Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, 2-аралык текшерүү 4-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
А.Осмоновдун кайсы ырынан: “Ким койсо да жаман койгон атымды”
Варианты ответов
- Музыка
- Мен кыргыздын акыны
- Аялга
- Бөбөккө
Вопрос 2
Публицистикалык стилдин көркөм жанрына кайсылар кирет?
Варианты ответов
- очерк, фельетон, репортаж, памфлет
- интервью, памфлет, хроника, билдирүү
- памфлет, макала, репортаж, отчет
- фельетон, интервью, баш макала, кабар
Вопрос 3
“Касым ырларынын жыйнагы” качан жарык көргөн?
Варианты ответов
- 1927-ж
- 1924-ж
- 1925-ж
- 1926-ж
Вопрос 4
Төмөнкү үзүндүдө Ш. Дүйшеев (“Агындылар”) кимди сүрөттөгөн: “Табы кетип, кабы эле калган, кабы деле калбай, көр түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын ...”
Варианты ответов
- чоң энеси Канымкүл кемпирди
- апасы Нурбүбүнү
- Батма энесин
- эжеси Туканды
Вопрос 5
«Ээ менен баяндооч сан, жак боюнча ээрчишет» - бул сүйлөм кайсы стилге мүнөздүү?
Варианты ответов
- иш кагаздар стилине
- көркөм стилге
- публицистикалык стилге
- илимий стилге
Вопрос 6
Ч. Айтматовдун Ысык-Көлдү сактоо ишин дагы башка кайсы көлдөрдү сактоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралар менен салыштырып карайт?
Варианты ответов
- Байкал, Севан көлдөрүндөгү иштер менен
- Кара-Деңизди сактоо үчүн жүргүзүлөн иштер менен
- Ладога көлүн сактоо үчүн жүргүзүлгөн иштер менен
- Охот деңизин сактоо үчүн жүргүзүлгөн иштер менен
Вопрос 7
«Ысык-Көл кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган» - кайсы стилге мүнөздүү?
Варианты ответов
- илимий
- сүйлөшүү
- публицистикалык
- көркөм
Вопрос 8
«Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш» - троптун кайсы түрү?
Варианты ответов
- салыштыруу
- метонимия
- метафора
- эпитет
Вопрос 9
Күн тартибинде коюлган маселелер ирети менен талкууланат жана ар бир маселе үч бөлүк боюнча каралат. Протоколдо булар кайсы бөлүмдөн орун алат?
Варианты ответов
- протоколдун киришүү бөлүмүнөн
- протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүнөн
- протоколдун угулду бөлүмүнөн
- протоколдун негизги бөлүмүнөн
Вопрос 10
Аннотация деген эмне?
Варианты ответов
- спектаклдерге сын көз караш менен жазылган иш кагазы
- көркөм, публицистикалык чыгармаларга, илимий эмгектерге карата кыска түшүнүк берүү
- ырааттуулук менен бир чыгарма жөнүндө ой жүгүртүү
- илимий эмгектердин, докладдардын кыскача мазмуну
Вопрос 11
«Эй кызыл жоолукчан,
Кандай турмуш жайыңыз,
Курсак ачып кетти го,
Кайнады бекен чайыңыз» - троптун кайсы түрү?
Варианты ответов
- метонимия
- метафора
- синекдоха
- эпитет
Вопрос 12
Пикирге мүнөздөмө бер
Варианты ответов
- китептин, макаланын мазмунун жазуу
- адабий чыгармаларга, илимий эмгектерге, фильмдерге сын көз менен карап жазылган эмгек
- басма сөз, радио, теле үчүн даярдалган кабар
- саясий ишмерлер, көөрүнүктүү адамдар, илимпоздор менен болгон маек
Вопрос 13
Илимий стилдин лексикасын түзгөн тилдик каражаттар?
Варианты ответов
- орток маанилүү сөздөр, боектуу сөздөр, тергөө сөздөрү
- диалектизмдер, эскирген сөздөр, эффемизмдер
- орток маанилүү сөздөр, жалпы илимий терминдер, тармактык терминдер
- табу сөздөр, карапайым сөздөр, макал-лакаптар
Вопрос 14
Публицистикалык стилге мүнөздүү болгон сөздөрдүн катары-
Варианты ответов
- лексика, коом, химик, саясат, саяпкер
- коом, элчи, орфография, тилкат, баалуу кагаз
- эзүүчү тап, шайлоо өнөктүгү, көгүлтүр от
- теңдеме, диоганал, доо коюу, дилер
Вопрос 15
... потенциалын күчөтүү керек
Варианты ответов
- Аткаруу бийлигинин, мамлекеттик органдардын
- Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын
- Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында
- Мамлекеттик органдарынын аткаруу бийлигинде
Вопрос 16
Көркөм стилге мүнөздүү сүйлөм:
Варианты ответов
- Муз эрип жатканда анын температурасы өзгөрбөйт.
- Көңүл буруңуздар, Сиздер түз эфирден көрүп жатасыздар.
- Бул справка, тиешелүү жерге көрсөтүү үчүн берилди.
- Карай турган жагыңа, карагай чыксын бутактап
Вопрос 17
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес,
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес!
Фонетикалык-стилистикалык каражаттын түрлөрүн аныктагыла.
Варианты ответов
- ассонанс, эпифора
- аллитерация, эпифора
- анафора, кайталоо
- антитеза, анафора
Вопрос 18
Төмөнкүлөрдүн кимиси текст боло алат?
Варианты ответов
- Түн. Ай жарык
- Биз мектепке келдик
- Эр жигит эл четинде, жоо бетинде
- 1941-жыл. 22-июнь.
Вопрос 19
Үй-жай шартын текшерүү актысы кимдер тарабынан түзүлөт?
Варианты ответов
- текшерүү жүргүзүүгө юридикалык укугу бар адамдар тарабынан
- жетекчилер же материалдык байлыкка жооптуу адамдар тарабынан
- уюмдун жетекчисинин буйругу менен түзүлөгн комиссия тарабынан
- кесиптик бирикмелер комитети тарабынан уюшулган комиссия тарабынан
Вопрос 20
Гиперболага түшүнүк бер
Варианты ответов
- сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
- нерсенин, көрүнүштүн белгилерин апыртып көрсөтүү
- адамдын же предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
- бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи нерсе аркылуу атоо