Меню
Разработки
Разработки  /  Биология  /  Уроки  /  7 класс  /  Зоология 1 чейрекке карата кайталоо сабагы

Зоология 1 чейрекке карата кайталоо сабагы

7 класс зоология 1 чейрекке карата кайталоо сабагы
14.02.2022

Содержимое разработки

Таш-Кѳмүр шаарына караштуу № 6 Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби



7 класс

Тема: 1 чейрек ичинде ѳтүлгѳндү кайталоо

Сабактын максаты: биринчи чейректе алган билимди окуучулар билишет

Кайталоо менен бышыкташат

Ѳз алдынчалыкка тарбияланышат

Сабактын тиби: интерактивдүү

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу бѳлүгү: Биология тиричиликти үйрѳтѳт

Зоология жаныбарды сүйлѳтѳт

Биология жан киргизип дүйнѳгѳ

Анотомия жашоо үчүн күрѳшѳт

Оо биз биологияны билебиз

Анотомияны сүйѳбүз

Баардык сабакты жакшы окуп

Билим үчүн күрѳшѳбүз



  1. биология, зоология, фауна деген терминдерди кайталап айтуу менен топторго бѳлүү. Топ башчыларын бекитип алуу.

Сабактын жүрүшү:

  1. Топторго жаныбардын сүрѳтүн берүү менен органдарын табуу менен биринчи, экинчи, үчунчулукту белгилеп алуу.



  1. КАТЕГОРИЯЛАР:



1.Соркадалуулар жана шапалактуулар тиби



2.Инфузориялар тиби , Споралуулар тиби



3.Ичеги кѳңдѳйлүүлѳр тиби



Соркадалуулар жана шапалактуулар тиби



1.Бир клеткалуу жаныбарларды кайсы окумуштуу качан ачкан?

(Антони Ван Левенгук 1676 жылы)

2 Соркадалуулар жана шапалактуулар тибинин класстары кайсылар?

(тамыр буттуулар, соркадалуулар классы)



3 Соркадалуулар жана шапалактуулар тибине кирген жаныбарлар эмнеси аркылуу

кыймылдашат? (жалган буттары жана шапалакчылары аркылуу)

4 Соркадалуулар жана шапалактуулар тиби эмне менен азыктанышат?

(даяр органикалык заттар менен)

5 Соркадалуулар жана шапалактуулар тиби эмне аркылуу кантип дем алышат?

( кычкылтек менен )

6 Соркадалуулар жана шапалактуулар тибинин бѳлүп чыгаруусу кандай жол менен ишке

ашат? ( жыйрылуучу вакуолу аркылуу)

7 Соркадалуулар жана шапалактуулар тиби кандай жол менен кѳбѳйүүшѳт?

( бѳлүнүү жолу жана жыныстык коньюгация жолу менен )

8 Соркадалуулар жана шапалактуулар тибине кирген жаныбарларда жагымсыз шартта

эмне пайда болот ? ( Циста)

9.Бардык тирүү организмдердин сырткы дүүлүгүүлѳргѳ жооп берүүсү эмне деп аталат?

( дүүлүгүү)

10 Соркадалуулар жана шапалактуулар тибине кирген кайсы жаныбарлар менен

таанышсынар? (амеба. жашыл эвглена)

Инфузориялар тиби жана споралуулар тиби



1.Инфузориялар тибине кирген кайсы жаныбар менен таанышсынар?

(инфузория туфелька)

2. Эмне үчүн инфузория туфелька деп аталып калган?

(туфлинин таманына окшош)

3.Инфузория деген сѳз эмнени билдирет? ( чылама)

4. Инфузория туфельканын канча ядросу бар? (эки)

5. Инфузория туфелька кантип кѳбѳйүшѳт?

( туурасынан бѳлүнүү жана жыныстык жолу м-н)

6. Инфузория туфельканын азыгынын сиңбей калган бѳлүктѳрү эмне болот?

( оозунун ылдый жагында жайгашкан жылчыктан сыртка чыгат)

7.Безгек оорусу адамга эмне аркылуу жугат?

( чиркей аркылуу)

8.Шизонттор бѳлүнүп, кѳп сандаган майда клеткалардын пайда болуусу эмне

деп аталат? ( мерозиттер)

9.Мите деген эмне?

( Тирүү организмде даяр органикалык зат менен зыян келтирип жашоо)

10. Безгек мителеринин боордун клеткасында ,кѳп ядролуу, чоңураак клеткага

айлануусу эмне деп аталат? ( шизонттор)

Ичеги кѳңдѳйлүүлѳр тиби



  1. Ичеги кѳңдѳйлүүлѳр кандай симметриялуу ( Нур симметриялуу)

  2. Ичеги кѳңдѳйлүүлѳрдүн денеси канча катмардан турат? ( эки)

  3. Эктодермада кандай клеткалар жайгашкан? ( тери булчуң , чагуучу, нерв жана аралык клеткалардан турат).

  4. Эндодермада кандай клеткалар жайгашкан? ( азык сиңирүүчү булчуңдүү жана бездүү клеткалар)

  5. Организмдердин нерв клеткалардын жардамы менен жооп берүүсу эмне деп аталат? (рефлекс)

  6. Дененин үзүлгѳн же зыянга учураган бѳлүгунүн калыбына келүүсу эмне деп аталат? ( регенерация)

  7. Ичеги кѳңдѳйлүүлѳр кандай жол менен кѳбѳйуүшѳт? (жыныстуу жана жыныс жана жынысыз)

  8. Чоң гидралар күзүндѳ эмне болушат? ( ѳлүшѳт)

  9. Ичеги кѳңдѳйлүүлѳр тибинин канча классы бар кайсылар? ( гидроиддер, сцифоиттер, кораллдар)

  10. Ичеги кѳңдѳйлүүлѳр эмне менен азыктанышат? ( бактериялар)

3 тур

1.Жаныбар жѳнүндѳ илим . ( зоология)

2. Дүйнѳдѳгү эң чоң жаныбар ( кѳк кит )

3.Кургакта жашаган эң чоң жаныбар (Африка пили)

4.Эки башка түрдѳгү жаныбарлар бирге жашап, бири-бирине пайда келтирет

жана булардын ортосунда пайдалуу мамиле түзүлѳт ал ….(симбиоз)

5.Белгилүү бир аймакты ээлеген ,бири-бири менен тыгыз байланышкан

ѳсүмдүктѳр менен жаныбарлардын ж.б организмдердин тобу ……………(биоценоз же биргелештик)

6. Систематикалык топторго бѳлүштүрүүдѳ салымын кошкон окумуштуу

( табият изилдѳѳчүсү К.Линней (1707-1778-жж)

7.Күндүн энергиясын пайдаланып , жѳнѳкѳй органикалык эмес заттардан органикалык затты түзүүчүлѳр (автотрофтор)

8.Даяр органикалык заттарды пайдалануучулар (гетеротрофтор)

9.Чиритип бузуучулар кайсылар? ( бактерия, козу карындар)

10.Жаратылыштын бирдей шарттарында эки түрдүн ѳкүлү жашап, бири-бирине

оң ,терс таасирлери жок түр ортосундагы мамилелер……( нейтралдуулук)

11.жѳнѳкѳй түзүлүштѳгү жаныбарларды кайсы илим изилдейт? (протозоология)

12.ички мите курттарды кайсы илим изилдейт? (гельминтология)

13. молюскаларды кайсы илим изилдейт? ( малакалогия)

14. кумурскаларды кайсы илим изилдейт? (энтомология)

15. балыктарды кайсы илим изилдейт? ( ихтиология)

16. жерде-сууда жашоочуларды кайсы илим изилдейт? ( батрахология)

17.сойлоп жүрүүчүлѳрдү кайсы илим изилдейт? ( герпетология)

18.куштарды кайсы илим изилдейт? ( орнитология)

19.сүт эмүүчүлѳрдү кайсы илим изилдейт? ( маммалогия)

20. Биология китебибиздин авторлору ким?

( Токтосунов,Бейшебаев, Мамытова, Кыдыралиева)



4 тур



Тесттик суроолор (видеоурок тест)

БЛИЦ ТУРНИР

Ѳзүн ѳзү баалоо

Тапшырма.































-80%
Курсы повышения квалификации

Применение кейс-технологии на уроках химии и биологии в условиях реализации ФГОС

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
800 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Зоология 1 чейрекке карата кайталоо сабагы (21.34 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт