Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жонундо
Список вопросов теста
Вопрос 1
Жарандардын кайрылуусу деген эмне?
Варианты ответов
- жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки формада баяндалган сунуш, арыз, даттануу
- оозеки даттануу
- жазуу жузундогу кайрылуу
Вопрос 2
Арыз бул-
Варианты ответов
- адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралу жарандын өтүнүчүн камтыган кайрылуу, же болбосо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу, ошондой эле аталган органдардын жана кызмат адамдарынын ишиндеги кемчиликтер жөнүндөгү билдирүү
- жарандын өзүнүн конституциялык укуктары менен эркиндиктерин же башка адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралу жарандын өтүнүчүн камтыган кайрылуу, же болбосо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу, ошондой эле аталган органдардын жана кызмат адамдарынын ишиндеги кемчиликтер жөнүндөгү билдирүү
Вопрос 3
КР Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жонундогу мыйзам качан кабыл алынган?
Варианты ответов
- 2000-жылдын 4-майы № 67
- 2007-жылдын 4-майы № 67
Вопрос 4
Жарандардын кайрылууларын кароонун негизги принциптери:
Варианты ответов
- 1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо; 2) мыйзамдуулук, демократиялуулук, жеткиликтүүлүк; 3) кайрылууларды кароонун милдеттүүлүгү; 4) кайрылуулардын өз убагында каралышы, калыстыгы жана толуктугу; 5) кайрылууларды караган учурдагы жарандардын теңдиги; 6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик; 7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.
- 1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо; 2) мыйзамдуулук, демократиялуулук, жеткиликтүүлүк; 3) кайрылууларды кароонун милдеттүүлүгү; 4) кайрылуулардын өз убагында каралышы, калыстыгы жана толуктугу; 5) кайрылууларды караган учурдагы жарандардын теңдиги;
Вопрос 5
Жашы жете элек же аракетке жондомсуз адамдардын кызыкчылыктарындагы арыз, даттанууларын кимдер бере алат?
Варианты ответов
- ар бир инсан оз кызыкчылыгын озу гана коргоп, арыз , даттануу бере алат
- алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлдүк жана камкордук органдары берүүгө укуктуу
Вопрос 6
Жарандардын элекетрондук кайрылуулары келип тушкондон кийин, канча кундун ичинде кайрылууну кароого алгандыгы же аны кароодон баш тартылганы жонундо билдируу-кабарлама жонотуу керек?
Варианты ответов
- 3 кун
- 5 кун
- 1 кун
Вопрос 7
Электрондук кайрылууну алган кызмат адамы, кайрылуунун маани-манызын кандай жолдор менен тактайт?
Варианты ответов
- электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу
- электрондук кат алышуу жолу менен кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу
Вопрос 8
Электрондук кайрылууга жоопту жонотуу тартиби?
Варианты ответов
- электрондук дарегине жооп жонотуу
- электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жөнөтөт
- жарандын корсоткон дарегине жазуу жузундо жооп кат жонотуу
Вопрос 9
Кызмат адамы кандай электрондук кайрылууларды карабай коюуга укуктуу?
Варианты ответов
- ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү
- ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды
Вопрос 10
Тиешелуу кызмат адамдары, жетекчилер жарандардын оздорун кабыл алууга милдеттуулугу кандай?
Варианты ответов
- жарандарды жумасына бир жолудан кем эмес өздөрү кабыл алууну өткөрүүгө милдеттүү
- жарандарды жумасына эки жолудан кем эмес өздөрү кабыл алууну өткөрүүгө милдеттүү
Вопрос 11
Республиканын алыскы райондорунан келген жарандар...
Варианты ответов
- алдын - ала катоо журналына жазылып, кезек алуусу керек.
- кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ. Кабыл албай коюуга жол берилбейт.
Вопрос 12
Кызмат адамына келип тушкон жазуу жузундогу кайрылуу ...
Варианты ответов
- келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
- келип түшкөн учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Вопрос 13
Тушкон кайрылуулар канча кундун ичинде каралат?
Варианты ответов
- кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат
- кайрылуу катталган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде каралат
Вопрос 14
Жарандын кайрылуусун кароодо текшеруу (экспертиза), кошумча материалдарды суратуу же башка чараларды коруу зарыл болгон учурда кайрылууну кароо мооноту ...
Варианты ответов
- 30 календардык күндөн ашпайт
- 20 календардык күндөн ашпайт
- 25 календардык күндөн ашпайт
Вопрос 15
Жарандар кайрылууну кайсы тилде бериши керек?
Варианты ответов
- мамлекеттик, расмий же Кыргыз Республикасынын элдеринин башка кайсы тилинде болсун кайрылууга укуктуу
- мамлекеттик же расмий тилде гана берууго укуктуу
Вопрос 16
Кайрылууга жооптор ...
Варианты ответов
- Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуунун тилинде гана берилет.
- Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуунун тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.
Вопрос 17
Кандай кайрылуу тоголок кат деп таанылып,каралууга жатпайт?
Варианты ответов
- Жарандын аты-жөнү жана жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуу
- жазуу жузундогу кайрылуунун мазмуну тушунуксуз, маани-манызы дайынсыз болсо.
Вопрос 18
Каралган кайрылуулар каякка топтолот?
Варианты ответов
- кайрылуулар жооптордун көчүрмөлөрү менен, аларды сактоонун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен архивге сактоого өткөрүп берилет
- кайрылуулар жооптордун көчүрмөлөрү менен, аларды сактоонун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен жетекчинин иш кабинетинде тиркелип турууга милдеттуу
Вопрос 19
Кайра кайрылуу кандай учурда болот?
Варианты ответов
- Жаран кайрылууну кароонун натыйжасы боюнча алынган чечимге канааттанбаган учурда ал чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу
- Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар ушул Мыйзамда каралган тартипте каралууга тийиш
- Мыйзамда белгиленген тартипте жооптор берилсе
Вопрос 20
Жарандардын кайрылууларын кароодо эмнеге тыюу салынат?
Варианты ответов
- кызмат адамын сындоо менен кайрылган адамды же туугандарын куугунтуктоого жана жарандын жеке жашоосуна тиешелуу маалыматтарды анын макулдугусуз коомчулукка жарыялап жиберууго тыюу салынат.
- кайрылууну карабай коюуга тыюу салынат
- кайрылууну кароо моонотун кечендетип, создуктурууга тыюу салынат.
Вопрос 21
Кайрылууну кароодо кызмат адамынын укугу...
Варианты ответов
- жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда уят-сыйытсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөр айтылса, кызмат адамынын, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч туудурса, кайрылууну анда коюлган маселелердин маани-маңызы боюнча жоопсуз калтырууга жана кайрылууну жөнөткөн жаранга бул тууралу билдирүүго
- алкка, эмгек жамааттарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн абалы жөнүндө маалымат берүүгө
- жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик башка органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын же башка кызмат адамынын кароосуна жөнөтүлгөндө, зарыл болгон учурда аталган органдардан же кызмат адамынан жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндөгү документтерди жана материалдарды суратып алууга
- Кайрылуу кандай болгон учурда дагы жоопсуз калтырылууга тийиш эмес.
Вопрос 22
Кайрылууну кароого кабыл алуу же аны тиешелуу жактарга жонотуу, арыз ээсине кимге кайрылуусу керек экендигин тушундуруу кызмат адамынын ...
Варианты ответов
- милдети
- мумкунчулугу
- жоопкердиги
Вопрос 23
Кайрылуу боюнча кандай чечимдер болот?
Варианты ответов
- кайрылууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу
- кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу
- коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү
- жонотулгон жоопту же аткарылган , чечилген маселе боюнча отчет беруу
Вопрос 24
Эгерде жаран кайрылууда билип туруп, жалган маалыматты корсотсо...
Варианты ответов
- кайрылууну мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын же кызмат адамынын кароосуна байланыштуу кеткен чыгымдар соттун чечими боюнча ошол жарандын эсебинен өндүрүп алынышы мүмкүн.
- Мыйзам чегинде жоопко тартылышы мумкун
Вопрос 25
Кызмат адамы кайрылууну кароодо укук ченемсиз баш тартса же негизсиз жоопту, анык эмес маалыматтарды берсе ...
Варианты ответов
- Мыйзам чегинде жоопко тартылышы же кызмат ордунан четтетилиши мумкун
- жарандын тарткан чыгымдары мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же кызмат адамынан соттун чечими боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн