ОРТ история
Список вопросов теста
Вопрос 1
Александр II -нин тарбиялоочусу В.А. Жуковский "тарых бардык илимдердин ичинен эң маанилүүсү..." деп эсептеген, анткени
Варианты ответов
- тарых Орусиядагы падышанын жеке бийлигинин келбестиги туурасында ой туудурат. тарых өткөндөгү тажрыйбанын негизинде үйрөтүп, азыркы учурду түшүндүрүп, келечекти алдын ала айтат.
- тарых падышаны өлкөнүн керектөө-муктаждыктары менен тааныштырат.
- тарых өткөндөгү тажрыйбанын негизинде үйрөтүп, азыркы учурду түшүндүрүп, келечекти алдын ала айтат.
- жогоруда айтылгандын баары туура
Вопрос 2
Б.з.ч. 594-жылы Афинада Солон аттуу өкүмдар демократияны өнүктүрүү үчүн бир катар реформаларды өткөргөн. Солондун реформалары кандай максатты көздөгөн?
Варианты ответов
- Архонттордун ыйгарым укутарынын мөөнөтүн аныктоо
- Гректердин Жер ортолук деңиз аймагын колониялаштыруу процессин жөнгө салууну
- Жазыктар менен кылмыштар үчүн жазалоо системасын орнотууну
- Аристократтар менен демосту коомдук турмуш маселелери боюнча жараштырууну
Вопрос 3
476-жылы Батыш Рим империясынын кыйрашына эмне себеп болгон?
Варианты ответов
- Мамлекеттин экономикасы кыйраган
- Эски борбордоштурулган мамлекет системасы жок кылынган
- Маданияттын деңгээли кескин түрдө төмөндөгөн
- Жогорудагы себептердин баары
Вопрос 4
Эмне үчүн VIII кылымда калыптанган "Сали акыйкаты" мыйзамдар жыйнагы франктарда эрте феодал мамилелеринин түптөлгөн далили болуп эсептелинет?
Варианты ответов
- Мыйзамдар феодалдар өз дыйкандары үчүн кам көрүүлөрү керектигин баса белгилеген
- Мыйзамдар жеке менчикти коргогон жана коомдогу теңсиздикти бекемдеген
- Мыйзамдарда мамлекеттик бийликтин аксакалдар кеңешине шайлоо жолу менен калыптануусу каралган
- Мыйзамдарда байыркы салттар менен эрежелердин башкы роль ойногондугу аныкталган
Вопрос 5
XIII кылымда Рустагы феодалдык бытырандылык-бул
Варианты ответов
- үлүштүк кныздыктардын экономикалык күчөшүнүн мыйзам ченемдүү процесси
- көчмөндөрдүн такай болуп туруучу чабуулдарынын натыйжасы
- чиркөөнүн католик жана православ болуп бөлүнүүсүнүн натыйжасы
- княздардын "варягтардан гректерге" өткөн соода жолу үчүн болгон күрөшүнүн натыйжасы
Вопрос 6
XVI кылымдын биринчи жарымында Германияда болгон Реформация менен дыйкандар согушунун жүрүшүндө дворяндардын, шаар тургундарынын жана дыйкандардын жалпы кызыкчылыктарын кандай талап чагылдырган?
Варианты ответов
- Феодалдык милдеттерди чектөө талабы
- Чиркөө салыктарын (жыйыымдарын) азайтуу талабы
- Чиркөө жерлерин тартып алуу талабы
- Жалпы мамлекеттик салыктарды киргизүү талабы
Вопрос 7
XVI кылымдын орто ченинде Орусияда борбордоштурулган мамлекет калыптанып, ошол эле мезгилде натуралдык чарбанын өкүм сүрүүсү да уланган. XVI кылымдын ортосундагы Орусия борбордоштурулган мамлекетинин мүнөздөмөсүнө кайсы көрүнүш Жок?
Варианты ответов
- Бирдиктүү акча системасы
- Бирдиктүү аймак
- Бирдиктүү бүткүл Орусия базары
- Бирдиктүү мыйзамдар
Вопрос 8
. Каардуу (Грозный) Иван киргизип, мамлекеттик террордун аппараты болгон опричнинанын көздөгөн максаты-
Варианты ответов
- падышанын аскерин күчөтүү
- боярлар вотчиналарын пеместьелер менен алмаштыруу
- мамлекеттик коопсуздук органдарын негиздөө
- падышанын чексиз бийлигин орнотуу
Вопрос 9
Англиядагы буржуазиялык төңкөрүштүн (1640-ж.) жетекчиси Оливер Кромвель "жаңы үлгүдөгү" аскерди түзүп, анда өкүм сүргөн принцип-
Варианты ответов
- ар кандай динге жол берүү жана дин кызматчылар менен кызматташуу
- эркек калкын жалпы аскерге чакыруу
- аскердик кызматтын акысын төлөө
- тектүү дворяндарга өзгөчө артыкчылыктарды берүү
Вопрос 10
Мамлекеттитк түзүлүштүн кандай идеясы Улуу Француз буржуазия төнкүрүшүнүн жүрүшүндө кабыл алынган адам жана жаран укуктарынын декларациясына кирги зилген эмес?
Варианты ответов
- Адамдар эркин жана тең укуктуу болуп төрөлүшөт
- Жогорку бийликтин булагы болуп король саналат
- Саясий бийлик адамдын табигый укуктарын сактоого тийиш
- Мыйзамдар бардыгы үчүн бирдей
Вопрос 11
1793-жылы Улуу Француз төңкөрүштүн жүрүшүндө орнотулган якобиндиктер диктатурасы жүргүзгөн саясаттын негизи болуп эмне эсептелген?
Варианты ответов
- Дворяндарга жана ири буржуазияга өзгөчө артыкчылыктарды берүү
- Коомдук мамилелерге кеңири демократиялык укуктар менен эркиндиктерди жайылтуу
- Борбордоштурулган катуу башкаруу менен төңкөрүш террорун орнотуу
- Жергиликтүү бийлик органдарынын автономиялуу башкаруу менен сот ишин жүргүзүүнү калыптагндыруусу
Вопрос 12
Эмне үчүн XVIII кылымдагы америкалык колониялардын көз карандысыздыгы үчүн күрөш биринчи америкалык буржуазиялык төңкөрүш болуп саналат?
Варианты ответов
- Кулчулук жоюлган
- Жалпы шайлоо укугу киргизилген
- Бажы салыктары жюлган
- Эгемендүү мамлекет түзүлгөн
Вопрос 13
. ХIХ кылымда социалдык-экономикалык мамилелердин өнүгүүсүнө байланыштуу дңүйнө индустриялык жана салттуу коомдорго бөлүнгөн. Салттуу коом үчүн эмне мүнөздүү?
Варианты ответов
- Экономиканын агрардык мүнөзү
- Коомдун өнүгүүсүндөгү тез прогресс
- Илимий ачылыштарды пайдалануу
- Фабрикалар өндүрүшүнүн кеңейүүсү
Вопрос 14
эмне үчүн А. Герцендин "Коңгуроо" журналынын 1856-жылкы бир санында Александр II -нин төмөнкүдөй мүнөздүмөсү берилген: "... ал Николай I менен бирдей эле деңгээлде 14-декабрдын мураскери"?
Варианты ответов
- Александар II түгөнбөс аскердик кароолорду, параддарды , аскердик майрамдарды жакшы көрүп алган
- Александр II ар тараптуу билим алган
- Александр II либералдык өзгөрүүлөрдүн зарылчылыгын түшүнгөнү менен, оппозицияны катаалдык менен баскан
- Александр II Орусия үчүн керектүү болгон Париж келишимин түзүп, Крым согушун токтоткон
Вопрос 15
. ХIХ кылымдын биринчи жарымында Европалкөлөрүндө жүргөн урбанизация (шаар калкынын өсүү) процессинин башкы себеби эмне болгон?
Варианты ответов
- Америкалык үлгү боюнча түзүлгөн майда дыйкан чарбаларынын гүлдөшү
- Өнөрчүлүк өндүрүшү менен майда соода ишинин начарлашы
- Айыл калкынын өтө көбөйүп кетиши жанан ири өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүшү
- Европалыктар үчүн ачылган Америкага кетүү мүмкүнчүлүгү
Вопрос 16
Орусияда 1917-жылы, падышанын жеке бийлиги кулагандан кийин түзүлгөн кош бийликке кандай белгилер мүнөздүү болгон?
Варианты ответов
- Мамлекетте эки премьер-министр болгондугу
- Убактылуу өкмөт менен катар Жумушчу депутаттар кеңештеринин бар болгондугу
- Бийликтин жогорку органдагы эки партиянын теңдиги
- Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийликтердин тең укутуу абалы
Вопрос 17
. 1945-жылы Ялтадагы конференцияда СССР, АКШ жана Улуу Британия жетекчилери тарабынан Германиянын үн-сөзсүз капитуляция кылуусунун кандай принциптери аныкталган болчу?
Варианты ответов
- Талкаланган Германия калкына карата террор режимин орнотуу
- Германиянын өз алдынча эки мамлекетке бөлүнүшү
- Нацисттик партиянын жана репрессиялуу мамлекет аппаратынын жоюлушу
- Германия аскеринде кызмат өтөгөн немистердин баарын жарандык укуктардан ажыратуу
Вопрос 18
ХХ кылымдын экинчи жарымында Кариб кризиси дүйнөнү үчүнчү дүйнөлүк согуштун чегине койгон. Кайсы окуя "Кариб кризиси" деген ат менен аталып калган?
Варианты ответов
- Куба менен АКШнын ортосундагы Ф. Кастронун бийликке келишине байланыштуу конфликт
- Кубадагы Ф.Кастронун коммунисттик режиминин кризиси
- Кубадагы төңкөрүш (революция)
- СССР менен АКШнын ортосундагы Кубага советтик ядролук ракеталардын жайгаштырылышына байланыштуу конфликт
Вопрос 19
"Кансыз (муздак) согуш"- АКШ менен СССРдин саясий , эконоимкалык жана идеологиялык тирешүүсүс -40-жылдардын орто ченинде башталып, ХХ кылымдын 90-жылдарына чейин уланган. Төмөн жакта саналгандардын кайсынысы "кансыз согуш" үчүн мүнөздүү эмес?
Варианты ответов
- Социалдык-саясий системалары ар кандай болгон мамлекеттердин ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштардын бекемделиши.
- Согуштук блоктор жана экономикалык бирликтер системасын түзүлүшү
- Аскердик чыгашалардын кескин өсүшү, жарыша куралдануу жана согуштук даярдыктар
- Чет өлкөлөр аймагындагы аскердик базалар тармагынын түзүлүшү
Вопрос 20
Глобалдаштыруу деп ХХ к. аягы-ХХI к. башындагы дүйнөнүн барган сайын күч алган комплекстүү, системалуу биримдигин аташат. Экономика чөйрөсүндөгү глобалдаштыруунун натыйжасы болбогон көрүнүш-
Варианты ответов
- сооданы либералдаштыруу
- лидер-өлкөлөрдүн санын азайышы
- эл аралык кызматташуу
- экономиканын өз ара көз карандылыгынын күчөшү
Вопрос 21
. Борбордук Азия аймагындагы уруулар үчүн Коло дооруна мүнөздүү көрүнүш (б.з.ч. III- I миң жылдык) бул-
Варианты ответов
- чарбада жана турмуш-тиричиликте темир эмгек шаймандарынын пайда болуусу
- бекемделген шаарларды массалык түрдө куруу шарттарынын өнүгүүсү
- өндүрүш күчтөрү менен өндүрүш каражаттарынын сапат жагынан өсүүсү
- жазма менен илимий билимдин бардык жерге тарашы
Вопрос 22
Сак көчмөн урууларынын коомдук түзүлүшү аскердик мүнөзгө ээ болгон.
Кандай саясий түзүлүш аскердик демократия деп аталат?
Варианты ответов
- Аскер башчылары демократиялык жол менен шайланган мамлекеттик башкаруунун формасы
- Жогорку мамлекеттик бийлик бир адамга таандык болгон мамлекеттик башкаруунун формасы
- Мамлекеттик бийлик ак сөөктөргө таандык болгон башкаруунун жогорку формасы
- Бийлик аз сандагы адамдар тобунун колунда топтолгон саясий режим
Вопрос 23
Кытай жылнаамаларында төмөнкүдөй сөздөр байыркы элдердин кайсынысы жөнүндө жазылган: "... калкынын саны 300 миң адамды же 60 миң түтүндү түзөт. Бул өлкөнүн бардык жериндет жүзүм шарабын жасашат. Бул өлкөдө 7-тен ашуун шаар бар... Алардын аргымак аттары көп..."?
Варианты ответов
- Перстер жөнүндө
- Давандар жөнүндө
- Усундар жөнүндө
- Гунндар жөнүндө
Вопрос 24
Б.з.ч. II кылымда кытай императору офицер Чжан Цянды Борбордук Азияга саякат жасоого жөнөткөн. Чжан Цяндын саякатынын башкы максаты эмнеде болгон?
Варианты ответов
- Гунндар менен күрөшү үчүн согуштук союздаштарды издөө
- Жаңы соода-экономика байланыштарын издөө
- Кийин басып алуу максатында аймакты чагылдоо
- Кытай ханбийикеси үчүн татыктуу күйөөнү издөө
Вопрос 25
VIII кылымдын башында Барсбектин демилгеси менен Түрктөргө каршы Үч тарап бирлиги (союзу) түзүлгөн. Ким Энесай кыргыздарына шериктеш болуп, аталган бийликке кошулган?
Варианты ответов
- Карлук жана Уйгур кагандыктары
- Карлук жана Түргөш кагандыктары
- Тан империясы менен Карлук кагандыгы
- Тан империясы жана Түргөш кагандыгы
Вопрос 26
751-жылы Талас өрөөнүндө, Атлах шаарынын жанында араб жана кытай аскерлеринин салгылашуусу болуп өткөн. Ошол салгылашуунун натыйжасында эмне үчүн шарт түзүлгөн?
Варианты ответов
- Кытайлардын андан ары Орто Азия аймагына басып кирип келүүсүнө
- Бириккен араб-кытай мам лекетинин пайда болуусуна
- Ислам маданиятынын эч жолтоосуз Орто Азияга жайылуусуна
- Орто Азиянын тез социалдык-экономикалык өсүүсүнө
Вопрос 27
Караханий кагандыгында эмне ишмердиктин негизги түрү болуп эсептелген эмес?
Варианты ответов
- Балыкчылык
- Дыйканчылык
- Мал чарбачылык
- Тоо-кен өндүрүшү
Вопрос 28
Х кылымда Караханий кагандыгында ислам мамлекеттик дин болуп калган, анткени караханийлер
Варианты ответов
- жаңы диндини жардамы менен чачыранды түрк элдерин баш коштурууну каалашкан
- Саманиддер мамлекети менен болгон соода-экономика байланыштарын бекемдешкен
- Маверннахр мусулмандары менен тынчтыкка келишкен
- Батыш Европа өөлкөлөрү менен маданий байланыштарды түзүшкөн
Вопрос 29
Эмне үчүн Энесай кыргыздары, Хубилайдын бийлиги алдында болуп туруп, Хайду мамлекетинин курамына кирүүгө умтулушкан?
Варианты ответов
- Хайду мамлекетинде дыйканчылык үзүрлүү өнүккөн
- Хайду салыктарды азайтууга умтулган
- Хайду түшүмдүү көп жерлерди ээлеп алган
- Хайду саясаты экономикалык туруктуулукту чыңдоого багытталган
Вопрос 30
. XVIII-XIX кылымдарда кыргыздар кандай жазууну колдонуп келишкен?
Варианты ответов
- Орхон-энесай жазма ариптерин
- Байыркы славян жазмасын
- Араб арибине негизделген чагатай жазмасын
- Латын тамгалары менен кирил тамгаларын аралаш.
Вопрос 31
Эмне үчүн Мухаммед -кыргыздын XVI кылымда жана Ормон-хандын XIX кылымда кыргыз мамлекетин түзүү үчүн жасаган аракеттери оңунан чыкпай калган?
Варианты ответов
- Кыргыздарда уруулук-патриархалдык мамилелер өкүм сүргөн
- Кыргыз уруулары бири-биринен алыс жашаган
- Кыргыздын уруу-урук бирикмелери күчтүү жана бай болуп, алардын тышкы душмандары болгон эмес
- Коркунуч келип чыккан учурда кыргыз уруулары башка аймактарга көчүп кетчү
Вопрос 32
Эмне үчүн ХХ кылымдын башында Кыргызстан экономикасында айыл чарба продуктыларын товар түрүндө өндүрүүнүн жаңы жактары пайда болгон?
Варианты ответов
- Айыл чарба продуктыларынын түшүмдүүлүк деңгээли жогорулаган
- Кыргызстанда капиталисттик өндүрүш өнүгө баштаган
- Орусиядан көчүп келгендер Кыргызстанда соода жүргүзө башташкан
- Дыйканчылык маданияты жогорулаган
Вопрос 33
М.Д. Скобелев баштаган Алай аскердик экспедициясынын негизги максаты эмне болгон?
Варианты ответов
- Алай кыргыздарынын биротоло багындыруу жана Орусия империясына кошуу
- Көчүрүлүп келип жаткан орус дыйкандары үчүн атайын түйүндөрдү (пунктарды) уюштуруу
- Кыргыз калкынын биринчи мамлекеттик каттосун жүргүзүү
- Бул аймактын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн изилдөө
Вопрос 34
Кыргызстанда ХХ кылымидын 20-жылдарында болпу өткөн жер-суу реформасынын башкы максаты кандай болгон?
Варианты ответов
- Жерди ири жер ээлөөчүлөргө -байлар менен кулактарга калтыруу
- Жерди дыйкандарга ижара шартында берүү
- Фермерлик чарбалык жамааттарды түзүү
- Жергиликтүү дыйкандар менен көчүп келген дыйкандардын ортосундагы жер мамилелерин жөнгө салуу
Вопрос 35
20-30-жылдары Кыргызстанда калктын жалпы сабатсыздык шартында жүргүзүлгөн маданий курулуш саясатынын негизги багыты эмне болгон?
(
Варианты ответов
- Мектеп билим берүү тармагын өнүктүрүү
- Кыргыз мамлекеттик басмасын түзүү
- Чоң кишилердин сабатсыздыгын жоюу
- Орто атайын билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу
Вопрос 36
1924-1937-жылдары Кыргызстандын СССР курамындагы мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы орун алган. Мамлекеттик курулуш кандай хронологиялык тартипте жүргөн?
1. Кыргыз совет социалисттик республикасы (Кырг.ССР)
2. Кара-Кыргыз автономиялуу областы (ККАО)
3. Кыргыз автономиялуу совет социалисттик республикасы (КАССР)
4. Кыргыз автономиялуу областы (КАО)
Варианты ответов
- 2,4,3,1
- 1,2,3,4
- 4,2,3,1
- 3,4,2,1
Вопрос 37
Эмне үчүн 1930-жылдары Түркстан-Сибир темир жол магистралынын курулушу (Турксиб) Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү өбөлгө болуп калган?
Варианты ответов
- Магистралды тейлөө үчүн майда жеке ишканалар ачылган
- Турксиб Орто Азия менен Казакстанды Урал жана Сибир менен байланыштырган.
- Турксиб Орто Азиянын капиталисттик жол менен өнүгүүсүнө шарт түзгөн
- Турксибдин крулушу жайттар түзүлүшүн бузган.
Вопрос 38
Кыргыз ССРинин экономикасы СССРдин бирдиктүү эл-чарбачылык комплексине кирген. Эмне үчүн СССР ыдырап кеткенден кийин Кыргызстандын өнөр-жай секторунда кризис башталган?
Варианты ответов
- Кыргызстандын экономикасын өнөр-жай сектору өнүккөн эмес
- Өнөр-жай толугу менен өзүн өзү каржылоого өткөн
- Кыргызстанда өнөр-жайды өнүктүрүү үчүн ресурстар жок
- Кыргызстандын көпчүлүк өнөр-жай ишканалары алынып келген тетиктерден буюм чогултуп иштеген
Вопрос 39
ХХ кылымдын 90-жылдары Кыргызстанда демократия үчүн шарт түзүлгөн. Демократиянын белгиси-
Варианты ответов
- мамлекеттин коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүнө кийгилишүүсү
- көп партиялуулук жана сөз эркиндиги
- саясий бийлик үчүн куралдуу күрөш
- партиялык жана эмгектик тартиптин катуу бекемделиши
Вопрос 40
Эгемендүүлүк орнотулгандан кийин Кыргызстанда өз тарыхына кызыгуу барган сайын күч алуужа. Бул ар кандай тарыхый окуялардын мааракелерин майрамдоодон даана көрүнүп турат. 1995-жылы Кыргызстан белгилеген маараке-
Варианты ответов
- Курманжан Датканын 20- жылдыгы
- "Манас" эпосунун 1000 -жылдыгы
- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгы
- Ош шаарынын 3000-жылдыгы


