Меню
Разработки
Разработки  /  Информатика  /  Уроки  /  9 класс  /  Информатика -класс Санариптеги коопсуздук

Информатика -класс Санариптеги коопсуздук

Бул видеосабактын ценарийи
24.08.2020

Содержимое разработки


Сабактын сценариясы

Информатика предмети

Тема: “Санарип дүйнөсүндөгү коопсуздук”


Тексти

Видеокатар

№ Cлайд

Хронсекундасы


Башы


10

1. Киришүү



ДК.

Саламатсыздарбы кесиптештер, жалпы эле информатика мугалимдери!

(Сиздер менен Ош шаарында жайгашкан XXIV партсъезд атындагы №27 орто мектебинин мугалими Нарматалиев Мирлан)

Бүгүн сиздер менен биргеликте мыкты видеосабак даярдоонун жолдорун жана интерактивдүү куралдарды иштетүүнү карап чыгабыз.

Жакынкы план, диктор кадрда


2

13


Отбивка: Видеосабак


4

ДК + Г

Адатта мугалимдердин сабактагы куралы болуп таякча (указка), бор, доска жана үн болсо, азыркы кездеги аралыктан окутуудагы куралдар - смарт тактасы(Электрондук доска), гаджеттер, видеосабактар, ошондой эле интернет желеси болуп калды.

Ден соолукка камкөрүү багытындагы технологияларда видеосабактар пайдалуу болуп, окуу жараянын жакшыртуу мүмкүндүгүн көрсөтө алат, тактап айтканда:

· окуучу көрүү жана угуу сезимдери менен кабыл алат;

· теориялык жана практикалык бөлүмдөрүн кайталап көрүү мүмкүндүгүнө ээ болот;

  • Окуучулар өзүнө туура келген убакытта ар түрдүү гаджеттер менен билим алууну уланта алат.

Орто план, Диктор кадырда сүрөттөр экранда кошо болот.


Окуучу компьютерде иштеп жаткандагы сүрөттөр коштоп турат




сүрөт http://obr.vyazma.ru/images/2020/uchitel-onlajn.png

https://wp-content.solidprofessor.com/uploads/2018/11/flipped-classroom.jpg

3

35

ДК + Г

Видео сабактарды иштеп чыгууда биз сабактын планын түзүп, иллюстрацияларды, видео жана инфографиканы тандап, презентацияларды иштеп чыгып, эмнени айтаарыбыз жөнүндө ойлонобуз.


Сиздердин видеосабак даярдоодо тажрыйбаңыздар бар экендигине күмөнүм жок. Ошентсе да, видеосабакты иштеп чыгууда, презентация түзүүдө жана тапшырмаларды даярдоодо көптөгөн суроолор пайда болуусу толук ыктымал.


Диктор кадырда + Сабактын планы катары менен чыгат

Видеосабакты даярдоодогу этаптар:

1. Сабактын планын түзүү

2. Темага иллюстрацияларды, видеолорду,

жана инфографиканы даярдоо

3. Презентацияны иштеп чыгуу

4. Сабакка үн жазуу


Булар биринчи текст менен коштолор, экинчи текстке мен чоң болуп сүйлөйм

4

23


Отбивка: Видеосабактын этапы

5

4

ГЗК + Г

Информатика сабагында Санарип компетенттүүлүктү калыптандырабыз, б.а. IT технологияларын ар түрдүү ишмердүүлүктө, тактыкта жана сактыкта ар тараптан иштетүүнү, дайыма жаркын жашоодогу позицияны, изденүүчүлүктү, ар убакта өз билимин толуктап турууну, ар тараптуу маалымат булактарына багыт алууну ошондой эле интернетти туура колдонууну окутуп үйрөтөбүз.

Диктор кадыр артында + инфографика

Сүрөттөр

https://img2.freepng.ru/20180503/vge/kisspng-educational-robotics-robotic-arm-logix5-smart-solu-cartoon-robot-5aeabc85c3c0b2.0758004115253331258018.jpg


6

28

ДК + схема

Заманбап информатика сабагы эки бөлүктөн турат: теориялык жана практикалык.


Теориялык бөлүгүндө – жаңы теманы кабарлоо жана жеткирүү болсо

Практикалык бөлүгүндө –лабораториялык, практикалык жумуштарды аткаруу, үй тапшырмасы жана жыйынтык болот.

Бардык эле видеосабакты даярдоодо сабактын түзүлүшүнөн жана кадамдарынан чыкпаганга аракет кылуу керек экендиги талашсыз:


Аралыктан окутуу чөйрөсүндө диагностиканы жана бышыктоону видеосабактын өзүндө окуучулар менен бирге жүргүзүлүшү керек.

Компьютердеги практикалык жумуш менен Үй тапшырмасын айкалыштырсак болот.


Диктор кадырда + Сабактын схемасы экиге бөлүп чыгат

I. Уюштуруу убагы. Мотивация

II. Сабактын максатын көрсөтүү жана кабарлоо

III. Видеосабакты көрсөтүү жаңы материалды изилдөө

IV. берилген маселелерди диагностикалоо жана бекитүү

V Компьютерде практикалык мисалдар.

VI. Үй тапшырмасы

VII. Корутунду. Рефлексия

7

38

ДК + схема

Үч кошундуу сабактын максаты - бул мугалимдин ишмердүүлүгүндөгү максаттын окуучулардын багытына берүүсү.

Мугалимдердин гана ишмердүүлүгүндө эмес, окуучулардын аракеттүүлүгүндө да ишке ашырылат. Эки тарап бирдей умтулганда гана бул ийгиликке жетүү мүмкүн.

Ошондуктан үч кошунду сабактын максаты окуучунун көз карашы менен түзүлүш керек.

Диктор кадырда + Сабактын максатынын схемасы

Когнитивдүү – таанып-билүү

Аффективдүү – жандуу-эмоциалдык баалуулук

Психомотордуу - интеллектуалдык жана иш аракеттик жөндөмдөрүнүн комплекстүү өз ара аракети


8

23

ДК + схема

Видеосабактын убактысын жана узактыгын аныктоодо окуучунун жаш курак категориясынан чыгып туруу жакшы болот.

Практикалык ишти эске алуу менен компьютерде үзгүлтүксүз иштөөнүн узактыгынын эрежесин сактоо керек.


5-класстар үчүн информатика сабагында практикалык иш 15 минутаны түзсө жогорку класстарга жарым саатка чейин берилет.

Диктор кадырда + инфографика

  • 5-х класска - 15 минут,

  • 6-7-х класска - 20 минут,

  • 8-9-х класска - 25 минут,

  • 10-11-х класска - 30 минут.


https://img0.liveinternet.ru/images/attach/c/0/119/675/119675424_large_0_102f4b_6516990b_XL.png

https://avatars.mds.yandex.net/get-pdb/2804532/d73e0e0c-7514-4450-b89e-42b09af11ace/s1200

9

22

ЗКГ+Г

Ошондой эле видеосабактын ар бир бөлүгүнүн эң майда учурларына чейин ойлонуу керек, себеби бул жеке мамиле жасоого мүмкүндүк берет.

Көп деңгээлдүү тапшырмаларды колдонуңуз, бүтүрүүчүлөр жашоосундагы кесиптик ишмердүүлүгүнө жолукканда, кыйналбагандай болсун.

Сизге окуучунун көңүлүн, иш аракеттерин алмаштырууга мүмкүндүк берген, окуучуну кызыктуу жана анча чарчатпаган шарттагы ар кандай жумуш түрлөрүн колдонууну сунуш кылам.

Мисалы: Видеороликтер, инфографикалар, скринкастинг, колдонмо жана онлайн платформалардан колдоно аласыз.

Баса, автордук укукту да сактоону унутпаңыз!

Диктор кадыр артында. Инфографика болот


Шилтемедеги сүрөттөр коюлуш керек

https://www.ecml.at/Portals/1/ECML%20programme/learning%20apps.jpg?ver=2019-04-08-110125-687

https://s3.amazonaws.com/s3.timetoast.com/public/uploads/photos/11215889/30710966c24933278e423d26be18fb9e.png

https://static.tildacdn.com/tild3761-3431-4232-b662-306339326232/451523.png

https://avatars.mds.yandex.net/get-pdb/1745470/d34c4c4f-2469-4206-b09b-df035f4fb693/orig

https://mypresentation.ru/documents_6/d44e772e78bfc32d5922f3fbb6c514a7/img9.jpg

http://evasimkesyan.com/files/2020/01/quizizz.jpg



Тыныгууга көнүгүү


Автордук укук http://www.pngall.com/wp-content/uploads/2017/05/Copyright-Symbol-Free-Download-PNG.png

Ушул темада сүрөттөр жайланыш керек

10

40

ЗКГ + П

Эгер Сиз видеосабак учурунда он-лайн-платформаларды колдонсоңуз, видео сабактын алдындагы комментарийге шилтеме калтырууну унутпаңыз. Анткени окуучулар өз алдынча кирип тапшырмаларды аткарыша алат.

Диктор кадыр артында + Тапшырмаларга берилүүчү шилтемелердин сүрөтү жайгашат.

11

13

ДК+Г

Окуучулардын үй шартында техникалык жактан камсыздалышына, интеллектуалдык жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар кандай денгээлдеги үй тапшырмасын даярдоого аракет кылыңыз.

Тапшырмалар менен таанышуу үчүн кандай платформаны же тиркемени колдонууга болорун окуучуларга түшүндүрүңүз.

Ошондой эле тапшырманы аткарууга убакытты белгилөө керек.

Диктор кадырда орто план + инфографика

https://ci.palmer.tx.us/wp-content/uploads/sites/5/2017/06/logo_lockup_gmail_icon_vertical.png

https://www.bizahoy.com/wp-content/uploads/2019/10/MS-Teams-Logo_Square.png

https://radoctzhizni.ru/image/catalog/socseti/pic-vzlom-whatsapp-zakaz.png

https://9to5google.com/wp-content/uploads/sites/4/2020/01/google-classroom-cover.jpg?quality=82&strip=all

https://pbs.twimg.com/media/EJVsYC4WsAUzbzK.jpg

Кайтарым байланыштагы слайд колдонулат.

Сүрөттөр мисалы: Google Classroom, Whatsapp, Microsoft Teams, почта.

12

21

ЗКГ+ Скринкастинг

Рефлексия, сабактын жалпы анализин, анын оң жана терс жактарын, пайда болгон көйгөйлөрдү жана аларды жеңүү жолдорун үйрөтөт.

Google форманы окуучулардын ой жүгүртүүсүнө суроо катары колдонсо болот.

Ошондо гана мугалим окуучунун түшүнгөндүгү жөнүндө маалымат ала алат.

Диктор кадыр артында + Скринкастинг


Экранда Гугл форма суроолор менен бирге чыгат

13

17

+35

ДК

Видеосабак натыйжалуулугунун коэффициентине көз каранды болгондуктан, активдүү, кызыктуу, динамикалуу болуусу шарт! Андагы маалымат ишенимдүү булактардан келген маалыматка ылайыктуу, текшерилген болууга тийиш.

Диктор кадырда. Жакынкы план




15

ДК+ Г

Сиздердин назарыңыздарга ушул темадагы видео окуу куралын сунуш кылам:

Диктор кадырда+ Видеосабактын башкы бети


9 - класстар үчүн “Санарип дүйнөсүндөгү коопсуздук”

14

5




317 (5,3)


Отбивка: Видеоурок “Санарип дүйнөдөгү коопсуздук”

Информатика 9 класс (титлист презентации)


4

ДК

Саламатсыңарбы балдар. Бүгүнкү күнгө жылмаюу менен карап, жакшы маанайда жаңы теманы баштайлы. Биздин сабак аралыктагы окутуу форматында өтөт, бул сабак санарип дүйнөсүндөгү жетишүүнүн натыйжасында келип чыкты. Санариптик технологияларды колдонуу менен сабактын бардык тапшырмаларын QR-кодун колдонуп же болбосо экран алдында жазылган шилтемелер аркылуу аткарсаңар болот.



Диктор кадырда орто план


Күлүп турган роботтун сүрөтү жана окуучулардын сүрөтү

https://yt3.ggpht.com/a/AATXAJy_R1zhwXBSbuPf53qpBVcZIybxd6bBg8voHg=s900-c-k-c0xffffffff-no-rj-mo




15

27

ДК+В

Келечектеги Санарип дүйнөсү бизге кандай нерселерди алып келээрин билгибиз келсе, анда алдыдагы видеого көңүл буралы!

Фильм

Фильм https://www.youtube.com/watch?v=GKpwNjkaGsY


16

9+

120

ДК+Скринкастинг

Интернет тарабынан сунушталган мүмкүнчүлүктөрдүн жана Интернет коопсуздугуна негизги коркунучтардын ичинен биз төмөнкүлөрдү белгилейбиз.


Диктор кадырда алдында компьютер + Скринкастинг

Шилтемедеги тапшырма аткарылат (экран толугу менен тапшырмада)

https://learningapps.org/display?v=pihm3wa8n20.

17

9+

30

ДК+ Г

Ооба, санариптик технологиялар токтоп калбайт жана биз аларды жашообузда тынымсыз колдонуп жатабыз. Бирок биз алардан дайыма пайда гана ала бербейбиз, тилекке каршы кээде зыянына да кабылып калуубуз толук мүмкүн. Мисал келтире турган болсок, булар - хакердик чабуулдар, фишинг, киберкуугунтук, компьютердик көз карандылык, плагиат аттуу зыяндыктар.


Диктор кадырда орто план + хакердин иконкасы https://img2.freepng.ru/20180625/gjo/kisspng-hackers-security-hacker-wifi-password-hacker-prank-5b3080d1ab54e7.2095698115299053617018.jpg

кибербуллинг https://www.seekpng.com/png/full/583-5832410_sad-girl-sitting-at-laptop-while-others-laugh.png

көз карандылык https://image.freepik.com/free-vector/_24877-17038.jpg

плагиат https://businessman.ru/static/img/n/6/9/4/7/7/6/i/694776.jpg

фишинг https://cdn2.vectorstock.com/i/1000x1000/97/16/login-into-account-and-fishing-hook-vector-29709716.jpg


18

25

ЗКГ+Видео скрайбинг

Мисал катары эки классташ окуучулар Уланбек жана Мария менен болгон окуяны карап көрөлү: Алар техникалык долбоордун кароо-сынагына катышууну чечишти, көптөн бери идеясы бар болчу, бир топ адабияттарды окуп, соңунда роботту түзүүгө киришишти. Жумуш аяктап калганда, алар социалдык тармакта классташтары менен кеңешүүнү чечип, аларга жумушту көрсөтүштү. Натыйжада, кураштырган роботун кароо-сынакка сунушташты. Бирок бул эмгек башка автор тарабынан тапшырылган деп, кабыл алынган эмес. Классташтары Улан менен Марияга жана алардын интеллектуалдык менчигине карата адепсиз мамиле кылганы белгилүү болду. Улан менен Мария эмне кылышы керек эле? Алар эч нерсе далилдеген жок, ошентсе да алар туура тыянак чыгарды. Маалымат коопсуз болушу керек болчу!!!


Диктор кадыр артында + видеоскрайбинг


(Уланбек менен Мариянын сүрөтү)



(Улан акылдуу жүз менен колун көтүрүп Эврика)

Жазуу - Маалымат коопсуз болушу керек !!!


Плагиат - башка бирөөнүн чыгармачыл ишин мыйзамсыз пайдалануу жана автордук укукту бузуу



19

45

ЗКГ+ П

Балдар, силер сабактын негизги темасын таптыңар деп ойлойм. Бүгүнкү сабактын темасы: «Санарип дүйнөсүндөгү коопсуздук» .

Диктор кадыр артында + слайд

Тема урока: “ Санарип дүйнөдөгү коопсуздук ”

20

10

ЗКГ+П

Биз маалыматтык технологиялар доорунда жашап жатабыз, Интернетте көптөгөн убакытыбызды маалымат издөөгө, сабакка даярданып же эс алууга жумшайбыз. Достор менен байланышабыз, талкууларга катышабыз, жаңылыктарды окуйбуз, пикирибизди калтырабыз, сүрөттөрдү жүктөйбүз. Ошол эле учурда Интернетте өзүбүздү туура алып жүрүүнү, коопсуздук эрежелерин жана этикалык жүрүм-турумду сактоону билүү абдан маанилүү.


Диктор кадыр артында + презентация

https://img2.freepng.ru/20180426/kwq/kisspng-robotics-technology-english-language-idioms-cartoon-robot-5ae1d3e0907063.8219266815247492805916.jpg (иконка)

Кадамдары экранда

(сабактын максаты)


Санарип дүйнөсүндөгү коопсуздук

- Интернеттеги тармагындагы зыяндуу программалардан коргоо эрежелери (https://banner2.cleanpng.com/20180420/yqq/kisspng-dell-computer-repair-technician-adware-computer-virus-5ad97a32d50b39.9617606115242020348726.jpg)

- Хакерлик чабуулдан коргонуу https://www.sidecom.ru/uslugi/img/monitoring-site.png

- Сырсөздү туура коюу http://poradu.pp.ua/uploads/posts/2015-03/yak-vdnoviti-parol-v-kontakt-prosta-vdpovd-na-aktualne-pitannya_263.png

- Компьютердик көз карандылыктын алдын алуу https://img.scoop.it/6qNenhzU8krGT4zuD6hiYYXXXL4j3HpexhjNOf_P3YmryPKwJ94QGRtDb3Sbc6KY

- Социалдык тармактарда кептик этиканы сактоо https://spb.ecvdo.ru/assets/images/news/multideti.jpg

21

27

+18

Фильм

https://www.youtube.com/watch?v=f9UEnjQwtF8

Коргонуу үчүн даярдалган ролик

22

95

ЗКГ+Т

Адатта, интернеттеги коркунучтар жөнүндө укканда, алгач оюбузга эмне келет? Албетте, вирустар жөнүндө ойлонобуз. Вируст – зыян келтирүүчү программа. Алар маанилүү маалыматты жок кылуу же Интернет аркылуу акча уурдоо максатында иштелип чыккан.


Диктор кадыр артында + текст жана сүрөттөр

Зыян келтирүүчү программа - компьютердик маалыматты уруксатсыз жок кылууга, бөгөттөөгө, модификациялоого, көчүрүүгө же анын коргоо каражаттарын иштен чыгарууга арналган программа.


23

16

ЗКГ+ т

Фишинг түшүнүгү менен силер тааныш болушуңар мүмкүн.

Фишинг — бул алдамчылыктын түрү болуп, жеке маалыматыңарга, логин, сырсөз жана көпчүлүк учурда акчаңарга кылмышкерлердин уурдоого болгон аракеттенүүсү болуп эсептелет.

Диктор кадыр артында + текст жана сүрөт

https://image3.slideserve.com/6289814/slide13-l.jpg

Түшүндүрмө

Фишинг - бул колдонуучулардын тармактык коопсуздуктун негиздерин билбегендигине негизделген коомдук инжинериянын бир түрү жана башка адамдардын маалыматтарына жана колдонуучулардын аккаунттурына кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга багытталган аракет.


24

14

+15

ЗКГ+г

Сыртынан айрымалоого болбой турган жасалма сайт түзүлүп, сайтка колдонуучунун логин жана сырсөзүн киргизүүнү сунуштайт. Колдонуучу эч нерседен күмөн санабай өзүнүн маалыматтарын баракчага киргизип берет. Ошентип маалыматтар кылмышкерлердин колуна түшөт.

Диктор кадыр артында+ графика

  1. https://sales-generator.ru/upload/medialibrary/bbc/bbc59fa2b1eea1437e563916a343080c.jpg

2. https://gigabaza.ru/images/1/1124/m1ff9c87b.jpg

3. https://i.ytimg.com/vi/4ZDibo59F4U/maxresdefault.jpg


Этапы менен көрсөтүү

25

15

ЗКГ+Г

Мисалы, fanta трояны Android операциондук системасы үчүн популярдуу интернет-дүкөндөрдөн тиркеме жамынып интернетке жайылды. Тармакта бир жолу программаны колдонуучу пайдаланганда, анын банктык картасы же электрондук капчыгынын маалыматтарын алууга аракет кылып, аларды шылуундар үчүн өткөрүп берген. 2019-жылдын башынан бери бул троян программасынын иш-аракеттеринен миллиондогон суммадагы зыян келтирилген.

Диктор кадыр артында+ графика

https://img2.freepng.ru/20180529/qwp/kisspng-nanorobotics-technology-adobe-character-animator-smart-robot-5b0d91f47affe0.6848886315276159885039.jpg (иконка)

Фантага болгон чабуулду түшүндүрүүчү фотолор

https://xakep.ru/2019/09/18/fanta/


26

27

ЗКГ+ текст

Бактыга жараша фишинг баракчаны байкоо өтө оңой. Сервистер силердин өздүк маалыматыңарды, сырсөзүңөрдү жана башка ушул сыяктуу нерселерди сураган каттарды жөнөтпөшүн эстеп калгыла.

Силер браузердин дарек тилкесине көңүл бургула, эгер тилкемеде сайттын аты эмес, башка нерсе жазылып турса булар силерди алдоого аракеттенип жаткан болот.

Компьютерди коргоо үчүн, ага атайын программаларды орнотушат. Алар антивирустар жана филтирлер.

Сак болгула жана шилтеме аркылуу өтүп жатканда эч качан шашпагыла. Алдамчылар силерден бат кирүүнү каалап тургандыгын эсиңерден чыгарбагыла.

Диктор кадыр артында + текст жана иконки

Маанилүү!

● Эч бир кызмат, дүкөн, мекеме сиздин жеке эсебиңиздин эсептик дайындар жана сырсөздөрдү сурабайт

● https: // (fakebook же facebooke) тамгаларынан кийин сайттын орфографиясын текшериңиз.

● Антивирус жаңыртууларын байкап туруңуз

● Чоочун шилтемелерди баспаңыз

● Шектүү файлдарды аткарууга киргизбеңиз.

● Почтаңызга белгисиз каттоо эсебинен жөнөтүлгөн файлдарды сактап же ачпаңыз.


27

37

ЗКГ+ Т

Ар бир профильдин, акканттун артында тирүү адам, адамдардын тобу же бот болушу мүмкүн экендигин эсиңерде сактап калгыла.

БОТ- адамдын аракетин туурап иштөөчү программа. Чат-Бот программасы чатта маектешүүнү туурайт. Компьютердик тармактарда, ботторду криптавалютту чалкоодо иштетүү үчүн да колдонсо болот.

Боттор он-лайн сатуу боюнча консультант катары мыкты иштешет. Бирок силердин макулдугуңарды албай туруп силер менен мамиле түзүүгө аракет кылуу этикага жатпайт.

Диктор кадыр артында + текст жана иконки

сүрөт https://image.shutterstock.com/image-vector/vector-set-illustrated-friendly-chat-260nw-1598394850.jpg

Маанилүү!

● Chatbot тез ойлонот.

● Chatbot көбүнчө сизлер айткандарды кайталайт.

● Chatbot ошондой эле сүйлөшүүнүн темасына жараша шилтемелерди көп жөнөтүп турушат.

● Chatbot баардык деңгээлде юморду жаңырта албай кыйналат.

28

32

ЗКГ+ Г

Аккаунт – бул жеке адам, анын жакындары жана мамилелери жөнүндө маалымат. Бөтөн адамдардын колуна түшкөн убакта, ал адамдын өзүнө гана эмес, аны менен байланышып жүргөн адамдарга да зыян алып келиши мүмкүн. Буга жол бербөө үчүн аккаунтуңар ишенимдүү корголуусу керек.

Негизги коргонуунун бири – бул ишенимдүү сырсөз.

Мындай сырсөз өзүнө баш тамгаларды жана кичине тамгаларды, сандарды жана атайын символдорду камтыйт.

Ар бир кошулган символ менен силер бузууга аркеттенген убакытты он эселеп көбөйтөрүңөр эсиңерде тутуп алгыла.

Диктор кадыр артында + графика

https://mtdata.ru/u1/photoC7B4/20803074600-0/original.jpg

https://wpschool.ru/wp-content/uploads/2018/07/reliable-password-1.png


Сырсөз жөнүндө сүрөт


29







30

38

ЗКГ+Г

Заманбап сервистер колдонуучулардын аккаунтун жоготуп албоо үчүн аларга эки факторлуу аутентификацияны сунуштайт. Бул сырсөздөн тышкары, телефондун жардамында аккаунтка кирүүгө мүмкүн кылган кошумча коргоо деңгээли. Ошентип, кылмышкер аккаунтуңардын сырсөзүн билген күндө да телефонуңарга уруксат албай туруп, аккаунтуңарды колдоно албайт.

Диктор кадыр артында+ графика+ текст

Эки факторлуу аутентификация жөнүндө сүрөттөр http://pyatilistnik.org/wp-content/uploads/2015/03/Kak-vklyuchit-dvuhfaktornuyu-autentifikatsiyu-akkaunta-VKontakte.jpg

31

25

ЗКГ+Т

Сырсөз үчүн өзүңөрдүн туулган датаңарды иштетүүдөн этият болгула, анткени ал сырсөздү ошол эле социалдык тармактан оңой эле таап алышы мүмкүн. Ал эми кыска сырсөздөрдү атайын түзүлгөн программа менен кыска убакыт аралыгында терип алат.

Атайын коргоо эрежелерин сактоо менен силер өзүңөрдү ишенимдүү сезип, маалыматтарыңарга уруксатсыз ээ болуудан коргойсуңар.

Диктор кадыр артында+ текст жана иконкалар https://img2.freepng.ru/20181106/xq/kisspng-password-email-information-download-computer-mlinjo-blog-jowo-5be21a61ec1dc3.1836954215415445459671.jpg

Маанилүү!

● Электрондук почта билдирүүлөрүнө же социалдык аккаунтта жөнөкөй сырсөздөрдү колдонбогула!

● Сырсөзгө тамгалардын айкашын (кадимки жана башталгыч), сандарды жана символдорду (! @ # $% ^ & *) кошкула.

● Сырсөз уникалдуу болууга тийиш

● Эң татаал айкалыштарды сактаган сырсөз башкаргычтарын колдонгула .


32

24

ДК+программа

Сунушталган тапшырмада биз интернеттеги коопсуздуктун негизги эрежелерин кайталайбыз

https://learningapps.org/6908544

https://learningapps.org/view6908544

Сырсөз жана коркунуч боюнча тапшырма

33

7+

30


Отбивка: Билинбеген коркунуч

34

4

ЗКГ + Г

Санарип дүйнөдөгү дагы бир терс факторлордун бири - компьютерге жана интернетке болгон көз карандылык. Дүйнөдө бул оору деп саналбаганы менен, олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Адистердин айтымында интернетке көз каранды болгондордун 80 пайызы өспүрүмдөр.


Диктор кадыр артында+ инфографика

35

18

ЗКГ+Т

Көбүнчө интернетке көз каранды болгондор бош убактысында интернеттен чыкпай, реалдуу жашоодогу жумуштарга зыян болуп, ал эми интернетсиз калган кезде өзүн жоготуп коёт. Интернетке болгон көз карандылык - толуктап айтканда ден соолукка зыян алып келет.

Диктор кадыр артында+Текст+иконкалар

Маанилүү!

- Интернет тармагындагы убактыңарды азайтуу керек

https://img2.freepng.ru/20181026/ukr/kisspng-computer-icons-scalable-vector-graphics-portable-n-ficheirolocal-time-svg-wikipdia-a-enciclop-5bd2a9f47b9152.3255860515405327245061.jpg

- компьютер жана интернет тармагына тиешеси жок иш-чара менен алектениңиз.

https://1.uzl-school.ru/upload/medialibrary/bdc/bdcfe3d12bd067b0481ebfacf095ad86.jpg

36

17

ДК+Г

Узак мөөнөттө экран алдында отуруу - көздүн көрүүсүн начарлатарын эсиңерге түйүп алгыла.

Келгиле, сабак ортосунда көзгө көнүгүү жасайлы.


Диктор кадырда орто план, сүрөт чоңоюп диктор экрандан кетет

Көнүгүү башталат - презентация

37

7+25

ЗКГ+Т

Интернет ааламында кылмышкерлерден тышкары, адепсиз адамдар да кездешпей койбойт. Өздөрүнүн көңүл ачуусу үчүн, алар силерди же жакындарыңарды таарынтышы мүмкүн. Бул иш аракет Кибербуллинг деп аталат. Кибербуллинг – жеке кат же жалпы цоциалдык тармакта жамандоону, атайлап кордоону, коркутууну, ушак жана опузалоону колдонуу.



Диктор кадыр артында+ текст жана иконкалар https://image.shutterstock.com/image-vector/depressed-girl-crying-sitting-on-260nw-1592670607.jpg


Маанилүү!

● Эгер силер адепсиз билдирүү алсаңар, анда жооп берүүнүн кажети жок. Жөн гана сүйлөшүүнү токтоткула.

● Эгер силерге коркунуч туулса, ата-энеңе айткандан тартынбагыла. Коркутуунун максаты силерди коркутуу же таарынтуу экенин унутпагыла.

● Эч качан башкаларды шылдыңдаган адамдар менен мамиле курбагыла.

38




39

25



ДК+ приложение

Кибербуллинг бир нече түргө ээ, эми Кибербуллингдин түрлөрүнө көңүл бурсак.


Диктор кадырда орто пландан диктор кадыр артына кетет тапшырма башталат

https://learningapps.org/display?v=phbs51rmt20


Кибербуллинг жана көз карандылык боюнча тапшырма.

40

5+

35



Отбивка: Маалымат сабаттуулук

41

4

ДК+ Г

Виртуалдык дүйнө чыныгы дүйнө менен окшош. Бул дүйнөдө да жарык жана караңгы көчөлөр бар, биринде силер өзүңөрдү коопсуз сезип, эркин алып жүрсөңөр, биринде капканга илингидей болосуңар. Атайын тузүлгөн сайттарда силер чыныгы жардамдарды, он-лайн маалыматтарды, компьютерге жана смартфондорго вирус жукканда тазалоону, социалдык тармактарда аккаунтуңарга чабуул болсо аларды калыбына келтире аласыңар.

Ошондой эле бул сайттардан издегениңерди таап, Санарип дүйнөдөгү коопсуздуктарды окуп үйрөнөсүңөр.

Диктор кадырда орто план+ графика


kids.kaspersky.ru, security.mosmetod.ru, securelist.ru.

42

33


Отбивка: Үйгө тапшырма

43

4

ДК + Т

Үй тапшырмасын пайдаланып, алынган маалыматты өз алдынча топтоону сунуш кылам:

Теориялык денгээлинде. Видеосабактын алдындагы шилтемеден Learning Apps платформасына өтүп тапшырманы аткаргыла.



машыгуучу деңгээлде quizizz.com порталында өзүңөрдү убакытта сынап көргүлө


чыгармачыл денгээлде силер топторго бөлүнүп «Санарип дүйнөсүндөгү универсалдуу коопсуздук жөнүндө эскертме» презентациясын иштеп чыгууну сунуш кылам.

Тапшырманы аткаруу үчүн мен сунуштаган сайттардан маалыматтарды колдоно аласыңар.


Тапшырманы бүтүрүп Google classroomда Информатика предметине текшерүүгө жөнөткүлө.

Диктор кадырда орто план+ текст

https://sun9-30.userapi.com/c857720/v857720917/1eedbf/gbfGzKUGLMs.jpg (иконка)

  1. Биринчи даража - теориялык. https://learningapps.org/display?v=pdimkb95v20 шилтемесиндеги тапшырманы аткаргыла “Маанилерине карап ордуна койгула”

  2. Экинчи даража - машыгуучу. https://quizizz.com/join?gc=0728159 шилтемеси аркылуу тапшырманы аткаркыла

  3. Үчүнчү даража - Чыгармачыл.

2-3 окуучудан турган топ түзгүлө, "Санарип дүйнөсүндөгү универсалдуу коопсуздук жөнүндө эскертме" (кесепеттүү программа, фишинг, киберкуугунтук, көз карандылыктан коргоо) темасындагы Google Презентацияларында биргелешкен интерактивдүү презентация түзгүлө.





44





45





46

45


Отбивка: Эң негизгиси

47

4

ДК+ Г

Балдар, Биз силер менен интернет тармагындагы күтүлө турган негизги коркунучтардын түрлөрүн карап чыктык. Биргелешип сабактын башында коюлган «Санарип дүйнөсүндөгү коопсуздук эмне?» деген суроого жооп берели.


Бул санарип чөйрөсүндөгү тобокелчиликтер менен күрөшүп ийгиликтерге жетүү жөндөмдүүлүгү.

Кибер коопсуздук эрежелерине дагы бир көз жүгүртөлү.






Диктор кадырда орто план+ графика и текст


"Санарип дүйнөсүндөгү коопсуздук"

Санарип чөйрөсүндөгү тобокелчиликтер менен күрөшүү жана анда ийгиликке жетүү. (Пайда)

Туура же туура эмес

● Интернетте убакытты чектөө,

● Каттоо эсептери үчүн күчтүү сырсөздөрдү түзүңүз

● Электрондук почта дарегиңизди мезгил-мезгили менен өзгөртүңүз

● Белгисиз жана шектүү даректерден келген билдирүүлөрдү ачпаңыз

● Антивирусту алып салыңыз же жаңыртпаңыз

● Сырсөзүңүздү эч ким менен бөлүшпөңүз

● Жеке маалыматты ачыкка чыгарыңыз

● Маалыматтын камдык көчүрмөсүн сактаңыз

● Интернеттеги туш келди адамдар менен жолукпа

● Интернеттеги көйгөйлөр жөнүндө ата-энелерге айтпа

48

23

+30

ДК+ приложение

(Рефлексия)

Силерге бүгүнкү сабак жагып, келечекте пайдалуу болот деген үмүттөмүн. Видеосабак алдындагы шилтеме аркылуу же QR-кодтогу тапшырмаларды аткарып Google formмадагы суроолорго жооп бергиле

ДК+ тиркеме

https://forms.gle/cd2eaov1BpByYPbj8

1. Бүгүнкү сабактагы маалыматтар силер үчүн пайдалуу болдубу?

Ооба / жок

2. Сабактан алган маалыматтар сен үчүн жаңылыкпы?

Ооба / жок

3. Сураныч, сүйлөмдү толуктагыла:

Мен үчүн санариптик дүйнөдөгү коопсуздук эрежелери төмөнкүлөр:

_______________________________


49

12

ДК+ графика

(корутунду)

Биздин Кибер коопсуздук боюнча сабагыбыз аяктады.

Келечекте силердин санариптик мейкиндикте сабаттуу жаран болууңар канчалык денгээлдеги санарип коопсуздугун билүүңөрдөн, үйрөнгөнүңөрдөн көз каранды экендигин көрө аласыңар.

Өзүңөрдү этияттагыла, ден соолукта, ийгиликте болгула!


Диктор кадырда орто план+ графика жана текст

https://img2.freepng.ru/20180427/oue/kisspng-technology-robotics-english-language-idioms-5ae2e9b86e28a4.7401114515248204084512.jpg


Өзүңөрдү этияттагыла, ден соолукта, ийгиликте болгула!

50

19


Отбивка: Көңүл бурганыңарга рахмат!


4

ДК

Урматтуу кесиптештер! Ушул усулдук иштелменин жардамы менен ар бириниздер ар кандай татаалдыктагы форматта видеосабактарыңыздарды түзөөрүңүздөргө ишенем. Виртуалдык баяндоочу катары иш алып барып, кызыктуу теманы ачып, өзүңүздү компотенттүү көз караштагы мугалим катары көрсөтө аласыз. Чыгармачылык ийгиликтерди, өзүңүздөргө жана жакындарыңызга сактык, ден соолук каалайм!

Диктор кадырда Жакынкы план

51

28


Колдонулган материалдардын тизмеси катарынан чыгат

Сабактын автору: Нарматалиев Мирлан Давлаталыевич

Түзгөн мугалим: Нарматалиев Мирлан Давлаталыевич


Web-ресурстар:

Сайттар

https://edugalaxy.intel.ru/?automodule=blog&blogid=13&showentry=1182

http://inf548.blogspot.ru/2014/08/padlet.html

https://www.sites.google.com/site/smoltechnogsv/pazly - Семинар-практикум "Технологии создания интерактивных заданий и инструментов оценивания"

Блог Александра Баданова [Электронный ресурс] URL http://badanovag.blogspot.ru/p/web-20.html

