Меню
Разработки
Разработки  /  Родной язык и литература  /  Уроки  /  10 класс  /  Алыкул Осмоновдун лирикалары

Алыкул Осмоновдун лирикалары

29.02.2020

Содержимое разработки

Бобокко

Тооруй басып тосуп, чыгып жолумдан, Бурай кармап, майыштырып оңумдан, Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөөрдө

Таш боор өлүм тартып кетти колумдан… Күндөр болду ырас, аздым жүдөдүм Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн,

Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен, Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм… Олду бобок журок каны токтогон,

Бир жылт этип очкон чырак, Энесиндей эссиз эмес болуучу, Атасындай кекчил эмес болуучу.


Алыкулду окусам Сооронбай Жусуев

Акыл алам, таалим алам кыйладан,

Акыным коп мен жугунуп сыйлаган.

Анын бири-Алыкулду окусам,

Ырдан сурдоп, ыр жаза албай кыйналам.


Алыкулдун ыр китебин жабам да,

Жазсам десем-колум барбайм каламга.

Ал айтпаган ой калбаган ондонот,

Мен не жазып, не калтырам заманга.

Талант жактан ал Алыкул кен эле,

Тарг-тардай, кен кишиге кен эле.

Далай жылы чыдаса да илдетке,

Чабал созго чыдабаган неме эле.

Азыр кокус чыгып калсам алдынан,

Алар беле, албас беле немеге.


Алыкулга

Алыкулдай акын откон дуйнодон,

Отко салса жалынына куйбогон.

Мындай залкар кыска омурдун ичинде

Коп ыр жазды чыгармачыл сур менен.


Акын озу жыргап доорон сурбогон,

Омуру анын отуп бирге кол менен.

Кайда барса колду коруп жанындай.

Колдой сырдуу жолдош кутуп корбогон.


Кайран акын «отуз беш» жыл жашаган,

Ырлары анын болгон экен таза кан.

Эгер азыр тируу болсо Алыкул

Болот эле акындарга атаман.

Суйуу жонундо

Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту! Ансыз анан алтын өмүр толукпу? Ошондуктан эң биринчи ак сүйүү. Бермет, жакут, каухар кийип жолукту…

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума, Бул турмушта өлгөнчө бир болууга. Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен Кош деди да? от карматты колума.

Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда, Ант бериштик өмүр байлап көп жылга Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен, Жашырынды жылан таштап мойнума…

Орулуу акын

Ойго жакын Ооруп алсыз олтурат. Акын, акын Акын баркын – Өлүм билбей кол сунат.

Оорулуу акын  Сөздөрү алтын Алсыз, жалгыз олтурат.

Кантсин акын, Ак кагаздын бетин ырга толтурат.

Оорулуу акын Омур артын Калемине калтырат,

Билген достор Жан жолдоштор Эстесин деп бир бурак.

Оорулуу акын Ойлоп баккын, Бизден журтка не калат?

Биз олорбуз Бирок очпос-Жазган ырлар торт сабак.

Мен кыргыздын акыны

Ким берсе да жакшы берген бактымды,

Ким койсо да жаман койгон атымды

Ушакчыдан: не кылам деп сурасам,

-Беш тыйынга мага сат дейт данкынды!

Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымды?

Чанга салып жутаар кезде:

Заар тилин куйкалачу, Мен кыргыздын акыны.

Карлуу куну берсе керек бактымды

Аяз куну койсо керек атымды.

Ич арамдан: не кылам деп сурасам,

Бир тыйынга мага сат дейт данкынды!

Сатам! Алсын! Кайдан билсим баркымды?

Кантка салып жутар кезде

Кара конлун куйкалачу, Мен кыргыздын акыны.

Таш идишке куйса керек бактымды,

Таты идишке куйса керек атымды,

Кароолчудан: не кылам деп сурасам,

Балам алсын бекер бер дейт данкынды,

Берем! Алсын! Сатпайм кадыр баркымды,

Уйчу, койчу, кетменчинин

Менмин кымбат акыны.



Кундор жана лирика

Жаратылыш сенде кандай кубулуш, Оз бооруна кучакталган бул турмуш. Жаз алдында жаны ачылган гулдордой, Кундо алдындан гулдуу кундор болот туш.

Ар бир кундун озунчо го жаштыгы, Жарашыктуу кулку, оюн, шылдыны. Сонун акыл , сонун суйуу туулат, Зымырылып кууган сайын жыл-жылды.

Кун сен нурлуу, ай бактылуу тие бер, Жалгыз гана жарашыктуу биздин жер. Жардай ысык биздин кунду корушсун, Кайгысы жок эл бар экен дегендер.

Кун сен нурлуу, ай бактылуу тие бер, Жалгыз гана жарашыктуу биздин жер. Шаттык кулку, жашчылыктын ичинде, Сен да жыргап, туула бер жаш кундор

Менин уйум

Уйум сонун, ойдогумдай кен турам,

Ырыскымдан ыраазылык соз угам.

Тун жармында из жашырган уурудай

-Ким ой бул? Тереземди тырс, тырс урган Тырс урган?

_Жакырчылык сен белемсин?

Мен бир убак коломтондо жылынгам:

Болду эми жетет, ары кет, Киргизбейт сени,

Эшигимде доботум бар жулунган

Кет ары, кет ары. Кет ары менден ант урган.


Уйум таза мыкты жашайм, бай турам,

Досторуман жылуу, сылык соз угам.

Тун жармында мени уйкудан чоочутуп

-Киим ой бул? Тереземди тырс, тырс урган Тырс урган?

-Учук оору сен белемсин?

Мен бир убак очогунда жылынгам.

Болду эми жетет, ары кет! Киргизбейм сени

Эшигимде доботум бар жулунган.

Кет ары, кет ары, Кет ары менден ант урган.


Оокатым мол, мейман кутом, март турам.

Тилегим ак: уу сунганга бал сунам.

Тун жармында, суттуу уйкуман чочутуп,

-Ким ой бул? Тереземди тырс, тырс урган Тырс урган?

-Тынчтык омур, сен белемсин?

Мен ар убак суунду ичип кулпургам!

Кел бери, Мен жалгыз: аял, баласыз

Аял менен ыркым келбес, мен урган!

Мейли сокур, додой бала туусан да,

Антым ушул: олгонумчо сени менен бир турам.

Неге кечигет.

Эсимде, бир жолу эмес, нечен ирет Бул айда тоо боорунан гул терчу элек. А быйыл… кун жылыбайт, жер тегиз кар, Шумдук ай , неге мынча жаз кечигет.

Алда эмне? Алмаштырып сан кылымды, Озгорбой келе берип ар бир жылы, Же биздин каршы келип бактыбызга, Алсырап, жол журо албай чарчадыбы?

Анда эмне? Жашообуздун негизгиси, Келатып бир кырсыкка кезиктиби? Болбосо уй алдында гулдору аз деп, Же бизге таарынуунун белгисиби.

Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган Жогорку уч себеп тен бирдей жалган.Эмесе кечигуунун чын себеби. Немистин уу огунан жараланган.

Созу эм соолоту дем торт тарабы топ даанышман, куйкум кептин чебери Куйручук козу ачыктык касиети болгон экен. 1939-жылы кыргыздын алгачкы акын жазуучулары менен жолугуп, Алыкулга айткан экен.

- А балам, сенин жолунду боз чалып турат. Тируундо жакшылык корбойсун, бирок кийин арбагын чон болот дептир

Ал тируундо ким менен жакын эле? Кубанычбек Маликов менен жакын болчу. Жаш кезинде ошонукунда жатып журчу кийин ошол каралашкан

Жазуучуларыбыз акын жонундо:

Байдылда Сарногоев: Биз акындар жылдыз болсок коктогу, Анда Алыкул жылдыздардын чолпону.


Кыргыз адабиятында Алыкул деген соз-нукура поэзия деген соз.

Баратбай Аракеев.

Эгер Ысык-Колго тил бутсо, озун тунук поэзияга чайкап, жарык дуйного даназалаганы учун эн биринчи Алыкулга айтат эле.

Анындын «Парпер» деген калем сабын ыйык корчу. Жанынан тушурбой жургонун таанышканыбыздан бери билчумун Аны мончодон костюму менен уурдатып жиберген. Уурдаткан кийимине кайгырбай ошол «Парперине» катуу кайгырган.


Каламга

Сен жолдошум, кен кубатым, сен бактым.

Ашык болуп, издеп журуп мен таптым.

Колуктумдан мурда суйуп озунду,

Оз жанымдын жармысынан жараттым.

Чырагымсын, айсыз тундо адашпайм, Ынагымсын, жан чыккыча тарашпайм

Дуркурогон доолотумсун каламым Вашингтон долларына алмашпайм.


.Заман кучтуу , куч чак келбейт алдына Заман дайра, аккан катуу агымга .

Бул турмушта нечен кыйын жол бастык, Дагы кыйын жолдор жатат алдыда.


Мына ушундай улуу жолдо баратып, Кезек менен кундор батып, тан атып

Кутулбогон бир мезгилде, туболук Эгер олум, мени кетсе уктатып.

Ошол замат арта салып мойнуна,

Тез чуркап жет, кен ороондун боюна.

Коп ыйлабай, капаланбай коомп кой,

Ысык-Колдун толкун чачкан боюна.

Кол шарпылдап толкундарын таратсын,

Толкундары мени карай баратсын.

Жур королу: кыргыздын бир акыны

Уктап жатат…, уктап жатат, деп айтсын.





-75%
Курсы повышения квалификации

Занимательное искусствознание: как научить школьников понимать искусство

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Алыкул Осмоновдун лирикалары (52.5 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт