Кош келиңиздер!!!
Тема: Мектепте жана үйдө « акыл эмгегинин» маданияты
Чогулуштун жүрүшү:
- китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу;
- мектептин күн тартиби менен тааныштыруу;
- ата-эне комитетин шайлоо;
- класстык саатарды ата-энелердин өтүшү;
- ийримдер;
- чөнтөк телефондор, акча, кошумча тамак;
- ар түрдүү маселелер;
- Бул жашоодо мен эмнеге жетишсем, ошонун баары китеп окууга байланыштуу.
Ричард Бах
- Баланы китеп окууга көндүрүү- сиздин ага мурас катары калтырып кеткен белекке барабар.
С.Лупан
- Чоңдордун эң башкы милдети- өздөрүнөн кичүү муундардын китеп окууга болгон шыгын арттыруу
С.Я.Маршак
ж
ж
Үй бүлө менен чогуу окушат
Журнал окушат
Гезит окушат
жылына 1 жолу
Системалуу түрдө окушат
Катасыз, туура жазууга үйрөнөт.
Тарбиясы жакшырат.
баланын сөз байлыгы, кеп маданияты өнүгөт.
Китеп окуунун 5 себеби
Окуучу эмоционалдык жактан( каармандарга баа берүү, алардын кубанычын, кайгысын чогуу тартуу менен) өнүгөт.
Акыл маданияты өнүгөт.
- Баланын китепке болгон кызыгуусун мажбурсуз ишке ашырат.
Үй бүлө менен бирдикте китеп окуунун кээ бир себептери:
- Бала үй бүлөөгө үнүн чыгарып китеп окуп берүү менен бирдикте, бат окуусу жана үн кубултуп окуусу жакшырат.
- Китепти талкуулап жаткандагы аңгемелешүү,
баарлашуу үй бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилени жакшыртат.
- Бала түшүнбөгөн жерлерин улуулардан сурап биле алат, ошол эле учурда ата-эненин авторитети көтөрүлөт.
- Балада алдыга умтулуу, үйгө баруу кызыгуусу артат.
- Чогуу окуу менен ата-эне баласы жөнүндө көп , жакшы маалыматтарды биле алат.
Кандай аракет жасашыбыз керек?
- Күнүгө 10-15 мүнөт китеп окууга аракеттениңиз.
- Окуучуга кызыктуу болгон китептерди сатып бериңиз, өзүңүзгө эмес.
- Баланы китепке бөлөңүз.
- Жай жана катуу окуңуз.
- Китептерди көп-көп окуңуз.
- китепти окууга абдан мажбур жасабаңыз.
- Китепке болгон кызыгууңузду көрсөтүңүз.
- Өзүңүз журнал, газета оку менен балага үлгү болуңуз.
Китепти кандай колдонуу керек?...
- Китеп үйдө тийбей турчу буюм катары турбашы керек
- Китепти терезе ачууда же бир нерсени жогорулатуу максатында колдонулбашы керек(столдун астына коюу ж.б.)
- Китептердин барагын айрыбашы керек
- Окуучу менен бирдикте окуу керек.
- Баланын жаш курагына жараша тандалышы керек.
мугалим
окуучу
ата-эне
Акыл маданияты
Ата-эненин сүйүүсү- бул окуучунун эмоционалдык талабын канаатандыруу (кайгысын, кубанычын чогуу бөлүшүп, анын жашоосуна кызыгуу)
Чектөө сүйүүсү
(сенин жетишкендигин үчүн гана)
Кайтарым байланышсыз сүйүү (ашыкча)
Сатып алуу сүйүүсү
(акча менен байланыштыруу)
Чыныгы ата-эне сүйүүсү кандай болуш керек?
Изилдөөлөр боюнча 1 күндө ата-энелер баласына 17 мүнөттүк гана чыныгы мээрим төгө алат.17 мүнөттө балага эмне берсе болот?
Жакшы көрүү -анын жетишкендигинен; -окуучунун кебетесинен; -жетишпегендигинен; -анын жөндөмүнөн; -алган баасынан; -берген жардамынан; -анын бүгүнкү жасаган ишинен көз каранды болбош керек.
Ата-энеге сунушталган кээ бир кеңештер........
- Эң биринчи мактоодон баштайлы.
- Ал ката кетирсе кечке кайталап, таамай айтпастан кыйытып түшүндүруп айтыңыз.
- Бирөөнү күнөөлөгөндөн мурун, өзүңүздөн издеңиз.
- Буйрук иретинде сүйлөбөстөн суроо иретинде сүйлөңүз.
- Өз катасын жоюга шанс бериңиз.
- Баланын бир аз болсо да жетишкендиктерин чын жүрөктөн, адилеттүү мактап туруңуз.
- Бардык нерсени жоюуга жана жеңүүгө мүмкүн экендигин өзүңүз үлгү болуп көрсөтүңүз.
- Окуучуну түшүнүш үчүн анын ордуна өзүңдү коюп көрүңүз
- Ага үлгү болуш үчун айткан сөзүңө тур, жана туура эмес иштерди мага боло берет деп жасаба
- Өзүңүз жаш чагыңызда жетишпей калган нерсени балаңызга таңуулабоо, анын көңүлү барбы,кызыгабы, ошого көңүл буруңуз
- Бала менен эс алууга көп чыгыңыз
- Сөз берсеңиз аткарыңыз
- « 2» алып келгендиги үчүн жазалабаңыз
- Окутуп жаткандыгыңыз үчүн баланы кыжалат кылбоо
- Өзуңүздүн жеке иштериңизге кошпоо (ватсапт)
Үй тапшырма
- Эс тутумду жакшыртат
- Туура ойлонууга көмөкчү болот
- Жоопкерчиликтүү болууга үйрөтөт
- Чыгармачылыкты өнүктүрөт
- Убакытты баалоону үйрөтөт
Балаңыз
Үй тапшырманы аткараарда өзүнө сөзсүз максат койсун. Мисалы: «Мен бул тапшырманы аткарам жана эң жакшы жетишкендиктерге ээ болом»
Үй тапшырманы ошол күндө белгилүү бир убакытта аткарууга аракет кылсын.
Үй тапшырманы аткаруу үчүн белгилүү бир орду болсун..
Тапшырмаларды оз алдынча аткарууга аракет кылсын (сиз козөмөлдөп, багыт берсеңиз болот)
Оозеки жана жазуу турүндө берилген тапшырмаларды кезеги менен аткарсын
Жумасына бир жолу кирген сабактардан үй тапшырманы бош болуп калган учурунда аткарып, кийин кайталап койсо болот.
Үй тапшырма учурунда «сенин колуңдан келбейт» деген сөздөрдү колдонбоого аракеттениңиз
Өзүңуз жумуштан чарчап келсеңиз, ал жагдайды балага туура түшүндурүңүз
«Мен сени жакшы көрөм, биз сени ар дайым колдойбуз, бардык нерсени жеңсе болот»