Сайт преподавателя Светланы Гаврыш [Электронный ресурс] URL http://g-sv.ru/

https://quizizz.com/join?gc=0728159 игра Безопасность в сети Интернет

Learning App.com

quizizz.com

kids.kaspersky.ru

security.mosmetod.ru

securelist.ru


Видео

https://youtu.be/JMlyGhvuiC4

https://youtu.be/4JnNGhzEzCw


Иллюстрациялар

http://obr.vyazma.ru/images/2020/uchitel-onlajn.png

https://www.ecml.at/Portals/1/ECML%20programme/learning%20apps.jpg?ver=2019-04-08-110125-687

https://s3.amazonaws.com/s3.timetoast.com/public/uploads/photos/11215889/30710966c24933278e423d26be18fb9e.png

https://static.tildacdn.com/tild3761-3431-4232-b662-306339326232/451523.png

https://avatars.mds.yandex.net/get-pdb/1745470/d34c4c4f-2469-4206-b09b-df035f4fb693/orig

https://mypresentation.ru/documents_6/d44e772e78bfc32d5922f3fbb6c514a7/img9.jpg

http://evasimkesyan.com/files/2020/01/quizizz.jpg

http://www.pngall.com/wp-content/uploads/2017/05/Copyright-Symbol-Free-Download-PNG.png

https://ci.palmer.tx.us/wp-content/uploads/sites/5/2017/06/logo_lockup_gmail_icon_vertical.png

https://www.bizahoy.com/wp-content/uploads/2019/10/MS-Teams-Logo_Square.png

https://radoctzhizni.ru/image/catalog/socseti/pic-vzlom-whatsapp-zakaz.png

https://9to5google.com/wp-content/uploads/sites/4/2020/01/google-classroom-cover.jpg?quality=82&strip=all

https://pbs.twimg.com/media/EJVsYC4WsAUzbzK.jpg

https://img2.freepng.ru/20180625/gjo/kisspng-hackers-security-hacker-wifi-password-hacker-prank-5b3080d1ab54e7.2095698115299053617018.jpg

https://www.seekpng.com/png/full/583-5832410_sad-girl-sitting-at-laptop-while-others-laugh.png

https://image.freepik.com/free-vector/_24877-17038.jpg

https://businessman.ru/static/img/n/6/9/4/7/7/6/i/694776.jpg

https://cdn2.vectorstock.com/i/1000x1000/97/16/login-into-account-and-fishing-hook-vector-29709716.jpg

https://yt3.ggpht.com/a/AATXAJy_R1zhwXBSbuPf53qpBVcZIybxd6bBg8voHg=s900-c-k-c0xffffffff-no-rj-mo


https://img2.freepng.ru/20180426/kwq/kisspng-robotics-technology-english-language-idioms-cartoon-robot-5ae1d3e0907063.8219266815247492805916.jpg (https://banner2.cleanpng.com/20180420/yqq/kisspng-dell-computer-repair-technician-adware-computer-virus-5ad97a32d50b39.9617606115242020348726.jpg)

https://www.sidecom.ru/uslugi/img/monitoring-site.png

http://poradu.pp.ua/uploads/posts/2015-03/yak-vdnoviti-parol-v-kontakt-prosta-vdpovd-na-aktualne-pitannya_263.png

https://img.scoop.it/6qNenhzU8krGT4zuD6hiYYXXXL4j3HpexhjNOf_P3YmryPKwJ94QGRtDb3Sbc6KY

https://spb.ecvdo.ru/assets/images/news/multideti.jpg

https://image3.slideserve.com/6289814/slide13-l.jpg

https://sales-generator.ru/upload/medialibrary/bbc/bbc59fa2b1eea1437e563916a343080c.jpg

https://gigabaza.ru/images/1/1124/m1ff9c87b.jpg

https://i.ytimg.com/vi/4ZDibo59F4U/maxresdefault.jpg


https://img2.freepng.ru/20180529/qwp/kisspng-nanorobotics-technology-adobe-character-animator-smart-robot-5b0d91f47affe0.6848886315276159885039.jpg

https://xakep.ru/2019/09/18/fanta/

https://image.shutterstock.com/image-vector/vector-set-illustrated-friendly-chat-260nw-1598394850.jpg

https://mtdata.ru/u1/photoC7B4/20803074600-0/original.jpg

https://wpschool.ru/wp-content/uploads/2018/07/reliable-password-1.png

http://pyatilistnik.org/wp-content/uploads/2015/03/Kak-vklyuchit-dvuhfaktornuyu-autentifikatsiyu-akkaunta-VKontakte.jpg

https://img2.freepng.ru/20181106/xq/kisspng-password-email-information-download-computer-mlinjo-blog-jowo-5be21a61ec1dc3.1836954215415445459671.jpg

https://img2.freepng.ru/20181026/ukr/kisspng-computer-icons-scalable-vector-graphics-portable-n-ficheirolocal-time-svg-wikipdia-a-enciclop-5bd2a9f47b9152.3255860515405327245061.jpg


https://1.uzl-school.ru/upload/medialibrary/bdc/bdcfe3d12bd067b0481ebfacf095ad86.jpg

https://image.shutterstock.com/image-vector/depressed-girl-crying-sitting-on-260nw-1592670607.jpg

https://sun9-30.userapi.com/c857720/v857720917/1eedbf/gbfGzKUGLMs.jpg

https://img2.freepng.ru/20180427/oue/kisspng-technology-robotics-english-language-idioms-5ae2e9b86e28a4.7401114515248204084512.jpg



30




972


16,2



-75%
Курсы повышения квалификации

Специфика преподавания дисциплины «Информационные технологии» в условиях реализации ФГОС СПО по ТОП-50

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Информатика -класс Санариптеги коопсуздук (2.43 MB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт