Морфология
Список вопросов теста
Вопрос 1
Кайсы сүйлөмдө заттык мааниде колдонулган атоочтуктар кездешет?
Варианты ответов
- Таш койгон ташын, кыш койгон кышын алат
- Бектур көргөн киши азыр келет
- Ариет менен намысты, алган жигит жакшы экен
- Ак төөнүн карды жарылган күз
Вопрос 2
Дабыш тууранды сөздөрдү белгиле
Варианты ответов
- ав-ав, эрбен-сербен, чыйп-чыйп
- мөө-мөө, элең-элең, шарт-шурт
- тарс-турс, качыр-кучур, ыз-быз
- арс-арс, тарбаң-тарбаң
Вопрос 3
Белгисиз ат атооч катышкан сүйлөм:
Варианты ответов
- Сага муну ким айтып жүрөт?
- Үйгө кимдир бирөө келип кетиптир
- Бекташ кечээ күнү келип кеткен
- Мен сиздин жакшылыгыңызды унутпайм
Вопрос 4
Сурама ат атооч катышкан сүйлөм:
Варианты ответов
- Мен бардыгын эстедим
- Сени мен көрүп эле тааныдым
- Сенин келгениңди эч ким көргөн жокпу?
- Сен эми качан келесиң?
Вопрос 5
''Корс'' деген сөзгө кайсы катардагы мүчөнү уласак, тууранды сөздөн кыймыл-аракетти билдирген сөз келип чыгат?
Варианты ответов
- -ын
- -ында
- -ылда
- -ынт
Вопрос 6
Кайсы вариантта "бир" деген сөз сандык маанини туюндуруп турат?
Варианты ответов
- Бүгүн болгону бир көйнөк сатып алдым
- Самат менен Тилек бир класста окушат
- Бир күнү биздин көчөдө да майрам болор
- Ажардын бөлмөсүндө бир кыз отурат, өңү тааныш
Вопрос 7
"Сезгич", "билгич" деген сын атоочтор кайсы сөз түркүмүнөн жасалды?
Варианты ответов
- Зат атоочтон
- Сын атоочтон
- Этиштен
- Тактоочтон
Вопрос 8
Өткөн чактын түрлөрү кайсылар?
Варианты ответов
- Белгисиз, айкын, алыскы, жакынкы
- Адат, капыскы, жалпы, айкын
- Этиш унгулуу, атооч унгулуу
- Кош, шарттуу, баяндагыч
Вопрос 9
Балким, арийне, ырас, албетте деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?
Варианты ответов
- Модалдык сөз
- Сырдык сөз
- Тууранды сөз
- Кызматчы сөз
Вопрос 10
Катыштык сын атооч катышкан сөз айкашын тапкыла
Варианты ответов
- Сулуу кыз
- Айылдык китепкана
- Жакшы адам
- Чоң үй
Вопрос 11
Шарттуу ыңгайдагы этиш катышкан сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- көптү билем деп, көкүрөк какпа
- суусаган Алым айылга карай бурулду
- саргара жортсоң, кызара бөртөсүң
- эртең кечинде келмек
Вопрос 12
"Адептүүлөрүм" деген сөздүн негизи
Варианты ответов
- Адеп
- Адептүү
- Адептүүлөр
- Адептүүлөрүм
Вопрос 13
Суудай, суучул, сууда, суудан, суубу. Уңгулаш сөздөрдүн сөз жасоочу мүчө уланганы
Варианты ответов
- биринчи сөздө
- биринчи, экинчи сөздөрдө
- биринчи, экинчи, үчүнчү сөздө
- бешинчи сөздө
Вопрос 14
Жак -таандык мүчөлөрдү аныкта
Варианты ответов
- -мын, -сың, -ыбыз
- -ым, -ың, -ы (-сы)
- -мын, -ың, -ы
- -сың, -ың, -ыңар
Вопрос 15
Ар бир түгөйү зат атоочтон болгон кошмок сөздөрдү тап
Варианты ответов
- аба ырайы, жөө жомок, ойго бат
- өнөр жай, бака жалбырак, темир жол
- кабар ал, ат кулак, атка минер
- жардам бер, көз сал, кабар ал
Вопрос 16
Грамматика өз ичине төмөнкү түшүнүктөрдүн кайсыларын камтыйт?
Варианты ответов
- грамматикалык маани, грамматикалык тыбыш, грамматикалык форма
- грамматикалык маани, грамматикалык форма, грамматикалык категория
- грамматикалык категория, грамматикалык уңгу, грамматикалык жөндөмө
- грамматикалык морфема, грамматикалык тыбыш, грамматикалык негиз
Вопрос 17
Кайсы катардагы зат атоочтордун баары жөндөмөдө өзгөргөн?
Варианты ответов
- комуз, кемеге, нокто, айран, кымыз
- комузум, кемегеси, ноктосу, айраның
- отко, ноктонун, комузду, кемегеде, айранга
- жакшылык, жоо, келишим, кемсел
Вопрос 18
Этиштин өзгөчө формалары
Варианты ответов
- кыймыл, абал, өзгөрүм, сезим этиштер
- атоочтуктар, чакчылдар, кыймыл атоочтор
- татаал этиштер, жөнөкөй этиштер
- уңгу этиштер, туунду этиштер
Вопрос 19
Сөз мүчөлөрүнө (морфемаларга) ажырат
Варианты ответов
- үч-үн-чү-дөн
- үч-ү-нчү-дөн
- үч-ү-нчү-дө-н
- үч-үнчү-дөн
Вопрос 20
Сын атоочтон жасалган зат атоочту белгиле
Варианты ответов
- токчулук, тартиптүү, сөзмөр
- алдамчылык, тилек, тепкич
- жылуулук, актык, жашылча
- келгин, кумарпоз, тиркеме
Вопрос 21
Сөз жасоочу, форма жасоочу, сөз өзгөртүүчү мүчөлөр кабатталып жалганган сөздү белгиле
Варианты ответов
- кызматташтык
- кызматчыларга
- жеткиртилди
- тарбиячылыктын
Вопрос 22
Бир затка карата көрсөтүлүп, жаңсоо иретинде айтылган ат атооч сөздөрдүн түрү:
Варианты ответов
- Жактама ат атооч
- Шилтеме ат атооч
- Аныктама ат атооч
- Тангыч ат атооч
Вопрос 23
¼, 0,5, ½ деген сан атоочтор кайсы топко кирет?
Варианты ответов
- Иреттик
- Топ сан
- Бөлчөк сан
- Жамдама сан атооч
Вопрос 24
3-жактын таандык мүчөсү уланган зат атоочту белгиле
Варианты ответов
- тарбиячы, айылың, жолдоштор
- комузу, жумушуң, кызматы
- тоом, ташы, суусу
- эли, тоосу, энеси
Вопрос 25
Синонимдеш кош сөздөрдү тап
Варианты ответов
- оюн-күлкү, аз-көп, тал-терек
- таалим-тарбия, күч-кубат, аман-эсен
- бөлөк-бөлөк, тоо-таш, узун-кыска
- каршы-терши, тез-тез, улам-улам


