Мугалимдин фамилиясы: Күлчоро кызы Света
Предмети: физика класс: 10
Сабактын темасы: Токтун багыты. Ток күчү. Амперметр
Өтүү мөөнөтү: 19.02.2019-ж.
Классы: 10-класс.
Сабактын максты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар токтун багыты, электр тогун мүнөздөөчү чоӊдук – ток күчү жана ток күчүн өлчөөчү курал – амперметр туурасында кеӊири маалыматтарды алышат.
Өркүндөтүүчүлүк: Окуучулар амперметрдин түрлөрүн жана алардын колдонуу областарын, амперметрди ток булагына туташтыруунун жол жоболорун анализдешип, жыйынтык чыгарышат.
Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды сабырдуулукка жана алган билимдерин турмушта пайдалана билүүгө тарбияланышат.
Сабактын методу: Интерактивдүү
Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү.
Сабактын формасы: Стандарттык сабак
Сабактын жабдылышы: Окуу куралдары, амперметрдин түрлөрү, электр чынжырлары.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу учуру: (Саламдашуу, окуучуларды толуктоо, жагымдуу жагдай түзүү) – 5 мин.
Жагымдуу жагдай логикалык суроолорго жооп берүү аркылуу жүргүзүлөт (Слайд №2-13).
Өтүлгөн материалды кайталоо: Оозеки суроолор, сүрөттүү суроолор, логикалык суроолор, эссе жазуу аркылуу жүргүзүлөт – 8 мин
1. Ток деген сөз кыргызча кандай маанини берет?
2. Сүрөттү карап кайсы эрежени айта аласыӊ?
3. Төмөнкү электр тогунун булактарын атагыла.
4. Экранда көрсөтүлүп жаткан видео ток булагынын кайсы түрүнө мүнөздүү? (видео көрсөтүлөт)
5. Гальваникалык элементтерде энергиянын кайсыл түрү электр энергиясына айланат?
6. Лампочканын схемалык белгилениши кандай?
7. Жөнөкөй жарыктандыргычтын схемасын ким чийип берет?
8. Электр тогунун жылуулук аракеттерине турмуштук мисалдардан келтиргиле.
9. Сүйлөмдү толуктагыла: Электр чынжырында токтун бар экендигин көрсөтүүчү курал … деп аталат. (гальванометр).
10. «Электр тогу биздин турмушта» кыскача ЭССЕ жазуу.
Жаны материалды түшүндүрүү – 14 мин.
Электр тогу биздин жашоо турмушубузда кеӊири кездешет. Бардык иш аракеттерибиз, күнүмдүк жашоо тиричилигибиз ал менен тыгыз байланышта. Демек, электр тогун окуп үйрөнүү, аны мүнөздөөчү чоӊдуктар менен таанышуу актуалдуу мааниге ээ.
Электр тогу өткөргүчтөгү заряддуу бөлүкчөлөрдүн багытталган кыймылы экендигин билебиз. Тажрыйбада далилденгендей металлдарда токту алып жүрүүчүлөр бош электрондор, ал эми эритмелерде (мисалы көк таштын суудагы эритмеси) болсо оӊ жана терс иондор болушат. Бул заряддалган бөлүкчөлөр сырттан түзүлгөн электр талаасынын таасири алдында кыймылга келишет. Натыйжада электр тогу өтөт.
1-текст: Токтун багыты
Электр тогу багытка ээ. Күндөлүк тажрыйбада чынжырдагы токтун багытын билүү өзгөчө мааниге ээ. Алгач токтун багыты үчүн оӊ заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймыл багыты кабыл алынган. 19-кылымдын аягында электрон терс заряддалган элементардык бөлүкчө катары атомдун курамынан табылгандан кийин жана көп чөйрөдө токту алып жүрүүчү ошол электрондор экендиги белгилүү болгондон кийин. Токтун чыныгы багыты аныкталган.
Чынжырдагы токтун чыныгы багыты ток булагынын оӊ уюлунан терс уюлуна карай багытталат деп шаттуу түрдө кабыл алынган. Токтун багытын аныктап алган соӊ анын айланасындагы магнит талаасынын да багытын аныктап алууга болот. Ал үчүн биз бурама эрежесин пайдаланабыз.
Мугалимдин комментарийи.
Мугалим окуучунун толук айтпай кеткен жерлерин толуктап, токтун багытын слайддан көрсөтөт: Электр тогунун багыты электрондордун багытына карама-каршы кыймылдайт. Ал эми бурама эрежеси туурасында айта турган болсок, бураманын учун токтун багытына дал келгендей клып жайгаштырабыз. Андан соӊ бураманы айландырабыз. Натыйжада бураманын айлануу багыты токтун магнит талаасынын багыты менен дал келет.
2-текст: Ток күчү
Чынжырда пайда болуп жаткан электр тогун көз менен көрүп, үнүн же жытын сезүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан анын чоӊдугун кандайдыр бир чоӊдук аркылуу мүнөздөп алсак болот. Ал чоӊдук ток күчү деп аталат. Ток күчү чынжырдагы электр тогун сан жагынан мүнөздөп берет.
Өткөргүчтүн туура кесилиш аянты аркылуу убакыт бирдиги ичинде ташылып өткөн заряддардын санын көрсөтүүчү физикалык чоӊдук ток күчү деп аталат. Ток күчү – I тамгасы менен белгиленет. Ток күчүн төмөнкү формула менен аныктап алабыз.
Бул формуладагы q – электр заряды, бирдиги Кулон (Кл), t – убакыт, бирдиги секунда (с). Ток күчүнүн бирдиги үчүн 1 Ампер алынган. Кыскача - А деп белгилейбиз. Анын миллиампер (мА), микроампер (мкА), килоампер (кА) деген үлүштүк бирдиктери бар.
Мугалимдин комментарийи.
Мугалим окуучунун толук айтпай кеткен жерлерин толуктап, токтун күчүн аныктоочу формуланы кайра жазып, окуучуларга түшүндүрөт: Ток күчүнүн бирдиги А менен башка бирдиктер ортосундагы байланышты жазып алалы.
1А=1Кл/с
Эми негизги формулалардан кошумча формулаларды чыгарып алалы.
3-текст: Амперметр
Ампер Андре Мари (1775-1836) – франциялык физик жана математик. Ал электрдик жана магниттик кубулуштардын байланышын туююнтуучу биринчи теорияны түзгөн. Магнетизмдин жаратылышы жөнүндөгү гипотеза Амперге таандык ал физикага электр тогу түшүнүгүн киргизген.
Ампер ачкан электр тогун эсептөөчү курал – Амперметр деп аталат. Мектеп шартында Амперметрдин эки түрү колдонулат: демонстрациялык Амперметр жана лабораториялык Амперметр.
Амперметрдин иштөөсү токтун магниттик касиетине негизделген. Электр чынжырына Амперметр удаалаш туташтырылат. Бул куралдын клеммаларында атайын “+” жана “–” белгилери коюлган. Амперметрди ток булагына туташтырып жаткан учурда, ток булактын оӊ уюлун амперметрдин “+” клеммасына, ал эми терс уюлун “–” клеммасына туташтыруу керек.
Мугалимдин комментарийи.
Мугалим окуучунун толук айтпай кеткен жерлерин толуктап, Амперметрдин сүрөттөрүн көрсөтүп берет: Демек, токтун күчүн бизге Амперметр деген куралыбыз ченеп берет экен. Алардын түзүлүштөрүн слайддан көрүп алгыла. Амперметрдин схемалык белгилениши төмөнкүдөй:
Эгерде, Амперметр туура эмес туташтырылып калса, биринчи кезекте курал иштен чыгышы мүмкүн, экинчи кезекте анын жебеси тескери көрсөтүп калат.
Бышыктоо: Маселе иштөө, схема чогултуу аркылуу жүргүзүлөт – 9 мин.
1. Окуучулар менен бирге схема чогултат. Бизге ток булагы, лампочка, ачкыч, Амперметр берилди. Чынжырдагы ток күчүн эсептегиле деген суроо жаралсын. Анда төмөнкүдөй схеманы чогулталы.
2. Мугалим чыгарып берет: Жезден жасалган өткөргүчтөн 22 с да канча заряд ташылып өтөт. Өткөргүчтөгү ток күчүнүн чоңдугу 0,75 А ге барабар.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу: |
I =0,75 А t =22 с |
|
Жообу: 16,5 Кл |
q -? |
Үч окуучу чыгып доскага, ал эми отурган
окуучулар ордуларынан иштешет.
№180. Алюминий өткөргүчү аркылуу 900 Кл заряд 12 мин да ташылып өтсө, өткөргүчтөгү ток күчү кандай мааниге жетет.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу: |
q=900 Кл t =12 мин=720 с |
|
Жообу: 1,25 A |
I -? |
№181. Электр лампочкасынын өткөргүчү аркылуу 2 мин 5 с ичинде 50 Кл заряд ташылып өтөт. Өткөргүчтө пайда болгон токтун күчүн тапкыла.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу: |
q=50 Кл t =2 мин 5 с=125 с |
|
Жообу: 0,4 A |
I -? |
№183. Чынжырдагы ток күчү 340 мА болгон учурда чоңдугу 100 Кл заряд канча убакытта ташылып өтөт.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу: |
I =0,34 А q =100 Кл |
|
Жообу: 294 с |
t -? |
Үйгө тапшырма: 2 мин.
«§49. Токтун багыты. Ток күчү. Амперметр» окуп, тиешелүү жерлерин дептерге конспектилөө. Маселелер жыйнагы китебиндеги №188, №189 эсептерди чыгаруу.
Окуучудардын билимин баалоо: 2 мин
Окуучулар ээ болгон “тамгалардын” санына жараша салыштырмалуу бааланат.