Меню
Тесты
Тесты  /  История  /  Прочее  /  Алгачкы коомдун тарыхы 1-модул 1-вариант

Алгачкы коомдун тарыхы 1-модул 1-вариант

Avatar
25.12.2020. Тест. История, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Алгачкы коомдун тарыхы кышкы семестр 1-курс 1-вариант

Список вопросов теста

Вопрос 1

Тарыхты кандайдыр бир критерийлерге (чен-өлчөмдөргө) таянып ырааттуу  түрдө алмашуусу кандай аталат?

Варианты ответов
  • мезгилдештирүү
  • өнүгүү
  • алмашуу
  • өлчөө
Вопрос 2

Тарыхый маалымат алууга мүмкүн болгон изилдөө обьектиси эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Тарыхый булак
  • Тарыхый доор
  • Чен-өлчөм
  • Тарыхый алмашуу
Вопрос 3

Адамдардын ой жүгүртүүсүн, маданиятынын өзгөчөлүктөрүн тил аркылуу туюндурулушу жөнүндө маалымат берүүчү булактар кандай аталат?

Варианты ответов
  • Лингвистикалык булак
  • Тарыхый булак
  • Этнографиялык булак
  • Археологиялык булак
Вопрос 4

Сөздөрдүн пайда болушун, алардын маанисинин өзгөрүшүн изилдөөчү тармак?

Варианты ответов
  • Этимология
  • Ономастика
  • Генеалогия
  • Архаизм
Вопрос 5

Илимдин өнүгүшүнүн тарыхы кандай аталат?

Варианты ответов
  • Тарыхнаама
  • Тарыхый алмашуу
  • Тарыхый доор
  • Тарыхый булак
Вопрос 6

Эволюциялык теорияны ким негиздеген?  

Варианты ответов
  • Ч. Дарвин
  • Ж. Мак-Леннан
  • К. Маркс
  • Ф. Энгельс
Вопрос 7

«Адамды адам кылган эмгек» - деген сөз кимге таандык?

Варианты ответов
  • Ф. Энгельс
  • Ч. Дарвин
  • Ж. Мак-Леннан
  • К. Маркс
Вопрос 8

«Үй бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин пайда болушу» - деген эмгекти ким жазган?

Варианты ответов
  • Ф. Энгельс
  • Ч. Дарвин
  • Ж. Мак-Леннан
  • К. Маркс
Вопрос 9

Тропикалык жана субтропикалык аймактарда жаралган жогорку өнүккөн плацентардык сүт эмүүчүлөрдүн тобу кандай аталат?

Варианты ответов
  • Приматтар
  • Гомосапиенстер
  • Гоминиттер
  • Ологенисттер
Вопрос 10

Азыркы кезде белгилүү болгон адамдардын пайда болуу формаларынын эволюциялык катары кандай?

Варианты ответов
  • австролопитек-питекантроп-неандерталь-кроманьон.
  • питекантроп-неандерталь-кроманьон- австролопитек.
  • кроманьон.-австролопитек-питекантроп-неандерталь.
  • неандерталь-кроманьон- австролопитек-питекантроп.
Вопрос 11

Австралопитектердин алгачкысын ким жана канчанчы жылы тапкан? 

Варианты ответов
  • 1924-ж. Р. Дарт
  • 1926-ж. Ж. Мак-Леннан
  • 1945-ж. К. Маркс
  • 1954-ж. Ч. Дарвин
Вопрос 12

Антропогенез процесси болжол менен качан башталган?

Варианты ответов
  • 2,5-3 млн. жыл мурда
  • 3,5-7 млн. жыл мурда
  • 1,5-3,5 млн. жыл мурда
  • 1,5-5 млн. жыл мурда
Вопрос 13

Адам баласынын пайда болгон мекени катары кайсы өлкөнү эсептешет?

Варианты ответов
  • Африканы
  • Европаны
  • Азияны
  • Американы
Вопрос 14

«Тике туруп баскан маймыл сымал адамды»- кандайча аташкан?

Варианты ответов
  • Питекантроп еректус
  • Еректус хомо
  • Номохабилис еректус
  • Археоантроп хомо
Вопрос 15

Питекантроптор болжол менен качан пайда болгон?

Варианты ответов
  • 1,5 млн. жыл мурда
  • 3,5 млн. жыл мурда
  • 4,5 млн. жыл мурда
  • 2,5 млн. жыл мурда
Вопрос 16

Гейдельберг  адамы качан жана кайсы жерден табылган?

Варианты ответов
  • 1907-ж. Германиядан
  • 1915-ж. Кытайдан
  • 1909-ж. Европадан
  • 1910-ж. Италиядан
Вопрос 17

Неандерталь адамы качан жана кайсыл аймактан табылган?

Варианты ответов
  • 1856-ж. Германиядан
  • 1845-ж Европадан
  • 1815-ж. Кытайдан
  • 1865-ж Италиядан
Вопрос 18

Алгачкы адамдардын али жаныбарлар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыга элек тобунун аталышы?

Варианты ответов
  • үйүр
  • үй бүлө
  • коом
  • мамлекет
Вопрос 19

Азыркы акыл эстүү адам качан калыптанган?

 

Варианты ответов
  • 45-миң. жылдыктарда
  • 35-миң. жылдыктарда
  • 30-миң. жылдыктарда
  • 40-миң. жылдыктарда
Вопрос 20

Азыркы адамдардын алгачкы өкүлү кайсы жерден табылган?

Варианты ответов
  • Франциядан
  • Италиядан
  • Африкадан
  • Россиядан
Вопрос 21

Адамдардын топторго биригүүсүнө эмне түрткү болгон?

Варианты ответов
  • тотемдердин пайда болушу
  • чопо идиштердин пайда болушу
  • үйүрдүн пайда болушу
  • таш куралдарынын пайда болушу
Вопрос 22

Неантроптордун адамга айлануу жараянынын жүрүшү белгилүү бир аймакта жүрүп анан башка аймактарга тараган деген көз караштагы окумуштуулардын тобу кандай аталат?

Варианты ответов
  • моноцентристик
  • полиоантроптук
  • полицентристик
  • моноантроптук
Вопрос 23

Орок сымал ийрейтилген кыска жана жалпак жыгач кандай аталат?

Варианты ответов
  • бумеранг
  • ийри канжар
  • орок
  • найза
Вопрос 24

Диний түшүнүктөр эмнеден улам пайда болгон?

Варианты ответов
  • табият кубулуштарынын алдындагы алсыздыктан
  • үй-бүлө түзүүдө
  • топту бириктирүү максатында
  • жөн эле
Вопрос 25

Ыйгарып алуучу чарбадан өндүргүч чарбага өтүү кандайча аталат?

Варианты ответов
  • неолиттик төңкөрүш
  • палеолиттик бурулуш
  • кечки мезолит
  • энеолиттик жаңылануу
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт