөнү талап кылуучу математикалык сүйлөм … деп аталат.

 

Варианты ответов
  • аныктама
  • теорема
  • постулат
  • аксиома
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт