Тест - 1
Список вопросов теста
Вопрос 1
Төмөндө картофель түймөгүнүн кандайдыр бир кесилген тканынын схемалык сүрөтү берилген. Бул ткань....

Варианты ответов
- Негизги
- Пайда кылуучу
- Механикалык
- Өткөрүүчү
Вопрос 2
Төмөндөгү тажрыйба 2-3 суроолорго таандык. Кандайдыр бир өсүмдүктү алып аны суусу бар идишке салышкан жана жанына акиташ суусу Са(ОН)2 бар идиш коюлган . Бул тажрыйба караңгы жерде жүргүзүлгөн.
Жогорудагы тажрыйба эмнени далилдөө үчүн жасалды?

Варианты ответов
- Өсүмдүктүн фотосинтезге жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн
- Өсүмдүктүн дем алуусун аныктоо үчүн
- Өсүмдүктүн караңгыда гана дем алуусун аныктоо үчүн
- Өсүмдүктүн сууну буулантуусун аныктоо үчүн
Вопрос 3
Эмне үчүн акиташ суусу Са(ОН)2 бозомук болуп калды?

Варианты ответов
- Фотосинтезден бөлүнүп чыккан кычкылтектин натыйжасында
- Буулануудан пайда болгон суу бууларынын натыйжасында
- Дем алуудан пайда болгон көмүр кычкыл газынын (СО2) натыйжасында
- Ферменттин таасиринин натыйжасында
Вопрос 4
Долононун тикенеги бул ...
Варианты ответов
- Түрү өзгөргөн жалбырак
- Түрү өзгөргөн тамыр
- Түрү өзгөргөн өркүн
- Түрү өзгөргөн бүчүр
Вопрос 5
Жер-жемиштен төмөнкү өсүмдүктөрдүн кайсынысы пайда болот?
Варианты ответов
- Малина
- Томат (помидор)
- Ит мурун
- Кызылгат
Вопрос 6
Төмөн жактагы кайсы жаныбардын алдыңкы буттарынын курчоосунда акыректери жок?
Варианты ответов
- Горилла
- Аюу
- Жарганат
- Зебра
Вопрос 7
Төмөндө кош капкалуу моллюскалардын сүрөтү берилген. Дем алуу органы катары (1-4) ... кызмат кылат.

Варианты ответов
- 3
- 1
- 2
- 4
Вопрос 8
Төмөн жакта саналган организмдердин кайсынысында кулкун үстүндөгү нерв системасы салыштырмалуу жакшы өрчүгөн?
Варианты ответов
- Аары
- Сөөлжан
- Нереида
- Аскарида
Вопрос 9
9-10 суроолор төмөндөгү сүрөткө таандык. Төмөндө кепшөөчүлөрдүн карынынын түзүлүшү берилген.
Симбионт бактериялар кепшөөчүлөрдүн карынынын кайсы бөлүгүндө кездешет?

Варианты ответов
- 1
- 2
- 3
- 4
Вопрос 10
Кепшөөчүлөрдүн тамак сиңирүүсүн иреттеп жазгыла. (Азык сиңиргендеги каналынын иретин)

Варианты ответов
- 1-2-3-4
- 3-2-1-4
- 3-4-1-2
- 2-3-4-1
Вопрос 11
Төмөн жакта саналган класстагы (түрдөгү) кайсы курттардын ичегиси жабык болот?
Варианты ответов
- Соргучтардын
- Аз кылкандуулардын
- Көп кылкандуулардын
- Жумуру курттардын
Вопрос 12
Төмөн жактагы СЕБЕПТЕРДИН кайсынысы боюнча мажүрүм тал, кайың жана жаңгак эрте жазда гүлдөйт?
Варианты ответов
- Чаңдаткыч курт-кумурскалардын жоктугу
- Узак вегетациялык мөөнөт
- Жалбырактардын жоктугу
- Жыты жок майда гүлдөр
Вопрос 13
Төмөн жакта саналган кайсы органдын (организмдин) клеткасында хлоропласттар бар?
Варианты ответов
- Жашыл (көк) пеницилл козу карынында
- Жашыл мартышканын терисинде
- Арчанын тамырында
- Айдоо буурчагынын жашыл сабагында
Вопрос 14
Өсүмдүктөрдүн гүлдөрү төмөндөгүдөй: бир - бирден чоң гүлдөр же топ гүлгө чогултулган майда гүлдөр. Гүлдөрдүн желекчелери же гүл коргонунун жалбырактары ачык түстө. Чаңчасы чоң, жабышкак болот.
Жогоруда сыпатталган өсүмдүктөр кандай жол менен чаңдашат?
Варианты ответов
- Шамал аркылуу
- Суу аркылуу
- Курт-кумурскалар аркылуу
- Өзү менен өзү чаңдашат
Вопрос 15
Сууда сүзүүчү бут кайсы сан менен белгиленген?

Варианты ответов
- 2
- 5
- 3
- 1
Вопрос 16
Огороддогу түшүмдөргө зыян жеткирген, мөмө - тамырларды жеп жок кылган зыянкеч курт - кумурсканын буту ... сан менен белгиленген?

Варианты ответов
- 5
- 3
- 2
- 1
Вопрос 17
Курт - кумурска сымалдарда ар түрдүү буттарынын болуусу бул ...
Варианты ответов
- Араморфоз
- Идиоадаптация
- Жалпы дегенерация
- Арогенез
Вопрос 18
Төмөнлдөгүлөрдүн ичинен кайсы организмге туюк эмес (ачык) кан айлануу системасы мүнөздүү?
Варианты ответов
- Аары
- Тасма курт
- Гидра
- Сөөлжан
Вопрос 19
Амебанын формасынын туруксуз болуусунун себебин кантип түшүндүрүп берсек болот? Анткени, ...
Варианты ответов
- Ал жөнөкөй цитоплазмадан куралган
- Кадимки мембрана менен капталган
- Пелликула менен капталган
- Жыйрылуучу вакуоль болгон үчүн
Вопрос 20
Кайсы организмдин КӨРҮҮСҮ эң курч өнүккөн?
Варианты ответов
- Адам
- Жылан
- Балык
- Бүркүт
Вопрос 21
Төмөндө кандайдыр бездин сүрөтү берилген. Бул бездин өзгөчөлүгү:

Варианты ответов
- Атайын каналчасы бар
- Гормон пайда кылат
- Фермент пайда кылат
- Тер бөлүп чыгарат
Вопрос 22
Төмөндө муундун түзүлүшү берилген. Муун суюктугу кайсы структурадан пайда болот?

Варианты ответов
- 3
- 2
- 5
- 4
Вопрос 23
Төмөндө каптоочу эпителийдин 4 түрүнүн сүрөтү берилген. Жыт сездиргич органда кездешүүчү ткань кайсы сан менен белгиленген?

Варианты ответов
- 1
- 2
- 3
- 4
Вопрос 24
4 саны менен белгиленген клетканын өзгөчөлүгү ...

Варианты ответов
- Сөөктө кездешет
- Жыйрылууга жөндөмдүү
- Азык - затты запастайт
- Кычкылтекти ташыйт
Вопрос 25
Адамдын кыймылына жооп берген клетка кайсы сан менен белгиленген?

Варианты ответов
- 1
- 3
- 4
- 2
Вопрос 26
Жүлүндө кездешүүчү клетка бул ...

Варианты ответов
- 1
- 2
- 3
- 4
Вопрос 27
Төмөндө эмбриогенездин кайсы стадиясы берилген?

Варианты ответов
- Зигота
- Бластула
- Гаструла
- Нейрула
Вопрос 28
29-30-31-суроолор төмөндөгү схемага таандык. Төмөндө келемиштердин аргындашуу схемасы берилген.
F2 особдорундагы белгилер жогорудагы схемада көрсөтүлгөндөй ажыралыш үчүн F1 аргыны менен аргындаштырылуу үчүн алынган белгисиз (X) особу төмөн жакта көрсөтүлгөндөрдүн ичинен кайсы генотипке жана фенотипке ээ болушу керек?

Варианты ответов
- АА кара
- Аа кара
- Аа боз
- аа ак
Вопрос 29
Келемиштин түсүн аныктаган ген кандай белги болуп саналат?

Варианты ответов
- Толук доминанттуу
- Кодоминанттуу
- Жыныс менен чиркелишкен
- Толук эмес доминанттуу
Вопрос 30
Кара келемиштин өңүн аныктаган гендин генотиби кандай?

Варианты ответов
- Аа
- АА
- аа
- аП
Вопрос 31
Эки жаныбарда хромосомаларынын курамы бирдей, бирок жаныбарлар бири - бири менен кайчылашууга жөндөмдүү эмес.
Жогорудагы маалыматтан кандай тыянак чыгарса болот?
Варианты ответов
- Алар ар башка түрлөргө кирет
- Алар бирдей шарттарда өсөт
- Алар бир популяцияга кирет
- Алар бири - бири менен атаандашат
Вопрос 32
Тирүү материянын пайда болуусунун биосфералык деңгээлинде төмөн жактагылардын кайсынысы ИЗИЛДЕНБЕЙТ?
Варианты ответов
- Биомасса
- Атомдордун биогендик орун которуусу (миграциясы)
- Өнүмдүүлүк (продуктивность)
- Популяциядагы жаныбарлардын орун которуусу (миграциясы)
Вопрос 33
Төмөн жактагы процесстердин кайсынысы фагоцитоздун натыйжасы болуп эсептелинет?
Варианты ответов
- Клеткадагы Na - K - насосунун жумушу
- Ядродогу хроматидалардын экиге көбөйүшү
- Гидранын чагуучу клеткаларынын атылып чыгышы
- Жарада ириңдин пайда болуусу
Вопрос 34
Араморфоз катары эсептелинет?
Варианты ответов
- Жыландардын ар түстө болуусу
- Мите курттардын нерв системасынын редукциясы
- Сүт эмүүчүлөрдө диафрагманын пайда болуусу
- Курт - кумурскалардын ар түрдүү ооз аппаратынын пайда болуусу
Вопрос 35
Биоценоздун редуценттери болуп эсептелинет?
Варианты ответов
- Жашыл өсүмдүктөр
- Жырткыч жаныбарлар
- Сапрофит бактериялар
- Калпактуу козу карындар
Вопрос 36
Төмөндө кандайдыр бир үлгү жуп берилген. Ушундай байланыштагы үлгү жупту варианттардан белгилеңиз
Ботаника: фитология
Варианты ответов
- Зоология: маммология
- Анаболизм : катаболизм
- Диссимиляция : катаболизм
- Анаболизм : диссимиляция
Вопрос 37
5 гр белок ажыраса канча кДж энергия пайда болот?
Варианты ответов
- 10
- 20
- 88
- 100
Вопрос 38
Тасма курттардын азык сиңирүүсүнүн жоголуп кетүүсүнүн себеби:
Варианты ответов
- Аз кыймылдоо образына байланыштуу
- Митечиликке байланыштуу
- Мезодерма начар өнүккөнүнө байланыштуу
- Арткы тешигинин жоктугуна байланыштуу
Вопрос 39
Төмөн жактагы сүрөттө көрсөтүлгөн организм үчүн төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы туура?

Варианты ответов
- Азыктануучу заттардын көптөгөн санын камтыйт
- Митоз жолу менен бөлүнө албайт
- Митозондрияларда АТФти оңой түзөт
- Нуклеин кислотасын камтыбайт
Вопрос 40
Өсүмдүктөрдүн клеткасынан айырмаланып бактерияларда ... жок.
Варианты ответов
- Цитоплазма
- Рибосома
- Митохондрия
- Калың кап (клетка дубалы = клетка капталы)


