Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  11 класс  /  Окуучулардын 1-чейрек ичинде алган билимдерин текшерүү (11-класс, адабият)

Окуучулардын 1-чейрек ичинде алган билимдерин текшерүү (11-класс, адабият)

Avatar
20.10.2020. Тест. Родной язык и литература, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Окуучулардын кыргыз адабиятынан алган билимдерин текшерүү жана баалоо.

Список вопросов теста

Вопрос 1

“...Чокудан чоку бийик эмес беди? Антип ынтымак сурап барганым, анын чокусун өзүмө тең койгонум.Эя, ал неткен коркоктук?  Жо-ож... Чокуга чоку тең эмес. Мен күч менен барып анын чокусунан басам...” деген саптар кайсы чыгармадагы каармандын сөзү?

 

Варианты ответов
  • “Көк асаба”, Элтерестин
  • “Көк асаба”, Адылтайдын
  • “Кылым карытар бир күн”, Жоломандын
Вопрос 2

“...Ал өзү кичинесинен жылкыда жүрүп өскөн, тээ боордо, Бакайыр, айылда жылкычынын кызы эле...” Кайсы каарман жөнүндө айтылып жатат?

 

Варианты ответов
  • Жамийла
  • Асель
  • Хадича
  • Үкүбала
Вопрос 3

“... – Сен жанагыны оюңа албай эле кой, кичине бала, - деп койду – Ушуларга окшогондор да кишиби?” – деп Жамийла ким жөнүндө айтып жатат?

 

Варианты ответов
  • Орозмат
  • Осмон
  • Данияр
  • Сейит
Вопрос 4

.  .  .  абада калган учкундары дагы эле  .  .  .  жүргөндөй, Жамийла аны  .  .  .    , тыңшагансыйт... .

Сүйлөмдү толуктагыла.

 

Варианты ответов
  • обондун, көккөлөп, кыялданып
  • ырдын, абада, ыргалып
  • обондун, көкөлөп, сыйкырланып
  • үндүн, ныксырап, уйкусурап
Вопрос 5

“Кесибим журналист болгон соң үйгө байыс албай кыргыз жергесин кыдырып жүргөнүм жүргөн.” Кайсы чыгармадан пролог?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Делбирим”
  • “Кылым карытар бир күн”
Вопрос 6

“Кыргызымдын кылымдардан берки түгөнгүс ыры  болуп келаткан жарыктык Ысык-Көл жаткан экен көлбүп коюп...” Кайсы чыгармадан үзүндү?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Делбирим”
  • “Кылым карытар бир күн”
Вопрос 7

“Автобазага келин болгон колуктум, ач көзүңдү, мени бир өөп койчу”. Кайсы чыгармадан үзүндү?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Кылым карытар бир күн”
  • “Делбирим”
Вопрос 8

“... көргөндүн көзүн күйгүзүп, сезимден өчпөй таңданткан клип-концерттерин бардык жерде, Кытайың менен Москвада да кубана кучак жая тосуп алчу болду”. Сүйлөмдө ким жөнүндө айтылып жатат?

 

Варианты ответов
  • Эрташ Курчал
  • Айдана
  • Арсен Саманчин
  • А.Самарова
Вопрос 9

“Ээр-токумун ал! Ташта быякка! – деп белендеп койгон балтасын оңтойлото кармап, буюруп турду Абдилхан.” Кайсы чыгармадан үзүндү?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Көк асаба”
  • “Кылым карытар бир күн”
Вопрос 10

“... Болгону тигил Туюк – Жардагы туугандары ушунчадан ит бакканы эмнеси, ал үчүн мына биз уят болуп жатабыз...” Кайсы чыгармадан үзүндү?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Көк асаба”
  • “Кылым карытар бир күн”
Вопрос 11

Айа” кайсы чыгармадагы каармандын кыскартылган аты?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Көк асаба”
  • “Кылым карытар бир күн”
Вопрос 12

“...Эң оболу жолдогу бир дүкөндөн Аселге кийим-кечек сатып алдык..” “Делбирим” повестиндеги  кимдин баяны?

 

Варианты ответов
  • Илиястын
  • Байтемирдин
  • Алымбектин
  • Кадийчанын
Вопрос 13

 Хайдельберг кайсы чыгармада катышкан жер аты?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Делбирим”
  • “Кылым карытар бир күн”
Вопрос 14

Бул чыгармада 3 баян бар. Кайсы чыгармада?

 

Варианты ответов
  • "Жамийла"
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Көк асаба”
  • “Делбирим”
Вопрос 15

“... Жылдыздар ушинтип толгондо, биз капчыгай аралап келе жатканбыз. Аттар салкындап, үйдү көздөй көңүлдүү жортууда...” кайсы каармандын баяны?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла” , Сейиттин
  • “Тоолор кулаганда”, Арсендин
  • “Көк асаба”, Элтерестин
  • “Кылым карытар бир күн”, Эдигейдин
Вопрос 16

“Ар дайым бир жакка жол жүрөрдө, мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам...” Айтматовдун кайсы чыгармасынын башталышы?

 

Варианты ответов
  • “Жамийла”
  • “Тоолор кулаганда”
  • “Делбирим”
  • “Кылым карытар бир күн”
Вопрос 17

Ар бир ишке .  .  .  киришип, башка   келиндердей  .  .  .  , белим дечү эмес. Сүйлөмдү толуктагыла

 

Варианты ответов
  • катуу, башым
  • шамдагай, чарчадым
  • чын дилден, колум
  • шамдагай, башым
Вопрос 18

Элчур кайсы чыгармадагы каарман?

 

 

Варианты ответов
  • "Жамийла"
  • "Тоолор кулаганда"
  • "Делбирим"
  • "Көк асаба"
Вопрос 19

"...Эки өрүмгө батпай, дүркүрөп өскөн калың, чачын кысып туруп, бир байлам ак жоолукту маңдайына кыйгачтатып, шарт буунуп алса, кызыл торусунан келген, балкылдаган жүзүнө ак жоолук эп келише калат". Бул үзүндүдө кимди сүрөттөп жатат?

Варианты ответов
  • Аселди
  • Кадийчаны
  • Айдананы
  • Жамийланы
Вопрос 20

Сүйүү менен курнамыстын беттеши чагылдырылган чыгарманы белгиле.

Варианты ответов
  • "Жамийла"
  • "Тоолор кулаганда"
  • "Делбирим"
  • "Көк асаба"
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт