5- класс
Предмет: Информатика
Сабактын темасы: Объекттердин классификациясы.
Сабактын жабдылышы: Компьютер, слайд, карточкалар, сүрөттөр.
Негизги компотенттүүлүктөр |
1.Маалыматтык компотенттүүлүк. Сабакты пландаштыруу, жаңы маалыматты алууга даярдануу. |
2.Социалдык комуникативдик. Топ менен иштөөнү жана адептүүлүккө үйрөнүшөт |
3.Өзүн-өзү уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү.Топ менен иштөөдө темадагы көйгөйлөрдү чечишет |
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөр |
Билим берүүчүлүк: жаңы тема жөнүндө түшүнүк; | 1-окуучулар бул мезгилге чейин классификация деген түшүнүк боюнча өз ойлорун айтышат. |
Өнүктүрүүчүлүк: программаны практика жүзүндө колдонууга үйрөнүшөт | 2- компьютердин жардамында объектерди аныкташат |
Тарбия берүүчүлүк: сабакка активдүү катышып, жакшы өздөштүргөн окуучулар жетишпей калган досторуна жардам беришет. | 3- өздөрүн өнүктүрүү максатында түшүнбөгөн окуучуларга жардам беришет |
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары | Мугалимдин иш аракети | Окуучулардын иш-аракети |
Уюштуруу 2 минут | Саламдашуу, жоктоо, окуучуларды эки топко болуп алуу, жана мээге чабуул жасап, оюн бир жерге топтоп алуу максатында кагазда темага байланыштуу 15-20 нын тегерегиндеги сөздөрдү окуучуларга окуу берүү, алардын эске тутуусун текшерүү максатында кайсы топ көп сөз жазса ошол топту баало | Саламдашышат, окуу куралдарын сабакка даярдашат, эки топко бөлүнүп, айтылган сөздөрдү эске тутуп, жазышат.
|
Үй тапшырмасын суроо 6 минут | 1. Объекттер ортосундагы катыштар кандайча туюнтулат? Ар бир сүйлөмдөгү катыштын аталышын айткыла? Сүйлөмдөгү объекттердин орундарын алмаштырса, катышка кандай аталышты берсе болот? Бул учурда кайсы түгөйдөгү катыштын аталышы өзгөрбөйт? а) Көмөч Түлкүгө ырдап берет; б) Пилюлькин Сиропчикти дарылайт; в) Дулдул Иванга жардам берет; г) Желмогуз Элли менен саякаттайт. 2. Объекттердин ар бир түгөйүнө туура келген катыштарды көрсөткүлө. Объекттин түгөйлөрү: а) пианино жана музыкалык инструмент; б) процессор жана системдик блок; в) Токмок жана шаар; г) лазердик диск жана информация ташуучу; д) көпөлөк жана курт-кумурска; е) бешинчи класстын окуучусу жана окуучу. Катыштар: 1) курамына кирет; 2) көптүктүн элементи болуп саналат; 3) түрү болуп саналат.
| Окуучулар карточкадагы суроолорго жооп бришет |
Жаңы теманы түшүндүрүү 25 | «Түрү болуп саналат» катышы «Түрү болуп саналат» катышы менен байланышкан эки көптүктүн бири экинчисине камтылган көптүк болуп саналат. Мисалы, тоту куштардын көптүгү жалпы куштардын көптүгүнө камтылган көптүк болуп саналат. Натуралдык сандар көптүгү чыныгы бүтүн сандардын көптүгүнө камтылган көптүк болуп саналат. «Түрү болуп саналат» катышынын схемасын түрлөр схемасы деп атайбыз. Мындай схемалар окуу китеп-теринде, каталогдордо жана энцик-лопедияларда түрдүү объекттерди, мисалы, өсүмдүктөрдү, айбанаттарды, татаал сүйлөмдөрдү, транспорт каражаттарын ж. б. сыпаттоо үчүн колдонулат. Объекттердин классификациясы Объекттин жалпы белгилерге ээ болгон камтылган көптүктөрү класстар деп аталат. Объекттин көптүктөрүн класстарга бөлүү классификация деп аталат. Бир классты экинчи класстан айырмалоочу белгилери классификациянын негизи деп аталат. Классификация маанилүү (табигый) белгилери же маанилүү эмес (жардамчы) белгилери боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде классификациянын негизи катары объекттердин маанилүү белгилеринин негизинде алынса, анда ал табигый деп аталат. Объекттин табигый классификацияда алган орду анын касиеттери жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү берет. Карл Линней (1737-ж.) сунуш кылган тирүү жандыктардын классификациясы – табигый классификациянын мисалы болуп эсептелет. Азыркы учурда окумуштуулар тирүү жандыктардын көптүгүн беш негизги бөлүккө бөлүшөт: өсүмдүктөр, козу карындар, жаныбарлар, жөнөкөйлөр жана прокариоттор. Ар бир бөлүм деңгээлдерге – системалык бирдиктерге бөлүнгөн. Эң жогорку деңгээл тип деп аталат. Ар бир тип классстарга бөлүнөт, класстар – отряддарга, отряддар – топторго, топтор – түрлөргө. Эгерде классификация негиздери катары объекттердин анча маанилүү эмес касиеттери алынса классификация жасалма деп аталат |
|
Бышыктоо үчун суроолор Үйгө тапшырма берүү минут | 1.Төмөндө көрсөтүлгөн ар бир камтылган көптүктөр үчүн «бир түрү болуп саналат» катышы менен байланышы бар көптүктү атап бергиле («Бул эмне?» деген суроого жооп берүүчү жалпы аталышты атап бергиле): а) ат атооч; б) тик бурчтук; в) капилляр г) үтүр; д) окуу китеби; е) джойстик; ж) тамсил; 2. Төмөнкү тизмеден өз ара «түрү болуп саналат» катыштары бар алты түгөй көптүктөрдү тапкыла: китеп, бензин, врач, сүт, куруучу, окуу китеби, суюктук, сөздүк, адам. Ар бир түгөйдө камтылган көптүктүн аталышын аныктагыла. Бул түгөй үчүн жок дегенде бир кошумча касиет атагыла. 3. Ар бир пунктта класстар боюнча топтоштурулган объекттер көрсөтүлгөн. Мисалы: стол, компьютер, пияз/уй, калемсап, мискей/айыл, желек, уч – түрү боюнча классификацияланган зат атоочтор. Классификациялардын негиздерин аныктагыла: а) карагай, сосна, кедр, пихта/кайың, осина, липа, терек; б) картошка, пияз, бадыраң, помидор/алма, апельсин, алмурут, мандарин; в) кара буудай, тынч, калп, сүлөөсүн/буудай, тынчтык, чындык, мышык; г) көйнөк, кемсел, көйнөк, сарафан/пальто, шуба, плащ, штормовка; д) карышкыр, аюу, түлкү, бугу/уй, ит, мышык, жылкы. 4. Классификация эмне үчүн керек? |
|
Жыйынтыктоо 3 минут | «Бир түрү болуп саналат» катышы кандайдыр бир көптүктүн камтылган көптүгү жана көптүктүн өзү болушу мүмкүн. Жалпы белгилерге ээ болгон объекттердин камтылган көптүктөрү класс деп аталат. Объекттердин көптүктөрүн класстарга бөлүү классификациялоо деп аталат. Бир классты экинчи класстан айырмалоочу белгилер классификациянын негизи деп аталат. Классификация олуттуу (табигый) белгилери боюнча же олуттуу эмес (жардамчы) белгилери боюнча жүргүзүлөт. Объекттин табигый классификациядагы ээлеген орду, анын касиеттери тууралуу сыпаттого мүмкүндүк берет. Жасалма классификация объекттерди кыйла тез издөө үчүн кызмат кылат. |
|
Баалоо 2 минут | Баалоодо “Жыйынтыктоочу баалоо” түрүн колдонуп баалоо |
|