Тема: Укук таануу предметинин түшүнүгү.
1. Укуктун тушунугу жана белгилери.
2. Укуктун туркуму.
3. Укуктун булактары.
Колдонулган адабияттар:
1. КР Конституциясы.
2. Исаеев И.А. «История государства и права». Уч.пособие. М., 2008 г.
3. Жолдошов Т.Т. «Мамлекеттин жана укуктун теориясы» Ош- 2013.
4. Михайленко Н.Т. «Правоведение КР» Б., 2001.
5. Жолдошов Т.Т. «Укук таануу» окуу китеби. Ош- 2013.
1. Укуктун тушунугу жана белгилери
Укук- коомдук турмуштун татаал көрүнүшү.Аны туура түшүнүүдөн юридикалык илим менен тажрыйбанын жалпы өнүгүшү,багыт алышы олуттуу мааниге ээ. Турмушта укукту көбүнчө мамлекеттин мыйзамдары менен алмаштырып жаткандыгын эске алсак, булл жагдайдын мааниси ого бетер өсөт.Бирок, жогорудагы көз караш туура эмес,себеби мыйзамдын астында зомбулук чүмбхттхлөп, анын жардамы мененукукка каршы келген көрүнүштөргө жол берилет. Көп убакыт бою юридикалык илимде укук- булл мыйзамга көтөрүлгөн башкаруучу таптын же бүткүл элдин эрки деген көз караш өкүм сүргөн. Азыркы учурда юридикалык илимде укуктун келип чыгышы тууралуу төмөнлөгү теориялар орун алган:
1) патриархалдык;
2) диний;
3) табигый укуктун теориясы;
4) психологиялык;
5) тарыхый мектеп;
6) нормативисттик теория;
7) позитивисттик теория;
8) Марксисттик-Лениндик теория;
9) элдештирүү теориясы;
10) зомбулук;
11) келишимдик теориясы.
УКУК:
а) мамлекет тарабынан кабыл алынат;
б) коомдук мамилелерди жөнгө салат;
в) бийликте турган саясий күчтөрдүн мамлекеттик эркин билдирет ;
г)мамлекет тарабынан корголот;
Укукка бир катар тышкы жана ички белгилер таандык. Тышкы белгилер төмөндөгүлөр менен мүнөздөлөт:
а) ченемдери менен;
б) жалпы маанидеги жана милдеттүү түрдөгү мүнөзгө ээ;
в) ачык-айкындыгы, аныктыгы менен;
г) мамлекеттик кепилдик менен;
д) ийкемдүүлүгү менен (динамизм);
е) жалпылыгы менен (неперсонификация);
ж) түркүмү менен (системалуулугу).
Укуктун ченемдүүлүгү - юридикалык ченемдерде камтылган жүрүш-туруштун жалпыэрежелеринин аракетинин коомдук мамилелердин катышуучуларынын чектелбеген чөйрөгө жайылтылышы.Укуктун жалпы маанидеги жана милдеттүү түрдөгү мунөзгө ээ болушу-укуктук ченемдердин аракетинин коомдук мамилелердин бардык субьекттерине жайылтылышы аларды сөзсүз сактоонун, аткаруунун милдеттүүлүгү, аларга каршы келген ар кандай актылардын жараксыздыгы. Укуктун ачык айкындыгы, аныктыгы – укуктун ченемдери тиешелүү жазма актыларда(мыйзам,токтом,жарлык ж.б.) так, анык берилген жана баяндалган.
Укуктун мамлекеттик кепилдиги – укуктук ченемдерди бузуучуларга мамлекеттик мажбурлоо чаралары колдонулат. Укуктун ийкемдүүлүгү-турмушта орун алган жагдайларга жараша укуктук ченемдердин мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алынышы. Укуктун жалпылыгы-укуктук ченемдердин аракети кандайдыр бир айкын адамдарга же топторгоэмес,коомдук мамилелердин баардык катышуучуларына карата жайылтылат.
Укуктун түркүмү-укук-бул иретке келтирилген, ички тараптан макулдашылган организм. Ички белгилер укуктун өзгөчөлүгүн көрсөтөт жана укуктук жөнгө салуунун манызын ачат. Өзгөчө ачык түрдө алар укуктун башаттарында (принциптеринде) орун алган. Укуктун башаты-так аткарууга тиешелүү болгон,негиз салуучу жобо жана андан четтөөгө же анны бузууга эч бир жагдайларда жол берилбеши керек.
Алардын негизгилери төмөндөгүлөр: 1)эркиндик башаты; 2) адилеттүүлук; 3) юридикалык тендик; 4) юридикалык укук жана милдеттердин биримдиги; 5) күнөө үчүн жоопкерчилик. Укуктун милдеттери(функциялары)-коомдук мамилелерге укуктун
таасиринин негизги багыттары.
Алар укуктун манызы жана коомдук милдети тарабынан аныкталат,алар экиге бөлүнөт:
1) жалпы милдеттер:саясий, экономикалык, коомдук, тарбиялык.
2) юридикалык милдеттер:жөнгө салу, коргоо, кыймылга келтирүү (динамикалык),калыптандыруу (статикалык).
Илимдин ар бир тармагынын өзу изилдеген предмети бар. Мамлекеттин жана укуктун теориясынын предмети – мамлекеттин жана укуктун пайда болушунун, өнүгүшүнүн жана кызмат кылышынын жалпы мыйзам теориясы-ченемдүүлуктөрү,юриспруденцияда колдонулган негизги түшүнүктөрдүн түркүмүн иштеп чыгуу.Мамлекеттин жана укуктун жоболорун колдонуу менен укуктун теориясы-юридикалык илимдин башка тармактары үчүн эбегейсиз мааниге ээ укуктун тармагы.Анын негизги жоболорун колдонуу менен укуктун тармактарын өздөштүрүү кыйла оной.
Эн маанилүү суроолордун бирин-мамлекет менен укук кандай пайда болду-кароону баштайлы.
Мамлекет-бийликтин башталыштарында курулган,өзүнүн ишмердигин укуктун негизиндн атайын мамлекеттин аппаратынын жардамы менен жүзөгө ашырган,аймактык тараптан уюшулган,элдин жалпы-укук жалпылыгы .
Берилген аныктамадан көрнүп тургандай,мамлекет төмөндөгү негизги касиеттерге ээ.
1.Эл. Мамлекет – бул адамдардын бирдиги . Ал жалпы турмушту укуктун негизинде жакшыртуу максатында бирдиктүү аймакта уюшулат.
2.Мамлекеттин айкын аймагы бар, орнотулган, башкача айтканда анын бийлиги ага тиешелүү, анын юрисдикциясындагы айкын аймака жайылтылат.
3.Эл тарабынан орнотулган, анын атынан аракеттенген бийлик бар. Коомдук (мамлекеттик) бийлик – мамлекеттин максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашырган адамдардын өзгөчө тобу.
4.Салыктык жана каржылык (финансылык) түркүмдөр ( системалар). Мамлекеттик бюджетти калыптандыруу үчүн салыктардын жана төлөмдөрдүн түркүмү орнотулат.
5. Эгемендүүлүк Мамлекеттин манны жана милдеттери. Ма млекеттин манызы, анын негизги милдети- коомдук ынтымакты камсыздоо, инсандын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн коомду башкаруу.
Мамлекеттин милдеттери (функциялары) – коомдук турмушта алдыга коюлган максаттарды аткаруу боюнча анын ишмердигинин негизги багыттары.
Мамлекеттин негизги милдеттери эки түргө бөлүнөт:
1) ички (өлкөнүн ичиндеги ишмердик) 2) тышкы ( эл аралык чөйродөгү ишмердик). Ишмердигинин түрлөрү боюнча мамлекеттин милдеттери төмөндөгүчө бөлүнөт:
1) мыйзам чыгаруучулук (милдеттерди мыйзам чыгаруу бийлигинин органдары жүзөгө ашырат);
2) башкаруучулук (милдеттерди аткаруу бийлигинин органдары жүзөгө ашырат)
3) соттук (милдеттерди сот бийлигинин органдары жүзөгө ашырат);
4) текшерүү жана көзөмөлдөө ( милдеттерди прокуратура жана башка текшерүү-көзөмөлдөө органдары жүзөгө ашырат)
Мамлекеттин ички милдеттери төмөндөгүчө бөлүнөт:
1) саясый – адамдардын жана жарандардын укуктарын эркиндиктерин таануу жана коргоо;
2) экономикалык- экономиканын демейдегидей ишмердигин жана өнүгүшүн камсыздоо;
3) социалдык- калктын аз камсыз болгон катмары үчүн турмуштун татыктуу денгээлин түзүү жана камсыздоо;
4) экологиялык – калктын турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын коргоо жана үномдүү пайдалануу;
5) маданий – калктын маданий жана руханий денгээлин жогорулатуу үчүнмаданиятты колдоо Мамлекеттин тышкы милдеттери – өлкөнү коргоо, мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо, башка мамлекеттер менен социалдык-экономикалык ,саясый, аскердик жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуу.
Мамлекеттин милдеттери жөнгө салуучулук (регулятивдик) жана коргоочулук (охранительные) болуп бөлүнөт. Алар укуктук жана уюштуруучулук түрлөрүндө жүзөгө ашырылат .
Укуктук түрлөр төмөндөгүчө бөлүнөт:
1) мамлекеттин мыйзам чыгаруучулук (укук чыгаруучулук) ишмердиги;
2) укукту колдонуу ишмердиги (укуктун ченемдерин жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү органдардын мамлекеттик – бийликтик ишмердиги);
3) укуктук текшерүүнү жана юридикалык жоопкерчиликти жүзөгө ашырууга багытталган укук коргоо ишмердиги.
Уюштуруучулук түрлөрүнө мамлекеттик бийликтин органдарын түзүү, аларды материалдык-техникалык, маалыматтык камсыздоо жана башкалар таандык.
Мамлекеттин милдеттерин жүзөгө ашыруунун усулдары.
Аларга төмөндөгүлөр кирет:
1) Укуктук-ченемдик жөнгө салуу;
2) ынандыруу;
3) мажбурлоо;
4) текшерүү жана көзөмөл.
Укуктук-ченемдик жөнгө салуу усулу – коомдук мамилелердин субөекттеринин айкын укук-милдеттерин мамлекеттин бекемдеши.
1.2. Укуктун түркүмү (системасы)
Юридикалык илимде эки түшүнүк бар-укуктук түркүм жана укуктун түркүмү.Бир караганда,экөө тең синоним болуп,коомдук турмуштун бир эле көрүнүшүн түшүндүрөт.Бирок бул мындай эмес. «Укуктук түркүм» деген түшүнүк «Укуктун түркүмүнө» караганда кеңири түшүнүк. Укуктук түркүм-укуктун түркүмүнүн,укуктун сезимдин жана укуктук тажрыйбанын (укукту жүзөөгө ашыруунун) көп түрү. Бул түшүнүк тигил же булл мамлекеттеги укукка байланышкандын баарын белгилөө үчүн колдонулат. Ал эми укуктун түркүмү болсо, укуктук түркүмдүн бөлүгү жана юридикалык ченемдердин, укуктун тармактары менен институттарынын көптүгү болуп саналат.
