Меню
Разработки
Разработки  /  Биология  /  Презентации  /  7 класс  /  Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу боюнча түзүлгөн слайддар

Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу боюнча түзүлгөн слайддар

Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу боюнча түзүлгөн слайддар
12.04.2023

Содержимое разработки

Биология 7-класс Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна

Биология

7-класс

Даярдаган: Нурманова Батма

Арзыкуловна

Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу

Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу

Сабактын жүрүшүндө: Канаттуулардын көбөйүү мезгили Көбөйүү алдындагы аракеттери Көбөйүшү жана өрчүшү Уя салуу жөндөмдүүлүктөрү Жумуртканын түзүлүшү Балапан чыгаруу № 10 лабораториялык иш. «Канаттуулардын жумурткасынын түзүлүшү»  Бышыктоо үчүн суроолор  Жыйынтыктоо

Сабактын жүрүшүндө:

  • Канаттуулардын көбөйүү мезгили
  • Көбөйүү алдындагы аракеттери
  • Көбөйүшү жана өрчүшү
  • Уя салуу жөндөмдүүлүктөрү
  • Жумуртканын түзүлүшү
  • Балапан чыгаруу
  • № 10 лабораториялык иш. «Канаттуулардын жумурткасынын түзүлүшү»
  • Бышыктоо үчүн суроолор
  • Жыйынтыктоо
Үй тапшырмасы боюнча суроо жооптор Акыл чабуулу Мойнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат, бул канаттуу? Ак куу Тоңкулдак бакты секундасына канча жолу чокуй алат? 20 Канаттуунун жүрөгү канча камералуу? Төрт камералуу Көпчүлүк канаттуулардын кызыл өңгөчү орто жеринен кеңейип эмнени пайда кылат? Жемсөөнү Гастролиттер деген эмне? Грекче (gastros-карын, litos-таш, минералдар) булчуңдуу карындагы тамагы менен кошо жуткан таштар. Алардын жардамында тамак майдаланат. Боордун жана уйку бездин зили кайсы ичегиге келип куят? Он эки эли ичеги Канаттуулардын жаактары: мүйүз тумшукка айланган Төштүн кырына бекийт: чоң төш булчуңдары Канаттуулардын көкүрөк клеткасын: кабыргалар, акырек жана төш сөөгү түзөт. Клоакага ачылган органдар: ичеги, жыныстык бездери жана сийдик жолу Канаттуулардын баш мээсинин: алдыңкы бөлүгү жана каракуш мээси күчтүү өрчүгөн Канаттуу булчуңдарын аткарган милдети менен жуптап жаз: а) чоң төш 1) канатты көтөрүү б) акырек асты 2) жерде кыймыл-аракет жасоо в) бут 3) канатты түшүрүү А) а-3 Б) б-1 В) в-2

Үй тапшырмасы боюнча суроо жооптор

Акыл чабуулу

  • Мойнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат, бул канаттуу? Ак куу
  • Тоңкулдак бакты секундасына канча жолу чокуй алат? 20
  • Канаттуунун жүрөгү канча камералуу? Төрт камералуу
  • Көпчүлүк канаттуулардын кызыл өңгөчү орто жеринен кеңейип эмнени пайда кылат? Жемсөөнү
  • Гастролиттер деген эмне? Грекче (gastros-карын, litos-таш, минералдар) булчуңдуу карындагы тамагы менен кошо жуткан таштар. Алардын жардамында тамак майдаланат.
  • Боордун жана уйку бездин зили кайсы ичегиге келип куят? Он эки эли ичеги
  • Канаттуулардын жаактары: мүйүз тумшукка айланган
  • Төштүн кырына бекийт: чоң төш булчуңдары
  • Канаттуулардын көкүрөк клеткасын: кабыргалар, акырек жана төш сөөгү түзөт.
  • Клоакага ачылган органдар: ичеги, жыныстык бездери жана сийдик жолу
  • Канаттуулардын баш мээсинин: алдыңкы бөлүгү жана каракуш мээси күчтүү өрчүгөн
  • Канаттуу булчуңдарын аткарган милдети менен жуптап жаз:

а) чоң төш 1) канатты көтөрүү

б) акырек асты 2) жерде кыймыл-аракет жасоо

в) бут 3) канатты түшүрүү

А) а-3 Б) б-1 В) в-2

Суроого жооп тап  Дыйкандардын « Канаттуулардын кыгынан көбүрөөк салынганда, эгин кургап калат» деп айтуусунун себеби эмнеде?  Канаттуулар кантип бир жолу өпкөгө кирген абадан эки жолу дем алат?

Суроого жооп тап

  • Дыйкандардын « Канаттуулардын кыгынан көбүрөөк салынганда, эгин кургап калат» деп айтуусунун себеби эмнеде?
  • Канаттуулар кантип бир жолу өпкөгө кирген абадан эки жолу дем алат?
Канаттуулардын көбөйүү мезгили Куштардын бардык түрлөрүнүн көбөйүү мезгили – жаз айлары. Көбөйүүсү күндүн жылуулугуна жана азыктын көп санда болуусуна байланыштуу. Канаттуулардын көбөйүүгө камдануусу бир убакта болбойт.

Канаттуулардын көбөйүү мезгили

Куштардын бардык түрлөрүнүн көбөйүү мезгили – жаз айлары. Көбөйүүсү күндүн жылуулугуна жана азыктын көп санда болуусуна байланыштуу. Канаттуулардын көбөйүүгө камдануусу бир убакта болбойт.

Көбөйүү алдындагы аракеттери Көпчүлүк канаттуулар эркеги жана ургаачысы көбөйүү мезгилинде түгөй тандашат. Тандоо жактыруунун негизинде жүрөт. Негизги белгилери: алардын бири-бирине кылган мамилелеринде, жүрүш турушунда, үндөрүндө, куш жүндөрүнүн түрү өзгөрүлгөнүнө карай жуптарын тандайт. Майда канаттууларда жубу бир сезон, жырткыч жана ири канаттууларда туруктуу болуп көп жылдар бою сакталат. Жупташуунун бир нече түрү белгилүү:  моногамия  полигамия  полиандрия

Көбөйүү алдындагы аракеттери

Көпчүлүк канаттуулар эркеги жана ургаачысы көбөйүү мезгилинде түгөй тандашат. Тандоо жактыруунун негизинде жүрөт. Негизги белгилери: алардын бири-бирине кылган мамилелеринде, жүрүш турушунда, үндөрүндө, куш жүндөрүнүн түрү өзгөрүлгөнүнө карай жуптарын тандайт.

Майда канаттууларда жубу бир сезон, жырткыч жана ири канаттууларда туруктуу болуп көп жылдар бою сакталат. Жупташуунун бир нече түрү белгилүү:

  • моногамия
  • полигамия
  • полиандрия
Көбөйүшү жана өрчүшү Канаттуулардын эркектеринде жуптуу уруктугу жана урук өткөргүчү, ургаачыларында – бир гана сол жумурткалыгы менен жумуртка түтүгү өрчүгөн. Оң жагынын энелик бездери өрчүбөй редукцияланып кеткен. Эркек жана ургаачы канаттуунун жыныс органдары

Көбөйүшү жана өрчүшү

Канаттуулардын эркектеринде жуптуу уруктугу жана урук өткөргүчү, ургаачыларында – бир гана сол жумурткалыгы менен жумуртка түтүгү өрчүгөн. Оң жагынын энелик бездери өрчүбөй редукцияланып кеткен.

Эркек жана ургаачы канаттуунун жыныс органдары

Уя салуу жөндөмдүүлүктөрү Уя салуусу - бул эң маанилүү биологиялык көрүнүш. Уруктангандан кийин канаттуулар уя салууга киришет. кээ бирлеринде ургаачысы гана салса, кээ биринде эркеги же экөө тең салышат. Канаттуулар уяларын жерге, үйдүн дубалдарына, бак-дарактарга ж.б жерлерге салышат. Уянын ичи куш, малдын жүнү ж.б менен төшөлөт.

Уя салуу жөндөмдүүлүктөрү

Уя салуусу - бул эң маанилүү биологиялык көрүнүш. Уруктангандан кийин канаттуулар уя салууга киришет. кээ бирлеринде ургаачысы гана салса, кээ биринде эркеги же экөө тең салышат. Канаттуулар уяларын жерге, үйдүн дубалдарына, бак-дарактарга ж.б жерлерге салышат. Уянын ичи куш, малдын жүнү ж.б менен төшөлөт.

Кадимки теликуш жана анын жердеги жумурткасы Ысык-Көл району Күнгөй-Тоо кыркасынын этеги

Кадимки теликуш жана анын жердеги жумурткасы

Ысык-Көл району

Күнгөй-Тоо кыркасынын этеги

Оология - канаттуулардын жумурткаларын изилдеген илим Оотека – жумурткалардын коллекциясы

Оология - канаттуулардын жумурткаларын изилдеген илим

Оотека – жумурткалардын коллекциясы

Жумуртканын түзүлүшү Сырты кальций корбанатынан турган катуу акиташ кабыгы менен капталган. Кабыктын астында эки катмарлуу жука чели жатат. Ал коргоо жана тешикчеси аркылуу газ алмашуу жүрүп турат, Жумуртканын дөмпөк жагында аба камерасы жайгашкан Борборунда сары түстүү суюктук бар, анын үстүнөн белогу курчап турат. Сарысы эки жагынан жипчелердин же халазасынын жардамында кабыкка кармалып турат. Түйүлдүк сарылыктын сыртында жайгашкан

Жумуртканын түзүлүшү

Сырты кальций корбанатынан турган катуу акиташ кабыгы менен капталган. Кабыктын астында эки катмарлуу жука чели жатат. Ал коргоо жана тешикчеси аркылуу газ алмашуу жүрүп турат, Жумуртканын дөмпөк жагында аба камерасы жайгашкан

Борборунда сары түстүү суюктук бар, анын үстүнөн белогу курчап турат. Сарысы эки жагынан жипчелердин же халазасынын жардамында кабыкка кармалып турат. Түйүлдүк сарылыктын сыртында жайгашкан

Канаттуулардын көбөйүшү жана өрчүшү Балапан чыгаруу Канаттуулар – айрым жыныстуулар, жыныстык деформизми жакшы өрчүгөн. Канаттулардын эркектеринде жуптуу уруктугу жана урук өткөргүчү, ургаачыларында – бир гана сол жумурткалыгы жана жумуртка түтүгү өрчүгөн. Алар ичтен гана уруктанып, жумуртка тууп көбөйүшөт. Балапандарынын жетилип чыгышына жараша канаттуулар эки топко бөлүнөт: жөжөлүү балапандар – мамык куш жүнүнө оролгон. Көздөрү ачык, бир нече сааттан кийин басып кетет. М; бакма канаттуулар, каракурлар, ак куулар уялуу балапандар – алсыз, көзү жабык, кулак тешиги жабык, денеси жылаңач, сейрек түктөр менен капталган, тура албайт. М; жырткыч канаттуулар, карга, көгүчкөн, тоңкулдактар, тоту куш, таранчы ж.б.

Канаттуулардын көбөйүшү жана өрчүшү

Балапан чыгаруу

Канаттуулар – айрым жыныстуулар, жыныстык деформизми жакшы өрчүгөн.

Канаттулардын эркектеринде жуптуу уруктугу жана урук өткөргүчү, ургаачыларында – бир гана сол жумурткалыгы жана жумуртка түтүгү өрчүгөн. Алар ичтен гана уруктанып, жумуртка тууп көбөйүшөт.

Балапандарынын жетилип чыгышына жараша канаттуулар эки топко бөлүнөт:

  • жөжөлүү балапандар – мамык куш жүнүнө оролгон. Көздөрү ачык, бир нече сааттан кийин басып кетет. М; бакма канаттуулар, каракурлар, ак куулар
  • уялуу балапандар – алсыз, көзү жабык, кулак тешиги жабык, денеси жылаңач, сейрек түктөр менен капталган, тура албайт. М; жырткыч канаттуулар, карга, көгүчкөн, тоңкулдактар, тоту куш, таранчы ж.б.
Жырткыч канаттуу – бүркүттүн уядагы балапандары

Жырткыч канаттуу – бүркүттүн уядагы балапандары

Канаттуулардын инкубациялык мезгили өзүнүн жана жумурткасынын көлөмүнө, уясынын түзүлүшүнө жараша болот. Мисалы; таранчы сымалдар -11-12, каргалар -17, ак куулар -35-40, тооктор -21, өрдөктөр -28, каздар -30 суткада балапандарын чыгарышат.

Канаттуулардын инкубациялык мезгили өзүнүн жана жумурткасынын көлөмүнө, уясынын түзүлүшүнө жараша болот. Мисалы; таранчы сымалдар -11-12, каргалар -17, ак куулар -35-40, тооктор -21, өрдөктөр -28, каздар -30 суткада балапандарын чыгарышат.

№ 10 лабораториялык иш.   Канаттуулардын жумурткасынын түзүлүшү  Иштин максаты: канаттуунун (тооктун жумурткасынын мисалында) жумурткасынын сырткы жана ички түзүлүшү менен таанышуу жана анын өзгөчөлүктөрүн талдап чыгуу. Иштин жабдылышы: тооктун чийки жана бышырылган жумурткасы, жалпак табак, кол лупасы, боëк же сыя, сүрөттөр, слайддар.

10 лабораториялык иш.

Канаттуулардын жумурткасынын түзүлүшү

Иштин максаты: канаттуунун (тооктун жумурткасынын мисалында) жумурткасынын сырткы жана ички түзүлүшү менен таанышуу жана анын өзгөчөлүктөрүн талдап чыгуу.

Иштин жабдылышы: тооктун чийки жана бышырылган жумурткасы, жалпак табак, кол лупасы, боëк же сыя, сүрөттөр, слайддар.

№ Аткарыла турган иштер 1 Аткарыла турган иштердеги байкалган Лукпа менен жумуртканын кабыгын карагыла. 2 жыйынтыктар, суроолордун жооптору Кабыгында эмнелер бар экен? Алар кандай кызмат аткарат? 3 Чийки жумуртканы сындырып табакка куйгула. Эмнени көрө алдыңар? Катуу кабыгынын ички түзүлүшүкандай болуп чыкты? Кабыгынын кичине бөлүгүн сындырып сыя менен боëлгон сууга 10-15 мүнөткө салып койгула. 4 Эмне үчүн кабыгы сыртынан боëлуп калды? Жумуртканын жоон учунан аба камерасын тапкыла. 5 Ал кантип пайда болгон жана анын аткарган кызматы кандай? Бышырылган жана чийки жумуртканын сарысын салыштыргыла 6 Анын формасы, өңү-түсү жана абалы кандай экен? Сарысынын аткарган кызмты кандай? Ал сыртынан эмне менен капталган? Сарысынын үстүнкү жагынан түйүлдүк дискти тапкыла, ал эмне үчүн абалын өзгөртпөй бир калыпта кармалып турат? Бышырылган жана чийки жумуртканын агын (белогун) карап көргүлө. Кандай айырмачылыктар бар? Белогу кандай кызмат аткарат?

Аткарыла турган иштер

1

Аткарыла турган иштердеги байкалган

Лукпа менен жумуртканын кабыгын карагыла.

2

жыйынтыктар, суроолордун жооптору

Кабыгында эмнелер бар экен? Алар кандай кызмат аткарат?

3

Чийки жумуртканы сындырып табакка куйгула.

Эмнени көрө алдыңар? Катуу кабыгынын ички түзүлүшүкандай болуп чыкты?

Кабыгынын кичине бөлүгүн сындырып сыя менен боëлгон сууга 10-15 мүнөткө салып койгула.

4

Эмне үчүн кабыгы сыртынан боëлуп калды?

Жумуртканын жоон учунан аба камерасын тапкыла.

5

Ал кантип пайда болгон жана анын аткарган кызматы кандай?

Бышырылган жана чийки жумуртканын сарысын салыштыргыла

6

Анын формасы, өңү-түсү жана абалы кандай экен? Сарысынын аткарган кызмты кандай? Ал сыртынан эмне менен капталган? Сарысынын үстүнкү жагынан түйүлдүк дискти тапкыла, ал эмне үчүн абалын өзгөртпөй бир калыпта кармалып турат?

Бышырылган жана чийки жумуртканын агын (белогун) карап көргүлө.

Кандай айырмачылыктар бар? Белогу кандай кызмат аткарат?

Бышыктоо үчүн суроолор Канаттуулардын көбөйүү органдарын жумушчу дептердеги сүрөтү боюнча белгилеп жазгыла. Ургаачынын көбөйүү органына көңүл бургула. Эмне үчүн канаттуулардын жумурткаларынын формасы, өңү ар түрдүү? Канаттуулардын жашоосунда кандай мезгилдик кубулуштар байкалат. Мисал келтирип дадилдеп бергиле. Эмне үчүн канаттуулардын көбөйүшү жылуу айларга туш келет? Жөжөлүү жана уялуу балапандар эмнеси менен айырмаланышат? Мисал келтиргиле.

Бышыктоо үчүн суроолор

  • Канаттуулардын көбөйүү органдарын жумушчу дептердеги сүрөтү боюнча белгилеп жазгыла. Ургаачынын көбөйүү органына көңүл бургула.
  • Эмне үчүн канаттуулардын жумурткаларынын формасы, өңү ар түрдүү?
  • Канаттуулардын жашоосунда кандай мезгилдик кубулуштар байкалат. Мисал келтирип дадилдеп бергиле.
  • Эмне үчүн канаттуулардын көбөйүшү жылуу айларга туш келет?
  • Жөжөлүү жана уялуу балапандар эмнеси менен айырмаланышат? Мисал келтиргиле.
Байкоо жүргүзгүлө! Жазында, жайында өзүңөр жашаган аймактагы канаттуулардын тиричилигине байкоо жүргүзгүлө. Уялоочу канаттуулардын уясынын түзүлүшүнө, балапандарына кам көргөнүнө байкоо салгыла. Эң кызыктуу көрүнүштөргө күбө боло аласыңар!

Байкоо жүргүзгүлө!

Жазында, жайында өзүңөр жашаган аймактагы канаттуулардын тиричилигине байкоо жүргүзгүлө. Уялоочу канаттуулардын уясынын түзүлүшүнө, балапандарына кам көргөнүнө байкоо салгыла. Эң кызыктуу көрүнүштөргө күбө боло аласыңар!

Жыйынтыктоо Демек, канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, көбөйүү алдындагы аракеттери, уялоосу жана балапан чыгаруусу биологиялык процесс болуп саналат. Бардык канаттуулар айрым жыныстуулар, жыныс диморфизми өрчүгөн. Ургаачыларынын оң жагынын энелик бездери өрчүбөй редукцияланып кеткен. Бул түзүлүш жумурткасынын чоңдугуна байланыштуу. Эгерде экөө тең бирдей өрчүгөн болсо, жумуртканын салмагы жоголмок жана жумуртка туурда катуу кабык менен капталган жумуртка эки жагынан тең бирдей жылып келип, бири-бирине тоскоолдук кылмак.

Жыйынтыктоо

Демек, канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, көбөйүү алдындагы аракеттери, уялоосу жана балапан чыгаруусу биологиялык процесс болуп саналат. Бардык канаттуулар айрым жыныстуулар, жыныс диморфизми өрчүгөн. Ургаачыларынын оң жагынын энелик бездери өрчүбөй редукцияланып кеткен. Бул түзүлүш жумурткасынын чоңдугуна байланыштуу. Эгерде экөө тең бирдей өрчүгөн болсо, жумуртканын салмагы жоголмок жана жумуртка туурда катуу кабык менен капталган жумуртка эки жагынан тең бирдей жылып келип, бири-бирине тоскоолдук кылмак.

Үй тапшырма § 47 Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу түшүнүк айтуу 168, 171-сүрөт тартуу Канаттуулардын тиричилигине байкоо жүргүзүү

Үй тапшырма

  • § 47 Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу түшүнүк айтуу
  • 168, 171-сүрөт тартуу
  • Канаттуулардын тиричилигине байкоо жүргүзүү
-80%
Курсы повышения квалификации

Подготовка к ЕГЭ по биологии

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
800 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Канаттуулардын көбөйүшү, өрчүшү, уялоосу жана балапан чыгаруусу боюнча түзүлгөн слайддар (10.51 MB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт