Меню
Разработки
Разработки  /  Право  /  Уроки  /  5 класс  /  Коронавиру деген эмне?

Коронавиру деген эмне?

5-класс боюнча тарбиялык саат
10.05.2020

Содержимое разработки

37 А.Арзиев атындагы жалпы орто мектеби





Класстык саат


Коронавирус

деген эмне?
















Мугалим: Ж.Капарва



Тема: Коронавирус деген эмне?

Сабактын максаты: Коронавирус жонундо жалпы маалымат алышат. Ой жугуртуп оз ойлорун айтышат, берилген тапшырмаларды туура, так аткарышат. Алган билимин турмушта туура колдоно билишет.

Сабактын жабдылышы: А4 барактары, скотч, маркер, лозунгдар, суроттор.

Сабактын журушу: Саламдашуу.

Окуучулар КОРОНОВИРУС жонундо интернет булактардан алган маалыматтары боюнча оз ойлорун айтып беришет.

Короновирус жонундо жалпы маалымат берилет .

Окуучулар алган маалыматтары боюнча сроолорго жооп беришет.

  1. Короновирус деген эмне?

  2. Ал кандай оору экен?

  3. Сасык тумоо менен короновирустун айырмасы эмнеде?

  4. Бул ооруну жугузуп алган адам кандай абалда болот?

  5. Бул оору эмнеден пайда болгон?

  6. Азыркы учурдагы абал кандай?

Жана башка ушул сыяктуу суроолордун тегерегинде талкуу жургузушот.

Сурот аркылуу да тушундуруу иши журду.

Сабакты жыйынтыктоо: Бул КОРОНОВИРУС оорусун алдын алуу жолдору менен тушундурулуп сабак жыйынтыкталды.









Коронавирус деген эмне?

Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС, "типсиз пневмония") жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.


Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.

Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.



Вирус эмнеден чыкты?

Учурда кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Алар вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада анын генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.


Илдеттин белгиси

Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитети коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен.

Дарттын дабасы табыла элек

Учурда коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо жолу так аныктала элек. Россия оорунун вакцинасын даярдоого ниеттинип, ага жарым жыл кетиши мүмкүндүгүн жана бул арзан болбой турганын жар салды.


Башка өлкөлөргө тарап жатат

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Учурда Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония жана Түштүк Кореяда вирустан жабыркаган бирден киши катталды. Ал эми Таиландда үч киши аталган дартка кабылган.




Адам ооруну жуктуруп албоо үчүн бир катар алдын алуу чаралары маалымдады

  • Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу;

  • Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо;

  • Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек;

  • Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо;

  • Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап);

  • Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жуу;

  • Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.





-75%
Курсы повышения квалификации

Система профилактики безнадзорности и правонарушений несовершеннолетних в соответствии с федеральным законодательством

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Коронавиру деген эмне? (81.02 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт