Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  9 класс  /  Окуучулардын 1-чейректе алган билимдерин баалоо (9-класс, адабият)

Окуучулардын 1-чейректе алган билимдерин баалоо (9-класс, адабият)

Avatar
21.10.2020. Тест. Родной язык и литература, 9 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Окуучулардын билгичтиктерин жана билимдерин баалоо, текшерүү.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Автобиографиялык чыгарманы ата?

 

Варианты ответов
  • “Эрксиз күндөрдө”
  • “Мезгил учат”
  • “Манас күмбөзү”
  • “Кыйын кезең”
Вопрос 2

“1919-жылдын аяк ченинде гана Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн аталаш туугандарынын бирин таап, ошол жерде туруп калат...”

Ким жөнүндө сөз болуп жатат?           

 

Варианты ответов
  • К.Тыныстанов
  • А.Токомбаев
  • К.Жантөшев
  • М.Элебаев
Вопрос 3

Алгачкы чыгармачылыгын Ленинге ыр жазуу менен баштаган калемгер ким?

 

Варианты ответов
  • К.Тыныстанов
  • А.Токомбаев
  • К.Жантөшев
  • М.Элебаев
Вопрос 4

“... Өжөр эле болбос ишти талашып,

Бууркандап, ээ-жаа бербей жадатып.

Ойлодуңбу көрүнгөндөн тепки жеп,

Жүрөбү деп оозу-мурдун канатып?” кайсы чыгармадан үзүндү?

 

Варианты ответов
  • С.Карачев “Эрксиз күндөрдө”
  • К.Тынстанов  “Манас күмбөзү”
  • К.Тыныстанов “Ала-Тоо”
  • Ж.Турусбеков  “Энем”
Вопрос 5

“Курманбек” драмасы канча актыдан жана канча көшөгөдөн турат?

     

Варианты ответов
  • 5 актыдан, 3 сүрөттөн
  • 4 актыдан, 3 сүрөттөн
  • 5 актыдан, 6 сүрөттөн
  • 6 актыдан, 3 сүрөттөн
Вопрос 6

. “... Бала канчалык зээндүү болсо да, эки кыш окуганы менен сабаты ачылып, кат тааныбыды...” кайсы белгилүү инсан жөнүндө сөз болуп жатат?

        

       

Варианты ответов
  • К.Жантөшев
  • А.Токомбаев
  • К.Тыныстанов
  • М.Элебаев
Вопрос 7

“Курманбек” драмасы дастандан эмнеси менен айрмаланат?

           

Варианты ответов
  • Корундун элди башкарып калышы менен
  • Курманбектин өлүмү менен
  • Курманбектин тирүү калуусу менен
  • Айганыштын өлүмү менен
Вопрос 8

 “Чиркин жигит, мойнун ары бурган го, адам айла тапкысыз, акка моюн сунган го

Кайсы чыгармадагы каармандын сөзү?

 

Варианты ответов
  • А.Токомбаев “Мезгил учат” Жапардын сөзү
  • С.Карачев “Эрксиз күндөр”,  жигиттердин сөзү
  • К.Баялинов “Ажар” элдин сөзү
  • К.Жантөшев “Курманбек” дарыгердин сөзү
Вопрос 9

Кайсы чыгармада жашоодо жашаган адамдын протатиби берилген?

 

Варианты ответов
  • А.Токомбаев “Мезгил учат”
  • С.Карачев “Эрксиз күндөр”,
  • М.Элебаев "Кыйын кезең"
  • К.Жантөшев “Курманбек”
Вопрос 10

“...Айлар, жылдар өттү – деп,

Кабарсыз болуп кетти – деп,

Катпаган балтыр баламды

Кимиси мерт этти – деп..” бул ыр саптары кимдин кандай аталыштагы чыгармасы?

 

Варианты ответов
  • К.Тыныстанов “Ала-Тоо”
  • К.Жантөшев “Ким кантти?”
  • М.Элебаев “Энем”
  • А.Токомбаев “Солдат элек”
Вопрос 11

"...Айтор, кандай болсо да ушул ачылып жаткан мектептерде бир жаңылык бар экенин сезгендей жүрөгү белгисиз бирдемеге көтөрүлүп, жаңы тартиптен окусам дегенди дегдеп жүрдү"  - кайсы чыгармадан үзүндү?

Варианты ответов
  • "Эрксиз күндөрдө"
  • "Мезгил учат"
  • "Кыйын кезең"
  • "Энем" поэмасы
Вопрос 12

"Арам гана тажаал, мен бир күнү жок болгонго урунарга тоо таппай буулугуп калган экенсиң го!" - кайсы чыгармадан, кайсы каармандын сөзү?

Варианты ответов
  • "Мезгил учат" Айтикенин
  • "Эрксиз күндөр" Жыпардын
  • "Курманбек" Тейитбектин
  • "Кыйын кезең" Кабылдын
Вопрос 13

"Жылан канга тойсо, куркулдайга уя жасагысы келет" - "Курманбек" драмасында кимдин сөзү?

Варианты ответов
  • Корундун
  • Тейитбектин
  • Айганыштын
  • Дөдөндүн
Вопрос 14

"Ар кимдин башы ийнинде, тили оозунда" - "Курманбек" драмасындагы кимдин сөзү? 

Варианты ответов
  • Айганыштын
  • Курманбектин
  • Гүлгаакынын
  • Дөдөндүн
Вопрос 15

"Кар үстүнө көк чыкпайт, гүл өспөйт, ата!" - "Курманбек" драмасынан кимдин сөзү?

Варианты ответов
  • Айганыштын
  • Гүлгаакынын
  • Курманбектин
  • Чагырдын
Вопрос 16

"Ким тилди албаса,

Дал ушундай кылам.

Бириң эмес, баарыңды кырам" - "Курманбек" драмасынан кимдин сөзү?

Варианты ответов
  • Курманбектин
  • Корундун
  • Тейитбектин
  • Доргунун
Вопрос 17

"Ит кутурса ээсин кабат!

Чал кутурса эсинен танат.

Сыйынгыла алдыма!" - "Курманбек" драмасынан кимдин сөзү?

Варианты ответов
  • Корундун
  • Аккандын
  • Тейитбектин
  • Курманбектин
Вопрос 18

"...Чындап үшүп келгенде чанадан түшүп алат да жүгүрө берет. Абдан күйүккөн кезде кайра отурат..." Кайсы чыгармадан үзүндү, ким жөнүндө айтылып жатат?

Варианты ответов
  • "Эрксиз күндөрдө" Жапар жөнүндө
  • "кыйын кезең" Бекназар жөнүндө
  • "Кыйын кезең" Кабыл жөнүндө
  • "Мезгил учат" айтике жөнүндө
Вопрос 19

"Жаңы большевик өкмөтү орнойт деген бышык болсо батыраак эле болсо экен деги. Ошондо гана бир жакшылык  жышаанасы боло турган көрүнбөйбү..." Кайсы чыгармадан үзүндү?

Варианты ответов
  • "Мезгил учат"
  • "Кыйын кезең"
  • "Эрксиз күндөрдө"
Вопрос 20

"Бузулган иттер, жогол көзүмө көрүнбөй!" - Кайсы каармандын сөзү?

Варианты ответов
  • Кабылдын
  • Бекназардын
  • Гаврилдин
  • Степандын
Вопрос 21

"Ажал ордуна", "Айласыз кезигишүү" чыгармаларынын авторун белгиле.

Варианты ответов
  • М.Элебаев
  • А.Токомбаев
  • Ж.Турусбеков
  • К. Жантөшев
Вопрос 22

Тверь шаарында советтик-партиялык мектепте окуп, орус тилине кызык арткан жазуучуну белгиле.

Варианты ответов
  • А.Токомбаев
  • К. Жантөшев
  • М.Элебаев
  • Ж.Турусбеков
Вопрос 23

1943-жылы согуш талаасында каза болгон жазуучуну белгиле.

Варианты ответов
  • М.Элебаев
  • Ж.Турусбеков
  • К. Жантөшев
  • С.Карачев
Вопрос 24

"Таңдан кечке көргөн күнүм: куурай алам, тезек терем, музоо кайтарам. Кокус музоо ээмп кетсе, менин шорум... кызылдай союп урат... Отун жагып отуруп, өчүрүп койсом кычкач менен бир коет. Бир кыш этиме жалаң тон кийип, жылаңаяк суу ташып жүрдүм".Кайсы жазуучунун эскерүүсү?

Варианты ответов
  • М.Элебаев
  • Ж.Турусбеков
  • К.Жантөшев
  • А.Токомбаев
Вопрос 25

Ж.Турусбеков канчанчы жылы Караколдогу жетимдер үйүнө кабыл алынат?

Варианты ответов
  • 1924-жылы
  • 1923-жылы
  • 1922-жылы
  • 1921-жылы
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт