Меню
Тесты

Тест

Avatar
06.04.2023. Тест. Всем учителям, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Сүйлөмдөрдү толуктоо 11- класстын окуучулары үчүн сынамык тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

_____ лигасына катышуу _____ тизмесиндеги _____ өлкөлөрүнүн футбол федерациясынын коеффициент көрсөткүчтөрүнө, б.а рейтингине жараша бөлүштүрүлөт.

Варианты ответов
  • Азия / УЕФАнын / мусулман
  • Чемпиондор /УЕФАнын/ Европа
  • Азия / УЕФАнын/ христиан
  • Чемпиондор/ УЕФАнын / Азия
Вопрос 2

Бүгүнкү күндө бир нерсени ____ билүү маанилүү. Адамдар ____ үйрөнүү менен бирге адамдар менен сүйлөшө билүү чеберчилигин да үйрөнөт. Ошондон улам алар жетекчилер , кол алдындагылар жана кардарлар менен эле эмес , жакындары менен да баарлаша алышат. ____ коомдо ийгиликке жетүүнүн негизги чеберчилиги болуп саналат ( Роберт Кийасоки)

Варианты ответов
  • Окуй/ окууну / билим
  • Көрө / талдоону/ байкоо
  • Сата / сатууну/ баарлашуу
  • Тааный / таанууну / таанышуу
Вопрос 3

Дайыма өсүп- өнүгүү - жашоонун мыйзамы. Адам качан гана _____ сактагысы келип, кабыл алынган ______ менен гана жашаса, анда ал өзүн _______ абалга салып жаткан болот (М. Ганди) 

Варианты ответов
  • Туруктуулукту / эрежелер / туура эмес
  • Утурумдукту / чечимдер / туура делген
  • Умтулууну / эрежелер / туура делген
  • Өнүгүунү / мыйзамдар / туура эмес
Вопрос 4

Гендик инженерия тармагында   CRISPR аттуу технология ДНКларды өзгөртүү үчүн  _______ программалаганга жетишкен. Бул жакынкы күндө адамзат ______ жана ________ менен эфективдүу күрөшө алат дегенден кабар берет.

Варианты ответов
  • Коддорду / технология/ табияттын булганышы
  • Компьютерлерди / космос/ космостук саякат
  • Диагнозду / тукумсуздук / жумушсуздук
  • Молекулаларды / рак / башка оорулар
Вопрос 5

Жакында эки гана ишкананын түрү калат : бирөөсү - интернеттеги ишкана, экинчиси - бизнес менен алектенүүнү токтоткон ишкана. ________ басым жасаңыз. Эгерде сиздин бизнесиңиз учурда интернеттин ______ болсо, демек, сиздин бизнесиңиз  _______ деп эсептөөгө болот.( Бил Гейтс)

Варианты ответов
  • Соодага / ичинде/ бар
  • Ишканага / сыртында / жок
  • Интернетке / сыртында / жок
  • Бизнеске / ичинде бар
Вопрос 6

Акыл- эс жумшаган кесиптин ээлери кара күч жумшагандарга караганда _______ . Жаш курагы бир топко барып калса деле акыл-эси тунук жана ой жүгүртүүсү жакшы болгону________ . Алар өз жумуштары менен алектенген сайын акыл-эси ________ , эс- тутуму өөрчүгөн.

Варианты ответов
  • Тез картайган/ байкалган эмес / начарлап
  • Картайган эмес/ байкалып турган / жакшырып
  • Тез картайган/ байкалып турган / жакшырып
  • Картайган эме/ байкалган эмес/ начарлап
Вопрос 7

Идеяны ишке ашырып, тажрыйба топтогондон башка пайдалуу нерсе жок. Бирок сиздин идеяңыз ________ болсо, ____ баштаңыз, анткени _______ нерселер сизге тажрыйба берет

Варианты ответов
  • Бар/ бөлүшүүдөн / үйрөнүу
  • Чоң / кичинекейден / кичине
  • Жок / үйрөтүүдөн / аракет
  • Кичине/ чоң / чоң
Вопрос 8

Адамдын ______ жөнүндө сөз болгондо анын көтөрүмдүүлүгү, уяттуулугу, кечиримдүүлүгү, ийкемдүүлүгү өңдүү инсандык касиеттерин түшүнөбүз. Адам өзүнө мындай сапаттарды калыптандыруу үчүн ______ алгач _______ кылышы керек.

Варианты ответов
  • Ак ниети/ кимдир бирөөгө / токтоо мамиле
  • Асыл мүнөзү/ башкаларга / сылык
  • Жеке сапаттары/ өзүнө- өзү / сынчыл мамиле
  • Жакшы кыялы/ өзүнө- өзү/ жакшы мамиле
Вопрос 9

Адамдын психологиясына________ шарттары өтө маанилүү. Стресстик кырдаалдарда жана аябай оор график менен иштөө адамды ар кандай _______ жана  _______ ыңгайсыздыкка алып келиши ыктымал.

Варианты ответов
  • Жашоо / эмоционалдык/ экономикалык
  • Үй / психологиялык / эмоционалдык
  • Бизнестин / экономикалык /каржылык
  • Жумуштун / психологиялык / физикалык
Вопрос 10

Таза суу жетиштүү өлчөмдө иондошкон, кычкылтек жана минералдар менен каныккан , ылайыктуу кычыкыл щелочтуу баланска ээ ________. Суу  _______ сайын анын организмге тийгизген таасири күчөп, оорулардын саны ________.

Варианты ответов
  • Болот / тазарган / азаят
  • Болбойт / кирдеген / азаят
  • Болот / кирдеген / көбөйөт
  • Болбойт/ тазарган /көбөйөт.
Вопрос 11

Сырткы келбетти туюнткан фразеологиялык айкашты тапкыла

Варианты ответов
  • Кабагына кар жааган
  • Сууга салган чычкандай
  • Сиркеси суу көтөрбөө
  • Котур ташы койнунда
Вопрос 12

Адабий тилдин нормасында айтылбаган сүйлөм берилген варианттардын кайсынысында?

Варианты ответов
  • Менин азыркы сөлкөбай тыйындарым атамдан калган эле
  • Кас-душман келип жоологондо айыпка жыгылдык
  • Биздин элдин расмий кеби ушул, уулум, угуп ал.
  • Биз бул жол чырактын эрежесин үйрөнөлү дегенбиз
Вопрос 13

"Нарк" деген сөздүн аброй маанисиндеги вариантын белгиле.

Варианты ответов
  • Бул боз үйдүн наркы алуучуларга алыска тараган экен
  • Наркы жогору буюмдарды көрүп, Момун чөнтөгүн сыйпалап тим болду
  • Андай уста-уздардын жасаган көркөм өнөрүнүн наркы жөнүндө айта берсе сөз көп
  • Акылман өмүрдө наркын биле жүргөндөр менен багыт алууну көздөп келди
Вопрос 14

Текст болуш үчүн төмөнкү сүйлөмдөрдүн ырааттуулугу кандай жайгаштырылыш керек? 

1. Бул жөрөлгө колдон- колго өтүп

2. Улуу муундагы усталар жана уздар улам кийинкилери үчүн өзүнчө үйрөнүп калуунун мектеби болгон.

3 . Ошентип, муундун -муунга аздектелип келе жаткан чыныгы улут маданиятына, кыргыз элинин төл дөөлөтүнө айланган.

4. Эчендеген кылымдары карытып, атадан уулга, энеден кызга, кайненеден келинге таберик катары берилген.

5. Кыргыз кол өнөрчүлүгү  өтө байлыгы жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланган.

Варианты ответов
  • 5,2,4,1,3
  • 5,4,2,1,3
  • 5,2,1,4,3
  • 5,1,4,2,3
Вопрос 15

Кайсы варианттагы белгиленген сөз заттын түсүн билдирип турат?

Варианты ответов
  • (Ак) шайы жоолук колго алып, булгасаң боло, Алымкан.
  • Акыры бир күнү (агынан)жарылды
  • (Ак)таңдай ырчы келгенде, алдынан тосуп атын ал.
  • Пенде (актыгы) чын болсо, ал азаптан арылууга тийиш, падышам.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт