Меню
Тесты
Тесты  /  Алгебра  /  8 класс  /  Офис жууп-тазалоо

Офис жууп-тазалоо

Avatar
28.02.2025. Тест. Алгебра, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Математика PISAга багытталган тест 8-класс

Список вопросов теста

Вопрос 1

Офис жууп-тазалоо

“Чистюля” тазалоо компаниясы офистик кеңсени тазалоо боюнча өзүнүн кызматтарын төмөнкү тарифтер боюнча сунуштайт:

Кызматтын түрлөрү

Баа

“Баары камтылган”жалпы тазалоо 

b сом/ м 2

“Ачкыч тапшыруу” менен тазалоо

c сом/м 2

“График боюнча” тазалоо

d сом/м 2

 

1-тапшырма.

     Офисинин жалпы аянты 300 м 2фирма “Чистюля” тазалоо компаниясы менен келишим түзүштү.

Бул офистик кеӊсе иш күндөрүндө аянты 100 м 2бөлмөнү “График боюнча” тазалоо тарифи боюнча, ал эми жалпы жыйноону аянты 150 м 2 жерди жумасына бир жолу “Бардыгы камтылган” тарифи боюнча, ал эми калган бөлүгүн “Ачкыч тапшыруу” тарифи боюнча айына эки жолу жыйноо талап кылат.

“Чистюля” компаниясынын фирманын кеңсесин жыйноонун бир айлык кызматынын наркын эсептөөчү туюнтманы тандагыла:

Маалымат. Бир айда 4 толук жума, бир жумада 5 жумушчу күн бар деп эсептегиле.

Варианты ответов
  • А) 4·(5·100·d + 150·b) + 2·50·с
  • Б) 1200·d + (2·200·b + 2·100·с)
  • В) 4·(3·100·d + 2·150·b) + 2·100·с
  • Г) 1400·d + (2·300·b + 100·с)
Вопрос 2

Офис жууп-тазалоо

      “Чистюля” тазалоо компаниясы кеңсе жайларын тазалоо боюнча өзүнүн кызматтарынын төмөнкү тарифтерин сунуштайт:

Кызматтын түрлөрү

Тариф

“Стандарт” тазалоо

50 сом/ м2

“Баары камтылган” жалпы тазалоо

75 сом/ м2

“Ачкыч тапшыруу” менен тазалоо

150 сом/ м2

“График боюнча” тазалоо

37 сом/ м2

 

 

 

 

 

 

Жалпы аянты300 м 2 болгон кеңсеси бар фирма “Чистюля” компаниясы менен келишим түзгөн. Кеңседеги аянты 100 м болгон бөлмөгө «График боюнча» тарифи боюнча күн сайын тазалоо, 150 м 2болгон бөлмө үчүн жумасына бир жолу - «Баары камтылган» тарифи боюнча жалпы тазалоо, калган аянттары үчүн «ачкыч тапшыруу» тарифи боюнча айына 2 жолку тазалоону талап кылышат.

2-тапшырма 

таблицанын жардамы менен тапшырманы аткаргыла. Фирма “Чистюля” компаниясына айына канча сумманы төлөйт?

Маалымат. Бир айда 4 толук жума, бир жумада 5 жумушчу күнү бар деп эсептегиле.

Вопрос 3

Офис жууп-тазалоо

“Чистюля” тазалоо компаниясы кеңсе жайларын тазалоо боюнча өзүнүн кызматтарынын төмөнкү тарифтерин сунуштайт:

Кызматтын түрлөрү

Тариф

“Стандарт” тазалоо

50 сом/ м2

“Баары камтылган” жалпы тазалоо

75 сом/ м2

“Ачкыч тапшыруу” менен тазалоо

150 сом/ м2

“График боюнча” тазалоо

37 сом/ м2

 3-тапшырма.

 таблицанын жардамы менен тапшырманы аткаргыла.

Орточо эсеп менен фирма бул тазалоочу компанияга айына 150 миң сом төлөйт. Кызматкерлердин эмгек акысы алынган кирешенин 60% ын түзөт. Эгер бул компаниянын ар бир кызматкери 18000 сомдон айлык акы алса, анда “Чистюля” компаниясынын канча кызматкери бул компаниянын кеңсесин тейлейт?

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт