Меню
Разработки
Разработки  /  Завучу  /  Презентации  /  Прочее  /  Дистанттык окуу боюнча маалымат

Дистанттык окуу боюнча маалымат

Дистанттык билим берүү боюнча Достук орто мектебинин завучунун отчетту
10.05.2020

Содержимое разработки

Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу №55 «Достук» орто мектебинде дистанттык окутуунун журушу.



Бугунку кырдаалга байланыштуу, республиканын бардык билим беруу мекемелеринде онлайн жана дистанттык окутуу жүрүп жатат. Калган билим берүү мекемелери катарында, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу №55 «Достук» орто мектебинде да, мектеп окуу бөлумунун башчылыгында онлайн жана дистанттык окутуу жүрүп жатат. Мектеп мугалимдеринин окутуунун онлайн жана дистанттык формасына кокусунан ѳткѳндүгү, мугалимдер учун бир жагынан кыйынчылык жаратканы менен, экинчи жагынан ѳнүгүүгѳ шарт тузду. Окуучуларды дистанттык окутууда, республикабыздын санарипташтируу жагынан жакшы жетишкендиктерин кѳрүүгѳ болот. 2019-2020-окуу жылынын IV чейреги 2020-жылдын 8-апрелинен башталды. 2019-2020-окуу жылынын IV чейреги башталганга чейин, мектеп мугалимдери дистанттык окутуу боюнча, алдын ала окуучулар менен бир топ иштерди аткарышты. Ар бир класстардын класс жетекчилери тарабынан интернет платформалары аркылуу группалар ачылып, окуучу жана ата-энелерге онлайн жана дистанттык окутуу боюнча маалыматтар берилди. Азыркы күндѳ мектептеги 144- окуучуга, 16- жогорку билимдүү мугалимдер, аралыктан сабак берип келүүдѳ. Дистанттык окутууну уюштурууда мектеп администрациясы, мектеп мугалимдери жана окуучулары учун алардын шартын эсепке алуу менен сабактардын электрон жадыбалын жана регламентин түзүп, мугалимдердин иштѳосүнѳ жана окуучулардын билим алуусуна шарт түзүлуп берилген. Мектептин окуучулары «Илим Билим», «Баластан», «КТРК» телеканалдарында берилип жаткан телесабактарды кѳрүп, мектеп мугалимдери тарабынан ѳткѳрүп жатылган кайтарым байланыштарга активдүу катышып жатышат. Мектеп мугалимдери ар бир окуучу менен кайтарым байланыш түзүү үчүн Zoom, Whatsapp, Тelegram, Googleclass, Мультиурок, Видеоурок , киномастер, Бандикам, Фрии кам, Севфром, Гуугл форма, Кахут, Learning Apps, https://videouroki.net/blog/, https://multiurok.ru/, ,

zoom.us, https://www.google.com/intl/ru/forms/about/

сыяктуу платформаларды колдонуп жатышат. Бул платформаларды колдонууда мектеп Окуу Болумунун башчысы санарип технологияларды мыкты билгендиктен, мугалимдерге ѳзүнүн тажрыйбасын улашууда. Мектептин ар бир мугалими, 2019-2020-окуу жылынын окуу планын аткаруу максатында, ар бир сабакка кѳңүл берип жатат. Ар бир класстарда Whatsapp, Telegram, Zoоm, Googleclass платформалары аркылуу группалар уюштурулган. Класстарда сабактардын жүрүшүн кѳзѳмѳлдѳѳ максатында, ар бир класстын группаларына мектеп администрациясы кошулган. Мектеп администрациясы күнүмдүк сабактарды кѳзѳмѳлдѳп турушат жана жыйынтыгын чыгарышат. Ар бир класстарда сабактар ѳз убагында ѳтүлүп, окуучуларды кайтарым байланыш аркылуу алган бааларын «Электрон күндѳлүк» , «Журнал для учителей » , «Журнал Тетрадь» аркылуу жѳнѳтүлүүдѳ. Мугалимдер бир топ кыйынчылыктарга карабастан, окуучулар үчүн түрдүү программаларды колдонуу менен видеосабактар, слайдарды даярдашып жатышат. Бул ѳтүлгѳн сабактарды ата-энелер жана окуучулар отѳ кызыгуу менен ѳздѳштүрүп келүшүүдѳ. Ѳтүлгѳн ар бир сабактар үчүн ата-энелер ыразычылыгын билдирип жатышат. Мектеп администрациясы, мындан сырткары аралыктан «Энелер мектебин» уюштуруп, окуучуларды сабактардын ѳздѳштүрүүсү жана алардын гигиенасы тууралуу пикир алмашуулар болуп жатат. Карантин эрежелерин сактоо жана ѳздүк гигиенаны сактоо учүн ар бир класс жетекчи тарабынан аралыктан кеңештер берилип жатат. Мектептин ар бир класс жетекчиси, 23-апрель «Китеп» күнүнѳ карата аралыктан түрүп иш чара уюштуруулуда. 9-май Улуу Жеништин 75-жылдыгына карата онлайн конкурстар уюштурулду. Мектептеги директор алдындагы кеңешме, «ОББ алдындагы чогулуштар» шартка байланыштуу, онлайн жол менен ѳткѳрүлүүдѳ. Кеңешмеге бардык мугалимдер zoom платформасын колдонуу менен катышып жатышат. Чогулушта, билим берүү жана илим министрлиги жана райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан келген буйруктар, сунуштар мугалимдерге жеткирилип, онлайн жана дистанттык окутуудагы жанылыктар, усулдар жана методдор боюнча пикир алмашуулар болууда.

Окуучуларды аралыктан окутуунун бир топ жакшы жактары бар экендиги байкалууда. Айта кетсек, мектеп мугалимдеринин санарип технологиялардан пайдалануу кѳндѳмдѳрү жогорулаган. Ата-энелер, үйдѳ балдары менен кѳбурѳѳк бирге болуп, алардын тарбиясына жана билим алуусуна жардам берүүдѳ. Ошону менен бирге кѳйгѳйлѳр да жок эмес. Кээ бир жерлерде интернеттин ылдамдыгы тѳмѳн болгондугу, аралыктан окутууда бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Бул кѳйгѳйлѳрду чечүү максатында мектеп администрациясы «Билайн» жана “О” уюлдук компанияларына кайрылып, мугалим жана окуучулар үчүн 2 мѳѳнѳткѳ ар түрдүү платформаларга акысыз интернет тарифтерине уланды.

Азыркы кырдаалга байланыштуу, ар бир кесиптин ээлери катары мугалимдер да келечек муундар учун бир топ кыйынчылыктарга карабастан озунун ак эмгеги менен билим берүүдѳ.
















-75%
Курсы повышения квалификации

Адаптивная физическая культура в условиях реализации ФГОС для лиц с ОВЗ

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Дистанттык окуу боюнча маалымат (1.87 MB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт