Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Турактуу электр тогунун закондору - 4

Турактуу электр тогунун закондору - 4

Avatar
09.11.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Турактуу токтун жумушу жана кубаттуулугу темасы боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Учтарындагы чыңалуусун өзгөртпөстөн өткөргүчтүн каршылыгын      10 Ом дон        20 Ом го чейин көбөйтсө, R каршылыгында бөлүнүп чыгуучу кубаттуулук канча эсе өзгөрөт?

Варианты ответов
  • 2 эсе азайат
  • 4 эсе азайат
  • өзгөрбөйт
  • 4 эсе көбөйөт
  • 2 эсе көбөйөт
Вопрос 2

Каршылыгы 20 Ом болгон өткөргүчтө 30 с ичинде 2400 Дж жылуулук бөлүнүп чыкса, өткөргүчтөгү ток күчү кандай?

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 15
Вопрос 3

Электростанциялардан алынуучу энергия   кВт∙саат   менен ченелет.

1 кВт\(\cdot\)саат =.....

Варианты ответов
  • 1кВт\(\cdot\)саат = 1 Дж

  • 1кВт\(\cdot\)саат = 1 кДж

  • 1кВт\(\cdot\)саат = 3,6 МДж

  • 1кВт\(\cdot\)саат = 3600 Дж

  • 1кВт\(\cdot\)саат = 500 Дж

Вопрос 4

Кайра түргөндө электр ысыткычынын спиралынын узундугу баштапкы узундугунан 0,1 ге кыскарды. Бул учурда ысыткычтын кубаттуулугу ... өзгөрдү.

Варианты ответов
  • 1,25 эсе
  • 1,1 эсе
  • 0,9 эсе
  • 0,81 эсе
  • 1,4 эсе
Вопрос 5

Каршылыгы 10 Ом болгон өткөргүчтөгү ток күчү 1 А ден 3 А ге чейин көбөйсө, анын кубаттуулугу канча эсе өзгөрөт?

Варианты ответов
  • 9 эсе көбөйөт
  • 3 эсе көбөйөт
  • 0,9 эсе
  • 9 эсе азайат
  • 1,4 эсе
Вопрос 6

220 В тук чыңалууда иштеген электр суу ысыткычы аркылуу күчү 4 А болгон ток өтөт. Ал 14 минутада  сууну 200С ден 1000С ка чейин ысытат. Суунун массасы кандай? Суунун салыштырма жылуулук сыйымдуулугу  4200 Дж/кг0С.

Варианты ответов
  • 1,1
  • 2,2
  • 4,2
  • 6,4
  • 8
Вопрос 7

Беш каршылык   R1 = 2 Ом,   R2 = 4 Ом,   R3 = 6 Ом,   R4 = 8 Ом,   R5 = 10 Ом      өз ара удаалаш туташтырылган. Булардын кайсынысында жылуулук көп бөлүнүп чыгат?

Варианты ответов
  • R1
  • R2
  • R3
  • R4
  • R5
Вопрос 8

Беш каршылык R1 = 2 Ом, R2 = 4 Ом, R3 = 6 Ом, R4 = 8 Ом, R5 = 10 Ом   өз ара жарыш туташтырылган. Булардын кайсынысында жылуулук көп бөлүнүп чыгат?

Варианты ответов
  • R1
  • R2
  • R3
  • R4
  • R5
Вопрос 9

3 А ток өтүп жаткан электр плиткасында 5 с ичинде 3600 Дж жылуулук бөлүнүп чыгат. Плитанын спиралынын каршылыгы кандай?

Варианты ответов
  • 40
  • 60
  • 80
  • 100
  • 120
Вопрос 10

Каршылыктары ар кандай болгон эки  R1 жана R2  спиралдары берилген. Аларды U чыңалуу булагына өз ара кандай (жарыш же удаалаш) туташтырган учурда жалпы бөлүнүп чыккан  жылуулук саны (бирдей эле убакыт ичинде) көп  болот?

Варианты ответов
  • удаалаш
  • жарыш
  • бирдей
  • эгерде R1> R2 болсо – удаалаш
  • эгерде R1 < R2 болсо - жарыш
Вопрос 11

ПАК 80% болгон электровоз кубаттуулугун 2400 кВт ка дейре өстүрөт. Эгерде чынжырдагы чыңалуу 6 кВ болсо, электровоздун мотору аркылуу кандай ток өтөт?

Варианты ответов
  • 1500 А
  • 500 А
  • 1000 А
  • 400 А
  • 800 А
Вопрос 12

 Кадимки ток булагынан иштеген электр самоорунун эки спиралы бар. Бирөөнү туташтырганда суу 12 минутада, ал эми экинчисин туташтырганда суу 24 минутада кайнайт. Эки спиралды удаалаш туташтырганда суу канча убакытта кайнайт?

Варианты ответов
  • 8
  • 12
  • 18
  • 24
  • 36
Вопрос 13

Ички каршылыгы 1,5 Ом болгон элемент, каршылыгы 3,5 Ом болгон сырткы чынжырга туташтырылган. Сырткы чынжырдагы чыңалуу 14 В. 5 с ичинде элементте кандай жылуулук бөлүнүп чыгат?

Варианты ответов
  • 60
  • 120
  • 180
  • 240
  • 300
Вопрос 14

ЭККсы 24 В, ички каршылыгы 1 Ом болгон ток булагына бири-бирине удаалаш туташтырылган эки резистор кошулат. Биринчисинин каршылыгы   2 Ом, ал эми экинчисиники 3 Ом. 10 с ичинде биринчи резистордо канча жылуулук бөлүнүп чыгат?

Варианты ответов
  • 24
  • 120
  • 240
  • 320
  • 460
Вопрос 15

Электр самоорунун эки спиралы бар. Бирөөнү туташтырганда суу 18 минутада кайнайт, ал эми экинчисин туташтырганда 9 минутада кайнайт. Бул эки спиралды өз ара  жарыш туташтырганда суу канча убакытта кайнайт?

Варианты ответов
  • 4
  • 6
  • 10
  • 12
  • 27
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт