Меню
Разработки
Разработки  /  Информатика  /  Проверочные работы  /  9 класс  /  Билет Оивт информатика

Билет Оивт информатика

19.04.2020

Содержимое разработки



Билет №1

  1. Компьютердин негизги аткаруу милдеттери. Компьютердин курамдык бөлүктөрү жана алардын аткарган кызматтары.

  2. Алгоритм түшүнүгү. Алгоритмдин касиеттерин айтып бергиле.

  3. Алгоритмдерди берүүнүн графикалык ыкмаларын шарттуу түрдө белгиле.



Билет №2

  1. Информатика предмети эмнени окутат. Келип чыгуу тарыхы жана учурдагы абалы.

  2. Биз үчүн маалымат деген эмне? Бүгүн кайсы булактардан маалымат аласыӊар? Санап бергиле.

  3. Фотопленкада маалымат кантип сакталат?



Билет №3

  1. Маалыматтар же файлдар менен иштөө (өзгөтүү, топтоо, сактоо, издөө жана жиберүү).

  2. Маалыматты ченөөнүн алфавиттик ыкмасы.

  3. 1килобайт=1 Кб = канча байт бар?

1 мегабайт=1Мб=канча килобайт бар?

1гигабайт=1Гб= канча мегабайт бар?

Билет №4

  1. Эсептөө системасы деген эмне?

  2. Эсептөө системасынын түрлөрү жөнүндө айтып бергиле.

  3. Римдик системада цифралар катары латын тамгалары пайдаланылат.

Мисалы: I V X L, C, D, M булар кайсы цифралар?



1 5 10

Билет №5

  1. Модель. Моделдөө деген эмне?

  2. Матрица деген эмне? Экилик матрица деп эмнени айтабыз?

  3. Алгоритмдердин блок-схемалары.





Билет №6

  1. Паскаль тили качан пайда болгон жана анын автору ким?

  2. Ыйгаруу оператору деген эмне?

  3. Цикл командасы деген эмне? Цикл командасы кайсы учурда колдонулат?

Билет №7

  1. Компьютердин архитектурасы деген эмне?

  2. Компьютер адамдын кайсы мүмкүнчүлүктөрүн кайталап иштейт?

  3. Компьютердик программа деген эмне?

Билет №8

  1. Графикалык редактордун иштөө принциби жана мүмкүнчүлүктөрү.

  2. Системалык блоктун кандай түрлөрү силерге белгилүү?

  3. Эмне үчүн туруктуу эс ROM-эс деп аталат?

Билет №9

  1. Системалык шинанын милдетин түшүндүргүлө.

  2. Порттордун кандай түрлөрү болот жана алардын айырмачылыктары эмнеде?

  3. Персоналдык компьютердин аппараттык жабдылышы эмнелерди камтыйт?

Билет №10

  1. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү ким?

  2. Таш, папирус, китеп,дискета түшүнүктөрү өз ара кандай байланышта?

  3. Маустун башкача аталышы кандай?



Билет №11

  1. 1-эсептөөчү машинаны ким ойлоп тапкан?

  2. Компьютер термини англис тилинен келип чыккан. Эмне дегенди түшүндүрөт?

  3. Бирден 10,100,1000 эсе кичине болгон бирдиктер үчүн кандай кошумча сөздөр колдонулат?



Билет №12

  1. Клавиатура эмне кызмат кылат?

  2. Байыркы V кылымда Грецияда, Египетте эсептөө үчүн колдонулган түзүлүштүн аты?

  3. Кайсы эсептөө системсында 0 жана 1 саны гана кездешет?











Билет №13

  1. Эсептөө системасынын түрлөрү

  2. Рим цифралары кандай эсептөө системасына кирет?

  3. Математикада негизи канча болгон эсептөө системасы менен эсептөө жургузобуз?



Билет №14

  1. Негизи 7 болгон эсептөө системасында эӊ чоӊ сан кайсы?

  2. 1000 саны позициялык эмес эсептөө системасында (рим цифрасында) кандай жазылат?

  3. Бейсик тили кайсы жылы, кайсы өлкөдө түзүлгөн?



Билет №15

  1. Экранды тазалоочу оператор кайсы?

  2. Негизи 60 болгон системаны эмнелерди өлчөөдө колдонобуз?

  3. Чыгаруу оператору үчүн кайсыл кызматчы сөздү колдонобуз?



Билет №16

  1. Киргизүү оператору үчүн кайсы кызматчы сөздү колдонобуз?

  2. Эӊ алгачкы программалоо тили кайсы?

  3. Циклдин башына кайсыл кызматчы сөз жазылат?



Билет №17

  1. Бейсик тилинде шарттуу операторлор кайсы?

  2. Locate операторунда кайсыл белги кошулуп жазылат?

  3. Терс эмес сандын квадраттык тамырын кайсыл функция аныктайт?



Билет №18

  1. Mid оператору эмне кызмат аткарат?

  2. Информатикада маалыматты оптикалык иштетүү, кванттык электроника жана голография тармактары боюнча дүйнөгө белгилүү окумуштуу?

  3. Коомдогу маалыматтык процесстерди изилдеген илим.



Билет №19

  1. Алгоритм тилинин негиздөөчүсү ким?

  2. Мектепте окутулган программалоо тили кайсы?

  3. Натыйжаны чыгаруучу оператор кайсы?





Билет №20

  1. Паскаль программалоо тилинин автору?

  2. Эӊ биринчи программист ким болгон?

  3. Программалоону кайсы сөздөн баштайбыз?



Билет №21

  1. Программалоодо ар бир команда жазылгандан кийин кайсы пунктуациялык белги коюлат?

  2. Паскаль программалоо тили канчанчы жылы пайда болгон?

  3. Алгоритмдин графикалык түрдө берилиши кандай аталат?



Билет №22

  1. Компьютердин эсинин канча түрү бар?

  2. Персоналдык компьютердин мээси кайсы түзүлүш болуп саналат?

  3. Дисплей деген эмне?



Билет №23

  1. Түзүлүш принциби боюнча маалымат менен иштөөчү адамдын модели?

  2. Микропроцессор жана ички эс кайда жайгашкан?

  3. Компьютерге маалыматты киргизүүчү түзүлүштөр?



Билет №24

  1. Компьютерге кагаз бетинен маалыматты киргизүүчү түзүлүш?

  2. Схема, карталарды, көлөмдүү сүрөттөлүштөрдү түзүүгө арналган басуучу түзүлүш?

  3. Алгоритм термини кимдин атынан коюлган?



Билет №25

  1. Формула түрүндө алгоритмди берүүгө мүмкүнбү?

  2. Жөнөкөй командалардын бир сериясынан турган алгоритм?

  3. Блок –схемада иаанилерди кийирүү жана чыгаруу үчүн колдонулган фигура кайсы?



Билет №26

  1. Аткаруучунун тилинде жазылган алгоритм эмне деп аталат?

  2. Грек тилинен которгондо “тактайча” геометрия тилинде аталышы кандай?

  3. Эч кандай төрт амалды колдонбостон туруп 6666ны кантип бир жарым эсе көбөйтүп койобуз?



Билет №27

  1. Алгоритмди жазуунун биз канча ыкмасын колдонобуз?

  2. Алгоритмдин ишинин жалпысынан чектелген кадамдардын ичинде аякталышы бул алгоритмдин кайсы касиети болуп саналат?

  3. Айкындуулук,жалпылуулукалгоритмдин касиетине киерби?



Билет №28

  1. Компьютердин сырткы эми кайсылар?

  2. Схема, карталарды, көлөмдүү сүрөттөлүштөрдү түзүүгө арналган басуучу түзүлүш?

  3. Формула түрүндө алгоритмди берүүгө мүмкүнбү?



Билет №29

  1. Жөнөкөй командалардын бир сериясынан турган алгоритм?

  2. Информатикада маалыматты оптикалык иштетүү, кванттык электроника жана голография тармактары боюнча дүйнөгө белгилүү окумуштуу..



Билет №30

  1. “Компьютердик техника адамзаттын руханий дүйнөсү”-деп кайсы жазуучу айткан?

  2. Компьютердин программалык камсыздоосун чыгарган белгилүү ири компаниянын негиздөөчүсү ...

  3. Логиканын негизин түзгөн. Байыркы грек окумуштуусу атагыла?



















-80%
Курсы повышения квалификации

Использование информационных технологий в процессе обучения в условиях реализации ФГОС

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
800 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Билет Оивт информатика (171.27 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт