Өсүмдүктөрдүн физиологиясы
Список вопросов теста
Вопрос 1
Дем алуу процессинин фазаларына цифралардын дал келгенин көрсөткүлө.
А. Аэробдук. Б. Анаэробдук
1. Декарбоксилдөө; 2. Аминдештирүү; 3. Карбоксилдөө; 4. Электрон ташыгыч чынжыр же кычкылдануу; 5. Кребстин цикли.
Варианты ответов
- 2А, 4Б, 3А
- 1А, 3Б, 2А
- 1А, 5А, 4А
- 3Б, 2Б, 4А
Вопрос 2
Дем алууда глюкозанын ферменттердин жардамы менен пировиноград кислотасына чейин ажыроосу эмне деп аталат жана ал кайсы жерде жүрөт?
Варианты ответов
- Кребстин цикли; цитоплазмада
- Кычкылдануу; митохондрияда
- Татаал кошулмалардын гидролизи; матриксте
- Гликолиз; цитоплазмада
Вопрос 3
Углеводдордун кычкылдануусу циклдик түрдө органикалык кислоталардын баскычтуу бири-бирине өтүүсү аркылуу иш жүзүнө ашат. Бул кандай процесс, ким ачкан?
Варианты ответов
- Гликолиз; А.Сент
- Кычкылданып фосфорлоо; Бах
- Кребстин цикли; Г.Кребс
- ачуу ; Палладин
Вопрос 4
Тропизм кыймылы качан пайда болот жана ага мисал келтиргиле.
Варианты ответов
- Кандайдыр бир сырткы чөйрөнүн факторунун бир багыттуу таасиринен, фототропизм
- Кычкылтектин бирдей эмес бөлүштүрүлүшүнөн, хемотропизм
- Сырткы факторлордун диффузиялык таасир этүүсүнөн, термонастия
- Сырткы факторлордун бир багыттуу таасиринен? никтинастия
Вопрос 5
Өсүүнүн критерийине төмөндөгүлүрдүн кайсынысы туура келет жана өсүү процесси эмне менен коштолот?
Варианты ответов
- азыктануу, бөлүп чыгаруу, фотосинтез; пайда болгон органдардын өсүүсү менен сапаттык өзгөрүү жүрөт
- массанын, көлөмдүн, аянттын чоңоюшу; жаңы органдардын пайда болуусу жана чоңоюсу жүрөт
- репродуктивдик органдардын пайда болушу; пайда болгон органдардын сапаттык гана өзгөрүүсү жүрөт
- фотосинтез, дем алуу, бөлүп чыгаруу; пайда болгон органдардын сандык жана сапаттык өзгөрүүсү жүрөт
Вопрос 6
Адистештирилбеген, дайыма бөлүнүп туруучу ткань кайсы, ал кайсы жерде жайгашат?
Варианты ответов
- уч меристема; сабактын, тамырдын учтарында
- мезофилл; жалбырактын негизинде
- механикалык ткань; сабактын муундарынын ортосунда
- флоэма; сабактын учунда
Вопрос 7
Сабактын жана тамырдын учунан узарып өсүүсү кайсы типке кирет?
Варианты ответов
- апикалдык
- интеркалярдык
- базалдык
- муун аралык
Вопрос 8
Бир үлүштүүлөрдүн жалбырактарынын өсүшү өсүүнүн кайсы түрү?
Варианты ответов
- апикалдык
- интеркалярдык
- базалдык
- муун аралык
Вопрос 9
Клетканын өсүүсүнүн эмбрионалдык фазасында кандай процесстер жүрөт?
Варианты ответов
- клетканын көлөмү чоңоюп, клетканын кабыкчасында жаракалар пайда болот
- цитоплазмасы тыгыз болуп, эндоплазмалык торчонун каналдары тар жана вакуолдору кичине өлчөмдө болот
- цитоплазма бир топ илешкек болуп, эндоплазмалык торчонун каналдары кеңейе баштайт жана вакуолдору чоң өлчөмдө болот
- клетканын структурасы, формасы өзгөрүп, бардык органоиддер толук калыптанып иштей баштайт
Вопрос 10
Кургак урук өнүүсүнүн биринчи фазасында сууну абдан тез сиңирип алат. Бул эмне менен түшүндүрүлөт?
Варианты ответов
- сууну сиңирип алгандан кийин уруктун кабыгында жаракалар пайда болот, натыйжада түйүлдүк сапча, жалбыракча пайда болот жана азык заттар сууда эриген абалда сиңирилет
- суунун жардамы менен клеткада зат алмашуу процесси жүрөт жана урукта фотосинтез процесси жүрүү үчүн суу абдан зарыл компонент болуп саналат
- уруктун дем алуу процесси интенсивдүү жүргөндүктөн, суунун болушу зарыл болуп эсептелет
- кургак уруктун температурасын бирдей абалда кармап туруу үчүн суунун көп болушу талап кылынат жана андагы фитогормондордун пайда болушуна катышат
Вопрос 11
Уруктун составындагы запастык заттар төмөндөгү группалардын ичинен кайсыларды көп санда кармайт жана бул группалар эмнеге жөндөмдүү болушат
1. NH2 2. CH3 3. COOH 4.OH; 5. SH2 6. NH3
А. Кычкылтекти жакшы сиңирүүгө катышат
Б. Азотту сиңирүүгө катышат
В. Суунун молекуласын өздөрүнө тартууга жөндөмдүү
Варианты ответов
- 3,4 В
- 1,3 А
- 5,6 Б
- 2,4 А
Вопрос 12
Жарык жетишпеген жерде өскөн өсүмдүктүн анатомиялык белгилери кандай болот жана бул эмнеге байланыштуу?
Варианты ответов
- клеткалары майда; фотосинтез акырын жүрөт
- механикалык тканы күчтүү өрчүйт; караңгыда флоэманын клеткалары жакшы бөлүнөт
- ткандары борпоң, клеткалары узун; өсүүнүн экинчи –кеңейүү фазасы жүргөндүктөн
- клетка аралык боштуктар жок; дем алуу күчтүү жүргөндүктөн
Вопрос 13
. Клетканын чоюлуп өсүүсүн кайсы нурлар күчөтүүгө жөндөмдүү жана анын себеби эмнеде?
Варианты ответов
- көк; клеткалардын бөлүнүшүн тездетет
- сары; клеткалардан бөлүнүшүн акырындатат
- фиолеттик;клеткалардын бөлүнүшүн тездетет
- кызыл, инфракызыл; клеткалардан бөлүнүшүн акырындатат
Вопрос 14
Өсүмдүк организмине эркин N 2 кантип синирилет?
Варианты ответов
- симбиотикалык жана симбиотикалык эмес азотофиксаторлор аркылуу
- аба аркылуу, үттөрдүн жардамы менен
- азотту сиңирүу жүрбөйт
- жаныбарлардын жардамы аркылуу
Вопрос 15
Дем алуу процессинин жалпы теңдемесин көрсөткүлө?
Варианты ответов
- С6Н12О6 + 6О2 → 6СО2 + 6Н2О + 2824 К дж
- С6Н12О6 → 2С3Н6
- 6СО2 + 12 Н2О →С6Н12О6 + 6О2 + 6 Н2О
- 2Н2О → 2 Н2 + 2О2
Вопрос 16
Гликолиз деген эмне ал клетканын кайсы бөлүгүндө жүрөт?
Варианты ответов
- фотосинтездин жарык фазасы; цитоплазмада
- АТФ пайда болуп СО2 жана жылуулуктун бөлүнүп чыгуусу; митохондрияда
- азык заттардын ферменттердин жардамы менен СО2 жана сууга ажыроосу; рибосомада
- глюкозанын ферменттердин жардамында пировиноград кислотасына ажырашы; цитоплазмада
Вопрос 17
Митохондрияда дем алуунун кайсы процесстери жүрөт?
Варианты ответов
- гликолиз жана кычкылдануучу фосфорлонуу
- Кребстин цикли
- татаал кошулмалардын гидролизи
- азык заттар синтезделет
Вопрос 18
Чөйрөнүн факторлорунун диффузиялык таасиринин натыйжасында кандай кыймыл пайда болот, мисал келтиргиле.
Варианты ответов
- термонастия; тюлпандын гүлүнүн ачылып-жабылуусу
- геотропизм; тамекинин гүлүнүн ачылуусу
- фототаксис; мимозанын жалбырагынын кыймылы
- фототропизм; фасолдун жалбырагы
Вопрос 19
Өсүмдүктүн өсүүсүнүн төмөндөгүдөй:
А. Апикалдык Б. Интеркалярдык В. Базалдык Г. Камбиалдык типтери бар. Туура эмес жообун тапкыла.
1. Сабактын учунан узарып өсүүсү 2. Муун аралыктардын өсүүсү 3. Тамырдын узарып өсүүсү 4. Жалбырак пластинкасынын өсүшү 5. Сабактын жооноюп өсүүсү 6. Бир үлүштүүлөрдүн жалбырагынын өсүүсү 7. Дан өсүмдүктөрүнүн сабактарынын өсүүсү
Варианты ответов
- а)1 А, 2Б, 3А
- б) 4В, 7Б, 5Г
- в) 2 А, 7В, 4 Г
- г) 6В, 2Б, 7 Б
Вопрос 20
- Өсүмдүктөрдүн дем алуу процессинин маанисинин ирээтин туура көрсөткүлө.
1. Өсүмдүктү органикалык заттар менен камсыз кылат. 2. Өсүмдүктү минералдык заттар менен касмыз кылат. 3. Суу менен камсыз кылат. 4. Энергия менен камсыз кылат. 5. Иондор менен камсыз кылат.6. Органикалык кислоталар менен камсыз кылат.7. Спирттер менен камсыз кылат.
Варианты ответов
- 2,4,7
- 3, 4,6
- 1,5,3
- 5,6,7


