ЖРТ га даярдануу
Список вопросов теста
Вопрос 1
Сеп бул.....
I. көркөм буюмдардын жыйнагы
II. электро-техникалык буюмдар
III. кыз төрүнүнөн барган буюм- тайымдар
IV. эки тарап үчүн арналган кийиттер
Варианты ответов
- I, IV
- I, III
- II гана
- I, III, IV
Вопрос 2
Кыз себинин эң негизгиси?
Варианты ответов
- кыздын асем буюмдары (сөйкө, чачкеп, кептакыя )
- ак өргөө
- элдик өнөрдүн уюткусу
- ар тарап үчүн берилген кийит
Вопрос 3
Тестиер кыздын узчулуктун учугун саптап узануусуна кимдер түрткү болгон?
Варианты ответов
- усталар
- эне менен эже
- үй ээси
- өзү эле
Вопрос 4
15-саптагы “ага атайын үй көтөрүп....” деген ой кимге багытталган?
Варианты ответов
- күйөөгө узап жаткан кызга
- кыз алуучу күйөө балага
- кыз буюмун даярдаган уздарга
- кыз жасалгаларын даярдаган устага
Вопрос 5
Өзүнүн сеп буюмдарын даярдоого катышкан кыздын артыкчылыгы эмнеде?
Варианты ответов
- элдик чеберлердин нускоолорунун аркасында узданууга максаттангандыгында
- турмуш жолун эртерээк баштоого багыт алгандыгында
- сеп даярдоого адистешкендигинде
- теңтуш кыздары менен атаандашкандыгында
Вопрос 6
Текст боюнча, айыкпас ооруга айланып кеткен жаман адат катары эмнени баалайсың?
Варианты ответов
- кыз-келиндердин мал сыяктуу сатылып келгендигин
- эскиликти үгүттөп, эл арасына таратууну
- эски деп, элдик нусканы, үлгү, керээзди жеригендигибизди
- асмандан түшө калган кербездигибизди
Вопрос 7
“Мыктылар ошол эскиден чыгат” деген сүйлөмдү кандай түшүнөсүң?
Варианты ответов
- баба салтын аздектеп келген карыялардын демөөрүн
- баба салтынын бекемдигин, муундан-муунга сакталып келген өзгөчөлүгүн
- эл башын бириктирген аксакал карыяларды
- сеп буюмдарын
Вопрос 8
“Көчкөндө көчү жылдыздай, көрпө ичиги кундуздай” деген саптардан эмнени түшүнөсүң?
Варианты ответов
- салыштыруунун күчтүүлүгүн
- көч үстүндөгү кыздын сулуулугун
- кыргыз элинин салтынын, өнөрүнүн табийгат менен шайкеш келген өзгөчөлүгүн
- Казалчы Казыбектин ички психологиялык маанайын
Вопрос 9
45-60-саптардагы Казыбектин акындык толгонуулары кайсы варианттагы жыйынтыкка туура келет?
Варианты ответов
- эскичил заманды сагынып, анын ордун жоктоо
- жашы өтүп кеткен адамдын жаштык кезге болгон кусасын чагылдыруу
- кыргыз элинин сөзгө бай, чечендигин даңазалоо
- кыргыз элинин пейили, өнөрү, салты жуурулушуп, руханий байлык экенин даңазалоо
Вопрос 10
Колдонмо өнөрү тууралуу конференциянын жүрүшүндө сеп даярдоо боюнча коюлган маселенин оң чечилишине ким жооптуу?
Варианты ответов
- эне, чоң эне
- чоңдордун бардыгы
- акимчилик
- мамлекеттик эмес уюмдардын колдоосу
Вопрос 11
78-79-саптагы сүйлөмдөрдөн эмнени түшүнүүгө болот?
Варианты ответов
- кызынын жүк бурчунан эле узчулуктун башатынан даам сызганын
- ата кызынын чоркоктугу үчүн энесин камчы менен сабаганын
- узчулукка үйрөнүүнү эне кызына кичинесинен эле үйрөтүү, тарбиялоо керектигин
- кызынын өнөрлүү болушуна атанын таасири бар экендигин
Вопрос 12
Кызынын эчтекеге эби жок экендигин эмне билдирүүчү?
Варианты ответов
- колунан иш келбеген чоркоктугу
- атанын кыйытып айткан сөзү
- энесинин эпсиздиги
- кыздын эркелиги
Вопрос 13
Сеп кармабоо, тексттин мазмуну боюнча, эмнеге алып келет?
Варианты ответов
- азыркы кыргыздын заңгыраган заманбап стилине
- жаштардын бузулушуна
- улуттук татым, элдик мүнөздүн жоголушуна
- сылыктыкка, сыпайчылыкка
Вопрос 14
Текст боюнча, улуттук наркты сактаган жөрөлгөлөр кайсы өрөөндөрдө сакталып келет?
Варианты ответов
- Түндүк Кыргызстанда
- Түштүк Кыргызстанда
- Чүй өрөөнүндө
- Нарын, Талас аймактарында
Вопрос 15
Өз тамырыбызга өзүбүз балта чаап жатканыбыз эмнеде?
Варианты ответов
- ата салтын, эне таберигин колдобогондугубузда
- батыш стилин туурабагандыгыбызда
- сеп кармабагандыгыбызда
- эл-жерди унутканыбызда
Вопрос 16
16-20-суроолор: Текст боюнча, алды сызылган сөздөрдүн маанилерин аныктагыла:
жагымдуу жагдайлары
Варианты ответов
- сүйкүмдүү
- уккулуктуу
- пайдалуу
- жагымы бар
Вопрос 17
чоркок болуп калуу
Варианты ответов
- эпсиз
- орунсуз
- ыктуу
- шыктуу
Вопрос 18
жышаандар бат эле айыл аралап кетет
Варианты ответов
- ушак көп
- баам
- кабар
- икая
Вопрос 19
бүйүрүбүздү кызытат
Варианты ответов
- убайым тарттырат
- салтты элестеттирет
- жан-дүйнө козгойт
- кызыктырат
Вопрос 20
ыйбаа кылуу
Варианты ответов
- уялуу
- адеп сактоо
- кичи пейилдик кылуу
- тартиптүү болуу
Вопрос 21
Кыз узатуу үлпөтү качан өткөрүлөт?
Варианты ответов
- кыз алгач төркүнүнөн узаганда
- кыз барган жердеги алгачкы күнү
- кудалардын биринчи жүз көрүшүүсүндө
- жайлоодо мал семирген чакта
Вопрос 22
Өз-өзүнчө өргөөлөр кимдер үчүн тигилген?
Варианты ответов
- кыз узатуучу туугандар үчүн
- күйөө бала жана күйөө жолдоштор үчүн
- конок күтүүчүлөр үчүн
- жаштар үчүн
Вопрос 23
- Эмне үчүн күйөө жолдоштор колдон суурулган азаматтардан болгон?
I. Шоктугу кыз узатуу учурунда зарыл болгон үчүн
II. Ар кандай кыз оюндарына катышуу үчүн
III. Кыз оюндарын жандандыруу үчүн
IV. Кыз берген айылдын шарттарын аткаруу үчүн
Варианты ответов
- I гана
- II, III
- II, III, VI
- III, VI
Вопрос 24
Текст боюнча, “Жар-жар” ырын кимдер аткарышкан?
Варианты ответов
- ырчылар
- кыз-күйөө
- жеңелер
- күйөө жолдоштор
Вопрос 25
Кыздын шөкүлөсү төркүнүнө эмне үчүн кайтарылат?
Варианты ответов
- келин тою башталган үчүн
- сиңдисине бериш үчүн
- шөкүлөнү кийүү ыңгайлуу болбогон үчүн
- тойдун аякталгандыгын билдирүү үчүн
Вопрос 26
26-27-суроо: текст боюнча, асты сызылган сөздөрдүн маанисин аныктагыла.
Өз жөрөлгөлөрүнөн тарып барууда.
Варианты ответов
- батпай калуу
- азаюууда
- кыскарууда
- кемип барууда
Вопрос 27
Колдон суурулган азаматтар
Варианты ответов
- тың, шайдоот, шамдагай
- колунан көөрү төгүлгөн
- алдуу – күчтүү
- Жолтоолук, тоскоолдук кылган
Вопрос 28
Жеңелер зер жасалгаларын кайда тагат?
Варианты ответов
- кызга
- кыздын кийим-кечесине
- кыздын чачына
- кыз минчү атка
Вопрос 29
Текст аркылуу автор эмнени айткысы келген?
Варианты ответов
- кыз узатуу үлпөтүнүн тарыхын
- кыз узатуу үлпөтүнүн жүрүшүн
- кыз узатуу үлпөтүнүн көп убакытты ала тургандыгын
- кыз узатуу шаан-шөкөтүндө улуттук татымдын болуусун
Вопрос 30
Автордун бүгүнкү күндөгү кыз узатуу үлпөтүнө байланыштуу кыжаалаты кайсы вариантта?
- тойдо ичкиликке басым жасалганы
- үйлөнүү тойлорунун батыш стилинде өткөрүлгөнү
III. кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына шайкеш жөрөлгөлөрдүн сакталбаганы
IV. үйлөнүү тойлорунун айлап берилбегени
V. ала качуу, ачуу басар, кууп баруу өңдүү жөрөлгөлөрдүн болушу
Варианты ответов
- I, II
- IIIгана
- IV, V
- I, II, III, V