Билет №1
Электродинамика эмнени окутат?
Электр талаасын байкоо?
Массасы 8 т космос кемеси, массасы 20 т болгон орбиталыккосмос станциясына 100м аралыкка жакындаган. Алардын өз ара тартылыш күчүн аныктагыла.
Билет №2
Электр зарядынын сакталуу закону. Кулон закону.
Атомдун түзүлүшү.
Жер бетинен учурулган космос ракетасы 20 м/с2 ылдамдануу менен тик өйдө багытта кыймылдайт. Эгер кабинада учкуч-космонавттын массасы 80 кг болсо, анын мадмагын тапкыла.
Билет №3
Электр сыйымдуулугунун формуласынын бирдиги.
Конденсатордун түрлөрү.
Зениттик замбиректен атылган снаряд 800 м/с ылдамдык менен бутага 6 с тийет. Душманлын самолету кандай бийиктикте болгон жана снарядын бутага тийер кезинде ылдамдыгы кандай?
Билет №4
Электр тогу. Ток күчү.
Электр кыймылдаткыч күчү.
Массасы 2т жүктүн потенциалдык энергиясы кандай бийиктикте 10кДжго барабар болот?
Билет №5
Чынжырдын бөлүгү үчүн Омдун закону.
Ток булагы.
2340 км/саат ылдамдык менен учкан кезде үндөн да тез учуучу самолеттун тартуу күчү 220 кНго барабар. Учуунун кубаттуулугун тапкыла?
Билет №6
Толук чынжыр үчүн Омдун закону.
Ашыкча өткөрүмдүүлүк кубулушун ким ачкан?
Пружинада термелип жаткан жүк 8 с ичинде 32 жолу термелет. Термелүүнүн мезгилин жана жыштыгын тапкыла?
Билет №7
Газдардагы токтун табияты.
Өз алдынча разряддын түрлөрү.
Узундугу 80 см маятник 1 мүнөттө 34 термелүү жасаган болсо, лабораториялык жумуш аткарып жаткан окуучу эркин түшүүнүн ылдамдануусунун кандай маанисин алат?
Билет №8
Плазманын колдонулушу.
Электролиздин техникада колдонулушу.
20 кПа басым астындагы бир атомдуу газдын молекулаларынын орточо кинетикалык энергиясын тапкыла. Көрсөтүлгөн басым кезиндеги бул газдын молекулаларынын концентрациясы 3 сын түзөт.
Билет №9
Электролиз үчүн Фарадейдин 1-закону.
Жарым өткөргүчтөр.
Газды кысканда анын көлөмү 8 л ден 5л ге чейин азайып, басымы 60кПага көбөйгөн. Баштапкы басымын тапкыла.
Билет №10
Фарадейдин 2-закону.
Жарым өткөргүчтүү диот.
Тынч абалынан горизонталдуу жол менен жүрүп баштаган автомобиль 10 с ичинде 30 м/с ылдамдыкка ээ болду. Каршылык күчтөрүн эске албай, автомобилдин кыймылдаткычынын тартуу күчүн аныктагыла. Автомобилдин массасы 1800 кг.
Билет №11
Вакуумдагы электр тогунун табияты.
Термоэлементтер.
Көлөмү 40 л газ идиштин каптал беттерине 2МПа басым жасайт, эгерде анын молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы 400 м/с болсо, бул газдын массасы кандай?
Билет №12
Термобатареялар.
Жарым өткөргүчтүү күн батареялары.
Идиште суунун молекуласы бар. Суу кандай көлөмдү ээлейт. Суунун тыгыздыгы 1000 кг/м3 суунун молярдык массасы 0,018 кг/моль. Жообун см3 менен белгиле.
Билет №13
Күн энергиясын электр энергиясына айландыруу боюнча кыргызстандык окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрү.
Термодинамика жөнүндө түшүнүк.
Көлөмү 8,31 болгондо t⁰ сы 127⁰С, 7 л газ толтурулган. Басым 100 кПа болсо, газдын молярдык массасы кандай?
Билет №14
Бойль-Мариоттун закону.
Ички энергиянын өзгөртүү жолдору.
Кинетикалык энергиясы 75 Дж ылдамдыгы 5 м/с нерсе кандай массага ээ?
Билет №15
Гей-Люссактын закону.
Термодинамиканын 1-закону.
Радиусу 0,2 мм түтүк боюнча бензин 3 см бийиктикке көтөрүлгөн. Бензиндин тыгыздыгы 700 кг/м3 болсо, бензиндин беттик тартылуу коэффициентиканчага барабар?
Билет №16
Шарль закону.
Жылуулук саны жана анын формуласы.
Массасы 10 кг, температурасы 600 деги болот гирясын 0 температурасындагы муздун үстүнө коюшту. Гирянын температурасы ге чейин төмөндөгөнчө, ал канча музду эритет?
Билет №17
Механикалык эркин жана аргасыз термелүүлөр.
Ультраүн жана анын колдонулушу.
Каттуулугу 100 кН/м болгон сүйрөөчү тростун массасы 2 т болгон, автомобилди 0,5 м/с2 ылдамдануу менен сүйрөгөн учурдагы узарышын тапкыла. Сүрүлүү эске алынбасын.
Билет №18
Кайталануучу жана кайталанбоочу процесстер.
Толкун жана толкундун түрлөрүю
Радиусу 4 см болгон шардын зарядынын беттик тыгыздыгы . Шарга берилген заряддын чоӊдугу канчалык болгон.
Билет №19
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги жоболору.
Нымдоо жана нымдабоо. Капилярдуулук.
Чоӊдугу 4,6 мКл болгон зарядды потенциалынын айырмасы 200 В болгон талаада которууда кандай жумуш аткарат?
Билет №20
Алгачкы түбөлүк кыймылдаткычтары.
Буулануу.
Үтүктүн ысыткычтарындагы чыӊалуу 220В барабар. Зымынын каршылыгы 300 м болсо, ток күчү канчалык?
Билет №21
Ийри сызыктуу кыймыл.
Кубаттуулук. Кубаттуулуктун бирдиктери.
Аба мейкиндигинен орун алган 0,3 мКлдон болгон эки заряд, бири-биринен 60 мкм аралыкта жайгашкан. Алардын ортосундагы аракеттешүү күчүн тапкыла.
Билет №22
Сүрүлүү күчү. Сүрүлүүнүн коэффициенти. Сүрүлүүнүн түрлөрү.
Демормация. Серпилгичтүү жана калдыктуу деформация.
Бири-биринен 10 см аралыкта турган эки заряд 65,61 Н күч менен аракет этишүүдө. Эгерде алардын чоӊдугу 900мКл болсо, экинчисинин чоӊдугун тапкыла.