PISA тест физика
Список вопросов теста
Вопрос 1
Төмөнкү жакта жайгашкан тексти окугула. Тапшырма 1. Электролит эритмелеринде кандай бөлүкчөлөр электр тогун пайда кылат? Көрсөтмө: туура жоопту тандагыла ? Текст: Электрөткөрүмдүүлүк Электр өткөрүмдүүлүк тирүү жандыктын жашоо активдүүлүгүн мүнөздөгөн параметрлердин бири болуп саналат. Белгилүү болгондой, ар кандай тирүү организмдин төрөлүшү менен биоэлектрдик кубулуштар башталып, тирүү жандык өлгөндө токтойт. Адам да четте калбайт. Адамдын денеси электрдик касиеттери боюнча туз эритмеси (электролит эритмеси).
Варианты ответов
- Оң иондор
- терс иондор
- Электрондор
- Оң жана терс иондор
- Оң жана терс иондор жана электрондор
Вопрос 2
Төмөнкү жакта жайгашкан тексти окугула. Тапшырма 2. Кургак жана нымдуу кол менен кокусунан 220 В чыңалуудагы токко тийгенде, адамдын денеси аркылуу өткөн токту эсептегиле жана жыйынтыгын жазгыла. Көрсөтмө: жоопту түшүндүрүп кенен (толук) жазгыла.
Текст: Электрөткөрүмдүүлүк Клетка ичиндеги суюктуктун курамында иондор бар жана электр тогун жакшы өткөрүүчү болгондуктан, адамдын денесинин ички ткандары бир кыйла төмөн каршылыкка ээ. Колдун кургак, бүтүн териси менен адамдын денесинин туруктуу токко (бир колдун учунан экинчи учуна чейин) жалпы каршылыгы 100 000 Ом. Нымдуу тери дененин каршылыгын 1000 Ом жана андан төмөндөтөт. 0,05 А ден жогору болгон ток коркунучтуу жана кайгылуу натыйжага алып келиши мүмкүн.
Вопрос 3
Төмөекү жакта жайгашкан тексти окугула. Тапшырма 3. Иш-аракеттердин туура ырааттуулугун түзгүлө. Электр тогуна урунган учурда төмөнкү иш-чаралардын планы кабыл алынат: 1. Биринчи жардам көрсөтүү. 2. Тез жардамды чакыруу. 3. Токтун аракетинен жабырлануучуну бошотуу. 4. Жеке коопсуздук чараларын көрүү. Көрсөтмө: ырааттуулукту аныктагыла .
Текст: Электрөткөрүмдүүлүк Болгариянын Габрово шаарынын электриги Г.Ивановдун электр каршылыгы карапайым адамдарга караганда 8 эсе жогору. Ал 380 В чыңалуудагы электр чынжырлары менен коргоочу жабдыктарсыз жана ток булагын ажыратпастан иштей алат. (Адамдар үчүн 380V өлүмгө алып келет.) Кандай болбосун, коопсуз чыңалуу жок. 4 вольттон азыраак чыңалууда деле электр тогунун таасиринен адамдардын каза болгонуна көптөгөн мисалдар бар. Демек, коопсуз ток күчү жок
Ыраттуулукту аныктагыла.Жооп:
Вопрос 4
Тексти окугула. Тапшырма 4. Вольта эмнени сунуш кылды жана далилдеди?
Текст: Электрөткөрүмдүүлүк А. Вольта 1799-жылы эки ар түрдүү металлдан туруп нымдуу нерсе менен бөлүнгөн «ВОЛЬТА МАМЫЧАСЫ» электр тогунун булагын жасаган.