Ар бир өлкөнүн укуктук түркүмү төмөндөгүчө бөлүнөт:
1) коомдук (публичное) жана жеке укук;
2) «материалдык» жана процесстик укуктун ченемдери;
3) укуктун айрым тармактары жана институттары.
Укукту жалпы жана жеке деп бөлүү укуктун роман-германдык түркүмүнө гана мүнөздүү. Мындай бөлүү ченемдер жөнгө саклган мамилелер кандай кызыкчылыктарды-жекечеби же коомдук-карагандыгына жараша жүргүзүлөт. Жеке укук-жеке субьекттердин арасындагы мамилелерди жөнгө салат. Ал тараптардын өз алдынчалыгы жана теңдиги менен мүнөздөлүп, мамлекеттик эмес ишмердикти жөнгө салат, иреттейт. Коомдук укук-коомдун кызыкчылыктарын коргогон мамилелерди жөнгө салат. Мындай мамилелердин бир тарабы болуп, эреже катары, мамлекет эсептелет. Ал үчүн укуктук жөнгө салуунун императивдик усулу мүнөздүү. Укуктун мындай бөлүнүүсү материалдык өндүрүшкө жана коомдук өнүгүүгө байланышкан. Дал ушул жагдай өз алдынча жеке укукту пайда кылды жана коомдук укукка демократиялык касиеттерди берди.
Мамлекет жөнгө салбагандын бары жеке укукка таандык. Анда «тыюу салынбагандын баарына-уруксат» деген башат колдонулат. Ошол эле учурда, коомдук инсандын негизги укуктарын, эркиндиктерин бекемдеп, коргоп, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын өзүм билемдигине жана мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюшу зарыл. Укуктун түркүмүндө материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин айырмалашат. Материалдык укук-субьекттердин укук-милдеттерин орнотууга негизги басым жасаган укуктун тармактарынын көптүгү жана коомдук мамилелерди түздөн-түз жөнгө салган укуктун түркүмүнүн ченемдеринин көптүгү болуп саналат. Процесстик укук-материалдык укуктун ченемдерин жүзөөгө ашыруунун тартибин жөнгө салган укуктук түркүмдүн ченемдеринин көптүгү.
Укуктун ченемдери өз алдынча тайпаларга биригишет. Алардын эң ирилери укуктун тармактары деп аталат. Укуктун тармактары-коомдук мамилелердин айкын чөйрөсүн жөнгө салган укуктук ченемдердин көптүгү.
Укуктун түркүмүндө төмөндөгү негизги тармактарды бөлсө болот:
1. Конституциялык (мамлекеттик) укук-укуктун баардык тармактары үчүн эң маанилүү, негиз салуучу тармак.
2. Администрациялык укук-мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө калыптанган мамилелерди жөнгө салган коомдук укуктун бөлүгү.
3. Жарандык укук-менчиктик мамилелерди жана аларга байланышкан кээбир жеке менчиктик эмес мамилелерди жөнгө салган жеке укуктун тармагы.
4. Кылмыш- жаза укугу-кылмышты жасоого жана кылмыш-жаза чараларын колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салган коомдук укуктун бөлүгү.
5. Процесстик укук-коомдук укуктун бөлүгү. Ал жарандык жана жазык
процесстери болуп бөлүнөт.
Жарандык –процесстик укук-жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат.
Жазык процесс укугу-кылмыш-жаза иштерин козгоо, тергөө, кароо боюнча тергөө, сот органдарынын ишмердигине байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Укуктун тармактары баш ийген укуктук тармакка жана укуктук институттарга бөлүнөт. Баш ийген укуктук тармак-салыштырмалуу өз алдынча болгон бир тектүү коомдук мамилелерди жөнгө салган укуктук тармактын бөлүгү.
Мисалы: жарандык укукта –турак-жай, автордук укук ж.б. Институт-бул тармактын курамынын бөлүгү. Укуктук институт-укуктук тармактын обочолонгон бөлүгүн түзгөн укуктук ченемдердин көптүгү.
Бул ченемдер көз карандысыз, бирок укуктун бир тармагында пайда болгон өз алдынча суроолорду жөнгө салат. Мисалы: кылмыш-жаза укугунда-жашы жете электин институту, конституциялык укукта-жарандык институту ж.б.
Мыйзамдуулукту түркөмдөштүрүүнүн түшүнүгү жана түрлөрү. Мыйзамдуулуктун түркүмүн укутун түркүмүнөн ажырата билүү зарыл. Мыйзамдуулуктун түркүмү-мамлекетте аракеттенип жаткан бардык укуктук –ченемдик актылардын көптүгү.
Мыйзамдуулукту түркөмдөштүрүү-укуктук-ченемдик актыларды бирдиктүү макулдашылган тутумга келтирүү. Түркүмдөштүрүүнүн үч түрү бар:
1) инкорпорация;
2) кодификация;
3) комсолидация;
Инкорпорация-аныкталган тартипте, алардын ички мазмунун өзгөртпөй эле, ченемдерди бириктирүүнүн түрү. Анын башка милдети-колдонгонго ыңгайлуу болсун үчүн ченемдик актыларды айкын тартипте жайгаштыруу.
Кодификация–ченемдердин ички мазмунун өзгөртүп, аларды бирдиктүү, ички макулдашылган жол менен бириктирүүнүн түрү (ыкмасы). Анда ченемдик материал топтолуп, карама-каршылыктар четтетилет жана тиешелүү жаңы укуктук жоболор киргизилет.
Консолидация-бирдей, окшош суроо боюнча кабыл алынган мыйзамдарды жалпы, бирдиктүү укуктук ченемге бириктирүүнүн ыкмасы. Укуктун түрлөрү (булактары)
Укуктун булагы- укуктун тышкы түрү, мамлекеттик эркти өзүнчө «документтештирүүнүн» , калыптандыруунун ыкмаларынын көптүгү.
Бул – мамлекеттин же бүткүл элдин (референдум) укуктук-чыгармачылык ишмердиги. Анын натыйжасында укуктук ченемдер түзүлөт. Бул мааниде төмөндөгүлөр укуктун булактары деп таанылат:
1) ченемдик келишим
2) укуктук адат;
3) соттук үлгү (прецедент);
4) ченемдик укуктук актылар;
5) диний булактар;
6) укуктук доктрина.
Ченемдик келишим – тараптардын бири мамлекет болгон макулдашуу жана андан жүрүш-туруштун жалпыга милдеттүү эрежелери ( укуктун ченемдери ) келип чыгат.
Ал төмөндөгү негизги белгилерге ээ:
1) жалпы мүнөздөгү ченемдерди камтыйт;
2) тараптардын өз ара макулдугу менен ыктыярдуу түрдө түзүлөт;
3) көбүнчө акылуу мүнөзгө ээ;
4) анны аткарбагандык же тиешелүү түрдө аткарбагандык үчүн тараптардын өз ара жоопкерчилиги аныкталат. Мындай келишимдер өзгөчө эл аралык укукта көп учурайт.
Укуктук адат – узак мөөнөттө кайталоонун натыйжасында коомдо жөнөкөй адат катары бекемделген, мамлекет тарабынан уруксат берилген жүрүш-туруштун эрежеси. Ал биринчи кезекте жарандык укукта укуктун булагы катары таанылат, себеби анда ишмердикти жүргүзүүнүн адаттары орун алган.
Соттук үлгү (прецедент ) келечекте ушуга окшогон иштерди кароодо үлгү (жүрүш-туруштун эрежеси) бже оозэкиолуп калган соттук органдын жазуу түрүндөгү чечим. Ал ушундай иштерди кароодо сөзсүз түрдө колдонууга жатат. Мындай үлгү түзүүнүн себеби – тиешелүү мыйзамдын жоктугуна байланыштуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан баш тартышы мүмкүн эместиги жөнүндөгү башат.Мындай ченемдер айкын турмуштук жагдайларга мыйзамдын ченемдерине караганда көбүрөөк жакындаштырылган, ошондуктан өздөрү жөнгө салган коомдук мамилелерди толугураак чагылдырууга мүмкүнчүлүгү
бар. Укуктун булагы катары соттук үлгү жалпы (англосаксондук) укуктун түркүмдөрүндө үстөмдүк кылат. Бул Англия,АКШ,Канада,Австралия, Индия ж.б..
Ченемдик-укуктук акт – ыйгарым укуктуу орган тарабынан же бүткүл элдик добуш берүү (референдум) жолу менен кабыл алынган, укуктун ченемдери камтылган расмий жазма документ.
Ал көпчүлүк мамлекеттерде укуктун негизги булагы болуп саналат жана төмөндөгү негизги белгилер менен мүнөздөлөт:
1) мамлекет тарабынан чыгарылат;
2) айрым тартипти сактоо менен кабыл алынат;
3) убакытта жана мейкиндикте аракетинин так чектери бар (ченемдик актынын өзүндө башкача айтылбаса, жарыялангандан баштап күчүнө кирет жана ал жокко чыгарылып, жаны акт кабыл алынган учурдан баштап юридикалык күчүн жоготот).
4) алдын ала аныкталган юридикалык күчкө ээ. Бардык укуктук-ченемдик актылар мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы укуктук-ченемдик актыларга бөлүнүшөт.
Мыйзам-мыйзам чыгаруу органдары тарабынан же референдум аркылууөзгөчө тартипте кабыл алынган укуктук ченемдик акт. Ал эн жогорку юридикалык күчкө ээ жана манилүү коомдук мамилелерди жөнгө салат.
Мыйзамдар экиге бөлүнөт:
1)конституциялык;
2) жөнөкөй, адаттагы.
Конституциялык мыйзамдар – конституция жана ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдар, ошондой эле конституцияда түздон түз көрсөтүлгөн мыйзамдар. Жөнөкөй, адаттагы мыйзамдар – коомдук жана мамлекеттик турмуштун ар кандай тараптарын жөнгө салуу үчүн кабыл алынган мыйзамдар. Мыйзам алдындагы укуктук-ченемдик актылар – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кабыл алынган жана аларга карама-каршы келбеген, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын актылары.
Аларга төмөндөгүлөр кирет:
1) КРнын Жогорку Кенешинин токтомдору;
2) КРнын Президентинин жарлыктары жана тескемелери;
3) КРнын
Өкмөтүнүн токтомдору жана тескемелери;
4)министрликтердин жана ведомстволордун буйруктары, нускоолору,жоболору.
5) мамлекеттик бийлик жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын токтомдору, тескемелери жана буйруктары.
Аталгандан көрүп тургандай, мыйзамдар мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан кабыл алынат, укуктук- ченемдик актылар болсо-аткаруу бийлиги тарабынан.
Диний булактар – ыйык диний китептер (Талмуд,Библия, Куран) укуктун эн байыркы булактарынын бири болуп эсептелет. Аларда камтылган диний ченемдер кээ бир укуктук түркүмдөрдө милдеттүү күчкө ээ.
Укуктук доктрина – укуктук маселелер боюнча юридикалык илим менен тажрыйбанын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн илимий эмеректери.Алардын мыйзамдуулук боюнча түшүндүрмөлөрү укук колдонуу тажрыйбасында укуктук-ченемдик актылардын жоболорун чечмелөө үчүн колдонулат.
Текшерүүчү суроолор:
1.Укук менен мамлекеттин аныктамаларына мүнөздөмө бергиле.
2.Укуктун келип чыгышы боюнча теорияларды атагыла.
3.Укуктун башаттарын атагыла.
4.Укуктун кандай милдеттери бар.
5. Укуктун булактары кайсылар.
6.Укук түркүмүнүн бөлүнүшү.
7.Мыйзамдуулукту түшүндүрүп бергиле
8.Инкорпорация,кодификация,консолидация терминдерине аныктама бергиле.
ТЕМА: Мамлекеттин түшүнүгү жана белгилери
(2 саат)
План:
1. Мамлекет менен укуктун түшүнүгү жана белгилери.
2. Мамлекеттин келип чыгышынын теориялары.
3. Мамлекет менен укуктун өз ара катышы жана байланышы.
Адабияттар:
Негизги:
1. Михайленко Н.Т. Правоведение КР. Б., 1997.
2. Правоведение / Под ред. А.В.Малько. М., 2008.
3. Марченко М.И. Теория государства и права. М., 2004.
4. Общая теория права и государства / Под ред. В.В.Лазарева. М., 1994.
5. Тагайбаев Ж.Ж. Теория государства и права. Б., 1995.
6. Черниловский З. Всеобщая история государства и права. М., 1995.
Кошумча:
1. Лазарев В.В., Липень С.В. Теория государства и права. М., 1998.
2. Алексеев. Государство и право. М., 1994.
1. Мамлекет менен укуктун түшүнүгү жана белгилери.
Мамлекет – бул, белгилүү бир аймактын чегинде көбүнчө кандайдыр бир таптык, жалпы адамзаттык, диний, улуттук жана башка кызыкчылыктарды канааттандырууга аракеттенген саясий бийликтин уюшулушу.
Мамлекет – бул, коомдон бөлүнүп чыккан жана анын социалдык-экономикалык түзүлүшү, каада-салты, маданияты менен шартталган, эгемендүү жалпы бийликке ээ болгон саясий уюм.
Мамлекет аны мамлекетке чейинки жана мамлекетти эмес түзүлүштөрдөн айырмалап турган төмөнкүдөй белгилерге ээ:
1) Коомдон бөлүнүп турган жана өлкөнүн калкы менен дал келбеген жалпы бийликтин болушу (мамлекет башкаруу, мажбурлоо, сот адилеттиги аппаратына ээ болууга тийиш, атткени, жалпы бийлик – бул, мамлекеттик кызматкерлер, армия, полиция, соттор, ошондой түрмөлөр жана башка мекемелер);
2) Салыктар жана жыйымдар тутуму (ар кандай мамлекеттин бюджетин толуктап туруучу катары, алар белгилүү бир саясатты жүргүзүү, мамлекеттик аппаратты, материалдык баалуулуктарды чыгарбаган жана башкаруу ишмердиги менен гана алектенген адамдарды кармап туруу үчүн өтө зарыл);
3) Калктын аймактык бөлүнүшү (мамлекет өз аймагындагы адамдардын бардыгын, алардын канадйдыр бир урууга, топко, мекемеге таандык экендигине карабастан, өз бийлиги жана коргоосу менен бириктирип турат; алгачкы мамлекеттердин калыптанышында калктын аймактык бөлүнүшү, эмгектин коомдук бөлүнүшү менен башталып, аймактык-административдик бөлүнүүгө өткөн; ушуга байланыштуу жаңы коомдук институт пайда болгон – букаралык жана жарандык);
4) Укук (мамлекет укуксуз жашай албайт, анткени, укук мамлекеттик бийликти юридикалык формага келтирип, мыйзамдуу кылат жана мамлекеттин функцияларын ишке ашыруунун юридикалык чектерин жана формаларын аныктайт);
5) Укук чыгаруу монополиясы (жүрүм-турумдун юридикалык эрежелерине айландыруу менен, мыйзамдарды, мыйзам алдындагы актыларды чыгарат, юридикалык прецеденттерди түзөт, адаттарды санкциялайт);
6) Мыйзамдуу күч колдонуу, физикалык мажбурлоо монополиясы (жарандарды жогорку баалуулук катары эсептелген өмүр менен эркиндиктерден ажыратуу, мамлекеттин бийликтин өзгөчө күчүн аныктайт);
7) Өз аймагында жашаган калк менен туруктуу укуктук байланышта болот (жарандык);
8) Өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн белгилүү бир материалдык каражаттарга ээ;
9) Бүтүндөй коомдун атынан расмий жалгыз өкүл катары иш алып барат;
10) Эгемендүүлүк (мамлекеттин өз аймагында жогорку бийликтүүлүгү жана эл аралык мамилелерде көз карандысыздыгы);
11) Символдор – герб, желек, гимн (символ – бул, бир нерсени билдирип турган буюмдук, графикалык, үндүк белги), булар мамлекеттик бийликке ээ болгон адамдарды жана кандайдыр бир нерсенин мамлекетке таандык экендигин көрсөтүп турат.
2.Мамлекеттин келип чыгышынын негизги теориялары – теологогиялык, патриархалдык, келишимдик, органикалык, материалисттик, психологиялык, патримониалдык жана ирригациялык – мамлекеттүүлүктүн келип чыгышынын тигил же бул себебин негизги катары караган көз караштардын тутуму.
Мамлекеттин келип чыгышынын теологиялык теориясы орто кылымдарда Аквинскийдин эмгектеринде кеңири таралган; азыркы мезгилде бул теорияны ислам дининин өкүлдөрү, католик чиркөөсүнүн идеологдору (Маритен, Мерсье ж.б.) өркүндөтүүдө.
Бул доктринанын өкүлдөрүнүн ою боюнча, мамлекет – Кудайдын эркинин натыйжасы, ошол себептен мамлекеттик бийлик – түбөлүк жана бузулгус, негизинен диний уюмдардан жана кызматкерлерден көз каранды.
Патриархалдык теориянын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнө Аристотель, Филмера, Михайловский ж.б. кирет. Алар адамдар – үй-бүлөнүн түзүлүшүнө алып келген өз ара карым-катнашууга аракеттенген жамааттык жандар деген ойду бекемдешет. Адамдар үй-бүлөлөргө биригип, алардын саны көбөйүп, өнүгүп отуруп, акырында мамлекетке айланат.
Үй-бүлөдөгү атадай эле, мамлекетте да монарх букаралар тарабынан шайланбайт, дайындалбайт жана ордун алмашпайт, анткени, алар – монархтын балдары.
Мамлекеттин келип чыгышынын келишимдик теориясы өзүнүн логикалык жактан толук калыптанышы XVII-XVIII к.к. Гроцийдин, Руссонун, Радищевдин ж.б. эмгектерине туура келет.
Бул доктринанын өкүлдөрүнүн ою боюнча, мамлекет буга чейин “жапайы”, алгачкы абалда жашап келген адамдар өз ара түзгөн келишимдин, аң-сезимдүү чыгармачылыктын натыйжасында пайда болот. Мамлекет – адамдардын өз ара макулдашуусунун негизинде аң-сезимдүү биригиши, ошондуктан, алар өзүнүн эркиндигинин, бийлигинин бир бөлүгүн мамлекетке өткөрүп беришет.
Зомбулук теориясы толук түрдө XIX к. Дюрингдин, Гумпловичтин, Каутскийдин ж.б. эмгектеринде иштелип чыккан. Мамлекеттин келип чыгышынын себептерин алар экономикалык мамилелерден, Кудайдын эркинен же коомдук келишимден эмес, а аскердик-саясий факторлордон – бир уруунун экинчисин басып алып, кулга айландырып, зордук-зомбулук көрсөтүшүнөн көргөн. Басып алынган элдерди жана аймактарды башкаруу үчүн атайын аппарат керек болгон, мамлекет мына ошол аппараттын ролун аткарган.
Бул теориянын өкүлдөрүнүн ою боюнча, мамлекет – бир уруунун экинчисинин үстүнөн бийлик жүргүзүүсүнүн “табигый” (б.а. зомбулук) жол менен пайда болгон уюму. А бул зомбулук жана бийлик астындагылардын бийлик кылуучуларга баш ийүүсү экономикалык үстөмдүктүн негизин түзөт. Согуштардын натыйжасында уруулар касталарга, катмарларга жана таптарга өсүп чыккан. Басып алгандар жеңилгендерди кулга айландырышкан.
Мамлекеттин келип чыгышынын органикалык теориясы XIX к. ортосунда Спенсердин, Вормстун, Прейсиадрдын эмгектеринде кеңири тараган. Дал ушул мезгилде илим, анын ичинде гуманитардык да, Дарвиндин табигый тандоо идеясынын күчтүү таасирине кабылып турган.
Бул теорияга ылайык, мамлекет – бул, организм, анын бөлүктөрүнүн ортосундагы туруктуу байланыштар тирүү организмдин бөлүктөрүнүн ортосундагы туруктуу байланыштарга окшош., Биологиялык организмдин бир түрү катары мамлекеттин да мээси (башкаруучулары) жана анын чечимдерин аткаруучу күчтөрү (букаралары) бар.
Мамлекеттин келип чыгышынын материалисттик теориясынын өкүлдөрүнө Маркс, Энгельс, Ленин кирет. Алар мамлекеттин келип чыгышын баарынан мурда социалдык-экономикалык себептер менен түшүндүрөт.
Экономиканын өгүгүшү, аны менен мамлекеттүүлүктүн пайда болушу үчүн эң негизги мааниге эмгектин үчкө бөлүнүшү (жер иштетүүдөн кол өнөрчүлүк менен малчылык бөлүнүп чыккан, алмашуу менен гана алектенген адамдардын атайын тобу пайда болгон) ээ болгон. Эмгектин мындай бөлүнүшү жана анын натыйжасында эмгек куралдарынын жакшырышы эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткан. Ашыкча продуктулар чыгарылып, жеке менчиктин пайда болушуна алып келген, натыйжада, коом бай-кедей болуп бөлүнө баштаган.
Демек, мамлекет – бир таптын экинчисинин үстүнөн болгон үстөмдүгүн сактоо, ошондой эле коомдун бүтүн бир организм катарында жашоосун камсыздоо максатында пайда болгон.
Мамлекеттин келип чыгышынын психологиялык теорясынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн арасынан Петражицкийди, Тардды, Фрейдди ж.б. көрсөтүүгө болот. Алар мамлекеттин келип чыгышын адамдын психикасынын өзгөчө касиеттери – башкалардын үстүнөн бийлик кылуу муктаждыгы, баш ийүү, тууроо менен байланыштырат.
3.Мамлекет менен укуктун өз ара катышын кароодо аларды айырмалап турган белгилерди айкындоо маанилүү. Башкача айтканда, алардын бирдиктүүлүгүн жана айырмачылыгын аныктоо зарыл.
Мамлекет менен укуктун бирдиктүүлүгү – алар:
1) Чогуу пайда болот жана өнүгөт;
2) Маңызы жана типологиясы бир;
3) Башкаруу каражаты, бийлик инструменттери болуп саналышат;
4) Жеке, топтук жана коомдук кызыкчылыктарды айкалыштырат жана канааттандырат;
5) Бирдиктүү негизде түзүлөт, социалдык-экономикалык, руханий ж.б. факторлор менен аныкталат.
Мамлекет менен укуктун айырмачылыгы:
1) Эгер мамлекет саясий бийликтин өзгөчө уюму болсо, укук – социалдык регулятор;
2) Мамлекет күчтү билдирсе, укук – эркти билдирет;
3) Мамлекеттин негизги элементи – мамлекеттик орган, а укуктун негизги элементи – ченем;
4) Алар ошондой эле формасы, функциясы ж.б. боюнча дал келишпейт.
Мамлекет менен укуктун өз ара аракеттениши:
—бир жагынан, мамлекет укукка аны түзүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу (укук чыгаруучулук) менен таасир этет, ошондой эле аны ишке ашырат жана коргойт (укук колдонуу);
—экинчи жагынан, укук мамлекетке анын органдарынын компетенциясын аныктоо менен, мамлекеттик аппараттын ишмердигин тартипке салуу аркылуу таасир этет.
Мамлекет менен укуктун өз ара мамилесинин эки негизги тиби бар:
· чечүүчү фактор катары мамлекет укуктун үстүнөн турат (антидемократиялык өлкөлөр үчүн мүнөздүү);
· мамлекеттин чектөөчүсү катары укук мамлекеттин үстүнөн турат (укуктук мамлекеттерге мүнөздүү).
“Укук таануу” предмети бардык адистиктеги студенттер үчүн бир гана таанып-билүүчүлүк эмес, практикалык дагы мааниге ээ.
ЖОЖдун бүтүрүүчүсүнүн кийинки кесиптик ишмердиги үчүн бул дисциплинанын мааниси укуктун коомдогу, адамдын ишмердигинин өндүрүштүк жана башка чөйрөлөрүн-дөгү ролу менен аныкталат. Бул жагдайлар бир гана гуманитардык жана социалдык-экономикалык эмес, жалпы кесиптик илимдердин да блогун окуп-үйрөнүүдөгү “Укук таануу” предметинин өзгөчө ролун жана маанисин айкындап турат.
КРда демократиялык укуктук мамлекетти куруу шарттарында ар бир жаран атуулдук жактан жетилген, коомдук жогорку активдүүлүккө ээ, мыйзамды, укуктук мамлекеттин социалдык баалуулуктарын терең урматтаган, кесиптик жогорку адеп-ахлактуу, укуктук жана психологиялык жактан маданияттуу, укуктук аң-сезимди катыган жогорку аң-сезимдүү болууга тийиш.
Курстун максаты – студенттердин укук жаатында билим алышы, ага карата позитивдүү мамилесинин калыптанышы, укукту адамзат цивилизациясы тарабынан иштелип чыккан жана гумандуулук, жакшылык жана адилеттүүлүк идеясына бай социалдык бир реалдуулук катары кароосу.
Курстун милдеттери – мыйзамдардын сакталышын камсыздоо, ар кандай юридикалык аракеттерди мыйзамга ылайык жасоо; мыйзамдарды жана алардын иш жүзүндө колдонулушун анализдөө, атайын адабияттарга таянуу, мыйзамды жана башка ченемдик-укуктук актыларын түшүнүү жөндөмүн өстүрүү.
Түздөн-түз колдонулуу менен, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери укуктун колдонулушун, маани-маңызын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин аныктайт жана сот адилеттиги тарабынан камсыздалат. Мамлекет адамдын саясий, экономикалык, социалдык жана башка мүмкүнчүлүктөрүнүн ишке ашышына, анын татыктуу жашоосу жана эркин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Текшерүү үчүн суроолор:
1. Укук таануу курсунун негизги милдеттери.
2. Мамлекет деген эмне?
3. Укук деген эмне?
4. Келишимдик теорияга ылайык мамлекет кантип пайда болгон?
5. Мамлекеттин негизги белгилери кайсылар?
6. Мамлекет менен укуктун өз ара катышы кандай?
7. Материалисттик теорияга ылайык мамлекеттин келип чыгышында негизги факторлор кайсылар?
8. Укуктун келип чыгышынын өзгөчөлүгү эмнеде?
Тема: Мамлекеттин типтери жана формалары.
План:
1. Мамлекеттин формациялык жана цивилизациялык типтери;
2. Мамлекеттин формасы: түшүнүгү жана элементтери;
3. Мамлекеттик башкаруу формасы;
4. Мамлекеттин тиби менен формасынын өз ара катышы;
5. Мамлекеттик түзүлүш формасы;
6. Саясий режим: түшүнүгү, белгилери, түрлөрү.
1. Мамлекеттин формациялык жана цивилизациялык типтери
Мамлекет негизинен, формациялык жана цивилизациялык типтери бонча классификацияланат.
1. Формациялык типтеги мамлекеттин башкы критерийи болуп социалдык-экономикалык белгилер эсептелет, анын негизинде өндүрүштүкмамилелердин жана ага тура келүүчү надстройканын типтерин камтыган коомдук-экономикалык формациялар жөнүндөгү окуу жатат.
Формациялык мамиленин өкүлдөрүнүн ою боюнча дал ушул базис коомдук өнүгүүнүн башкы фактору болуп саналат, мамлекеттин жана укуктун келип чыгышынын негизин түзөт. Экономикалык базистин тибине карата мамлекет төмөнкү типтерге бөлүнөт: кул ээлөөчүлүк, феодалдык, буржуазиялык, социалисттик.
2. Кул ээлөөчүлүк мамлекет кул ээлөөчүлөрдүн эркин жарандардын менчиги катары эсептелген кулдардын үстүнөн болгон бийлигин кармап туруучу каражат болгон. Кул эч кандай укуктарга ээ болгон эмес, иш жүзүндө“сүйлөөчү курал”катары колдонулган.
3. Феодалдык мамлекетте феодалдардын – ири жер ээлеринин дыйкандардын үстүнөн диктатурасы орногон, дыйкандар акысыз иштеп беришкен, алар ак сөөктөргө (феодалдарга) жарым-жартылай кул абалында болушкан.
4. Буржуазиялык мамлекет буржуазиялык мамлекет буржуазиянын үстөмдүгүн билдирет, анда түркүмдүк теңсиздик социалдык теңсиздикке айланат. Жумушчу юридикалык жактан эркин болгон, бирок, өндүрүш каражаты жок болгондуктан, өзүнүн жумушчу күчүн капиталистке сатууга аргасыз бойдон калган. Бул мамлекет өнүгүүнүн түрдүү стадияларын басып өтөт, капиталисттик, монополиялык, индустриялык, постиндустриялык мамлекет.
5. Формациялык мамиленин өкүлдөрүнүн ою боюнча, өндүрүш каражаттары жалпы коомдун менчигинде болгон негизде түзүлгөн жана социалдык кең базага ээ болгон социалисттик мамлекет эң жогорку типтеги мамлекет болуп эсептелет жана ал бара-бара жоюлуп, бүтүндөй бир коомго айланат.
6. Мамлекеттин цивилизациялык тибинин негизинде дал ушул руханий-маданий, диний, улуттук, психологиялык ж.б. белгилер жатат. Анын өкүлдөрү: XX к. англис тарыхчысыА.Тойнби, АКШда жашаган орус социологу П.Сорокин, XX к. немец ойчулдары О.Шпенглержана М.Веберж.б. А.Тойнби цивилизацияны коомдун диний, этникалык, географиялык жана башка белгилердин жалпылыгы менен өзгөчөлөнгөн туюк жана локалдык абалы катары түшүндүрөт. Мунун негизинде төмөнкүдөй цивилизацияларды бөлүп көрсөтөт: Египет, Кытай, батыш, православиялык, араб, мексикалык, иран ж.б.
7. Цивилизациялык мамиле руханий факторлордун артыкчылыгына, өлкөнүн кандайдыр бир жактан бирдиктүүлүгүнө жана туруктуулугуна негизденет.
8. А.Тойнби бири-бирин алмаштыруучу туюк цивилизациялардын айлануу теориясын негиздеген. Бул теория боюнча өнүгүү процесси дүйнөлүк деңгээлде эмес, өзүнчө бир цивилизациянын ичинде жүрөт.
9. Цивилизациялар дарактын бири-бирине жакын жайгашкан бутактары сыяктуу, дарактын бутактары ар түрдүү болгон сыяктуу эле, цивилизацияларда ар түрдүү.
Алардын айлануусунун кыймылдаткыч күчү болуп чыгармачыл элита эсептелет, себеби, алар өздөрүнүн артынан көпчүлүктү кошо алып жүрөт, башкача айтканда, адамдардын жаңы нерселерди ойлоп чыгаруусу цивилизациянын өзгөрүшүнө алып келет.
Цивилизациялык типологиянын артыкчылыктары: тарыхый белгилүү бир шарттарда өтө маанилүү болгон руханий факторлор аныкталган; тигил же бул цивилизациянын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн руханий критерийлердин көлөмүн чоңойтуу менен, мамлекеттердин бир кыйла географиялык даректүү типологиясы жүргүзүлгөн, географиялык ар кайсы аймактагы цивилизациялардын өзгөчөлүктөрү берилген.
Кемчиликтери: өлкөнүн саясатын аныктаган социалдык-экономикалык факторлор анча эске алынбай калган;цивилизациянын белгиси катарында бир катар руханий факторлорду бөлүп көрсөтүү менен, авторлор типологияны мамлекеттердин эмес, а коомдун мүнөзүнө
карата беришкен.
Мамлекет–коомдун саясий бир бөлүгү гана, ал коомдун параметрлерине дал келбеген, өзүнүн жеке табиятына ээ жана өзүнчө белгилер менен мүнөздөлөт.
2. Мамлекеттин формасы: түшүнүгү жана элементтери.
Мамлекеттин формасы – бул, саясий бийликтин уюшулуу ыкмасы, ал өзүнөбашкаруу формасын, мамлекеттик түзүлүш формасын жана саясий режимди камтыйт.
Мамлекеттин формасында анын түзүлүшү чагылдырылат, ага социалдык-экономикалык факторлор, ошондой эле табигый-климаттык шарттар , улуттук-тарыхый жана диний өзгөчөлүктөр, коомдун өнүгүүсүнүн маданий деңгээли ж.б. таасирин тийгизет.
Мисалы, Англияда буржуазия менен феодалдардын ортосундагы компромисттин натыйжасында чектелген монархия келип чыккан. Россияда болсо калктын көп улуттуу курамынан жана территориясынын өтө чоңдугунан улам мамлекеттин федерациялык түзүлүшү мүнөздүү. Мамлекеттин формасы төмөнкүдөй элементтерден турат:
1) башкаруу формасы;
2) мамлекеттик түзүлүш формасы;
3) саясий (мамлекеттик) режим.
Мамлекеттик башкаруу формасы.
Мамлекеттик башкаруу формасы – бул мамлекеттин формасынын бир элементи, ал мамлекеттик жогорку бийликтин уюшулушун, анын органдарынын түзүлүү тартибин, алардын эл менен өз ара байланышын мүнөздөйт. Мамлекеттик жогорку бийликке мамлекет башчысы (монарх же президент), мыйзам чыгаруу органы, өкмөт кирет.
Мамлекет башчысынын абалына карата башкаруу формасы монархия жана республика болуп бөлүнөт.
Монархия (гр. monarchia – жеке бийлик) – башкаруунун бир формасы, анда бийлик толугу менен же анын кандайдыр бир бөлүгү мамлекет
башчысынын (монархтын): королдун, падышанын, шахтын, императордун ж.б. колуна топтолот.
Монархиянын белгилери:
1) бийлик мурас боюнча өткөрүлүп берилет;
2) бийликтин мөөнөтү чектелбейт;
3) элдин эркинен көз карандысыз.
Республика (лат.respublica – мамлекеттик, коомдук иш) башкаруунун бир формасы, анда мамлекет башчысы шайланып жана алмашып турат, анын бийлигин шайлоочулар же өкүлчүлүктүү орган аныктайт.
Республиканын белгилери:
1. бийликтин шайлануучулугу;
2. бийлик ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн чектелгендиги;
3. бийликтин шайлоочулардан көз карандылыгы.
Өкмөт ким тарабынан түзүлө тургандыгына, кимдин алдында жоопкерчиликтүү жана көзөмөлү астында экендигине карата республика президенттик, парламенттик жана аралаш болуп бөлүнөт. Президенттик республикаларда (АКШ, Бразилия, Аргентина, Венесуэла, Боливия, Сирия ж.б.) бул ролду президент, парламенттик республикаларда (Германия, Италия, Индия, Турция, Израильж.б.) –парламент, аралаш формасында (Франция, Болгария, Австрия ж.б.) президент жана парламент чогуу аткарат.
4. Мамлекеттин тиби менен формасынын өзара катышы.
10. Башкаруунун анык бир формасы ага туура келүүчү мамлекеттин тиби менен аныкталат. Ал, мындан сырткары:
11. Ø коомдун экономикалык деңгээлинен;
12. Ø таптык күчтөрдүнөзарамамилесинен;
13. Ø тарыхый-улуттук жана маданий каада-салттардан;
14. Ø эл аралык кырдаалдардын ж.б. факторлордон көз каранды.
15. Мамлекеттин формасынын ар түрдүү болушун шарттаган факторлор да артүрдүү болушу мүмкүн. Жалпысынан, алар тигил же бул өлкөдө коомду башкаруу ишке ашкан обьективдүү шарттардын аныктыгына, жекелигине биригет.
Ар бир мамлекет өзүнө гана тиешелүү анык бир шарттарда өнүккөндүктөн, ал өзүнчө бир саясий формага ээ.
16. Демек, мамлекеттин тиби жана формасы мазмун жана форма сыпатында катнашат, мында, албетте, мазмун б.а. мамлекеттин тиби эң маанилүү роль ойнойт, себеби, жогоруда айтылгандай, мамлекеттин формасы мамлекеттин тибинен келип чыгат.
17. 5. Мамлекеттик түзүлүш формасы.
18. Мамлекеттик түзүлүш формасы –бул, мамлекеттин формасынын бир элементи, ал мамлекеттин ички түзүмүн,
Жалпы мамлекеттин органдары менен анын курамдык бөлүктөрүнүн органдарынын ортосундагы өз ара байланышты шарттаган саясий жана аймактык бөлүнүү ыкмасын билдирет.
19. Жергиликтүү салыктарды жыйноого мамлекеттин санкциясы менен гана жол берилет.
Аймактык бөлүктөр өз эрки боюнча салыктарды бекитүүгө жана жыйноого укугу жок. Унитардык мамлекет борборлоштурулган (Норвегия, Румыния, Швеция, Данияж.б.) жана борбордон алыстатылган (Испания, Францияж.б.) түрдө болушу мүмкүн.
Бийлиги борбордон ажыратылган унитардык мамлекетте ири региондор кеңири автономияга ээ, алар борбордук бийлик тарабынан өздөрүнүн кароосуна берилген маселелерди өз алдынча чече алышат.
20. Федерация – татаал, союздук мамлекет, анын бөлүктөрү өзүнчө бир мамлекеттик түзүлүш болуп эсептелет жана кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик суверенитетке жана мамлекеттүүлүктүн башка белгилерине да ээ, алар федерациянын субөектилеринин өздөрүнүн да жогорку органдары жана мыйзамдары болот. Федерация аймактык жана улуттук-аймактык принцип боюнча түзүлүшү мүмкүн.
21. Конфедерация – бул, саясий, аскердик, экономикалык жана башка максаттарга жетүү үчүн бириккен мамлекеттердин убактылуу бирлиги. Ал суверенитетке ээ эмес, анткени, анда субөектилерди бириктирип турган жалпы мамлекеттик аппарат жана бирдиктүү мыйзам чыгаруу тутуму болбойт. Конфедерациянын чегинде союздук органдар түзүлүшү мүмкүн, бирок, алар ошол мамлекеттер чечүү үчүн бириккен маселелерди гана карашат жана координациялык касиетке гана ээ.
22. Саясий режим: түшүнүгү, белгилери, түрлөрү.
23. Саясий (мамлекеттик) режим – бул, саясий бийликти ишке ашыруу жолдорунун, методдорунун жана каражаттарынын тутуму.
Белгилүү бир типтеги мамлекеттин маңызынын өзгөрүшү анын режиминен көрүнөт, а режимдин өзгөрүшү башкаруу формасына жана мамлекетик түзүлүштүн формасына таасир тийгизет.
24. Айрым көз караштар боюнча “саясий режим” жана“ мамлекеттик режим” түшүнүктөрүн бирдей каралат.
25. Кээ бир авторлордун ою боюнча, “саясий режим” түшүнүгү“ мамлекеттик режим” түшүнүгүнө караганда кеңири мааниге ээ, себеби, ал саясий бийликтин мамлекет тарабынан гана эмес, андан сырткары саясий партиялар жана кыймылдар, коомдук бирикмелер, уюмдар ж.б. тарабынан да ишке ашырылышынын жолдорун жана ыкмаларын камтыйт.
26. Саясий режим – бул, саясий системанын динамикалык жана аракеттенүүчүлүк мүнөздөмөсү. “Саясий режим” жана “саясий система” түшүнүктөрү бири-бири менен тыгыз байланышта. Эгерде саясий система–коомдун саясий турмушунда жана саясий бийликти ишке ашырууда катышкан институттардын жалпы биримдигин билдирсе, кийинкиси – бул бийликтин кантип ишке ашарын, ал институттар кандай жолдор менен аракеттенерин: демократиялуу же демократиялуу эмес экендигин аныктайт. Бийликтин негизги тутумдарын таанып билүүдө саясий режим түшүнүгү маанилүү роль ойнойт. Коомдун саясий түзүлүшүнүн уюшулуу принциптери да дал ушул саясий режимге карап аныкталат. Тигил же бул мамлекеттин анык бир өнүгүү этабында саясий режим анын белгилүү бир саясий чөйрөсүн түзөт.
27. Мамлекеттик бийлик жүргүзүүнүн методдору жана каражаттары боюнча режимдер карама-каршылыктуу эки чоң топко бөлүнүшөт:
28. демократиялык жана анти демократиялык.
29. Демократиялык режим. “Демократия” түшүнүгү “элдин бийлиги” дегенди билдирет, бирок саясий бийликти бүткүл эл жалпысынан ишке ашырган учур боло элек, бул, болгону, баары умтулуп келген идеал гана.
30. Демократиялык режимдин негизги белгилери төмөнкүдөй:
31. • адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери ар дайым күчүндө болот жана реалдуу кепилдикке алынат;
32. • чечимдер азчылыктардын кызыкчылыктарын эске алуу менен көпчүлүк тарабынан кабыл алынат;
33. • укуктук мамлекет менен жарандык коомдун калыптанышына шарттар түзүлөт;
34. • мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары шайланып жана алмашып турат, алар шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү болушат;
35. • күч структуралары коомдун демократиялык көзөмөлү астында турушат;
36. • ынандыруу, компримисс методдору басымдуулук кылат;
37. • саясий плюрализм, ошондой эле көппартиялуулук, саясий партиялардын атаандаштыгы, мыйзамдын негизинде саясий оппозициялар болот;
38. • бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүнүү принциби реалдуу ишке ашат.
39. Демократия эки формада ишке ашат: тике (түздөн-түз) жана өкүлчүлүктүү.
40. Түздөн-түз демократияда эл бийликти эч кандай саясий ортомчусуз өзү ишке ашырат, аталышыда ушуга байланыштуу – түздөн-түз б.а. жалпы шайлоо укугунун негизинде шайлоолор, референдумдар, жарандардын чогулуштары жана жыйналыштары, петициялар, митингдер жана демонстрациялар, жалпы талкуулоолор сыяктуу институттар менен элдин түздөн-түз бийлик жүргүзүүсү.
41. Шайлоолор, референдумдар – түздөн-түз демократиянын өзүнчө түрлөрү, алар тиешелүү нормативдик актылар тарабынан аканыкталат жана императивдик мүнөзгө ээ жана мамлекеттик түзүмдөрдүн санкциясына муктаж эмес, башкалары болсо консультациялык мүнөзгө ээ.
42. Өкүлчүлүктүү демократия бийликтин элдин өкүлдөрү–депутаттар, аткаруу жана сот бийлигинин шайлануучу органдары тарабынан жүргүзүлүшүнө жол берет, өкүлдөр калктын ар түрдүү катмарларынын, социалдык топтордун, саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердин кызыкчылыктарын, эркин чагылдырат.
Тема: Мамлекеттин типтери жана формалары.
1. Мамлекеттин формациялык жана цивилизациялык типтери;
2. Мамлекеттин формасы: түшүнүгүжанаэлементтери;
3. Мамлекеттик башкаруу формасы;
4. Мамлекеттин тиби менен формасынын өзаракатышы;
5. Мамлекеттик түзүлүшформасы;
6. Саясий режим: түшүнүгү, белгилери, түрлөрү.
1. Мамлекеттин формациялык жана цивилизациялык типтери
Мамлекет негизинен, формациялык жана цивилизациялык типтери бонча классификацияланат.
Формациялык типтеги мамлекеттин башкы критерийи болуп социалдык-экономикалык белгилер эсептелет, анын негизинде өндүрүштүк мамилелердин жана ага туура келүүчү надстройканын типтерин камтыган коомдук-экономикалык формациялар жөнүндөгү окуу жатат. Формациялык мамиленин өкүлдөрүнүн ою боюнча дал ушул базис коомдук өнүгүүнүн башкы фактору болуп саналат, мамлекеттинжанаукуктункелипчыгышыныннегизинтүзөт. Экономикалыкбазистин тибине карата мамлекет төмөнкүтиптергебөлүнөт: кулээлөөчүлүк, феодалдык, буржуазиялык, социалисттик.
Кул ээлөөчүлүк мамлекет кул ээлөөчүлөрдүн эркин жарандардын менчиги катары эсептелген кулдардын үстүнөн болгон бийлигин кармап туруучу каражат болгон. Кул эч кандай укуктарга ээ болгон эмес, иш жүзүндө “сүйлөөчү курал” катары колдонулган.
Феодалдык мамлекетте феодалдардын – ири жер ээлеринин дыйкандардын үстүнөн диктатурасы орногон, дыйкандар акысыз иштеп беришкен, алар ак сөөктөргө (феодалдарга) жарым-жартылай кул абалында болушкан.
Буржуазиялык мамлекет буржуазиялык мамлекет буржуазиянын үстөмдүгүнбилдирет, анда түркүмдүк теңсиздик социалдык теңсиздикке айланат. Жумушчу юридикалык жактан эркин болгон, бирок, өндүрүш каражаты жок болгондуктан, өзүнүн жумушчу күчүн капиталистке сатууга аргасыз бойдон калган. Бул мамлекет өнүгүүнүн түрдүү стадияларын басып өтөт, капиталисттик, монополиялык, индустриялык, постиндустриялык мамлекет. Формациялык мамиленин өкүлдөрүнүн ою боюнча, өндүрүш каражаттары жалпы коомдун менчигинде болгон негизде түзүлгөн жана социалдык кең базага ээ болгон социалисттик мамлекет эң жогорку типтеги мамлекет болуп эсептелет жана ал бара-бара жоюлуп, бүтүндөй бир коомго айланат.
Мамлекеттин цивилизациялык тибинин негизинде дал ушул руханий-маданий, диний, улуттук, психологиялык ж.б. белгилер жатат.
Анын өкүлдөрү: XX к. англис тарыхчысы А.Тойнби, АКШда жашаган орус социологу П.Сорокин, XX к. немец ойчулдары О.Шпенглер жана М.Вебер ж.б. А.Тойнби цивилизацияны коомдун диний, этникалык, географиялык жана башка белгилердин жалпылыгы менен өзгөчөлөнгөн туюк жана локалдык абалы катары түшүндүрөт. Мунун негизинде төмөнкүдөй цивилизацияларды бөлүп көрсөтөт: Египет, Кытай, батыш, православиялык, араб, мексикалык, иранж.б.
Цивилизациялык мамиле руханий факторлордун артыкчылыгына, өлкөнүн кандайдыр бир жактан бирдиктүүлүгүнө жана туруктуулугуна негизденет.
А.Тойнби бири-бирин алмаштыруучу туюк цивилизациялардын айлануу теориясын негиздеген. Бул теория боюнча өнүгүү процессидүйнөлүк деңгээлде эмес, өзүнчө бирцивилизациянын ичинде жүрөт.
Цивилизациялар дарактын бири-бирине жакын жайгашкан бутактары сыяктуу, дарактын бутактары ар түрдүү болгон сыяктуу эле, цивилизацияларда ар түрдүү. Алардын айлануусунун кыймылдаткыч күчү болуп чыгармачыл элита эсептелет, себеби, алар өздөрүнүн артынан көпчүлүктү кошо алып жүрөт, башкача айтканда, адамдардын жаңы нерселерди ойлоп чыгаруусу цивилизациянын өзгөрүшүнө алып келет.
Цивилизациялык типологиянын артыкчылыктары:
1. тарыхый белгилүүбир шарттардаөтө маанилүү болгон руханий факторлор аныкталган;
2. тигил же бул цивилизациянын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн руханий критерийлердин көлөмүн чоңойтуу менен, мамлекеттердин бир кыйла географиялык даректүү типологиясы жүргүзүлгөн, географиялык ар кайсы аймактагы цивилизациялардын өзгөчөлүктөрү берилген.
Кемчиликтери:
1. өлкөнүн саясатын аныктаган социалдык-экономикалык факторлор анча эске алынбай калган;
2. цивилизациянын белгиси катарында бир катар руханий факторлорду бөлүп көрсөтүү менен, авторлор типологияны мамлекеттердин эмес, а коомдун мүнөзүнө карата беришкен.
Мамлекет–коомдун саясий бир бөлүгү гана,
Ал коомдун параметрлерине дал келбеген, өзүнүн жеке табиятына ээ жана өзүнчө белгилер менен мүнөздөлөт.
2. Мамлекеттин формасы: түшүнүгү жана элементтери.
Мамлекеттин формасы – бул, саясий бийликтин уюшулуу ыкмасы, ал өзүнө башкаруу формасын, мамлекеттик түзүлүш формасын жана саясий режимди камтыйт.
1. Мамлекеттин формасында анын түзүлүшү чагылдырылат, ага социалдык-экономикалык факторлор, ошондой эле табигый-климаттык шарттар , улуттук-тарыхый жана диний өзгөчөлүктөр, коомдун өнүгүүсүнүн маданий деңгээли ж.б. таасирин тийгизет. Мисалы, Англияда буржуазия менен феодалдардын ортосундагы компромисттин натыйжасында чектелген монархия келип чыккан. Россияда болсо калктын көп улуттуу курамынан жана территориясынын өтө чоңдугунан улам мамлекеттин федерациялык түзүлүшү мүнөздүү.
Мамлекеттин формасы төмөнкүдөй элементтерден турат:
1) башкаруу формасы;
2) мамлекеттик түзүлүшформасы;
3) саясий (мамлекеттик) режим.
3. Мамлекеттик башкаруу формасы.
Мамлекеттик башкаруу формасы – бул мамлекеттин формасынын бир элементи, ал мамлекеттик жогорку бийликтин уюшулушун, анын органдарынын түзүлүү тартибин, алардын эл менен өз ара байланышын мүнөздөйт.
Мамлекеттик жогорку бийликке мамлекет башчысы (монарх же президент), мыйзам чыгаруу органы, өкмөткирет.
Мамлекет башчысынына балына карата башкаруу формасы монархия жана республика болуп бөлүнөт.
Монархия (гр. monarchia – жеке бийлик) – башкаруунун бир формасы, анда бийлик толугу менен же анын кандайдыр бир бөлүгү мамлекет башчысынын (монархтын): королдун, падышанын, шахтын, императордун ж.б. колуна топтолот.
Монархиянын белгилери:
1) бийлик мурас боюнча өткөрүлүпберилет;
2) бийликтин мөөнөтүчектелбейт;
3) элдин эркинен көз карандысыз.
3. Республика (лат.respublica – мамлекеттик, коомдук иш) башкаруунун бир формасы, анда мамлекет башчысы шайланып жана алмашып турат, анын бийлигин шайлоочулар же өкүлчүлүктүү орган аныктайт.
Республиканын белгилери:
1. бийликтин шайлануучулугу;
2. бийлик ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүнчектелгендиги;
3. бийликтин шайлоочулардан көзкарандылыгы.
Өкмөт ким тарабынан түзүлө тургандыгына, кимдин алдында жоопкерчиликтүү жана көзөмөлү астында экендигине карата республика президенттик, парламенттик жана аралаш болуп бөлүнөт. Президенттик республикаларда (АКШ, Бразилия, Аргентина, Венесуэла, Боливия, Сирияж.б.) бул ролду президент, парламенттик республикаларда (Германия, Италия, Индия, Турция, Израильж.б.) –парламент, аралаш формасында (Франция, Болгария, Австрия ж.б.) президент жана парламент чогуу аткарат.
4. Мамлекеттин тиби менен формасынын өз ара катышы.
Башкаруунун анык бир формасы ага туура келүүчү мамлекеттин тиби менен аныкталат. Ал, мындан сырткары:
- коомдун экономикалык деңгээлинен;
- таптык күчтөрдүнөзарамамилесинен;
- тарыхый-улуттук жана маданий каада-салттардан;
- эл аралык кырдаалдардын ж.б. факторлордон көзкаранды.
- Мамлекеттин формасынын ар түрдүү болушун шарттаган факторлор да ар түрдүү болушу мүмкүн. Жалпысынан, алар тигил же бул өлкөдө коомду башкаруу ишке ашкан обөективдүү шарттардын аныктыгына, жекелигине биригет. Ар бир мамлекет өзүнө гана тиешелүү анык бир шарттарда өнүккөндүктөн, ал өзүнчө бир саясий формага ээ.
Демек, мамлекеттин тиби жана формасы мазмун жана форма сыпатында катнашат, мында, албетте, мазмун б.а. мамлекеттин тиби эң маанилүү роль ойнойт, себеби, жогоруда айтылгандай, мамлекеттин формасы мамлекеттин тибинен келип чыгат.
5. Мамлекеттик түзүлүш формасы.
Мамлекеттик түзүлүш формасы – бул, мамлекеттин формасынын бир элементи, ал мамлекеттин ички түзүмүн, жалпы мамлекеттин органдары менен анын курамдык бөлүктөрүнүн органдарынын ортосундагы өз ара байланышты шарттаган саясий жана аймактык бөлүнүү ыкмасын билдирет.
Жергиликтүү салыктарды жыйноого мамлекеттин санкциясы менен гана жол берилет. Аймактык бөлүктөр өз эрки боюнча салыктарды бекитүүгө жана жыйноого укугу жок. Унитардык мамлекет борборлоштурулган (Норвегия, Румыния, Швеция, Данияж.б.) жана борбордон алыстатылган (Испания, Францияж.б.)
Түрдө болушу мүмкүн. Бийлиги борбордон ажыратылган унитардык мамлекетте ири региондор кеңири автономияга ээ, алар борбордук бийлик тарабынан өздөрүнүн кароосуна берилген маселелерди өз алдынча чече алышат.
Федерация – татаал, союздук мамлекет, анын бөлүктөрү өзүнчө бир мамлекеттик түзүлүш болуп эсептелет жана кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик суверенитетке жана мамлекеттүүлүктүн башка белгилерине да ээ, алар федерациянын субөектилеринин өздөрүнүн да жогорку органдары жана мыйзамдары болот. Федерация аймактык жана улуттук-аймактык принцип боюнча түзүлүшү мүмкүн.
Конфедерация – бул, саясий, аскердик, экономикалык жана башка максаттарга жетүү үчүн бириккен мамлекеттердин убактылуу бирлиги. Ал суверенитетке ээ эмес, анткени, анда субөектилерди бириктирип турган жалпы мамлекеттик аппарат жана бирдиктүү мыйзам чыгаруу тутуму болбойт. Конфедерациянын чегинде союздук органдар түзүлүшү мүмкүн, бирок, алар ошол мамлекеттер чечүү үчүн бириккен маселелерди гана карашат жана координациялык касиетке гана ээ.
Саясий режим: түшүнүгү, белгилери, түрлөрү.
Саясий (мамлекеттик) режим – бул, саясий бийликти ишке ашыруу жолдорунун, методдорунун жана каражаттарынын тутуму. Белгилүү бир типтеги мамлекеттин маңызынын өзгөрүшү анын режиминен көрүнөт, а режимдин өзгөрүшү башкаруу формасына жана мамлекетик түзүлүштүн формасына таасир тийгизет.
Айрым көз-караштар боюнча “саясий режим”жана“ мамлекеттик режим” түшүнүктөрүн бирдей каралат.
Кээ бир авторлордун ою боюнча, “саясий режим” түшүнүгү “мамлекеттик режим” түшүнүгүнө караганда кеңири мааниге ээ, себеби, ал саясий бийликтин мамлекет тарабынан гана эмес, андан сырткары саясий партиялар жана кыймылдар, коомдук бирикмелер, уюмдар ж.б. тарабынан да ишке ашырылышынын жолдорун жана ыкмаларын камтыйт.
Саясий режим – бул, саясий системанын динамикалык жана аракеттенүүчүлүк мүнөздөмөсү. “Саясий режим” жана “саясий система” түшүнүктөрү бири-бири менен тыгыз байланышта. Эгерде саясий система–коомдун саясий турмушунда жана саясий бийликти ишке ашырууда катыш
кан институттардын жалпы биримдигин билдирсе, кийинкиси – бул бийликтин кантип ишке ашарын, ал институттар кандай жолдор менен аракеттенерин: демократиялуу же демократиялуу эмес экендигин аныктайт. Бийликтин негизги тутумдарын таанып билүүдө саясий режим түшүнүгү маанилүү роль ойнойт. Коомдун саясий түзүлүшүнүн уюшулуу принциптери да дал ушул саясий режимге карап аныкталат. Тигил же бул мамлекеттин анык бир өнүгүү этабында саясий режим анын белгилүү бир саясий чөйрөсүн түзөт.
Мамлекеттик бийлик жүргүзүүнүн методдору жана каражаттары боюнча режимдер карама-каршылыктуу эки чоң топко бөлүнүшөт:
демократиялык жана антидемократиялык.
Демократиялык режим. “Демократия” түшүнүгү “элдин бийлиги” дегенди билдирет, бирок саясий бийликти бүткүл эл жалпысынан ишке ашырган учур боло элек, бул, болгону, баары умтулуп келген идеал гана.
*Демократиялык режимдин негизги белгилери төмөнкүдөй:
адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери ар дайым күчүндө болот жана реалдуу кепилдикке алынат;
• чечимдер азчылыктардын кызыкчылыктарын эске алуу менен көпчүлүк тарабынан кабыл алынат;
. • укуктук мамлекет менен жарандык коомдун калыптанышына шарттар түзүлөт;
• мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары шайланып жана алмашып турат, алар шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү болушат;
• күч структуралары коомдун демократиялык көзөмөлү астында турушат;
• ынандыруу, компримисс методдору басымдуулук кылат;
• саясий плюрализм, ошондой эле көп партиялуулук, саясий партиялардын атаандаштыгы, мыйзамдын негизинде саясий оппозициялар болот;
• бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүнүү принциби реалдуу ишке ашат.
Демократия эки формада ишке ашат:
тике (түздөн-түз) жана өкүлчүлүктүү.
Түздөн-түз- демократияда элбийликти эч кандай саясий ортомчусуз өзү ишке ашырат, аталышыда ушуга байланыштуу – түздөн-түз б.а.
жалпы шайлоо укугунун негизинде шайлоолор, референдумдар, жарандардын чогулуштары жана жыйналыштары, петициялар, митингдер жана демонстрациялар, жалпы талкуулоолор сыяктуу институттар менен элдин түздөн-түз бийлик жүргүзүүсү.
Шайлоолор, референдумдар – түздөн-түз демократиянын өзүнчө түрлөрү, алар тиешелүү нормативдик актылар тарабынан так аныкталат жана императивдик мүнөзгө ээ жана мамлекеттик түзүмдөрдүн санкциясына муктаж эмес, башкалары болсо консультациялык мүнөзгө ээ.
Өкүлчүлүктүү демократия бийликтин элдин өкүлдөрү–депутаттар, аткаруу жана сот бийлигинин шайлануучу органдары тарабынан жүргүзүлүшүнө жол берет, өкүлдөр калктын ар түрдүү катмарларынын, социалдык топтордун, саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердин кызыкчылыктарын, эркин чагылдырат.
ТЕМА: ЖАРАНДЫК КООМ ЖАНА УКУКТУК МАМЛЕКЕТ.
План:
1. Жарандык укуктун түшүнүгү жана предмети.
2. Жарандык-укуктук жөнгө салуунун методдору.
3. Жарандык-укуктук мамилелер.
4. Жарандык укукка жарамдуулуктун жана аракетке жарамдуулуктун түшүнүгү жана мазмуну.
АДАБИЯТТАР:
Негизги:
1. Михайленко. Правоведение КР. Б., 1998.
2. Правоведение / Под ред. А.В.Малько. М., 2008.
3. КРнын Жарандык кодекси (жалпы бөлүк). Б., 1996-ж., 8 май №15.
4. Гражданское право. Учебник / Под ред. А.П. Сергеева, Ю.К. Толстого. М., 2001.
5. Гражданское право. Ч.1. Конспект лекций: пособие для подготовки к экзаменам / Сост. Р. Беленков. М., 1999.
6. Гражданское право России. Ч.1. Конспект лекций в схемах. Д.И.Платонов. М., 2000.
Кошумча:
1. Гражданское право России. Учебник / Под ред. З.И, Цыбуленко. М., 1998.
2. Правоведение. Учебник / Под ред. С.А. Комарова. М., 2003.
3. Правоведение: учебник для вузов / отв. ред. Б.И. Пугинский. М., 2003.
1.
Жарандык укук укуктун негизги тармактарынын бири, анын тарыхы өтө бай жана байыркы римдик “цивилдик укукка” (лат. Jus civile – жарандардын укугу) барып такалат.
Укуктун бир тармагы катары жарандык укук – юридикалык жактан тең, өз алдынча, мүлктүк жана уюмдук өзгөчөлөнгөн субөектилердин ортосундагы товар-акча жана башка мүлктүк, ошондой эле мүлктүк эмес жеке мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин системасы.
Жарандык укуктун предмети – товар-акча жана катышуучулардын юридикалык теңдигине негизделген мүлктүк, ошондой эле мүлк менен байланышкан мүлктүк эмес жеке мамилелер.
Демек, жарандык-укуктук жөнгө салуунун предметинен мамилелердин эки тобун бөлүп көрсөтүүгө болот: мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке мамилелер.
· Мүлктүк – мүлккө ээ болуунун, аны пайдалануунун жана тескөөнүн натыйжасында калыптанган, ошондой эле материалдык баалуулуктарды берүү менен байланышкан мамилелер.
Мүлктүк мамилелердин арасынан төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
а) Буюмдук мүнөздөгү мамилелер – мүлктүн белгилүү бир адамга таандыктыгы тууралуу мамилелер. Мындай мамилелерге менчик укугу, ошондой эле чектелген буюм укугу: өмүр бою мураска калтырылган жер үлүшүнө ээ болуу укугу, жер үлүшүн туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу укугу, сервитут, мүлккө чарбалык ээ болуу укугу, оперативдик башкаруу укугу ж.б. кирет.
б) Милдеттенме мүнөзүндөгү мамилелер – мүлктүн бир жактан экинчисине өтүүсү менен чагылдырылган мүлктүк жыргалчылыктарды алмашуу мамилелери.
· Мүлктүк эмес жеке мамилелердин өзгөчөлүктөрү:
а) Мүлк менен болгон байланышына карабастан, бул мамилелердин экономикалык мазмуну болбойт;
б) Бул мамилелердин предмети болуп материалдык эмес жыргалчылыктар эсептелет (өмүр, ден соолук, жеке жашоонун кол тийбестиги, жеке жана үй-бүлөлүк сыр, эркин которулуу, жашап туруу жана жашоо ордун тандоо укугу ж.б.);
в) Мүлктүк эмес жеке мамилелер инсандан ажыратылбай турган жыргалчылыктарга байланыштуу пайда болот;
г) Алар абсолюттуу мүнөзгө ээ. Аныкталбаган сандагы милдеттүү адамдар субөектинин материалдык эмес жыргалчылыктарын бузуучу аракеттерден баш тартууга тийиш.
Айрым юридикалык фактыларда мүлктүк эмес жеке мамилелер мүлктүк мамилелерди жаратышы мүмкүн. Мисалы, автор өзүнүн ачылышына патент алып, башка бирөө менен аны сатуу тууралуу келишим түзөт. Жазуучу китебине автордук укукка ээ. Аны басып чыгаргандан кийин, ал үчүн сыйлык алат.
Жарандык укуктун булактары:
1. КРнын Конституциясы.
2. КРнын Жарандык кодекси (Жалпы бөлүк), 1996-ж. 8-майда КР ЖК тарабынан кабыл алынган; КРнын Жарандык кодекси (Өзгөчө бөлүк), 1998-ж. 5-январда кабыл алынган.
Башка мыйзамдарда, ошондой эле башка бардык ченемдик актыларда каралган жарандык-укуктук жоболордун кагылышында (коллизия) КР Жарандык кодекси колдонулат. “Жарандык укуктун башка мыйзамдарда каралган жоболору ушул Кодекске дал келтирилүүгө тийиш”.
3. КРнын мыйзамдары.
4. КРнын Президентинин жарлыктары.
5. КРнын Өкмөтүнүн токтомдору жана башка ченемдик актылары.
6. Иш жүгүртүмүнүн адаттары. Алардын белгилери:
§ Калыптанып калган эрежелер, б.а. мазмуну жетишерлик аныкталган жана туруктуу;
§ Кеңири колдонулат;
§ Мыйзамда каралбаган;
§ Жазуу түрүндө кандайдыр бир ченемдик актыда же келишимде бекитилүүнү талап кылбаган;
§ Белгилүү бир шарттарда тараптардын билген-билбегендигине карабастан колдонулуучу.
7. Эл аралык укуктун ченемдери жана КРнын эл аралык келишимдери. Эгерде жарандык укуктун булактары юридикалык күчү боюнча коюла турган болсо, анда Конституциядан кийин экинчи орунда эл аралык укуктун ченемдери турат.
2.Жарандык-укуктук жөнгө салуу методунун башкы касиеттери:
· Жарандык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын юридикалык жактан теңдиги:
а) Бул коомдук мамилелердин жарандык укуктагы жөнгө салынышында координация методу колдонулгандыгынан көрүнөт. Мамилеге катышкан жактар укуктук жактан тең болушат;
б) Экономикалык теңдикти билдирбейт;
в) Коомдук мамилелердин катышуучулары бири-бирине карата өз алдынча, көз карандысыз абалда болушат;
г) Юридикалык теңдик формалдык мүнөзгө ээ, б.а. юридикалык ченемдерде бекитилет.
· Диспозициялуулук субөектиге өзүнүн укук жөндөмдүүлүгүн өз кароосу менен ишке ашырууга мүмкүндүк берет, субөективдүү укуктарга ээ болуу же алардан баш тартуу, аларды коргоонун жолун тандап алуу же тандабай коюуну ал өзү чечет.
· Жарандык-укуктук методго укук берүү мүнөздүү.
Жарандык укукта жол берүүчү ченемдер көбүрөөк кездешет, алардын жардамында субөектилер материалдык жана руханий жыргалчылыктарга ээ боло жана аларды пайдалана алышат. Тыюу салуучу жана милдеттендирүүчү ченемдерди камтыган администрациялык жана кылмыш-жаза укугунан айырмаланып, жарандык укук субөектилерге белгилүү бир укуктарды берет.
· Укуктук демилге жарандык укуктук мамилелердин түзүлүү негизинен көрүнөт. Мисалы, бүтүм субөектинин эрки, бүтүм түзүү каалоосу сыртка чагылдырылса гана түзүлөт. Келишим тараптардын ыктыярдуу макулдугуна негизденет.
· Жарандык-укуктук мамилелердин жоопкерчилигинин мүлктүк мүнөзү: жоопкерчилик адамга эмес, мүлккө багытталган.
· Жарандык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын ортосундагы талаш-тартыштар үчүнчү тарап, б.а. сот аркылуу чечилет.
3.Жарандык-укуктук мамилелердин өзгөчөлүктөрү:
1. Субөектилик курамы боюнча.
2. Субөектилердин укуктук абалынын мүнөзү боюнча.
Жарандык укуктун негизги принциптеринин бири – тараптардын теңдиги. Тараптар мүлктүк жана уюштуруучулук мамилелерде бири-биринен бөлүнүп турушат.
3. Юридикалык мазмуну жана түзүмү боюнча.
4. Обөектилердин чөйрөсү боюнча.
5. Жарандык укуктарды коргоо чараларынын өзгөчөлүктөрү боюнча.
6. Жарандык-укуктук жоопкерчиликтин мүнөзү боюнча.
Жарандык-укуктук мамилелердин мазмуну болуп алардын катышуучуларынын субөективдүү укуктары менен милдеттери эсептелет.
Жарандык-укуктук мамилелердин субөектилери:
- Физикалык жактар (КРнын жарандары, чет өлкөлүктөр, жарандышы жок жактар).
- Юридикалык жактар.
- Мамлекет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Жарандык-укуктук мамилелердин түрлөрү:
1) Мазмуну боюнча:
а) Мүлктүк (мисалы, менчик укугу, булар белгилүү бир экономикалык мазмунга ээ);
б) Мүлктүк эмес жеке мамилелер (мисалы, автордук укук. Экономикалык мазмуну жок жана адамдын материалдык эмес айрым кызыкчылыктарын канааттандырат);
2) Катышуучулардын байланышы боюнча: а) абсолюттук; б) салыштырмалуу. Абсолюттуу жарандык-укуктук мамилелер укуктуу жактын субөективдүү укуктарын (мисалы, менчик укугун) сактоого аныкталбаган сандагы милдеттүү жактардын болушу менен мүнөздөлөт. Салыштырмалуу укуктук мамилелерде укуктуу жана милдеттүү жактар аныкталган.
3) Жарандык-укуктук мамилелердин түзүмүнө карата: жөнөкөй жана татаал. Жөнөкөй укуктук мамилелесиндебир субөективдүү укук жана бир милдет (мисалы, займ келишими) болот. Ал эми татаал укуктук мамиледе бир канча укук жана милдеттер болот. Көпчүлук жарандык укуктук мамилелер татаал болуп эсептелет (мисалы, соода-сатык келишими).
4) Уюштуруучулук жарандык укуктук мамилелер. Бир тараптуу жана ар түрдүүчө болот. Укуктук мамиленин бул түрү мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке мамилелердин өбөлгөсү болуп саналат (мисалы, мекемени каттоо менен байланышкан мамилелер; уюштуручу-түзүүчү келишимде катышуу).
Ошондой эле субөектилердин ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуусуна байланыштуу корпоративдик укуктук мамилени бөлүп көрсөтүшөт, т.а. акционерлердин акционердик коомду башкарууга катышуусу, корпоративдерге кирүү, чарбалык коомдор жана бирикмелер жана аларга жетекчилик кылууга катышуу ж.б.
5) Укуктандырылган жактын кызыкчылыгын канааттандыруу эрежеси боюнча: а) буюмдук; б) милдеттенмелик.
Буюм укугун алып жүрүүчү жак милдеттүү жактын катышуусусуз эле буюмга түздөн-түз таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал эми милдеттенме укугуна ээ болгон жак мындай мүмкүнчүлүккө милдетүү жактын өз ара аракеттениши аркылуу гана ээ боло алат.
4.Жарандык жүгүртүмгө катышуу үчүн жарандар жарандык укук жөндөмдүүлүгүнө жана аракет жөндөмдүүлүккө ээ болуусу зарыл. Мына ушул категориялар аркылуу физикалык жактардын укуктук абалы ачлылып көрсөтүлөт.
Жарандык укук жөндөмдүүлүгү – бул, укук тарабынан таанылган, жарандык укуктарга ээ болуу жана милдеттерди аткаруу жөндөмү. Башкача айтканда, жарандык укук жөндөмдүүлүгү – адамдын жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмдүүлүгү. Ал адамга социалдык жандык катары таандык жана анын жаш-курагынан, акыл-эс жөндөмдөрүнөн, ден соолугунун абалынан, дининен, билиминен, жынысынан ж.б. көз карандысыз. Бул КРнын бардык жарандары үчүн бирдей.
Жарандык укук жөндөмдүүлүгү адам төрөлгөндө пайда болот жана анын өлүмү менен токтойт. Анын мазмуну көптөгөн укуктарды камтыйт:
—Менчик укугунда мүлккө ээ болуу;
—Мурас боюнча мүлккө ээ болуу жана аны мураска калтыруу;
—Ишкердик жана мыйзага каршы келбеген каалагандай иш менен алектенүү;
—Юридикалык жактарды түзүү;
—Ар кандай бүтүмдөрдү түзүү жана милдеттенмелерде катышуу;
—Жашоо ордун тандап алуу;
—Интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларына автордук жана мыйзам тарабынан корголгон башка укуктарга ээ болуу.
Чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок жактарга (апатриддерге) жарандык укуктарга ээ болууда жана милдеттерди ишке ашырууда улуттук режим берилет, б.а. жалпы эреже боюнча, алардын укук жөндөмдүүлүгү КРнын жарандарынын укук жөндөмдүүлүгүнө теңдештирилген. Бул эреже эки учурда колдонулбайт: 1. Мамлекеттик жана коомдук коопсуздук максаттарында КРнын мыйзамдары менен укуктар чектелиши мүмкүн. Мисалы, чет өлкөлүктөр мамлекеттик кызматтарда иштей албайт; аба кемесинин экипажынын курамында боло алышпайт ж.б. 2. Реторсия тартибинде, б.а. башка мамлекеттин өз аймагында жарандардын укук жөндөмдүүлүгүн чектөө аракеттерине жооп катары.
Жарандык аракетке жөндөмдүүлүк – бул, өз аракеттери менен укуктук таасир көрсөтүү, өзгөчө, укуктарга ээ болуу жана милдеттерди түзүү жөндөмдүүлүгү. Мисалы, жарандык аракетке жөндөмдүүлүк жарандарга өзүнүн аракеттери менен бүтүмдөрдү түзүү мүмкүнчүлүгүн берет; мыйзамга каршы аракеттери үчүн, физикалык жакка келтирген зыяны же мүлктү зыянга учураткандыгы, милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн жооп берүү жөндөмү.
Жарандык аракетке жөндөмдүүлүк толук көлөмдө:
а) 18 жашка толгондо (эрезеге жеткенде);
б) Мыйзам уруксат берген учурларда 18 жашка чейин никеге турганда;
в) Камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын же сот тарабынан жашы жете элек жак эмансипацияланганда (толук аракетке жөндөмдүү деп табылганда). 16 жашка толгон жашы жете элек жак, эгерде эмгек келишими боюнча иштеп жаткан болсо, же ата-энесинин, камкорчусунун же көзөмөлчүсүнүн уруксаты менен ишкердик менен алектенип жаткан болсо, эмансипацияланышы мүмкүн.
Жалпы эреже боюнча, жарандык аракетке жөндөмдүүлүк чектелиши мүмкүн эмес. Анын чектелиши соттун чечими менен эки гана учурда болушу мүмкүн:
1. Психикалык жактан бузулуп, жаран өз аракеттеринин маанисин билбей же аларды башкара албай калган болсо. Андай жарандын үстүнөн камкорду дайындалат жана анын атынан бүтүмдөрдү камкорчу түзөт.
2. Эгерде жаран алкоголдук ичимдиктерди жана наркотикалык заттарды ашыкча пайдалануусунун кесепетинен үй-бүлөсүн материалдык оор абалда калтырса. Мындай учурда адамга көзөмөл дайындалат жана чектелген аракетке жөндөмдүү жак көзөмөлчүнүн уруксаты менен гана бүтүм түзүү (майда тиричилик бүтүмдөрүн кошпогондо), пайда табуу жана аны пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Текшерүү үчүн суроолор:
1. Жарандык укук эмнени түшүндүрөт?
2. Жарандык укуктун предмети.
3. Кандай мүлктүк мамилелер бар?
4. Жеке мүлктүк эмес мамилелердин өзгөчөлүгү эмнеде?
5. Жарандык-укуктук жөнгө салуу методдорунун негизги белгилери каайсылар?
6. Жарандык укуктун булактары.
7. Жарандык-укуктук мамилелердин өзгөчөлүктөрү.
8. Жарандык-укуктук мамилелердин субөектилери кимдер?
9. Жарандык укукка жөндөмдүүлүк деген эмне?
10. Жарандык аракетке жөндөмдүүлүк деген эмне?