Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  9 класс  /  Татаал сүйлөм

Татаал сүйлөм

Avatar
15.05.2020. Тест. Прочее, 9 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
№58 "Ак - Буура" орто мектебинин 9- классы үчүн тесттик суроолор

Список вопросов теста

Вопрос 1

Атай келгенде, эл тарап кеткен эле. Бул сүйлөм кандай сүйлөм?

Варианты ответов
  • жөнөкөй сүйлөм
  • тең байланыштагы татаал сүйлөм
  • багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
  • байламтасыз сүйлөм
Вопрос 2

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм кандай сүйлөмдөрдөн турат?

Варианты ответов
  • эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдөрдөн
  • багыныңкы сүйлөмдөрдөн
  • баш жана багыныңкы сүйлөмдөрдөн
  • баш сүйлөмдөрдөн
Вопрос 3

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдү уюштуруучу түгөй кайсы?

Варианты ответов
  • байламталар жана интонация
  • ээ жана баяндооч
  • жай сүйлөм
  • баш сүйлөм
Вопрос 4

Багыныүкы сүйлөмдү түрлөргө кайсы белгисине карап ажыратабыз?

Варианты ответов
  • багыныңкы сүйлөмгө карата маанилик катышына карата
  • баш сүйлөмгө карата маанилик катышына карата
  • баш сүйлөмгө карата түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө ылайык
  • баш сүйлөмгө карата алган ордуна ылайык
Вопрос 5

Бекер олжого тунгуң барбы, колуң жоорутуп, белиң оорутпай. Бул сүйлөм багыныңкы сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет?

Варианты ответов
  • сыпат багыныңкы сүйлөм
  • каршы багыныңкы сүйлөм
  • шарттуу багыныңкы сүйлөм
  • максат багыныңкы сүйлөм
Вопрос 6

Эки же андан ашык багыныңкы татаал сүйлөм бир гана баш сүйлөмгө багынып, анын ар түрдүү кырдаалын билдирип турса эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • аралаш татаал сүйлөм
  • көп сүйлөм
  • көп багыныңкылуу татаал сүйлөм
  • көп багыныңкылуу жөнөкөй
Вопрос 7

Көп багыныңкылуу татаал сүйлөмдүн тутумунда канча сүйлөм баш сүйлөмгө баш ийиши мүмкүн?

Варианты ответов
  • эки
  • экиден кем эмес
  • бир
  • үчтөн ашык
Вопрос 8

Бир өңчөй көп багыныңкылуу татаал сүйлөмдү тапкыла

Варианты ответов
  • Күзүндө, эгин бышканда, ал кызматка келген
  • Мен айтып жиберсем, капа болосуз.
  • Элден наалат уккуча, энеңден наалат ук
  • Андан көрө күн күркүрөсө, нөшөр жүрсө, асман тез ачылмак.
Вопрос 9

Аралаш татаал сүйлөм деген эмне?

Варианты ответов
  • тең байланыштагы жана багыныңкы байланыштагы, үчтөн кем эмес сүйлөм өз ара тутумдашса
  • экиден кем эмес сүйлөм өз ара тең байланышта жана багыныңкы байланышта тутумдашса
  • кеминде төрт сүйлөм өз ара тең байланышта жана багыныңкы байланышта тутумдашса
  • экиден ашык эмес сүйлөм өз ара тең байланышта жана багыныңкы байланыштатутумдашса
Вопрос 10

Бөтөн сөз кандай жазылат?

Варианты ответов
  • такай тырмакчага алынып жазылат
  • тырмакчага алынбай деле жазыла берет
  • диалог түрүндө жазылат
  • тырмакчага алынып, тырмакчага алынбай деле жазыла берет
Вопрос 11

Бөтөн сөз кандай түрдө берилет?

Варианты ответов
  • тике сөз, төл сөз түрүндө
  • тике сөз, автордун сөзү түрүндө
  • тике сөз кыйыр сөз түрүндө
  • кыйыр сөз түрүндө
Вопрос 12

Тике сөз деген эмне?

Варианты ответов
  • башка бирөөнүн сөзү өзгөртүлүп берилсе
  • автордун сөзү өзгөртүлбөй берилсе
  • айтуучунун сөзү өзгөртүлүп берилсе
  • башка бирөөнүн сөзү эч өзгөртүлбөй берилсе
Вопрос 13

Кыйыр сөз деген эмне?

Варианты ответов
  • бөтөн сөз өзгөртүлбөй берилсе
  • бөтөн сөз өзгөртүлүп берилсе
  • башка бирөөнүн сөзү автор тарабынан өзгөртүлбөй берилсе
  • төл сөз аркылуу берилсе
Вопрос 14

Кыйыр бөтөн сөздү тапкыла.

Варианты ответов
  • "Энеке, эмне мынча кечиктиң?" -деди Жапар
  • Араб элинде адамдын айткан сөзү өзүнүн акылынын таразасы экендиги жөнүндө айтылган маанилүү макал бар.
  • Ф.Достоевский : "Мыкты ой терең акылдан гана эмес, терең сезимден да келип чыгат", -деп айткан.
  • "Адамды чанып көнгөн киши, - деп айткан Демокрит, -жолдоштукка жарабайт.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт