Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  Текст таануу дисциплинасы боюнча тесттик суроолор

Текст таануу дисциплинасы боюнча тесттик суроолор

Avatar
14.06.2022. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн Текст таануу дисциплинасынан тесттик тапшырмалар

Список вопросов теста

Вопрос 1

Сүйлөмдүн тыңдоочуга белгисиз болгон бөлүгү эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Рема
  • Тема
  • микротема
  • диктум
Вопрос 2

Сүйлөмдүн тыңдоочуга белгилүү болгон бөлүгү эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • рема
  • тема
  • модус
  • метатекст
Вопрос 3

Сүйлөмдүн башка тилдик бирдиктерден айырмаланган негизги белгиси кайсы?

Варианты ответов
  • коммуникативдик функциясы
  • грамматикалык жактан туура курулушу
  • синтаксистик жактан туура түзүлүшү
  • туура жообу жок
Вопрос 4

Метатекст бул.- ...................

Варианты ответов
  • бир нече сүйлөмдөрдүн органикалык тутумунан турган, салышртырмалуу түрдө өз алдынча мааниге ээ, өзүнчө микротемасы, маанилик-структуралык бүтүндүгү, коммуникативдик багыты бар тексттин эң кичине бирдиги
  • белгилүү бир кабар берүүчү логикалык, психикалык таасирлердин негизинде жаралган грамматикалык каражаттардын жардамы менен ишке ашуучу бүтүндүк
  • тексттин композициялык-түзүлүштүк каражаты
  • текстти ар тараптан иликтөөчү илим тармагы
Вопрос 5

Кыргыз тил илиминде текст маселеси канчанчы жылдардан тартып атайы изилдене баштаган?

Варианты ответов
  • 1960-1980-жылдары
  • 1990-жылдардан тартып
  • 1947-1970-жылдары
Вопрос 6

Тексттин негизги белгилери кайсылар?

Варианты ответов
  • Теманын, максаттын, белгилүү бир стилдик-функционалдык өзгөчөлүктөрдүн, маанилик-түзүлүштүк биримдиктин болушу
  • Глава, параграф, абзацтардын болушу
  • макротекст жана микротексттердин, роман, повесть, аңгеме, гезиттик же журналдык макалалардын болушу
Вопрос 7

Төмөнкү макалдардын кайсынысы берилген тексттин мазмунуна туура келет

Чоң ата абдан картайды. Көзү көрбөй, кулагы укпай, оозундагы отуз алты тишинин бири жок, ордунан жыла албай калды. Ичкен тамагын да жакшылап иче албай, оозунан чубуртуп иччү болду. Уулу менен келини аны өздөрү менен бирге үстөлгө отургузбай, мештин ары жагынан тамак бере башташты. Бир жолу ага тарелкага тамак куюп беришти. Чоң ата аны бери жылдырам деп жатып, колунан түшүрүп жиберип, сындырып койду. Келини абышканы:

-Алжыган гана абышка, тарелканы да сындырдың, мындан кийин жыгач табакка гана тамак куюп берем, -деп ачууланды. Абышка эч нерсе деген жок. Үшкүрүп гана тим болду.

Бир күнү уулу менен келини үйдө отурушуп, кичинекей баласынын жыгачтан бир нерсе жасап жатканын көрүштү. Атасы андан:

-Максат, сен эмне кылып жатасың? - деп сурады.

-Атаке, табак жасап жатам. Силер апам экөөңөр картайганда ушул табакка тамак куюп берем, - деди.

Варианты ответов
  • Ата-энеңди сыйласаң өз балаңдан сый көрөсүң
  • Ата-аскар тоо, эне булак, бала-экөөнүн ортосундагы шам чырак
  • Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны
Вопрос 8

Сүйлөмдүн тыңдоочуга белгилүү болгон бөлүгү тема, ал эми теманын улам жаңы жагы эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • рема
  • тема
  • абзац
Вопрос 9

Бир нече сүйлөмдөрдүн органикалык тутумунан турган салыштырмалуу түрдө өз алдынча мааниге ээ, өзүнчө микротемасы, маанилик-структуралык бүтүндүгү, коммуникативдик багыты бар тексттин эң кичине бирдиги - бул .................

Варианты ответов
  • метатекст
  • текст
  • микротекст
Вопрос 10

Туура түзүлгөн сүйлөм кайсы?

Варианты ответов
  • Ысык-Көлдүн айланасында толуп жаткан суулар бар
  • Толуп жаткан суулар бар Ысык-Көлдүн айланасында
  • Айланасында Ысык-Көлдүн суулар бар толуп жаткан
Вопрос 11

Сүйлөмдүн темасы менен ремасын аныктоочу негизги каражаттарды белгиле

Варианты ответов
  • пауза жана муун өлчөмдөрү
  • интонация, сөздөрдүн орун абалы
  • сырдык сөздөр жана бөлүкчөлөр
Вопрос 12

Тексттин негизги структурасы –

Варианты ответов
  • эпилог, монолог, диалог, пролог
  • сүйлөм, абзац, бөлүм, бөлүк, параграф, глава.
  • киришүү, чиеленүү, жыйынтыктоо, талкуулоо
Вопрос 13

Текст канча сүйлөмдөн куралат?

Варианты ответов
  • 2 же андан көп сүйлөмдөн
  • 1 же андан көп сүйлөмдөн
  • сөзсүз 10 сүйлөмдөн
Вопрос 14

"Текст - маалымат алмашуунун негиздери" деген эмгек кимге таандык?

Варианты ответов
  • С.Мусаев
  • Т.Маразыков
  • Ж.Элчиев
Вопрос 15

Текстти трансформациялоо деген эмне? 

Варианты ответов
  • Текстти өзгөртүп кайрадан түзүү
  • Текстти улантып жазуу
  • Тексттин жиктелиши
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт