Орфография предметинен тесттик тапшырмалар
Список вопросов теста
Вопрос 1
Орфографиялык сабаттуулукту кимдер “салыштырмалуу жана абсолюттуу сабаттуулукка” бөлүп көрсөтүшкөн?
Варианты ответов
- Ю.Степанов, Н.Максимов
- Л.В.Шерба, М.Т.Баранов
- В.Виноградов, М.Иванов
Вопрос 2
Кыргыз орфографиясынын “жаңы редакциясы” кайсы жылы бекитилген?
Варианты ответов
- 2002-ж., 28-июнь
- 1998-ж., 20-июль
- 2005-жыл, 30-июль
- 2004-ж., 15-июль
Вопрос 3
Төмөнкү сөздөрдүн туура жазылган катарын белгиле
Варианты ответов
- педагокко, Калининградта, Жапаровтун
- педагогго, Калининградда, Жапаровдун
- студенттин, Гамбургка, төртгө
- чакырыкка, үмүткө, даңкга
Вопрос 4
Арсар келер чактагы этиштердин туура жазылган катарын белгиле:
Варианты ответов
- ойноор, табаар, жүрөөр
- бараар, келээр, чуркаар
- ойлоор, окуур, иштээр
- туура жообу жок
Вопрос 5
Арсар келер чактагы этиштердин туура жазылган катарын белгиле:
Варианты ответов
- ойноор, табаар, жүрөөр
- бараар, келээр, чуркаар
- ойлоор, окуур, иштээр
- туура жообу жок
Вопрос 6
Туура эмес жазылган сөздөрдүн катарын белгиле
Варианты ответов
- сөссүз, жасса, асчылык
- аттын, каттын, сүттүн
- тозсо, кезсе, сүзсө
- күздө, өссө, суусаса
Вопрос 7
Орден, медалдардын аттары кандай жазылат?
Варианты ответов
- тырнакчага алынып, ар бир сөзү баш тамга менен
- бардык сөзү бириктирилип
- тырнакчага алынбай, аталышы баш тамга менен, “ордени”, “медалы” деген сөздөрү кичине тамга менен
- баары туура эмес
Вопрос 8
Искусство чыгармаларынын, газета, журналдардын, көркөм адабияттардын аталыштары сүйлөм тутумунда келсе, кандай жазылат?
Варианты ответов
- тырнакчага алынбай, баш тамга менен
- тырнакчага алынып, бардык сөзү кичине тамга менен
- тырнакчага алынып, 1-сөзү баш тамга менен
- баары туура эмес
Вопрос 9
Сөздөр бир саптан экинчи сапка кандай негизде ташымалданат?
Варианты ответов
- басымдын түшүрүлүшүнө карай
- муунга ажыроо тартиби боюнча
- үндүүлөрдүн санына жараша
- баары туура эмес
Вопрос 10
Канча муундуу сөздөр ташымалданбайт?
Варианты ответов
- бир муундуу сөздөр толук бойдон жана эки муундуу сөздөрдүн айрымдары
- эки муундуу сөздөр толук бойдон ташымалданбайт
- адам аттары
- баары туура эмес
Вопрос 11
Туура ташымалданган сөздөрдүн катарын белгиле
Варианты ответов
- фил-фак, ба-ла-лу-ул-ар-ын
- сту-ден-ттер, ыр-ыс-кы
- и-лим-по-дор-дун, фил-фак
- илим-поз-дор-дун, жоо-га-зын
Вопрос 12
Кыскартылган сөздөрдүн кайсыл түрү ташымалданбайт?
Варианты ответов
- кош сөз тибиндеги татаал сөздөр
- баш тамгаларынан кыскартылгандары
- кошмок сөз тибиндеги татаал сөздөр
- бардык түрү
Вопрос 13
“Орфография” деген термин кайсы тилден кирген?
Варианты ответов
- орус
- грек
- түрк
- индоевропа
Вопрос 14
Кыргыз орфографиясын негиздөөчүлөр кимдер?
Варианты ответов
- К.Тыныстанов, И.Арабаев, Х.Карасаев
- К.Тыныстанов, К.Сартбаев, С.Мусаев
- А.Жапаров, А.Иманов, А.Биялиев
- И.Арабаев, Х.Карасаев, К.Юдахин
Вопрос 15
1925-жылы кайсыл тамганын негизинде кыргыз алфавити түзүлгөн?
Варианты ответов
- чагатай
- орус
- латын
- араб
Вопрос 16
Фонетикалык принциптин өзгөчөлүгүн белгиле
Варианты ответов
- тыбыштык жактан бузулуп айтылышы боюнча жазууга жол бербейт
- татаал сөздөрдү ажыратып жазууну талап кылат
- тыбыштык жактан бузулуп айтылган сөздөрдү ошол абалында жазууга жол берет
- айрым татаал сөздөрдү бириктирип жазууга жол берет
Вопрос 17
“сабы”, “мага” деген сөздөр кайсыл принцип боюнча жазылат?
Варианты ответов
- фонетикалык
- морфологиялык
- дифференциалык
- тарыхый
Вопрос 18
Морфологиялык принциптин талабы кандай?
Варианты ответов
- тыбыштык жактан бузулуп айтылган сөздөрдү айтылышы боюнча жазууга жол бербейт
- тыбыштык жактан бузулуп айтылган сөздөрдү айтылышы боюнча жазууга жол берет
- сөздөрдү ташымалдап жазууга жол берет
- сөздөрдүн мүчөлөрүнүн туура жазылышын талап кылат
Вопрос 19
“бүрөө”, “өкөө” деп айтылып калган сөздөр кайсыл принципте жазылат?
Варианты ответов
- фонетикалык
- морфологиялык
- дифференциалык
- тарыхый
Вопрос 20
Баары туура жазылган сөздөрдүн катарын тапкыла
Варианты ответов
- герб, арап,клуб, гараж, парад
- ыраазы, ырас, үбөлүк, убал
- булгары, агыш, жоогазын,жыргал
- баары туура эмес
Вопрос 21
Сөздөрүнүн баары туура жазылган сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Толгонай жыңайлак болсо да чуркап жибермек
- Нурканайдын кайынатасы ага камкор болду
- Ажардын жоолугу түшүп, эми жылаңбаш калды
- Баары туура эмес
Вопрос 22
“б” тыбышы эки үндүүнүн ортосунда келгенде кайсыл тыбышка өтүп айтылып калат?
Варианты ответов
- в
- п
- ф
- б
Вопрос 23
Кесипти билгизүүчү –чы мүчөсү жалганган сөздөрдүн туура жазылышын белгиле
Варианты ответов
- жылкычы, барчу, тилчи
- жазчу, тергечү, ширетчү
- тарбиячы, алдамчы, берчи
- жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү
Вопрос 24
Сөздөрүнүн баары туура жазылган сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Кара өрүктөрдү күнгө кургаттуу көп убакытты алат
- Жакшы педагогго жолукканбыз
- Азыр түнбү, же күнбү, айтоор, Касымга белгисиз
- Ч.Айтматовдун "Түнкү суугат" чыгармасын окугула
Вопрос 25
Сөздөрүнүн баары туура жазылган сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Бул иш кагаздары сага тиешелүү
- Бул чийеленген табышмактын жообун ким табат
- Күн өткөн сайын бут кийимиң кеңеет
- Ак барактын бетине түрдүү сүрөт чийеет
Вопрос 26
Туура жазылган сөздү тапкыла
Варианты ответов
- аба-ырайы
- аба ырайы
- абарайы
- билбейм
Вопрос 27
Туура жазылган сөздү тапкыла
Варианты ответов
- бойоюн
- бойойун
- боеюн
- боейун
Вопрос 28
Туура жазылган сөздү тапкыла
Варианты ответов
- үй-бүлөө
- үй бүлө
- үй-бүлө
- билбейм
Вопрос 29
Туура жазылган сөздү тапкыла
Варианты ответов
- талкуулоо
- талкууло
- талкулоо
- талкылоо
Вопрос 30
Туура жазылган сөздү тапкыла
Варианты ответов
- каалом
- калоом
- каалоом
- каалаайм


